USSR байке бешик боо бек болсун. Кызыныздын омуру узун болсун, бактылуу болсун!
Чын журоктон куттуктайм!
USSR байкени кыздуу болушу менен куттуктайбыз!
#22 23 November 2012 - 11:48
Рахмат достор! көз жаргыча жарыя кылбай турайын деп өзүмчө ырым кылып койдум эле)) жыл башында Россиядан эле үйлөнгөн болчум.Кудайга шүгүр,бүгүн келинчегим кыз төрөп берип,бакытка бөлөп койду)))
Мына сага!!! "Ырым кылып..." деп коет! Кылгылыкты кылы-ы-ып, анан ырым кылып, Суперге кирбей жүргөн экенсиң да э?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#23 23 November 2012 - 13:16
Куттуктайм.
Кызыңын өмүрү узуун, ден-соолугу бекем, кыргызымдын чыгаан кыздарынан болушуна тилектешмин.
Балам бактым-балам базарым!
#24 23 November 2012 - 13:29
USSR бек боонор бек болсун!келечекте кыргыздын керегине жараган.кайрымдуу кыздардан болсун!
ийи кууш боонор да бек болсун кармашкан колунар ажырабасын!
ийи кууш боонор да бек болсун кармашкан колунар ажырабасын!
#25 23 November 2012 - 13:42
Кызыңызга бакыт берсин КУДАЙЫМ,
Жар болуңуз бөпөлөгөн жубайын.
Ыймандуу,акыл- эстүү,анан дагы,
Ден-соолукта болсун БӨБӨК ылайым!! !
Жар болуңуз бөпөлөгөн жубайын.
Ыймандуу,акыл- эстүү,анан дагы,
Ден-соолукта болсун БӨБӨК ылайым!! !
Альхамдулиллях я Роббим шүгүр...!!! :)
#26 23 November 2012 - 16:04
Ооо Талант ака! Бешик боосу бек болсун!!
! Барс ава айткандай кыргыздын керегине жараган кыздардан болсун!
Соңку сөз ордуна
: неге агентте көрүнбөй кеттиңиз?
Соңку сөз ордуна
Кытай,
Ички Монголия, Хух-Хото
#27 23 November 2012 - 19:02
Бешик жана Куш боон бек болсун!
Келечектен коп жакшы нерсе умут кыл. Бирок ошол "жакшы нерселер" сенин аракетинден сон гана ишке ашарын унутпа.
#28 23 November 2012 - 19:04
Йе СССР байке бешик боонуз кут болсун, жыл айланбай жуп болсун,тукумуз калын журт болсун.
Кылганыныз той болсун,
Жараткан озу колдосун,бактылуу силердин семяны,мээрими м.н коргосун,кырсык деген балекет,силерден алыс ойносун,жамандык деген куу тумшук,силерге жетпей суласын,грип срип оорулар,толетинерге куласын...

#29 23 November 2012 - 20:37
Талант аке жана Мээрим жеңе, кызыңарга узун өмүр, бактулуу жашоо каалайм. Аллаx өмүрү менен берген болсун.
Молодец Еви.. эми Доктор байкендикин да ачыка чыгарып сал)))))
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#30 23 November 2012 - 20:56
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#31 23 November 2012 - 22:25
Рахмат,көптөн-
көп рахмат! Кызыбыз 4кг төрөлдү,атын Арууке деп апам койду.Азырынча кызым өзүмө окшош,жоош болуп жатат ыйлап-сыктабай.
))Деп мактанайын десем апасы да жоош-момун)))
Баса, келинчегим тууралуу да аз-маз учкай кеп айта кетейин. Ал да силерге жат эмес, илгерки форумчулардын эсинде болсо керек, Mirulya деген форумчу бар болчу арабызда. Во-оот,келинчегим ошооол.
Баса, келинчегим тууралуу да аз-маз учкай кеп айта кетейин. Ал да силерге жат эмес, илгерки форумчулардын эсинде болсо керек, Mirulya деген форумчу бар болчу арабызда. Во-оот,келинчегим ошооол.
#32 23 November 2012 - 23:33
СССР ага, бешик боонуз бек болсун. Кызыныз омурлуу болсун, ата-энесин сыйлаган, кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп чонойсун. Мандайынан суйуп коюнуз, ок)))
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#33 24 November 2012 - 01:28
Рахмат,көптөн-
көп рахмат! Кызыбыз 4кг төрөлдү,атын Арууке деп апам койду.Азырынча кызым өзүмө окшош,жоош болуп жатат ыйлап-сыктабай.
))Деп мактанайын десем апасы да жоош-момун)))
Баса, келинчегим тууралуу да аз-маз учкай кеп айта кетейин. Ал да силерге жат эмес, илгерки форумчулардын эсинде болсо керек, Mirulya деген форумчу бар болчу арабызда. Во-оот,келинчегим ошооол.
/>
Баса, келинчегим тууралуу да аз-маз учкай кеп айта кетейин. Ал да силерге жат эмес, илгерки форумчулардын эсинде болсо керек, Mirulya деген форумчу бар болчу арабызда. Во-оот,келинчегим ошооол.
Талантке, биринчиден куш боо бек болсун, экинчиден бешик боо бек болсун. Ата энесинин мандайында жаркылдап, ыймандуу болсун. Омуру узун болсун. 18ге чыкканда, мага келин бала болсун)))).
#34 24 November 2012 - 01:28
USSR байке, Mirulya жене менен бактылуу болунуз!!
!
Арууке кызыныз сулуу,ыймандуу жана ата энесине мээримдуу кыздардан болуп чонойушун каалайм.
Арууке кызыныз сулуу,ыймандуу жана ата энесине мээримдуу кыздардан болуп чонойушун каалайм.
#36 24 November 2012 - 19:27
Жакшы, жакшы! Эки боо бек болсун (оптом)
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#37 24 November 2012 - 19:32
Өмүрү узуун бактылуу кыздардан болсун.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#38 24 November 2012 - 23:25
Куттуктайм!
Ден соолугу чын, омуру узуун, бактылуу кыздардан болсун! Дагы бобоктор ээрчип келсин.
#39 24 November 2012 - 23:59
Кош майрамыныздар кут болсун!Тундугу бийик болгон боз уйунуздордон эч качан ырыс,ыйман кетпесин!
Кызыныздар омурлуу,акылдуу кыздардан болуп чонойсун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#40 25 November 2012 - 00:17
USSR качан жээнтек той жейбиз анан?Жашыруун үйлөнүп тойго да чакырбадың?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.

Супер-Инфо
super.kg
видео