
Сагынбек Момбеков Кыргызымдын ЧЫНЫГЫ патриоту
#22 02 Октябрь 2012 - 13:31
#23 02 Октябрь 2012 - 17:20
#24 02 Октябрь 2012 - 19:44
#25 02 Октябрь 2012 - 19:49
Sherik200992 (02 Октябрь 2012 - 19:44) жазган:
Кайдыгерлик.
Кайдыгерлик деген эме
Каракчыдай кайтарып өзүбүздү
Кайдыгерлик деген эме
Кашайтып көзүбүздү
Айттырбай сөзүбүздү
Бычаксыз канап бүттүк
Кайдыгерлик дегенден биз тажап бүттүк
Кайдыгерлик дегендин капканынан чыкпай жүрүп
Жамандын да, жакшынын да
Гүлүн дагы, күнүн дагы
Бир жерге камап бүттүк
Жалгыздык башка түшсө ашар кылып
Атаны үй, баланы базар кылып
Биз тиккен дарак кана?
Сыйлаган кичүүлөрүн
Улуусун урматтаган адат кана?
Турмуштан ыйды көрдүк, сыйды көрдүк
Жылдызсыз жылмаңдаган түндү көрдүк
Жыргалдан көзү ачылбай жыгылып жаткан жерден
Күндү көрдүк – тургузбадык
Жыгылып жаткан жерден
Айды көрдүк – тургузбадык
Таш болуп катып калган
Ташбоор мерез жанды көрдүк – унчукпадык Кайдыгерлик, Кайдыгерлик, Кайдыгерлик.
Чечек каптап челкейген жерди ойлобой
Итибиз үрүп турса ишибиз жүрүп турат деп ойлондук
Эңкейген элди ойлобой, эбин таап ичип жемей тамак болду
Эшикке чыгаар замат, эс-дартың арак болду
Эстелиги жок бир тарых барбы?
Тарыхы жок эстелик эстеликпи?
Эстелиги, тарыхы жок деп айтабыз кайсыл элди?
Ошол суроо кайталынып турат бүгүн кайра жерди.
Калк мурасын каалагандай кагазга көктөттүк биз.
Жер-суунун аттарын көйнөктү өзгөткөндөй өзгөрттүк биз.
Жайлоону жолго айланттык.
Кочкорду Кочкор дебей, Кочкорка деп койго айланттык.
Токмокту Такмак десек,
Акылдууну акылсыз деп,
Акылдууну акмак дедик.
Кийбегендин баардыгын кийдик дедик.
Билбегендин баардыгын билдик дедик.
Кыйратып койгонсуп биз кыргызды кыргыз дебей киргиз дедик.
Бул кайсыл базар десен
Бул деген базар эмес Дардаңбай кашар дедик
Бул кайсыл балык десе
Бул деген балык эмес Дардаңбай арык дедик
Дардаңбай Дардаңбайлар
Кайда барсаң Дардаңбайлар толуп алган
Дардаңбайлар дардайышып тоюп алган
Даарат алган жерлерине өз аттарын коюп алган
Баткакка баткан жандай.
Биз сага кайдыгерлик баттык го белчебизден.
Тоголонуп баратсаң эңкейиштен
Токтотуп калмак тургай
Тоголонуп кетсе экен деп керкейишкен
Ыйлап турсаң аркы өйүздөн
Ырсаңдап жыргап турган берки өйүздөн
Кишиге окшош жандар чыкты
Же болбосо эмделбей кабылдаган
Элпилдеп желди көрсө этеги жабылбаган
Элин саткан, ээсин саткан,
Башкаларга дээрин саткан
Туруксуз максат чеккен,
Тууп салып таштап кеткен
Сойкулар кайдан чыкты?
Көздөн жаш, көкүрөктөн арман чыкты.
Айткылачы, кол сунсаң карабаган,
Туура эмес дарылаган
Эң жөнөкөй ооруну да жоё албаган
Эң жөнөкөй ооруга да дарт белгисин коё албаган
Жыландай чал өлтүргөн
Наристе бала өлтүргөн врачтар кайдан чыкты?
Ошолор оорукана дегенге кантип кирет?
Ак халатты уялбай кантип киет?
(уландысы бар)
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 02 Октябрь 2012 - 19:51
#26 03 Октябрь 2012 - 12:34
#28 21 Ноябрь 2012 - 17:19
1997жылы биринчи жолу бир ырын уккам ошондон бери ал менин кумирим!
Экобуз баш кошкондо,айылда турбайбыз деп.
Шаарда жакшы жашоо,шаардан жыргайбыз деп.
Калтырып ата-енени,киндик кан тамган жерди.
Ээрчишип кеткен елек.
Арадан жылдар отту жашыбыз 40 жетти.
Жыргалды биз кордукпу,ачыгын айтсак кепти.
Жашайбыз биз,ижарада, каттабайт киши кара.
Келишпейт туугандардан, барбайбыз биз аларга.
Себеби маянабыз тук жетпейт,айдан айга.
Туугандан чыгып калдык жарабай сыйлаганга!
Шаарда,же менчик уйубуз жок.
Же дурус киймибиз жок.
Эл ондуу жашаганга,таппайбыз амал айла,
батабыз сар санага.Ойубузда акча!Акча акчанай.
Тыйынды економдоп гезитке жазылбайбыз.
Барууга биз кинолоп,чонтоктор батынбайбыз. Элбарса театрга,биз болсо уйдо гана.
Коробуз телевизор,шугур деп ошого да.
Кол ооруп калды туугандар калганын башка куну жазамго.
#29 11 Февраль 2013 - 09:32
ayildik_kiz (02 Октябрь 2012 - 17:20) жазган:
Биринчи жолу ошондо ТВден кордум эле бул кишини. Андан мурун ырларын коп эле угуп журчумун.
Кыскасы - баракелде! !!
Талантыныз оркундой берсин!! !
Жаны жаны чыгырмаларынызды кутом!!!
Бир гана сураныч - ар дайым багытыныздан адашпай, дагы эле ЧЫНДЫКТЫ ЭЛГЕ жеткирип ырдай бериниз!! !
п.с. супепге медея порталга ырларын жуктоп койгулачы сураныч! Жана клиптерин!
п.с.с. Сагынбек агай сизге АКШден Чоон салам!!! Аз болсо дагы, бар бул жакта сизди билгендер! !
Бар болунуз!!!
#30 12 Февраль 2013 - 10:12
Diyas (11 Февраль 2013 - 09:32) жазган:
Биринчи жолу ошондо ТВден кордум эле бул кишини. Андан мурун ырларын коп эле угуп журчумун.
Кыскасы - баракелде!!!
Талантыныз оркундой берсин!!!
Жаны жаны чыгырмаларынызды кутом!!!
Бир гана сураныч - ар дайым багытыныздан адашпай, дагы эле ЧЫНДЫКТЫ ЭЛГЕ жеткирип ырдай бериниз!!!
п.с. супепге медея порталга ырларын жуктоп койгулачы сураныч! Жана клиптерин!
п.с.с. Сагынбек агай сизге АКШден Чоон салам!!! Аз болсо дагы, бар бул жакта сизди билгендер!!
Бар болунуз!!!
С. Момбековдун ырлары.
#31 14 Февраль 2013 - 12:08
#32 14 Февраль 2013 - 12:21
#33 14 Февраль 2013 - 12:33
#34 05 Май 2013 - 00:58
Жабыгып улап жан дүйнө туюм
Удургуп булут, уюлгуйт куюн
Кабарлап жатат окшойбу деймин
Карайлап турган замандын кунун
Ызгаары күздүн өктөмдүк кылат
Кең дүйнө тарып кеткенсип турат
Үшүтүп койду, үшкүрүк чыгып
Үмүттүн оту өчкөнсүп турат
Күрөштүн куну жеңишти туймак
Көк түтүн бүркүп көмүскө туйлап
Чокулар тилип этеги далдал
Булуттар тоодон келишти ыйлап
Буулугуп асмап,эшилип карды
Чагылган тийип тешилип калды
Астын-үстун болуп алаамат дүйнө
Ачылып калган эшиги барбы?
Бороону боздоп сапырып көлдү
Борошо кышты чакырып келди
Табият улуу күрөштү бүгүн
Карекке минтип батырып берди
Аязга деле кайыкса мейли
Ата Журт эрте айыкса дейли
Каруусун казык кылбаган өлкө
Жыгыла берет айыпка эми
“Кайрылып кайра Семетей келет
Айланып кеткен кайыпка”, - дейби?
#35 05 Май 2013 - 01:00
Жүрөгүм ишенгенден ынайм сага,
Жүзүңдү көрбөсөм да Кудай Таала.
Жалбарып бир өзүңө жалынамын,
Жанымды жеп турганда ылай санаа.
Өзүмдү кырк миң жолу алдасам да,
Өзгөрбөс сезимдесиң Алла Таала.
Бир жолу Таразаңа түшөөрүм чын,
Миң жолу жакшы көрүп жалгасаң да.
Оо, жараткан теңирим, Алла Таала кудайым,
Ден соолукту, бакытты, өмүрүмдү сурайын.
Пенделиктен билбей күнөө кетирсем,
Дуба кылып жалынайын мага кылчы ырайым.
Ыйманым болсо дагы бүтүн менин,
Баары бир корккондордун ичиндемин.
Дооматтуу ушул дүйнөдө жашап жүрүп,
Жетеби түз жүрүүгө күчүм менин?
Айыптуумун күнөөмдү тактай албай,
Азабы көп өмүргө мактай албай.
Мээримиңди менден Сен аябачы,
Милдетим көп жүрбөйүн актай албай.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:49
#36 05 Май 2013 - 01:04
Батчудай өмүр күнүм,
Кудайга жетип үнүм.
Кыйналып турганымда,
Жанымда жоксуң бүгүн.
“Келсе”, - деп бирөө жарым,
Денем от менен жалын.
Түпкүчтөй түйүлгөндө,
Жанымда жоксуң, жаным,
Жанымда жоксуң, жаным,
Жолуңду карай берип,
“Келсе”, - деп самай берип.
Жыртылган өтүгүмдү,
Кайталап жамай бери-и-и-п.
Телефон бурай берип,
Ар кимден сурай берип.
Үзүлгөн үмүтүмдүн
Учугун улай бери-и-и-п
Чарчап кеттим, Чарчап кеттим.
Чарчап кеттим, Чарчап кеттим.
Каректен элесиңди,
Качыра бересиңби?
Каңырык түтөп турат,
Кайрылып келесиңби?
Сезимдин өчүп нуру,
Сүйүүнүн кетип куну.
Жан далбас ушул жашоо
Жанымдан өтүп туру,
Жанымдан өтүп туру.
Сапарым карып барат,
Сагынчым арып барат.
Күтүүнүн күйүтүнөн,
Жүрөгүм талып барат, талып бара-а-а-т.
Телефон бурай берип,
Ар кимден сурай берип.
Үзүлгөн үмүтүмдүн
Учугун улай бери-и-и-п.
Чарчап кеттим, Чарчап кеттим.
Чарчап кеттим, Чарчап кеттим..
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:48
#37 05 Май 2013 - 01:09
Билем жашоо нугунан бөксөрбөсүн,
Билем чындык бир күндө өзгөрбөсүн.
Кыбыраган кыпынды туюп туруп,
Анан кантип чындыкты көз көрбөсүн.
Ким жашабайт дүйнөдө күнөөсү жок?
Пенде билбейт чындыкты күбөсү жок.
“Чындык болбойт күбөсүз” дегендерге,
Айткым келет: “Асман да тирөөчү жо-о-о-к”.
Сезбей келсең чындыктын кыбыраарын.
Алдап көрчү адамдын тыңыраагын.
Бүгүн эртең унчукпай кырк жылда бир, кырк жылда бир.
Уксаң керек чындыктын чыңыраарын.
Заман өзү закымдап арыш керет,
Абийири бар адамга намыс керек.
Эки бетин май басып эсиргенди,
Чындык үсүн курмандык чалыш керек.
Жер да айланат күндү эле чебеленип ,
Булут күндү тосо албайт тегеренип .
Чөптү деле көп бассаң көзгө кирсе,
Чындык кантип жөн жатсын тебеленип?!
Сезбей келсең чындыктын кыбыраарын.
Алдап көрчү адамдын тыңыраагын.
Бүгүн эртең унчукпай кырк жылда бир, кырк жылда бир.
Уксаң керек чындыктын чыңыраарын.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:48
#38 05 Май 2013 - 01:10
Түнөрбө, түтөп күйүп чычаладай,
Сабыр кыл, сөз уксаңчы чычалабай.
Жалгандын жан жыргатаар жагымы бар,
А чындык ачуу болот күчаладай.
Ким айтса сөзүн ээрчип көсө бербе.
Тагдырды шашып чала чече көрбө.
Жалганды төрүбүздө тайраңдатсак,
А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө.
Өкүр, бакыр, башыңды ургун ташка
Өттү, кетти ооматың. Бул күн башка!
Өмүр артка кайрадан кайрылмакпы?
Өчүрүп кой ызаңды, өчүрүп кой ызаңды шылдыңдашса.
Уга турган киши жок калыс кепти,
Уулуң ууру, кызыңдан намыс кетти.
Уюткулуу журт элек майдаланып,
Уят леген улуу сөз алыс кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:47
#39 05 Май 2013 - 01:18
Өлкө жашап жалган цифраларда,
Сөөк талаш кимдир бирөө ыргыткан.
Өлбөс болуп жүрөсүңөр дүйнөдө,
Коркосуңар Кудай эмес чындыктан.
Ким жактырат ачып турсаң айыбын?
Пенде барбы мактаганды сүйбөгөн?
Эч ким менен урушпай да талашпай,
Бул жашоодон өтсөк дешет сый менен.
Кирген чыккан сүртүп өтөөр буттарын,
Эл эмине эшиктеги талпакпы?
Койдун канын кокус куюп алгансып,
Уул-кызың ушунчалык, ушунчалык жалтакпы?
Мекен бүгүн чоң базарга айланып,
Чөнтөкчүнүн күнү тууган убагы.
Кагылайын, кантип сени уктатат?
Кан какшаган калың журттун убалы.
Өчөөр-өчпөс качанкы бир чийиндин
Ар жагын, бер жагына чыга албай.
Өзүмдү өзүм иренжитип келемин,
Өмүрдө бир тобокелдик кыла албай.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:41
#40 05 Май 2013 - 01:34
Бул дүйнө төгүн, төгүн.
Көрсөтүп коюп төрүн.
Бирөөсү өлүп тынат,
Бирөөсү казат көрүн.
Бул дүйнө жалган, жалган.
Аркасы болуп арман.
Жылаңач келип пенде,
Жылаңач кетет андан.
Жаралып жарты бүртүк,
Турмуш деп алпуруштук.
Жалганын билип туруп,
Көңүлдү калтырыштык.
Дүйнө, сага чокунабыз,
Мелтеңдеп олтурабыз.
Ойлосоң түбү бошоң,
Бир күнү топуракбыз.
Бул дүйнө жалган, жалган.
Аркасы болуп арман.
Жылаңач келип пенде,
Жылаңач кетет андан.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:43