Sonun oku9lar eken! Kulo berip katyp kaldym!
Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
#141 01 Ноябрь 2012 - 16:55
Лучше быть счастливыми,
чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза
.
#142 02 Ноябрь 2012 - 16:08
аааййй эжелер сонун окуяларго. сиздерге рахмат кулку м.н омур тарттууладынар
#143 04 Ноябрь 2012 - 22:19
Aydashka (18 Май 2012 - 19:56) жазган:
Бир күнү салат жазай коёт элем деп кыйын болуп шымаланып.Жакшы эле берилип жазаваткам"
иий кыйын келин тура"деп айтышсын деп.Даамын көрөйүн десем эле туздууу болуп калыптыр.Эч ким жокто мал сарайга алып барып туруп уйду кыйнап жедиргем.

Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#144 06 Ноябрь 2012 - 02:32
келин болгонума 4жылдай эле болуп калган,анан кайын синдиме кудаалар келишиптир.
баланын ата энеси жон эле алдыбыздан откону.жамгыр себелеп аткан,алардын бут кийимдерин алып кирип койбопмун.кызмат кылып кирип чыгып журом,анан мынтиип байкасам куда кишинин бир колошу жок.аш кылып жатат элем,жугуруп ашымды карайм,эшикке чыгып аны издейм.эшикке чыкпай турса экен деп коем.таппай анан кайынэнеми чакырдым секин,айтып жатып кулуп жиберсем кайненем да кулуп издеп жоноду.анан ал киши да эшикке чыгып калды.ит которуп кетиптир кайним мектептен келип калып таап келди.озумчо уялып калдым да жамгыр жаап жатса алып кирип койбоймбууу деп
#146 07 Ноябрь 2012 - 07:26
toha (10 Октябрь 2012 - 14:14) жазган:
Бир достун окуясы. Досумдун аты Алтын жакында эле женелу болгон, баары чогулуп чай ичип олтурса досум женесине сойконуз кандай дептир женеси алтын дейт имиш не десе алтын дептир да эсине тушкон женеси минге коюп чыгып кетиптир а досум болсо каткырыптыр ошол бойдон кирбей койду дейт досум, озу да тамашакой эле досум, байкуш женесин какшататко.
Soikosu meneni bildiret?
#147 07 Ноябрь 2012 - 10:20
jikitai (17 Июль 2010 - 09:28) жазган:
Апам жаны келин болуп келгенин айтып калчу эле, ал кезде нике кыйгандын эртеси чач оруу деген салт бар болчу экен.Аялдарды ,окул апаны чакырып алып келинди ортого отургузуп башын батылдата сары май менен майлап чачын орушчу экен .АНдан кийин сары май жыттанып башым оорлошуп ,жуусан жыты кетпей абдан кыйналгам деп эмдигиче айтат.
Элестетип жатам, сары майды башына жуктоп алгандай эле болсо керек ээ....

Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#148 07 Ноябрь 2012 - 10:30
Биз тойдон 15 кундон кийин Орусияга келе бердик. Мени кандай келин эле деп журушсо керек? Барганда дагы башкадан таанышат окшоймун?

Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#149 07 Ноябрь 2012 - 10:50
Мен жаны келин бп келгенде кайын журтумдун баары чогулуп"жаны келин чай демдеп кирип,баарыбызга чай куйсун"деп айтып жиберишиптир.
Абысыным карматкан чайнекти которуп кирдим дагы,эн четте отурган аялга"сиз чай куюп турунуз",
анан арыраак диванда жаткан кишини "сиз туруп чай ичиниз"деп чыгып кетипмин.Корсо тиги аял кайнежем,жаткан эн улуу кайнагам экен
#150 08 Ноябрь 2012 - 11:56
биз жолдошум окобуз 2 жыл суйлошуп жургонбуз анан аны жумушунан ошко жиберебиз деп калышты,1жылдан кийин уйлонобуз деп жургонбуз бир куну тел. Чалып мен сени эртен ала качып кетем окобуз уйлонобуз сенсиз ошко кетпейм алып кетем деп калды ишендеген деле эмесмин анан эртеси достору м.н келип ала качып кетти мен ишенген жокмун мени ойнотуп жатышат деп кулуп жайнап журо бердим жолдон кафеге барып эс алып отурдук бир кезде айылына алып жоноду мен ишенбейм кулуп жыргап отурам анан уйуно жетип калганда калп болсо да ыйлап койсон деп кулуп калышты мен ыйлай албай кыйналам анан эшигин алдына келип токтогондо элдерди коруп журогум тушуп ушундай шолоктоп ыйладым дейсин омурумдо мынчалык ыйлаган эмесмин озумду жоготуп койдум элес булас билем оозума сары май,каймак,бал,
варенье анан да борсок салып жатышканын озум толтура кошого киргизишип бир малда кийимимди которуп жолук салып отургузуп койушту кичине озумо келип озумдун уйумдо отургансып барын унутуп койуп кичинекейлер м.н суйлошуп отура бериптирмин бир маалда кошогонун жанына кишилер келип отуруп башташты булар эмне келишти десем нике кыйат дешкенде журогум тушуп кетким келип ошондо болок булого було болгонумду сездим ыйлай эле бердим башка эмне кылам куйомду(жигитимди)коргум келбейт ошентип нике кыйылды... Кеч кирип женер тошок салышты куйом кошого кирди окобуз бир бирибизди карап кечке кулобу3 анан мен коркуп баштадым куйомо бугун башка жакка жатчы деп койом ал кантип болбойт да дейт... Ошентип мен келин болуп калдым прод.с.
#151 11 Ноябрь 2012 - 21:59
мен келин болгондон жакшы нерсе эсте калбаптыр
Алга,артка жол жок.
#153 12 Ноябрь 2012 - 12:42
Буюрса, толук бир айдан кийин келин болуп калам. Анан жазып коем кызыктар болсо.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#154 23 Ноябрь 2012 - 11:26
Мындан 2 жыл мурда куздо болчу, жаны келин болуп аппак жолук салынып маршруткада келаткам.Адам деген толтура, анан биздин уйдон отуп кетпейин деп алдыга, водительдин артындагы трубаны кармап тургам. Эшиктин жанына дагы бир сиденье коюп коет го, ошол жерде тескери карап чонураак эже олтурган. Анан озум маршруткага чыксам эле уйкум келе берет да, колумда китеп кармап еще келаткам.Эмне болгонун билбейм ошол турган жеримде эле уктап кетиптирмин.
Жанагы эже чон кыз китебин тушуп кетти десе озумо келип кеттим.Маршруткада баары жаны келин деп сынап жатышса уялбай уктап, анан китебим да тушуп кеткенин эстесем азыр деле уялып кетем. Уялып кызарып маршрутка токтогондо эле тушуп баратсам( анда кайсы жерге бараарымды точно биле элек болчум да)отурган тургандар деле жаны келин токтой тур бул сенин тушо турган жерин эмес дагы бар- деп ызылдап калышса болобу.Андан да катту уялганмын.Ошентип 10 минут жургондо"
Шопур бул жаны келинге токто эми деп прям реклама болгом ошондо.
#155 23 Ноябрь 2012 - 14:18
nazgul8076 (13 Сентябрь 2012 - 19:03) жазган:
Жаңы келин болуп барганымда кайнатамдан качып жүрдүм. Кайненем кача бер, бир күн жүгүндүрүп,
качырбай коем деди. Анан этаж үйдө турганыбызга байланыштуу кайнатам ваннага, кухняга кирээрде, жолдошумду чакырып келин кайсыл жакта десе, ваннада десе чыкпай турсун, мен кухняга кирип кетип атам дейт, анан ал келип мага айтат, же кайнилеримен сурайт. Себеби кухняда тамак аш менен алек болуп, ваннада кир жууп көп кирип чыкчуумун да. Ошентип жүрүп, 3 күн өттү. Анан кухнядан, колума идиштерди кармап алып, стенкага салганы кирип кетип атып, кайнатамы кухнянын эшигинин алдында сүзүп алсам. Анан башымды которуп карасам эле кайнатам, не кылышымы билбей, уялганымдан бетим кызарып, атам байкуш дагы не дешин билбей күлүп калды эле, кайненем нары комнатадан чыга калып, жүгүнүп кой, атаң болот десе, идиштерди жерге кое салып ирааасааа жүгүнгөнмүн.
Азыр эстеп күлүп калабыз.
качып журдум,кача бер деди дегенге такыр тушунгон жокмун, эмнеге качтынар?

#158 24 Ноябрь 2012 - 07:53
Салам баарына.мен жаны эле кирдим.жигитай сонун эсте каларлык окуялар болгон турбайбы.мен дагы айта кетсем.биз жаны жолдошум менен таанышууга барганда кайынэнем чогуу барган.анда жай мезгили болчу,чай ичейли деп боз уйго киргенбиз,ошто болгонда.буткийимдерди чечип отурсак эле жолдошумдун бутунда аялдардын кызыл тустогу байпагы,жиним келип же куло албай.ошентип ата-энеме тийбейм десем.тийесин дешкен.азыр жакшы эки балабыз бар.эстеп алып раса кулобуз.корсо байпак таппай карындашынкын кийип барган экенда.