Автор:
Чубак ажы Жалилов
Кимдир бирөөнү өзүңө күнкор кылып алгың келсе,
ага сүткордукка акча бер... Жөөт накылы
Учурда чатыр тигип, учурунда сүткор банктанакча алып, анын туумун төлөй албай, жашаган үйүн алдырып, заманасы куурулган кудайдын пенделери баарыбыздын көңүл чордонунда.
Таң эрте багымдатка даараталып жатып, күндүн сууп калганын баамдап, чатырдагы кандаштарым эмне болду экендеп убайымданам.
Эмнеге ушул ахыбалга түштүк? Эмнелер себеп болду? Эмне кылуукерек?
... деген суроолор эбедейимди эзипбүттү...
Ыйык Куранда сүткордук туурасында мына буларайтылат:
1. "Сүткордуккылган пенделер Кыямат күнү кабырдан жин тийип, эси эндиректеген,
акыл-учунанкеткен абалда турушат. Бул азап алардын: (Сүткордук соода сыяктуу эле адал!), деген сөзү үчүн, ынанымы үчүн, кылган сүткордугу үчүн берилген жаза. Чындыгында Кудай Таала сооданы адал кылып, сүткордукту арам кылган. Кимге Кудай Тааланын(Сүткордук арам!) деген буйругу жеткен учурда, Кудайдын буйругуна моюн сунуп, сүткордукту токтоткон болсо, буйрук жеткенге чейинки жегени Кудай Таала тарабынан кечирилет. Мындан кийинки иштери Кудайга тапшырылат.
Ал эми ким кайрадан сүткордукка кайтса тозок ээлеринен болоор. Андайлар тозокто түбөлүккө калышаар"
.(Бакара: 275)
2. "АллахТаала сүткордук менен тапкан дүйнөнү берекесиз кылат, Кудай жолунда берген жакшылык-садакаларга береке жазат. Аллах Таала Өзү берген немат-жакшылыктарга шүгүр келтирбеген күнөөкөрлөрдү Өзүнө дос тутпайт".
(Бакара: 276)
3."
Эймомундар!
Кудайдан корккула!
Эгер момун болсоңор сүткордуктан калган мал-дүнүйөнү таштагыла, албагыла!
Эгер сүткордуктан түшкөн пайдаңарды таштабасаңар,
Аллах Таалага жана анын пайгамбарына согуш ачкан болоорсуңар!
Эгер сүткордуктан тообакылсаңар карызга берген малыңардын өзү (берген капиталыңар) өзүңөргө калат. Б.а. берген акчаңардын өзүн проценти жок өндүрүп алганга, аны жегенге уруксат берилет. Сүткордук кылып, пайыз албагандыгыңыз үчүн карыз алган адамга зулумдук жеткирбейсиз,
ошондой эле пайыз албастан, өз акчаңыздын өзүн эле колуңузга алган себеп сизге да зулумдук жеткирилбейт.
Эгер карыз алган адам колунда жок болсо, тээ мүмкүнчүлүгү жетип тапканга чейин мүмкүнчүлүк-
мөөнөт бергиле! Эгер акыреттин пайдасын билип, карызыңарды кечип, аларга садака кылып жиберген болсоңор, анда ого эле пайдалуу ишти кылган болоор элеңер! Кудай Тааланын алдына эсеп-кысап үчүн чогула турган күндөн корккула!
Ал күнү ар пенденин кылганына жараша жазасы толук берилет. Аларга ал күнү зулумдук кылынбайт!
". (Бакара:278-
281)
Пайгамбарыбыз алайхис салам сүткордук, пайызгаакча алуу туурасында мындай дейт:
1. "Пайыз жегендер (м:банк ээлери), пайыз жедиргендер (сүткордукка акча алгандар), алардын бул иш чарасына күбө болгондор (банкта иштегендер),
документтештирип жазгандар (нотариуста иштегендер,
катчылар)....
.Мухаммад алайхис саламдын тили менен каргыш айтыл(лаанаттал)гандар!
". Абдулла ибн Масьуудтан,
Мунзирий,Таргииб 3\5.
2."
Жок кылып, балакетке учуратуучу жети нерседен сактангыла!
...1.Ширк келтирүү, 2.Сыйкырчылык,
3.Бейкүнөө адам өлтүрүү, 4.Жетимдин малын жемек, 5.Сүткордук кылып пайыз акча жемек,...".
Абу Хурайрадан.
Бухари 2766, Муслим 89.
3. "Кыямат келээрдин алдында сүткордук, зынаакордук (ойноштук), арак ичүү жашырыл бастан эле ачыкка чыгып калат". Ибн Масьуудтан.
Мунзирий. Таргииб 3\9.
Азыркы учурда үч чоң күнөөнү катары менен аткарып жаткандар коомубузда толтура. Арак ичүүнү, никесиз кыз жандоону маданияттын жетишкендиги катары көрүп, пайыз менен акча берген банк уюштуруп, сүткордук менен иштегенди өнөр көргөндөр кадимкидей көрүнүшкө айланды. Ал эле эмес улут каймагы, журт уюткусу делгендер, бизди жаркын келечекке жетелейт деген "элита"
бызда мындан куру эмес экендиги баарыбызга маалым. Чырак күйгүзүп издебесең деле, бутуңа чалынат. Деги эле бизде эсил кайран алтымышынчы жылдардагыдай элитабыз барбы деген суроо аргасыздан жыртаят.
Аалымдарыбыз,
динбашыларыбыз кантти экен бу өзөндө:
1. Ибн Аббаастан:"
Кимде ким сүткордук менен алектенсе, андан суурулуп чыкпаса,мусулмандардын башчысы (президенти,
падышасы) тооба кылууга мүмкүнчүлүк берсин. Эгер тооба кылбаса, кылыч менен башын кыя чапсын!..."
Шархут таргииб 3\15.
2. Имам Ахмад, Каьб Ахбаардан: "Отуз үч жолу зынаа кылуу мен үчүн, сүткордук-пайызменен табылган бир дирхамды (200 сомдун тегереги) жегенге караганда жакшыраак"
. Мунзирий, Таргииб 3\7.
Ойнош оттон ыссык, боктон сасык деп Инжилдеайтылгандай,
зынаакорлук канчалык чоң күнөө экенин баарыбыз билебиз. Бойдокболсо жүз балак урулуп, үй-бүлөлүү болсо таш бараңга алынуусу милдеттүү экендиги жалпыга маалым. Эми ошол сүткордук-пайыз,
арам акча Имам Каьб Ахбаар үчүн ошондон да жийиркеничтүү экендигин баяндайт.
Сүткордуктун зыян-залалдары:
1.Пайыздан жегенпенде Алах Тааланын ырайымынан куулуп, Кудай Таалам менен пайгамбарыбыз алайхис саламдын согушуна дуушар болот.
2.Сүткордук коомду ичтен иритип, ыпыластыкты жайылтат. Үй-бүлөлөрдү бузуп, наристелердин көзжашын агызат.
3.Пайыз жеген,жедирген,
күбө болгон, каттап-жазгандардын баары тең күнөөкөр. Кудай Тааламдын мээриминен кур жалак калышат.
4.Пайгамбарыбыз көп учурда сойкулук менен сүткордукту катар коюп, экөөнүн тең коомдук маанидеги күнөөлөр катары айыптайт. Коомго терс таасирин тийгизет.
5.Сүткордук жүрөктөргө кекчилдикти алып келет, жүрөктөн мээрим менен жумшактыкты алып кетет. Бир туугандык сезимдер жабыркап, кайрымдуулук мамиле өлөт. Коомчулуктун биримдигибузулат.
6.Сүткор пенденин нафси-вижданынын ыпыластыгы,
жакшылыгы жок экендиги белгилүү болот.
7.Сүткор пенденин акыбети оңбойт.
Акырында "Фатаава Куброо"
китебинен (29\418-419) төмөнкү фатваны чыпчыргасын коротпой көчүрөйүн: "Мусулмандардын жетекчилигинин мойнундагы сүткорлор маселесиндеги алгачкы милдет, аларды кылган иштери үчүн ылайык көргөн жазага(таьзиир) тартуусу керек. Андан соң карыз алган "бересе"
пенде алган карызынын өзүн гана төлөөгө милдеттендирилет.
Сүткордук эсеп менен пайда болгон пайызын жокко чыгарат.
Эгерде "бересе"
адам колу жука болуп кыйналып турса, анын жеке муктаждыгынан сырткары мүлкү болсо, анын эсебинен мүмкүнчүлүк болушунча төлөйт."
Кудайым шерменде кылбасын. Ажобуздун көңүлүнө, депутаттарыбыздын акылына салып, пайыз туурасында Улук Кудайга жага турган мыйзам кабыл алууну насип эткей. Улук Кудайымдын жолун тутунбасак,
азабына дуушар болуу коркунучу бар. Кээ бирибиз ал азаптан айтып кутулабыз, кээ бирибиз мыйзам жазмайынча,
кээ бирибиз аны аткармайынча кутула албайбыз. Антпесек балдарыбыз ыйлаганы ыйлаган, аялдарыбыз боздогону боздогон бойдон кала берет. Аллахтын каарына калган коомдорго (жөөт дегеним) кулак кести кул боло бергенибиз боло берген...
Кудайыма мунаажат дуба менен Чубак ажы.
- (2 )
-
- 1
- 2
Сүткордук б.а. пайызга акча берүү жана алуу
#2 22 November 2012 - 11:20
Жакшы жазыпсыз, рахмат.
Ошондо эми банктан процентке акча албаш керекпи?

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#3 22 November 2012 - 11:36
#4 22 November 2012 - 13:38
Daud алла разы болсун сизден.Биз акчаны банкта сактайбыз (россияда)эми ошонун да пайызы болот. Эми ушул да суткорлукка кирип калабы.Пайызы жок банк жок экен.Ушул жонундо малыматыныз болсо жаза кетсениз.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#5 22 November 2012 - 13:48
Сүткордук Кураани-Керимде "Рибаа"
деп берилет (Ал-Бакара 275, 276). Рибаа экиге бөлүнөт экен:
1. Рибаа Анн-Насии - карызга берилген акчанын пайызы.
2. Рибаа Аль-Фадл - сапаты жакшы нерсеге ошол эле нерсенин сапаты начарыраагынан көбүрөөк берип айыр баштоо.
Биринчиси тууралуу маалымат кенен тараган, жана сүткордук дегенде эле баарыбыз пайызы менен акча алуу же берүү деп билебиз. Буга мисал келтирип деле кереги жок го...
Экинчиси тууралуу мындай хадис бар экен:
Абу Сааид Аль-Кудри (р.а.) айтып жатат: Бир жолу Билал Пайгамбарыбызга (С.А.В.) финики алып келди. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) андан мындай деп сурады: "Буларды кайдан алып келдиң?" Билал мындай деп жооп берди: "Менде начар финики бар болчу, мен 2 кг сапаты начар финикини 1 кг жакшы финикиге алмашып алдым, аны Пайгамбарыбыз (С.А.В.) жесин дегем" (арабча "СА" деген өлчөмдүн котормосун билбегендиктен "килограмм" деп которуп койдум) Ошондо Пайгамбарыбыз (С.А.В.): "Абайлагыла! Абайлагыла! Бул - анык Рибаа! Бул - анык Рибаа! Мындай кылбагыла, эгерде сапаты жакшы финики кааласаңар, сапаты начарын акчага сатып, түшкөн акчага сапаты жакшысын сатып алгыла!" - деп айткан (Сахих Ал-Бухари, 3-том, №506 - хадис)
Биздин коомчулук пайызга акча албаш жана бербеш керек экенин түшүнүп эле калды. Кудайга шүгүр, мындан сактанганга да аракет кылып калдык.
Бирок Рибаанын экинчи түрү да бар экенин жакында эле билдим. Ошону жеткирип коюуну туура көрдүм. Себеби пайыздан качканы менен мал-жан, буюм-тайым алмашып жүргөн мусулман бир туугандарды көп эле көрдүм...

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#6 22 November 2012 - 14:47
Daud алла разы болсун сизден.Биз акчаны банкта сактайбыз (россияда)эми ошонун да пайызы болот. Эми ушул да суткорлукка кирип калабы.Пайызы жок банк жок экен.Ушул жонундо малыматыныз болсо жаза кетсениз.
Аллах сизден да ыраазы болсун!
Ооба, сиз айткан нерсе да сүткордук деп эсептелет. Бирок акча сактоонун башка ишенимдүү жолу жок болуп (мисалы топон кетүү коркунучу бар болсо) жана банкка гана сактоо керек болуп жатса, анда акчаны банкта сактасаңыздар болот. Бирок акчаны алгандан кийин банк кошуп берген пайыз акчаны садака кылып жиберүү керек болот. Садака кылып жибергенде аны тамак-ашка эмес, курулуш иштерине садака кылып жиберүү керек. Мисалы көпүрө, мечит, мектеп куруу ж.б.у.с. Ал пайыздан сиздер бир сом да пайдаланбооңуздар керек болот.
#7 22 November 2012 - 17:49

Алла раазы болсун.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#8 23 November 2012 - 14:14

Аллах ыраазы болсун! Жакшы жооп экен. Курулуш иштерине садака кылуу өтө сооптуу экенин, адам кабырда жатканда да ошол курулган нерсе адамдарга жардам берген сайын ага сооп жазылаарын билебиз. Бирок эмне үчүн тамак-ашка садака кылып, бир жетимдин курсагын тойгузуп коюуга болбойт? Же өзү келген арам акча (банктын кошкон пайыз акчасы) аны тапканга эле арам болбостон, садака алган адамга да арам болобу?
#9 24 November 2012 - 16:08
Аллахым ажир берсин.мен сизге суроо берейин дегеним.акчаны процентке берген адам эле кунолу болуп калабы же алган адамда кунолу болобу?
#10 24 November 2012 - 19:35
Илгери "Каныбек"
романынан биринчи жолуктургам бул "сүткор"
деген сөздү. Такыр түшүнө албай койгом. Башка бирөөдөн да сурап албаптырмын.
Кийин, бир топ убакыттан кийин билип жатам бул сөздүн маанисин.
Эгер мурда билбей кредит алган адам ошол кредитти проценти менен төлөп бериши керекпи же кандай?
Бир хадис (же аалымдын айтканыбы, так билбейм) бар эле сүткорлукту зынанын эң жаман түрүнөн да оор күнөө деген. Ошону тактап жазып кетесиңби?

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 24 November 2012 - 22:27
#12 24 November 2012 - 22:38
1) Эгер мурда билбей кредит алган адам ошол кредитти проценти менен төлөп бериши керекпи же кандай?
2) Бир хадис (же аалымдын айтканыбы, так билбейм) бар эле сүткорлукту зынанын эң жаман түрүнөн да оор күнөө деген. Ошону тактап жазып кетесиңби?
1) Жогоруда аль-Фатаава Кубро китебинде карыздын озун гана бериш керек деп айтылып жатат. Бирок азыр бизде карыздын озун берсен уйунду (же дагы башка нерсенди) тартып алат.
2) Жогоруда макалада (дин башыларыбыздын создору деген жеринде) Къаб Ахбаардын мен учун суткордук отуз уч жолу зына кылгандан жакшыраак деген созу айтылды.
#13 24 November 2012 - 22:52
Аллах ыраазы болсун! Жакшы жооп экен. Курулуш иштерине садака кылуу өтө сооптуу экенин, адам кабырда жатканда да ошол курулган нерсе адамдарга жардам берген сайын ага сооп жазылаарын билебиз. Бирок эмне үчүн тамак-ашка садака кылып, бир жетимдин курсагын тойгузуп коюуга болбойт? Же өзү келген арам акча (банктын кошкон пайыз акчасы) аны тапканга эле арам болбостон, садака алган адамга да арам болобу?
Мен бул суроонун жообун билбеймин. А жогорудагы жооп Чубак ажынын жообу болчу. Эмнеге тамак-ашка садака кылса болбостугун так билбеймин. Бирок менимче бул суткордуктун акчасын эч кимге жедирбеген жакшы деген этияттык себебинен болсо керек.
#15 24 November 2012 - 23:42
Тушунуктуу эле,рахмат!
Мумкун болсо узагыраак кылып жооп берсениз болобу? Ачкан теманыз мактоого татыктуу,себеби азыркы элдин баары(почти) кредит менен иш кылат эмеспи! Аллах ыраазы болсун сизге!
Коп элдин козун ачтыныз деп ойлойм(арасында менда бар))...
Озум кредит алып корбосом да (омуру) бир туугандарым бар кредит менен иш кылган,убагында мамда кредит алчу.. Билбейм ай,билип туруп кылышчубу же билбей туруппу?

#16 26 November 2012 - 08:34
Теманы ондоймун деп жатып, бузуп алдым (((
кайра калыбына келет бекен? Жогору жактагы көптөгөн жакшы маалыматтарыңыз көрүнбөй калыптыр...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#17 26 November 2012 - 16:32
#18 27 November 2012 - 11:58
Негизи азыркы учурда элге берилген кредиттер элди кул кылууну гана көздөйт. Кредит бергендер (биздин мамлекет эмес, мамлекет өзү кредитке алган дүйнөлүк банк сыяктуу чоң банкттар) акчаны эч жерден албайт. Алар бизге $1000000 кредит берсе компьютге "Кыргызстан - $1000000" деп жазып коёт, болду! Ал акча виртуалдуу жасалат. А биз болсо маңдай терибиз менен чыныгы акча жасап, кайра беребиз! Бул элди кул кылган эмей эмне?
Ошондуктан, ушундай "акылдуулардын" кулу болуп калбаш үчүн Аллах пайызды арам кылса керек деп ойлойм.
Андан көрө кооперативдерди уютуруп, ар кандай фонддорду түзүп алып, карызга бири-бирибизге акча берип, иштесек адал жана эң туура болмок. Мындай кылууну ошол "акылдуулар" элге эч үйрөткүсү келбейт. Университеттерде, билим берүү системасында, дүйнө жүзү боюнча кредит берип, кайра кантип доолап алышты үйрөтөт. Баардык окуу жайларда "Финансы и кредит" деген бар. "Финансы жана карыз" дегенди уккан эмесмин. Бул өтө өкүнүчтүү!

#19 05 July 2014 - 16:49
Он төртүнчү күнөө: риба (сүткордук)Риба - бул бир түрдүү нерсени берип үстүнө кошуп алуу.Рибанын зыяндары: Сүткорлор чоң күнөөкөр болушат.Сүткордук көбөйгөн жерде Алланын ар түрдүү балээ-азаптары көбөйөт. Сүткорлорго Пайгамбарыбыздын(Ага Алланын салам-салаваты болсун) лаанаты болот. Сүткорлор кыяматта азапталышат.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#20 29 December 2015 - 10:14
● Суткор Кыяматта акылдан тайган абалда тирилет...
• Сүткорлук менен пайда жеген адамдар Кыяматта шайтан уруп, акылдан тайган адам сыяктуу, (мурзолорунон) турушат.
Бул алардын:
"Соода деле суткорлук сыяктуу"- деген созу учун жаза.
Аллах сооданы адал, суткорлукту арам кылган.
Ал эми, кимге Роббиси тарабынан суткорлуктун арамдыгы жонундо насаат баян келсе жана ал тообо кылып токтосо, откондогусу озуно адал жана келечек иштери Аллахка тапшырылат. Жана ким суткорлукка кайтса, ошолор гана тозокулар, алар анда туболук калышат!
(Бакара, 275).
✨Суйуктуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
"Кайсы бир коомдо зина менен риба айкын чыга баштаса, анда алар Аллахтын азабын оздоруно адал кылган болот".
•1) Суткорлук менен пайда жеген адамдар тактап айтканда, ошол нерсенин эсебинен (суткорлуктан) пайда алышат.
Тапкан пайдадан ичинип-кийинишет, жашоо-тиричиликке кенири колдонушат.
• 2) Кыяматта шайтан уруп акылынан таят дегени, Кабырдан тирилип Сурак Куну махшар майданына акылдан адашкан, жинди абалында турат.
Ал адамды баардык жандык корот.
• 3) Алардын мындай акылдан азып, жинди болуп калуусуна бирден бир себеп, алар карапайым адамдардын жашоосуна кайдыгер мамиле кылгандыгы жана ошондой эле жакырчылыкта кыйналып жургон адамдарды жинди абалга жеткириши, (тактап айтканда) аларды кыйнап-кыстап, зордук-зомбулук корсотуп зулумдук аракеттерди кылышы.
• 4) Соода деле суткорлук дегени, ал адамдар суткорлукту соодага эле тенешип, суткорлуктун куноосуно маани бербегени.
Бул созу менен алар оздоруно окум чыгарып алышты.
• 5) Аллах сооданы адал, суткорлукту арам кылган.
Суткорлукту соодадай эле деген адамдарга Аллах жооп берип жатат.
• 6) Роббиси тарабынан суткорлуктун арамдыгы жонундо насаат баян келсе да, арамдыгын окум катары тушунгондон кийин тообо кылып токтосо, откондогусу озуно адал жана келечек иштери Аллахка тапшырылат. Ким суткорлукка кайтса-ошолор гана тозокулар, алар анда туболук калышат!
°Аяттан алынган пайдалар:
•1) Суткорлуктан алыстоо.
Пайыз берген жана алган адамды шайтан урган адамга окшоштурду.
Ал адам Аллахтын буйругуну аткарбай шайтанды ээрчип кетип жатканы айтылды.
• 2) Суткорлук менен алек болгон адамда ач коздук пайда болот.
Ал адам канаат кылганды унутуп пайданы гана коздоп калат.
• 3) Суткорлук менен алек болгон адамдан Аллахтын назары учат.
Демек ага туболук кайгы жана окунуч.
• 4) Суткорлук менен иштеген адам дайым балээ кырсык устундо болот.
Анын тапканы жугумсуз болуп, пайдага караганда зыяны коп.
• 5) Шайтан адам баласына зыян бере алат жана олтуруп коюшу да мумкун. Шайтанды ээрчигендиги учун ал адам Аллахтын жакшылыктарынан куру калат.
• 6) Адам эки жол менен жинди болот. Бири шайтандан, экинчиси ден-соолугуна байланыштуу.
• 7) Адамдар суткорлук менен алек болгондо кок бет болуп аша чапканга жол тузулот.
Себеби алар соода деле суткорлук, чынында суткорлук деле соодага окшош - деп айткандарынан кайтпай туруп алышкан.
• 8) Аллах эмнени адал десе адал дейбиз, эмнени арам десе ошону арам дейбиз. Жадагалса арам деген нерседе дуйнолук пайда коп болгондой сезилсе да, ага умтулбайбыз.
Анткени, Аллахтын буйругу талашсыз аткарылууга зарыл.
• 9) Ар бир арам же адал кылган нерседе, адамдардын кызыкчылыгы учун Аллахтын кызыкчылыгы учун эмес.
• 10) Кайсы бир адам суткорлук менен билбестен алек болсо, ошол убакытка чейин тапкан акчалардын баары адал болуп эсептелет.
Бирок бир шарт менен эгер тообо кылып артка кайтса, Роббиси тарабынан суткорлуктун арамдыгы жонундо насаат баян келсе жана ал тообо кылып токтосо, откондогусу озуно адал жана келечек иштери Аллахка тапшырылат. (Бакара: 275).
• 11) Аллахтын адамдарга болгон ырайымы, мээрими.
Тообо кылганча суткорлук менен коргон акчаларынан кайтарбайт.
• 12) Суткорлуктун арам экенин билгенден кийин токтобостон ал ишти уланткандарга туболук азап эскертуудо.
• 13) "Келечек иштери Аллахка тапшырылат" .
Адам баласы суткорлук менен алектенип токтоткондон кийин журо бербестен дайым Аллахка жалынып жалбарып кулчулуктун устундо болуусу керек.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео