Саламатсыздарбы.
Бул теманы бекер отуруп эригип ачканым жок жана бул провокация да эмес. Мен ислам догматтарына шек келтиргим келбейт, себеби озум мусулманмын жана Аллах бар жана ал жалгыз экенине чын дилимден ишенемин. Мени ойлондурган нерсе бул "коркуу"
деген соз. Мен учун бул соз жалан негативдик нерсени камтыйт. Мисалы, биз универде окуп жургондо бир эжейибизден коркчубуз=жек корчубуз,а ал эжей аны сыйлоо мн алмаштырып керсейип калчу. Мен Аллахты жек коро албайм, тескерисинче,
чын дилимден суйуп урматтайм. Же башка мисал - бийлик(власть).
Майда чиновниктер президенттен коркуп турушат, бирок президенттен да алар озунун жетекчисинен коркушат,себеби,
косягы билинсе, боссу жумуштан айдап иет. Ошого кошоматчылык куч алган да. Бирок, Аллах менин косяктарымды (куноолорумду) и так эле билет,алтургай мен ойлой турган, ойлоп койгон нерселер да ага маалым жана пенделеринен сан жеткис эсе кечиримдуу.
Айрым адамдардын жаныбар,курт-
кумурска,жыландан корккону=жийиркенгени,
жаман коргону,тушуно албаганы менен салыштыруунун деле кажети жок деп ойлойм. Жана коркуу=фобия категориясы да туура келбейт. Ал мени жараткан сон, аны чексиз сыйлайм, андан жардам сурайм, мындай караганда, ал менин эн жакыным, эн чон ата-энем, ал баарын билип, туят. Эмнеге Аллахтан коркуу керек? Же арабчадан кыргызчага туура эмес которулганбы?
Алдын ала рахмат. Мен тарапка помидор ыргытакей жок.
- (2 )
-
- 1
- 2
Аллахтан коркуу
#2 19 November 2012 - 17:11
Так эле мен ойлогондой ойлойт экенсиң. Мен ушундай суроолорду көп эле берип келдим,жанагы намаз окгандарга,
молдочалыштарга.
.. дагы деле берип келе жатам,бирок али күнгө чейин тыңгылыктуу жооп уга элекмин. Керек болсо бир киши менен урушуп да кеткем,т.а.ал мени урушуп,кагып-
силким ал тургай опузалап да кеткен! "Мен Кудайдан коркпойм!
Эмнеге коркушум керек?! Мен Кудайды сүйөм!"
деген сөзүм үчүн. Тыңгылыктуу жооп берип коюшпайле "Кудайдан коркуш керек,коркпосоң анда сен каапырсың!
Андай-мындай деп сөздүн нугун башка жака буруп,башыңды кайра тескери айлантып кетишет! Ушул боюнча форумда да бир жерге жазгандай болгом (мен аны эми каяктан,кантип табам билбейм,бул тема тереңдеп кетсе Таллас,Дауддар кирип калса казып таап берип,шилтемесин илип койсоле кайра башынан окуп калбасам..
. мен табалбайм).
Ошол жерде да "Кудайдан коркуш керек" дегендейле жооп алган болушум керек эле. Жоопко анча канааттанбагандыктан эсимде деле калбапыптыр...
#3 19 November 2012 - 17:49
Саламатсыздарбы.
Бул теманы бекер отуруп эригип ачканым жок жана бул провокация да эмес. Мен ислам догматтарына шек келтиргим келбейт, себеби озум мусулманмын жана Аллах бар жана ал жалгыз экенине чын дилимден ишенемин. Мени ойлондурган нерсе бул "коркуу"
деген соз. Мен учун бул соз жалан негативдик нерсени камтыйт. Мисалы, биз универде окуп жургондо бир эжейибизден коркчубуз=жек корчубуз,а ал эжей аны сыйлоо мн алмаштырып керсейип калчу. Мен Аллахты жек коро албайм, тескерисинче,
чын дилимден суйуп урматтайм. Же башка мисал - бийлик(власть).
Майда чиновниктер президенттен коркуп турушат, бирок президенттен да алар озунун жетекчисинен коркушат,себеби,
косягы билинсе, боссу жумуштан айдап иет. Ошого кошоматчылык куч алган да. Бирок, Аллах менин косяктарымды (куноолорумду) и так эле билет,алтургай мен ойлой турган, ойлоп койгон нерселер да ага маалым жана пенделеринен сан жеткис эсе кечиримдуу.
Айрым адамдардын жаныбар,курт-
кумурска,жыландан корккону=жийиркенгени,
жаман коргону,тушуно албаганы менен салыштыруунун деле кажети жок деп ойлойм. Жана коркуу=фобия категориясы да туура келбейт. Ал мени жараткан сон, аны чексиз сыйлайм, андан жардам сурайм, мындай караганда, ал менин эн жакыным, эн чон ата-энем, ал баарын билип, туят. Эмнеге Аллахтан коркуу керек? Же арабчадан кыргызчага туура эмес которулганбы?
Алдын ала рахмат. Мен тарапка помидор ыргытакей жок.
Мен ойлоп атам да,ушу арабчадан туура эмес которулуп калганбы деп... Болбосо Кудайга жалынып жатканда Кудайды даназалаган сөздөрдү айтабыз,жалынабыз, дуа кылабыз,жардам сурайбыз,ыраазы болобуз,сүйүнөбүз, алкыш айтабыз. Коркуш керек деген сөз каягынан чыккан? Жалынып жатканда "Оо Кудай Сенден корком,жардам бере көр,Сенден коркконумдан Сага жалынып жатам"... туура эмес болуп калат экен... (Ойлоп көрсөңөр өзүңөр деле...) Маңдайга жазылып калган тагдырыбыздан коркуш керек,кандайдыр бир коркунучту сезсек,алдын ала ошол коркунучта н коркконубуздан Кудайга жалынып киребиз жардам сурап. Балким ушул сыяктуу бүдөмүк ойлор,сөздөр болуп бурмаланып кеткендир. Билбейм,иши кылым башым жетпейт. Түшүнгүм келет,бирок түшүнбөйм... же түшүндүрүп койгон киши жок,тыңгылыктуу...
#4 19 November 2012 - 19:37
кызык ойлоп корбогон экем. Бирок биздин тренер намаз окуган Адам эле ошол айткан силер эч кимден коркптгула( рингде каршылашындан деген мааниде) жалгыз алладан Корк Алла айткан- сен менден корксон башкаларды сенден корко турган кылам дейт Алла деп аныгын билбейм балким сиздер айткандай туура эмес которулган чыгаар
Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
#5 19 November 2012 - 21:31
Zamira,aijan ойлорубуз бир экен
эми Дин болумундо жургон адамдар келип окуп калышса ,учообузду кичине мындай го
деп калышат болуш керек.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#6 20 November 2012 - 01:10
Алладан корку менен гана ыймандуу боло алабыз.Менимче Алладан коркуу эн биринчи орунда турат.Алланы суйуп сыйлаганыбыз озу жетиштуу эмес.Мына мен алланы суйом,болду эми калган нерсени озум каалагандай жасайм дегендей. нерсе,эгер Алахтан коркпош керек деп ойлосонуздар.
Мен озум сура кальмаларди жатап китеп окууганым менен намаз окуй элекмин.Эрте менен багымдатка убакыт болгондо Аллахтан корком,Аллахым мени да Багымдатты окууган суйуктуу пенделеринден кыла кор деп тилейм.Журогумду ушунчалык коркунуч басат,эгер бугун менин акыркы кунум болсо Аллахтын алдында кандай жооп берем деп.Куйоомо каттуу суйлоп койгондо,Алланын алдында куноокормун деп корком.Бироонун бир сомун жегенде ал адамдан эмес Аллахтан корком.Бироону гыйбат кылганда Аллахым коруп билгуучудур деп корком.Олумдуу ойлогондо бул жашоодон кечиштен эмес,Аллахтын алдында жооп бериштен корком.Ар бир ишти кылаарда,ар бир кадам таштаарда,бир гана Аллахтан корком.Дагы айткым келген нерсе,кандай гана нерсе.кандай гана калоо болбосун,Аллахтан чын журоктон тилесен болот, инша Алла болот.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#7 20 November 2012 - 02:02
Беш маал намазды Аллахты сүйуп эмес,өз ыктыяры менен эмес Аллахдан коркконунан гана окуйт деп түшүнүш керекпи ошондо... (Оо Кудай өзүңө акаарат келтирип аткан болсом кечире көөр мени). Намазга жыгылган кыз-келиндердин баарыле көп нерсени түшүнбөй эле,күйөөсү намазга жыгылган киши болсо ошо күйөөсүнүн мажбурлоосу менен эле намазга жыгылып алышкан. Мажбурлоосу менен десем да туура эмес болуп калат окшойт... Сурасаң өздөрү деле толук эч нерсе билбейт,берген жооптору: "кийин Кудайдын алдына барганда сурак кылат,сен эмне үчүн намазга жыгылган эмессиң,а жыгылсаң сен эмне үчүн жаныңдагыларга намаз оку деп айткан эмессиң деп сурайт" деп гана жооп берип коюшат. Анан мени оң далыма чаап коюшат,сага эн коюп койдук,сен эскертилдиң намаз оку деп депчи... Сен Кудайдын алдына барганда жаныңды жеп "мага эч ким намаз оку деп айткан эмес деп актанганда далыңдагы эниңди көрөт" деп. Чынын айтсам менде мындай ЭНДЕР көп болуп кеткен. Кээде коркуп да кетем! Адамдардан коркуп кетем мен,адамдардан!
Адамдардын жоосунсуз жооруктарынан!
Адамдар коркунучтуу,
Кудай эмес! Кудай жаратуучу,баарын жараткан!
Баарыбызды сүйөт! Биз да Кудайды сүйүшүбүз керек! Таң атып көзүңдү ачкандан көзүң жумулуп уктаганга чейин Кудайды эстеп,өзүңө ден-соолук,жакшылык тилеп,берип жаткан жакшылыктарына ыраазычылык билдирип,башыңа түшкөн каран түндөн,жамандыктан сактоосун суранып-жалбарып Кудайга туура сыйынганды гана билишибиз керек. Мен намаз дегенди ушундай эле түшүнөм чынын айтсам. Дүйнө жүзү боюнча Кудайга жалынбаган,
Кудайды эстебеген киши жок да! Мына ушул намаз.
#8 20 November 2012 - 03:25
Бизге орустар келип библя жонундо суйлоп тушундуро баштаганда урушуп кеткен болчубуз.Сиз мага ошол орустарды элестетип жатас.Сиз кудай кудай дейс,озунуздо эч кандай кудай жонундо тушунук жок.Алла мен сени суйом дегениниз озу эле жетиштуу эмес.Кудайдан озунузго керек нерсени жалынып жалбарып сурап жатас,А АЛЛАХ учун эмне кылып берип жатас.Эгер АЛЛАДАН коркпосонуз адам олтурун,сойкулук кылын,менимче жаман иштерден да,бир гана АЛЛАХТАН корку кармап турат. Эми куйоом маселесине келсек,куйоом мени эч качан намаз окуу ,андай кыл,мындай кыл, деп айткан да эмес.Наборот мен бул жонундо коп айтам.ААЛАГА мин шугур,ата энем намазкан адамдар.Сизде чыныгы дин тууралуу эч кандай билим жок.Кичине аны муну окуп тема ачсаныз болмок.Озуну мусурманмын деген адам,намаз,орозо,
суннот,парз,
деген нерселерден кабары болот.Уубакыттым болгондо дагы кээненирек жазып коём насип этсе.....
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#9 20 November 2012 - 03:43
Намаз окуу, намазга жыгылуу дегенди, деги эле намазды түшүнбөйм, КУДАЙ урсун! Ой урсун дейм да, КУДАЙ сактасын!
Бир КУДАЙ бар экенин билем,ишенем,
башыма иш түшсө КУДАААЙ сактай көр! деп жалынам, башка эч нерсе билбейм, калп эле айтканда эмне "ниет бар" деп... Мурун окуган эмесмин, кийин да окубайм...Муну адамдардын гана чыгарып койгон мыйзамы деп билем. Мени төө бастыга алуунун да кереги жок... Эмнеси болсо да КУДАЙ өзү сактасын!

Бир убакта ушундай билдирүү таштап кеткен экенмин... Азыр таап алдым. "Кудай урсун!" деп катуу жазып салган экенмин. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлөш керек экен... Ушул билдирүүнү жазгандан бир ай өткөндө мени түп-түз эле жерден кырсык баскан! Азыр менде намаз окуйун деген деле ниет бар дечи,бирок эч нерсе түшүнбөй туруп кантип окуп кетмек элем. Ошондуктан намаз окуу дегенди өз билгенимдей гана түшүнөм. Бул боюнча жогоруда жазып кеткем. Ошондо деле дагы деле мээме жетпей жатат да,чын эле Кудайдан коркуш керекпи деп...
#10 20 November 2012 - 03:53
Кудайдан ыймын ынсап тилен.Мухамад(с.
а.в)пайгамбарыбыздын омур баяны деген китепти алып окуп корун.Аябай жакшы китеп,ошол жактан АЛЛАДАН коркуу туралуу да билип алсаныз болот.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#11 20 November 2012 - 04:13
Кудайдан ыймын ынсап тилен.Мухамад(с.
а.в)пайгамбарыбыздын омур баяны деген китепти алып окуп корун.Аябай жакшы китеп,ошол жактан АЛЛАДАН коркуу туралуу да билип алсаныз болот.
Кудайга шүгүр Кудайдан ыйман-ынсап тилеп турам. Ии баса китеп жөнүндө... Менде деле куран китептер бар. Атайын кичинекей балдар үчүн,намазга кантип жыгылыш керек экени сүрөттөрү менен. Ачып карап коём кээде-кээде. А сиз айтып жаткан китепти кайдан табыш керек? Мага өзү убакыт келип жеткенби билбейм,дин туралуу көп нерселерге кызыгуу артып,тишимдин өтүшүнчө изденип,намаз окуганга да ниет коюп калгандаймын, мурункудай текеберленбей. Болгону мага терең түшүнүү гана жетишпей жатат. А түшүнбөсө адам оңою менен бир нерсеге моюн сунуп баштап кете албайт да.
#12 20 November 2012 - 09:59
Бисмилллахи,
рахман, рахиим....
Эмне үчүн Аллахтан коркуш керек дегенге жооп кылып көбүрөөк сөз жазууга туура келди, тажабай аягына чейин окуйсуздар деп ишенем...
Аллах - мээримдүү, ырайымдуу, кечиримдүү. .. Аллахтын сыпаттары көп, анын ичинде "каардуу" - деген да сыпаты бар... Анын сыпаттары - мээримдүүлүгү, ырайымдуулугу, кечиримдүүлүгү жана башка сыпаттары менен бирге каардуулугу да биздин түшүнүгүбүздөгүдөн алда канча эсе жогору турат... Айтайын дегеним мисалы, Анын мээримин эне мээрими менен салыштырып болбойт, эне мээриминен бир канча эсе жогору турат... Ошондо элестетип көрүңүз анын мээрими кандай экенин...
Албетте, Аны сүйүшүбүз керек... Аны ар бир адам эле сүйөбилалбайт. .. Анын буйруктарын ага болгон сүйүүсүнүн негизинде (же автор жазгандай: ...Ал мени жараткан соң, Аны чексиз сыйлайм, Андан жардам сурайм, мындай караганда, Ал менин эң жакыным,... - деп) аткарган пенде, Аллахтын эң чоң даражадагы кулу деп ойлойм...
Аллах биздин ой жүгүртүүбүздү ийне-жибине чейин билет... Жалаң гана мээримин төгүп, ырайымына бөлөп турса, Ал баары бир кечирет деген түшүнүк менен пенделери Анын буйруктарын аткарбай койоорун билет... Ошондуктан Ал каардуу экендигин да эскерткен... Ал, эгер пендеси тыюу салынган ишти кылып, Ал буйруган ишти аткарбаса анын каары ушундай төгүлөт...
Бир адамды элестетели. .. Аллахты сүйөт, сыйлайт, Анын буйруктарын калтырбай аткарганга аракет кылат (тактап айтканда, баардык парз, сүннөттөрдү аткарып)... Бирок, адам деген адам, ката кетирбей кое албайт, сөссүз күнөө кылат... мисалы зынаа кылып койду дейли... жашыруун... ойношу экөө гана билет жана ойношу ага үйлөнүүсүн талап кылбайт, үй-бүлөөсүн бузбайт, жөн гана аны менен бирге убакыт өткөргөнгө макул... бир карасак мунун эч кимге зыяны жок, 2 жактын толук макулдугу менен жана үчүнчү бирөөгө тийишпестен болуп жатат мындай иш... ошондо - ал күнөөсү кечирилет деп, Аллах тыюу салган ишти кылып жатат... ал Аллахтын каардуулугун эстен чыгарып койду... элестетип көрөлү Аллах каардуу болбосо, кылган ишибизге, күнөөбүзгө жаза тартпай турган болсок (Анын кечиримдүүлүгүн эске алып), жана кылган ишибиз Ал тыюу салса да, эч кимге зыяны жок болсо, биздин Ага болгон сүйүүбүз напсибизди тыюуга жетиштүү боло алабы? ... биз мындай күнөө ишти кайталабайбыз деп кепилдик бере алабызбы?...
Оюмду толук түшүндүрүү үчүн жашоодон мисал келтире кетейин: Мен жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого аракет кылам, МАИден корккондугумдан эмес, тегеректеги элди, мыйзамды сыйлагандыгым үчүн, негизги принциптеримдин бири болгон үчүн... бирок бул эрежени бузбоого жетиштүү эмес экен, кээ бир учурларда, өзүм каршы болсом да, тыюу салынган маневрларды жасап жиберем (мисалы жол ортосунда үзгүлтүксүз сызык турат, мага тез арада артка кайрылууга туура келди, эки жакты карайм, башка айдоочуларга тоскоол кылбасам бурулуп кетем), муну менен мыйзамды, адамдарды сыйлоом азайып калбайт... мен эрежени бузбоого аракет кыла бермекчимин, бирок жогорудагыны кайра кайталай беришим мүмкүн, себеби эч кимге зыяны жок учурда бузуп коем эрежени... Ушул маалда МАИ кызматкери же камера турса, жаза тартуудан коркуп, аны кылбайт болчумун... Демек, эреже толук сакталуусу үчүн жазалоо дагы керек... жазадан качып, мыйзамды аткарабыз...
Эми жогорудагы каарманыбызга кайрылалы... адамдын напсиси талап кылып туруп алат... Аллах тыюу салганын билсе да, ал үчүн жаза жок деп ичтен адамды тепкилеп туруп алса, анын талабын аткарууга аргасыз болот пенде... Кээ бирлери ойлошу мүмкүн, сүйүүсү күчтүү адам жаман иш жасабайт деп... Мен андай адамдарга ишенбейм... Анткени Аллах бизди напсибиз менен жараткан, күнөө кылуучу кылып жараткан, сыноо үчүн жараткан... Ошондуктан Аллах Андан коркуубузду дагы талап кылган... эскерткен... эгер Мен айткандай кылбасаң жазаңды аласың – деп... Аллахтан коркушубуз керек, күнөө кылганыбыз үчүн, ката кетиргенибиз үчүн Анын каарынан коркушубуз керек... Андан коркуп, кылган күнөөбүзгө тооба кылып, кечирим сурап, ал ишти кайра кайталабасак, ошондо гана Аллах ырайымын жана мээримин көрсөтөт...
Жолдошунун, же башкалардын таасири алдында намаз окугандарга келсек... Ооба андайлар көп... эмне себептен? даават (динге, ыйманга чакыруу) начар болгондуктан. .. намаз окусаң ишиң оңолот, Аллах сураганыңды берет, мындай кылбасаң тозокко, тигини кылсаң бейишке чыгасың деген сыяктуу, ... Аллахка ибадатты Анын Өзүн тааныбай туруп, тозоктон коркуп, бейишке кирүү үчүн же болбосо адамдардын таасири алдында эмес, жүрөктөгү толук ишенимдин, акыл менен түшүнүүнүн негизинде кылса жакшы... Бирок жогорудагыларды мусулман эмес дегенден алысмын... алар дагы ибадат кылып жатышат, бир гана кемчилиги эмне үчүн экенин толук билишпейт... Дааватты аалымдар, илимдүүлөр кылып, Лаа илахе илла Аллахтын маанисин түшүндүрүп, адам эмне үчүн жаралганын, эмне үчүн Аллахка ибадат кылуу керектигин айтып беришсе жакшы болоор беле дейм...
Лаа илахе илла Аллах – дегендин мааниси терең... сөзмө-сөз которуп, “Аллахтын жалгыз экенине ишенем” – деп коебуз... бирок Ага ишенген адам, Аны жүрөгү менен кабыл алып, Анын буйруктарына акылы менен баш ийип, кылык-жоругу, деги эле жашоо образы менен Ага ибадат кылуусу зарыл...
... сөзүм бүтпөй кете берчүдөй, ушул жерден токтотоюн...

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#13 20 November 2012 - 10:18
Замира айым, туура кыласыз, издениңиз, өз ыктыярыңыз менен, акылыңыз менен түшүнүп баштасаңыз,
ыйманыңыз күчтүү болот... изденүү менен сиз илим алып жатасыз, а илим алуу - эң жакшы ибадаттардын бири...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#14 20 November 2012 - 10:22
Алладан корку менен гана ыймандуу боло алабыз.Менимче Алладан коркуу эн биринчи орунда турат.Алланы суйуп сыйлаганыбыз озу жетиштуу эмес.Мына мен алланы суйом,болду эми калган нерсени озум каалагандай жасайм дегендей. нерсе,эгер Алахтан коркпош керек деп ойлосонуздар.
Мен озум сура кальмаларди жатап китеп окууганым менен намаз окуй элекмин.Эрте менен багымдатка убакыт болгондо Аллахтан корком,Аллахым мени да Багымдатты окууган суйуктуу пенделеринден кыла кор деп тилейм.Журогумду ушунчалык коркунуч басат,эгер бугун менин акыркы кунум болсо Аллахтын алдында кандай жооп берем деп.Куйоомо каттуу суйлоп койгондо,Алланын алдында куноокормун деп корком.Бироонун бир сомун жегенде ал адамдан эмес Аллахтан корком.Бироону гыйбат кылганда Аллахым коруп билгуучудур деп корком.Олумдуу ойлогондо бул жашоодон кечиштен эмес,Аллахтын алдында жооп бериштен корком.Ар бир ишти кылаарда,ар бир кадам таштаарда,бир гана Аллахтан корком.Дагы айткым келген нерсе,кандай гана нерсе.кандай гана калоо болбосун,Аллахтан чын журоктон тилесен болот, инша Алла болот.
Толук кошулам!
Мен ЖАРАТУУЧУ АЛЛАХТЫ чексиз суйом, корком, уялам!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#15 20 November 2012 - 11:12
Ассалааму алейкум!
Мен да эч кимдин огородуна помидор ыргытпай, кагып силкпей, кичине мындай го
дебестен түшүндурүүгө аракет кылып көрөйүн. )))
Эң алгач котормо жөнундө айтсам, котормодо эч кандай проблема жок. Туура эле коркуу деп которулган.
Мени тан калтырган нерсе кантип Аллахты суйүүнү түшүнгөн адам, Аллахтан коркууну түшүнбөй калуусу мүмкүн?
Сүйгөн адам сүйүктүүсүнүн сүйүүсүнө ылайык болбой калуудан кантип коркпосун ? Ар бир эле сүйгөн адам сүйүктүүсү да аны сүйүүсүн каалайт. Эч ким мен сүйдүм, а анын мени суйгөн сүйбөгөнү кызыктырбайт деп айта албайт. Бардык сүйүүгө кабылгандар, ошол суйүктүүсүн аны жек көрүп калуусу мында турсун, жөн гана көңүл кош мамиле кылуусунан, андан алыстоодон, анын каалоолорун аткарбай коюудан, ага ылайык болбой калуудан коркот. Сүйүктүүңүз мен сени сүйбөйм деп айтуусунан коркпойсузбу? Эгер коркпогон болсоңуз, демек сиздин суйүүңүз жалган. Сиз өзүңүздү өзүңүз гана алдап жүрөсүз демек. Эгер Аллахты чындап сүйгөн болсоңуз демек сиз Анын сүйүктүү кулу болууга аракет кылууңуз керек. Анын сүйүктүү кулдарынын катарына кошулбай калуудан коркууңуз керек. Ал намаз оку деп жатса, мен сени сүйөм бирок намаз окубаймын деп айтуу сүйүү болушу мумкүнбү? Ал менин өкүмдөрүмдү аткарбагандарды тозокто жазалаймын деп жатса, мен сени сүйөм, бирок мен сенин буйруктарыңды аткарбаймын деп айтуу сүйүүбү? Мейли тозоктон коркпоңуз, бирок Аллахтын сүйүктүү пендеси болбой калуудан коркпойсузбу? Аллах жек көргөн адамдардын катарын толтурууданчы? ??
Шефиңизден мени касяктарымды билип калса иштен айдап жиберет деп коркон болсоңуз, бардык касяктарды Аллахка көрсөтүп нагло аткаргандан көбүрөөк коркууңуз керек эмеспи? Сүйгөн адам сүйүктүусүнүн көзүнчө кантип ага жакпаган ишти аткара алат? Урматтаймын деп туруп ага жакпаган ишти анын алдында аткаруу кантип урматоо деп эсептелсин? Жөнкөй эле мисал, сүйгөн кызыңыз тамеки тарткан жигиттерди аябай жаман көрөт. Анан сиз анын алдында отуруп алып тамеки тартып жаткан болсоңуз бул ага болгон урматсыздык эмеспи? Ошол кыз мени же тамекиңди танда десе эмне кылат элеңиз? Мен сени сүйөм, бирок мен тамекини тандаймын деп айтаар белеңиз???
Менин жогоруда айтылган сөздөрүм воображаемый адамга айтылды. Ошондуктан эч ким ал сөздөрдү анын огородуна карата ыргытылган таш деп түшунбөөсүн суранам.
Аллахты сүйүү эң сонун нерсе. Мен Аллахты сүйөм деген адамдарга суктанам. Бирок ар бир адам өз сүйүүсүнүн канчалык деңгээлде экендигин ойлонуп көрүүсү керек. Ар бир кылган ишинде менин ушул ишим мен сүйгөн Аллахка жагабы же жакпайбы деп өзүнө өзү суроо берүүсү керек. Ар дайым иштерин Аллахка жаккандай таризде аткарууга аракет кылуу, Аллахты сүйүү жана Андан коркуу деп эсептелет. Коркуусуз сүйүү, сүйүүсүз коркуу болбойт!
Аллах Таала баарыбызды сүйүктүү пенделеринен кылган болсун!

#16 20 November 2012 - 12:06
zzz,Daud чын эле силер эң сонун түшүндүрүп берет экенсиңер. Салыштыруулар менен жөп-жөнөкөй кылып. Мен эми Кудайдан коркуу керек дегендин маанисин эми кичинеден түшүнө баштадым окшойт. Бир эле жолу сыдырып окуп кетүү менен чектелип калбастан,дагы 3-4 жолу кайталап окуш керек экен. Тез-тезден кирип мага окшогондорго билгениңден бөлүшүп тургула. Күтүп,окуп туралы. Чооң рахмат.
#17 20 November 2012 - 15:38
Пайдалуу,кызык тасирлуу тема экен.
Ооба мен деле Алладан эмне учун коркушубуз керек,эгер бизди суйуп,аяп дуаларыбызды кабыл кылып сураганыбызды берип бизди оз балдарындай корсо деп.
Анан эле коркуу деген сезим да болушу керек деп ойлоп калдым.Сен куноо кылсан,барибир озуно кайтып келишин билесин.Алла кылган жок,да ал жамандыкты озуно,озун ашырдын ушул,коркуу сезимин,и куноону озундо эле пайда болуп жатпайбы.
Мен бир иш кылсам,туура эмес болуп калса,ии Кудай кечирчи,туура эмес болдуго деп окуном,апамдан корком,атамдан аларды,тарынтамго эми уруксатсыз иш кылып койдум.Кокустук болдуго.Атам кандай ойдо калат,бир ооз ойлорун сураш керек эле чонойсом деле деп уялып,барибир журогумдо коркуу сезими пайда болот.Алла бул ишти коруп турат.Пендем озун куноосун тушундуго,журогундо жакшы сезим пайда болуп кайталанбас ой жугурутп атат.Демек мен аларда бармын,ыймандуу пендемден айланайын деп жамандыка кетип аткан ишти озуле кечирип туздоп койотко деп калдым.
Чындыгында Аллах бар,биз жашап жатабыз.Биздин ар бир,жакшылыктарыбызда Алла журот.Сабырдуу, кучтту,баарына тен и мээримдуу ыймандуу,болсок биз Аллага ыраазы,Алла бизге ыраазы болтко деп ойлойм.

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#18 21 November 2012 - 14:40
#19 21 November 2012 - 15:42
Ушу Дауд келгени мага иш калбай кала турган болду бул форумда 
Аллах ыраазы болсун жеткиликтүү жоопторду жазып түшүндүрүп берип жатканыңа, Дауд!

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 21 November 2012 - 17:06
АЛЛАГА шугур,Ага жолу менен шугур кылам жана Андан жардам сурайм.Оз кунолорубуздон,
ниети кара бузуктардан сактаныш учун АЛЛАГА баш калкалайбыз.
АЛЛАДАНбашкаКудай жок экендигине мен кубо.Ал жалгыз шериги жоктур.Создун эн мыктысы-АЛЛАНЫН китебидир.Алланын китеби создун барып турган коркомдусу да ташка тамга баскандай так-тамайы да.АЛЛАНЫ жан дилден суйгуло.АЛЛАНЫ жадынарда сактап,анын созунон асти чыкпагыла.Кеч боло электе АЛЛАГА ибадат эткиле.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео