Салам урматтуу достор, кандай көптөн бери жазбай калды эле деп ойлоп жатасызбы. Ооба, жазганга бул жакка жетишпегеним менен баягы эле адатымча окуп коем, форумчулар эмне тууралуу кеп талашып олтурушат экен деп. Сиздерге ортого бир кеп таштаганы турам, аты айтып тургандай, Москвага эмне максат менен келдиңиз эле? Ошол тилегиңизге жеттиңизби,
ишке аштыбы ой-максатыңыз?
Келиңиз ушул жөнүндө кеп кылалы, эмне дейсиз урматтуу форумчулар?
Албетте бул жерде бир канча буга окшогон темалар бар, буга чейин канча жолу кеп болсо да, маани – маңызы бир аз башкачарак болушу мүмкүн. Дегеним, бул жерде ортого кеп таштап талкуулап, кеңешип олтургандардын дээрлик көпчүлүгү москвичтер эмеспи. Москва десе жалаң гана москвалык кыргыздарга эле эмес жалпы эле мекенибизден алыста иштеп, окуп жүргөн мекендештерибизге да тиешеси бар албетте. Чет жактарда эмне кылып жүрөсүз? Максатыңыз ишке аштыбы. Мекенге качан кайтайын деп жүрөсүз?
Өткөндө Кыргызстанга барып келдим үч жыл дегенде араң убакыт таап барып келдим. Мен бул жакта жумуш окуу менен алаксып жүргөнүм менен сагынычымды байкабай, жүрөгүм элжиреп бир башкача сезим келип самолет жерге конгондо. Туулган жеримдин абасы жүзүмдөн жылуу сылап гана өтпөстөн, жан дүйнөмө да кирип кере-кере жутканымда сагынычымдын канчалык чекке жеткенин байкап, көзүмөн сагынычтын жашы ичимдегин жашыра албай агылды. Ошондо туйдум, туулган жер, мекен деген менен байланышыбыздын күчтүүлүгүн.
Дүйнөнүн канчалаган бейиш сыяктанган жайларына барып жашасаң да туулган жериңе, мекениңе барибир жетпейт, эч качан өгөйлөбөйт.
Качан келсең да кучагын кең жайып жылуу тосуп алат. Киндик каныбыз тамган, чоңойгон, туулган жерибиздин эч кайсы өнүккөн шаарлар да ордун алмаштыра албас. Сиз мага кошуласызбы,
келиңиз ой бөлүшүңүз.
Москвага эмне максат менен келдиңиз эле мекендеш? Москвага эмне максат менен келдиңиз эле мекендеш?
#2 23 November 2012 - 04:00
Ehh Lunatena men dagi Moskvada kop jil jashagam jakshi ele ushtedim Kudaiga shugur.Birok orustar bashka adam orduna körbögönu ökunduröt. Azir evropada jashaim bul jakta baari jakshi kirgizdardi Kirgizsrandi sagindim keede buulugup iylaym Bardik nersem jetishtuu Allaga sonsyz shugur Kirgizdar menen kirgizcha suyloshup sirdashkandi sagindim.Aman bolgula kayjerde jursok da kichi mekenim ar dayim jurogumdo.Ölköbuzdun önugushun ar dayim Kydaidan tileym. Uzaktagi jurogu kirgiz dep sokkon kizinarrrr!!!
#3 23 November 2012 - 05:47
Келбейт болчум да. Ала тоодон ''кашка'
' уюм жоголуп кеттип . Ошону издеп Москвага клбедимби...
.....
Жаагын сынса да. Шагын сынбасын.
#4 23 November 2012 - 08:31
Эх Россия россия бир боор энем.. мен ондуу тоо кушуна койнун кенен, деп бир кезде атактуу Алыкул Осмонов агабыз жазып кетти эле..Ооба туура биз учун койну кенен аа бирок эмне кылып журобуз оз ата мекенибизден алыс Жакта.. Албетте Жанагы эле турмуш деген эскилиги жеткен арабаны Жанылайлы деп журбойбузбу.
.
...
#5 23 November 2012 - 13:58
Быйыл менин россияга келгениме 9жыл болот.Биздин шаардын эли жакшы,отто тынч.Москвада 8ай иштегем,москвада квартирада копчулук болуп жашаган жакпады. Озум жашаган шаарды кыргызстандан кем суйбойм.ОШту бир башкача суйом,эстесем сагып ыйлагым келет.Негизи баары эле кор тиричиликтин айынан келет.Ким эле жыргаганынан келиптир.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#7 23 November 2012 - 14:05
Мен Москвага келгенимде кичинекей болгондуктан эч нерсени билген эмесин, биринчи келгеним да эсимде жок. Мекенге буйурса окуумду ийгиликтуу аяктасам кетем, келбейм.
#9 23 November 2012 - 16:39
Мен Москвага келгенимде кичинекей болгондуктан эч нерсени билген эмесин, биринчи келгеним да эсимде жок. Мекенге буйурса окуумду ийгиликтуу аяктасам кетем, келбейм.
Ушул созун учун сыйлайм да сени.Дайыма ушинтип айтып келесин,кичиненден баштап Москвада осуп калсан да так суйлойсун,аткени мындай адамдар бар го кичине башка элде журуп калса эле Кыргызча чала суйлоп калышат. Бул мактоо же кошомат создор эмес.Чындап эле ,ачык оюумду айтып жатам.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#11 23 November 2012 - 20:39
Мен Санктпетербургда быйыл келгениме аз күндөн кийин 4 жыл болот экен барып келип турам бул жерде көп жүрө албайм Ошту сагынам .Бул жака келген мекендештерибиздин дээрлик көпчүлүгү акча табуу үчүн келген мен да ошолордун эле катарындамын үйлөнгөнгө акча таап алсам кетем деп койбоюнбу
буйруса аз калды го дейм ой масаттарымды ишке ашырууга .
Айылым алтын бешигим!!!
#12 23 November 2012 - 22:31
Ооба озу жерине,элине эчтеке жетпейт экен.Мен да торт жыл Москвада журдум.Ар жылы келем.Бирок быйыл эч кетким жок,айылымды,
ата энемди,уйумду,
бир туугандарымды дагы копко,алыска тыштап кетким жок.Ойдогудай иштеп кайтык ата эмнем мактап эле отурушатко.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#13 25 November 2012 - 02:09
Эх Россия россия бир боор энем.. мен ондуу тоо кушуна койнун кенен, деп бир кезде атактуу Алыкул Осмонов агабыз жазып кетти эле..Ооба туура биз учун койну кенен аа бирок эмне кылып журобуз оз ата мекенибизден алыс Жакта.. Албетте Жанагы эле турмуш деген эскилиги жеткен арабаны Жанылайлы деп журбойбузбу.
.
...
Самат, сиз Россиянын кайсы шаарында турасыз? Кандай жумуш жазайсыз?
#14 26 November 2012 - 05:53
Саламатсыздарбы Мекендештер!
Мен да чет олкодо турмуш-тиричиликтин артынан журом.Тагдырыма байланыштуу башка олкого барып акча табууну жана эки кызымдын келечегин тузууну максат кылып койгом.Канчалык айылды,ата-энемди,
бир туугандарымды,
балдарымды сагынсамда айла жок бара албайм себеби Кыргызстанда жашоо ото татаал болуп калды.Аллага шугур иштерим жакшы,кыйынчылык бар бирок адам баласы баарына чыдайбызда.
"Ачкачылыктын токчулугу болот"- дегендей келечекте баары жакшы болот деген умуттомун.Кудайым баарыбызга сабырдуулук жана ыйман,ынсап берсин.САБЫР ТУБУ-САРЫ АЛТЫН.
#15 26 November 2012 - 06:06
баары эле акча учун кетишет чет олкого.бирок мен наоборот.( мени судить этпегиле,мага жооп деле жазбагыла) жыргал жашоону таштап суйуу учун келгем. в бишкеке у меня было все. баары тан калышты сага эмне жетишпейт сенде баары бар даже акчадан да кыйынчылык жок болчу. хехе. ата-журтту сагынам конечно жылда барып турам. бирок бул жерде суйуум менен бактылуумун.
кудайга шугур. ал эми башкаларга от души ийгилик каалайм!!
!
#16 28 November 2012 - 21:33
Ата - энеме оорчулугумду салбай озум иштеп, окуу учун келгем. Азыр окуйм дагы иштейм дагы,окууну бутсом кетем.
Эхх, апамды сагындым,тез эле жайкы каникул келсе экен
Эхх, апамды сагындым,тез эле жайкы каникул келсе экен
#17 01 December 2012 - 13:07
мен окуганы келгем, буйруса жакында диплом алам. Тилеген максатыма жетейн деп калдым буйруса.
#18 01 December 2012 - 13:25
Мен деле окумуш болуп жүрүм Индияда.
А Маскөөгө бир барып кетмейим бар го. Бирок, так билем - иштөө үчүн эмес, жөн гана көрүп кеткени. Ал жактан мени тосуп алып көрсөтүүчүлөр да чыгат деп ишенем
А Маскөөгө бир барып кетмейим бар го. Бирок, так билем - иштөө үчүн эмес, жөн гана көрүп кеткени. Ал жактан мени тосуп алып көрсөтүүчүлөр да чыгат деп ишенем
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#19 01 December 2012 - 13:34
Бир максатты ишке ашырсан экинчиси пайда болот.барып келип турабыз го,биротоло кетиш али кыйын.биз да куйоом экообуз балдарыбызды таштап,эл катары кыбырап журобуз.бирок орус элинен ушунчалык конулум калды,аларды деле туура тушуном кочого чыгышса почти 50% башка улуттагы элдер журобуз.метродо,
магазиндерде жаман коз карашын байкайм,озумчо кысылып да кетем.айла жок кырг.да отурсак эч нерсеге жетишпейбиз.
али максаттар кооп......
#20 02 December 2012 - 01:19
Москвага келгендердин ар кандай максаттары бар.Ал максаттардын эн эле белгилуусу жашоону ондо. Мен да ошол максат менен. Бул максатыма жетуу учун аракет кылам. Бирок Кыргызстанга эртээрек гетсем жакшы болмок бирок...........
.........

Супер-Инфо
super.kg
видео

















