Дауд, телевизорду жөнү жок карап отуруу да шапар тебүүгө кирет деп ойлойм ))).
Библияга (Християндарга) суроом бар
#722 09 December 2012 - 22:02
Библия коомду зынадан,адам олтуруудон,
ууруларга кандай жаза чара колдонот?
#723 09 December 2012 - 22:26
Мына ушул доордо жыйында рухий эмес, табигый адамдар мүчө болгондуктан,
окутуу да адамдык негиздерге аралашып, бурмаланган.
Ошонун натыйжасында Библиялык окутуудан четтеп, адамдык окутуулардын негизинде калыптанган агымдар жаралган.
Ушул жерден мен да сизге Таллас мырза берген суроону бергим келип турат. Суроону кайра башынан жазып отурбастан ошол бойдон эле кочуруп койдум.
Жоопторуңузга рахмат!
Сиз ошондо Библиянын ошо сиз айткандай "табигый адамдар" тарабынан бурмаланганын мойнуңузга алып жатасызбы муну менен? Же окутуу деп башка нерсени түшүндүрөйүн дедиңиз беле?

#724 09 December 2012 - 22:31
#725 09 December 2012 - 22:31
#726 09 December 2012 - 22:50
1. Католиктер Мариямга да кошо сыйынышат. Мариям кадимки аялдардан такыбаалыгы менен гана айырмаланган. Инжилде мындай дейт:"Энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты. Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «Энең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти. Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да, айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым. Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди".
2. Ал эми православдарда акыл-эси жетиле элек балдарды, ымыркай кезинде эле сууга чөмүлтүшүп, мойнуна айкаш жыгачтын сөлөкөтүн тагып, "машайакчы кылып" коюшат. Анан да шам жагып, чокунуп, Библияда таптакыр айтылбаган эле жөрөлгөлөрдү кылышат.
1-а. Католиктер Мариямго оздорунчо эле, эч бир далилсиз эле, оз ойлорунан чыгарып эле сыйынышат турбайбы анда?
1-б. Библияда Исанын "мен Кудаймын" же "мага сыйынгыла" деп айткан жери барбы?
1-в. Сиз жазган цитатадан Иса озунун генетикалык энеси, бир туугандарынан баш тартты деген соз келип чыгабы? Же башка маанини билдиреби?
2-а. Демек бабтистер айкаш жыгачты оздорунун диний символу катары корушпойт?
2-б. Бабтистер акыл эси жетилгенден кийин машайыкчы кылышабы? Алар да жуунтушабы же бул жоролгону башкача тартипте аткарышабы?
#727 10 December 2012 - 10:07
Интернеткечи?
Библия бул жагына кандай карайт?)))
Инжилде мындай дейт: Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок эч нерсе менин үстүмөн бийлик жүргүзбөшү керек (1Кор.6,12).
Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле ишенимди бекемдебейт (1.Кор.10:23).
Интернет - бул чоң мүмкүнчүлүк. Бирок, эгерде пайдалуу колдонсоң чоң пайда табасың, зыяндуу колдонсоң чоң зыян тартасың.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#728 10 December 2012 - 10:42
"1-а. Католиктер Мариямго оздорунчо эле, эч бир далилсиз эле, оз ойлорунан чыгарып эле сыйынышат турбайбы анда?"
Адашуу деп ойлойм. Кимдир бирөөгө Машайакты төрөгөн аял жөн аял болбогон деген ой келген деп болжоого болот. Жазуудан алыс болушкандыктан, Жазуудан ырастоону издебестен, ага артыкча баа берибалышкан деп ойлойм. Ыйса Өзү мен жогоруда келтирген аятта, жана мына бул аятта: "Ыйса бул сөздөрдү айтып жатканда, эл арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып, Ага: «Сени курсагына көтөргөн, Сени эмизген эне бактылуу! » – деди. Ыйса болсо ага: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу! » – деди", ал аялга ашыкча маани берүүнү негизсиз кылып жатат.

#729 10 December 2012 - 11:12
"1-б. Библияда Исанын "мен Кудаймын"
же "мага сыйынгыла"
деп айткан жери барбы?"
Кудайдын денеде келиши жашыруун, кийин Кудайды сүйгөндөргө ачылчу чоң сыр болгон. Ошондуктан Ыйса жер үстүндөгү жашоосунда, Өз вазипасын аткарып жүргөн учурунда, мен билгенден, минтип тикелей айткан эмес. Бирок Анын Ким экенин билдирген сөздөрүнөн мисал келтирейин:
"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).
Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди. Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? (Жкн.14,9).

#730 10 December 2012 - 11:23
"1-в. Сиз жазган цитатадан Иса озунун генетикалык энеси, бир туугандарынан баш тартты деген соз келип чыгабы? Же башка маанини билдиреби?"
Баш тартты деп айта албайбыз. Аны Адам жагын алганда бул адамдар Анын энеси, бир туугандары. Ал эми Аны Кудай жагынан алганда булар Анын катардагы сүйүктүү пенделери. Мен келтирген аяттардан так ушундай түшүнөм.
Ошол сай сөөгү сыздап, айкаш жыгачта кадалып турганда Ал энесин ойлогон:
"Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө: «Аял! Бул сенин уулуң!» – деди. Андан кийин шакиртине: «Бул эми сенин энең болсун!» – деди. Ошол убакыттан баштап, ошол шакирти Ыйсанын энесин колуна алды" (Жкн.19,26-27).

#731 10 December 2012 - 11:44
"Демек бабтистер айкаш жыгачты оздорунун диний символу катары корушпойт?"
Айкаш жыгачты көргөндө, мен албетте, Рим империясынын эң оор өлүм жазасын эмес, Ыйсанын өлүмүн эстейм. Ыйсанын өлүмү айкаш жыгачта ишке ашпаган болсо, айкаш жыгач бир кезде дүркүрөп турган улуу империянын эң оор өлүм жазасын гана эскертип турмак, менимче. Ыйсанын өлүмү ошол катаал өлүм жазасынан алда канча маанилүү болгондуктан, айкаш жыгачтын өлүм жазасы катары маанисин басып тургансыйт.
Айкаш жыгач биздин журналдарда, машайакчылык кайрымдуулук уюмдарынын логотиптеринде кездешет. Жеке мен айкаш жыгач коомдо формалдуу машайакчылык болуп калган православ, католик чиркөөлөрүнүн белгиси катары кеңири белгилүү болгондуктан, такыр колдонбойм.

#732 10 December 2012 - 11:55
"2-б. Бабтистер акыл эси жетилгенден кийин машайыкчы кылышабы? Алар да жуунтушабы же бул жоролгону башкача тартипте аткарышабы?
"
Ар бир адамдын Кудай менен болгон жеке мамилесине эч ким кийлигише албайт. Адам акыл-эси жетилген кезинде, аң-сезими менен аңдап түшүнүп, чындыкты тандап алышы керек. Кимдир бирөө бирөөнү машайакчы кылган болсо, бирөөнүн айдагы менен машайакчы болгон адам, кайсы бир күнү машайакчы болбой калышы мүмкүн, дегеним, эч ким эч кимди машайакчы кыла албайт. Мисалы мен, чындыкты тапканыма көзүм жеткенде, ишенимдүү чечим чыгарып, сууга чөмүлүү аркылуу Кудай менен келишимди бекитип, машайакчылык Жыйындын мүчөсү болгомун. Чындыкты тапкандан кийин, сен тапкан мүрөк суусунун булагын тынымсыз башкаларга көрсөткүң келген каалоо жашайт. Машайакчы айтып гана коё алат. Тандоо эрки ар бир адамдын өз колунда.
Инжилде мындай дейт: "Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү" (1Пет.3,21).

#734 10 December 2012 - 18:51
Деби, бул жерде сиз цитата кылып жаткан библияны ким которгон? Мисалы, "машаяк"
деген сөздү ким биринчи ойлоп тапкан? Ошондой эде "Жахаба"
,"Пабыл"
ж.б. энчилүү аттарды ким ойлоп тапкан? Жогоруда бир аятта "Теңир"
деп жазылып жүрөт. Христианчылыктан таптакыр башка диний ишенимдеги Жараткандын атын колдонуу канчалык туура? Эмне үчүн анда Аллах эмес? Же Один,же Перун,же Зевс эмес?
#735 10 December 2012 - 20:23
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#736 10 December 2012 - 20:48
Деби, бул жерде сиз цитата кылып жаткан библияны ким которгон? Мисалы, "машаяк"
деген сөздү ким биринчи ойлоп тапкан? Ошондой эде "Жахаба"
,"Пабыл"
ж.б. энчилүү аттарды ким ойлоп тапкан? Жогоруда бир аятта "Теңир"
деп жазылып жүрөт. Христианчылыктан таптакыр башка диний ишенимдеги Жараткандын атын колдонуу канчалык туура? Эмне үчүн анда Аллах эмес? Же Один,же Перун,же Зевс эмес? 
Бул Библияны кыргыз тилине Ыйсага ишенген филолог, журналист, жана Кудайдан берилген шык-жөндөмү бар адамдар которгон. Жазуудагы көптөгөн ысымдар элибизге тааныш ысымдар эле да, мисалы: Ыбрайым, Жусуп, Муса, Ыйса ж.б. Анан "Машайак" деген сөз ойлоп табылган сөз эмес да. Эл ичинде айтылып келген. Кыргыз элине такыр чоочун ысымдар түп нускадагы ысымдардан алынып, башка котормолорго салыштырылып, кыргыз тилинин үндөштүк мыйзамынын (сингармонизм)негизинде кабыл алынган. "Теңир" деген сөз машайакчылыктан таптакыр башка диний ишенимдеги Жараткандын аты дегенге кошулбайт элем. Кыргыздар Теңир дегенде Кудай дегенди эле түшүнүшкөн. Аллах деген Кудай деген сөздүн арабчасы да (мага да кызык болуп калды, тактап көрөм го, араб тилиндеги Библияда Кудай эмне деп жазылганын), эмне үчүн арабча колдонулуш керек эле? Перун, Зевс деген римдиктердин буркандары болгон да (шаманизмдин эле бир түрү), алар эмненин негизинде алыныш керек эле?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#738 10 December 2012 - 21:18
Айтмакчы,
Жаныбек Жанызак менен кандай "тууганчылык"
байланышыңар бар? Ал да, вроде, "Көкө Теңир, Машаяк, Семетей",
- деп жүрөт эле..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#739 10 December 2012 - 21:20
"1-б. Библияда Исанын "мен Кудаймын"
же "мага сыйынгыла"
деп айткан жери барбы?"
Кудайдын денеде келиши жашыруун, кийин Кудайды сүйгөндөргө ачылчу чоң сыр болгон. Ошондуктан Ыйса жер үстүндөгү жашоосунда, Өз вазипасын аткарып жүргөн учурунда, мен билгенден, минтип тикелей айткан эмес. Бирок Анын Ким экенин билдирген сөздөрүнөн мисал келтирейин:
"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).
Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди. Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? (Жкн.14,9).
Кудайдын денеде келиши жашыруун, кийин Кудайды сүйгөндөргө ачылчу чоң сыр болгон. Ошондуктан Ыйса жер үстүндөгү жашоосунда, Өз вазипасын аткарып жүргөн учурунда, мен билгенден, минтип тикелей айткан эмес. Бирок Анын Ким экенин билдирген сөздөрүнөн мисал келтирейин:
"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).
Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди. Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? (Жкн.14,9).
Демек тикелей эч нерсе айтылган эмес экен да? Сиз жазган цитатаны башкача деле тушунсо болотко. Эмне учун бул создордон Иса Кудай деген жыйынтыка келиш керек?
Мисалы мен билгенден Библияда Кудайдын балдары деген соз айтылат. Бирок аларды эч ким кудайлар деп айтканын уга элекмин. Бул эми ата жана бала дегенге карата айтылган соз.
Анан биргебиз деген создон кантип биз экообуз кудайбыз деген соз келип чыгышы керектигин да тушунбой турам. Мисалы биз деле Кудай биз менен бирге деген созду колдонуп эле журобуз. Библиянын озундо деле мындай создор айтылса керек?
#740 10 December 2012 - 22:36
Бул Библияны кыргыз тилине Ыйсага ишенген филолог, журналист, жана Кудайдан берилген шык-жөндөмү бар адамдар которгон. Жазуудагы көптөгөн ысымдар элибизге тааныш ысымдар эле да, мисалы: Ыбрайым, Жусуп, Муса, Ыйса ж.б. Анан "Машайак"
деген сөз ойлоп табылган сөз эмес да. Эл ичинде айтылып келген. Кыргыз элине такыр чоочун ысымдар түп нускадагы ысымдардан алынып, башка котормолорго салыштырылып,
кыргыз тилинин үндөштүк мыйзамынын (сингармонизм)негизинде кабыл алынган. "Теңир"
деген сөз машайакчылыктан таптакыр башка диний ишенимдеги Жараткандын аты дегенге кошулбайт элем. Кыргыздар Теңир дегенде Кудай дегенди эле түшүнүшкөн.
Аллах деген Кудай деген сөздүн арабчасы да (мага да кызык болуп калды, тактап көрөм го, араб тилиндеги Библияда Кудай эмне деп жазылганын),
эмне үчүн арабча колдонулуш керек эле? Перун, Зевс деген римдиктердин буркандары болгон да (шаманизмдин эле бир түрү), алар эмненин негизинде алыныш керек эле?
Сиз айтып кеткен пайгамбарлар аттары араб тилинен алынып отурат. Библиядагы Моисей,Авраам, Иосиф деген пайгамбарлар Куранда Муса,Ибрахим, Жусуп деп келет,туурабы? Аллах деген кудайдын арабча аталышы дейсиз, "кудай" сөзү фарси тилинен. Перун славяндарга тиешелүү болгон байыркы ишенимдеги кудай,Зевс деген байыркы гректердин пантеонунда болгону белгилүү. Ал эми Теңир болсо байыркы түрки-монгол көчмөндөрүнүн ишениминдеги кудайдын аты. Бизге которгондо "түбөлүктүү асман" дегенди билдирет. Ал ишеним да шаманий ишеним да?А эмне үчүн так ушул Теңир деп которулду экен? Библиянын оригиналында кудай эмне деп аталат анда?
Баптизм кечээ эле жакында пайда болуптур, салттуу христиан ишениминин көз карашы боюнча баптизм деген саентология ж.б. сымал жөн гана секта имиш. Буга библия эмне дейт? Тагыраак айтканда силердин библия католик же православ библиясы жөнүндө эмне дейт?

Супер-Инфо
super.kg
видео