Салам достор! Быйылкы жылдын тарыхый инсандары Абды Сүйөркулов жана Исакбек Монуевдер тууралуу кеп козгогум келди. Себеби быйыл А.Сүйөркуловдун 100, И.Монуевдин 110жылдык юбилейи мамлеккеттик деңгээлде белгиленип жатат.
Жылдын инсандары
#2 24 November 2012 - 22:23
Сүйөркулов Абды 1912-жылы азыркы Токтогул(мурунку Кетмен Төбө) районунун, Төркен кыштагында жарыкка келген. Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. Октябрь революциясынан кийин советтик окуу жайларында окуган.
1940-жылдан тартып КПСС мүчөсү. 1932-41-жылдары райондук жана областык чарбалык уюмдарда жетекчи кызматтарда иштеген.
1941-42-жылдары Эмгекчи депутаттарынын Жалал-Абад областык советинин аткомунун председатели болгон.
1942-44- жылдары Кыргызстан БКнын секретары,
1946-ж. ВКП(б) БКнын Партиялык жогорку мектебин бүтүргөн.
1946-49- жылдары Кыргызстан КП(б) БКнын үчүнчү жана экинчи секретары,
1947-50-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин,
1950-59-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели болгон.
1959-69-жылдары Кыргыз ССР соода министри,
1946-62-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты болууга жетишкен.
Сыйлыктары:
Эки Ленин ордени,
эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

#3 24 November 2012 - 22:24
Кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Монуев 1902-жылы Алай районуна караштуу Нура айылында төрөлгөн. Ысакбектин атасы кийинчерээк Кытайдын Синьцзянга уйгур автономиялуу облусуна көчүп барып, ири соодагер болгон. Болочок генарал, 25 жашында Кызыл-Суулук кыргыздардан аскер чогултуп, кытайдын чек арасына кирип келген басмачылар менен согушкан. Ысакбек мындай эмгеги үчүн генерал-майор наамын алган. Өз кезегинде Сталин жана кытайлык коммунист Мао Цзе менен жакшы мамиледе болгон. Жетишкен ийгиликтери эске алынып, 1932-жылы Кытайдын Улуу Чат районунун акимдик кызматына олтурган. Ал Чыгыш Түркестан Республикасынын коргоо министри жана башкы командачысы болгон. Исакбек Монуевдун туугандарынын айтымында, генрал кытайлык козголоңчу Чан Кай Ши менен беттешип, аны бир канча жолу баш ийдире алган. Эл арасында ишеничке ээ болгон генерал, 1949- жылы Сталиндин буйругу менен Пекинде өтүүчү жыйынга учуп баратып, кырсыкка учураган.
#4 24 November 2012 - 22:29
Баса,20-ноябрь күнү Ысакбек Монуевге
арналган көргөзмө Тарых
музейинде ачылды. Барчулар болсо кеттик
арналган көргөзмө Тарых
музейинде ачылды. Барчулар болсо кеттик
#5 24 November 2012 - 22:31
Ушул жылдын февраль айында болсо керек, тарыхтан олимпиадага даярданып журсом бир бир агай суроо берип калды: быйыл кайсы адамдардын юбилейи мамлекеттик деңгээлде белгиленет?
-деп. Балээни билемби, башымы кашып туруп калсам айтты эле: Сүйөркулов жана Монуев, билип ал ушул суроо келип калышы мүмкүн деп.
Үйгө келип гугл чоң ата, вики чоң энелерден сураштырып билип алдым эле.
Кийин как раз ушул суроо келбедиби чиркин! Жаттап алгандарымын баарын айтып бергем. Бирок баарыбир утулуп калгам черттуку. Ошентип жогорудагы эки киши менен таанышып калгам. Кыскасы мактанып бүттүм
(ушул фразаны каерден окудум эле?...)
Үйгө келип гугл чоң ата, вики чоң энелерден сураштырып билип алдым эле.
Кийин как раз ушул суроо келбедиби чиркин! Жаттап алгандарымын баарын айтып бергем. Бирок баарыбир утулуп калгам черттуку. Ошентип жогорудагы эки киши менен таанышып калгам. Кыскасы мактанып бүттүм
#6 24 November 2012 - 22:32
Силерде дагы жогорудагы тарыхый инсандар тууралуу маалымат болсо бул жерге жазып коесуздар деген үмүттөмүн.
Анан, буюрса жакында(12си акыры заман болуп кетпесе
) 2013-жыл келет. Ошол жылдын тарыхый инсандары тууралуу сөз кылабыз...
Анан, буюрса жакында(12си акыры заман болуп кетпесе
#7 24 November 2012 - 22:35
#9 30 November 2012 - 17:22
Олуп кетеин,экноонон бироосуну таанысам.Мына эми сиздердин жазганынарды окуп чыгып таанышамда.
#10 01 December 2012 - 00:19
КТР кундо эле сайрап атканы менен эч ким деле тааныбайт окшойт жогорку инсандарды.
Азыр да А.Суйоркуловдун элесине арналган айтыш болуп атат.

Супер-Инфо
super.kg
видео