Назгүл деген акын кыз
Ыр-күүлөргө жакын кыз,
Кыздардын башын коштуруп
Команда түзгөн асыл кыз,
Өзүңүз деле билерсиз
Үйдө бөбөк,ызы-тыз.
Ошондуккан кечиккен
Саламга алик алыңыз,
Айыл-апа жакшыбы
Аманбы малы-жаныңыз?
Күүлүү-күчтүү жүрөбү
Уул-кызыңыз,
"чалыңыз"
?
Кыздардын тобун курупсуз
Эрөөлгө чык деп турупсуз,
Жеңебиз деп баарысын
Элдин көөнүн бурупсуз.
Бириккен кыздар тобунун
Сиз болсоңуз башчысы
Улуусу жана сулуусу
Даанышманы,
жакшысы,
Кырк чачы улуу аялдын
Биз силерди сыйлайбыз,
Ошондуктан сиз тандаң
Кай багытта ырдайбыз?
Тамашалап,чымчышып
Азил сөздөн айтсакпы,
Же күлкүнү кое туруп
Олуттуу тема ачсакпы?
Өзбилемдик кылды деп
Көңүл сынып калбаңыз,
Сизге койдум тандоону
Кана анда тандаңыз,
Кечикпестен эртерээк
Жооп бериңиз,чамдаңыз.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2422 26 November 2012 - 01:47
Узактан добуш угулуп
Акындардын конулу
Айылга тегиз бурулуп
Эн соонун кез келиптир
Жымжырттык озу бузулуп
Кандай гана кундорду
Откорбоду бул айыл
Жакшыга да жаманга
Унчукпай болуп кайыл
Жарап келет кызматка
Ыр куюлтуп урпакка
Эчендеген акынды
Багып келген айылым
Ырыс алды ынтымак
Жайып келген айылым
Кен пейилин коргозуп
Онуккондон онугуп
Байып келген айылым
Карысы дебей жаш дебей
Энчиленген оз ордун
Берип келген айылым
Кыз жигити болунбой
Асыл создон ырларды
Терип келген айылым
Менин да сенде башталып
Онукту го кайрыгым
Бактыбызга ылайым
Бар болуп тур айылым
Тили менен бийикти
Ашып откон акынды
Алысты да жакынды
Бириктиргин айылым
Ары бери кыймылдап
Жыла берсин кайыгын
Чыппачынын айтканда
Сыйым сунуп ызаттап
Турууга кылам аракет
Тургундардын баарысын
Тилектешмин ар убак
Алгаласын арышын
/>
Айтыштын буруп максатын
Кызыктуу болчу тарапка
Назгул эжем вызовун
Ыргытыптыр балдарга
Убагында жооп жазып
Ырларын илген акелер
Жагынмай болду кыздарга
Арага кирип барбайын
Болгону эки жакка да
Ийгиликти арнайын...
Акындардын конулу
Айылга тегиз бурулуп
Эн соонун кез келиптир
Жымжырттык озу бузулуп
Кандай гана кундорду
Откорбоду бул айыл
Жакшыга да жаманга
Унчукпай болуп кайыл
Жарап келет кызматка
Ыр куюлтуп урпакка
Эчендеген акынды
Багып келген айылым
Ырыс алды ынтымак
Жайып келген айылым
Кен пейилин коргозуп
Онуккондон онугуп
Байып келген айылым
Карысы дебей жаш дебей
Энчиленген оз ордун
Берип келген айылым
Кыз жигити болунбой
Асыл создон ырларды
Терип келген айылым
Менин да сенде башталып
Онукту го кайрыгым
Бактыбызга ылайым
Бар болуп тур айылым
Тили менен бийикти
Ашып откон акынды
Алысты да жакынды
Бириктиргин айылым
Ары бери кыймылдап
Жыла берсин кайыгын
Чыппачынын айтканда
Сыйым сунуп ызаттап
Турууга кылам аракет
Тургундардын баарысын
Тилектешмин ар убак
Алгаласын арышын
Айтыштын буруп максатын
Кызыктуу болчу тарапка
Назгул эжем вызовун
Ыргытыптыр балдарга
Убагында жооп жазып
Ырларын илген акелер
Жагынмай болду кыздарга
Арага кирип барбайын
Болгону эки жакка да
Ийгиликти арнайын...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#2423 26 November 2012 - 04:06
Ээй дынгы дын дынгы дыын
Баарын карап уккунун
Коз албай тиктеп тургунун
Багынбайбыз кыздарга
Соз калбаса да айтаарга
Тердегенче айтышып
Турса да кабырга кайышып
Калса да эриндер жабышып
Айтышабыз ойнойбуз
Кыздардын жанын койбойбуз
Кемтик чыкса созунон
Келиштирип согобуз
От жанса да козунон
Эркектин намысын коргойбуз
Шакылдата комузду
Келиштире чертип обонду
Созго жыгып коебуз
Чымчылап тийише койгонду
Тогулуп турса да оозунан
Создору болсун алтындан
Жообубуз даяр айтабыз
Жениш менен кайтабыз
Айтыш эмес кыз куумайга туш десд
Ага дагы тушобуз
Акырын кубалап коробуз
Татырактата атты чапса да
Шумахердей тытса да
Канат байлап учса да
Айласын таап жетебиз
Беттен ооп кетебиз
Ал да болбойт деп чурулдашса
Аттарыбыз кашан деп бултундашса
Жоо жаландап качышсын
Чанын чыгарып талаанын
Эки аттап жетебиз
Жуздорунон суйуп кетебиз
Кантсе да эркекпиз
Намысты такыр бербейбиз
Унунор очуп фонограмма койсонор да
Убакытты чойсонор да
Жыгылбайбыз созго биз
Каалашынарча айтыша беребиз
Улуу кыргыз элденбиз
Созго маани беребиз
Утулбайлы деп айтышта
Катуу даярданып келгенбииз эээй дынгы дын дынгы дыыын эй эй!!!! !!!!
Баарын карап уккунун
Коз албай тиктеп тургунун
Багынбайбыз кыздарга
Соз калбаса да айтаарга
Тердегенче айтышып
Турса да кабырга кайышып
Калса да эриндер жабышып
Айтышабыз ойнойбуз
Кыздардын жанын койбойбуз
Кемтик чыкса созунон
Келиштирип согобуз
От жанса да козунон
Эркектин намысын коргойбуз
Шакылдата комузду
Келиштире чертип обонду
Созго жыгып коебуз
Чымчылап тийише койгонду
Тогулуп турса да оозунан
Создору болсун алтындан
Жообубуз даяр айтабыз
Жениш менен кайтабыз
Айтыш эмес кыз куумайга туш десд
Ага дагы тушобуз
Акырын кубалап коробуз
Татырактата атты чапса да
Шумахердей тытса да
Канат байлап учса да
Айласын таап жетебиз
Беттен ооп кетебиз
Ал да болбойт деп чурулдашса
Аттарыбыз кашан деп бултундашса
Жоо жаландап качышсын
Чанын чыгарып талаанын
Эки аттап жетебиз
Жуздорунон суйуп кетебиз
Кантсе да эркекпиз
Намысты такыр бербейбиз
Унунор очуп фонограмма койсонор да
Убакытты чойсонор да
Жыгылбайбыз созго биз
Каалашынарча айтыша беребиз
Улуу кыргыз элденбиз
Созго маани беребиз
Утулбайлы деп айтышта
Катуу даярданып келгенбииз эээй дынгы дын дынгы дыыын эй эй!!!! !!!!
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#2424 26 November 2012 - 08:28
Дынгы-дын деп ырдаган,
Эсенсинби Кгман?
Айтышканга созун коп,
Чеченсинби Кгман?
Айылды бир оодарам,
Дегенсинби Кгман?
Кашкулактын майынан,
Жегенсинби Кгман?
Окуп сенин жазганын,
Айткым келди бир кепти.
Аткарам деп жазыпсын,
Эркекчилик милдетти.
Кыздарыбыз айтышта,
Женемин деп жатышса,
Согомун деп айтканын,
Конулумду кирдетти.
Мандайымды тердетти.
Андан коро иничек,
Эркелетип ырдайлы.
Кыздар менен кыяша,
Шингил айтып жыргайлы.
Тушунбогон тупойдой,
Корс мамиле кылбайлы.
Айым деген аты бар,
Уруп-согуп жулбайлы.
Бир жакшына маанайын,
Келе калып бузбайлы.
Чын акындай соз менен,
Жараштырып туздайлы.
Айтканымдын себеби,
Сыйлайлычы энени.
Карындашты, жарынды,
Керек болсо эжени.
Байкелерге колукту,
Татынакай женени.
Токтотсокпу азыртан,
Уруш-талаш жемени.
Ар нерсенин айтылуу,
Болот чеги-ченеми.
Кана кыздар келишсин,
Алгач салам беришсин.
Колдон келсе коштойлу,
Кана мейли женишсин.
Командасын топтошуп,
Кезектеп ыр теришсин.
Женсе анан сузулуп,
Каш-кабакты керишсин.
Эсенсинби Кгман?
Айтышканга созун коп,
Чеченсинби Кгман?
Айылды бир оодарам,
Дегенсинби Кгман?
Кашкулактын майынан,
Жегенсинби Кгман?
Окуп сенин жазганын,
Айткым келди бир кепти.
Аткарам деп жазыпсын,
Эркекчилик милдетти.
Кыздарыбыз айтышта,
Женемин деп жатышса,
Согомун деп айтканын,
Конулумду кирдетти.
Мандайымды тердетти.
Андан коро иничек,
Эркелетип ырдайлы.
Кыздар менен кыяша,
Шингил айтып жыргайлы.
Тушунбогон тупойдой,
Корс мамиле кылбайлы.
Айым деген аты бар,
Уруп-согуп жулбайлы.
Бир жакшына маанайын,
Келе калып бузбайлы.
Чын акындай соз менен,
Жараштырып туздайлы.
Айтканымдын себеби,
Сыйлайлычы энени.
Карындашты, жарынды,
Керек болсо эжени.
Байкелерге колукту,
Татынакай женени.
Токтотсокпу азыртан,
Уруш-талаш жемени.
Ар нерсенин айтылуу,
Болот чеги-ченеми.
Кана кыздар келишсин,
Алгач салам беришсин.
Колдон келсе коштойлу,
Кана мейли женишсин.
Командасын топтошуп,
Кезектеп ыр теришсин.
Женсе анан сузулуп,
Каш-кабакты керишсин.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2425 26 November 2012 - 09:20
Азаматсың Кайтпасым
Асыл сөздү айтасың,
Аялзатын сыйла деп
Аябай айтып жатасың.
Такшалып калдың айтышка
Улам күчөп өнөрүң
Көтөрүлүп жатасың.
Жазган сайын оң жакка
Өзгөрүлүп жатасың,
Өйдөкү жазган ырыңдын
Бир дагы жок катасы,
Аялзатты сыйласаң
Сага тийсин элдин батасы,
Сендей акын турганда
Жеңилбейбиз кыздардан,
Кана эмесе ыр учун
Күтөбүз эми алардан.
Асыл сөздү айтасың,
Аялзатын сыйла деп
Аябай айтып жатасың.
Такшалып калдың айтышка
Улам күчөп өнөрүң
Көтөрүлүп жатасың.
Жазган сайын оң жакка
Өзгөрүлүп жатасың,
Өйдөкү жазган ырыңдын
Бир дагы жок катасы,
Аялзатты сыйласаң
Сага тийсин элдин батасы,
Сендей акын турганда
Жеңилбейбиз кыздардан,
Кана эмесе ыр учун
Күтөбүз эми алардан.
#2426 26 November 2012 - 09:32
Туугандар,Жека акемин баштап койгон айтышына "невтему"
болуп калса да,бул ыр-отчетумду иле салайынчы,кечээ эле жазып салган элем да.
Кай жерди жүрдүм кыдырып
Айтып бердим сыдырып,
Эми жеке жашоомдон
Айтайын аз-маз жаңылык.
Сахалинде темселеп
Бейпайда эле жүрбөдүм,
Нике буйруп ал жактан
Сүйүнчү достор,үйлөндүм! !!
Алган жарым Нарындан
Көпүрө болуп оң-солго
Кутулдум мен да парзымдан,
Үйрөнгөм аял алууну
Жека менен Барсымдан)))
Тогуз ай мурун болду эле
Кылалбадым той деле,
Бүгүнкү күн ажайып
Алган жарым кыз төрөп
Ата болдум,калайык!
Тилек,бата, куттуктоо
Болсо жаза бергиле,
Тааныштар жана жакындар
Айтышка илип кеткиле.
Кай жерди жүрдүм кыдырып
Айтып бердим сыдырып,
Эми жеке жашоомдон
Айтайын аз-маз жаңылык.
Сахалинде темселеп
Бейпайда эле жүрбөдүм,
Нике буйруп ал жактан
Сүйүнчү достор,үйлөндүм! !!
Алган жарым Нарындан
Көпүрө болуп оң-солго
Кутулдум мен да парзымдан,
Үйрөнгөм аял алууну
Жека менен Барсымдан)))
Тогуз ай мурун болду эле
Кылалбадым той деле,
Бүгүнкү күн ажайып
Алган жарым кыз төрөп
Ата болдум,калайык!
Тилек,бата, куттуктоо
Болсо жаза бергиле,
Тааныштар жана жакындар
Айтышка илип кеткиле.
Салам айтам агажан
Озгорупсун карасам,
Куттук айтам суйуно,
Береке толсун уйуно,
Жезде десем жарашаар,
Же куйоо бала болдунбу?
Куш боо болсун бепбекем,
Туболук болсун тундугун,
Булап турсун тутунун,
Бобоктор ойноп торундо,
Ата-энен болсун аман-соо,
Ишинде болуп алдылоо…
Бешик боосу бек болсун,
Атага тете кыз болсун,
Артынан келип инилер,
Базарга уйун жык толсун…
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#2427 26 November 2012 - 13:44
Салам калкым аманбы
Амандашсак жаманбы
Кыздардан турган шайыр топ
Айтышууга даярбыз
Салам берип кыздарга
Айтышка силер келдиңер
Кырк чачы улуу кыздын деп
Кезекти бизге бердиңер
Теманы биз тандадык
Рахмат силерге жигиттер
Кылыктанып отурбай
Теманы биз тандадык
"Күн" менен "түн" жөнүндө
Созултуп обон салалык
А силер болсо жигиттер
Жарык чачкан күн болгла
Күндүн ырдап кереметин
Күн тууралуу жигиттер
Оюңарды козгогула
Шайырлуу кыздар биз болсо
Түндүн жазып кереметин
Ажайып кооз түн жөнүндө
Биз жазалы себептерин
Анда эмесе баштадык
Силерге вызов таштадык
Кылычты кармап турабыз
Ыр менен кырып салабыз
Айтышам деген илибоюңду
Ыр менен атып алабыз
Качууга жол калтырбай
Мукуратып салабыз
Кутулам деп ойлобо
Акырын аңдып турабыз
Чек ара бизге кеп бекен
Айылда эле силерди
Чек арага жеткирбей
Айтышта утуп алабыз
Анда эмесе жигиттер
Кезекти сиздерге сунабыз
Амандашсак жаманбы
Кыздардан турган шайыр топ
Айтышууга даярбыз
Салам берип кыздарга
Айтышка силер келдиңер
Кырк чачы улуу кыздын деп
Кезекти бизге бердиңер
Теманы биз тандадык
Рахмат силерге жигиттер
Кылыктанып отурбай
Теманы биз тандадык
"Күн" менен "түн" жөнүндө
Созултуп обон салалык
А силер болсо жигиттер
Жарык чачкан күн болгла
Күндүн ырдап кереметин
Күн тууралуу жигиттер
Оюңарды козгогула
Шайырлуу кыздар биз болсо
Түндүн жазып кереметин
Ажайып кооз түн жөнүндө
Биз жазалы себептерин
Анда эмесе баштадык
Силерге вызов таштадык
Кылычты кармап турабыз
Ыр менен кырып салабыз
Айтышам деген илибоюңду
Ыр менен атып алабыз
Качууга жол калтырбай
Мукуратып салабыз
Кутулам деп ойлобо
Акырын аңдып турабыз
Чек ара бизге кеп бекен
Айылда эле силерди
Чек арага жеткирбей
Айтышта утуп алабыз
Анда эмесе жигиттер
Кезекти сиздерге сунабыз
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#2428 26 November 2012 - 15:40
п.с.Согомун дегеним жаман соз айтып тилдоо эмес!Силер башка мааниде кабыл алыпсынар.Ой мен деле адаммын да кыздарды тилдеп жаман соз айткыдай мага жин тийиппи?!СОГОМУН ООО лор орусча эле О!Оля,Осмон,
Орус дегендей.Орт,
Орук,Омурдогу Олор эмес
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#2429 26 November 2012 - 17:27
Салам айтып жалпыга,
Айтыштагы калкыма,
Келип калдым шайланып,
Айтышам деп айлыма.
Түндүн айтып сырларын,
Таңшыйын анда баарыңа.
Танда деген кезекти,
Бизге берип жигиттер,
Ыраазы кылып жүрөктү,
Ар бир сөзүң жибитеер.
Түндүн болсо түгөнгүс,
Сырлары көп билсеңер.
Жылдыздуу түндүн койнунда,
Кыз-жигит басса соонун да.
Ай калкып көктө жымыңдап,
Нурларын чачса айылыма.
Керемет сыйкыр түн кечи,
Абышкаң болсо жаныңда.
Күндү күн дебей иштеген,
Эс алуу болбойт чынында.
Түн кирди деген мезгилде,
Дем алуу болот баарында.
Колтукташып эки жаш,
Айлуу түндө басышат.
Сүйүүсүн арнап бирине,
Жакшы бир сөздөр айтышат.
Ошонун баарын асманда,
Ай турат карап жымындап.
Перинин сулуу жүзүнөн,
Ай нуру турат аймалап.
Жылдыздар көзүн кысышып,
Керемет түнгө бөлөшөт,
Бактылуу болсо эки жаш,
Аны да жазбай көрүшөт.
Баардыгынын багына,
Жакшылыгын бөлүшөт.
Айттып өттүм чекесин,
Айлуу түндүн касиетин.
Эми менин курбуларым,
Калган сырын төгүшөт.
Чамдагыла жигиттер,
Жеңилдик деп айтууга
Ырларың болсун себепкер.
Алдыга ат салдырбайт,
Биздин кыздар чечендер.
А дегенде төгүлүлөт,
Ырлары аны билсеңер.
Андан көрө жигиттер,
Эки колду көтөрүп,
Жеңилип эле берсеңер.
Чек арадан күтпөстөн,
Ушул жерге келсеңер.
Жеңилдик деген бал сөздү,
Ушул жерге илсеңер.




Айтыштагы калкыма,
Келип калдым шайланып,
Айтышам деп айлыма.
Түндүн айтып сырларын,
Таңшыйын анда баарыңа.
Танда деген кезекти,
Бизге берип жигиттер,
Ыраазы кылып жүрөктү,
Ар бир сөзүң жибитеер.
Түндүн болсо түгөнгүс,
Сырлары көп билсеңер.
Жылдыздуу түндүн койнунда,
Кыз-жигит басса соонун да.
Ай калкып көктө жымыңдап,
Нурларын чачса айылыма.
Керемет сыйкыр түн кечи,
Абышкаң болсо жаныңда.
Күндү күн дебей иштеген,
Эс алуу болбойт чынында.
Түн кирди деген мезгилде,
Дем алуу болот баарында.
Колтукташып эки жаш,
Айлуу түндө басышат.
Сүйүүсүн арнап бирине,
Жакшы бир сөздөр айтышат.
Ошонун баарын асманда,
Ай турат карап жымындап.
Перинин сулуу жүзүнөн,
Ай нуру турат аймалап.
Жылдыздар көзүн кысышып,
Керемет түнгө бөлөшөт,
Бактылуу болсо эки жаш,
Аны да жазбай көрүшөт.
Баардыгынын багына,
Жакшылыгын бөлүшөт.
Айттып өттүм чекесин,
Айлуу түндүн касиетин.
Эми менин курбуларым,
Калган сырын төгүшөт.
Чамдагыла жигиттер,
Жеңилдик деп айтууга
Ырларың болсун себепкер.
Алдыга ат салдырбайт,
Биздин кыздар чечендер.
А дегенде төгүлүлөт,
Ырлары аны билсеңер.
Андан көрө жигиттер,
Эки колду көтөрүп,
Жеңилип эле берсеңер.
Чек арадан күтпөстөн,
Ушул жерге келсеңер.
Жеңилдик деген бал сөздү,
Ушул жерге илсеңер.
Балам бактым-балам базарым!
#2430 26 November 2012 - 19:02
Айтыштагы темалар
Айта электе өзгөрөт
Бири бүтпөй жатканда
Экинчиси “төргө өтөт”
Анткени,
Өткөндө эле тандалган
Өткүр сөздөр камдалган.
Акыр болчу замандын
Чындык менен жалганын
Канча закым калганын
Жана башка жактарын
Айтабыз деп акындар
Жеңин түрүп, белсенип-
Жеңебиз деп, теңселип
Даярданып калышкан.
Башталбай жатып эскирген
Ал тема эми - “эстелик”
Эми,
Кыздар баштап киришти -
Күн менен түн деп илишти
“Команда” карап турабы
Комуздун кылын бурады
Дынгы-дынгы- дынгы деп
Шынга бой, сулуу жигиттер
Кыздарга жообун сунады.
Кайтпас менен Аргымак
Айтпасын эл, -"жалдырап,
турушат булар калтырап"
Кгман, Булбул, Демондор
Ыгынан ырдап койгондор
Ынанып калса, калың эл -
Чабылар колдор шатырап
Айта электе өзгөрөт
Бири бүтпөй жатканда
Экинчиси “төргө өтөт”
Анткени,
Өткөндө эле тандалган
Өткүр сөздөр камдалган.
Акыр болчу замандын
Чындык менен жалганын
Канча закым калганын
Жана башка жактарын
Айтабыз деп акындар
Жеңин түрүп, белсенип-
Жеңебиз деп, теңселип
Даярданып калышкан.
Башталбай жатып эскирген
Ал тема эми - “эстелик”
Эми,
Кыздар баштап киришти -
Күн менен түн деп илишти
“Команда” карап турабы
Комуздун кылын бурады
Дынгы-дынгы- дынгы деп
Шынга бой, сулуу жигиттер
Кыздарга жообун сунады.
Кайтпас менен Аргымак
Айтпасын эл, -"жалдырап,
турушат булар калтырап"
Кгман, Булбул, Демондор
Ыгынан ырдап койгондор
Ынанып калса, калың эл -
Чабылар колдор шатырап
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2431 26 November 2012 - 22:24
Салам калкым аманбы
Саламдашым калсамбы
Айтыштагы жигиттер
Сиздерге айтам саламды
Айтышалы чарчабай
Комуздардын кылдарын
Кыңылдатып жар сал ай
Айтышып сырын шыбырап
Ашыктар сайран курушат
Аларды карап асмандан
Ай-жылдыз турат жымыңдап
Мен дагы бир аз кыңылдап
Айтышып турам бул жерде
"Түн" жөнүндө ыр ырдап
Караңгы каптап ааламды
Уйкуга эл-журт көчкөн кез
Эс алып элдин баарысы
Жымжырттык жерди өпкөн кез
Үкүлөр бийлеп жер жүзүн
Тиричилиги өткөн кез
Ашыктык, сүйүү күч алып
Адамдын саны өскөн кез
Шаттыкты бизге себелеп
Караңгы кандай керемет
Эркектер кана айткыла
Эх түнгө эмне теңелет
Саламдашым калсамбы
Айтыштагы жигиттер
Сиздерге айтам саламды
Айтышалы чарчабай
Комуздардын кылдарын
Кыңылдатып жар сал ай
Айтышып сырын шыбырап
Ашыктар сайран курушат
Аларды карап асмандан
Ай-жылдыз турат жымыңдап
Мен дагы бир аз кыңылдап
Айтышып турам бул жерде
"Түн" жөнүндө ыр ырдап
Караңгы каптап ааламды
Уйкуга эл-журт көчкөн кез
Эс алып элдин баарысы
Жымжырттык жерди өпкөн кез
Үкүлөр бийлеп жер жүзүн
Тиричилиги өткөн кез
Ашыктык, сүйүү күч алып
Адамдын саны өскөн кез
Шаттыкты бизге себелеп
Караңгы кандай керемет
Эркектер кана айткыла
Эх түнгө эмне теңелет
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#2432 26 November 2012 - 23:06
Бул жактагы топтошкон юзерлерге
Сезимдеги "намекту" туюндуруп
Кошуп калаар бироосу командага
Деп ыр жаздым мен дагы ырым кылып
.
Чыгыш жактан Түндү бүт сүрүп туруп
Чыгып келет Кун дайым кулуп туруп
Апалардай мээримин төгөт бизге
Ааламды бүт нур менен жылындырып
Жандуу жашоо башталат таң атканда
Кун нурларын ааламга таратканда
Жатаар кезде ал тургай тиленебиз
Жетели деп биз эсен таң атканга
Кайгырабыз кай бирде капаланып
Күн жашынып уяга баратканда
Жогоруда алп акын Нура эжеме
Кечиктирбей жоопту берүү керек
Сиз даңктаган- ырдаган Түнгө демек
Би теңелсе дүйнөдө Күн теңелет!
Сезимдеги "намекту" туюндуруп
Кошуп калаар бироосу командага
Деп ыр жаздым мен дагы ырым кылып
Чыгыш жактан Түндү бүт сүрүп туруп
Чыгып келет Кун дайым кулуп туруп
Апалардай мээримин төгөт бизге
Ааламды бүт нур менен жылындырып
Жандуу жашоо башталат таң атканда
Кун нурларын ааламга таратканда
Жатаар кезде ал тургай тиленебиз
Жетели деп биз эсен таң атканга
Кайгырабыз кай бирде капаланып
Күн жашынып уяга баратканда
Жогоруда алп акын Нура эжеме
Кечиктирбей жоопту берүү керек
Сиз даңктаган- ырдаган Түнгө демек
Би теңелсе дүйнөдө Күн теңелет!
#2433 26 November 2012 - 23:10
Бирин айттын СТС.
Экин айттын кези кез.
Акыр замн дегенде.
Тушунбодум бир элес.
Мына шондон чакырдым.
Демоорчунор ким озу?
Айткылачы акыры.
Тушнуксуз кылып эй.
Ой тоону айтып жатыры,
Бири айтат тот-торттон.
Жанындагы шериги,
Кайтпастты силер кошунар.
Бизде бир кыз болот эй.
Сизде бир уул болот эй,
Мына шундай айылда.
Темалары жанырып,
Чалду-куйду чырмашып.
Чарк айланып атыры.
Кошто десен коштоюн,
Кош комзду боздоотуп.
Калын элге жар салып,
Кун менен Тунду урматтап.
Кошулуп мен да колдоюн.
Экин айттын кези кез.
Акыр замн дегенде.
Тушунбодум бир элес.
Мына шондон чакырдым.
Демоорчунор ким озу?
Айткылачы акыры.
Тушнуксуз кылып эй.
Ой тоону айтып жатыры,
Бири айтат тот-торттон.
Жанындагы шериги,
Кайтпастты силер кошунар.
Бизде бир кыз болот эй.
Сизде бир уул болот эй,
Мына шундай айылда.
Темалары жанырып,
Чалду-куйду чырмашып.
Чарк айланып атыры.
Кошто десен коштоюн,
Кош комзду боздоотуп.
Калын элге жар салып,
Кун менен Тунду урматтап.
Кошулуп мен да колдоюн.
#2434 26 November 2012 - 23:11
Ассалому алейкум
Акындар айлым аманбы
Күн жөнүндө баштайын
Жаркырап чачып жерге нур
Чыга келсе чыгыштан
жан-жаныбар козголуп
Ызы-чуу түшүп жер жүзү
Тирикчилик башталат
Чала жууп жүзүңдү
Ишке шашкан андан көп
Мал жанын салып алдына
Жайытка карай жөнөшөт
Малчы менен койчулар
Түйшүгү ушинтип башталат
Чыга келген күнүңдүн
Уй сааганы жөнөшөт
Чака кармап жеңелер
Кетмендерин көтөрүп
талааны карай басышат
баба дыйкан аталар
тирикчилик кылышат
Жада калса кумурска
Акындар айлым аманбы
Күн жөнүндө баштайын
Жаркырап чачып жерге нур
Чыга келсе чыгыштан
жан-жаныбар козголуп
Ызы-чуу түшүп жер жүзү
Тирикчилик башталат
Чала жууп жүзүңдү
Ишке шашкан андан көп
Мал жанын салып алдына
Жайытка карай жөнөшөт
Малчы менен койчулар
Түйшүгү ушинтип башталат
Чыга келген күнүңдүн
Уй сааганы жөнөшөт
Чака кармап жеңелер
Кетмендерин көтөрүп
талааны карай басышат
баба дыйкан аталар
тирикчилик кылышат
Жада калса кумурска
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#2435 27 November 2012 - 00:53
Ой азамат акындар,
Бир-бирине жакындар.
Кун менен тун тенелип,
Кызып жаткан чагынар.
Айымдарга айтаарым,
Талыбасын жаагынар.
Тенелем деп биздерге,
Кайрылбасын шагынар.
Кайрыганы мен келдим,
Аралап гул багынар.
Анда мага атаандаш,
Болорунду табынар.
Колдон келсе соз менен,
Беттен ары чабынар.
Команданар биригип,
Уйкашсын ыр сабынар.
Бирок мага жоопторду,
Окшоштуруп жазынар.
Эрте менен уйкудан,
Турганында калтырап.
Жер жузуно нур берип,
Кун кызарат жалтырап.
Адамзаттын жашоого,
Умутуну арттырат.
Тиричилик-турмуштун,
Арабасын тарттырат.
Демек баары кун нурун,
Эч талашсыз жактырат.
Кун чыкканда аалам тынч,
Баары кулуп-каткырат.
А бирок тун карангы,
Баарын уйдо жаткырат.
Иштеп жаткан жерлерди,
Бир заматта жаптырат.
Кочолор да карангы,
Арандан жан таптырат.
Туш келген жер булганып,
Сасытышып чаптырат.
Тундо чыгып зоокурлор,
Бейкуноону аттырат.
Арзан эле нерсени,
Тундо кымбат саттырат.
Ошол тунду негедир,
Жалкоо жандар жактырат.
Милицияга аларды,
Тундо кармап тапшырат.
Муну дагы назарга,
Илип алгын жакшылап.
Анан мага жок жерден,
Ыр жазбаныз какшылап.
Жазганда так даана жаз,
Эптебестен шапшылап.
Кундун калган болугун,
Эмикиде жазамын.
Кааласанар тундун да,
Сырларыны казамын.
Айымхандар беремин,
Айтышуунун азабын.
Андыктан тез жооп бер,
Ойлоп эмне жазарын.
П.с.Жури барбы баалаган?
Же айтабы каалаган?
Андай болсо женишти,
Кутом Аллах тааладан.
Кана кимин айтасын?
Барбы деги доолаган?
Кантсе дагы бар бекен,
Чындык умут шооладан?
Бир-бирине жакындар.
Кун менен тун тенелип,
Кызып жаткан чагынар.
Айымдарга айтаарым,
Талыбасын жаагынар.
Тенелем деп биздерге,
Кайрылбасын шагынар.
Кайрыганы мен келдим,
Аралап гул багынар.
Анда мага атаандаш,
Болорунду табынар.
Колдон келсе соз менен,
Беттен ары чабынар.
Команданар биригип,
Уйкашсын ыр сабынар.
Бирок мага жоопторду,
Окшоштуруп жазынар.
Эрте менен уйкудан,
Турганында калтырап.
Жер жузуно нур берип,
Кун кызарат жалтырап.
Адамзаттын жашоого,
Умутуну арттырат.
Тиричилик-турмуштун,
Арабасын тарттырат.
Демек баары кун нурун,
Эч талашсыз жактырат.
Кун чыкканда аалам тынч,
Баары кулуп-каткырат.
А бирок тун карангы,
Баарын уйдо жаткырат.
Иштеп жаткан жерлерди,
Бир заматта жаптырат.
Кочолор да карангы,
Арандан жан таптырат.
Туш келген жер булганып,
Сасытышып чаптырат.
Тундо чыгып зоокурлор,
Бейкуноону аттырат.
Арзан эле нерсени,
Тундо кымбат саттырат.
Ошол тунду негедир,
Жалкоо жандар жактырат.
Милицияга аларды,
Тундо кармап тапшырат.
Муну дагы назарга,
Илип алгын жакшылап.
Анан мага жок жерден,
Ыр жазбаныз какшылап.
Жазганда так даана жаз,
Эптебестен шапшылап.
Кундун калган болугун,
Эмикиде жазамын.
Кааласанар тундун да,
Сырларыны казамын.
Айымхандар беремин,
Айтышуунун азабын.
Андыктан тез жооп бер,
Ойлоп эмне жазарын.
П.с.Жури барбы баалаган?
Же айтабы каалаган?
Андай болсо женишти,
Кутом Аллах тааладан.
Кана кимин айтасын?
Барбы деги доолаган?
Кантсе дагы бар бекен,
Чындык умут шооладан?
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2436 27 November 2012 - 11:43
Алгач салам айтайын,
Анан ырым баштайын.
Салам бербей койду деп,
Минус алып калбайын.
Амансынбы калайык,
Амандыгын сурайын.
Эми болсо биссмилла деп,
Төкчүү ырым курайын.
Кайтпасыма жооп кылып,
Ыр кезегим таштайын.
Күн чыкканда чакчайып,
Көр тирлик башталып.
Чызырап тийсе эгерде,
Кожаң калат карайып.
Таңдайыңы какшытып,
Улам турат суусатып.
Жай саратан ысыкта,
Башыңа урат аптабы,
Давлениеси барлардын,
Ошондо болот азабы.
Тытынып ишке киришет,
Айлана баары жанданып.
Дем алууну билишпейт,
Түйшүктү тартат бүт баары.
Жада калса жан-жаныбар,
Падаага кетет мал дагы.
Базарда башталат ызы-чуу,
Жолдордо болот тыгылуу.
Арызданып даттанып,
Жасалма пикет кылышат,
Кээ бирки жандар саналуу.
Күн тийгенден батканча,
Бир мүнөт болбойт тыныгуу.
Азыркы кыйын заманда,
Кай жактан болсун дем алуу.
А түн мемиреп киргенде,
Ай нуру жарык бергенде.
Тыным көрбөй иштеген,
Үй-үйүнө келгенде.
Буттарды сунуп жатышат,
Кудайга шүгүр келтире.
Күндүзү кечке тынбаган,
Күч топтойт го демине.
Бала-чака баарысы,
Божурашып отурат,
Дасторкондун четине.
Адамзаты гана эмес,
Тирүү жүргөн бардык жандар,
Эс ала түшөт кичине.
Түндү бизге ыраа көргөн,
Ыраазы болгун бурадарлар,
АЛЛААМЫН сыйкыр ишине.
Кайтпас иним жазыптыр,
Сөз менен бизди атыптыр.
Уйкаштырып жазгыла деп,
Ыр менен төгүп салыптыр.
Алп акын сезип өзүнү,
Теңине бизди албаптыр.
Кыйынсынып чычалап,
Айтышам деп калыптыр.
Эптемей ырдан жазба деп,
Өтөө эле күчтүү сынаптыр.
Эжелерине кетмендеп,
Гилтейген ороо казыптыр.
Ал казган ороого билинбей,
Өзү келип талп этип,
Түшөөрүн билбей жатыптыр.
Кана эмесе курбуларым,
Ырга жакын булбулдарым.
Сайрап салгын түндү жактап,
Өчүп калсын дулдулдарың.



Анан ырым баштайын.
Салам бербей койду деп,
Минус алып калбайын.
Амансынбы калайык,
Амандыгын сурайын.
Эми болсо биссмилла деп,
Төкчүү ырым курайын.
Кайтпасыма жооп кылып,
Ыр кезегим таштайын.
Күн чыкканда чакчайып,
Көр тирлик башталып.
Чызырап тийсе эгерде,
Кожаң калат карайып.
Таңдайыңы какшытып,
Улам турат суусатып.
Жай саратан ысыкта,
Башыңа урат аптабы,
Давлениеси барлардын,
Ошондо болот азабы.
Тытынып ишке киришет,
Айлана баары жанданып.
Дем алууну билишпейт,
Түйшүктү тартат бүт баары.
Жада калса жан-жаныбар,
Падаага кетет мал дагы.
Базарда башталат ызы-чуу,
Жолдордо болот тыгылуу.
Арызданып даттанып,
Жасалма пикет кылышат,
Кээ бирки жандар саналуу.
Күн тийгенден батканча,
Бир мүнөт болбойт тыныгуу.
Азыркы кыйын заманда,
Кай жактан болсун дем алуу.
А түн мемиреп киргенде,
Ай нуру жарык бергенде.
Тыным көрбөй иштеген,
Үй-үйүнө келгенде.
Буттарды сунуп жатышат,
Кудайга шүгүр келтире.
Күндүзү кечке тынбаган,
Күч топтойт го демине.
Бала-чака баарысы,
Божурашып отурат,
Дасторкондун четине.
Адамзаты гана эмес,
Тирүү жүргөн бардык жандар,
Эс ала түшөт кичине.
Түндү бизге ыраа көргөн,
Ыраазы болгун бурадарлар,
АЛЛААМЫН сыйкыр ишине.
Кайтпас иним жазыптыр,
Сөз менен бизди атыптыр.
Уйкаштырып жазгыла деп,
Ыр менен төгүп салыптыр.
Алп акын сезип өзүнү,
Теңине бизди албаптыр.
Кыйынсынып чычалап,
Айтышам деп калыптыр.
Эптемей ырдан жазба деп,
Өтөө эле күчтүү сынаптыр.
Эжелерине кетмендеп,
Гилтейген ороо казыптыр.
Ал казган ороого билинбей,
Өзү келип талп этип,
Түшөөрүн билбей жатыптыр.
Кана эмесе курбуларым,
Ырга жакын булбулдарым.
Сайрап салгын түндү жактап,
Өчүп калсын дулдулдарың.
Балам бактым-балам базарым!
#2437 27 November 2012 - 14:11
Күн менен түн тууралу
Сөздөр кетти нускалуу
Күтүп турбай мен дагы –
Кошойун үндү баягы
Күн чыкканда уядан
Уктап жатсам, уялам
Тез ойгонуп, кийинип
Берген ашты сиңирип
Жөнөйм ишке, күнүгө
“Йа, алла” деп күйүгө
Автоунаа жүргүзөм
Фараларды күйгүзөм
Кыңылдап ырдап жол бою
ГАИлер бүгүн тоспойбу?
Жумушума келемин
Кечке тамга теремин
Ошентип эле бир маалда
Баш көтөрсөм – капкара
Болуп калат айлана.
Кайтам үйгө жандана
Келинчек, балдар сүйүнөт
Сүйлөшүп койсом беш мүнөт
Чай-пай ичип, эс алып
Отурган соң кеп салып
Жылдыз толуп асманга
Жылабыз эми жатканга
Төшөнчү, орун салынат
Эл жатканга камынат
Азил-чыны аралаш -
Жазып салдым замандаш
Түнү кайда мунун деп?
Суроо берсең каламдаш
Жооп беремин мындай деп
Жазамын дагы, тынбай деп
Сөздөр кетти нускалуу
Күтүп турбай мен дагы –
Кошойун үндү баягы
Күн чыкканда уядан
Уктап жатсам, уялам
Тез ойгонуп, кийинип
Берген ашты сиңирип
Жөнөйм ишке, күнүгө
“Йа, алла” деп күйүгө
Автоунаа жүргүзөм
Фараларды күйгүзөм
Кыңылдап ырдап жол бою
ГАИлер бүгүн тоспойбу?
Жумушума келемин
Кечке тамга теремин
Ошентип эле бир маалда
Баш көтөрсөм – капкара
Болуп калат айлана.
Кайтам үйгө жандана
Келинчек, балдар сүйүнөт
Сүйлөшүп койсом беш мүнөт
Чай-пай ичип, эс алып
Отурган соң кеп салып
Жылдыз толуп асманга
Жылабыз эми жатканга
Төшөнчү, орун салынат
Эл жатканга камынат
Азил-чыны аралаш -
Жазып салдым замандаш
Түнү кайда мунун деп?
Суроо берсең каламдаш
Жооп беремин мындай деп
Жазамын дагы, тынбай деп
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2438 27 November 2012 - 14:21
Анда эмесе мен дагы
Кеп сөзүмдү баштайын
Түндү мактап күндүзү
Бир шиңгил сөз таштайын
Кепти баштаар алдында
Айылдагы эл менен
Саламдашып алайын
"Саламдашпай койду" деп
Кепке-сөзгө мен калбайын
Күндү ырдап мактаган
Жиггитерге саламым
/>
Келип мында баш баккан
Калың журтка саламым
Акыл кебин бизге айткан
Агаларга салым
/>
Ийилип улууну сыйлаган
Инилерге саламым
Сыйлап сиз деп сүйлөгөн
Сиңдилерге саламым
Андан дагы төрт кызга
Өзгөчө айтам саламды
Жигиттер менен таймышкан
Түндү мактап ырдашкан
Кылычын алып тайманбай
Чолпонбайдай баатырдай
Көкүрөктү как тоскон
Төрт кызга айтам саламды
/>
/>
/>
/>
Түндү мактап ырдасам
Таң да атаар,күн батааар
Түнү жарык ай чыгып
Жымындашат жылдыздар
Түнү чөлмөк ойношот
Шапар тепкен уул-кыздар
Күндүз жөнөйт таң заардан азандан,
Соодагерлер тикесинен тик турган
Баары чарчап"ухх" деп келип үйүнө
Бүлөө менен чоогу-чаран чогулган
Кара жанын карч урушуп иштеген,
Күндүзү ишке кетет эл нечен.
Түнкү жымжырт
Жанга жаккан жагымдуу
Жаш жүрөктөн
От чыккансып жалындуу
Жетелешип кыз-жигит түн ичинде
Билдирип сүйүүлөрүн жагымдуу
/>
Маани берип, байкагыла бир сыйра,
Түндө нечен кереметтер бар тура
Түндү мактап нечен сөздөр жагымдуу
Жаза берсем көп нерсе бар маңыздуу
Кеп сөзүмдү баштайын
Түндү мактап күндүзү
Бир шиңгил сөз таштайын
Кепти баштаар алдында
Айылдагы эл менен
Саламдашып алайын
"Саламдашпай койду" деп
Кепке-сөзгө мен калбайын
Күндү ырдап мактаган
Жиггитерге саламым
Келип мында баш баккан
Калың журтка саламым
Акыл кебин бизге айткан
Агаларга салым
Ийилип улууну сыйлаган
Инилерге саламым
Сыйлап сиз деп сүйлөгөн
Сиңдилерге саламым
Андан дагы төрт кызга
Өзгөчө айтам саламды
Жигиттер менен таймышкан
Түндү мактап ырдашкан
Кылычын алып тайманбай
Чолпонбайдай баатырдай
Көкүрөктү как тоскон
Төрт кызга айтам саламды
Түндү мактап ырдасам
Таң да атаар,күн батааар
Түнү жарык ай чыгып
Жымындашат жылдыздар
Түнү чөлмөк ойношот
Шапар тепкен уул-кыздар
Күндүз жөнөйт таң заардан азандан,
Соодагерлер тикесинен тик турган
Баары чарчап"ухх" деп келип үйүнө
Бүлөө менен чоогу-чаран чогулган
Кара жанын карч урушуп иштеген,
Күндүзү ишке кетет эл нечен.
Түнкү жымжырт
Жанга жаккан жагымдуу
Жаш жүрөктөн
От чыккансып жалындуу
Жетелешип кыз-жигит түн ичинде
Билдирип сүйүүлөрүн жагымдуу
Маани берип, байкагыла бир сыйра,
Түндө нечен кереметтер бар тура
Түндү мактап нечен сөздөр жагымдуу
Жаза берсем көп нерсе бар маңыздуу
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#2439 27 November 2012 - 15:08
Саламатпы айымдар?
Урматтап,сыйлар жайым бар.
Айтылыптыр эх чиркин,
Акыйнек сымал кайымдар.
Назгул эжем негедир,
Общий айтпай созуну.
Кемсинткендей жазыптыр,
Кайтпастын жалгыз озуну.
Команданын атынан,
Айткан элем маанилеш.
Тушунбодум негедир,
Ачканбы чала козуну?
Анда мен айтып берейин,
Угунуз Назгул эжейим.
Алп сезген болсом озумду,
Айтышта сизди женейин.
Эми мен чындап озумду,
Алп акынга тенейин.
Ар бир айткан созумду,
Жети олчоп бир ченейин.
Чычалап жаткан жерим жок,
Актанып жатам дебейин.
Озумду коюп ылдыйга,
Жонокой эле сезейин.
Жону жок айтпай кебимди,
Жообумду ырдап эзейин.
Кун куйдуруп карайтса,
Тундо жашап корунуз.
Кыштын куну свет жок,
Ысыбайт такыр торунуз.
Шам жагып жашап кубарат,
Бозоруп кызыл онунуз.
Андыктан айтпай жок нерсе,
Аптапта куйуп конунуз.
Кудайдан тилеп кун сурап,
Жазыныз жакшы созунуз.
Кун болот жашоо жараткан,
Берилген Аллах тараптан.
Жылытат жерди жашартып,
Гул ачат момо дарактан.
Дуйного берип жарыктык,
Жылуулук берип тан аткан.
Тирилик учун ар жакка,
Тирик жан басып бараткан.
Урматтап,сыйлар жайым бар.
Айтылыптыр эх чиркин,
Акыйнек сымал кайымдар.
Назгул эжем негедир,
Общий айтпай созуну.
Кемсинткендей жазыптыр,
Кайтпастын жалгыз озуну.
Команданын атынан,
Айткан элем маанилеш.
Тушунбодум негедир,
Ачканбы чала козуну?
Анда мен айтып берейин,
Угунуз Назгул эжейим.
Алп сезген болсом озумду,
Айтышта сизди женейин.
Эми мен чындап озумду,
Алп акынга тенейин.
Ар бир айткан созумду,
Жети олчоп бир ченейин.
Чычалап жаткан жерим жок,
Актанып жатам дебейин.
Озумду коюп ылдыйга,
Жонокой эле сезейин.
Жону жок айтпай кебимди,
Жообумду ырдап эзейин.
Кун куйдуруп карайтса,
Тундо жашап корунуз.
Кыштын куну свет жок,
Ысыбайт такыр торунуз.
Шам жагып жашап кубарат,
Бозоруп кызыл онунуз.
Андыктан айтпай жок нерсе,
Аптапта куйуп конунуз.
Кудайдан тилеп кун сурап,
Жазыныз жакшы созунуз.
Кун болот жашоо жараткан,
Берилген Аллах тараптан.
Жылытат жерди жашартып,
Гул ачат момо дарактан.
Дуйного берип жарыктык,
Жылуулук берип тан аткан.
Тирилик учун ар жакка,
Тирик жан басып бараткан.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2440 27 November 2012 - 17:30
Калайк калк аманбы,
Кун мен Тунду ырдашып.
Кыз жигиттер сырдашып,
Кубур шыбыр соз менен.
Кунду да Тунду сындашып.
Калемдерин учтшып,
Комуздарын зуулдатып.
Каймана какшык соз менен,
Кее бирин кееде туздашып.
Купулдогон акындар,
Кобуно айтам салмады.
Комуз чертип сайраган,
Кукудой уну талбаган.
Айылдаштар аманбы?
Кунду арнап бердинер,
Кундузу мен да ырдайын.
Катарга бир аз кошулуп,
Кундун билген сырларым.
Кыздарым сизге айтайын.
Кундун нуру тийгенде,
Кун карама семичке.
Кунду коздой карашат.
Кун батканча мистелер,
Кундон козун алышпайт.
Керемт кундун сырларын,
Ким эле кантип таанышат.
Кун чыкканда жер жузу,
Козго даана таанылат.
Тундосу жолго чыксаныз,
Кошунандын иттери.
Курсулдошуп кабышат,
Карангы тундун ичинде,
Коош столбай айлантып.
Козундон жашын агызат,
Кырда жатткан мал-жанды.
Карышкырлар келип алышат,
Козго сайса крбогон.
Карангы токой ичинде,
Чоолору келет кечинде.
Чатырда жаткан жеринден,
Ундугунду тоогунду.
Бирдан кармап алышып,
Жундорун бирден санашат,
Голый кылып ундугун,
Букулу жеп салышат.
Кун мен Тунду ырдашып.
Кыз жигиттер сырдашып,
Кубур шыбыр соз менен.
Кунду да Тунду сындашып.
Калемдерин учтшып,
Комуздарын зуулдатып.
Каймана какшык соз менен,
Кее бирин кееде туздашып.
Купулдогон акындар,
Кобуно айтам салмады.
Комуз чертип сайраган,
Кукудой уну талбаган.
Айылдаштар аманбы?
Кунду арнап бердинер,
Кундузу мен да ырдайын.
Катарга бир аз кошулуп,
Кундун билген сырларым.
Кыздарым сизге айтайын.
Кундун нуру тийгенде,
Кун карама семичке.
Кунду коздой карашат.
Кун батканча мистелер,
Кундон козун алышпайт.
Керемт кундун сырларын,
Ким эле кантип таанышат.
Кун чыкканда жер жузу,
Козго даана таанылат.
Тундосу жолго чыксаныз,
Кошунандын иттери.
Курсулдошуп кабышат,
Карангы тундун ичинде,
Коош столбай айлантып.
Козундон жашын агызат,
Кырда жатткан мал-жанды.
Карышкырлар келип алышат,
Козго сайса крбогон.
Карангы токой ичинде,
Чоолору келет кечинде.
Чатырда жаткан жеринден,
Ундугунду тоогунду.
Бирдан кармап алышып,
Жундорун бирден санашат,
Голый кылып ундугун,
Букулу жеп салышат.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















