Суперстан: Кутуусуз жолугушуу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кутуусуз жолугушуу Гулбайра Турумова

#141 Пользователь офлайн   sparkle   16 Ноябрь 2012 - 18:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

аябай уландыго сандан санга болуп. Кобуроок жазынызчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   aelinaaa   16 Ноябрь 2012 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Тушундо олгон киши коп жашайт кызым,сен коп жашасын,аяш атан дагы бар эми жатып уктай бер,биз женене барып бобокту коруп келели.
-Ма-акул,-Алина бултуя ички болмого кирип кетти.Эрмек ойлонуп калды,эшиктен кирген Ширин:
-Кеткенче тамкты жасап которуп алалы ,жаш торогон неме ичип алсын,-деди.
-Кызын туш кордум деп туруп алыптыр.
-Кана?
-Жатып укта деп киргиздим.
-Дегеле туш коро берет ушу кыз,коргон тушун унутпайт дагы.
-Бала да тушуну унутпаганы кызык.
-Эмне кызынды козу ачык бубу болот дегени турасынбы?-Ширин кулуп калды,-Ойноок неменин тушуно деле ктре берет да.
-Чарчап ойнойт кечке,анан кечинде уйкусу келип ургулоп тамагына кутпой жатып калат,тущш корот да.
-Кой мен тамагымды карайын,апам али тура элек го,чай бериш керек эле?
-Ойгонот да,карыган неме уктап калса керек,болбосо эрте туруп алчы эле.
-Мен ойгондубу коройунчу,-Ширин Сыргажан жаткан болмого кирсе ойгоо жатыптыр.Жибек кийинип алыптыр,-Ойгондунарбы, чай даяр,-Жибекке кайрылды,-Сен эмне кийинип алгансын?
-Кетем.
-Кайда?
-Жумушума барам,эртен окуу.
-Ой эртен деле эрте барсан жетишесин го.
-Бугун барып кийим кечемди даярдашым керек.
-Шашпа,туштон кийин чыгарсын,отуруп биз менен тамактан,-Ширин аны кетирбей койду,-Сени менен суйлошчу соз бар.
-Кызым айтканды угуп журсончу,женен кал дегенде калып эртен деле барасын,-Сыргажан кызына карап суйлоду,-Женен сага жамандык кылбайт.
-Угам апа,женемди укпай коём деп оло албай журуптурмунбу? -Жадырай куло карады,-женем алтындай киши ээ апа,так эле сиздин мунозунуздой.
-Кайнененин камырынан деп келини жакшы чыкса да жаман чыкса да айтып коюшат,келиним жакшы айланайын.
-Пейлиниз жакшы апа,ошого жараша келиндериниз да озунузго жакшы,кут болсунчу апаке,мен жуунуп келейин,-Жибек чыгып кетти.
-Апа,ушул жерге эле жуунуп алыныз,Ширин чоогун менен чылапчынды алып келип жуунтуп кайра чыкты.Анан уй ичин жыйып дасторкон жайды да тамак ашын алып келип алдын Сыргажанга куюп алдына коюшту,андан кийин катарынан тамактана баштады.Ал учурда эч кимиси суйлободу,эненин тамак ичкенин карап ,чай куюп онтолоп жатты Ширин.
-Апа биз эртен кетебиз,Гулира жаш баласы менен сени карай албай кыйналбасын, алып кетели сизди,-Эрмат дагы сурады.
-Жок балам,барбай эле коёюнчу.
-Апам барат,бир эки ай озум карап ден-соолугун да текшертип коёлу,-Ширин ушинткенде Сыргажан унчукпай калды.Эрмат менен Ширин торот уйуно барып Гулирага жолугуп баласын коруп анан кайтышты.Алар келгиче Жибек уйдо болду.Женем эмнени суйлошмок болду экен,дагы баягы куйоо таптым дейби,деги ушулардыкы отту,каалабасанда тий-тий деп жанды койбой коюшту,деп ойлонуп отурганда келип Жибекти бир карады да:
-Жибек мага жардам берчи,мен столду жылдырып шыпырып чыгайын дедим эле,-деди Жибек унчукпай анын жанына барды,-Кел отур,адегенде биз суйлошуп алалы да анан иш кылалы.
-Жене эмнени суйлошобуз?
-Соз бар,сен ушинтип эле журо берем дейсинби,эми жаш эмессин,мен бир жигитти таптым,ал сени жакшы билет экен,студент кезинде коруптур,-Ширин аны сынап жылмая караганда:
-Жене аты ким экен?-деп Жибек,коздору жайнап.
-Шабдан деген жигит.
-Аа-а,-Шаабайы сууй тушту.
-Абдан сонун жигит врач болуп иштейт,ата-энеси бардар,жакшы жер экен.Эрмат да жактырып калды.
-Жене бир корбогон жигитти кантип...
-Суротун ала келгем,-Суротту ага корсото берди.
-Жее кызыксыз го,суроттон адамдын ички сырын билууго болбойт да?-Жибек карабай койду.
-Эми бир карап койбойсунбу, коруп койгондон бирдеме болмок белен?
-Жок,жери-пери менен ишим да жок жене,мен куйоого тийбейм,-Ордунан туруп кетти.
-Жибек ,менин бир созумду угууга татыксызмынбы? -Ширин кайын синдисине таарынып ыйлап ийди,-мен бул уйго келгенде сербендеген кыз элен,апамда кийинки апан болуп калдым эле Жибек!-Жибек женесинин унунон пртына кылчайып ыйлап жатканын коруп жугуруп келип кучактап калды:
-Жене,женекебай мени кечирчи,мейли жок дегенде суротун коройун!
-Суротун корупозу менен суйлошуп коросун,алар бугун ата-энеси менен келет,акен экообуз атайын кам коро келгенбиз,союш союп жакшылап коноктогончо сен аны менен суйлошосун.
-Женее!
-Болду,конок камын корушубуз керек,кечке келип калышат.
-Ошон учун мент кетирбединизби? -Жижылмая сурады,-Эгер сиз болбогондо суйлошмок тургай корууну да каалабайт болчумун.
-Ыраазымын секелегим,мени сыйлаганына рахмат.
-Койчу жене,эмнеге мага рахмат айтышыныз керек,сизди угууга милдеттуумун, -Кучактап орп алды,-Менин алтын женекем го?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   zvezda...   16 Ноябрь 2012 - 21:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Мар 2013 01:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Красноярск

Мынча ааааз(((Aelinaaa сураныч кобурооктон жазчыы Сүрөт
Все люди приносят счастье.Одни своим присутствием, другие-отсутствием .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   gulas   17 Ноябрь 2012 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 27 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Унутуп калдыбы булжакты авторубуз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   aelinaaa   18 Ноябрь 2012 - 08:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения gulas (17 Ноябрь 2012 - 21:42) жазган:

Унутуп калдыбы булжакты авторубуз?

Унутканым жок иштер менен болуп кол бошобой калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   18 Ноябрь 2012 - 13:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

kachan jazasiz?kutup jatabiz
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   mili84   19 Ноябрь 2012 - 11:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

Мага Жибекта 50 чыкканда куйоого тиет дегени эле жаккан жок,картайганда бактылуу болот экен да ээ торой албай калганда эх..
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Садагам десе,сага жамандык каалабай калайын,ай-ий туш ооп кетти кокуй,конок уйду даярдайлы.Экоо арыдан бери уйду тазалап,дасторкон жайып устун толтуруп чайын самоорго кайнатып,коюн союп асып коюшту.Кеч кире баштаганда эки машина менен куткон коноктор келип калышты.Эрмат менен Ширин тосуп алып уйго баштап киришти да Сыргажанды адеми кийинтип,аппак чон жоолукту салып торго отургузуп коюшту.
-Кандай келиниздер, жолдо кыйналган жоксуздарбы? -Эрнис конокторго карай соз баштады.
-Жакшы,жакшы келдик,озунор тынчсынарбы? -Элмурат Доскулович Сыргажанга карады,-Эне жакшы жатасызбы,демдук- куулусузбу?
-Жакшы айланайын кудайга шугур,-Сыргажан ага жузун бура,-Ээ айланайын,жай жонунорду,кай элден,кай жерден экенинерди айта отургула,-деди салмактуу.
-Кечириниз эне,Эрмат айткан экен деп эле,-Элмурат кызара кулгон болду.
-Айткан башка,оз оозунардан уккан башка.
-Туура эне,мени кечириниз.Туптон болом,атым Элмурат,жанындагыларды таныштырып кирди,-бул менин жанымда отурган аялым Бермет,анын аары жагындагы уулум,тигилер бир тууган иним менен аялы.
-Жакшы ,илгеркилерден калган атынды айтпасан эр уялат деп,анын сынары келген жонунорду билейин,уулумдун досторун таанычуу элем чорчунсунарго?
-Конокко келдик эне...
-Ошонунар жакшы,адам менен адам дейт,жалгыз адам эмине кыла алат,сырдашаар досу да,жоолошор жоосу да жок жигиттин бары жогун ким билет?-Сыргажан унчукпай калды.Андан кийин бака-шака тушуп коноктор сый коруп жатты.Ширин акырын Шабданды чакырып алды,ага чейин Жибекконок уйго кирген эмес.Шабданды ымдап алып Жибектин болмосуно алып кирди.Жибеа мисирейе ойлуу отурган,алар киргенде тура калды:
-Саламатсызбы деди Шабдан.
-Саламатчылык.
-Силер таанышып суйлошуп тургула,мен конокторго кирейин,-Ширин кайра чыгып кетти.
-Менин атым Шабдан,-Шабдан жылмая.
-Жибек,- деди.
-Эмесе азтаанышып алдык окшойт.
-Ошондо.
-Иштериниз кандай?
-Жаман эмес..
-Жибек мен сени университетте эле коруп журчумун,таанышууга мококтук кылып койдум окшойт,ошондон бери ойлонуп жургом сени кайдан табам деп,издеп...
-Ийне жоготкондой издединизби?
-Жок ай,жоготкондой издедим.
-Айды жерден издесениз жанылышасыз.
-Жибек,эгер туура корсон суйлошуп туралы.
-Эмнени?
-Жолугушсак коробуз да.
-Убакыт деген дарыдай зарыл мен учун.
-Тапса болот го?
-Мен учун жолугушуу зарыл эмес.
-Жакшылап жооп берчи Жибек.
-Айтканым ошол!
-Ишеген жеринизге барайын.
-Жаш кыз эмесмин,жигитти шынаарлаткандай.
-Анан не кемпирсизби?
-Андан да отороок.
-Мындай деп ойлогон жок элем,жигитинизден конулунуз калган окшойт?
-Кандай ойлосонуз ошол!
-Демек конулунуз жок?
-Сездиниз.
-Макул Жибек озун билесин,жакшылап суйлошобуз го деп ойлогом,тескерисинче чыкты.Убактынды болгонун учун рахмат,-Ушинтти да Шабдан болмодон чыгып кетти.Жибек мелтирей отуруп калды.Жакшы болду,умуткор кылгандан коро узуп койгон жакшыраак,умутту алдагандан жаман нерсе жок болбосо керек,мен баари бир ага жар болуп бере албайм,деп ойлонуп отурганда Ширин кирип келди:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Жибек сен эми жаш бала эмессин го,эмнеге Шабдан менен адамча суйлошпой койдун,билсен ал абдан кадырлуу доктор,жакшы жигит,сени айтпадым беле,же картан кыз аталып журо бергин барбы,сенин багынды гана ойлогонубузду качан сезесин ыя?
-Жене?
-Жене дебе,сен бизди да озунду да сыйлайт албайт экенсин,апам сени качан куйоого тийип тынып-тынчыр экен деп журуп карыды.
-Эмне кылыш керек жене,журогум каалабаса эле тийе беремби,мени тушунсонор болбойбу деги,журогумр эч аим жакпайт!-Жибек бетин басып ыйлап жиберди,-куйоого тий дегиче ол дегилечи,мен учун онойурак болот эле.
-Кызга жигит соз айтат,таанышып суйлошот,анан бара-бара бирин-бири жактырып калышы мумкун,дароо эле жок дебей жолугуп суйлошсон болбойбу?Тагдырынды озун чечип омур бою ушинтип жалгыз откун барбы?-Ширин анын ыйлаганына карабай кондурууго аракет кылып жатты,-Эртен сени Шабдан жеткирет,ал биерде калат да сени менен суйлошот,жок десен баарынан кеч да барып ишинди кыла бер!-деп Ширин чыгып кетти.Жибек мелтирей отуруп калды.Мени жарга такап отурушканы эмнеси,менин буларга оор жугум тушпосо,тажатып уйлоруно барбасам,неге, эмнеге мени мынчаалык кыйнашат деп озунчо ойго батып турганда Эрмат анын жанына келип отуруп алып ийнинен озуно аста тартып кучактай чекесинен ооп:
-Карындашым, сен биздин жалгыз карындашыбызсын, сен учун биз кабатыр болобуз,качандыр бир кезде сен уй-булоо кутуп бактылуу жашасан биз кубанабыз,сени жалгыз калышынды жактырбайбыз, жашоо деген оз окумун жоктобой жцргузо берет да жыл откон сайын картаябыз,сен дагы... анан кеч болуп калат,окунгонун менен жакшы кундор кайрылбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   19 Ноябрь 2012 - 15:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

ulandicin kachan jazasuz?kutup jatabiz.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Аке,мени кечирчи,менин таптакыр куйоого чыккым жок!
-Эми озун бил, бирок Шабданды байкап кор,жаман жигит эмес,тагдырынды бир сынап кор Жибектай.
-Макул аке,байкап коройун.
-Алтыным секелегим десе,бизди эмес,озунду сыйла,озун сыйлай албаган озгону сыйлабайт деген соз бар го?-Эрмат Жибекти эркелете чачынан сылап чекесинен суйо чыгып кетти.Жибек ойлуу баарвна кайыл болуп турду:Озун сыйлабаган озгону сыйлабайт дедиби,чын эле мен озумду сыйлай албайт окшойм,каалабасамдагы куйоого чыгышым керек,деди ички сезиминде.Ошентип конок болмодо бака-шака болуп жатышты.Сыргажанды оз болмосуно алып чыгышты.Жибек коноктордун устуно кирген жок,апасынын жанына отуруп тамактанып озунчо сары санаага батып жатты.Эне бул жолу ундогон жок,ал ойлонуудан, санаа чегуудон чарчагандай бийик жаздык койдуруп алып кынкайып жатып алган.Туну менен отурган коноктор ыраазы болуп жатышты,Элмурат кызыгандан кийин:
-Эрмат,сыйына ыраазыбыз,эгер кан кудалардан болуп калсак сыйлашуубуз менден да артат куда кааласа,-Уулуна карап кана уулум,кызды жактырдынбы? -деди.
-Ата,баары жайында.
-Аз-замат,эмесе тойду кечиктирбешибиз керек,азыр биз жон гана Эрматтын коногубуз,минтип келгенибизди уккандарга жат корунот.Жибектин ишине да терс таасирин тийгизиши мумкун,ич арадпн бутуролу да келинди алып кетели,-деди Элмурат бакылдай.
-Кудай кошкон куда,пайгамбар кошкон дос болот дегендей буйрук болуп эки бала табышып калса сиздер менен ысык куда болобуз Элмурат аке.
-Туура бугу чейин жон гана иштешип журсок,эми андан да жакын болуп калдык,-деп Элмурат бакылдай берди.Тан аткыча конок болушуп анан жоношту.Шабдан калып калды,ал оз машинасы менен келген эле,эртеси эрте туруп Жибек камынып жономок болду эле.Ширин аны токтотуп Шабдандын машинасына салды.Унсуз отуруп Шабдандын жанында кетип жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   tashbu   19 Ноябрь 2012 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 17:55
  • Жынысы:Аялзаты

koopton jazunuz4u.biz kutup kalduk?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 17:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Жибек суйлой отур,-Шабдан аны аста карай ун катты.
-Эмнени суйлойм,сиз суйлонуз.
-Жигитин болгон беле?
-Болгон.
-Таштап кеттиби?
-Ооба.
-Окунучтуу, сиздей сулууну таштап кеткен жигиттин журогу таш го?
-?...
-Жибек ошол жигитти катуу суйгонсун го?
-Ошондой...
-Башкага конул койбодунузбу?
-Ооба,суйуу бир гана берилет эмеспи,журокту башкара албайсын да.
-Туура бирок башка бироонун да убалын ойлош керек го дейм?
-Мен азырынча башканы ойлой элекмин,балким. ..
-Жибек сабактан кийин жолугалы.
-Колум бошосо,-Жибек Сайкал эненин уйуно тушуп калмак болуп ошол жакка айдатып барып токтотуп тушуп жатканда Барчынбек ошол айланада жургон,коруп эле басып келди.
-Жибек майрам кандай отту.
-Жакшы,мен шашып жатам,сабагым бар эле,-деп короого кирип кетти.Барчынбек али кетпей турган машинаны коруп басып барды.
-Ас-салоому Алейкум!
-Алеки салам.
-Сиз кимиси болосуз?
-Кимдин?-Шабдан билип туруп билмексен болуп сурап койду,-А озунуз ким болосуз,таанышып алплы жигит,менин атым Шабдан.
-Барчынбек.
-Бул айылдансызбы?
-Ооба,сиз кайдан келдиниз?
-Мен шаардан.
-Аа-а таксистсизби?
-Жо-ок.
-Анда...
-Жибекти айтып атасызбы?
-Ооба,сиз анын куйоосузбу?
-Эмне?!
-Укканбыз,куйоодон чыкканын,сиз экенсиз го,демек Жибектин журогун оорутуп таштпп кеткен сизсиз да?-Барчынбек Шабданды кекетип киргенде:
-Тушунсом кудай урсун,Жибектин куйоого чыкканын кайдан уктунуз эле?
-Укпайт деп ушак айтпа дегендей угулбай коймок беле,андан коро Жибектен алыс жур,мен аны суйом,эрден эмес мин жолу чыкса дагы мен ага уйлоном!-дегенде Шабдан
-Эй жигит мындай тушундуруп айтчы,Жибек качан куйоого чыгыптыр?-деди токтоолук менен.
-Анын ууйоосу сиз эмессизби?
-Жок.
-Анда мага окшоп тузак тарткан немесиз го,анын ууйоого чыкканын укканда мен даны жаман болгонмун,анан ойлонуп корсом мен аны суйот экенмин.
-Жигит мындай тушундуруп айттчы,-ал качан куйоого тийип чыгыптыр?
-Билбейм элден уктум,ал мени менен суйлошкусукелбейт, экинчи жолу куйоого тийгенден коркот окшойт го?
-Кыз-зы-ык,куйоого тийип чыккан экен де,эмнеге мага бул жонундо айткан жок...-Ошол Жибек короодон чыгып турганын коруп токтой калды,-Жибек озу сага эмне деди?
-Мга эч нерсе деген жок,сурайын деген оюм да жок,мен аны суйоорумду гана ишендирип айталбай,жеткире албай журом.
-Барчынбек,мен аны студент кезден бери суйом,демек сен убара болбо,ал ошон учун сени менен суйлошкусу келбейт!
-Сени деле суйбойт ал,убараны сен тартып журбо!-баятан бери „сиз”дешип сый суйлошуп жаткан эки жигит эми тиреше калды.Жибек алардын жанына жетип келип:
-Эмне болуп жатасынар?Шабдан бул жерден кетип калчы,а сен Барчынбек экинси изимди басчу болбо!-Жибек, деди Шабдан ага,-Сен качан куйоого тийдин эле,эмнеге ад жонундо мага айткан жок эленер?!
-Эмне-е?-Жибек тангала карады,-Ким айтып журот?
-Барчынбектен уктум.
-Жибек жашырбай эле кой,мен сени куйоого тийип чыксан да суйом,сага уйлоном,-Барчын Жибекти колдон кармамак болгон до Шабдан аны кокурокко туртуп:
-Жибек мен сенден сурап жатам,эмнеге айткан жоксун?-деп унун бийик которо сурады.
-Куйоого?! -Жибек экоону алмак-салмак карады да каткырып ийди,-Торолорум менен уктунбу?-деп басып баратып озунун ойлоп тапканы ушунчалык болуп кетээрин билбей айтып алганына кулкусу келип мектепке баратып да кулкусун тыя албай кирди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   supeeri   19 Ноябрь 2012 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Байкуш Жибек :(
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   19 Ноябрь 2012 - 17:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

emi emne bolot eken a?kizik jerine alip kelip toktotup koiupcuzgo
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Аны коргон окуу болумунун башчысы:
-Оой Жибек,майрамдан кийинки маанайын абдан жакшы го,-деп карап калды.
-Саламатсызбы агай.
-Саламат,саламат кел кандай эс алуу конулдогудой оттубу,бир кун болсо да уйуно барып конулун тынып келдинби?-деди.
-Рахмат агай,озунуздор. ..-Жибек мугалимдер болмосуно кирип журналдарды карап оз журналын алып классына жоноду.Бирок эмелеки эки жигиттин создору анын жанын деле кейиткен жок.Мейли менден кача турган болушсун деп ойлогондо дагы жылмайып алып классына кирди...
-Бул кезде Шабдан менен Барчынбек бири-бири менен бир сыйра тирешип алды да кенешип алып Сайкал эненин уйуно киришти.Эшик такылдаганда чыга калган Сайкал эне:
-Келгиле балдар,ким керек?-деп Барчынбектин жанындагы сымбаттуу бейтаныш жигитти бушуркой карады.
-Эже Жибек ушунда турабы?-деди Шабдан.
-Ооба-ооба,азыр ал жок эле,мектепке кетти.
-Эне,сизден чындыкты сурамакпыз, мумкун болсо ичкери кирсек макулбу?
-Ки-кире койгула,-Эне аларды ичкери киргизди,-Эмне деген чындык экен балдарым?-Сайкал эне:„Баламдын жоголгону жонундо Жибек айтып койгон го,жазган эмелерден окшойт”-деп ойлоно тунжурай тушту,-Айта бергиле.
-Эне,Сайкал эне,сиз мени билесиз да,менин апам сизге келгенде Жибектин куйоого тийип чыкканын сиз айткан экенсиз туурабы?-деди Барчынбек.
-Ооба айтканым чындык,-дегенде эки жигит бири-бирин карап туруп калды.Ушулбу угарынар?
-Сайкал эне аны озу айтты беле?
-Оба,мен эмне жалган созду ойлоп тапты дейсинби айланайындар, Жибек озу айткан.
-Качан каяка чыккан экен?-Шабдан чыдабай сурап ийди.
-Анысын айткан жок.
-Эне... Эне эгер чындыкты билсениз жашырбанызчы, мага женеси ал жонундо айткпн эмес,андай болсо ачык айтмак,ойлонуп тапкан табылгасы болуп журбосун?
-Алда-а балдарым ай,карыганкезде мен дагы куноого батпайын,-деп босого жакты бир карап алды да,-Бул Жибектин созу,ал мени ошентип айтып коюнуз деген,ал эч качан куйоодон чыккан эмес,таптаза ,назик кыз,-деди кулундой.
-Рахмат эне,муунусу менен ал озунлн баарын алыстаткысы келген,бирок артынан кандай создор журорун билген эмес,-Шабдан ушинтти да ордунан турду,-Болуптур эне,жакшы турунуз,-деп эшикке карай умтулду.Барчынбек эмне дээрин билбей калды.Сайкал аны карап:
-Барчын сен ага капаланба,кыздарда ко-оп амал болот,аны чындап жактырсан куздо ала качып ал,абдан жакшы кыз,жакшыны жатка чыгарба дегенди билесинби балам,жанагы апандын корунгондон сураштырганы кызык экен.Жибек ошого жини келген,мектептеги мугалимдердин баарынан сураштырган тура.
-Качан?
-Аны сен билбейсинби?
-Жок,сизден сураганын уккам.
-Анда эми билип ал,эми айылына барып сурап билмек болуп атат,кызды жакшы экени корунуп эле турбайбы,неге анчалык тыбырчылайт? -Эне нааразы боло суйлоду,-Сен жактырып турсан,ал антип изине чоп салып сураштырып жургону туура эмес.
-Туура Сайкал эне,апама тушундуром, созсуз куздо уйлоном,сизге рахмат анда,-Барчынбек кетмек болду,-Жакшы калыныз эне.
-Жакшы бар балам,-Сайкалэне аны узата чыгып эшигин жаап кайра кирип кетти.
-Шабдан мектеп жакка бпрып машинасын токтотту да утур карап ары-бери басып турду,бул кезде Барчынбек дагы уйуно келип апасына бир тийди:
-Эмнеге эле бироонун изине тушуп журосуз?
-Имине болуп кетти?
-Жибекти эмнеге мектепке чейин сураштырып бардыныз эле?
-Балама,келинди ала турган киши ата-тегин,кандай жердигин иликтеп алат,жон эле корбой билбей чабылып чачыла бермек белек?
-Чабылып чачылбай эле койгула,мен эми Жибекти бул уйго алып келбейм,шаарга кетем да ошол жакка алып кетем.
-Уулум ал куйоодон чыккан неме болсо,сен...
-Жалган!
-Эмне жалган?
-Сиздин териштиргенинизге жини келип атайын эле айтып коюптур!
-Койчу ой бала,кайсы кыз озун жаман атты кылгысы келсин,ошол соз тарап кетсе кандай абалда калат анын,калп антип айтмак эмес!
-Ошону сезген эмес го,бизге очошуп ошого барыптыр,сиз эмнеге аны териштирип ар кимден сурайсыз деги,аял алсам мен алам,силерге кандай зарыл?
-Ой бала биз булоо алабыз,жакшы тарбиялуу болсо сага деле жакшы эмеспи,эми ал сага актанып атабы?
-Актанмай турсун суйлошпой жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Ноябрь 2012 - 19:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Билгиниз келсе ал убагында исполком болуп жургон кишинин кызы жакында эле олду.
-Ким деген?-Баятан бери унчукпай отурган Осмонбек уулун карады.
-Келдибек Казатов деген.
-Оо ал кишини мен билчу элем,отуп кетиптирби?
-Ооба,жакында эле олуптур.
-Ырахматы болсун ,жакшы адам болчу,-Гулшайырды карады,-Сен билесинби,синдин Жамалдын кызматчы куйоосун,бечара киши баласын тааныштыра албай калган экен.
-Ыя,баягы Жамал менен никесиз жашаган Келдибекпи? -Гулшайыр оозун ача анырайтып куйоосуно карап калды.
-Дал ошол,Жамалды былкылдатпай бакты го,аялы дагы кудай берген неме экен,козголгон жок,башка аял болгондо ошонусу учун Казатович кызматынан куулуп ,партбилеттен айрылып,соттолуп кетмек,-дегенде Гулшайыр:
-Темирландын ата соройубу?-деди баса суйлоп.
-Анан ким болмок эле,ата соорой эмес атасы дегин,Келдибек Жамал экоонон эчтеке аяган жок,Жамал олгучо карады го,же сен кыйратып куйуп койдунбу?
-Болду эми купулдобой, анын козу отуп кетсе эми балдары тоготмок беле?-деп ары басып кетти.
-Уулум апан айта берет,ошол Келдибектин кызы болсо айныбай суйлошо бер,абдан жакшы киши болчу,айтканын аткарчу,бир суйлогон адаи эле.
-Болуптур ата,апамды озунуз кондуросуз да.
-Конбогондо кайда барат эле,туптуу жердин кызы экен алвп кнле бер!-Осмонбек уулуна карап башын ийкеп койду.
-Рахмат ата,-Барчынбек сыртка чыкты.Канткенде Жибекке жагам,ал мени эмес бакыйган врачты да тенине албай жургон тура,бирок акеси киришип жатса алып кетиши мумкун,тездетишим керек,ала качып алсам кайра кетмек беле?-деп ойлонуп копко короонун жанында турду.Ошол кезде озу менен бир кезде суйлошуп жургон кызы Зулайка отуп бараткан экен.
-Кандай Барчынбек?-деп калды жылмая карап.
-Жакшы-жакшы озун кандайсын ыя,качан келдин?-Барчынбек жетип кол алыша учурашып туруп калды,-деги бактылуусунбу Зулайка.
-Журом,-Зулайка аны жал-жал карай,-Уйлондунбу? -деди.
-Жок,сенден башка кызды суйо албай койдум,-Барчынбек тамашалай кулду,-Качан келдин торкунго?
-Жакында,биротоло келдим,-Ойлуу жер карады.
-Эмне ажыраштынбы?
-Ошентем го,тынчы жок экен,ичип алып,-Зулайка ыйлагысы келип барып,-Кой,мен шашып журдум эле,-деп басып баратып ,-Жакшы кал!-деп узап кетти.
-Куйорсу жаман окшойт,неге кетип калдын Зулайка?-деп аны артынан ойлуу карап туруп калды...
-Шабдан копко кутту,бир кезде Жибек мектептен чыга шашылып жоногондо анын алдынан чыкты,Шабданды коруп:
-Али кете элексизби?-деди.
-Неге кетем Жибек,бизали суйлошо элекпиз да?
-Уктунузго менин...
-Болду, андай создв айтпа созун менен озундун жаман атты болоорунду кандай сезбесин,тушунуктуу кыз болуп туруп артынан мвндай созду ээрчитпешин керек эле?
-Эмне болуптур,чындыкты уктунуз да бара бериниз,-Жибек басып кетээрде Шабдан аны колдон кармай калды.
-Эгер озунду ошону менен алаксытып эркектерден алыстайм десен жанылышасын, эми сага уй булолуулор дагы жармашып женил кеоин катары мамиле кылышат,тошокко суйройт,сага ошол жакшыбы?!
-Эмне дедин?-Жибек Шбданды жаны коруп тургандай тикирээ карап турду да жаакка бир чаап жугуруп кетти.Ал ыйлап алган,эсине Бексултандын созу тушту:„Ойнош болуп албайлыбы,эмне кыздыгынды алмак белем”.Кудай ай,неге ойлонбой айтып салдым,чын эле озумду озум шарманда кылган турбаймынбы, ушунча жыл сактап жургон абийримди бир соз менен тогуп алган экенмин да,эми мага ким ишенет,деп соолуктап ыйлап короого аирбей копко дарбазанын жанында тура берди.Неге минтип кыйналдым,суйуп калганым учун айыптуумунбу, журогум каалабаса кантип башка бироого чыгам,кантип жашайм,неге мени тушунушпойт деп берди,очошконсуп жамгыр да тогуп кирди,жайдын куну жаш бала дегендей эмеле тийип турган кун заматта кур-шар этип чагылган чартылдап тогуп турду.Менин журогум ыйлап жатат,мага боору ооруп жатат го,деп жузу суулана,ыйлаганын билгизбей кирп келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   aelinaaa   20 Ноябрь 2012 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Суу болуп кетипсин го,карангун чечин,-Сайкал эне анын колунан сумкасын ала коюп,кийиминди алмаштырып ысык чай ич,-деди.
-Заматта тогуп жиберди,эмеле тийип турбады беле?
-Жаздын куну жаш баладай деген ошол,жаш бала дагы ошондой,кулуп туруп кайра ыйлап калат.
-Чын эле Жибек чечинип кийимин алмаштырып келип дасторконго келди.
-Ушуп кетипсин го?
-Ии-ий-деп койду Жибек.
-Келгенче эле суу болуп кетти,аябай токту го?
-Кудайдын куну чакалап токту анан калса.
-Сизди чай кайнаттырып ичип тим эле эркелеп кетиим го эне,мени коптуруп ийбениз?-Куло карап койду,-Качан келсем эле баары даяр.
-Колум бош болгондо жасай берем да кызым,калып калчу жумуш болбосо,сени карап отура бермек белем.
-Акбар уктап жатабы?
-Ооба кичине чыртыктап калыптыр.
-Эти ысып жатабы?
-Жон эле салмоорсуп жатат,бугун уйкусу келбей эле жатат,кудай сактасын,-эне Жибекти коз токтото карап,-Жибек, сен экообуз туура эмес кылсак керек?-деди.
-Эмнени?
-Ушунча жашка чыксам дагы сенин тилин менен жаш бала кылбас ишти кылыпмын...
-Айтынызчы эне,эмнени айтып жатасыз?
-Сени куйоодон чыккан деп бекер кылдым,кыз башынды туйшукко салбадынбы?
-Мм...
-Ойлонуп иш кылсак болмок,артындан соз ээрчитип алган жоксунбу?
-Эне,чын эле ойлонбоптурмун. ..-Жибек жер карай ойлуу унчукпай калды.
-Сен го баласын,мени кудай урдубу десен,сени менен ээлигип доодурогонумду карасан,-Эне озун кунолуудой суйлоду,-Айтылган созду кайра алыш кыйын,жаман соз элге тез жетет,жакшы созду элге жеткириш кыйын кызым.
-Мейли эне ондош кыйын экенин билем.Мен ошол создун мааниси озумо жаман аттыны алып келээрин кайдан билдим?
-Садага болоюн капалана бербе,мен чындыкты элге жеткире албасам да жигиттерге айттым.
-Кайсы жигиттерге?
-Барчынбек менен бир жигит келиптир,менден чындыкты сурады,анан айтууга туура келди,жашырганым болбойт,алар экоо тен сен дегенде баарына кайыл болуп турганын сездим,андан коро озун тандап туруп бирине макулдугунду беришин керек.
-Сиз ошентип ойлойсузбу?
-Ооба кызым,убакыт деген суудай агып,желдей сызып жаштык козго илээшпей отуп кетет.Жаштыктын озу табылбаган нерсе,жазда бучур алган дарактай,куздо шымаланып тарбайып калат эмеспи,оз учурунду кетирбе кагылайын.
-Ойлонуп коройун.
-Ойлон кагылайын,ойлонуп кор,-Жибек унчукпады,эненин создорун угуп отуруп.„Ушул создор тажатты,кайда барсам ушинтишет,балким чындыр,туура айтып жаткандыр,кимисине чыгышым керек,алардын кимиси менен бактылуу боло алам”,деп ойлоп зынгырай телмирди.Сайкал эне ундогон жок,дагы:Мейли озу чечсин,багынан короор,эс акылы бар,тагдырына кандай жазса корбоско аргасы жок да,деп ойлоно уулунун ойгонгонун сезип ичкери кирип кетти Акбарды которуп келди.
-Акбар,кандац чонойдунбу? -Жибек тура калып ооп Сайкал эненин колунан ала койду,-Сага эмнеболду Акбар?
-Апам,апама баям,-Акбар Сайкалга бой таштады.
-Бара гой мен сага сут берейин ээ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   azalove   20 Ноябрь 2012 - 04:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Корком чыгарманы суйгон жаным, коз ирмебей окудум го чиркин. Азаматсыз автор! Айтайын дегеним эмии бизди коп кутууго мажбур кылбай бат-баттан жазып, бутуруп саласыз гоо деп ишенем.
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   aelinaaa   20 Ноябрь 2012 - 13:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Шабдан конулу чого Шириндерге жолукпай эле шаарга кетип калды.Жибектен конулу калып кетти.Суйбогонгосуйконбо деген ,журогундо башка адам турса аны суйдурууго кубатым жетпес,кимди болсо да катуу суйуптур,ой кыялы менен жашай берсин деп кетип жатты.Бир жумадан кийин мектепке Ширин келди,ал келгенде Жибек сабак берип жаткан мугалимдер болмосунон сурап анан кутуп калды.Ошол кезде Гулшайыр дагы Жибекке жолукканы келген.Ал Ширинди байкабай эле бир мугалимди тозуп алып:
-Ай кызым,Жибек деген келин барбы?-деди.
-Кайсы?-Мугалим келин тушуно бербей карап калды.
-Ботом ушул жерде иштейт го,куйоосу жок,ии баса Сайкалдын уйундо жашаганчы?
-Ал сабакта.Ал келин эмес да эже?
-Ой эрден чыгып алып кызмын деп жургондор толтура да,ошонун так олугун коройун,-дегенде Ширин анын жанына басып келди.
-Кайсы Жибекти айтып жатасыз?-деди токтоо.
-Ой ушул жерге бир шерменде келиптир,куйоодон чыгып кнлген имиш,анан кызмын деп баламдын башын айлантып журуптур.
-Сиз оозунузга карап суйлонуз,ошол Жибек менин кайын синдим,куйоо- муйоого тийбей эле кыз бойдон,антип айтканга кантип оозунуз барды,-дегенде Жибек ар жактан корунду.Ширин аны озуно чакырды,-Бери кел Жибек!
-Эмне болду жене?
-Скни ким жаман атты кылып журот ыя?
-Эмне деп?-тушуно бербей чоочун аялды карап койду.
-Качан куйоого тийдин эле ыя,ошону далилдеп бере албаса сотко берем,адамдын артынан жаман созду учурткан ушакчыны.
-Эмне деп эле жатасыз?-Жибек Шириндт колтуктай басмак болду.
-Бул аялды тааныйсынбы?
-Жо-ок,-Жибек аны конул коё карап туруп Сайкалдыкынан чыгып бараткан аял экенин эсткй койду:Бул эмне кылып журот, деп ойлоп:
-Журчу жене, эл айта берет,куйгондон айтып жаткандыр,-дегенде Гулшайыр ага атырыла кетти.
-Баламдын башын айлантпай жон жур,сени алып берейин деген оюмда жок!-Жибек кайрылып анын жанына басып келди да:
-Сиздин баланыздын башын айлантмак турсун коргум да жок,озу ээрчип журот,андан коро тыйып алыныз!-деп коюп басып баратканда ал кыйкырып кирди:
-Эй олугунду гана коройун сетер,менин баламдан айланба,козунду сузуп башын айлантпасан ал сени карамак эмес!-деп суйлонуп жатканда Жибек унчукпай кете берди.Гулшайырды мугалимдер башчысы чыга калып :
-Бул жер сиздин уруша турган жер эмес,уятыныз барбы балдар окуп жатат,барыныз уйунузго! -деди.
-Балдарды ушуга окшогон немелер окутуп кыйратмак беле,тапкан экенсинер мугалимди!
-Чон эле аял экенсиз,менин билишимче уч жолу келип жаман соз айтып журосуз Жибек жонундо,адамдык абийирине шек келтиргениниз учун жооп береринизди билесизби?
-Ой ушуга окшогон шерменде учун соттомо соттоп ийсин!-Гулшайыр жулкуна мектептен чыгып баратты.Болум башчы башын чайкай карап кала берди.Ширин Жибек мугалимдер болмосунон чыккыча кутуп туруп экоо ээрчише чыгып баратты.
-Сен эмне болуп журосун ыя?
-Эмне болду жене?
-Эмне болду деп коёт,жанагы аялдын айтканын уктунбу?
-Жене айта берсин ,ага анчалык ачуунузду келтирбенизчи.
-Ачуу келбей турган ишпи,кайдагы бир аял мектепке ажылдап суйлоп жер жеберине жктип жатса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 23:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: