Бүгүн А.Атамбаев жакында сунуштаган "Стратегия устойчивого развития КР на период 2013-2017 годы" деген документти шефтер таап бер дешкенинен,
дароо эле www.president.kg сайтына кирдим. Ар жагын, бер жагын карап отурсам - улам эле "Роза Отунбаева"
, "Убактылуу өкмөт" дегендер чыгат. Чукулап, терең изилдеп көрсөм - сайттын "Жолугушуулар"
, "Иш сапарлары"
, "Расмий каттар" жана "Иш планы" деген бөлүктөрү тээ Убактылуу өкмөттүн доорунан бери жаңыланбаптыр.
Кыргызчасы эле ушундай го десем, орусчасы андан калышпайт.
Ойлоп калдым, "Президенттин сайтын жаңылап турган веб-редактордун айлыгына акча табылбай атса, анда Кыргызстанда чындап эле каатчылык болуп атыптыр" деп. Өлкөнүн жүзү, символу болгон жалгыз президентибиздин сайтынын абалы бул болсо, андан чоң нерселерди айтуунун деле кажети жок го...

Супер-Инфо
super.kg
видео








