Деңиз бойлой катарлаш салынган көркөмү көз жоосун алган үйлөрдүн катарында сырдуу жана жан кейитээр бир үй бар болчу. Жолдун кайсы тарабынан жүрүшпөсүн адамдар алгач эле ошол үйдү сынга алышат. Кээ бири “качанга чейин тура берет көрктү бузуп” деп жээрип калса, кээ бири “ушул үйдүн сырын атйып чыгаар пенде бар бекен” деп тим болушат. А чынында бул үй, жөн гана курулуш материясы эмес экендигин, андагы чечилбес сырдын адам тагдыры менен байланыштуу экенин эч ким ойлоп да койбойт. Бул үй - кайсы бир байдын менчиги экенин айтып калган карыялар, маркумдун суранычы боюнча азырга чейин бузулбай сакталып келе жатканын эскерип окуясын бүтүрүшөт. Сыртынан билдирбегени менен баардык эле адамдар, бул үйдүн деңизге түспөлдөш болгонуна суктана беришчү. Өзгөчө күн батаар мезгилде үй аябагандай укмуш түскө кубулуп, тегерегиндеги имараттардын падышасы сыңары элес калтырчу. Акыр аягы үйдүн деңизге болгон сүйүүдөн улам жаралган эмгек экенине ишенип калышкан адамдар, бул үйдүн сыры эмнеде экенине көп деле көңүл бурбай калышкан. Бирок бул үй, тарыхына көптөгөн сырларды камтып кала берди.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Мен тааныган көгүлтүр түс" Бир окуядан таасирленип жазылган чыгарма...
#2 31 October 2012 - 19:27
Үйдүн жаралуу тагдыры “дүйнөлүк классика төрөлгөн” доорго барып такалат. Алгач жапыс бою, эки гана терезеси жана ачылган сайын кыйчылдап турган эшиги болгон үй, убакыттын өтүшү менен бойго жеткен кыз сымал сулууланып кетти. Башка жазуучулардай эле, эмгегин адамзатка таанытууну максатка айландырган жана чөйрөсүнө “Руткай” деген лакап менен таанылган балага атасынан мураска калган эле бул сырдуу үй. Атасы, “апаң сен төрөлгөн күн оо дүйнө кете берген, убагы келгенде баарын билип аласың балам” деп, көп нерсени айта бербечү. “Апамдын өлүмүнө мени себепкер көргөнү үчүн мени менен сүйлөшкүсү жок” деп Руткай ичинен сыздаса да, атасына билдирбей, аны түйшөлткөн суроолорду сурай албай кала берчү. Аны алаксыткан эмгектери эле, өзүн өзү алдап, сооротуп өз колунан жаралган чыгармаларын кайра кайра окуп жүрө берди Руткай. Чыгармачылыкка алаксып калгандыктан атасына сурай тургандары да унутулуп калып кетти. Бир жылдан кийин да атасы каза болуп, мурунку турмушту ойлогусу да келген жок. Анткени келечекте аны кыялдары күтүп турган эле.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#5 31 October 2012 - 22:39
Butup kaldyby? je...
Эн кызыгы, олдум деп мин кайталасан да жашай бересин!
#7 02 November 2012 - 11:05
Атасы көз жумганда жашы эми гана он жетини ашкан. Талыкпай эмгектенип,
барактарга оюндагы болгон нерсени жазып, “бир күн болбосо бир күн албетте атактуу адамдардын санына кошулам” деген үмүт менен жашап жүргөн болчу Руткай. Атасынын өлүмүнө деле кайгырган жок. Жанында мээримдүү Талин болгон үчүнбү же атасын жек көрүп калган үчүнбү айтоор кыйналган деле жок. Күн нуруна уялган адамдын көзүндөй жымыйган көздөрү, упузун келген мурду, билинер билинбес чыккан муруту, ичке жипке окшогон ооздору жана чап жаак келген жүзү адамдарга күлкүлүү сезилчү. Кайсыл жерге барбасын шылдыңга калган Руткай, башкалардын сөзүн укпайт болчу. Буга чейин чиймелеген барактарын топтоп, эски буску палтоосунун чөнтөгүнө салып алып, адамдардын арасында, эмгектеринин баалуулуктарынан тартынбай айта берчү. Басмаканалардын да эшигинде кыйлаа самсаалап жүрдү Руткай. Бирок эмнегедир ал күткөн күн кечикти. Сыйлык алып,элдин колдоосуна ылайык көрүлүп, атагы дүйнөгө угулбай жатты. Ошол чакта да жүрөгүнүн түпкүрүндөгү үмүт шамы өчкөн жок. Ичкиликке берилип, карызга белчесинен баткан кезде да үмүтүн өчүрбөй бапестеп багып келе берди.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#8 02 November 2012 - 11:09
Беш жылдын ичинде көптөгөн нерсе өзгөрдү. Мурункудай элге аралашпай, эмгегктерин даңазалабай,
караңгы түнгө жамынып жүргөн уурудай коомчулуктан бөлүнүп калган эле. Күн сайын деңиз менен сырдашкан жазуучуну, көргөндөр акылынан ажырап калган немедей аяп коюшчу. Руткай кыйналып жалгызсыраса да, колундагы жалгыз гана байлыгы болгон үйү, укмуштар ааламынан келген кооздугун жоготкон эмес болчу. Ошондуктан адам катары көрбөгөндөр да, “балким кайсарлыгы түгөнөөр жана үйдү бизге сатаар” деген үмүт менен карым катнаш кылып жүрүштү. Жада калса “кызыбызга үйлөн” дегендер да чыкты. Акыры “үйүңдү сат” деп келген адамдар азайып, “ушу акмакты тезирээк жок кылбасамбы” деп кезенгендер көбөйдү. Болуп жаткан нерселерди укпамышка салган Руткай, үйүн эрмектеп, деңизге болгон сүйүүсүн аздектеп жашап жүрдү. Күн өткөн сайын сол көкүрөгүнүн үстүндөгү көгүлтүр мэң чоңоюп баратты, бул нерсеге да көңүл бурбай “бир күнү албетте белгилүү болом” деген үмүттө жашоосун уланта берди.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#9 02 November 2012 - 11:12
Күн сайын “мен күткөн жана дүйнөгө атагым жетээр күн сөзсүз бүгүн келет” деген үмүт менен ойгонор эле Руткай. Сыртта жаан жаап, деңиз абалдагыдан да шок, кылыктанган жаш баладай ары бери чайпалып турду. Анда санда чагылган чартылдап, деңизге башкача сулуулук тартуулап турду. Дайыма чайыттай ачылып, мээримин адамдарга тегиз чачып турган күн, булуттарга жашынып алган. Ошондуктан үйдүн ичи күңүрт тартып турган кез эле Руткай ойгонгондо.
Бир топко ордунан кыймылдабай жатты, “күндөгүдөн эрте ойгонуп алдымбы” деп кол саатын издеди. Сааттын жебеси тогузга чамалап калган болчу. Аргасыз ордунан туруп, бырышып калган денесин жазуу максатында керилди. Заматта дене бою дүркүрөп коркунуч, сүйүнүч жана таңыркоо аралашкан сезимдер каптады аны. Акыркы күндөрү ачык же жумулган экени билинбеген шишик көзү, алдында турган кереметтин таасиринен улам умачтай ачылып, эмне болуп жатканын аңдап түшүнө албай турду Руткай. Кайра кайра укалап, көргөндөрүм чындыкпы дегенсип улам улам карады. Көз алдында турган керемет жандык жоголуп кеткен жок. Өчөшкөнсүп мурункудан да жаркырап турду. Оозуна алаар сөзү түгөнүп калган туткундай тушалып калды Руткай. Эзелден колдонулбай калган көз айнегин тагынып, дагы бир сыйра карады бет алдын. Керемет кубулуш дагы эле турган болчу терезени каптап. Бир топко чейин тиктешип турган каректер, “Кудай жалгагырлар ай, экөөндөн бирөөсү батыраак сөз ачса экен” дегенсип бирок даап сөз айталбай турушту.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#10 02 November 2012 - 11:17
Түшүнбөсө да туш болгон окуянын сыйкырына кабылып, термелип турууну да жактырып бара жатты Руткай. Кайдан жайдан келгени белгисиз дабыш угулуп, эшик кагылды. Улам улам кайталанып чырылдап чыккан үн Руткайдын ойлорун алыска алып учту. Кыжыры келээрин же жинденээрин болбосо кубанаарын билбей эшик жакты аргасыз карады. Эшик кулагын каккан, күн сайын келип Руткайдан кабар алып туруучу Талин эле. Кол чатыры учуп кете жаздап арааң турган Талин, сабырсызданган сайын эшик кулагын уруп жатты. Уктоочу бөлмөдө керемет кубулушка арбалып калган Руткай аргасыз эшикти ачууга мажбур болду. “Суранам мен келгиче кетпей тур” дегендей жалооруп карап алды керемет кубулушту. Шаша буша ылдыйкы катка түшүп, Талинди жеп ийчүдөй көз караш менен жээрип эшикти ачты Руткай. Талиндин салам бергенине карабай кайра чуркап жөнөдү жогору тарап. Эмне болгонун түшүнбөгөн Талин да, колундагы болгон нерсесин жерге таштай коюп Руткайдын артынан чуркады. Уктоочу бөлмөгө кирип барганда, Руткай башын кармап отурган эле. Керемет кубулуш кайып болуп кеткен эле. Керебеттин бир четине отуруп, оор үшкүрүнүп сөз баштайын деген Талинге, колу менен сыртты көргөздү Руткай. Буга чейин да көп сүйлөбөгөн бала, бүгүн да ошол кейпинде деп тарынгандай ылдыйга түштү Талин.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#11 02 November 2012 - 11:20
Талин мындан мурун өзүн бактылуу эсептеген аялдардын катарында, жолдошу жана эки уулу менен чогуу жашап жүргөн. Кокустан кырсыкка кабылган жолдошу менен уулдарынан ажырагандан кийин калган өмүрүн Руткайга арнап жашап калды. Таныш билиштери анын эмне үчүн Руткайга байланып калганын түшүнүшчү эмес. Адаттагыдай эле “сенин көзүң үйдө”, “экөөң соо эмессиңер”,
“сен аны сүйүп калгансың же байлыгына көзүң түшүп калган”, “жаш балага асылган акмак катын” деген сөздөр анын адресине айтыла берчү. Жакшылык кылсам эмнеси жаман деген өңүттө жооп берип гана кутулчу, ага умтулган адамдардан.
Жашы отуздан ашып калса да, бетинде тырышы аз, керилген кашы ырааңын жогото элек, жарашыктуу күрөң көздөрү, сол жагында калы бар кырдач мурду жана соолуган түстөгү илеби дайыма эркектерди өзүнө тартып турчу. “Руткайдан баш тартып мени менен үйлөн” деген жигиттердин сөзүнө кулак салган эмес. Анткени берилген шертти бузбайм деген болчу Талин.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#12 02 November 2012 - 11:21
Руткайдын кайдыгерлигине кейип турган жаны, алгач үйдүн кире беришиндеги,
эки тартмасы бар күзгүнүн текчесинде турган вазадагы өзгөрүүнү байкабады. Алып келген нерселерин ашканага жайгаштырып коюп, эрте мененки тамакты даярдоо үчүн салондогу столду камдай баштады. Сырттагы албууттанган аба ырайын ички дүйнөсүндөгү уйгу туйгуга түшкөн абалга салышытырып коюп, ишин уланта берди. Столду даярдап бүткөн соң, кол чаатырын кийим илгичке жайгаштырып,
кире бериштеги көлмөкчөнү кургатуу максатында кебез алганы тартмайды ачайын деп жакындай бергенде вазага урунду көзү. Көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Кулагында, “сен күткөн күндөр башталды, сөзүңдө турганын үчүн ыракмат” деген дыбыш жаңырып турду. Бат эле өзүн колго алып, вазаны түздөп ишин уланта берди. Улам эле вазадагы өзгөрүүнү элестетип коюп, шаңдана түшкөнүнөн мырылдап ырдап да кирди Талин. Коркунучтуу болуп угулуп жаткан чагылган да жагымдуу музыкадай сезилип жатты ага. Күндөгүдөн башкача шыпылдап иштерине баш оту менен киришти.
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#15 05 November 2012 - 00:05
Уландысын качан жазаар экен...?
Эхх Вумиш, бираз кутуп тур... Уландысы азыр озумо да кызык болтат, кантип жазсам экен деп пландаштырып жатам...
которулган чыгармабы
Которулган чыгарма эмес, бир окуя уктум эле. Ошондогу каармандардын жашоосун озум элестетип эле жазып жатам...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#16 11 November 2012 - 12:33
Дагы небаляаа тема болуп кетти десем Демонум ''творитварит'
' этиватыптырго.
Малдесс досум бардаааа. Чамда эми досум.
#17 12 November 2012 - 02:39
Дагы небаляаа тема болуп кетти десем Демонум ''творитварит'
' этиватыптырго.
Малдесс досум бардаааа. Чамда эми досум.
Кимдин небереси?
Мага дагы жакты.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#18 12 November 2012 - 09:33
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
















