Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#581 Пользователь офлайн   ualmaz   21 Октябрь 2012 - 20:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 22 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 18 Авг 2014 15:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Король Яков бул версия эмес бул котормо. Дагы Варнаванын библиясы эмес , Варнаванын кабары. Варнаванын Кабарын апостолдор өлгөндөн кийин Ыйса Теңирди тааныбаган бирөө эле жазып койгон. Ошондуктан ал библия деп эсептелинбейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#582 Пользователь офлайн   ualmaz   21 Октябрь 2012 - 20:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 22 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 18 Авг 2014 15:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения sestra (10 Октябрь 2012 - 13:00) жазган:

бул кимдин оозу менен айтылган соз?
бабтисттердин, иеговисттердин сыйынуу жыйындары концерт сымал откон себебин Деби айымдан угайын дегем, корсо ырдоо жонундо библияда бар турбайбы, бирок тарыхтан белгилуу, мурунку бабтисттер ырдап - бийлешчу эмес, мындай корунушту афроамерикалык бабтистер 1955 - жылдары жаштарды кызыктырыш учун, бири-бири менен тааныштырыш учун ойлоп чыгарышкан экен ("тайна религиозных миссий" В.В.Коник Москва 1980 ж ).




Жаңыласың, библияны окусаң Забур китебинде ырдагыла, бийлегие Кудайды даңктап деп жазылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#583 Пользователь офлайн   ualmaz   21 Октябрь 2012 - 21:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 22 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 18 Авг 2014 15:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения sestra (10 Октябрь 2012 - 12:49) жазган:

бул кимдин созу? Иса а.с. айтып жатабы, же библиянызга жан кирдиби? Иса а.с. созу болсо, ал АЛЛАХтын кулу экенин анык далилдеп турат, т.е вы сами себе противоречите, ал эми библияга жан кирсе - укмуштар дуйносуго?!





Муну Ыйса төрөлө элек кезде, Дөөт пайгамбар айтып жатат. Забурда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#584 Пользователь офлайн   Debi   23 Октябрь 2012 - 14:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Мыйзамсызга ырайым кылынса, анда ал чындыкка үйрөнбөстөн, адил адамдардын жеринде жамандык кыла берет жана Кудайдын улуулугун көрбөйт.


Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#585 Пользователь офлайн   Mukay-kg   25 Октябрь 2012 - 17:50

  • сынба
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 310
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Май 2013 16:45
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалал Абад

Маркумдун иши тушту таразага.
Эч бироо турбай койду жаназага.
Олгондун бир жкыны тыйып койду.
Окуруп келгендерди ала-сала.

Майыпка бата-дуба окулбады.
Кетип жатты келгендер олтурбады.
Кандашыбыз отуптур деп башка динге.
Туура коруп суротко чокунганды.

Коптун бир мен дагы мусулманмын.
Кудай бироо деп келет ушул жаным.
Отоор-кетээр учурда жашасам да.
Озгочо бир кырдаалдын тушундамын.

Чынын айтсак пас экен денгээлибиз.
Динин бекм тутканбы элдерибиз?
Бир ууч калктын бир канча дини болсо.
Эмне болот эртенки коргонубуз?

Женил гана жылоолоп эркиндикти.
Жерге батпай бир сыйра желпиндикпи.
Балдарыбыз батыштын желине мас.
Башка динге ушинтип серпилдикпи?

Мен да ойлойм озгоргон жер жонундо.
Мен да ойлойм боксоргон кол жонундо.
Оокат учун балдары динден чыкса.
Ойлонбойбу чондору эл жонундо ?

Моюн сунуп намаздан канаат алган.
Момундар аз сыйынган тан азандан.
Жаттап алга суроосун бетке кармап.
Молддокелер бошобойт жаназадан.

Чамабыз чак динибиз мына ушундай.
Чала ачыган кедейдин кымызындай.
Кыйын чакта кыргыз жок мойнун тоскон.
Клыч да жок Алланын кылычындай.


Автор Айпери. MUSLIM.kg сайттынан алынды!!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Mukay-kg: 25 Октябрь 2012 - 17:57

Жаагын сынса да. Шагын сынбасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#586 Пользователь офлайн   Debi   31 Октябрь 2012 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Анткени ким адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Теңир үчүн көтөрө билсе, бул Кудайга жагат. Эгерде силер кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсаңар, мунун эмнеси мактарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып азап чегип жатсаңар жана ошого чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат. Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен: Ал эч кандай күнөө кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сөз чыккан эмес. Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган. Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар. Анткени силер адашып жүргөн койлордой болчусуңар, азыр болсо жаныңарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдиңер.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#587 Пользователь офлайн   sestra   02 Ноябрь 2012 - 20:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения ualmaz (21 Октябрь 2012 - 20:58) жазган:

Жаңыласың, библияны окусаң Забур китебинде ырдагыла, бийлегие Кудайды даңктап деп жазылган

эми ыр - бийинер жонундо. библиянын текстин ыр катары ырдаш керекпи же кандайча? силердин службанарда мен реп окуганынарды уккам, попса, рок типтеги ырларды ырдайсынар, тээ илгерки заманда ушинтип ырдашса "аллилуя" .

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#588 Пользователь офлайн   Mukay-kg   03 Ноябрь 2012 - 03:13

  • сынба
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 310
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Май 2013 16:45
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалал Абад

Саламаттсызбы Деби? Бул динге оттуу учун, сизге эмне себеп болду? Мусулман динде туулуп Бибиляны тандаганынызга, ошол "жолду" жолдоо учун кандайдыр бир себеп болдубу? Кандай себептер?
Жаагын сынса да. Шагын сынбасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#589 Пользователь офлайн   Debi   03 Ноябрь 2012 - 10:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Mukay-kg (03 Ноябрь 2012 - 03:13) жазган:

Саламаттсызбы Деби? Бул динге оттуу учун, сизге эмне себеп болду? Мусулман динде туулуп Бибиляны тандаганынызга, ошол "жолду" жолдоо учун кандайдыр бир себеп болдубу? Кандай себептер?

Салам Мукай. Мен бир динден экинчи динге өткөн эмесмин. Кудайдан чындыкты таанытышын сурангам, Кудайга ыраазымын, азыр чындык жолундамын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#590 Пользователь офлайн   Debi   03 Ноябрь 2012 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бул бөлүмдөгү менин билдирүүлөрүмдү толук окуп чыксаң, менин ойлорум жөнүндө, мен жөнүндө түшүнүктүү болот.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#591 Пользователь офлайн   Mukay-kg   06 Ноябрь 2012 - 20:58

  • сынба
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 310
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Май 2013 16:45
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалал Абад

Просмотр сообщения Debi (03 Ноябрь 2012 - 10:33) жазган:

Салам Мукай. Мен бир динден экинчи динге өткөн эмесмин. Кудайдан чындыкты таанытышын сурангам, Кудайга ыраазымын, азыр чындык жолундамын.

Жаралганда ким болуп жаралдын эле,? Христян Будизим Мусман. Уй булон м.н ушул Суротко чокунасынарбы? Же аранарда барбы. Муслман динин тандаган? Ага кандай карасын? Сен чыныгы кудайды тапсан. Мусулман диндеги пенделер адашкан деп да ойлойсунбу?
Жаагын сынса да. Шагын сынбасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#592 Пользователь офлайн   Debi   06 Ноябрь 2012 - 22:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Mukay-kg (06 Ноябрь 2012 - 20:58) жазган:

Жаралганда ким болуп жаралдын эле,? Христян Будизим Мусман. Уй булон м.н ушул Суротко чокунасынарбы? Же аранарда барбы. Муслман динин тандаган? Ага кандай карасын? Сен чыныгы кудайды тапсан. Мусулман диндеги пенделер адашкан деп да ойлойсунбу?

Эмне эле дейсиң? Улутумду сурап жатасыңбы? Кыргыз болуп жаралгам ))) Азыр деле кыргыз боюнча эле жүрөм ))). Кайсы сүрөт? Чокунганы эмнеси, дегеним чокунуу деген сөз дегеле болгон эмес бул бөлүмдө. Сенин суроолоруңа кеңири жооп болгон, баштан аяк менин билдирүүлөрүмдү окуп койсоң болот.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#593 Пользователь офлайн   sestra   08 Ноябрь 2012 - 19:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (06 Ноябрь 2012 - 22:34) жазган:

Эмне эле дейсиң? Улутумду сурап жатасыңбы? Кыргыз болуп жаралгам ))) Азыр деле кыргыз боюнча эле жүрөм ))). Кайсы сүрөт? Чокунганы эмнеси, дегеним чокунуу деген сөз дегеле болгон эмес бул бөлүмдө. Сенин суроолоруңа кеңири жооп болгон, баштан аяк менин билдирүүлөрүмдү окуп койсоң болот.


баягы эле Деби айымдын отмазкалары: "жооптор болгон", болсо суроо узатпайт элек да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#594 Пользователь офлайн   Debi   08 Ноябрь 2012 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения sestra (08 Ноябрь 2012 - 19:13) жазган:

баягы эле Деби айымдын отмазкалары: "жооптор болгон", болсо суроо узатпайт элек да.

сестра, абийиринди түбөлүккө айдап ийгенсиң го ээ :). Так ушул сени менен болгон суроо-жооп кай жерге келип токтогонун, кайталап көчүрүлүп коюлганы кай бирөөлөрдүн эсинен али кете элек :). Сага баары бир экенине толук ынандым.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#595 Пользователь офлайн   Debi   08 Ноябрь 2012 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Сестранын абийири кайрылып калгысы бардыр :). Экинчи жолу көчүрүлүп коюлуп жатат.

Сестра менен болгон маек, "жооп ала албай" жатат:) бирок ушундан кийин деле "жооп жок" кылууга далалат кыларыңар мүмкүн экенин билем. Чындыкты тааный алгандарга арналат.

сиздин билдируунуздорду окуп, сиз (свидетель иеговы) деген чечимге келдим. менин жеке сизге суроолорум бар:
1 сиз кимге ишенесиз? б.а. кудайыныз ким?
2 кандай жол менен кудайынызга сыйынасыз?
3 cиз окуган библиянын автору ким? ким болгон, кандай адам болгон? кайсы заманда, кайсы жерде жашаган? ал библияны кыргыз тилине ким которгон?
калганын жоопторду алган сон баштасак.

Жооп бергичекти буларды да жаза кетиптир сестра, “жаза бериптир” дегенин бир байкап койгула, анан мен буга “акылдуусунуп” жаткан боломбу ошондо, өзүңөргө жооп берип койгула. Мага жооп керек деле эмес, ансыз да силерди түшүнүп турам.

бул суроолорду берген себебим "библия мындай дейт, библия тигиндей дейт", - деп к месту и ни к месту жаза бериптир, же мен жашыруун подтекстин тушунгон жокмунбу? талашты ирети менен баштасам дегем, христианиндер, атеисттер менен дискуссия жургузуу - моя слабость.
Дебиге кайрылуу. Ахмад Дидад менен Анис Шурууштун 1985 - ж Лондондо откон таймашын карап корунузчу. балким бир жакшы натыйжа чыгар. ал жерден байкайттырсыз, А.Дидад (муслим) из Корана, из хадисов доказательства вашим христианским заблуждениям не приводит, а наповал разрушает христианские убеждения, доводы вашей же библией. вы сами себе противоречите!

Кайсы сөздүн орду кайсы экенин аныктагыч сиз эместирсиз. Олуп-чолуп окуй калып, өзүңөрдү көтөрө чалып "жаза бергениңерде" өзүмө Ыйсанын момундугун үлгү кылуу менен, жооп бергенге арзый тургандарына жооп кылып жүрөм. Туура сөздөн жыйынтык чыкпаса, маанисиз сөздөргө маани бербей эле жолумду андан ары уланта берем. Ахмад Дидат деп эле калат экенсиңер. Анын жаны кейип, онтоп жатканын көрсөткөн бир видеону көрдүм эле. Андан "Кудай ушунун кейпин кийгенден сактасын" деген гана натыйжа чыгармакмын. Анан дагы бир эки адамдын талашынан натыйжа чыгарган "слабость" жок менде. Кызыктырган суроолорумдун жообун түпкү булактардан тапканга аракет кылам. Себеби ошондо гана чындыкка негизделүүгө болот.
Өз көзүнө ишенген адамдарга бул жерде ким өзүн кандай жагынан көрсөтүп жаткандыгы, Кудайга ишенебиз деп коюп, эмнелерге гана барып жаткандыгы айкын көрүнүп турат. Мынча кайрылып калган экенсиз, мурда эле берилген жоопторду кайталайын. Маек кандай уланат, көрө жатарбыз.


мен Инжилчи Машайакчы Баптист болом.

1. Мен аалам жердин Эгедери - Кудайга ишенем. Кудайым - Кудай!

2. Инжилдеги аят менен жооп берейин, Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт. Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».
3. Мен окуган Библиянын Автору - Кудай. Библиядагы мына бул аяттардын негизинде айтып жатам: Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.


Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

Ал эми Ыйык Рухтун жетегинде болгон ыйык адамдар 40 ка жакын. Ыйык Жазуу 1500 жылдын аралыгында жазылган. Ошого жараша аны жазгандар ар кайсы замандын өкүлдөрү, ар кайсы өлкөнүн тургундары болгон. Библияны кыргыз тилине Ыйса Машайакка ишенген, Ыйык Рухтун жетегинде жашаган адамдар которгон.


демек сиздин кудайыныз - рух (святой дух) ?! анда сиз атап кеткен атасы, баласы ким?

Ооба, Библияда кандай айтылса ошондой, Кудай - Рух. Ата - Кудай. Уулу - Ыйса.
Ушул сөзүңүздүн төркүнүн, жаңылбасам, түшүнүп турам. Мени таң калтырганы, адамдардын Кудайды өзүлөрүндөй көрүп ой жүгүрткөндөрү. Адам үчүн мүмкүн эмес нерсе Кудай үчүн да мүмкүн эмес болбойт эч качан. Кудай бир эле убакта Ата да, Уул да, Рух да боло алат. Кааласа башкача да боло алат. Дөөт пайгамбар мындай деген: Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат.


бул дуйнону, жан - жаныбарды, адамды жараткан ким? библияныз эмне дейт? кантип жаратылган, библия кандайча суроттойт?

Бул дүйнөнү, жан-жаныбарларды, адамды Кудай жараткан. Библиям ушундай дейт. Кудайдын Сөзү менен жаратылган.

эмне учун библия 1500 жыл чогултулуп жазылган, Иса, алейхи ссаляям, бул дуйнодо 33 жыл эле омур сургон да? кантип Исаны корбогон, анын созун укпаган адам 1500 жылдан кийин библия жазган?

Кудай каалагандай мезгилдин аралыгында жазылган. Ошончо аралыкта жазылып, Кудай менен адамзаттын ортосундагы мамилени көрсөткөн окуялар улам өнүгүп отурганы Библиянын Кудайдын Сөзү экенинин далили. Адамзат жашоосу жер үстүндө муундан муунга уланып келет, Кудай адамзат менен түзгөн мамилесин улам кийинки муун менен улантып, адамзат үчүн ойлогон ойлорун иш жүзүнө ашырып келет.

эмне учун Матфейдин, Петрдын, Луканын жазгандары бири-бирине топ келишпейт? жада калса библияны англис, орус, кыргыз тилдеринде алып, бир стихти салыштырсаныз маанилери такыр болок, эмнеге мындай?

Библияны Ыйсаны көрбөгөн, сөзүн укпаган адам 1500 жылдан кийин жазган деген маалымат сизде каяктан?

Кайсы аятты айтып жатасыз? Мен Библияларды карап көрүп анан жооп берейин.

мени мындай жооп каанаттырбайт, мага кудай жерди, айлана - чойрону, жан - жаныбарды, адамды кантип, канча убакытта жаратканы жонундо библия эмне дейт, толугу менен жазып бериниз. сиз окуган библия чынында кудайдын созу болсо, ал жерде созсуз мындай маалымат болуш керек.
дагы бир нерсени тактап кетейин, 1500 жылды азыркы 2012 - жылдан кемитип салабызбы, же кайсыл убакыттагы 1500 жыл бою жазылган?

Бул жерде сизди канаттандырууга милдеттүү адам болсо дагы, ал мен эмесмин Ошондуктан "мага" "мени" таризинде адептүүлүк чени менен жазууну сунуш кылам.
Библияда жаратылуу кандай болгону жазылган. Аны эмне кыласыз? Ушул суроонун жообуна жараша калганы болот.

Эмне жазылса ошону гана түшүнгөндө, кийинкисин түшүнүүгө жакшы болот. Айтылган маалыматтан улам, кемитип салуу зарылчылыгы келип чыккан жок го. Кайдан алыбатасыз аны?
Библиянын экинчи чоң бөлүгү болгон Жаңы Келишим б.з. 1-кылымында жазылган. Андан улам көчүрүлүп турган моноскриптер азыркыга чейин сакталуу. Библия толугу менен камтылган попирустун датасы 4-кылымды көрсөтүп турат. Ошондо биздин замандын 4-кылымына чейинки аралыктагы 1500 жыл. Арада адамдардын ишенимсиздигинен улам Кудай адамзатына эч нерсе билдирбеген узак убакыттар да болгон.

ошол эле лука, фома, матфей, петр орто кылымда жашашкан да! христиан дини католицизм, протестанство, православие, бабтизм дагы башкаларга болунгондон кийин жашашкан. бири католик болсо, бири православный болгон, бири англиканская церковдон болсо, бири григорианскаядан болгон. силер, христианиндер, озунор 356 - жылы Римде Жалгыз Кудайга ишенебизби, же атасы, баласы, рух (святая троица) кылып учооно ишенебизби деп, бир добуш ашыкча болуп святая троицага сыйынууну чечкенсинер.

Сиз болсо калыс болуп карап отургансыз да ээ . Тим эле көрүп отургандай жазасыз да .
Тарыхтан кабар алганыңыз жакшы, бирок толук албаса ушинтип чалды-куйду болуп кетет.
Лука, Фома, Матфей, Петр орто кылымда жашашкан эмес. Католицизм, Григорий жыйыны 6-кылымда пайда болсо, протестантство, англикан жыйыны 16-кылымга таандык. 356 эмес, 326-жылда дүйнөлүк биринчи собордо Үч бирдиктүү Кудай бир Кудай деген чындык баса белгиленген. Ал жерде бир добуш ашыкча болбой эле Арианчылык окутуусу болуп тарыхта жазылып калган Арий аттуу Ливиялык адамдын гностицизмди жактаган ою гана четке кагылган. Калган бардык епископтор бир добуштан үчбирдиктүүлүктү эч кандай талашсыз бекемдешкен.


билгим келет. билген сон башка суроолор жаралат.
христианиндерге берчу суроолорум чачтан коп, аларды сурап келем, бирок бир дагы христиан динин туткан адам тынгылыктуу жооп бербейт: айланып - айланып, эмне деп жооп бергенин озу билбейт. ойлогом, библиядан билдируулорду жазган сон, ушул оной суроолорго жооп бересиз деп.

Сиздин жообуңузга жараша жооп берем деп жазылып турат. Суроонун оңой, кыйыны тууралуу сөз болгон жок. Бурмалап көнгөн кишилерге айла жок экен да. Билгиңиз келсе билмексиз. Инжилде мындай деп жазылган:
"...Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген. Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт" .


Биле элек, мына билем деп жаткан нерселериңизден кийин кандай суроолор жараларын да билет чыгарсыз? . Кылтак коюунун далалаты экенин жок дегиңер барбы? Туура жоопко өзүңөр түз карагыңар келбей кыйпычыктап анан "эмне деп жооп бергенин билбей..." таризинде жасалма жалаа менен будалактап, (булардын ишенген кудайы кайсы экенин киши билбейт. Же жасалманы жарата берген жасалма кудайбы) чампалай баштайсыңар. Анын силерге бир нерсе жазып убара тартамбы, албетте жок! "жооп бере албай... тыты-пыты" деген ырыңарды андан ары ырдай бергиле. Улуу Соттун алдында жооп берер күнүңөр сөзсүз келет!

Абийирин болсо бетин бир аз болсо да кызарар, болбосо "суроолорунду узатып" жүрө бер :)

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 08 Ноябрь 2012 - 22:02

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#596 Пользователь офлайн   Debi   08 Ноябрь 2012 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Кудай ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берет: даңкты, урмат-сыйды жана өлбөстүктү туруктуулук менен жакшылык кылуу аркылуу издегендерге түбөлүк өмүр берет, ал эми өзүнүкүн бербей, чындыкка баш ийбей, адилетсиздикке багынгандарга каарын жана ачуусун төгөт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#597 Пользователь офлайн   vidmag81   08 Ноябрь 2012 - 22:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 93
  • Катталган: 18 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 25 Фев 2021 00:51
  • Жынысы:Эркек

бир падыша мамлекеттик дин катары бирдинди тутунайлы кана кимиңердин диниңер эмнени үйрөтөт кана айткылачы деп мусуландардан молдоакени христяндардан побун эврейлерден жанагы ким эле буларда билгичи ошону чакырып сурайт биринчи жанагы эврейден сурайт (булар торатты окушат мууса.а.в.с маисей ге түшүрүлгөн китеп )ал християндар биринчи жооб берсин биздин динден кийин келген дин дейт поп айтат (булар инжилди окушат библя деген да аты барбы жакшы билбейм иса а.в.с түшкөн китеп)молдаке айтсын булар эң жашы дегенде молдо мындай дейт эгерде еврейлердин дини туура болуп жаннатка кирсе биз да булар менен кирип кетебиз себеб биз муусанын пайгамбар экенине ишенебиз дейт эгерде булардыкы туура болбой християндардын дини туура болсо булар менен да биз киребиз исанын пайгамбар экенине ишенебиз эгерде биздин дин туура болсо биз киребиз булар кирбей калат себеп булар биздин пайгабарга китебибиз болгон коранга ишенишпейт дегенде экөөнөн тең бир ооз сөз чыкпай калган экен так что сизди да мусулман динине чакырып кетер элем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#598 Пользователь офлайн   Daud   09 Ноябрь 2012 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (08 Ноябрь 2012 - 22:02) жазган:

Библия мындай дейт: Кудай ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берет: даңкты, урмат-сыйды жана өлбөстүктү туруктуулук менен жакшылык кылуу аркылуу издегендерге түбөлүк өмүр берет, ал эми өзүнүкүн бербей, чындыкка баш ийбей, адилетсиздикке багынгандарга каарын жана ачуусун төгөт.


Деби, менде бир суроо пайда болду. Бирок бул суроо менен бир кынтык табайын деген ниетим жок. Кызыкканымдан сурап жатам.

Жогоруда туболук омур берет деген соз кандай мааниде айтылып жатат. Ушул биз жашап жаткан жердеби же бейиште туболук жашайт деген маанидеби?

Библияда бейиш жонундо айтылабы? Айтылса кантип айтылат жана ага кандай адамдар кирет же бейишке кириш учун кандай иштерди аткаруу керек. Мумкун болсо Библиянын цитаталары менен жооп берсениз.

Анан жогоруда жазган созунуз Библиянын кайсы жеринде айтылганын да айтып койсонуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#599 Пользователь офлайн   Debi   09 Ноябрь 2012 - 14:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (09 Ноябрь 2012 - 01:00) жазган:

Деби, менде бир суроо пайда болду. Бирок бул суроо менен бир кынтык табайын деген ниетим жок. Кызыкканымдан сурап жатам.

Жогоруда туболук омур берет деген соз кандай мааниде айтылып жатат. Ушул биз жашап жаткан жердеби же бейиште туболук жашайт деген маанидеби?

Библияда бейиш жонундо айтылабы? Айтылса кантип айтылат жана ага кандай адамдар кирет же бейишке кириш учун кандай иштерди аткаруу керек. Мумкун болсо Библиянын цитаталары менен жооп берсениз.

Анан жогоруда жазган созунуз Библиянын кайсы жеринде айтылганын да айтып койсонуз.

Бейиштеги Кудай менен боло турган өмүр тууралуу айтылып жатат. Биз билген өлүм дененин жандан ажырашы гана. Чыныгы өлүм - бул Кудайдан түбөлүк ажырап калуу. Библия ушундай окутат. Кечкурун Библиядагы аяттарды келтирейин, азыр бир иш болуп жатат.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 09 Ноябрь 2012 - 21:40

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#600 Пользователь офлайн   Debi   09 Ноябрь 2012 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жогоруда келтирилген аят Инжилдеги Римдиктерге жазылган каттын 2-бөлүмүнүн 6-аятынан башталат.

Ал эми түбөлүк өмүр, бейиш тууралуу кээ бир аяттар булар:

Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «Эгерде Машайак болсоң, анда Өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди. Экинчиси болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага тартылбадыңбы. Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш жасаган жок да», – деди. Анан ал Ыйсага: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр», – деди. Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди.

Жердеги үйүбүз, бул чатырыбыз, (Деби: сөз дене жөнүндө болуп жатат) кыйрагандан кийин, Кудай бизге асмандан адамдын колу менен жасалбаган имаратты, түбөлүк үйдү, берерин билебиз.

«Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен». Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жањы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык». Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирүү суунун башатынан сууну бекер берем. Жењип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот. Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши өлтүргүчтөр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылышат: бул – экинчи өлүм».

Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү.

Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем

Азыр болсо силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар. Силер бере турган жемиш – ыйыктык, анын аягы – түбөлүк өмүр. Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 21:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: