Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#741 Пользователь офлайн   USSR   10 Декабрь 2012 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Таллас (10 Декабрь 2012 - 21:18) жазган:

Айтмакчы, Жаныбек Жанызак менен кандай "тууганчылык" байланышыңар бар? Ал да, вроде, "Көкө Теңир, Машаяк, Семетей", - деп жүрөт эле..

Ал крышасы тайып кеткен го дейм:) Семетей дин жарчысы деп өзүнө-өзү ат коюп шермендеси чыгыптыр))) Арстан Алай экөөнү кошоктоп алыска айдап жиберип ийүү керек экен)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   Debi   10 Декабрь 2012 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kerim1986 (10 Декабрь 2012 - 21:02) жазган:

Библияга толук ишенген адамдар эмнеге уйлонушпойт?

Толук ишенген адамдар үйлөнүшпөрүн сизден угуп жатам :).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   Debi   10 Декабрь 2012 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Демек тикелей эч нерсе айтылган эмес экен да? Сиз жазган цитатаны башкача деле тушунсо болотко. Эмне учун бул создордон Иса Кудай деген жыйынтыка келиш керек?"
Шашылбаңыз, бул сөздөрдү таштап койбой кошо ала кетиңиз :): "Кудайдын денеде келиши жашыруун, кийин Кудайды сүйгөндөргө ачылчу чоң сыр болгон" .
Ыйса дагы мындай деген: Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес (Жкн.14,26-27).

Мен жазган цитатаны жеке мага башкача түшүнүүгө зарылчылык жок, кандай жазылса так ошондой түшүнүү керек.

"бирбиз" "биргебиз" деген сөзгө бурмалаганда :), сиз каалагандай мааниге жакын болоттур, балким. Орусчасында мындай дейт: "Я и Отец – одно", Я и Отец, мы вместе деген жок да, айырмасы барбы? Ал эми мен экинчи келтирген аятта, дээрлик тикелей айтылган десем болот.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   Debi   10 Декабрь 2012 - 23:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Мисалы мен билгенден Библияда Кудайдын балдары деген соз айтылат. Бирок аларды эч ким кудайлар деп айтканын уга элекмин. Бул эми ата жана бала дегенге карата айтылган соз".

Кудайдын баласы болсо демек кудай болот деп түшүнгөнсүзбү? Бул сөздөрүңүздө эмнени айткыңыз келгени анча белгисиз болубатат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   sestra   10 Декабрь 2012 - 23:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (10 Декабрь 2012 - 20:23) жазган:

Тикелей эч нерсе дебейт.

Деби библияны жакшы окуган эмес ко, же бабтистер атайын эле ислам жонундо аяттарын калтырып койушкан. ал эми ислам жонундо библияда коп жеринде айтылган. мисалы,

1. Пойте Ему новую песнь (Пслт. 32; 3).

2. Воспойте Господу песнь новую... (Пслт. 95; 1). 3. Воспойте Господу новую песнь ... (Пслт. 97; 1). 4. Боже, новую песнь воспою Тебе... (Пслт. 143; 9). 5. Пойте Господу песнь новую (Пслт. 149;1). 6. Пойте Господу новую песнь (Ис.42; 10). 7. И поют новую песнь, говоря: достоин ты взять книгу и снять с неё печати... (Отк. 5: 9). 8. И поют они (с Христом!) как бы Новую песнь пред престолом... (Отк.14; 1-3).

9. жана откровение 14, 1-3 айтылып турат, Иса а.с. экинчи ирет жерге келеринде дуйнодо бир гана ыр ырдалат, ал ыр Исмаилдин тукумуна жиберилет (Исмаил Ибрахим а.с. уулу, арабтардын атасы, пайгамбарыбыз с.а.в. араб болгон).



дагы библияда Жаны ыр (новая песня) башка аталыш менен кезигет:

1) Вечный завет - бул акыранда акылы жеткен еврейлер ислам кабыл алышы жонундо. "И заключу с ними вечный завет..." (Иерем. 32; 40). жана бул жерде бул вечный завет христианиндердин мыйзамына карама - каршы экенин билдирет, анткени бул ишеним ырымдатууну (обрезание), кан тогууну (жертвоприношение) талап кылат.

2) Новый завет - "Вот, наступают дни, говорит Господь, когда Я заключу с домом Израиля и с домом Иуды новый завет" (Иерем. 31; 31 и 33; 14-18)

"Боже, новую песнь воспою Тебе... Да будут волы ваши тучны; да не будет ни расхищения, ни пропажи, ни воплей на улицах ваших" (Пслт. 143; 9).

"1. Воспойте Господу песнь новую; воспойте Господу, вся земля! 2. Пойте Господу, благословляйте имя Его, благовествуйте со дня на день спасение Его!

3. Возвещайте в народах славу Его, во всех племенах чудеса Его!... 13. Он будет судить вселенную по правде, народы по истине Своей!" (Пслт. 95; 1-3).

бул аяттардан билинип турат Новая песня, Вечный завет, Новый завет - бир ишеним, анткени Кудай яхудийлер менен жана калган эл менен эки мааниси болок завет тузбойт да. жана Жаны ыр Исаий пайгамбардын айтуусу бойунча буларга жонотулот "пустыне и городам ее, селениям, где обитает Кидар" (Исмаилдын экинчи уулу) (Ис. 43; 9-16).

3) Лучший завет - "То лучшего завета поручителем соделался Иисус" (Евр. 7; 22).

ислам жонундо библияда коп жазылгандыктан, мен аларды кыргыз тилине которо албайм жана андай аяттар узун келишет, ошондуктан кичинеден жазсам.

Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 10 Декабрь 2012 - 23:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения USSR (10 Декабрь 2012 - 22:36) жазган:

Сиз айтып кеткен пайгамбарлар аттары араб тилинен алынып отурат. Библиядагы Моисей,Авраам, Иосиф деген пайгамбарлар Куранда Муса,Ибрахим, Жусуп деп келет,туурабы? Аллах деген кудайдын арабча аталышы дейсиз, "кудай" сөзү фарси тилинен. Перун славяндарга тиешелүү болгон байыркы ишенимдеги кудай,Зевс деген байыркы гректердин пантеонунда болгону белгилүү. Ал эми Теңир болсо байыркы түрки-монгол көчмөндөрүнүн ишениминдеги кудайдын аты. Бизге которгондо "түбөлүктүү асман" дегенди билдирет. Ал ишеним да шаманий ишеним да?А эмне үчүн так ушул Теңир деп которулду экен? Библиянын оригиналында кудай эмне деп аталат анда?
Баптизм кечээ эле жакында пайда болуптур, салттуу христиан ишениминин көз карашы боюнча баптизм деген саентология ж.б. сымал жөн гана секта имиш. Буга библия эмне дейт? Тагыраак айтканда силердин библия католик же православ библиясы жөнүндө эмне дейт?

Араб эли менен еврей элинин түпкү атасы бир. Алар Ыбрайым пайгамбардын тукуму. Араб тилинен алынган ысымдар менен элибизге алардын ким экени билинип, сиңип калса, Библияны которордо аларды колдонуу эң эле туура болмок жана туура болгон. Анткени алардын ысымдары кайсы тилден алынып жеткени маанилүү эмес, элибизге алардын кимдер экени жеткени маанилүү да. Кудай деген сөз фарси тилинен келгенин азыр угубатам, бирок кайсы тилден келген болсо да, ал кыргыз элинде Кудай деген түшүнүктү, маанини берип турат. Бул "Теңир" деген сөзгө да тиешелүү. Кайсы тилден келген болсо да, Теңир деген сөз Кудай деген эле маанини берип келген. Эми эле өзүнчө Теңирчилик деп, өзүнчө белгилеп айтып чыгышпадыбы.

Ооба, Перун слвяндарга тиешелүү делинет, мен римдин көп сандаган буркандары менен чаташтырып алыптырмын. Мына ушул Перун, жаандын кудайы, жаратылыш кубулуштарынын кудайы деп түшүндүрүлгөн, демек шаманий. Ал эми Зевс тууралуу Инжилде да маалымат бар:

Листрада буттары кыймылдабаган бир адам отурчу. Ал тубаса майып болчу, өмүрүндө эч качан баскан эмес. Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны карап, айыгарына ишенерин көрдү да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур». Ал ошол замат ордунан ыргып туруп, баса баштады. Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: «Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти», – деп кыйкырып жатышты. Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды Эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле. Алардын шаарынын алдында турган Зевс бурканынын кызматчысы дарбазанын алдына өгүздөрдү жана гүлчамбарларды алып келди да, эл менен бирдикте курмандык чалмакчы болду. Бирок элчилер Барнаба менен Пабыл муну укканда, өз кийимдерин айрып, элдин ортосуна жулунуп кирип, катуу үн менен мындай дешти: «Эркектер! Эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз. Ал өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген. Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген». Алар ушул сөздөрдү айтып, элди курмандык чалдырбай, үйлөрүнө тарап кетүүгө араң көндүрүштү. Өздөрү ошол жерде калып, элди окутуп жатышканда, Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. Элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын эч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты (Элч.ишт.14,8-19).
Буркандын аты менен эл ичинде Кудай деген маанини берген сөздөрдүн айырмасы жакшы эле бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 00:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Баптизм кечээ эле жакында пайда болуптур, салттуу христиан ишениминин көз карашы боюнча баптизм деген саентология ж.б. сымал жөн гана секта имиш. Буга библия эмне дейт? Тагыраак айтканда силердин библия католик же православ библиясы жөнүндө эмне дейт?"

Ыйса келердин алдында Жакан аттуу пайгамбар сууга чөмүлдүрө баштаган. Ошондо баптизм качан пайда болгонун билүү кыйын эмес. Ооба, сиз белгилеп өткөндөй "салттуу" болуп, салтка айланып кеткен көнүмүш адаттар Кудайга болгон тирүү ишенимге адамзат тарыхы бою каршы болуп келет. Анткени напсисин тыя албаган табигый адамдын каалоолорун тирүү ишеним талкалап салыбатпайбы. Кудай ар бир доордо өзүнө ишенимдүү болгон адамдары аркылуу чындыкты сактап келет. Дээрлик жалпы салтка айланып бараткан жыйындарда реформация мезгили болгон. Ошол мезгилден кийинки жыйындардагы жаңылануу мезгилдери тарыхта баптизмдин негизделген жылдары катары саналып жүрөт. Баптизм Библияга негизделген окутуу. Имиш-миш-миштерге мен көңүл бурбайм. Мен билгенден католик, православдар биз окуган эле Библияны окушат. Алардан сурап көрсө болот, мисалы эң эле жөнөкөй, чокунганыңар Библиянын кайсы жеринде жазылган деп. Ошондо кимдики имиш, кимдики чын экени билинет. Имиш тууралуу азыр мен эстеп көрөйүнчү Библия эмне дейт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Акылы бар адам үчүн акыл – өмүрдүн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык (Накыл16:22).
Ким башка нерсени окутса жана туура сөздөрдү – биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын сөздөрүн сактабаса, такыбаалык жөнүндөгү окутууну жолдобосо, анда ал текебер, эч нерсе билбейт, ал талашып-тартышуу, курулай айтышуу оорусуна чалдыккан. Бул нерселерден көрө албастык, чыр-чатактар, жамандоолор, жөнү жок шектенүүлөр, курулай талаш-тартыштар келип чыгат. Мындай талаш-тартыштар акылынан айныган, чындыктан алыстап кеткен, такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлогон адамдардын ортосунда болот. Ошондойлордон алыс бол (1Тим.6,3-5).
Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды. Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн, Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү. Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу. Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз. Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин (Тит.3:5-10).

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Декабрь 2012 - 01:24

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Библиянын оригиналында кудай эмне деп аталат анда?"

Бул тууралуу маалыматтарымды тактап, анан жазайын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   USSR   11 Декабрь 2012 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (11 Декабрь 2012 - 00:09) жазган:

Араб эли менен еврей элинин түпкү атасы бир. Алар Ыбрайым пайгамбардын тукуму. Араб тилинен алынган ысымдар менен элибизге алардын ким экени билинип, сиңип калса, Библияны которордо аларды колдонуу эң эле туура болмок жана туура болгон. Анткени алардын ысымдары кайсы тилден алынып жеткени маанилүү эмес, элибизге алардын кимдер экени жеткени маанилүү да. Кудай деген сөз фарси тилинен келгенин азыр угубатам, бирок кайсы тилден келген болсо да, ал кыргыз элинде Кудай деген түшүнүктү, маанини берип турат. Бул "Теңир" деген сөзгө да тиешелүү. Кайсы тилден келген болсо да, Теңир деген сөз Кудай деген эле маанини берип келген. Эми эле өзүнчө Теңирчилик деп, өзүнчө белгилеп айтып чыгышпадыбы.

Ооба, Перун слвяндарга тиешелүү делинет, мен римдин көп сандаган буркандары менен чаташтырып алыптырмын. Мына ушул Перун, жаандын кудайы, жаратылыш кубулуштарынын кудайы деп түшүндүрүлгөн, демек шаманий. Ал эми Зевс тууралуу Инжилде да маалымат бар:

Листрада буттары кыймылдабаган бир адам отурчу. Ал тубаса майып болчу, өмүрүндө эч качан баскан эмес. Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны карап, айыгарына ишенерин көрдү да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур». Ал ошол замат ордунан ыргып туруп, баса баштады. Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: «Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти», – деп кыйкырып жатышты. Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды Эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле. Алардын шаарынын алдында турган Зевс бурканынын кызматчысы дарбазанын алдына өгүздөрдү жана гүлчамбарларды алып келди да, эл менен бирдикте курмандык чалмакчы болду. Бирок элчилер Барнаба менен Пабыл муну укканда, өз кийимдерин айрып, элдин ортосуна жулунуп кирип, катуу үн менен мындай дешти: «Эркектер! Эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз. Ал өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген. Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген». Алар ушул сөздөрдү айтып, элди курмандык чалдырбай, үйлөрүнө тарап кетүүгө араң көндүрүштү. Өздөрү ошол жерде калып, элди окутуп жатышканда, Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. Элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын эч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты (Элч.ишт.14,8-19).
Буркандын аты менен эл ичинде Кудай деген маанини берген сөздөрдүн айырмасы жакшы эле бар.

Мен мунуңузга кошула албайм. Теңир деген ыраакы чыгыштан баштап чыгыш европага чейинки миллиондогон көчмөн урууларынын диний ишениминде Кудайдын аты болгон. Ал деле сиз "жаман көргөн" шаманий кудай.
Кыргызчага которгондогу өзгөрүүлөр боюнча.
Ар бир элдин тилине, нарк-насилине, маданиятына ылайыкташтырылып котороло берсе, бу библияңыз канча ирет "реформация" болду экен?
Жогорудагы аятта айтылып турат,машаяктын окуусун жолдобогондор текебер,эч нерсе билбейт деп. Анда биз текебербизби? Ата-тегин сүрүштөргөндөр аклынан айныса,анда дүйнө эли бүт акылынан айныганбы? Арабдар менен жөөттөрдүн Ибрахимден тараганын өзүңүз деле айтып тегин сүрүштүрүп кеттиңиз го?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Ар бир элдин тилине, нарк-насилине, маданиятына ылайыкташтырылып котороло берсе, бу библияңыз канча ирет "реформация" болду экен?"

Айлаңыз кетип чампаламайды сиз да баштадыңыз көрүнөт. Чындыктан эле мынча эмне жаа бою качасыңар?

Библиянын нарк-насил, маданиятка ылайыкташтырылып которулаары тууралуу кыпындай да кеп болгон жок. Библиянын реформация болгону жөнүндө да маалыматты жоктон бар кылып алдыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Декабрь 2012 - 11:44

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Теңир деген ыраакы чыгыштан баштап чыгыш европага чейинки миллиондогон көчмөн урууларынын диний ишениминде Кудайдын аты болгон".

Мен Теңир дегенде адамдар ойлоп тапкан жаратылыш күчтөрүнүн жок кудайын эмес, ошол кубулуштардын бардыгын жараткан жана алардын үстүрөн бийлик кыла ала турган, менин Өкүмдарымды, Кудайымды түшүнөм. Жана бул түшүнүктү жоюп коё албайт эч ким.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

сиз "жаман көргөн" шаманий кудай

Бурмалоо кайдан чыгыбатат эми чындыктын окурмандары даана көрүшөт ))).

Мен чындыкты кабыл алам, ал эми чындыкка туура келбегендерди "жаман көрүп" убара деле болбойм :)

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 11:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Ата-тегин сүрүштөргөндөр аклынан айныса,анда дүйнө эли бүт акылынан айныганбы? Арабдар менен жөөттөрдүн Ибрахимден тараганын өзүңүз деле айтып тегин сүрүштүрүп кеттиңиз го?"

Мындай бир беткей айтылган жок го. Библияда жакшы санжыралар айтылган. Сиз баарын өзүңүзгө кабыл алып, ачууга алдырыбатат окшойсуз. Мен баптизмди кайсы бир сектага теңегендерге, анан да чындыкка туура келбеген окутууларды тараткандарга Библия эмне дээрин айтууга аракеттенген элем.

Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн. .. бул жердеги "акылсыз" деген сөз, ата-текти териштирүү дайыма эле акылдуулук менен болбостугун билдирип турат. Мына ошондон качуу жөнүндө айтылып жатат. "Бир же эки жолу эскерткенден кийин" алардан жөн гана четтеп кетиш керек, көңүл бурулбагандарга (игнор) кошуп дегендей :).

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Декабрь 2012 - 11:43

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   Daud   11 Декабрь 2012 - 13:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (10 Декабрь 2012 - 23:28) жазган:

Шашылбаңыз, бул сөздөрдү таштап койбой кошо ала кетиңиз :): "Кудайдын денеде келиши жашыруун, кийин Кудайды сүйгөндөргө ачылчу чоң сыр болгон" .


Бул сөздөр Библиядан беле?

Цитата

Ыйса дагы мындай деген: Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес (Жкн.14,26-27).


Бул Сооротуучу ким?

Цитата

Мен жазган цитатаны жеке мага башкача түшүнүүгө зарылчылык жок, кандай жазылса так ошондой түшүнүү керек.


Мен так өзүндөй тушүнгөнүм үчүн бул цитатадан Иса Кудай деген маани чыкпайт деп айтып жатам.

Цитата

"бирбиз" "биргебиз" деген сөзгө бурмалаганда :), сиз каалагандай мааниге жакын болоттур, балким. Орусчасында мындай дейт: "Я и Отец – одно", Я и Отец, мы вместе деген жок да, айырмасы барбы? Ал эми мен экинчи келтирген аятта, дээрлик тикелей айтылган десем болот.


Бурмалабай эле бирбиз деген сөздүн өзүнөн так ушундай маани түшүнүлөт. Эгер "одно" деп түшүнгөн болсок да максатыбыз бир дегенден башка маани чыгара албай турам.

Мисалы катары айта турган болсом:

21. да будут все едино, как Ты, Отче, во Мне, и Я в Тебе, так и они да будут в Нас едино , - да уверует мир, что Ты послал Меня.
22 И славу, которую Ты дал Мне, Я дал им: да будут едино, как Мы едино.
23 Я в них, и Ты во Мне; да будут совершены воедино, и да познает мир, что Ты послал Меня и возлюбил их, как возлюбил Меня. (Иоанн 21-23)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Бул сөздөр Библиядан беле?"

Ал сөздөрдү төмөнкү аяттардын негизинде мен жазгам:

Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес (Жкн.14,26-27).

Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйса даңкталгандан кийин, алар бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылгандыгын, Ага ошондой кылынгандыгын эстешти (Жкн.12,16).

Ыйса өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери Анын ушул жөнүндө айтканын эстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи (Жкн.2,22).

Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт. Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар (Жкн.15,26-27).
ж.б.

Сооротуучу Ыйык Рух экендиги аятта жазылып турат. Ыйсанын шакирттерине кийин Ыйык Рух көп нерсени эскерткен жана Ыйсанын Ким болгондугун ачып берген.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Декабрь 2012 - 14:24

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 14:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

21. да будут все едино, как Ты, Отче, во Мне, и Я в Тебе, так и они да будут в Нас едино , - да уверует мир, что Ты послал Меня.
22 И славу, которую Ты дал Мне, Я дал им: да будут едино, как Мы едино.
23 Я в них, и Ты во Мне; да будут совершены воедино, и да познает мир, что Ты послал Меня и возлюбил их, как возлюбил Меня

Оомийин.
Ал бөлүмдүн акыры:

Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 14:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ыйса Өзүнүн Ким экендиги тууралуу билдирген аяттар:

Фарисейлер чогулганда, Ыйса алардан: «Машайак жөнүндө кандай ойдосуңар, Ал кимдин Уулу?» – деп сурады. «Дөөттүн», – деп жооп беришти алар. Ыйса аларга: «Дөөт Ыйык Рухтун жетеги менен Машайакты “Теңирим” деп айткандыгын кандай түшүнөсүңөр? Анткени Дөөт мындай дебеди беле: “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”. Ошентип, эгерде Дөөт Аны “Теңир” деп атаган болсо, кантип Ал анын Уулу болсун?» – деди. Ошондо эч ким жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып, эч ким Ага суроо берүүгө даабай калды (Матай 22,41-46).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Пользователь офлайн   USSR   11 Декабрь 2012 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (11 Декабрь 2012 - 11:18) жазган:

"Ар бир элдин тилине, нарк-насилине, маданиятына ылайыкташтырылып котороло берсе, бу библияңыз канча ирет "реформация" болду экен?"

Айлаңыз кетип чампаламайды сиз да баштадыңыз көрүнөт. Чындыктан эле мынча эмне жаа бою качасыңар?

Библиянын нарк-насил, маданиятка ылайыкташтырылып которулаары тууралуу кыпындай да кеп болгон жок. Библиянын реформация болгону жөнүндө да маалыматты жоктон бар кылып алдыңыз.


"Чампаламай" дегениңиз жакшы чыкты))) Бул сөзгө сизге тиешелүү болуп жүрбөсүн?)) Реформацияны мен асмандан алып жазбадым эле, муногу жерде:

Просмотр сообщенияDebi (11 Декабрь 2012 - 00:25) жазган:

Дээрлик жалпы салтка айланып бараткан жыйындарда реформация мезгили болгон. Ошол мезгилден кийинки жыйындардагы жаңылануу мезгилдери тарыхта баптизмдин негизделген жылдары катары саналып жүрөт.

деп өзүңүз айтып кеткенден улам жаралган мыйзамченемдүү суроо болчу.
Пысы.Сиз негедир ортодогу талкууну жекелик мүнөзгө өткөрүп койдуңуз. Кадырыңыз жам болсун, сизди күнөөлөп же сиз жөнүндө жаман ойдо болуудан алысмын. Өз чындыгыңызды тапканыңызга кубанычтамын, кээ бири чындыкты өмүр бою издеп өтүшөт. А чындыктан мен качкан жокмун, ар нерсенин ар кимдин өз чындыгы бар, мен өзүмдүкүн таңуулагандан алысмын,ичимде эле калсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   sestra   11 Декабрь 2012 - 15:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

«Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур».

оо заманда жашаган пабыл Иса жонундо кайдан билди экен?! анын устуно аны машаяк атап коюптур. демек илгертен бери Кудайды - тенир Ыйса машаяк деп аташчу. башаламан!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 11:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: