Суперстан: Кутуусуз жолугушуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кутуусуз жолугушуу Гулбайра Турумова

#81 Пользователь офлайн   aelinaaa   02 Ноябрь 2012 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Ойлонуп бутум чыгарып анан келгенмин,жумуш болсо айтыныз,болбосо. ..-Керим ордунан турду,-Шопурлукту да бутком иштей берем!-деп чыгып кетти.
-Да-да-а,-Мамасалы Турдубаевич оор курсуно ордунан турду:„Демек бул башкаларга окшоп мансапты жактырбайт, же катуу конулу калган,эмне кылыш керек,мындай адистер бизге абдан керек.Эртен мунк кызматка алып ишке киргмзели,так- чынчыл бала окшойт”-деп ойлоп эшик тыкылдаганда ордуна келип отурду,-Киргиле!
-Саламатсызбы агай,-Узун бойлуу, чачы кыска жа кыз турду мандайында.
-Саламатчылык.
-Агай,-деп алдына бухгалтердик курсту буткон документин койду,-Сиздерде бир орун бар экен.
-Кайдан билдин?-Мамасалы Турдубаевич кызды тикирее караганда кыз тайсалдап:
-Ошондой деп райондон жонотушту,-Кыз аны жалдырай карап умуттуу жооп кутту.
-Ким жонотту?
-Исман Караевич.
-Аа-а,бар-бар, арызынды жазып келе бер!-деп кулгон болду ал,-Бугундон калбай арыз жазып кой.
-Макул агай,сизге рахмат,-Кыз чыгып кетти.Мамасалы Турдубаев жогорку жактын тапшырмасын илгиртпей аткарчуулардан эле.Исман Караевич менен да мамилеси жакшы.Ага телефон чалып кирди.
-Алло,Исман Караевич,сиз менен кенешчу бир иш болуп калды,иш ооба-ооба,ал бугун мага сугатчылыкка иштеймин деп келиптир.Жакшылап ойлон деп кетирдим,а-аа ошондойбу?Кызык озу жогорку билимдуу жигит,сугатчы болуи иштеймин же шоопур болсо да иштейм дейт,кызыгы ал кызматка отургусу келбейт денизчи,макул эртен келсе сизге жонотом,-деп трубканы койду да ишке киришти.
-Керим келгенде Бакир алдынан чыгып:
-Кйда бардын?-деди.
-Жумушка.
-Кандай жумуш?
-Кетмен чаюа турган.
-Ой бала мага очошуп эатасынбы же кызматка иштегени башын жетпей калдыбы?
-Ооба,башым жетпей калжы,-Ичкери кирип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   02 Ноябрь 2012 - 18:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

ylandisi kachan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   aelinaaa   03 Ноябрь 2012 - 10:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Бегимжандын ичи башын танып алганын коруп,-сага эмне болду деди ал.
-Эчтеке,боюман тушконго окшойт ооруп турам.
-Корунбойсунбу?
-Жон эле коруно бермек белем,жакшы болуп калам,чай ич,-деди Бегимжан.
-Озуно кара, ооруп калба.
-Кудай сактасын.
-Апам бир жакка кетти беле?
-Жо-ок, эшикте журот окшойт.
-Ий-ий,-деп койду да бир эки чыны чай ичип жата кетти.
-Жумушун эмне болду?
-Ойдогудай.
-Качан иштемек болуп жатасын?
-Эртенден баштап,-деп айтып буто электе эшиктин алдына машина келип токтоду,-Ким келди,карап койчу.
-Чоочун,машина, мен тааныбайм го?
-Кана?-Кынырыла зорго туруп Исмандын унун угуп калды:Ал эмнеге келди,деги булар мени жайымакойбойт экен да,деп ойлоп кайра жатып ары карап алды,-Мени уктап жатат деп койчу.
-Макул,-Бегимжан туруп эшикке коздой басканда Исманды алдыга киргизип Бакир артынан келе жаткан эле.Ал Бегимжанды коруп бир топко коз албай тиктеп же алдыга баспай калганда Бегимжан тартына алдынакайрылып болмосуно кирди.
-Кир балам,эмне туруп калдын?-Бакирдин бакылдаган унун укканда гана ичкери кирип конок болмого карай жоноду.Эмнеге мынча карайт келин корбогонсуп, кызык адам экен,-Бегимжан ушуларды ойлонуп болмосунон чыга албай туруп калды.
-Баатыр кайда аяш ата,аны менен бир тууганча суйлошойун деп атайын келдим.
-Баракелде уулум,келгенин жакшы,озум дагы бугун эртенден калбай бир жабагыны жетелеп барып учурашып келмек болуп жаткам,-Бакир купулдой Исманды креслого карай жансады,-Отур уулум,бир козу соеюн жеп кет.
-Жо-ок аяш ата,убакыт жок.Керим менен эле суйлошом,ал каякта журот,чакырынызчы?
-Уйдо эле,эми келип кирген.
-Ошо,аабарын уктум да,ал эмне жинди болуп журот.
-Кайдан билем,озун бир суйлош,ак журок болуп торолгон эч ким жок,жеп ичпеген жер алдында деп деле айтып тушундуро албай койдум,мен Керимди чакырайын,отура тур,деп ойдо болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   03 Ноябрь 2012 - 16:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

mincha az jazdiniz aelina.kopkopton ele jazinizchi?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   aelinaaa   04 Ноябрь 2012 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Ошол кезде Сейилкан келип калды:
-Кел садага болоюн,иштерин жакшыбы,бала чака чоноюп жатабы?-Исманды чекесинен ооп учурашты.
-Озунуз кандай аяш апа,куулуу-демдуу журосуздорбу, сиздер атамдар жакка барып бир жаш кезди эстеп оргуп келбейсиздерби? -Исман кулуп калды,-эми карып калдыныздар, эс алып конул которушунуздор керек!
-Аа-а садага болоюн,аяш атан озу барып келди,башынан озу басып конгон да,мени алпармак кайда?
-Аяш атамды эми тынч отур,аяштарга чогуу барабыз дебейсизби? -Тамашалай кулду.
-Мейли,озу билсин,Ыбыш менен Суйдум жакшы журобу?
-Жакшы-жакшы, ойдогудай эс алууда алар,-Ушул тушта уйкусураган болуп Керим кирди:
-Ассало-ому алейкум!
-Аллеки-салам, кандай баатыр,бу сен эмнеге эле чан салып жатасын,совхозго сенден башка сугатчы жетпей жатса да?
-Менин ордум ошол жакта экенин билдим.
-Эмне-е?-Исман аны тангала карап калды.
-Сугатчы дейби?-Сейилкан дагы тушуно бербей уулун суроолуу карады.
-Ооба,сугатчы же шоопур болуп иштейм.
-Керим,сен бир байкуш кетменчинин ордун талашпа,алардын оз орду бар,а сенин ордун кесибин бар,уят эмеспи,билимдуу адам барып кетмен чаап журсо кандай болот,озун эле ойлончу,сени районго озум алып кетем,орун даяр!-Исман колун которо ага бир канча создорду айтты.
-Мен барбайм дедим барбайм.
-Барасын аяш апа,буларды коруп кетем,орун алгыча биздин уйдо турушат,эртен дем алыш,бурсууну иш,-деди Исман.Крим унчукпай калды.
-Келинди ала кетеби?-Бакир Исманды карап суроо салды.
-Ооба,алагды болбой иштесин,антпесе ал орунду сураган адистер толуп жатат,барып иштей баштаса эч ким ундой албай калат.
-Ошол сурагандарга бере беришсин,мен барбайм апамды карыганда казан-аяк карматып коюп болунбойм.
-Ээй бала,орун алып алсан анан барып келип иштей бересин,алдында машинан болот,тил алсанчы уко,мынабу кишилердин кадыры учун алдына келип олтурам,козунду ач бала,мындай мумкунчулук дайым эле боло бербейт.
-Ооба балам,улууларды ук,бир жолу ишинде конулсуздук болуп кетсе эле баарынан тунуло бербе,-Бакир, дагы уулун кондуруго аракет кылды,аргасы кеткен Керим конгондой болду.
-Озум эле барам,Бегимжан уйдо эле болсун,-деп аргасыз жер карап жооп берди.
-Аз-замат,ушундай болуш керек болчу,ишенип мени угат деп келгенмин да.
Ангыча Бегимжан стол устун толтуруп чай алып келип куя баштады.Исмандын эки козу келинден отуп жатты.Аны сезген Бегимжан уялып кымырылып чай сунуп отурду.Керим эчтекени байкаганы сезген да жок.Бакир менен Сейилкан болсо уулунун конуп жумушка бараарына кубанып жатышты.Бакир заматта козу алып келип соё койду эле.Исман шашканынан улам куурдак жасап коноктоп,калган этин салып беришти.Исман алгач чындап эле жардам берип котормологону келген.Бирок Бегимжанды коруп эле жактырып калды.„Мм де,сулуу аялы бар экен,мындай аялды койкойтуп кана алып журуш керек,аттаин аялдан жолум болбоду.Зайнашты уч балам учун гана алып журом,бирок ал куш менин колума конбой калды гь?”-деп улутунуп алды:„Ата-энем менен аяш атамдардын каргышына калам го,кантсем экег,жок дегенде анда санда жолукканга макул болсо,Исмандын башы тумандап Бегимжанды коз алдынан кетирбей кыжаалат боло берди.Уйуно келгенден кийин дагы аялын создорун жактырбай ойлонуп жатты.
-Исман эмнеге конулун суз,ишинде бирдеме болдубу?-Зайнаш куйоосунун алдына тамагын коюп жатып кабатырлана сурады.
-Эмне болмок эле баары жакшы,ишинди кылчы!
-Кагынбай эле айтсан боло,сиркен суу которо албай калыптыр да?
-Башты оорутуп эле суйлой берсен кагынам да,балдарын кайда кеткен.
-Эрнис фудбол ойноп жургон,Артур менен Арген окуудан келе элек.
-Да-а,бара бер,менин эс алгым келип турат,-Исман алдына келген тамакты карабай уктоочу болмого кирип кетти.
-Тамак ичпедин,каттуу ойлонуп калыпсын,-Зайнаш куйорсуно таарынгандай жыйнаштырып журуп суйлонуп жатты.Исман анын созун укпагандай жатып алды.Ошондон баштап ал жумушта болобц,уйдо болобу жал-жал коз келинди эстеп жаман болуп кетти.Керим жумушта иштеп калды,кундо райрндон барыа келип иштеп жатып кыйналды,кээде уйго бпралбай да калчуу болду.Анысын байкаган Исман бир куну аны чакырып алд:
-Керим,минтип кыйналбай эле аялын менен кочуп келип ал,кундо барып келип иштеш кыйын деди.
-Ат-энемди бакканым кайсы,жалгыз бала болсом аларды карыганда жалгыз таштаганым болбойт го?
-Ой Керим,азыр атамдар уулуу эле,оздору жашай беришет,оору сыркоодон сактаса азырынча моюн бере элек го карылыкка,-Исман Керимди кондурууго далалат кылып жан уроп жатты.Анткени Бегимжанды бир корууго зар болуп жургон эле.
-Ошого макул бодушабы?- Керим анын созуно муюй Исманды карады,-Бегимжан дагы болбойт чыгаар...
-Сенин ишине карап макул болушат,мен барып кондуройун анда?
-Жок,убара болбонуз,озум айтам.
-Деги иш ордун жакшыбы?Исман Керимди сынай карап сурады.
-Жакканы жакшы дечи,ото жооптуу экени чын,эми жакшылап гана иштеш керек.
-Азамат уко,эки бир туугандай эле болуп калганбыз,таянычын болуп бере,иши кылы жакындап алганын жакты,деди анан.
-Ойлонуп коруп кенешем го?-Керим тура жоноду,-Жакшы калыныз.
-Иштей бер,- деп кала берди.
Ал Бегимжанга жагуунун амалын эмитен ойлонуп жатты.„Кандай керемет жан,бир жолу жанында болсом,бах чиркин,ырахаттын ырахатын татат элем,”деп озунчо жылмайып алды.Ал ушул тапта аял азгырыгына кирип алып бир кезде сулуу аялдын койнунан олум табарын сезбеди.Болгону коздору ботонукукундай жайнаган сулуу келинди озуно тен деген ойдо ал учун барына барууга даяр эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Evelet   04 Ноябрь 2012 - 07:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения aelinaaa (02 Ноябрь 2012 - 00:08) жазган:

АЯбай коп бутушуно,Керим менен Жибек тагдырдын сыноолоруна кабылып аларды женип отушкондон сон бакытка жетишет.

Мен окуй элекмин. Күткөндү аябай жаман көрөм. Ошого бүткөндө окуйм деп сураганым.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Elit   04 Ноябрь 2012 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Evelet (04 Ноябрь 2012 - 07:37) жазган:

Мен окуй элекмин. Күткөндү аябай жаман көрөм. Ошого бүткөндө окуйм деп сураганым.





Саргара кутсон, кызара бортосун.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   aelinaaa   04 Ноябрь 2012 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Керим айылга иши коптугунон бир жумадай барбай калды.Дем алыш куну кеч куугумдо кызматтык машинасы менен келгенде учоо тен чыга калышты.
-Балам тынчылыкпы? -Бакир короору менен сурады.
-Тынч эле ата,иш чачтан коп.
-Ии-ии садаган болоюн десе,ошондой эле болсун,сарсанаа болуп жатпадыкпы, кыйналдынбы?
-Ооба апа кундо келе албайт экем,иштебейм десе болбойсунар, жанынарда болот элем.
-Кой балам иштесен иштей бер,-дешип ээрчише уйго киришти.
-Ээ кемпир,бу балан кыйналып журот,келин экоону болуп коёлу,райондо жашай беришсин,-Бакир Сейилканды карады.
-Ырас эле,болунсо болунсун,кунуго келип кете албайт да кагылайын,-Сейилкан дароо эле макул болду.
-Силер кыйналып калбайсынарбы?
-Эмнеге кыйналмак элем балам,азырынча экообуз жашай беребиз,жашыңда иштеп ал,эртен тошончуну кошуп озун менен Бегимжанды ала кет.
-Коё тургула эми кубалабай,-Керим ата-энесинин оздору эле чечкенине кубана кулуп койду,-Мен барып жашаганга уй даярдап анан алып кетем.
-Исмандын уйундо туруп турсан болбойбу?
-Жок ата,озубузчо эле жашайбыз,алардыкына болбойт,уят эмеспи.
-Мейли каралдым,озунор билгиле,-эне унчукпай калды.Бегимжан ичинен кубанып жатты:Чыдасан жетесин мурадга юеген чын экен,озумчо жашай турган болдум,эртен атамдарга барып келейин,-деп ойлонуп ороркуп озунчо эле элеп-желеп.Керим экоо иошоко жаткандан кийин гана сагынышканын айтып эркелетип жатты.
-Аябай кечиктин,тим эле сагынганымды айтпа,сен дагы мени ойлодунбу Керим?-Бегимжан ичке аппак жумуру билектерин мойнуна оролто тошунон жыттап ооп жатып назданды,-Алыс болгон жаман экен.
-Сени ойлогонго убакыт жок жаным,-Керим чынын айтып ийгенде таарына кетти.
-Сен мени ойлобойт экенсин да?
-Иш деген иш,тушунсон мени,кундо ар кайсы совхоздорду кыдырабыз,малчыларга чогулуш откоруп кем карчын угабыз анан туш келген жерде конок болуп жатып да калабыз,-таарынбачы эми?-Тултундай ары карап кеткен аялын имере тартты,-Районго барып алсак кундо жанында болом.
-Керим.
-Оо-ов.
-Менин дагы боюм да бар экен.
-Жакшы болгон тура,эми этият бол,мага ден-соолугу таза бала тороп бересин ээ?-Керим аялын чоло жерин калтырбай ооп жатты,-Уктунбу баламды кыйнабагын.
-Ма-акул.
-Алтыным десе,биринчи уул тороп бергин.
-А кыз болуп калсачы?-Эркелей кетти.
-Мен учун мааниси жок дечи,бирок уулду болгон жакшы да.
-Мен дагы эркек торосом экен деп ойлонуп атам-анткени сен жалгызсын,ко- оп эркек тороп берсем сен жалгыз болбой каласын да?
-Акуулдум десе,-бекем кучактап алып унчукпай калды.
-Сен жок болсон эле сагынып кетем,-Уктаганы бараткан Керимди ойготуп коздоруно карады.Ушул учурда анын козуно тигилген Керим:„Сенин ушул музоонукундай коздоруно арбалып Жибегимди унуттум,жо-ок унутмак кайда,ал дайым менин журогумдун торундо,гулумду эч качан унутпайм,олсом озум менен кетет го”,деп оор улутунуп алып:
-Мен дагы,мен дагы сагынып кетем,мына бул музоонукундай кирпигине байланып калган жаным!
-Чарчадым эс алайын,эрте кетишим керек.
-Макул эс ал анда,-Бегимжан ага колдорун артылткан бойдон жатып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   aelinaaa   04 Ноябрь 2012 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Эртеси эрте менен Керим эчтеке ичпей чыгып кетти.Бакир менен Сейилкан уулуна боору ооруп уул-келинин болмокко даярданып жатты.Ошол куну Умсун келип калды,куда-кудагыйы менен жылуу учурашып ичкери кирип орун алды.
-Жатасынар кудагый,бир кабар алайынчы деп келдим.
-Келбей анан,Бегимжанды бар десем Керим менен барам дейт,анын колу бошобойт,-Сейилкан кудагыйына актангандай суйлоду.
-Мейли озубуз келип турабыз,баса эки кундон кийин эң кичуу уулубуз келинчек алып келем деп айттырып ийиптир.Бегим барып келсин.
-Барбай анан,келин алсанар мен дагы барам ботом.
-Ооба,буйруса ушул кенжебизди уйлоп алсак анан баш аягыбызды жыйнап алат элек.
-Жакшылык менен буто берсин кудагый,балдардын жакшылык эле тойлору болуп турсун,-Сейилкан кудагыйы менен аркы беркини суйлошкучо Бегимжан булоолото беш бармакты алып келе калды.Аялдардын кебине конул бурбай Бакир отура берди.
-Керим районго барып келип иштеп атабы?-деди Умсун коптон кийин.
-Ооба,барып келип иштеп жаткан,эмки жумада экоону болуп коёлу деп чечтик,кемпир чал оокатыбызды жасай беребиз да.
-Ошого уул келининиз маакулбу анан?
-Капырай ,Керим кыйналып кетти,озубуз ошентип атабыз,уй булоосу менен болбосо болбойт экен да.
-Кемпир экообуз азырынча кулуу эмеспизби кудайга шугур,-Бакир созго кошулду,-Кел кудагый тамактан алгыла.
-Бисмилла,-Умсун колун тамакка сунду.
-Жакшы-жакшы кудагый,балдарды да оздорунчо коёлу,качанкыга чейин ушинтип бизди карап журо бермек эле.
-Эми озунор билгиле куда,ишине карабаса да болбойт,окмоттун жумушу да кыйын,-Кудагый- кудалар суйлошуп отуруп анан кечке маал Умсун кетмек болцп узатып чыгышты.Бегимжан апасын узатып жанында туруп калды.
-Кызым сен болуном деп айткан жоксунбу?
-Жок апа,откондо боюмдан тушуп калгандан кийин апам мени аяп иш жасатпай журот,Керим дагы келгенден кийин эрте жаталбай калат экен,ошого карап жатышат окшойт.
-Ошондой иши кылып сенден болуном деген бир ооз соз чыкпасын кызым,келиндин болуном деген созу жаман,ата-эне коргон кызсын мейли кызым,уйуно кир мен кеттим барсан кудагыйды эрчитип барып кел.
Макул апа,атама салам айтып коюнуз ээ?-деп апасын бекем кучактап ооп алды да артына жоноду.Сейилкан уул келинини болгонго даярданып жатты,козу коюн белендеп кант чайын даярдап койду.Бир жумадан кийинюКерим келип калды.Атасы туугандарын чакырып инисинин баласы менен аялы менен Сейилканга кошуп берди.Иман ага атайын эки болмолуу уй таап берген.Тушко жакын келишип бирди союп Исман баш болгон райондун чондорун,тораганы чакырышып коноктошту. Бул жолу Исмандын эки козу Бегимжандын кыймыл аракетинде болуп жатты.Сейилкан уч кун журуп анан кетти.Бегимжан уйдо жалгыз калып Керим келгиче ээригип кетип эки жакты карап анан кайра кирип журо берди.Керим эрте кетип кеч келет келбей да калган кундору да болот.Бир куну улардын уйуно Исман аялы менен орлуктоп келип калды.
-Керим мен сени бир тууганымдай кором,эми сен жалгыз эмесмин,башынан ата-энелерибиз бири-бирине жолок болуп ысык дос болушкан,бир нерсе болсо тартынбый айтып жур,-деп бакылдап жатты.
-Ооба аке,сизге да рахмат,атамдарды сыйлаганынызга ыраазымын,сизди башынан эле бир тууганымдай эле кором,бирге оспосок да бала кезибизден бири-бирибизди билебиз да.
-Эртен уйго баргыла келин бала зериккенде женесинин жанына барып келип турсун,жалгыз жарым калган да.
-Мейли аке сизге жок деп айтыш кыйын,-Керим кулуп калды.
-Элге шеф болсом да сага агамын,-деп ого бетер бакылдап отурушуп анан кетишти.Керим чын дилинен ага ыраазы болуп калды.„Кантсе да атасы жакшы киши эмеспи,адамгерчиликтуу, тарбия коргон да”,деп ойлоду ичинен.
-Ал эми Исман Бегимжанды кантип колго тушуурордун амалын ойлогон менен такыр эбин таба албай кыжаалат болуп атты.Басса-турса коз алдында келиндин турпаты кетпейт„Оо селки,канткенде гана сага жетип балжууран аппак дененди кол тийгизип,ысыгына балкыыр экемин,секетим сага жетээр бекемин,деп ойлоно бери жаны жай албай журду.Уйуно чакырып аябай коноктоп экооно тен кийитин кийгизип жонотту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   05 Ноябрь 2012 - 16:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

aelina barsizbi jazip koiconuz conun bolmok.kuto berip cari maidai cargardikko.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   nazarova_89.28   06 Ноябрь 2012 - 17:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 23 Август 12
  • Соңку аракети: 26 Фев 2019 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

уландысы качан эми? жазыб коюнчу сураныыыч.
bembi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Baby_kg   07 Ноябрь 2012 - 12:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 29 Июнь 12
  • Соңку аракети: 04 Сен 2020 15:38
  • Жынысы:Белгисиз

Ушул чыгарманын аягына чыгышы кыйын болду гоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   aelinaaa   07 Ноябрь 2012 - 13:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Аягына чыгышына азырынча эрте.Куттургонум учун кечирим сурайм,иштен бошой албай жатканым, себептуу жазалбай жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   aelinaaa   07 Ноябрь 2012 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Алар кеткенден кийин Зайнаш:
-Дегеле мындай адатын жок эле,оз агаларын менен карындаштырынды мынча сыйлай элексин го?-деди тултундай.
-Эй катын,коп суйлобой ишинди кылчы.Эмне эле канкылдайсын, жуз жылдап жашагандай тажатып баратат создорун.
-Ийи,тажап калдынбы менден,жанагы сулуу келинге козун тушуп калган го ээ?
-Жап оозунду,коз тушконду корсотуп коём азыр!
-Корсот мен дагы тажадым,жылмандаган неме эле болсо алдында кул болууга даярсын,балдар учун эле чыдап журом билсен,-Бышактап ыйлап калды Зайнаш.
-Чыдабасан кете бер сени ким кой деп жатат,ансыз да чачымдан коп иштерим,сенин созуно баш оорута албайм.
-Башынды ######тарга оорутуп жатасын да,мен оорутуп жатамбы?
-Тилинди тыйып эс алдырасынбы же жокпу?
-Тартпасам эмне кыласын?
-Сени менен жаакташканча. ..Исман болмосуно кирип кетип жатып алды.
-Ушуга корогон кайран жан,жалан аялдардын артынан журуп менин жаштыгымды кор кылды.Кызматчы эмес трактористке тийсем мындан жакшы жашамакмын, олуу дунуйону кучактап эрим кызматчы деп жашаганча куу тон болсо да эрим мени сыйлап турмак,-деп булкундап казан-аягын калдыратып жатып зорго эс алды окшойт же чарчадыбы уну чыкпай калды.Улуу баласы Эрнист 8класста окуйт,ал апсынын суйлонуп жатканын коруп.
-Эмне эле суйлонуп жатасыз,атамдын жанын коёсузбу,кундоп- тундоп иштеп журот.Эчтекеден кеминихз жок го?-деди кабагын буркой,-Минте берсениз чыйдан каласыз!
-Ок олугунду коройүн атан экоон жыргатып жаткансыбай ашынды ич да жат ары!-деп ага да кыйкырып жиберди.
-Сиз эаман аялсыз,чондордун аялы жакшы болуш керек апа,сиз аны колдоп турушунуз керек.!-Эрнист ушинти да кирип кетти.Зайнаш баласынын созуно жооп табалбай калды:„Бир шумшук эмне дейт ыя,ырас эле мен жинди болуа жатамбы,ажылдап аныжене албасым чын эмеспи”деп олонуп отуруп калды.Деги эле Зайнаш жоош момун эле,кийинки кездери озунон озу туталанып эле кыйкырып калчу адат таап алган.Ал Исманды куноолоп:„Ушул ар ким менен журбосо мен минтпейт болчумун,мени басынтып жатат”деп ойлоп урушуп жатып калчу адат таап алганын озу да билбей калды.Эми баласынын созу эсине кетирген ондонду:„Журсо журоор,кыздар оздору козун сузуп атса эмне экен,эрим элдин жаманы эмес жакшысы болгонуна сыймыктанбай кайра эмне кылганым деп озун озу тилдеп отурду.Ошондон кийин антип суйлобой,кийимин утуктоп,тамагын жасап алдына коюп камкорлоно баштады.Исман ичинен ага жини келип:„Эмне эле момун болуп калган,же кетип калат деп коркуп калганбы,ажылдап эле атчу”,деп тан калчу болду.Ал озунчо дагы минтип ажылдай берсе балдарды алып калып кетирип жиберем деп ойлонуп калган эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   jo-jo   07 Ноябрь 2012 - 18:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 167
  • Катталган: 21 Июнь 12
  • Соңку аракети: 03 Мар 2019 02:29
  • Жынысы:Аялзаты

ЭХХ суйуу, суйуу, картайып баратаааам мен да :crazy-girl:
Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   aelinaaa   07 Ноябрь 2012 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Исман Бегимжанга ашык болуп тун уйкудан,кундузгу тынчы кетип жан далбастап жатты.Ошол куну адистерди бир айлык курска чакырып калды.Исман ойлонуп отуруп ириде Керимди жонотмок болду.Ага кошуп башкы бухгалтерди дагы учоо-тортоону жонотмок болуп эртеси шашылыш чакыртып алды.Керим Бегимжанды айылга жонотуп коёюн дегенде ал:
-Сен бугундон калбай жоно,келинди мен машина менен жонотуп коём,-деди.
-Озум эле жеткирим коёюн.
-Бугундонкалбай барбасанар болбойт,эртен окууга жетишип калышынар керек,-деп шаштырып калды.
-Макул,-Керим ордунан туруп чыгып кетти.Ал кеткенден кийин:Сени ошол жактан келбей турган кылбасам,жакшы аял жоо болоорун билбеген маадыра баш,Бегимжан меники болууга тийиш деп ойлоп мыйыгынан жылмайып алды.Ошол куну Керим жашаган уйго келди,шоопурду жонотуп озу айдап алган.Машинанын унун угуп Бегимжан чыга калды.
-Кандай Бегимжан, зерикпей эде отурасынбы? -деп келинге сырдуу жылмайып койду.
-Жакшы келиниз аке.
-Сени уйго жеткирмек болуп келдим,Керим келгиче айылда болосунбу?
-Ии-ийи,уйдо жалгыз болгунча айылга кете берейин,камына берейинби?
-Мм,ооб-ооба, тезирээк чыга кал,-Исман кайра чыгып кутуп калды.Бегимжан дароо элечыгып келди,машинага отургандан кийин дароо эле ресторанга айдады,-Менин кардым ачты,бираз шам-шум этип алайын,-дегенде Бегимжан унчукпады.Озу тушуп ал кыймылдабай отурганынан, -Журу,сен дагы кирип чык,жалгыз отура бербей,- деди.
-Жок, мен кутуп турам,-деген Бегимжан тартына жооп бергенде ал болбой жатып жерге тушурду.
-Эч тартынба келиним,биз бир тууганбыз,азыр кенен тамактанып анан жолго чыгабыз,-Исман толгон тамак ашты заказ кылды,арасында вино менен арак да бар.Бегимжан аларды коруп:„Бул арам ой менен алып келди окшойт,биринчи коргондо эле козун албай карады эле”деп ойлоп бирок ун дебей отура берди.Буйруган тамак аштарды алып келгенден кийин:
-Кел ала гой,-деди Исман Бегимжанды карап.
-Сизге рахмат,мен ичпейм,уйдон жаны эле тамактанып алгам.
-Жо-ок,андай болбойт,иниме мактанбаймынбы, келинди ресторанга киргиздим деп,-Сырдуу жылмая:Сага окшогондун даалайын коргонмун,канчасы кайырмагыма тушкон,аларды бир ган корчумун,бирок сен учун суусап турам,суусунумду кандырасын шашпа”,деп ойлоп алды.Анан рюмкаларга винодон бирин ага сунду:
-Аке,мен ичип коргон эмесмин,анын устуно кош бойлуумун болбойт.
-Эчтеке болбойт кайнаган учун бир жолу татып эле кой,-Болбой кыстап кирди.
-Ичпей эле коёюнчу?-деп жалооруй ызаат кыла суранганда ал:
-Ичпесен мейли,ооз тийип кой,-деп болбой кыстап тцруп алды.
-Мн иччу эмесмин.
-Мындай сыйлаган жерде татып коруш керек,билсен келиним тораганын он колу менен отурганында алып койбосон болбойт го?-деп башын ийкеп койду,-ала гой.
-Макул аке,мындан кийин кыстабаныз, -Бегимжан рюмканы оозуна алып барып башын артка чалкалай козун жумуп жатканда коз албай карап турду,тогулгон кирпиктери кылк-кылк этип жутуп жаткан аппак тамагы эсин эки кылып напсисин козгоп ийди.Рахмат келин бала,-Исман келин бала дегенди басым менен айтып,-Мени сыйлаганына рахмат,-деди да озу ичти.Тамактанып отуруп Бегимжан ресторандын ажатканасына чыкты,бир куюм виноно башы айланып зорго келди.Исман ал келгиче атайын даярданып койгон уйкунун дарысын виного аралаштырып куюп билмексен болуп отуруп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   aelinaaa   08 Ноябрь 2012 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Тамактарын ичип буткондон кийин рюмканы озуно жылдырып жатканда Бегимжан:
-Ичпейм ансыз да башым айланып калды.Кайнатамдарга кызуу болуп барсам эмне болот,-деп туртту.
-Эки куюмдан эчтеке болбойт,баргыча тарап кетет,эми ушуну алып кой,-деп туруп алды.Бегимжан жини келе урушмак болду,бирок озун кармап рюмканы алды да жутуп ийди.
-Кеттикпи аке?-деп ордунан турду,-Эңги- деңги болуп зорго турду да Исмандын артынан жоноду.Башы айланып аз жерден жыгылып калайын деп машинага аран жетти.Исман кабинасын ачып аны отургузду да машинасын ордунан жылдырды.Бегимжан козун ачып оз уйундо жатканын корду.Эки кишилик тошок салынып жаны эле туруп кеткендей жылуу экен.Эч нерсеге башы жетпей башы зынылдап отурганда Исман майка турсачан кирди.
-Акма-ак!-бетин баса бакырып жиберди Бегимжан.
-Чуш-ш,болду бакырба,-анын жанына отура калып бекем кучактап алып алкымынан ,кокурогунон жан талаша ооп жатты,келин канчалык жулунуп-булкунганы менен карылуу кучагынан чыгалбады.,- Мен сени жактырып калдым Бегим,эч ким билбейт.Экообуз жолугуп турабыз,мен сени алтынга чулгап каалаганынды аткарам,сенин суу мурун эрин азыр эчтекени сезбейт.
-Акмак уй бузар,экинчи козумо корунбо,чыгып кет!-деп кыйкыра баштаганда оозун баса калды:
-Эмне десен айтканынды кылайын,аял алдында мынчалык чогологон эмес элем,суйуп калдым Бегим,керек болсо башка жака алып кетип калам,-Исман жалбарып жатты.Бегимжанкозунун жашын кол кылып анын алдында жатты...
-Исман тан атпай кетип жатып кетип калбасын деп сыртынан кулпулап кетип кайра эле тушко жуук жетип келди.Бегимжан андан он беш жаш кичуу,айтканы менен болууга даяр эле.Бегимжан тошоктогу анын кыймылына тан калып жатты.Исман ошол эле куну алтын сырга менен узукту алып колуна такты:
-Алтыным,гулум колдорунду коруп журогум узулуп кете жаздап токтоп жатат.Мындай назик колдорду эчтеке карматпай гана алып журом жаным,сен мага журогунду дилинди гана берсен болду,эгер бул жерден кетели десен даярмын!
-Керимдин бетин кантип карайбыз?-жаштуу коздору менен карап сурады.
-Ой ал эмнени билмек эле,эч сыр бербе,мен аялымды кетирем да сага уйлоном,-деп жалдырап жатты.Бегимжан унсуз мелтиреп олтура берди,журогу муз менен таш болуп катып турду:„Эми Керимдин бетин кантип карайм,уялбай кантип козуно коруном,койнуна булганыч денем менен кантип жатам,кардымдагы баланы да жок кылыш керек”деген ойдо кулагы керен,коз кор бир макулукча бушуруп алган.Исмандын айтып жаткан создорунун бирин укса бирин укпады.Коз алдында Керим,кетип жатып:„Шашылыш болуп калды,Бегим сен уйго бар,мен бир айда келип калам”, деп эки бетинен ооп жоногонун эстеп коз жашын тогуп турду.
-Мен уйго кетишим керек,-деди бир топтон кийин.
-Макул,бирок менин айткандарымды ойлонуп бир жоообун бер,телефонумду берем,эгер макул десен келеринди тосуп алам.
-Кором,-деди суз гана Бегимжан.
-Алтыным гулзарым менин,мени бактылуу кылуучу да сенсиң,жинди кылуучу да сенсин Бегим Чыдамсыздык менен кутом.
-Кутпой койсонуз да болот,колунуз да бийлигинизге чиренип арам оюнузду ашырдыныз,адамгерчилигиниз, ата-эненизди сыйлаганыныз ушубу,мен эми ак никелуу эримдин койнуна кантип жатам,жузун кайсы бетим менен карайм?!
-Мен сени жер карайтпайм Бегим колунду сууга салдырбайм, жоо бастырбай машина менен алып журом,уктасан желпип чымын жолотпойм,ишенчи мага Бегим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   aelinaaa   08 Ноябрь 2012 - 19:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Жузумду карайтып ак тошогумду карайткан кишиге ишенейинби, ичимдеги баланы эми ага кантип тороп берем,агаң ушинтти дейминби,же унчукпай куйоомдун алдында суттой аппак болуп корунойунбу? -коздорун бакырайта жузунон нуру кача ачуусу келгенинен боппоз болуп титирей ун катты.
-Бегим сени суйом,сен ол десен олууго да даярмын,сенсиз бир мунот дагы тура албай калдым,мени тушун,сен учун бир уйду хан сарайдай жасап туруп киргизип коём,убакыт отсо кызматымдан которулом дагы алыс жакка алып кетем жаным,садагам менин,тилимди алып созумо кулак салчы!
-Эми мага баары бир!
-Асылым,улбурогон гулгаакым,жанып турган жылдызым,эркем менин,-Исман аны туш келди опкулоп жатты.Бегимжан уч кундон кийин айылга жоноду.Ал барып бир корунуп коюп анан болжошкон куну келмек болду.Кайната- кайненеси аны узулуп тушуп тосуп алды.Уятынан олуп калгысы келди,аргасыз суз гана:
-Апа,мен Керим келгиче райондо болом,айтып коёюн деп келдим,-деди жер карай.
-Ботом,кабагын карыш тушуп калыптыр,бирдемеден капасынбы?

-Жок,ооруп турам,эртен врачка корунуш керек эле.
-Барагой алдына кетейин,корунсон корун,биринчин тушуп калды эле,онокот болуп журбосун,озум кабар алып турам,-деди Сейилкан.Бегимжан кайра эле ошол куну жоноп озу жашаган уйго келди.Акыл калчап бир чечимге келе албады.Барын унутуп Керим менен калууга дити барбады.Ауыры тагдыры буйруганын коууго бел байлап Исмандын айтканына аргасыз болду.Уч кун бойлоп ыйлап тамак ичпей жалгыз болмодо жата берди.Учунчу куну Исман кклип дароо эле машинасына отургузуп алып кетти.Ал келгиче Исман бир болмолуу уйдв даярдатып жасалгалап койгон эле,Бегимжанды болмого алып кирип:
-Жарыгым жактыбы сага?-деп кучагына кыса жылмайды.
-Мм,-башын ийкеп койду ал.-Айтчы алтыным менден кетпейм дечи,-Жалдырай жузунон суйду,-Мени таштабайсынбы? -дегенде Бегимжан унсуз гана башын ийкеди.
-Жарыгым сени кезиктирген кудайга мин мертебе ыраазымын,чолпон жылдызым,эркем менин,-Исман озунчо кудайга ыраазы боло суйлоп жатты,-Суйуунун даамын тарттырганыны тобо,мен эч качан,эч кимди суйбойм го дечумун,озумду озум мерез журокмун дечу элем,мен суйууго сени коргон куну кабылганымды сезгем бирок колума тийээринен кумон кылган элем.
-Озунузду бактылуу кылып башка бироону бактысыз кылганыныз жагабы,башканын коз жашынан бакыт курулбасын билбейсизби? -Мисирейе тике карады.
-Жок-жок Керимди сен суйгон эмессин да туурабы,сен менин гана бактымсын,мындан ары сени менен гана бактылуу мун деп эсептей алам,-Исман келиндии так которуп спальныйга алып барды,-Жаркыным менин, ырысым!-Жан алы калбай сенек болуп катып калган жумуру денени муздагына карабай опкулоп жатты...
-Ошентип Бегимжан Керимге жазган катка:„Мени издебе,издесен олгонбу деп корустондон изде,тируумун бирок олгонго барабармын. Мени кечир!”-деп терезеге кат жазып коюп койгон,Дал ошондой эле олук эле эмес же тируу эмес болуп озуно келе албай жашап жатты.Агай салып сотко берип чынырып чыккысы келди.Бирок жумурай журтка шерменде болгусу келбеди:„Баары бир басып коёт,таныштары бар,озумду озум шерменде кылам,андан коро олуу-тируумду билгизбей жашай берейин,деп ойлоп жата берди.Исман баарын даярдап берген,бул уйдо адам бары жогу белгисиз кундузу эч ким билбейт,тун киргенде эшик ачылат да тан кууланоок болгондо чыгып кетет.Арадан бир ай откондо курсун аяктап Керим келди.Ал дароо эле Исмандын кабинетине баш бакты,адегенде коргон Исан журогу болк эте бир козголуп алды да сыр бербей:
-Оо кел уко,окуу буттубу,келгенин жакшы болду,жайкы онокот кучоп чоп чабуу,тоют жыйноо башталды.Эми ишине кирише бер,-деди тура калып кучак жая учурашып.
-Келдим аке,бир жума эс алайын,анан келем,-деп Керим ага жылмайды.
-Оуу жакшы буттубу?
-Баары жакшы,Бегимжандыжеткирдиниз беле аке?
-Аа-а,шоопурум жеткирип койгон.
-Рахмат сизге, мен барайын.
-Болуптур, эмки дуйшомбудо ишке чык,-деди Исман ага бош.Анткени ал кандай туйшукко тушоорун,жумушуна чыга албасын билип турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   08 Ноябрь 2012 - 20:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

ylandici kachan aelina.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   08 Ноябрь 2012 - 20:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

ylandici kachan emi aelina
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 32 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 32, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 08:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: