Кайра корсотулсо жакшы болмок.
УТРК- КТР (Биринчи канал) Коомдукпу же .....?
#222 22 Ноябрь 2012 - 12:05
КТРК мыкты канал, болгону дайым бир багыт, озгоруу аз болчу. Бирок, азыр жанылануу башталды!
!! Алга, алга дагы да ийгиликтерди каалайм!
Ар бир пенде адашуучу
#223 22 Ноябрь 2012 - 12:09
...ошентип журуп, профессионал болушат.
Ар бир пенде адашуучу
#224 23 Ноябрь 2012 - 16:20
Кыргыздай улуу журт бар да
Кыйкырып ырдайм чындыкты
Кырчын кез тилде күч бар да
Кулдары үчүн аманат
Кулакты берген укканга
Кокуйлар чыкты арадан
Кол сунуп ичтен,тыштан да
Көрмөксөн болбой аларды
Көкүрөгүңдү куткар да
Көз ачыктарды теледен
Көрсөтүп жатат бүт жанга
Коомдук каналдан жок экен
Кой ай деп бирөө чыкканга
Кызыгат кимдер болду экен
Кыргыздын жолун бузганга
Кутурган башты айлантып
Кудайга каршы душманга
Кайрылып ырдайм далилдүү
Кадимки көз ачыктарга...
Жеңишбек Жумакадыр
Кыйкырып ырдайм чындыкты
Кырчын кез тилде күч бар да
Кулдары үчүн аманат
Кулакты берген укканга
Кокуйлар чыкты арадан
Кол сунуп ичтен,тыштан да
Көрмөксөн болбой аларды
Көкүрөгүңдү куткар да
Көз ачыктарды теледен
Көрсөтүп жатат бүт жанга
Коомдук каналдан жок экен
Кой ай деп бирөө чыкканга
Кызыгат кимдер болду экен
Кыргыздын жолун бузганга
Кутурган башты айлантып
Кудайга каршы душманга
Кайрылып ырдайм далилдүү
Кадимки көз ачыктарга...
Жеңишбек Жумакадыр
#225 25 Ноябрь 2012 - 18:29
Атасы Кыргыздын чыган уулдарынын бири да. Лунара эжекеме бактылуулук,
иштерине ийгилик каалайм
#226 25 Ноябрь 2012 - 18:34
Азыр да корунбой кетти го. Мага да жагат

КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..

#227 28 Ноябрь 2012 - 10:31
Чексиз мээримдүүнүн ысмы менен...
Көзү ачыктар аалам сырларыбы?.. .
же шайтандын ырларыбы...
Коомчулуктун бүйрүн кызыткан, айрыкча айылдыктардын эрмек сөзүнө айланган "аалам сырлары" деп аталып кой терисин жамынган карышкырдай, ыйманбузаар, динбузаар, адамдарды билип-билбестен ыймандан чыгарып, каапырлыктын азаптуу жолуна түшүргөн көрсөтүү бар. Карта кармап, алакан ачып тагдырды алдын-ала айтып, Аллах Тааланын ишине кийлигишип, аз жерден кудайга айлангысы келгендерди даңктап, барктап, алардын базарын кызытып, шайтандын камчысын чабышкан ырысы кем көрсөтүү-берүү.
Төмөндө көзү ачыктарга байланыштуу, касиеттүү шариат текстеринен бир аз маалыматты чогуу көрөлү:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким көзү ачыкка барса, кырк күнгө чейин намазы кабыл болбойт!" . Имам Муслим. Көрүнүп тургандай бул хадис көзү ачыктарга баруунун арамдыгын, аларга ишенбесе деле, эч нерсе сурабаса деле, жөн эле көргөнү барса деле туура эмес болоорун баяндайт. Намазы кырк күнгө чейин сообу жок калат. Кудай Тааламдын астында кабыл болбойт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким көзү ачыкка барса, ал айтканга ишенсе, Мухаммад алайхис саламга түшүрүлгөн (Ыйык Куранга) каапыр болот". Имам Абу Дауд. Көзү ачыктарга баруу жана айтканына ынануу ыйман алкагынан чыгараарын баяндайт. Себеп дегенде, Мухаммад алайхис салам пайгамбарыбызга түшүрүлгөн касиеттүү Куранга ишенүү менен, шайтан алайхил лаьна алып келген маалыматтарга ишенүү бир бирине коошпойт. Экөөнүн бирине ишенгени экинчисине ишене албайт. Экөөнү бир адамга чогултуу мүмкүн эмес. Имам Ахмад көзү ачыктарга ишенүүнү чыныгы каапырлык (куфрун акбар) деп баалайт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким куштар менен төлгө салса, же кимге куштар менен төлгө салынса, ким көзү ачыктык кылса, же көзү ачыктардын кызматынан пайдаланса, ким сыйкырчылык кылса, же сыйкырчылардын кызматынан пайдаланса, ким көзү ачыкка барып алардын айтканына ынанса, ал – бизден эмес!". Имам Баззаар. Куштар менен төлгө салуу адегенде кайсы бир кушту же чымчыкты же көгүчкөндү колго кармап туруп, асманга учурушат. Кайсыл тарапка учкандыгына, канчалык бийиктегендигине, же дароо эле жерге коно калгандыгына карап төлгө айтышкан. Бара бара адамдардын, жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринен төлгө салып башташкан. Мисалы (астынан мышык өтсө жолу болбойт) деген сыяктуу. Ал эми (бизден эмес) деп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жамаатынан, үммөтүнөн эмес, б.а. мусулман эмес деп таамай айтылат. Кээ бир көзү ачыктар сакал коюп, селде чалынып, жоолук салынып, бисмилла деп сүйлөп, намаз окуп, колуна теспе кармап адамдардын көзүн будамайлашат. Алар канчалык жогорку деңгээлде мусулманчылыктын парздары менен карздарын аткарбасын мусулман деп эсептелинбейт. Кээ бирлери бир нече ирет ажылыкка да барып келген болуусу мүмкүн. Алардын ибаадаты, мусулманчылыкты кармангандыгы, кудайды оозанып сүйлөгөндүгү момун-мусулмандарды алдап азгырат. Сактануу керек. Айрыкча карапайым мусулмандар алардын торуна түшүп калат.
Ибн Аббастан марфууь риваятта мындай айтылат: "Ким жылдыз карап төлгө ачса, (Абжад) тамгаларын жылдыз карап төлгө ачуу үчүн үйрөнсө, Аллах Тааланын алдында жакшылыктуу эч бир үлүш-насибеге ээ болбойт!" . Имам Хумейд бин Занжавуя. Аллах Тааладан жакшылыктуу насибеге ээ болбостук, жамандыктын жеткен чеги. Улук Кудайдын ырайымысыз эч ким бейишке кирмек турсун, бейиштин жытын жыттай да албайт.
Кудай Тааламды таанып, ыйман келтирген пенде:
• Көзү ачыктарга ишенбөөсү керек. Айткандары чындыкка жакындап турган болсо да ишенбөө керек. Шайтандар бир азыраак билгенин айтып жардам берип, көзү ачыктардын кээ бир сөзү туура чыкпаса, айтканынын баары эле жалган чыга берсе анда ким ишенмек эле да, ким шайтандын торуна чалынмак. Кудайдын сыноосу баарыбызга бирдей, татыктуу өтүүнү насип кылсын. Чындыгында, буларды "көзү ачык" деп какшыктап тергегенибиз менен, булар көздөрү караңгы, көкүрөктөрү сокур, ыйманы жок байкуштар.
• Көзү ачыктардын берүүсү болгон "Аалам сырларын" көрүүгө болбойт, үйдөгү бала-чаканы, тууган-урукту да көрүүдөн тосуу керек. Жогоруда укпадыкпы, ишенбестен туруп деле барса кырк күнү намазы кабыл болбойт деп. Ишенбестен туруп эле, жөн эле көрсө да мына ушундай болот.
• "Аалам сырларын" алып баруучуларга, уюштуруучуларга, каражат жагынан жардам бергендерге салам айтуудан, бир дасторкондон тамак жегенден, аларга кыз берүүдөн, ургаачы болсо аларга үйлөнүүдөн, сүйлөшүүдөн сактануу керек чыныгы мусулманмын деген адам. Биринчиден аткарып жаткан иштеринин ыпыластыгын сездирүү, жийиркенүүнү туюндуруу максатта, экинчиден аларга Аллахтын каары келип баштарына балээ түшкөндө жанындагыларга да балээ жабышпасын деген изги тилек. Казанга жакын болсоң карасы жугат дечү беле. Анын үстүнө, көзү ачыктарга жардам берип, алардын базарын кызытып тапкан акча канчалык арам экендигин туйдуңуз бекен? Андан көрө денесин сатып, сойкулук кылып, акча таап жанын бакканы салыштырмалуу түрдө "түзүгүрөөк" болот беле? Же бомж болуп тентип кеткен салыштырмалуу түрдө "жагымдуураак" болот беле?
• Көзү ачыктардын амалы жөнүндө уксаңыз, же каалабаган абалда көзүңүз түшүп калса алардын жамандыгынан сактануу үчүн бул дубаны окуңуз " Аллоохумма, лаа яьтии бил хасанаати илла Анта, ва лаа ядфаьус саййиаати илла Анта, ва лаа хаула ва лаа куввата илла бик". Мааниси: "Оо Жараткан Улуу Кудайым! Жакшылыкты Сен гана берээрсиң, жамандыкты Сен гана кайтараарсың, Болгон айлабыз да, күч-кубатыбыз да жалгыз Сени менен...!" .
Акырында айтаарым, өлкөдөгү ар бир жарандын курсагынын токтугуна, уйкусунун тынчтыгына, ыйманынын бүтүндүгүнө Падышабыз түздөн-түз жооп берет. Ислам дүйнө таанымында парламенттик деген башкарууну тааный албайбыз. Бир адам жоопкерчиликти моюнга алуусу керек. Жыргалын көрүп кууралын тартуусу тартсын. Андыктан Кудай алдындагы жоопкерчилик урматтуу Ажобуз Алмаз мырза Сизге жүктөлөт. Элиңизди каапырлыктын сазынан сактап калыңыз! "Аалам сырлары" берүүсүн токтотуңуз! Ачка болсок, бир күн тоёрбуз, а бирок ыймансыз акыретке жөнөп кетчү болсо элиңиздин бирөө жарымы, түбөлүк тозокто калып кетет. +мүрүңүздүн узундугун тилеп, элибиздин колунан бейишти көздөй жетелеп акыйкаттын ак жолуна салууңузду үмүт этип, улук Кудайга мунаажат дуба кылып, букараларыңыздын бири.....
Урматым менен Чубак ажы Жалилов

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#229 28 Ноябрь 2012 - 22:06
Ушул передачанын афтору Асыл Апасова, алып барган Назира Айтбековага наалат.
#231 29 Ноябрь 2012 - 11:55
жакшы кулкулуу эле да,жаны чыгып келе жатса да, кара каш баласы сонун аткарат го озгочо чалдардын ролун.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#232 29 Ноябрь 2012 - 12:08
Азыр кадыресе жакшырды, азыркы директорун баалайм, сыйлайм жакшы озгоруулорду алып келди озу дагы жакшы журналист, озгочо шайлоо убагындагы суроолоручу!
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#233 29 Ноябрь 2012 - 12:30
КТРК алга, дагы дагы "Музыка"
"Жаш балдаргага"
деген сыяктуу каналдарынарды ача бергиле. И баса спутниктен да корсо болот бул каналдарды.
#234 01 Декабрь 2012 - 23:31
Азыр финал журуп жатат. Финалда Назира Айтбекованын бая кунку супер тамашалагандагы кийимин катышыптыр коробканын ичине. Эч кимиси окшоштура албай коюшту.
Реал чемпиооон!!!
#235 01 Декабрь 2012 - 23:56
оа,бугун туз эфирде финал болуп жатат. финалдын журушундо узулуп,узулуп калтат,бул да болсо кудайдан...деп жооруп койдум.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#236 01 Декабрь 2012 - 23:58
Фатима женди!
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#238 02 Декабрь 2012 - 00:30
#240 02 Декабрь 2012 - 02:08
Каяктагы болбогон нерсе,булар артистер эсинер болсо эч качан ишенбегиле.
...Ушуларды корсом,бир окуя эсиме келет..... Эжемдердин алдына барсам бир поляк кемпирди экстросеанс экен,тим эле туура айтат экен деп ороп алышыптыр.Мен вобше ишенбейм десем,тиги кемпир айтып атпайбы;Кызым сен аябай добрый ишенчек экенсин деп,ушуга окшогон создорду,вобше то бардыгыбыз эле озубузду ушиндай ишенчекпиз деп ойлойбузда.
Булар деген психолоктор да.Менин бир эле проблемам бар турмушка качан чыгам деп сурасам,сени бироо аябай суйот куздо уйлоном деп журот дейт.(Вобше то менин 2балам бар.)Ии шарлотон турбайсынбы десем.Унчукпай жолуна тушту.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!