Суперстан: Отуздагы "отчетум" :) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д

#41 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сүйүүнүн бул майрамын тосоормун дагы жалгыз
Телмирип тиктеп коюп оюмдун аккан суусун,
Жылдыздын мунарык боз муз сымал алсыз нуру
Жүрөктө арманымды куюлуп актап жуусун.
Жолубуз эки айрылыш, түшүнүп турам баарын
Кереги кимге керек айтылгыс армандардын
Жашоонун мыйзамына айла жок моюн сунуп
Мен сени кое бердим, жол тороп кармабадым.
Алтын күздүн сары-кызыл жомогундай
Сен менин элесимде эсте калдың,
Желбиреп күн нурундай саамайларың
Жана бер, алтын күнүм, өчпөй жангын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жандүйнөнү баткак менен жуурудук
Итчесинен ыркырашып, чөөлөр сымал улудук,
Таштандыга айланган көөдөнүбүз
Кайда калды Адам деген улуулук?
Абийирди чаң басып, жатса керек бир бурчта
Ынтымактан кур калдык жакын болуп урушка,
Чыйт түкүрүп, өз арбайды согобуз
Жаман адат, пейилдерди шылтап коюп турмушка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жаабачы кар, ансыз деле жан дүйнөмдө жымжырттык
Эски журттай кемегенин орду калган,
Ээси таштап кетип калган жолбун иттей
Көөдөнүмдү ой-санаалар тырмалаган.
Жаабачы кар, мыжыкпачы маанайымды
Көрүп туруң,араң турган ал-жайымды,
Эсептешпей башкалардын ою менен
Өзүң билип сого бербе арбайыңды.
Кар алдында кырч-курч, бирге басабыз
Ачыла албай, бир нерседен бирдей качабыз,
Анын баары түшкө кирген жомок сыяктуу
Бир кун келет, ойгонобуз,такыр башкабыз.
Кардын ар бир бүртүкчөсүн ырга айлантып
Сагынычка,кусалыкка батам мойнуман,
Кар аралап күүгүм талаш сага барсам дейм
Түнөк таап,аппак жомок-кыштын койнунан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Оң колумду сол кол менен кармап туруп
Жүрөктөгү ырларымдын жолун бууп,
Акылым кыя чабат илхамымды
Муздай муздак кылычын кындан сууруп.
Ыр менен ойго салып кыйнагыча
Жаралбай калган жакшы ырлар буулуп,
Кабагың ойго түшүп калгычакты
Жылмайып жүргөндүгүң- мага улук.
"Жакты" деп, "сонун" десең ырларымды
Чын жактыбы,же мени сыйладыңбы,
Же балким айта албай жүргөндүрсүң
Ач кенедей жармашкан уйгагымды.
Тартынам сүйөм дештен,
Күрмөлүп тилим барбай
Уялам сезимимден
Күнөөлүү ишим бардай.
Аппак таң сенин дүйнөң,
Наристе күлкүсүндөй,
А менчи? Миң жыртылып
Миң жерден жамалгандай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эл болбой бийлик ээси,булагы
Болуп калды папке талаш куралы....
Чоңдорубуз колдун кири мансап учун
Эл тагдырын картага сайган убагы....
Кыргыз деген касиетти жоготтукпу
Унутуп биримдикти, ынтымакты... ..
Мамлекетти жок кылып бүтмөй болдук
Жасай берип маңызы жок ынкылапты...
Көз жеткен жерге сөз жетпейт
Сөз жеткен менен алсырап дарманыбыз
Өзүбүздү эптей албай калган үчүн
Кечир бизди, келечек муун урпагыбыз....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   USSR   28 Ноябрь 2012 - 09:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күтүү...Мынча куса кыйнады...
Уйкумду кууду... Ойлондуруп кыйланы...
Жамгырды күткөн аңыздай болуп какшыган
Өзүңө чаңкап бүтүндөй дүйнөм кургады......
Көздөрүң ойлуу
Ойлодуң экен нени сен....
Жообумду таппай санаалар мени чырмады...
Карегиңден келечек бактым табайын
Батыраак келчи.... Жашоомдун болчу жыргалы....
Батыраак келчи..
Сүйүүдөн тизип дубалын
Экөөлөп чогуу бакыттын үйүн куралы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   USSR   28 Ноябрь 2012 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Түшүмдө сездим
Жылуулугун
Чай сунган сенин колуңдун.
Жүзүңө сенин
Жарашып гана калыптыр
Сапсары гүлдүү
Апакай сенин жоолугуң...
Таң атпай туруп
Сууга айтып ушул түшүмдү
Ниетти түздөп
Жакшылыкка жоорудум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   USSR   28 Ноябрь 2012 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Уясына Күндү узаттым.
Кызарып көзүн кысып уйкусуна бара жатты.
Шалдайып кала бердим
Нуру өчкөн карек менен
Үмүт кыла тиктеп коюп батыш жакты.
Келээрсиң сен бир күнү
Жандүйнөмө жар салып салтанатты.
Тазалап таштандыдан
Жүрөктө алсыз жаткан махабатты.
Келээриң эстегенде
Кыялым асман кезип канат какты.
Аралап булуттарды
Аралап жылдыздары,
А Күн болсо акырыыын батып жатты....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   USSR   28 Ноябрь 2012 - 09:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Негедир бүгүн
Ыр жазгым келип
Көңүлүм мынча элирет.
Жазаарга сөзүм таппай
Өзүмө өзүм батпай,
Ичимден толгонгонсуйм миң ирет.
Кыңылдап ырдап коюп
Саат карап мойнум созуп,
Жүрөктүн кылын чертип кеч эми качан кирет?
Түнүмдүн көп бөлүгүн
Үмүтүм сага арнайм...
Үзүлүп кетпесин деп
Үзүмүн түнгө байлайм...
Миң ирет селт ойгонуп
Бар экениң жүрөк сезип
Ойлонбой эч нерсени,
Аткан таң менен кошо
Жарышып кадам таштайм....
Санааркадым. Сагындым.
Алдыда келе турган күндөрүмдү,
Мен деле кучактаармын
Көөдөй кара түндү эмес,сүйгөнүмдү.
.
Ал кундор келгичекти
Бакыт деп эсептейин... кырсыктан
алыс болуп
Аман соо жургонумду....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   анарбек   29 Ноябрь 2012 - 20:00

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 01 Апрель 10
  • Соңку аракети: 12 Окт 2017 09:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Алыкул менен кетткен го дечуу элем бар экен :gul2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   andormeda   01 Декабрь 2012 - 03:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Акооооу, отуп кеткен туулган кунунуз менен, оз убагында куттуктай албадым. Ошентсе да "кеч болсо да, эч болсун" деп куттуктап коёюн.
Калеминиз курчуй берсин, мыкты ырларыныздын сакталбай калганына ичим ииииииий ачышат да.

˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Mondur   01 Декабрь 2012 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Тойбой калдым!
Дагы жазыныз.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   USSR   09 Декабрь 2012 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кеч чыктым.Эл жаткан маал.Жарык өчкөн
Же унаа жок ала кетээр жолдон өткөн,
Кеч чыктым. Жетишемби?Жолум узак
Нур өчкөн көздөрүмдөн, сакал өскөн.

Үйүңдү табаар бекем?
Адашпай бараар бекем?
Уйкуңду миңге бөлүп
Күттүңбү же сен дагы?
Адашып караңгыда кыйналбайын
Жандырып коюп койчу
Терезеңе чырагыңды...

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 09 Декабрь 2012 - 18:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   USSR   09 Декабрь 2012 - 18:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Ай чыкты карачы,
Айдан биз жаралдык "
Ай болуп асман кезип
тентидик,сандалдык. ..
Жылдызды көзгө илбей,
керсейип бааландык...
Он беш күн жаркып толуп
Он беш күн ушаландык...
Эхх! А мага азыр не кем?
Ыргып чыгып терезеден
Жыланач чуркап бийлеп
Ай нуруна жуунуп келем.
Күткүн мени,мен бат эле,
Кучактап түбөлүккө
Түшүмдө көп нерсени
Шыбырап айтып берем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   USSR   09 Декабрь 2012 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Барс авамдын окуп чыгып төрт сабын
Эске түштү айылымдын аңыздары...
Шаардын күлүк ритминен чарчаганда
Айыл жыты-табылгыс бир шыпаа,дары.. .
Бук болуп турам, жетишпей турат бир нерсе
Жандүйнөм менин кыйлага азыр бузулган.
Айылдын жытын көкүрөк толо бир жутуп
Ат болгум келди...сокого кошкон, дың бузган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   nazgul8076   13 Декабрь 2012 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Чыгармачылык ийгилик каалайм! Талантын ташкындап, калемиңден ырлар төгүлүп турсун! Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: nazgul8076: 13 Декабрь 2012 - 14:05

Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   USSR   14 Декабрь 2012 - 01:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жаз жадырап жанга жагып жылуулук
Сөздөр жеткис айланада сулуулук,
Кошунанын ээн жаткан жеринде
Баштап жатат бүгүн тамды тургузуп...
Жыгылган турат,кыйшайган нерсе түздөлөт
Күздө төккөн жалбырагын дарак кайра бүрдөнөт
Жазым келди,талаа- түздөр,тоо-таштар
Кызыл-тазыл гүлгө толуп,миң түркүмдүү түрдөнөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   USSR   14 Декабрь 2012 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыш чилдеси жанга батып тажатып
Сагыныпмын жаркып тийген улуу Күндү!
Күнчубактап өзүм менен маектешип
Алсыз тийген күн нуруна жылыттым жүрөгүмдү...
Адашып издесем да өз рухумду
Унутпасмын мен өзүмдүн кимдигимди. ..
Кулаган жан дүйнөмдү тургузуучу-
Мен устамын,өзүммүн куруучусу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   USSR   14 Декабрь 2012 - 02:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мейли жаасын! Алты айга кыш узарсын!
Басчу жолум ак кар басып кыйнасын!
Жазды күтпөйм
Келсе келсин,келбесе өзү билсин,
Эн башкысы
Жүрөктөрдө жаздын ыры ырдалсын!
Мен адаммын! Кубаттуумун, күчтүүмүн!
Адам болуп жүргөн үчүн
Жашап жүрөм... тирүүмүн!
Тирүү нерсе бир ордунда токтобойт
Мыйзам ушул,күздө түшкөн жалбырагын
Жазда дарак жоктобойт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   USSR   14 Декабрь 2012 - 02:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жалганды жаман көрөм....
Чындыктан да чарчадым
Кыялымда дүйнө куруп жашагандан тажадым....
Жашоо-трамвай,
Кетти алдыга эч нерсеге карабай
Рейстен калып...акырыын жөө басамын....
Кандай сонун....мен адаммын
Чарчасам да токтобостур кадамым....
Колду шилтеп
Бүт баардыгын таштаганга жол бербес,
Балким ошол -Адамдык бир сапатым.....
Жазды күтөм ....жаш балача
Календардын күндөрүн мен санаймын...
Күлкүм келет
Эмне өзгөрөт келип калса жаз айы?
Куру бекер жомокторго берилбей
Андан көрө жүрөгүмө жаз көктөмүн жасайын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 18:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: