Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#641 Пользователь офлайн   sestra   27 Ноябрь 2012 - 16:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (26 Ноябрь 2012 - 22:54) жазган:

Сен да мага жооп берсен, астагфируллах деген эмне? эмнеге сүйлөп баратып эле башка тилде сүйлөп иесиңер?

АСТАГФИРУЛЛАХ араб тилинен АЛЛАХ (менин, биздин) кунообузду кечир - деп которулат. бул создорду биз, мусулмандар, ар намаздан кийин айтабыз, зикр (АЛЛАХты эстоо) кылып айтабыз жана жаман корунушко кубоо болгондо, начар соз айтып алсак ушул создорду келтиребиз.


силердин ишениминерге мин мертебе АСТАГФИРУЛЛАХ келтиребиз! !! анткени силер ширк кылып жатасынар - адамды кудайга тенеп, АСТАГФИРУЛЛАХ.



Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 27 Ноябрь 2012 - 16:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#642 Пользователь офлайн   Debi   27 Ноябрь 2012 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения sestra (27 Ноябрь 2012 - 16:28) жазган:

АСТАГФИРУЛЛАХ араб тилинен АЛЛАХ (менин, биздин) кунообузду кечир - деп которулат. бул создорду биз, мусулмандар, ар намаздан кийин айтабыз, зикр (АЛЛАХты эстоо) кылып айтабыз жана жаман корунушко кубоо болгондо, начар соз айтып алсак ушул создорду келтиребиз.


силердин ишениминерге мин мертебе АСТАГФИРУЛЛАХ келтиребиз! !! анткени силер ширк кылып жатасынар - адамды кудайга тенеп, АСТАГФИРУЛЛАХ.


Макул, аны кыргызча эле айтсанар эмне болот? Баратып эле башка тилге өтүп кеткениңер эмне үчүн экенине так жооп жок.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#643 Пользователь офлайн   Daud   27 Ноябрь 2012 - 21:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Ноябрь 2012 - 20:34) жазган:

Макул, аны кыргызча эле айтсанар эмне болот? Баратып эле башка тилге өтүп кеткениңер эмне үчүн экенине так жооп жок.


Сиз жогоруда машайык деген создун кыргызча эмес экенин айттыныз, бирок ошого карабастан сиз деле ушул созду колдонуп эле журосуз го. Же андай эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#644 Пользователь офлайн   Debi   27 Ноябрь 2012 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения USSR (27 Ноябрь 2012 - 00:00) жазган:

Сиз тутунуп жаткан дин христиан дининин кайсы агымы? Силердин дин боюнча Иса пайгамбар ким? Библиядан мисал келтире койбой,мындай жалпагыраак түшүндүрсөңүз. Менин билишимче,Иса пайгамбар кудайдын уулу деп айтылат сиздерде.(Илгери евангелисттер чиркөөсүнө коңшу жашап калганым үчүн аз-маз кабарым бар бул жагынан.) Жогорудагы кудай-рух дегенди эсептегенде, кудай-ата кудай-уул, такыр эле чалкешип кетти го? Жана дагы бир суроо, католик,протестант, православ,евангелист баптист,жахабачылар. ... эсептей берсек уланып кете берет. Алардын айырмасы эмнеде?

Бул суроого мурда жооп болду эле, УССР, сиз үчүн кайра кайталайын. Биринчиден, мен дин тутунбайм. Анткени, дин дегенибиз Кудайдын жолу болсо, анда ал бирөө гана болмок, же бир нече дин Кудайга алып бара турган бир нече жол болсо, алар бири-бирине каршы келмек эмес да, бир динден бир динге өтүү терс көз караштарды жаратмак эмес. Дин - бул Кудайга канткенде жагам деген адамдын изденүү жолу. Ошондуктан дин көп. А Кудай болсо Өз жолун Библия аркылуу, Ыйса аркылуу көрсөтүп жатат, "силер Мага жакканга аракет кыла элегиңерде эле Мен силерди сүйүп, куткаруу жолун Ыйса Машайак аркылуу ачкам" деп. Ошондуктан, мен бир диндин өкүлү эмес, Библия Кудайдын Сөзү экенин таанып, Ал көрсөткөн жол менен ишеним жолуна түшкөн адаммын. Инжилчи баптистмин (евангелист баптист)
Менин ишенимим Библияга негизделген, ошондуктан Библиясыз жооп бере албайм. Аныгында Библиясыз сиз билгенден башка бир нерсе биле да алмак эмесмин да. Башкача айтканда, Библиясыз сизге айтар сөзүм да, жообум да жок. Себеби, мен өзүм ойлоп тапкан ынанымдарга эмес, так ошол Библия көрсөткөн гана чындыктарга негизделгемин. Эми, Библия боюнча Ыйса - пайгамбар (...Муса Ысрайыл уулдарына: “Кудай өзүңөрдүн бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Ошону уккула”, – деген), Ыйса - Адам Уулу (Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: «Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?» – деп сурады), Ыйса - Кудайдын Уулу (өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү аркылуу, ыйыктоочу Рух боюнча Кудайдын Уулу болуп Өзүнүн күч-кубаты менен ачылган Теңирибиз Ыйса Машайак жөнүндө айтылат), Ыйса - Кудай (Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди). Библия так ушундай деп турса, мен "Кудай, Сен кантип эле Уул да, Рух да, Адам да, пайгамбар да боло аласың, койчу, ошо кантип болсун" дебейм да. Кудай деген Кудай!
Библия дагы мындай дейт: Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты.
Машайакчылыктагы агымдар жөнүндө айтсам, канча адам болсо, ошончо пикир болгонунун эле мисалы деп айтар элем. Кудай рухун тирилткен адамда, Кудай менен байланыштырып турган руху менен бирге адамдык табияты да жашайт. Кудай жолуна түшкөн күндөн баштап ошол рухий табият менен адамдык табияттын ортосунда күрөш жүрүп турат. Айрым учурда адам напсисин тыя албай, өзүнүн адамдык табиятына жеңдирип келет. Так ошонун кесепетинен көп агымдар пайда болот деп билем. Агымдардын арасынан кескин айырмаланганы деп католиктердин Марияга кошо табынганын, православдардын Библиядан такыр эле четтеп, адамдык эле дин жөрөлгөлөрдүн негизинде жашап калганын, жахабачылар Ыйсанын Кудай экенин тааныбай, тозок жок, бейиш болсо жерде болот дегенин айта алам. Жеке мен аларды ишенимдештерим деп эсептебейм.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#645 Пользователь офлайн   Debi   27 Ноябрь 2012 - 21:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения USSR (27 Ноябрь 2012 - 00:05) жазган:

Иса өзүнө чейинки жана өзүнөн кийин адамзаттын баарынын күнөөлөрүнүн кечирген болсо.... Анда кудайдын буйруктары менен мыйзамдарынын эмне кереги бар? Бул логика кандай тизмектелди анда?

Бул логика кандай тизмектегени тууралуу пикирим ичимде эле калсын, айтпай эле коёюн :). Мага логика кандай тизмектегенин айтсам: Кудай күнөөмдү кечирип койсо, ого бетер Кудайдын мыйзамдары менен буйруктарын аткаргым келет. Демек, мага мурдагыдан да көбүрөөк керек.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#646 Пользователь офлайн   Debi   27 Ноябрь 2012 - 22:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (27 Ноябрь 2012 - 21:23) жазган:

Сиз жогоруда машайык деген создун кыргызча эмес экенин айттыныз, бирок ошого карабастан сиз деле ушул созду колдонуп эле журосуз го. Же андай эмеспи?

Неологизм деген бар. Бул бир тилдеги жаңы сөздөрдүн жаралышы. Машайак деген сөз канчалык жаңы болот, биле албай турам. Бул сөздү мен бала кезимен, кыпкыргызча сөз катары угуп келгем. Ал сөздүн чыныгы маанисин кийин, ишеним жолуна түшкөнүмөн кийин даана билдим, көрсө эврей тилинен келген сөз экен. Жаңы сөздөр тилге башка тилден кириши мүмкүн, коомдогу өзгөрүштөрдөн, илим-менен техниканын ж.б. өсүшүнөн кириши мүмкүн, натыйжада ал тилдин өз сөздөрүндөй колдонулуп калат. Бизде башка тилден кирип, өз сөзүбүздөй колдонулуп калган сөздөр көп, бирок астагфируллах деген сөз кыргыз тилине кирип калган сөз дегенге болбойт го. Же андай эмеспи? Бул мага "конечно" , "уже", "вообще" ж.б. сөздөрдөй эле кабылданат да, кеп маданиятынын талаптарына жооп бербейт дейт элем.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#647 Пользователь офлайн   Daud   27 Ноябрь 2012 - 22:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Ноябрь 2012 - 22:05) жазган:

Неологизм деген бар. Бул бир тилдеги жаңы сөздөрдүн жаралышы. Машайак деген сөз канчалык жаңы болот, биле албай турам. Бул сөздү мен бала кезимен, кыпкыргызча сөз катары угуп келгем. Ал сөздүн чыныгы маанисин кийин, ишеним жолуна түшкөнүмөн кийин даана билдим, көрсө эврей тилинен келген сөз экен. Жаңы сөздөр тилге башка тилден кириши мүмкүн, коомдогу өзгөрүштөрдөн, илим-менен техниканын ж.б. өсүшүнөн кириши мүмкүн, натыйжада ал тилдин өз сөздөрүндөй колдонулуп калат. Бизде башка тилден кирип, өз сөзүбүздөй колдонулуп калган сөздөр көп, бирок астагфируллах деген сөз кыргыз тилине кирип калган сөз дегенге болбойт го. Же андай эмеспи? Бул мага "конечно" , "уже", "вообще" ж.б. сөздөрдөй эле кабылданат да, кеп маданиятынын талаптарына жооп бербейт дейт элем.


Сиз кайсы жерде чонойгонсуз билбейминго, бирок астагфируллах деген созду мен кичинекей кезимден эле угуп келгем. Бирок бул соз бузулуп астафирула же астапурулла же астапралла деген формаларда айтылчу. Адашпасам бул создорду СССР убагында тартылган кыргыз филмдеринен да угууга болот.

Анан машайык деген соз арабчада да бар. Арабча машааих деп айтылат. Бул шейх деген создун коптук турдо айтылуусу. Ал эми шейх деген соз аксакал же дин аалымы деген маанилерди тушундурот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#648 Пользователь офлайн   Debi   27 Ноябрь 2012 - 22:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (27 Ноябрь 2012 - 22:49) жазган:

Сиз кайсы жерде чонойгонсуз билбейминго, бирок астагфируллах деген созду мен кичинекей кезимден эле угуп келгем. Бирок бул соз бузулуп астафирула же астапурулла же астапралла деген формаларда айтылчу. Адашпасам бул создорду СССР убагында тартылган кыргыз филмдеринен да угууга болот.

Анан машайык деген соз арабчада да бар. Арабча машааих деп айтылат. Бул шейх деген создун коптук турдо айтылуусу. Ал эми шейх деген соз аксакал же дин аалымы деген маанилерди тушундурот.

))) астапралла дегенди укчумун. Бирок сый жерлерден укчу эмесмин, куудул байкелердин создорунон укчумун.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#649 Пользователь офлайн   Таллас   27 Ноябрь 2012 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ошо, "астапралла" деген сөздү динден түштүк жергесине караганда бир топ эле алыс болгон Таласта деле улгайган адамдардан угуп эле жүрчүбуз. Маани маңызын кийин түшүнүп жүрбөймүнбү. "Машайык" деген сөзгө караганда "часто" эле укчумун )). Сыйлуу жерде көп жүрбөгөндөн улам го укпаганыңыздын себеби.

Бая теңирчилер бар эле: "Кыргыз тилинде сүйлөш керек чет тилдерген келгендерди ыргытып. бла-бла-бла. . Умай Эне колдосун" , - деген.. "Умай" деген деген "умму" деген араб тилинен келгенин элеске албай эле ))

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#650 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Daud (27 Ноябрь 2012 - 22:49) жазган:

Сиз кайсы жерде чонойгонсуз билбейминго, бирок астагфируллах деген созду мен кичинекей кезимден эле угуп келгем. Бирок бул соз бузулуп астафирула же астапурулла же астапралла деген формаларда айтылчу. Адашпасам бул создорду СССР убагында тартылган кыргыз филмдеринен да угууга болот.

Анан машайык деген соз арабчада да бар. Арабча машааих деп айтылат. Бул шейх деген создун коптук турдо айтылуусу. Ал эми шейх деген соз аксакал же дин аалымы деген маанилерди тушундурот.

"машайыктын уулу" деген сөз анда арабдардан эле келген бейм, тиги жүүттөрдүн "машиахына" ичим чыкпай турду эле))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#651 Пользователь офлайн   historic   27 Ноябрь 2012 - 23:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения USSR (27 Ноябрь 2012 - 23:15) жазган:

"машайыктын уулу" деген сөз анда арабдардан эле келген бейм, тиги жүүттөрдүн "машиахына" ичим чыкпай турду эле))

Мен да чындап эле арабдардан келген окшойт деп ойлоп калдым.
Себеби, "шейхтердин уулу болсо да" деген создун мааниси тушунуктуу. Бирок "башы майлангандын уулу болсо да" деген соз бир аз кызыкча болуп атат%)

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 27 Ноябрь 2012 - 23:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#652 Жолоочу_Kosmopolitka_* 28 Ноябрь 2012 - 08:18

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Машайак деген кыргыз элинде колдонулбааайт! бул созду китептен гана окубасам,адам оозунан уга элекмин!а астагфируллах дегенди улуулар колдонушат го дайым эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#653 Пользователь офлайн   Debi   28 Ноябрь 2012 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

(Каалоочулар үчүн гана, каалабагандар окубагыла :)) Библия мындай дейт: Кудайды жана Теңирибиз Ыйсаны таанып билүү аркылуу Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу ээ болдук. Силер бул дүйнөдө үстөмдүк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка ээ болушуңар үчүн, Анын даңкы жана жеткилеңдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген. Ошондуктан силер да бүт аракетиңерди жумшап, ишенимиңерде жакшылык кылуучулукту, жакшылык кылууда эстүүлүктү, эстүүлүктө өзүн өзү токтото билүүнү, өзүн өзү токтото билүүдө чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты, такыбаалыкта бир туугандык сүйүүнү, бир туугандык сүйүүдө (бардык адамдарга болгон) сүйүүнү көрсөткүлө. Эгерде бул сапаттар силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда силер биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты таанып билүү жолунда ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар. Ал эми бул сапаттар кимде жок болсо, ал сокур, көзүн жуумп алган, өзүнүн мурунку күнөөлөрүнөн тазаланганын унутуп койгон. Мына ошондуктан, бир туугандар, чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр. Ошентип, силерге биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын түбөлүк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат. Силер муну билсеңер да, чыныгы чындык менен бекемделсеңер да, бул жөнүндө силердин эсиңерге салып турууну эч качан токтотпойм.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#654 Пользователь офлайн   Debi   28 Ноябрь 2012 - 11:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: (ушундай дегени мен үчүн керектүү жана маанилүү таалим) Азыр мен адамдарга жагууну ойлоп жатамбы же Кудайга жагууну ойлоп жатамбы? Же силер мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин.

...Кудай ылайык деп таап, Жакшы Кабар таратуу ишин бизге ишенип тапшыргандыктан, биз адамдарга жагуу үчүн эмес, жүрөгүбүздү сынаган Теңирге жагуу үчүн сүйлөйбүз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#655 Жолоочу_Kosmopolitka_* 28 Ноябрь 2012 - 14:06

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

He he kacha kaldynyz go ;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#656 Пользователь офлайн   zzz   28 Ноябрь 2012 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 516
  • Катталган: 09 Август 09
  • Соңку аракети: 29 Окт 2020 10:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bishkek

Просмотр сообщения Debi (27 Ноябрь 2012 - 12:29) жазган:

1. Суроолор боюнча позицияңыз түшүнүктүү. ..
2. Сиз келтирген мисалдын логикасы математикалык өлчөмдү эске салып жатат:

Кудай - антиЫйыкРух = Ыйык Рух - антиЫйыкРух; Кудай = Ыйык Рух... антиЫйыкРух дегеним ыйык рухка каршы чыккандар...
Сөз менен айтылбаса да логиканын өзү өлчөм болуп калган жокпу?

Теңдемени талдоону логиканы салыштыруу менен улантсак.
Бул кыскартууларды колдонолу: Кудай - К; антиЫйыкРух - А; Ыйык Рух - Ы - деп белгилеп алалы
К-А=Ы-А бул теңдемеге окшош: 2-1=2-1
Ошондо:
-1=-1; -1+(-1)= -2 ошондой эле: -А=-А; -А+(-А)=-2А
ал эми:
2=2; 2+2=4 ошондой эле: К=Ы; К+Ы = КЫ болушу керекби? же сиз келтирген мисалга таянсак К+Ы = Ы болуп калып жатпайбы...
Демек 2+2 = 2 болуп калабы?
Бул тушунуксуз теңдеме кайдан чыкты түшүнгөн жокмун. Кандайча Кудай "кемитүү" антиЫйыкРух болуш керек, эмнеден улам? :) Түшүнсөм буюрбасын.


Буюрбаса айла жок, жоопсуз калат экен да, эмне кылмак элек :)
Ден соолукту чыңдоо үчүн - I run each ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#657 Пользователь офлайн   Debi   28 Ноябрь 2012 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения zzz (28 Ноябрь 2012 - 16:22) жазган:

Буюрбаса айла жок, жоопсуз калат экен да, эмне кылмак элек :)

Мен деле жылмайып кала бердим, сен деле жылмайып эле калсаъ болду иши кылып :). Арыдан бери болгонго :)
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#658 Пользователь офлайн   Debi   28 Ноябрь 2012 - 17:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kosmopolitka (28 Ноябрь 2012 - 14:06) жазган:

He he kacha kaldynyz go ;)

Сен кубалап жетпей келаткансың го ;). Ушинтип өзүңөрдү жооткотот эмессиңерби :). Эмнеңерден качайын :). Орустар айтмакчы "от греха по дальше" болуш керек да.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#659 Пользователь офлайн   Debi   28 Ноябрь 2012 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#660 Пользователь офлайн   Таллас   28 Ноябрь 2012 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан, Библия дагы эмне дейт экен? Уланта салыңыз ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 02:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: