Бугунку жумуштарымдын баарын эртенкиге калтырдым,кечээ дагы бугун кылам деген болчум... Не болуп баратам? Дайыма ишиме так элем,не болду? Неге мынча кайдыгер болбосом? Озумду урушуп,жемелеп да эч эле жыла албай калдым.. Убакыт мени кутуп турбайт,пауза да болбойт кыймылдабасам артта калышым анык... Кайдыгерлик.
.. Ушул нерсе акылымды,журогумду ээлеп алгандай канчалык аракет кылсам да отурам.. Ой дагы деле отурам...
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1842 12 November 2012 - 17:01
Канча Жер устундо узак жашап келатсам, ошончо адамдардын мунозунун кемчилигине кубо болуп келатам... Жанында 2-3 жылдап жашап, иштешип келе жаткан адамдардан конул калууга тан калбай да калдым окшойт...Анткен сайын Жердин чыдамдуулугуна,
сабырына,айколдугуно тан берем... Ушундай баарыбызды которгонуно чыдап... Аттин Адамбыз да, кемчиликсиз болбойт экенбиз, бирок неге эки жуздуулукко жашынабыз, бир эле позицияны кармансак болбойбу? же ошенткенде омурубуз узарып, бакты-таалайыбыз ашабы? Деги эле тушунбодум,
жанында отуруп башканы айтып, мындай чыгып башканы жасап, олумуш,билбемиш,
суттон ак болгондоруна ичим куйот. Кечирим сурагандар да болду, кечирбедим дей албайм, бирок журогумдогу баео ишеним, чын журоктон сыйлоо сезими жок болуп кетти... эч нерсе кыла албайм, бирок сезимдерди башкара албайм...эми алар башка...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1843 12 November 2012 - 18:51
Сени ушундай адам деп ойлободум эле, бир да кечирим сурап койгон жоксун э. Башынын эле билгем пысмыйып жургонундон,
сага окшогон адамдар былгытып жердин бетин сасытаарын.
Этин жегенден кийин шорпосун да ичишин керек болчу, бул сапар суудан куру чыгып кеттин. Мейли Алах кубоо, баарына жооб бересин. Бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо созсуз жооб бересин.
Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
#1844 12 November 2012 - 19:25
Не болгону тушунуксуз,
журогум зееригип калганбы дагыыы... Озунон озу эле кыйналватат го? Ушу акыры мени олтуруп анан тынат го бул журок деген нерсе...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1845 13 November 2012 - 15:45
Монолог сага тогулгону келдим. Сырымы айтып, чачылбасам,
жарылып калам гоо. Дагы деле баягы дартым, сагынган дартым. Билем, сен эле мени кунт коюп угасын. Сен менин жакыным болуп калдын. Эмне кылсам болот, ага бул жаңылыгымы кантип жеткирем? Эмне деп айтам, ал кандай кабыл алат экен ээ? Же айтпай бир отоло сыр тутуп, журогумдо озум менен кошо жашатсамбы,
айтчы, кенешинди берчи дегеним менен, сен унчукпайсын,
болгону мендеги сырды озуно катып аласын. Мен кубанып турам, бирок, ал, ал, ханзаадам кандай кабыл алаар экен.
Ханзаадам,
менин жүрөгүмдөсүң!
#1846 14 November 2012 - 09:32
Таң атканча кирпик какпадым. Тумандаган ойлорумдун арасында адашып калгандаймын.
Сага кантип угузам, аны айтсам менден колуңду бир отоло үзүп койсоңчу, же тескерисинче кубанаар бекенсиң ээ? Азыр бир чечимге келе албай убарамын. Уффф жүрөгүмдүн ооруганы ал ансайын күч алууда. Ханзаадам, ойлонушум керек, ооба, терең ойлонуп бир чечим чыгарбасам,
кол шилтеп коюп, сени жоготуудан корком, кайдыгер карай албайм. Чечкиндүү болушум керек, сени менен кеңешсемби,
же...........
Ханзаадам,
менин жүрөгүмдөсүң!
#1847 14 November 2012 - 21:19
суйуктуу форумумду сагыныптырмын.
..
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#1848 14 November 2012 - 23:14
Бугун чё то баардык нерсе мага каршы чыгып алгандай болуп турат. Бошоп алчудай ыйлап алышы керек эле. Бирок эя эле эптей албадым. Качан уйронот болдум экен "ыйлоо психологиясын"
? Абалым бираз кыйындаша тушту...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1850 16 November 2012 - 18:17
Monologdu okup yilagym kelip ketet...baaryna jakwylyktardy gana kaalaim,suiuwkondorgo bakyt,sabyr tileim...birge bolo alywpasa da,alardyn jany aman bolsunchu...oz suiuktuumdu aiap kettim,menin,ui bulosun baktybyzga aman bolso eken...any abdan jakwy korom...
#1851 17 November 2012 - 02:58
Кундорум уланып жатат. Ал кундор артта калып, азыр бактылуумун.
. Балким жетишээрлик денгээлде эместир.. Бирок, баары ордуна тушуп бара жатканына кубанып журом.. Кимдир учун бул учур тоодой шугурчулукко арзыр.. Мен да нараазы болбошум керек деп билем. Башыма сыноо тушуп турганда, жанымда суйогон жакындарымдын курчоосунда экениме ыраазымын. Эхх адамзат ушундай экен.. Мунозу жакшы адамдар менен омур кооз, унутулгус, баалуу. А бирок андай адамдар саналуу гана. Бир боорум бутуна турганча менден артык санаа тарткан адамдарга ыраазымын.. Жакшы кором...
Мен бактылуумун :)
#1852 17 November 2012 - 13:57
Жан дуйном эзилгенден эзилип, журогум сыздагандан сыздап турат. Оюмдан кетпедин. Тушумдо да сени кордум. Улам жанына барам, а сен ансайын менден алыстайсын.
Суйлошойун дейм унчукпайсын.
Эмнеге? Же мага таарынгансынбы?
Жок, сен мага таарынганды билчу эмессин, эркелегенди гана билчусун. Азыр мен денизде бара турган багыты жок кемедеймин.
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#1853 17 November 2012 - 23:09
Мен сенден алыска, узаака кетип калып туура кылган экенмин. Акыры унутам деп көгөрүп жүрүп унуттум. Эми сени эстебейм, жашоому жаңы барактан баштайм. Буюрса баары жакшы болот, мен өзүмө гана ишенем.
#1854 18 November 2012 - 03:06
Сени жан дуйномдон артык корушумду,сен учун баарына даяр экенимди сен качан сезесин?
сени СУЙОМ
сени СУЙОМ
Алга,артка жол жок.
#1855 18 November 2012 - 04:40
Эх....монолог.
Жашоодон тажап кеттим. Мына ушинтип журуп,келечегиме да козум жетпей калды. Дагы бир жакын адамдардын биринен бугун баш тарттым....ал адамдын чыныгы жузун байкабаган экем. Ой тообо ушунчалык да ишенчээк,ак конул боломбу? Эми мындан кийин стервалардан сабак алат окшойм....канча жакшылыктар кылдым эле козу кор экен,корбоду.
.. Эх аттин ушундай адам айланамда жургонун эртерээк билсем кана... Ушундай паскаш адамга тенелгим келбеди,какшатып гана салды...эх,мейличи кудайга салдым сени...мени алдап,пайдаланып,
ушунча жамандык кылганын аз келгенсип бактыма да бут тостун...жашоо бумеранг... Мени жардан нары туртуп салдын,бирок мен ал жардан чыгып кетем,себеби чындык мен тарапта. Унутпа ал жарга бир кун келип озун да кулайсын. Бирок сен чыгып кете албайсын... Сени кудайга салдым. Бул жазгандарымы да окуйсун бир кун,чон катага жол бергенинди тушуносун...
бирок....анда ото кеч болот.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#1856 18 November 2012 - 15:47
Бир гана сени суйуп,сен деп жашап жатканымды качан сезесин?
Сени аябай сагындым
Сени аябай сагындым
Алга,артка жол жок.
#1857 19 November 2012 - 12:12
Сиздей адамды жоолуктурганыма негедир ичтен кубанган элем,сырттан карааап,такыр башкача адам болсо керек деп ойлогом,"
внешность обманчива"
деп орус туугандар бекер айтышпаган экен,бир аз болсо да жакындан билип, мына эми кандай адам экендигиңизди биле баштагандаймын,
сизге эмне болуп жатааат,оюңузда эмне,такыр түшүнө албай атам,суроолорума жооп таба албай убарамын,ачык-
айкын жүз көрүшүп сүйлөшүп албасак болбойт,андан ары ар ким өз жолу менен өз максатын көздөй жолун улайт...
Альхамдулиллях я Роббим шүгүр...!!! :)
#1858 19 November 2012 - 14:33
Алтыным менин,кичинекей эле баладай болуп калыпсыз. 10 жыл мурда кандай элениз,куч-кубаттуу,
коп нерсени сизден уйрондум, урушканыныз майдай эле тийчи да мага кайра кулкум келчи. Кучактап жанынызга жатып алгым келди,колунуздан кармап узаткым келди,айла жок дайыма боло албайт экем. Айылды эстегенде сизди эстейм дайым, алтыным менин беркем таенем, алсыз болуп эле жатасыз,жардам бере албайм айла жок ээээхххх кыйналып кеттим жаман....
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#1859 20 November 2012 - 01:46
Мен сизди абдан сагындым, сизди кандай жакшы корорумду билесизби? Суйом сизди, билем сиз да мени суйосуз. Сиздин мага жасаган мамилениз, мени сыйлаганыныз,
эркелеткениниз мага жагат. Мен сизди сыйлайм, мен сиз менен гана бирге болушту каалайм. Суйом сизди Т.......к!
futureDoctor
#1860 20 November 2012 - 18:06
Монолог,
мен сага бүгүн арманымы эмес, кубанычымы тең бөлүшөюн деп келдим. Армандарды уга берип, жүрөгүң букка толгондур ээ? Мен кечээ кечинде жумушуман чыгып үйгө келе жатсам, ханзаадам звонок кылды. Көргөн көзүмө ишенбей, колдоруму калтырак басып, телефонду алганча шаштым. Мага ханзаадам сюрприз кылып, мага келген экен. ЦУМдун жанында күтүп турам деди, алдын ишенбедим. Бирок ар бир кадамым арышталбай,
жеткенче, мээме канчалаган ойлор келип кетти. Айткан жерге жетип барсам, букет гүлүн кармап, зонтикчен турган экен. Эх ошондогу абалымды билесиңби? Бүгүн да бетимдин албырганы кетпей, өзүмчө эле бактылуумун.
Мага бир күн убактысын ажыратып, мага жолукканы атайын келген экен. Бир кафеге кирип көпкө сүйлөшүп отурдук. А мен ага болгон жаңылыгымы айттым, ал күлүп, бир гана менин түнт мүнөзүмө сенин гана чыдаарыңа ишенип жеттим, сени көпкө сынадым, сыныман сынбадың, аз күт, келем жакшы жаңылыгым менен келем деди. Кафенин кожоюну кафени жапканы жатам, иш убактыбыз түгөндү дегиче, божурашып убакыттын кандай өткөнүн билбей калыппыз. Ошентип ак карлуу кечте, бирге басып, таңды чогуу тостук. Аны самолетуна салып коюп, жумушума кайтып келдим. Ага деген ишеничим жүрөгүмдө урагыс болуп орногондой.
Мен аны күтөөрүмдү айттым. Кандай жакшы жаңылык бекен, мага кандай жакшы жаңылыгы менен келиши мүмкүн, эми күндө ошол ой менен алекмин.
Ханзаадам,
менин жүрөгүмдөсүң!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















