Суперстан: Кутуусуз жолугушуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кутуусуз жолугушуу Гулбайра Турумова

#101 Пользователь офлайн   aelinaaa   09 Ноябрь 2012 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Керис туура эле уйуно жоноду,ал келгенде Бакир менен Сейилкан уйдо чай ичип отурган:
-Асалоом Алейкум ата!-деп жайдары кирди Керим.
-Алеки салам,келдинби балам?
-Садага болоюн,аман- эсен келдинби?-Сейилкан уулун чекесинен,мойнунан жыттап учурашты.Керим Бегимжанды коро алба бир аз отуруп торкунуно кеткен го деген ойдо сурады:
-Бегимжан бир жакка кеткенби апа?
-Ал келип эле кайра кеткен ооруп атам деп аткан,барсам уй кулпулануу, эки барып таппай келдим.
-Эмнеге мен келгенче уйдо бол дебедим беле?
-Билбейм балам,озу билет да,урушпай эле кой,кош бойлуу немени капа кылба.
-Эмнеге келип эле кетип калат,биякта бол дегем,бир айдан бери жалгыз эмне кылып журот?-Керимди кызганыч бийлеп кетти,-Мен анда кеттим,биякта деп кайрылбай эле баса бергем,-деп ордунан турганда Бакир аны отургузду:
-Барасында,бугун эс алып тамак ичип кет,уйдо да кайда бармак эле,кудагыйдыкына барса келмек.
-Ошент садага,бугун биерде кал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   aelinaaa   09 Ноябрь 2012 - 13:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Кызык аны мен биерде десе келип кетип калганын кара,- деген Керим кыжаалат болуп жатты.Ата-энесин созун кыялбай ал куну калып калды.Эртеси эрте чыгып районго келип уйдун ачкычын бузуп кирди.Уй ичи ангырап баары чачылган,ичилген тамактардын калдыктары катып уйдун ичи жыттанып кетиптир.Эшикти ачып терезени ачып шамалдатмак болду:Бул соо эмес,кайда кетип калды,ата-энесине кетсе айтып кетпейби,уйду жыйнап койбойбу деп ойлонуп парданы эки жакка ача берип саргацган баракты корду.Терезеде туруп саргайган баракты алып окуп кирди:„Мени издебе,издесен олдубу деп корустондон изде,тируумун бирок олгонго барабармын, мени кечир!”деп кыскача жазылган катты окуп нес болуп туруп калды:„Ал эмнеси,эмнеге минтти,эгер мени суйбосо ачык айтып кетсе болбойбу,жо- ок муну биро буздубу,кантип эле бузула коймок беле,жон эле кеткиси келген окшойт,оз убалы озунодеп шалдырай отуруп калды.Кубанып келип жарын кучагына кысам деген ою тескерисинен чыкканга жини келди.Жаны жай албай кыжаалат болуп тынчы кетип Исманга жоноду.Туз эле кирип келди.
-Исман аке,Бегимжанды шоопурунуз жеткирди беле?-деди кирип эле.
-Эмне болду,шоопур жеткирген,-Исман кыйыта карап билмексен болуп сурады.
-Ал уйго барып эле баса бериптир,биерде дагы жок,сиздердикине барган жок беле?
-Мен жокто барбаса биилбейм,жененденсурап корчу.
-Макул,-Далбастай шашыла чыга кетти,анын абалын сезип туруп мыйыгынан жылмайып алды:Сен аны таба албайсын,жакында кеткени турам жытын искесен таппайсын,далбастай бер бечара деп ойлонуп копко отурду. Ошол куну Бегимжанга кат жаздырды да ата-энесине жонотуп ийди.Ал каттын мааниси мындайча эле...
-„Саламатсыздарбы ата-апа,мени кечиргиле,мен Керимди суйбойм ушуга чейин аран чыдап журдум”силер дагы мени жашоого турттунор,эми мен чыдай албайм,оз калоом менен суйгонумо тийип алдым.Керим келсе биз билбейбиз келген жок деп койгула.Ата- апа меи силер кечирбейсинер, ошентсе да кечирим сурайм,деп кызынар Бегимжан”! деп кыска гана билдируу кылып коюптур.
-Керим кайнатасынын уйуно туштон кийин жетти.Ал кирип учурашкандан кийин эле.
-Бегимжан келген жокпу?-деди
-Жок ал кайда эле?
-Мен бир айлык курска барып келдим.Бегимжанды уйго барып тур,мен келгенде келесин дегем,келсем райондо да уйдо да жок.
-Эмнеге ботом?Умсун чоочулай карады.
-Мен кетип жатканда жакшынакай эле коштошконбуз, озу жонотуп калган,-деп баракты берди да жоноп кетти.Уйго келгенде апасы:
-Анда кайда бармак эле,бир айдан бери сен уйдо жок болсон,же кудаларга барбаса кайда журот?
-Билбейм,-Ашыкча соз айтпай ункуйуп уч кун жатты.Эртен дем алыш деген куну алардын уйуно Умсун озу келди да болгонун айтып кечирим сурап:
-Кечирип койгула куда кудагый,баланын озун туусан да кыял жооругун кошо туубайт экенсин,Кабылбек экообуздун арам оюбуз жок эле,туболук куда-кудагыйдан болобуз деген элек,ойдогудай болбой калды,атасынын кан басымы которулуп жиндеп жатат,-деди.
-Капырай суйбосо ичи койнубузга кирбей ошондо эле кетсе болмок экен.Бегимжандан мындайды куткон жок элек,-Сейилкан ачуусу келе кызуулана суйлоду,-Жок дегенде балабызды тороп берип кетпейби,эми ал баланы биздики деп оозун ачпасын!
-Апа,кереги жок,эчтеке дебениз балким ал калп айтып жургондур,адамды алдаган аялдын колунан баары келет,-Керим ызалуу унчукту,-Мен Бегимжанды аялым болгон деп эсептебей да калдым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   aelinaaa   09 Ноябрь 2012 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Мейли балам кандай айтсан да жарашат,ал ошого ылайык,айланайын куда,каргай корбогуло! -Умсун ушинтти да ордунан туруп жоноду,аны узатып эч кимиси чыкпады,учоо уч жерде бозоруп суйлогонго жарабай отуруп калышты.
-Силер кылбасанар мындай болмок эмес,озум каалаган кызды жоготуп алдым,мына баланарга бакыт тилегенинер!
-Садага болоюн десе,андай арамы бар экенин кайдан билдик,башындын амандыгы биздин ырыскыбыз айланайын,эми озун бил,-Сейилкан куноолудой унчуккан менен дилинде каргап-шилеп жатты.
-Эми мага Жибек болмок беле,балким куйоого тийип кеткендир,менин тагдырымды талкаладынар! -Ары карап кункулдоп жатканда Бакир:
-Ошол эси жок катын учун сенин тагдырын талкаланып кеттиби,али жашсын,сендейимде мен экинчи аялымды алганмын! -деп купулдой ачуулана этегин кагына сыртка чыгып баратып,суйлонуп жатты,-Кысталактын айтканын кара,талкаланып кеткенин,бир катын учун сабырынан кетип калганын кара!
-Керим садага кетейин бирдеме ичип алсан боло,эртен жумушуна барасын,бир жаман эси жок аял учун озунду тушуро бербе кагылайын,ооруп каласын,-эне уулуна чебелектеп жатты.Керим апасына эчтеке дебеди,аяп турду:„Байкуш апам сенде эмне айып омур бою балан учун куйпоолоктоп отосун го”деп ойлонуп ойдо болду да астына койгон тамагын ичип кайра жатты.Замира менен Дамира келип кетип жатышты.Алар эмне демек,экоо суйлошуп алып Кабылбектикине барды да:
-Кызынар инибизди таштап басып кеткени учун кеткен чыгымды толоп бергиле,куноо бизде эмес,болбосо кызынарды тапкыла,сотко беребиз,-деп Замира айтты.
-Шылдындап кетип калган учун закон бар,жооп берсин таап бергиле,уятынан баш которо албай отурат,ошое учун инимдин адамдык укугун коргой алабыз,боюндагы бала менен эрге тийип кеткени да куноо,-Дамира дагы жинденип жатиы,-Биз Керим учун баарын жасайбыз,дарегин бергиле милиция озу таап алат.
-Ээ айланайын,дарегин жазбаптыр дагы,кат эле берип ийиптир,кайдан табабыз?-Умсун куноолудой жооп айтканда Замира:
-Кандай билбейсинер, кызынардан кайра кайра калын жеп онуп калдынарбы, колубузга тийсе кызынарды элдин козунчо шерменде кылып жыланачтап тытып салам,-деди.
-Ой кудачалар,бергенинерди алып кеткиле,дегеле кулак тынчысынp-Кабылбек ушинткен де Замира менен Дамира бирин бири карап Дамира:
-Таш койгон ташын кыш койгон кышын алат имиш,биз бергенибизди алабыз,силер бергенинерди жуктоп алгыла,анан дагы инимди жер каратып кеткени учун оз жазасын алып айып толотобуз Бегимжанга, аял башы менен инимдин инимдин башын аттап эрге тийе качканы учун.
-Биз албайбыз,берген жылкылар менен уйду азыр жетелеп кеткиле,ырас кызыбыз учун биз куноодлубуз, айыпты озуно тарттыра бергиле!-деген Кабылбек короосуна кирип жылкы менен уйду жетелеп чыкты,-силердин куйгонунорчо дагы бар,эси жок кыз учун эл караган бетим жер карап отурам,-деп тескери басып кетти.Замиралар экоону жетелеп атасынын уйуно келгенде Бакир ормоё карап калды.
-Озу чанып кеткендиги учун айыбын тартсын да ата,чабылып чачылып кала бермек белек,-дегенде Бакир:
-Уятынар барбы деги,эмнеге бей жооп барып талаштынар? -деп ачууланды эки кызына.
-Керимди жер каратып кеткен кызын таап берсин болбосо,сотко беребиз,боюндагы баланы эми биз кабыл албайбыз.
-Келжиребей жеткирип бергиле!
-Кызын таап бермейин бербейбиз,ата биз намысыбызды талап кылдык,анын эмнеси жаман?-Бакир унчукпай басып кетти.Керим уйдо жок эле,ал жумушу менен алектенип кетти.Журогу менен суйбогонго анча деле болгон жок,болгону озун бираз ынгайсыз сезип элден тартынып журду:„Мейли жашап кетем деп ойлодум эле,мен консом да ал коно албаптыр,ушундайда туура эле кылды,балким суйгону жолугуп калып алып кеткендир,куноолобойт элем го,ачык айтып кетсе болбойбу”,деп ойлонуп кыжаалат.Арадан он чакты кун откондо Исман аны чакырып алып:
-Эмне болду келин баладан кабар барбы?-деди сынай.
-Жок,менин ага башым да оорубайт,атамдардын конулун кыя албай эле ага уйлонгонмун, бакыт издеп кеткен болсо тилегине жетсин,-деди Керим.
-Аз-замат уко,эркек экенсин,чынында андай аялга баш оорутуп болбойт,намысын бар экен.
-Боюнда бар эле,ошондон гана кабатырдамын, же меники эмес же куйоосу кабыл албай ортодо бала кыйналат го бир кезде.
-Эми коросун да,сен дагы уйлонуп ал,озу кеткен озу куноолуу,-Исман эмне дээр экен деп кутуп калды.
-Уйлонуу шарт,бирок байкабай шашып уйлонгондо эмне азырынча иштей берейин,анда мен кеттим,башка созун жокпу?-Керим аны тике карап калганда Исман шашкалактап кетти,мурда кийин мындай болчу эмес эле.
-Мм жок-жок жумушуна бара бер!
-Рахмат деп чыгып кеткенде Исман ох деп эс ала тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   09 Ноябрь 2012 - 16:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

ulandicin kachan jazasiz.aiabai kizik jerine keliptir
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Elit   11 Ноябрь 2012 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

9нан бери жаза элексин го?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   aelinaaa   12 Ноябрь 2012 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Elit (11 Ноябрь 2012 - 18:24) жазган:

9нан бери жаза элексин го?

Эртен жазами,куттургонум учун кечиресинер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   aelinaaa   12 Ноябрь 2012 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Бегимжанды катуу суйгон менен жашырынып уурунун жашоосун откоруп жатканына туйшолуп жургон,аялы болсо жумуштан кеч келеби,келбей калабы баягыдай албууттанып урушпай качан болсо жадырап-жайнап тосуп алат,жадагалса келбей калганынын себебин да сурабайт,ансайын жинденип ичинен тынат.Эгер чыр чыгарса эле ажырашмак болгон оюн билип алгандай зымпыят дв турат.Эки жума бою уйуно келбей коюп бир куну кечинде келди:
-Чарчадын го,тамагынды ичип алып жатып эс ал,-Зайнаш ушинтип ага жылмая карап костюмун чечип уй халатын алып келди эле жарылып кете жаздады:
-Эмне унчукпайсын, кайда журдун,эмнеге келбей калдын деп сурабайсынбы, же оозунду тойноп алдынбы?!
-Сага эмне болду,баарын тушунуп турам,жумушун жоопкерчиликтуу, эмнеге сурамак элем,эс алчы,-деп жай айтканда ого бетер бакырды:
-Аз кун мурун эле заарынды чачып ажылдап турчу эмес белен,кандай эле момун болуп калдын,сура уруш мени!
-Кой эми атасы,бир эки жолу суйлоп койгонумду кек сактаба.Сендей абройлуу куйоом турганда менин эмне камым бар,мындан ары сурабайм,балдар чоноюп калды,алар укса капаланып журбосун,чоноюп калбадыбы шеф.
-Шеф деп койгонун кара мунун,мен сага шеф эмесмин,уруш кыйкыр!-деп коюп кайраб чыгып кетти.Зайнаш унчукпай мелтиреп олтуруп калды.Ал Кримдин аялы кетип калганын уга элек болчу,телмире ойлуу столго жолоно:Эркекке кандай болгондо жагат аялдар,камкор аялдагы жакпаса,ажылдаак да жакпаса деп унсуз жашын куюлтуп отуруп калды.Исман кыжаалат болуп Бегимжанга келди,ал баягыдай ага конуп ,эркелеп ар келген сайын алып келген белегине ыраазы болуп ушуну гана энсеп жургондой баарына кайыл болуп баштады.Сабыры суз келген Исманды коруп босогодон эле мойнуна асылды:
-Эмнеге капасын ишинде бирдеме болдубу?
-Жок эркем эчтеке болгон жок,ачыкка чыгып калсак ата-энем эмне деер экен деп кыжаалаттамын. Атам билсе балалыктан кечип таштайт,сырын жакшы билем,-деп озун тушкон бироо болсо мен соттолуп кетишим мумкун,сен убактылуу ата-энендикине барып турсан жакшы болот эле,жакында алыскы райондордун бирине которушун суранып жатам,сен мени тушун,-деди сабыры суз.
-Кантип барам куйоон кана десе эмне дейм?
-Мени шопурум жеткирет кайра бир жумадан кийин алып келет.Менин изиме бироолор тушкон имиш,келип калса сен корунбошун керек,бул уйду эс алыш учун гана жашап жаткан болои.
-Макул,-Конулсуз ун катты,-Озун барасынбы?
-Шоопур барат,-Исман бир боо акча берди,-Муну ата-энене бер,куйоом кызматчы,озу келе албай калды,ата-энеси жок жетим осуптур дегин макулбу?
-Макул,-деген бойдон ундободу,Исман ушул кезде озишинен четтеп калуудан коркуп калган:„Туура эмес кылгам экем,суйуу деп оз башымды азапка салдым,бул жашырын азап ачыкка чыгып калса мындан откон кордук жоктур.Сулуу аял азгырык деген чын туура,коптун бириндей бир жатып таштап койсом болмок экен”деген ой да келди.Бирок Бегимжандан айрылгысы келбей турду.Тун катып шоопурун чакыртып кошуп бермек болду,бирок анданконулу тынбай „Ал Керимди да тааныйт,озунду билген жакын адамдан откон душман жок,бирде болбосо бирде айтып коюшу мумкун,андан коро озум жеткирип келейин”деген чечимге келип танга маал жолго чыгышты.Уйдун жанына келгенде Бегимжанды тушуруп озу кетип калды.Тан эрте кирип келген кызын эшикте жургон Кабылбек коруп ундобой кирип кетти.Бегимжан дагы уйго кирууго даай албай туруп калганда Умсун чыга калды:
-Апа мени кечиргиле! -ыйлап ийди.
-Уйго атиап кирбе,кана тийген эрин,коргон эл эмне дейт?
-Апа,мени куубачы,уйго кирип тушундуруп береп,алар еклишет,мен болбой баса бердим,жеткирип келди,бир жумадан кийин келишет.
-Ошондо киресин,азыр кет артына!
-Апа,мени кечир,кудай жалгагыр уйго кирейинчи?-Жерге чок тушуп алып буркурап жатканда эне чыдай албай кетти,бирок али ачуусу кете элек эринен коркту.
-Кир уйго!-деген Кабылбектин уну чыкканда экоо тен делде карап калды,-Эмне жалдырайсынар?
-Журу деген Умсун кызына карап коюп уйго баштады,эч кимиси ун катпай калды,тээ коптон кийин гана Кабылбек.
-Суйло,-деди Бегимжанды карабай туруп,-Олтурбой кыйнадын го,ата-эненин намысын ойлобосон да озундун келечегинди ойлосон болбойбу,жузунду карайтып эр башын аттап кеткенин эмнен?
-Ата,ал райондун торагасынын жардамчысы, озу жетим,сиздерге келе албай калганына кечирим сурады,-Бегимжан бир боо акчаны ортого койду,-Бир жумадан кийин келет.
-Кайсы райондо?
-Коншу райондо.
-Ишенсе болобу?-Кабылбек эми гана кызына конул боло карады,кийген кийими баалуу,колдорунда алтын шакектер,кулагындакоздуу иймек,кыскасы кызынын жузунон бактыны сезгендей болду корунот,-Кийин окунуп калбасан болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   aelinaaa   12 Ноябрь 2012 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Керим осо турган жигит,анын жигиттик ар намысын тебелеп кеттин,осорундо нааразы кылбай кетишин керек болчу.
-Апа...
-Болду,суйлоп актанганда не пайда,сенин айындан элдин бетин карай албай калдык.Эшиктин алдына келип калгандан кийин козго корунуп койбойбу,андай суйом куйом деп ээрчип эрине карабай кеткенден кийин сенин бетинди ачпайбы?
-Келет ата,кечир мени...
-Кечиргенде эмне кызым,ата-эне оз баласын кечип кете албайт,канча ойлондум бирок кечип коюга журогум чыдабады,дитим барбады кызым,ит кучугун кыя албайт,адам кантип оз баласын кыйып коет,озун бактылуу болсон болду,-Кабылбек унчукпай калды.Умсун ун каткан жок,ал кызынын ар бир созуно ишенди журогу жылып,Керимден да чон кызматтагы адамга тийгенине кубанып сыртына чыгарбады,тек бир нерсени сезгендей кыжаалат сезимдин кучагында телмирди.Бегимжан болгон сырын ачык айта албады,эмне демек,мени зордук менен кармап отурат демекпи,мен Керимди гана суйчумун дейби,жок анте албайт эле,алсыздыгына ичинен тутоп жатып алып туну менен боздоп ыйлап чыкты.Исманды тушунду,анткени атасына аны айтса жакшы билмек ,дароо озун кубалап чыгып же жыга чабуудан кайра тартмак эмес.Бир жума ал учун бир айдай сезилип чыдамсыздык менен кутуп жатты.Озунун киндик каны тамган ,осуп онгон уйуно батпай калганын сезди.Журогу сыздап Исманды комокойунон каргап,жек коруп кетип жатты.Дем алыш куну кечинде уйдон алысыраак машина токтоду дагы белги берди.Бегимжан шашыла кийине салып сыптка чыктыда машинага тушуп коштошпой чыгып кетти.Бул жолу да Кабылбек менен Умсун ичтен сыза бири-биринен коздорун ала качып унсуз отурду.
-Исман озун таныштыра албайт болчу,анткени аны райондун адамдары танымак,жашыруун сырын ачыкка чыгара албай айласы куруп калды.Мындан ашык чыдай алмак эмес,областка кайра кайра иш ордун которууну суранып бара баштады,ал ошентип жургондо Керим анын уйуно барып калды.Исман уйдо жок болчу аны коруп женеси жакшы тосуп алды:
-Кел Керим,кандай иштер жакшыбы?
-Келдим жене акем келе элекпи?
-Акен иштери коптугунон уйду да таныбай калса керек?-Кулуп калды.
-Ошончолук эле алыстап кеттиби?
-Ой билбейм,бир жоголсо эки уч жумалап келбейт,башка районго торага болуп кетет окшойм деп жаткан,качан кетет билбейм,бу Бегимжан таптакыр эле келбей калды да,уйдо элеби?
-Сиз аны уга элексизби?
-Эмне болду эле?-Зайнаш чоочуп кетти,-Эмнени угам уйдон чыкпасам.
-Ал суйгонун таап кетип калыптыр жене,мен бир айга курстук окууга кеткенде кетиптир.
-Кызык го,экоонордун мамиленер жакшы эмес беле?-Зайнаш ишене бербей тангала Керимди суроолуу карады.
-Билбейм,озум да тушунбой калдым,мени суйом деп эле турчу,анан записка таштап кетип калыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   12 Ноябрь 2012 - 15:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

aelina mincha azdan jazip jatasiz kooburokton ele jazinizchi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   nazel   12 Ноябрь 2012 - 16:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 11 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 19:17

erte jazynyzchy suranam Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   aelinaaa   12 Ноябрь 2012 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Ошондой де...
-Исман аке айтпадыбы?
-Ал уйго бир айда бир келсе кайдан айтмак эле,бир жолу жашаган уйунорго барып таппай келгенмин,ошол бойдон кол бошобой эле...
-Жене анда мен барайын,Исман акеге кенен кесири бир жолугуп суйлошойун дегем,озу жок тура.
-Отур чай-пай ичип чык,акен болбосо мен турам,эмне болоу-ботон белен?-Зайеаш стол устун жайнатып баарын коюп даяр тамагын аоып келип сыйлап отурду,-Келип кетип тур,мен чынында акен чече турганды чече албайм дечи,бирок келсен тосуп алып сыйлаганга жарайм,-Кулуп калышты.
-Сиз деле бутурчу ишти бутуро бериниз да,кээ бир аялдар уйдон эле бутуруп коюшат го,сизге Исман аке андайды уйроткон жок беле?
-Ой ошону башынан башташ керек тура,ал креслодо отурса уйдон аялы бутургондор бар мен уйронбоптурмун.
-Ошонунуз деле жакшы,куйоосу кызматта,аялы приказда дедирбей,белек бечкекти алып чалкалап куйоосуно телефон чалып,баланча барат жакшылап орноштуруп кой деп турса ал кызматчынын кадыры кетип,кызмат коздогондун баары аялына жугуруп калат экен.
-Ооба десен,аял деген аялдык милдетин билгени жакшы.
-Эстуу аялы бар Исман акем бактылуу экен,ошол учун осуп жатат да?
-Мактаганына рахмат кайним акен келсе келди деп коём,жон деле келип кетип тур,-Зайнаш Керимди узатып кайра кирди:Эси жок келин тура,боюмда бар дебеди беле,же жон эле айтты бекен,суйгону кайдан чыга калды,бечарага кыйын болгон тура,эрдин кусуру урса дечу эле деп ойлонуп отурганда Исман келип келип калды:
-Кийимдеримди берчи,бир жумага Фрунзеге кетип жатам деп жароо эле айтканда Зайнаш аны тандана карады.
-Кочук басып чыксан боло,-уйдон жыоан чыга элекpбалдарындын да корбогонуно коп болду,мында менден сурап жатышат.
-Балдар кайда бармак эле,тундор кетиш керек,эртен кабыл алуу да болушум абзел!
-Мейли эми,даам сызып чык,-дегенде ал бакырып жиберди:
-Акылдуусунбай бол эрте!-Зайнаш анын даяр кийимдерин бере салды да:Бул соо эмес деп телмире отуруп калды.


-Жибек Сйкал эне менен жашап иштеп журду.Бир жарым жылдан кийин ал районго барып которулууну отунду эле ал болбой койду.Кемел Сабырбекович ага кээде козун кылгырта тийишип калчу болду.Бир куну кечке маал кенседе отурган.Директордун болмосу кулпулануу болчу.Жибек жалгыз калып кагаздарын карап жатканда ал келди:
-Оо Жибек сулуу,мынча кеч калыпсын ,бул убакта биерде болчу эмес элен го?
-Бир аз иштей турган иштер бар эле,буттум агай.
-Жибек токтой турчу,суйлошолу да.
-Эмнени суйлошобуз? -Ордунан тура калды Жибек.
-Чоочубай эле кой,отуруп мени укчу,-Кемел мандайына келип отурду,-Сен бизден кеткени жатасынбы?
-Моонотум бутсо озум каалаган жакка иштоого акым бар эмеспи?
-Туура, бирок бизде жаш кадрлар аз,жетишпей турганда балдардын келечеги учун сендей мугалимдер керек экенин унутпашын керек.
-Башкалар келет.
-Жибек,мен сени жактырып журом,коптон бери айта албай сенден тартынып...-деп колун колуна жеткирип кармамак болгондо:
-Тартыныз колунузду,мындай адепсиздигиниз учун партиялык чогулушка салам!-деп тура калмак болгондо ал тургузбай кармап калды.
-Болду,бироо жарым угуп калбасын ,бул соз ушул эле жерде калсын.
-Эгерде абийириниз тогулбосун десениз тынч журунуз!-деп Жибек туруп басып кетти.
-Да-да-аа,азо тайдай туйлаган картан кыз ,сени баары бир уйпалайм го,дегеле откурун кара,качанкыга ушинтип журо бермек элен,эрсирегенде озун жабышасын шашпа!-деп шыбырай кала берди Кемел.Жибек ыйлап жолдо баратты:„Эркектерди жек кором,бири суйом-куйом деп алдап кетти,бири аял-баласы турцп шакаба чеккиси бар,акмак десе,тапкан экен женил ойлуу кыздарды” деп кирип барып Сайкал энени коруп буркурап ыйлап ийди.
-Кызым эмне болду?-Сайкал эне аны кучактап туруп чачынан сылай мээримин того жубатты,-кой кызым,озунду чогоро бербе,жер устундо ошондой азап болот,женгени женип женилгени озун кармай албай калып жатпайбы?
-Эне-е энекебай,адамдар эмне мынча кара озгой,ичи арам болот,неге бироонун ички сезими менен ойношот,анан дагы кадырлуу орундарды коксошот?
-Пенде деген ошондой кызым,наристе кезинде гана таза,суттой аппак аруу,ак караны ажырата билгенден тартып баары озгорот.Бири адамгерчиликтен байлыкты,бийликти жогору корот.Бири мансапты ойдо корот,пенде кубулма келет,таза бойдон калуу учун азап менен кордукту тартып акыйкат издеп журуп отуп кетет,бул дуйнодо акыйкат деген жок кызым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   aelinaaa   12 Ноябрь 2012 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

-Сайкал эне ушкуруно Жибекти колтуктай отургузду,-Капаланба кызым,озунду кыйнай бербе,кардын ачкандыр,тамагынды ич,Акбар экообуз сени кутуп атып ичип алдык.
-Акбар уктадыбы?-Соороно коз жашын сурто энени карады.
-Ооба,колоком тамтандап жаны тынбайт,кечке эшикке суйрой берет,кочодо эле журчу болдук,-Эне кубана небереси жонундо суйлосо созу тугонбой отурду,-апа жуй эле дей берет.
-Тили чыгып баратат ээ эне,дагы бир-эки айда так суйлоп калат,иий баса оюнчук албадым беле?-Жибек сумкасынан кичинекей машинаны алып чыкты,-Муну беринизчи,мен эрте кетип кеч келип сагынып да калчу болдум,-деп Акбар жакка басып калды.Болмонун ичи жарык болуп аппапак шоола баланын жузундо чагылышып тургае экен.Наристе негедир кулумсуроп жатты,жаап коюп откондогу озуно корунгон элести эстей дубалга жолоно туруп калды...
Жибек башын которо берип босогодо аппак солокотту коруп ордунан козголмок болуп туралбай тушу же ону экенин билбей карап тура берди,негедир коркуу сезими жок эле:„Сен кимсин?”деди ал акырын.„Мен периштемин, сен адамдар арасындагы адамгерчиликти таба албай кыйналып журосун,жашоодо актык жок эмес бар,болгону сен оз дилинди карайтпа,ишеним менен жашасан баарын женесин,чон бакыттын ээси болосун,бирок кеч келет ал сага,чыдашын керек”деди да тутун сымал созулуп барып жок болуп кетти.Ойгонуп кеткендей жаткан жеринен тура калды,терезеден тушкон айдын жарыгы болмо ичин жарык кылып турган.Ох деп алды да туруп жарыкты куйгузуп кайра жатып калды.
-Жибек сага эмне болду?-деген Сайкал эненин унун угуп селт эте оюнан адаша жолонуп турган жеринен козголо берди,-Акбар уктап жатабы?
-Мм,ооба эне,сонун уктап жатыптыр ойготкум келбеди,уйкусун бузганга дитим барбады бир ооп алайын дегем,-деп куло энени коздой басты.
-Мейли,мээнетинди алайын эркемуктай берсин,жаны аман болсо эле болду.
-Аман болсун эне,-Жибек Сайкал энени бир азга карап туруп-Эне деди,-Сиз баягыдан аябай жашарып кеттиниз озунуз байкадынызбы? -деп кулуп калды.
-Кайдан жашармак элем кызым,жетимиштен ашканда байлап койду дейсинби?
-Жо-ок эне,Акбар корунгондон бери конулунуз тынчыганга толуп да,жашарып да кеттиниз.
-Билбейм бирок буту колумдун ооруганы басылып женилденип калдым,байкаганын туурадыр,-Ойлуу- эми жаталы кызым,-деди Жибекке.
-Эне.
-Оов.
-Сиздин эле жанынызга жатайынчы?
-Эмнеге?
-Сйлошуп жатып уктайбыз да.
-Коркуп жатасынбв?
-Жо-ок,жалгыз жаткандан откон жаман нерсе жок окшойт,эрмектешебиз да,-Сайкал энени кучактай эркелегендей жылмайды,-Сиздин жанынызда жаткым келет,буйруса уч торт айдан кийин мен дагы кетем.
-Кетесинби?- деди Сайкал эне.
-Ооба, шаарга кетсемби дегем,айылдагы мугалимдердин тушунугу айылдык бойдон калат экен,балким жогоркуу окуу жайга суйлошуп иштесемби деп жатам.
-Ырас айтасын,айыл деген айыл,билимдуу менен билими жоктуньтушунугу болот.Фрунзеге кетсен жакшы,жашсын да билимдин артынан тушсон болот,келечек силердики кызым кой анда тошончунду алып келе кал!
-Алтын энем го,айылдан кетким келгени менен силерди таштай албай жатам,-Кулумсурой болмосуно кирип тошончулорун алып кайра келди.Ал чынында бир сырды билгиси келди.Бул бала ыйык экен демек мында бир сыр бар,балким ушул жонундо жазып чыгып иликтээрмин, мындай нерсени угуп журсом да коргон эмесмин,бул уйго келгени эки жолу кубо болдум ,кайып болуу Манастын уулу Семетейде бар,биз жашаган доордо болуп койбогон окуя,деп ойлонуп тункусун Акбарды карап жаткысы келди.
-Эртеси эрте эшиги такылдаганынан чыгып чоочун адамды корду Сайкал эне.
-Эне,Гулгаакы апа сизди чакырып жатат,тез келсин деди.
-Жон жай элеби?
-Билбейм баарып калыныз,-деп кете берди.Аны артынан карап туруп .Эмнеге чакырды, баланы кантем,деген ой менен уйго кирип Жибектин туруп жуунуп жатканын корду да:
-Жибек азыр кетесинби?- деди.
-Эне,бугун дем алыш эмеспи,уйдо болом.
-Жакшы болгон тура,Акбарды карай тур,Гулгаакы чакыртып ийиптир,барып келе калайын,-деди.
-Ии-ий ошо кишиге бир корунойун дедим эле.
-Мен айтам ,эгер колу бош болсо уйго чакырам,-Эне шашыла кийинди да жоноп кетти.Гулгаакы ооруп жаткан экен.Сайкалэне кирип барары менен жанындагы балдарын чыгып тургула дегендей болду.Алар чынып экоо ээн калгандан кийин алсыз унун чыгарды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   nazel   12 Ноябрь 2012 - 19:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 11 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 19:17

ulandysy barby kutup atam aityp koigulachyСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   gulas   12 Ноябрь 2012 - 22:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 27 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Уландысы качан болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   aelinaaa   13 Ноябрь 2012 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Сайкал,менин сага айтарым бар,эсине тутуп ал,мен муну сага айтпасам тынч кете албайм,Акбардын энеси да периште тукуму,сен жузду жашап уулунду уйлонтосун, арамдык жакпайт.Акбар коп балалуу болот,коп жашайт,адамдардын оору-сыркоосун сакайтат,тукуму кобойуп кадыр-барктуу адам болот.Эгер ага эчтекени айтпасан тескери жолго тушуп кетиши мумкун,сага эч белги берилбейт,анткени сен энендин боюнда экенинде ал башкага тийип кетип эки адамдын каны бар экен,мен Нурболотту тороткондон кийин киндик эне болгон жокмун,анткени мен ага чейин токсон тогуз аялды торотуп жузунчусу Нурболот болуптур.Жуз жылда бир кылым болот эмеспи,кылым алмашканда элдин жашоо турмушу озгорот,ошондо сен тороп жатканда периштелердин балага козу тушуп оздоруно ала кетмек болгон экен,жер устундо ыпластык адамдар адилетсиз.Бул бала периштелердин арасында жашашы керек дешип алып кетишкенин мен коруп билип журдум.Ошо Нурболотту тороткондон кийин мен азапта калдым,кимдин оло турганын алдын ала билип кыйналып журо берем.Эн азаптуусу куйоомдун олорун бир ай мурун билгеним болду,-Гулгаакы оор курсунуп алды,-Коп суйлогонго кубатым жетпейт,эми менин айтаарым колундан келсе адамдарга тазалыкты,чынчылдыкты кор дунуйого кызыкпаганга уйрото жургонун жакшы,сага периштелер элуунун ортосундагыдай дем берди,бул сени жашартты дегеним.Эми кошкун Сайкал,а-аа баса сенин атындын да жакшы пайдасы тийди.Сайкал баатыр кыз да кайып болгон экен,-деп барып чарчагандай соолуп жатып калды,бир топтон кийин,-Сенин бир тууганын издоо салып журот,- деди.
-Гулгаакы чарчадынбы, козунду ашчы Гулгаакы! -Сайкал эне аны карысынан аста кармап силкилдеткенде козун бардап ача:
-Сайкал,уйуно бара бер,уйундогу кызга айтып кой,мага коруном деп журот,ал элууго чыкканча куйоого чыкпайт,бирок дили таза кыз экен.Бакыттан умут узбосун-деди да кайра козун жумду.Сайкал эне уйуно жоноду.Жол бою ар кайсыны ойлоп уйуно келди.
-Келип калдынызбы эне?
-Ооба, келдим кызым,Акбар ойгондубу?
-Жок,уктап жатат.
-Ии,-деп унчукпай калды.
-Чакырдынызбы?
-Ооруп жаткан тура,тошокто экен.
-Аа-а,Жибектин суусуна суй тушту.
-Кудай бак берсин садага,сен кетем десен бир капталым омурулуп онурайып баратат,колумдан келсе кетиргим жок.Бирок жумушун коп иштешин керек,-Экоо суйлошуп отуруп чай ичишип копко отурушту.Коп отпой эле кайрадан эшик такылдады.Бул жолу кабарга келген экен.Гулгаакынын олгонун айтты чабарман.Сайкал кейип кепчип кайра жоноду.Бери жактан эле унун чыгара кошок кошуп боз уйго кирди.Копко кошту,анан„олуктун бетин ачып жузунон сылады”.Бейишинди берсин Гулгаакы деп шыбырай отуруп калышты.Пенден тушкур,олум болгон жерде дагы,тойдо дагы бирдей создорду уланта берет эмеспи.Бир топ аял Сайкалды коруп бири-бирин чукуп шыбырап жатты.
-Ой, тим эле Сайкал жашарып кеткен тура,деги ой жок киши жакшы да,-деп бири шыпшындады.
-Санаасы жок сары сууга семирет дегени ошо да,жалгыз баласы аяксыз кеткени менен иши да жок тысырайып семирип кеткенин карасан.
-Байкуш,эмне кылсын,бироонун никесиз торолгон баласын багып алып дем байлап жургондур да?
-Ой ал чонойсо энеси чыгып колунан жулуп кетсе кантип байкуш?
-Койгулачы,бироону эмне кыласынар,силерден аш сурап жаткан жокпу,тынч койгула да,-деп четте баятан бери унчукпай отурган аял тыйды.Сайкал эне алардын шыбышына конул бурган да жок.Гулгаакы менен танышкан кезинен беркисин коз алдына келтирип жанында отурду.Ал куну кеч кайтты уйуно.Эртеси ал Гулгаакынын башына кийит илип ызаат сыйын жасады.Убакыт жетип жерге берип баш аягын жыйган уул кызы ыйлап сыктапкала беришти.Сайкал эне уч кун бою ошол жерде журду Жибек сабакка кетээрде гана келип баласын карап калды.
-Апа,апа чен туй,чен туй,Акбар чулдурап Сайкал энени турткулоду.
-Каралдым десе кайда баралы балам?-Уулун жетелей сыртка карап басты,-Кедендеген кебетенден садага.
-Апа,апа ана,анакей,- депсоомойун уй артындагы мал короо жакты коздой корсотуп колдон тарта берди.Уч торт жандыгы,эки уйу музоосу менен бар эле.Аякка баратып эле торпогунун жипке оролуп муунуп калганын коруп чоочуп кетти:
-Караан кун олуп кала жаздаган тура,ак жолтоюм десе,периштедей болуп белги бергенин кара,-деп торпогунун жибин чечип зорго эс алдырды,короого жибин алып бош киргизип койду,Акбар андан кийин эч нерседен капаарсыз ойноп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   aelinaaa   13 Ноябрь 2012 - 17:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Жаз келип жер кыртышы жашылдана чоп кылтайып калган кез.Эне Гулгаакынын айткандарын кайра-кайра эстеп унуталбай койду..Олбогондой оокаты бар,пенсиясы жетет,ашыкча чыгым болбогондон кийин анча кыйналбайт деле.Эми эне аябай тан калды,эки адамдын каны бар дегенге.Эсинде Сайкал бойго жеткенде апасы:„Кызым, сен эми баарын тушунуп калдын,айтпасам болбойт,эсине туйуп ал,сен боюмда бар кезде Мусаалыга келгенмин,атандын аты Турусбек,Ак- Суулук болот.Бир туугандарын бар дейт,мен Мусаалыдан торогон жокмун.Жалгызмын дебей бир туугандарынды таап катышып ал,деген эле.
-Бирок Сайкал эне оз атасын издемек тургай ойлогон да жок.Мусаалы озунун кызындай коруп эркелетип чонойтту.Сайкал куйоого чыга электе адегенде атасы,андан коп отпой апасы отуп кетти.Анан Калдар менен табышып калып турмушка чыгып кетти,анан апасынын создорун унутуп калган.Гулгаакынын бир тууганын издеп журот деп айтканы жадынан чыкпай:„Менин бир тууганымды кайда билди,мен эч кимге айтпасам,аты жонумду билбесе кантип табат”,деп ойлонуп алды.Сайкал эне Акбарды эрмек кылып кундун откону билинбей омурундо жакшылыктары коруп откондой конулу тазарып кокурогундо бир да окунуу,арман деген болбой жай жашоодо.Убакыт ото берди,Жибек баягыдан кийин озу жатпай алар менен бир болмодо жатат.Бирок ал атайын Акбарды андыган менен билбей уктап калат.Ошол учурда ага айылдык бир бала суйуусун арнап артынан тушуп калды.Жибек аны сынап коруу учун анча сыр бербеди,озу менен тен экен.Ойлонуп жигиттин турпатын коз алдына элестетип жатып козу илинип кетти,бир кезде кандайдыр бир шоокумдан ойгонуп кетти,козун ачып коргон козуно ишене албай келдээ карап турду.
Антекени баланын жанында аппак кийимчен элечек кийген аял отуруп алып сылап жатыптыр.Оозу кыбырап бирдемелерди суйлогондой болду.Коптон кийин анын уну угула баштады.Уктай гой уулум,адамдардын пейили тагдырын кабыл албп,кен пейил бол,колунда тамагы жок болсо да акыркы тамагынды болушуп жур,таза бол,ниетине жамандыкты жолотпо уулум,уктай гой дилин тазарсын,дилин тазарсы-ын,деп барып буткон боюн сылап барып жок болуп кетти.Эми ганва ойгонгондой баланы карады.Эч нерседен капарсыз уктап жаткан экен.Эмнеге бир ооз соз сурай албадым,жок жанына барып колун кармасам болот эле го,дал ушул жонундо диссертатция жазсам болчудай эле го,жо-ок эмкиде созсуз жанына барып колун кармап суйлошом деп ойгоо жатып танкы короздун кыйкырыгын угуп тан атып калганын билди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   13 Ноябрь 2012 - 18:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

aiabai kizik jerine kelip kalipciz.kalganinda kutomun.chidamcizdik menen.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   aelinaaa   13 Ноябрь 2012 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

-Жибек ойгондунбу?
-Ооба,-деген Жибек.
-Муштумдай камыр жууруй койчу кызым,жети токоч жасап коёюн.
-Макул эне,-Жибек туруп кийинди да бети колун жууп ун салып камыр жууруп кирди.Ангыча Акбар ойгонуп калды.Сайкал эне бала менен алек болуп жатты.Кун чыга токоч бышырып бутуп жаны дасторкон жайып,конок келчукдой устун толтуруп анан куран окуп бата кылышты.
-Садага кетейин десе,ылайым бактылуу бол садага,тилегине жет,-Сайкал эне Жибекти алкап отурду.
-Рахмат эне,сиздей болгон кайненем болсо кандай жакшы.
-Айланайын Акбарым экообуз ар дайым сенин бактылуу болушунду тилейбиз.
-Ошентип койсонузчу, мен дагы сиздерге ден-соолук тилеп ар дайым эстеп турам,келип кетип да турам.
-Эй кудай,жакпай жалаандан,бакпай баландан сакта,ушу жаман тентегимдин жанын аман коё гор!-копко кыбыранып отуруп анан Жибек экоо кир жуумак болду.


-Эн кызык жери Керим ошол эле айылда турат,алардын мектепте окууган баласы жоктугунан ал жакка барбайт,ошондуктан жакын журуп бири-бирин кормок тургай дайнын билбеди.Керим кээде районго кирип Жибектин аты жонун мектептердин мугалимдер тизмесинен каратмак болуп ойлогон менен иштери коптугунон алаксып кетет.Жибек кийинки кундору жумушуна баргандан заарканчу болду.Барчынбек кундо аны жумуштан келатканда тосуп алып уйуно узатып келет.
-Жибек мен сенден жооп кутуп журо беремби?
-Барчынбек мен турмушка чыкпайм,эгер чыксам качан эле айтпайт белем.
-Жо-ок,мен сени жакшы кором,эгер жооп бербесен ала качып алам,-Барчынбек Жибектин алдын тозду,-Жибек мени укчу,сен гул болсон мен аары болгум келет.
-Эмнеге?-Жибек кулкусу келе карады.
-Анткени сени бардык нерседен кызгана берем,конуп калган чымындан да кызганам,ошон учун сен гул болсон аары болуп ширенди соруп рахат алсам ээ?
-Чагып албайсынбы анан?
-Жок чакпайм,ооп турам,эгер корксон кополок болуп болуп жыттап турайын,-куло карап колунан кармамак болду.
-Кополок болсон гулдордун баарына коносун да?-кыткылыктап жарпы жазыла кулду.
-Сен мени кызганасынбы?
-Жо-ок ошонун кызганганы барбы,дегинкисин айтам да?
-Анда жанында эле журчу ынагын болсом кана,Жибек айтчы,мени жок дегенде тырмакты агындай жылуулук менен карайсынбы?
-Тааныш катары.
-Койчу Жибек,журогундон орун берчи кудай жалгагыр!
-Барчын, мен кечигип калдым иштерим коп,жолумду тоспочу,дагы ойлонуп коройун,сен анчалык шаштырба да,турмуш куруу оной эмес,терен ойлонуп чечишпесе болбойт.
-Куздо уйлон дешип кыйнап жатат,мейли ойлонсон ойлон,Барчынбек ойлуу коштошо ары басып кетти.Жибек башын жерге салып жай жол бою менен келе жатты.„Керим кайдасын,уйлонуп бактылуу жашап жатсан керек ээ,мен болсо сени унута албай жалгыз журом,омур билинбестен ото берет экен,сенден башка бир да адам журогумо жакпай азап ченип жашап келатам,сен мени эстейсинби, бир жолу ойлодун бекен,же бактылуулуктун кучагында магдырап унутуп калдынбы”, деп ойлуу келатса Сайкал эненин короосунан бир чоочун аял чыгып бараткан экен.Жбекти бир карап коюп жолуна тушту.Жибек уйго кирери менен эне аны кудундай карады.
-Кызым,менин сага жанылыгым бар,-деп кудундай кетти.
-Кандай жанылык эне?
-Отур,жайырак отурсан анан айтам,-деп болбой эде аны отургузууга аракеттенип шашкалактап жатты.Жибе сумкасын коюп кайра чыгып эненин жанына отуруп кулумсурой карады.
-Кулагым сизде.
-Кызым,сага куда тушмок болуп жатыптыр,сенин кандай кыз экенинди билгени келиптир!
-Коюнузчу ал ким экен,-Жибек кызыга сурады.
-Устунку кочодо жашайт,колунда бар кишилер,баласы деле жакшы бала.
-Баласы кайда ишткйт экен?
-Тиги-и свет текшерет.
-Аты ким,тааныйсызбы сиз?
-Тааныбай анан Барчынбек деген жигит,абданжакшы адамгерчиликтуу кичи пейил.
-Ой эне менин кетээримди айткан жоксузбу?-Жибек Сайкал энеден чоочулай сурады.
-Жоок аны айткан жокмун,аябай мактадым,сени жаныма турмушка чыкса деп журдум эле,буйрук болур Барчынга чыгып калсан катышып турабыз да кызым.
-Туура эне,аны тагдыр озу чечет го?-Жибек зынгырай ойлонуп калды,анын минтип ойлонуп калганына окунбой ичинен сызып калды,бир топко чеймн унсуз отуруп калышты.Сайкал эне Жибекти жал-жал карай акырын сурады:
-Жибек,сага менин созум жакпай калдыбы кызым?
-Жок-жок эне,кабатыр болбонуз,ойлоно турган иш да,ушу чашка чейин куйоого чыкпаган кыздарга эч адам жакпай калат окшойт,турмушка чыккым келбейт.Негедир озумду башка дуйнодо жургондой сезем,-Эне куло карап,-Сиз капа болбонуз эне,мен озумо ишене албайм.Коно албай кетип калсамчы,таптакыр жакпасачы,андан коро тийбей элекойгонум туура го?
-Ийи,айланайын десе,мени жаман коруп калдыбы деп журогум тупойул болуп кетпедиби?-Эне эс ала тушуп кулуп суйлоп андан кийин ар кайсыны айтып жатты.Эне-баладай бир пикирде кобурашып отура беришти.Акбар бллпоюп экоонун ортосунда ойноп отурат.
-Эне,эми дагы бироо келсе айтыныз,ал куйоодон чыккан неме экен,балана ылайык келбейт деп меаулбу?
-Апей ботом эмне учун?-Эне тангала карап туруп:„Чунак кыз,чын эле куйоодон чыкканбы,болбосо эмне куйоо десе качат”деп ойлоеуп кетти.
-Ошентип айтып койсонуз калышат жа,ошол Барчынбектин апасы мугалимдерден да сураштырып журуптур,эмиен мен жонундо билгиси келген аял кийин мага кандай кайнене болот?
-Капырай ошентиптирби?
-Ооба,сизге айтам деп унутуп калыптырмын ,менин туулган айлымды билсе коншу-колондон сурап билет элем деген оюн айтыптып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Aelita.atambaeva   13 Ноябрь 2012 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 25 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Окт 2013 02:25

дагыда болсо кутуп каламын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   age88   13 Ноябрь 2012 - 23:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 01 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 13:01
  • Жынысы:Аялзаты

кутуп жатам жаза калынчы эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 23:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: