Модадан калбай мен да "жеке концертимди" берейин деп чечтим.
Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д
#1 25 November 2012 - 23:49
Арыбаңыздар Суперстан калкы!
Модадан калбай мен да "жеке концертимди" берейин деп чечтим.
Теманын аталышы айтып тургандай,бул ырлар жыйнагымды отчеттук деп койсом да болот. Анткен себебим, туптуура бир жылдан бери ыр жаза элекмин. Интернет ааламында чачылып кеткен 2008-жылдан берки жазылган ырларымды чогултсам, аздыр-көптүр,
жамандыр-жакшыдыр бир жыйнак болду өзүнчө. Ошолорду топтоштуруп туруп,жакшы ниет менен бул темамды баштап отурам.(Кээ бир тааныштарымдын сунушу жана кеңеши менен) Кана эмесе урматтуу окурман,сизден сын-пикир жана кеңеш-сунуш күтүү менен бирге, бисмилда деп баштадык!
Модадан калбай мен да "жеке концертимди" берейин деп чечтим.
#2 25 November 2012 - 23:54
Тизилген тамгалар
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...
Эхх...вирт жашоосу...
Мониторго тигилген каректер...
А балким, дал ушул момент,
Ушулардын ар бири-
Чын жашоодо ким бирөөгө керектир?
Билсек деле керек экенин
Вирт дүйнөгө арнадык го
Сансыз күндүн неченин...
Ташта компту...талкалагын экранды,
Терезеден ыргытыип ий
Клавиатура, мышкаңды! !!
Акыркы ирет качан көрдүң
Таң атып,күн чыкканын?
Эсиңдеби тилектериң,
Тиктеп жылдыз учканын?
Күн батканда турдуң беле
Күн нуруна суктанып,
Түн киргенде бардың беле
Сүйгөнүңө уурданып???
Эстедиңби?
Эстедиң го араң-араң...
Ошентсе да инет сени
Чырмаганы чырмаган....
Баары бүтөр...
Инетиң да ...жашооң да ...
Инет эмес, бул жашоодо
Баары жалган жаралган....
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...
Эхх...вирт жашоосу...
Мониторго тигилген каректер...
А балким, дал ушул момент,
Ушулардын ар бири-
Чын жашоодо ким бирөөгө керектир?
Билсек деле керек экенин
Вирт дүйнөгө арнадык го
Сансыз күндүн неченин...
Ташта компту...талкалагын экранды,
Терезеден ыргытыип ий
Клавиатура, мышкаңды! !!
Акыркы ирет качан көрдүң
Таң атып,күн чыкканын?
Эсиңдеби тилектериң,
Тиктеп жылдыз учканын?
Күн батканда турдуң беле
Күн нуруна суктанып,
Түн киргенде бардың беле
Сүйгөнүңө уурданып???
Эстедиңби?
Эстедиң го араң-араң...
Ошентсе да инет сени
Чырмаганы чырмаган....
Баары бүтөр...
Инетиң да ...жашооң да ...
Инет эмес, бул жашоодо
Баары жалган жаралган....
#3 25 November 2012 - 23:56
Сагындым го...
Сездиң бекен сагынчымды?
Санаа курчап
Жоготтум го
Түн уйкумду, тынчымды....
Себелеген жамгыр үнүн тыңшоодон
Тажап бүттүм,
Романтика калбады....
Балким жаандын
Мен сыяктуу
Бардыр бүтпөс арманы...
Сездиң бекен сагынчымды?
Санаа курчап
Жоготтум го
Түн уйкумду, тынчымды....
Себелеген жамгыр үнүн тыңшоодон
Тажап бүттүм,
Романтика калбады....
Балким жаандын
Мен сыяктуу
Бардыр бүтпөс арманы...
#4 25 November 2012 - 23:57
Ого... Акем азаматсыз!
Бул озунчо ыр окурмандары учун революциялык бурулуш болду окшойт. Озгочо ырлар экен. Кут турайын, анан жазам каалоону.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#5 25 November 2012 - 23:59
Кайрылып келгениңе абдан кубанычтабыз,
эң сонун болмок.Көптөн бери ыр саптарыңдан окубай калдык элек.Эми чыдамсыздык менен кутүп окуйбузго.Азаматсың USSR,ийгиликтер болсун сага.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#6 25 November 2012 - 23:59
Түбү жок сансыз ойлор
Жолбун иттей
Жандүйнөмдүн эшигин
Түнү менен тырмалаган. ..
Көрүнбөс көзгө
Бекем жиптей
Көөдөнүмдү көтөрүлтпөй
Байлап, чырмап, тушап алган...
Күндөр өтүп
Тегирменден чууруп түшкөн
Буудай сымал баары тегиз
бырчаланган. ..
Жашоо жалган
Катып калган эски нандын
Күкүмүндөй ушаланган...
Өмүрүмдү башка бирөө
Жашап бүтүп койгон сындуу,
А мен болсо
Бул дүйнөгө адашып бир
Келип калган сыяктуу туталанам... .
Жамгыр төгөт
Кулак төшөйм ыргагына акырын,
Ортобузда талаа, токой
Айыл-шаарлар, эсепсиз көп чакырым...
Качтым алыс
Дагы кайда? Мындан ыраак
Кайда барам? Жетпей туру акылым...
Бир күн келээр
Күз даамданган жытыңды
Жүрөгүмө терең-терең катып туруп,
Күн нурундай желбиреген саамайың
Карегимдин тереңине чөгүп, тунуп,
Бери карап жылмайып
Көкүрөгүм оор үшкүрө улутунуп,
Уктап кетем...
Кош айтышып мени менен
жылуулук....
Ага чейин
Күз түспөлдөш көркүң барда,
Күн мээримдүү көзүң барда
Таштап кетпес мени ушул тирүүлүк...
........
Жамгыр дале жаап жатат...
Тажабайт...
Ар бир тамчы ысымыңды
Улам-улам кайталайт... .
Күз даамданган, күз түспөлдөш аруу
кыз
Бир басалы? Колчатырды ачыңыз.....
Жолбун иттей
Жандүйнөмдүн эшигин
Түнү менен тырмалаган. ..
Көрүнбөс көзгө
Бекем жиптей
Көөдөнүмдү көтөрүлтпөй
Байлап, чырмап, тушап алган...
Күндөр өтүп
Тегирменден чууруп түшкөн
Буудай сымал баары тегиз
бырчаланган. ..
Жашоо жалган
Катып калган эски нандын
Күкүмүндөй ушаланган...
Өмүрүмдү башка бирөө
Жашап бүтүп койгон сындуу,
А мен болсо
Бул дүйнөгө адашып бир
Келип калган сыяктуу туталанам... .
Жамгыр төгөт
Кулак төшөйм ыргагына акырын,
Ортобузда талаа, токой
Айыл-шаарлар, эсепсиз көп чакырым...
Качтым алыс
Дагы кайда? Мындан ыраак
Кайда барам? Жетпей туру акылым...
Бир күн келээр
Күз даамданган жытыңды
Жүрөгүмө терең-терең катып туруп,
Күн нурундай желбиреген саамайың
Карегимдин тереңине чөгүп, тунуп,
Бери карап жылмайып
Көкүрөгүм оор үшкүрө улутунуп,
Уктап кетем...
Кош айтышып мени менен
жылуулук....
Ага чейин
Күз түспөлдөш көркүң барда,
Күн мээримдүү көзүң барда
Таштап кетпес мени ушул тирүүлүк...
........
Жамгыр дале жаап жатат...
Тажабайт...
Ар бир тамчы ысымыңды
Улам-улам кайталайт... .
Күз даамданган, күз түспөлдөш аруу
кыз
Бир басалы? Колчатырды ачыңыз.....
#7 26 November 2012 - 00:04
Азаматсың USSR!Калемиң курчуй берсин!уланта бер.Ийгилик сага!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#8 26 November 2012 - 00:05
Мынакей, жанымдасың
Жамгыр жууган аба менен
Саамайыңдын жыты келип...
Демейкидей жарык чачып жалжыйдайсың. ..
Шарт кучактап ийе жаздап
Бекем кысып жүрөгүмө
Шыбырап сүйлөгөндү эңсеп каалап
Турамын өзүмдү мен араң кармап....
Кокустан тийип кетсем колдоруңа
Жымырап бүт денемди сүйүү каптап,
Селт эте чоочуп кетем
Же сөзүмдүн дайыны жок,
Анан кантем?
Туштарапка чачыраган
Ойлорумдун айыбы жок....
Убакыт мынча кыска!
Тигине,
Сенин күткөн автобусуң
Селт дедире жандүйнөмдү чоочутту го
Тарс жабылган эшиктердин добушу...
Дөңгөлөктөр чимирилип
Сени менден ала качып
Алыстап узап барат...
Кеттиң сен...
Кыял-максат, жомокторго аралашып
Бейтааныш бир дүйнөнү беттей
карап....
А мен калдым...
Карегимдин тереңине батып калган
кусалык
Үмүтсүз чарчап калган ойлор менен курчалып....
Сен кеттиң...
Сени менен аба кетти сен жыттанган...
Эң акыркы тамчыларын жанталаша
жутуп-жутуп
Кала берди бир сөлөкөт улутунган...
Жамгыр жууган аба менен
Саамайыңдын жыты келип...
Демейкидей жарык чачып жалжыйдайсың. ..
Шарт кучактап ийе жаздап
Бекем кысып жүрөгүмө
Шыбырап сүйлөгөндү эңсеп каалап
Турамын өзүмдү мен араң кармап....
Кокустан тийип кетсем колдоруңа
Жымырап бүт денемди сүйүү каптап,
Селт эте чоочуп кетем
Же сөзүмдүн дайыны жок,
Анан кантем?
Туштарапка чачыраган
Ойлорумдун айыбы жок....
Убакыт мынча кыска!
Тигине,
Сенин күткөн автобусуң
Селт дедире жандүйнөмдү чоочутту го
Тарс жабылган эшиктердин добушу...
Дөңгөлөктөр чимирилип
Сени менден ала качып
Алыстап узап барат...
Кеттиң сен...
Кыял-максат, жомокторго аралашып
Бейтааныш бир дүйнөнү беттей
карап....
А мен калдым...
Карегимдин тереңине батып калган
кусалык
Үмүтсүз чарчап калган ойлор менен курчалып....
Сен кеттиң...
Сени менен аба кетти сен жыттанган...
Эң акыркы тамчыларын жанталаша
жутуп-жутуп
Кала берди бир сөлөкөт улутунган...
#9 26 November 2012 - 00:10
Ого... Акем азаматсыз!
Бул озунчо ыр окурмандары учун революциялык бурулуш болду окшойт. Озгочо ырлар экен. Кут турайын, анан жазам каалоону.
Кайрылып келгениңе абдан кубанычтабыз,
эң сонун болмок.Көптөн бери ыр саптарыңдан окубай калдык элек.Эми чыдамсыздык менен кутүп окуйбузго.Азаматсың USSR,ийгиликтер болсун сага.

Азаматсың USSR!Калемиң курчуй берсин!уланта бер.Ийгилик сага!
Рахмат достор! Окурманы бар ырлар бактылуу ырлар деп коюшат экен. Ушу силерге эле жагып турса ырлар жарала берет, илхамды музасына кошуп туруп жанын сууруп алайын XD
#10 26 November 2012 - 00:17
Башкача саптар!
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
#12 26 November 2012 - 00:53
Жылдыздай жандың көктө
Жеталбай кол сермедим,
Жан ооруп жүрөк даабай турдум көпкө....
Мен сенден алыс калдым,
Үзүлбөй үмүт кыйнап
Карааның кичинерип, мен сенден алыстадым...
Жиндидей жер чапчыган
Жүрөктү тынчыталбай
Сооротом, болбойт, кыйналып мен жанчылам...
Бир күн бүтөт...бүтөт баары
Эскирет күздө түшкөн
Дарактын жалбырагы... .
Сенсиз кантем?
Жалгыз соккон жүрөккө барбы дары?
Эх,менин сезимдерим
Ээсин таппай ээнсиреп
Күздө түшкөн жалбырактай
Сапырылат... кызыл-сары.. . эски баары...
Анан кантем? Кимге барып ыйлайын?
Жүрөгүмдөн кетпей жатсаң
Күз даамданган
Күз жыттанган
Айчырайым... .айдайым...
Жеталбай кол сермедим,
Жан ооруп жүрөк даабай турдум көпкө....
Мен сенден алыс калдым,
Үзүлбөй үмүт кыйнап
Карааның кичинерип, мен сенден алыстадым...
Жиндидей жер чапчыган
Жүрөктү тынчыталбай
Сооротом, болбойт, кыйналып мен жанчылам...
Бир күн бүтөт...бүтөт баары
Эскирет күздө түшкөн
Дарактын жалбырагы... .
Сенсиз кантем?
Жалгыз соккон жүрөккө барбы дары?
Эх,менин сезимдерим
Ээсин таппай ээнсиреп
Күздө түшкөн жалбырактай
Сапырылат... кызыл-сары.. . эски баары...
Анан кантем? Кимге барып ыйлайын?
Жүрөгүмдөн кетпей жатсаң
Күз даамданган
Күз жыттанган
Айчырайым... .айдайым...
#13 26 November 2012 - 00:56
Ысмың менен жылдыздарды аташаар,
А мен болсо
Жылт деп өчкөн бир учкун...
Көз ирмемге жарк деп жанып,
Түбөлүк
Карегиңде болгум келди мен туткун....
Жалп дей түшөм
Жалындын өчүп билиги,
Карегимдин нуру качып
Билинбестен өлүүбү же тирүүбү...
Көөдөй кара туңгуюкка кабылганда
Капканга түшүп
Өз бутун кемирген карышкырдай
Жүрөгүм чамынганда. ..
Көз көрүп, көөдөн көрбөй
Көкүрөк көр турмуштун
Жолундагы таштарга чалынганда. ..
Тумчугуп жандүнүйөм жарык таппай
Бир үзүм шоола издеп жалынганда. ..
Күз айынын коңур таптуу нуру сымал
Көзүңдүн кереметин сагынганда. ..
Тумчугуп сени таппай
Туурадан тайып
Дүйнөм кулап жыгылганда. ..
Айтчы кантем?
Кандай арга кыламын?
Мен да билбейм...
Суроолор көп...
Жообун таппай турамын...
Күз жыттанган аруу кыз
Болдуң го сен
Түгөнбөгөн жыргалым да, кууралым.
А мен болсо
Жылт деп өчкөн бир учкун...
Көз ирмемге жарк деп жанып,
Түбөлүк
Карегиңде болгум келди мен туткун....
Жалп дей түшөм
Жалындын өчүп билиги,
Карегимдин нуру качып
Билинбестен өлүүбү же тирүүбү...
Көөдөй кара туңгуюкка кабылганда
Капканга түшүп
Өз бутун кемирген карышкырдай
Жүрөгүм чамынганда. ..
Көз көрүп, көөдөн көрбөй
Көкүрөк көр турмуштун
Жолундагы таштарга чалынганда. ..
Тумчугуп жандүнүйөм жарык таппай
Бир үзүм шоола издеп жалынганда. ..
Күз айынын коңур таптуу нуру сымал
Көзүңдүн кереметин сагынганда. ..
Тумчугуп сени таппай
Туурадан тайып
Дүйнөм кулап жыгылганда. ..
Айтчы кантем?
Кандай арга кыламын?
Мен да билбейм...
Суроолор көп...
Жообун таппай турамын...
Күз жыттанган аруу кыз
Болдуң го сен
Түгөнбөгөн жыргалым да, кууралым.
#14 26 November 2012 - 01:00
Түгөнбөдү булуттардын арманы
Көңүлүмө тийип бүттү
Күндө шамал, күндө жамгыр жааганы...
Сагынчыма ушул жамгыр күнөөлүдөй
Сөктүм аны, жети атасы калбады...
Балким менин жанымда болгонуңда
Жамгыр менен аралашып жамгыр болуп,
Шөмтүрөп суу болсом да кайыл болуп
Келээр жолуң чаалыкпастан күтөөр белем,
Сени сүйгөн сүйүүм менен
Тамчылардын баарын өөп сүйөөрсбелем. ..
Аттиң жоксуң...
Көлчүктөрдөн аттап-буттап жүрсөң керек,
Жаштык от, кыялдарга толгон карек
Жамгыр менен кошо ойноп турса керек...
Бир СМС жазып коюу ордуна
Сөгүп турам бул жамгырды
Жети атасы калбады...
"Жиндисиң! " деп жаап жатат
Өчөшкөнсүп жаан дагы....
Көңүлүмө тийип бүттү
Күндө шамал, күндө жамгыр жааганы...
Сагынчыма ушул жамгыр күнөөлүдөй
Сөктүм аны, жети атасы калбады...
Балким менин жанымда болгонуңда
Жамгыр менен аралашып жамгыр болуп,
Шөмтүрөп суу болсом да кайыл болуп
Келээр жолуң чаалыкпастан күтөөр белем,
Сени сүйгөн сүйүүм менен
Тамчылардын баарын өөп сүйөөрсбелем. ..
Аттиң жоксуң...
Көлчүктөрдөн аттап-буттап жүрсөң керек,
Жаштык от, кыялдарга толгон карек
Жамгыр менен кошо ойноп турса керек...
Бир СМС жазып коюу ордуна
Сөгүп турам бул жамгырды
Жети атасы калбады...
"Жиндисиң! " деп жаап жатат
Өчөшкөнсүп жаан дагы....
#15 26 November 2012 - 01:00
Талантынызга таазим!Чынында жакшы саптар жаралыптыр.
....Чыгармачылык ийгиликтер!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#16 26 November 2012 - 01:04
Себелеп ак кар жаады ,
Жомоктун аппапакай бүртүгүндөй,
Жандүнүйөм ушаланды ак кардын
Күкүмүндөй. ...
Кышкы таң мынча аруу , мынча таза
Тунуктугу -сүйгөнүмдүн
Күлкүсүндөй. ...
Сагындым сени бүгүн ,
Кар баскан бул ааламда
Кыялым сени көздөй каалгый учат ,
Уйкуңа кароол болуп , суктанып терезеңден
Сүйүүм менин -айнектеги аппак бубак .
Темселеп дүйнө кезем ,
Туңгуюктан жолум издеп.
Жооп күтүп тыкылдатып терезеңди ,
Үмүттүн үзүлбөсү ушул белем ,
Үйүңдүн жанбай шамы , негедир кечеңдеди .
Үйүңдүн жанбай шамы ,
Ачылбай жашыл пардаң
Күтө берип жардам сурайм жааган кардан .
Жарк этип чыга келчи ,
Жылдызым болуп жанчы
Куткарчы түбү жок түгөнбөгөн азаптардан .
Жомоктун аппапакай бүртүгүндөй,
Жандүнүйөм ушаланды ак кардын
Күкүмүндөй. ...
Кышкы таң мынча аруу , мынча таза
Тунуктугу -сүйгөнүмдүн
Күлкүсүндөй. ...
Сагындым сени бүгүн ,
Кар баскан бул ааламда
Кыялым сени көздөй каалгый учат ,
Уйкуңа кароол болуп , суктанып терезеңден
Сүйүүм менин -айнектеги аппак бубак .
Темселеп дүйнө кезем ,
Туңгуюктан жолум издеп.
Жооп күтүп тыкылдатып терезеңди ,
Үмүттүн үзүлбөсү ушул белем ,
Үйүңдүн жанбай шамы , негедир кечеңдеди .
Үйүңдүн жанбай шамы ,
Ачылбай жашыл пардаң
Күтө берип жардам сурайм жааган кардан .
Жарк этип чыга келчи ,
Жылдызым болуп жанчы
Куткарчы түбү жок түгөнбөгөн азаптардан .
#17 26 November 2012 - 01:09
#18 26 November 2012 - 01:12
мынакеей бар экен го акындарыбыз,
рахмаат дагы кутобуз,(тундосу чыккан келиндерден коро)
#19 26 November 2012 - 01:52
Талантынызга таазим, СССР ага, калеминиз курчуй берсин. Ырларынызды окуп журоктун тупкуруно ката салган сезимдер ойгонуп, туйлай баштады
Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#20 26 November 2012 - 01:52
Озумун акам азамат да баарвир... Талантынызга дагы бир ирет таазим акоов
Баркымды билгендердин эсиндемин...

Супер-Инфо
super.kg
видео

















