Суперстан: Келин - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Келин Келин болуу кандай?

#1 Пользователь офлайн   Irena   17 Декабрь 2012 - 16:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 11:56

Ар бир адам бул жашоодо оз ордун табат турбайбы. Бирок кандай жол тандайт,кандай омур сурот? Бир Кудай билет го же озубуздон да таасир этеби? Арийне,кундор зыкымдап,учкан куштай ото берет экен. Ошентип да бир кун Анаранын жашоосуна чон так калтырды.

Ал да бойго жетип, «жакшы жигитке жолугуп, турмуш курсам» деген бир гана тилеги бар эле. Канчадаган жигиттер менен таанышып, озунун сулуулугу,ак конулдугу, жароокерлиги менен конулуно буруп, бирок баары эле жоопкерчилик алгысы келбеген, «аял алам» деген ойлору да жок эле. Бир аз убакыт откондон кийин, мына сага дегенсип, жалгыз бир жигит алам десе эле,тием деди да каалаган максатына жетти. Ошентип Анара Таалай деген жигитке жолугат.

Ошол кезде ал бир фирмада иштечу.Эн биринчи жолу Таалай офиске кирди да, аны байкабай эле отуп кетти. Анаранын журогу селт этип, «бул ким болду экен,издеп табышым керек»деп ойлоду. Кийинки жолугушууда ал жоготкусу келбей, озу эле таанышып алды. Кундор отуп эле, ошол тилеген куну да келип жетти. Таалай Анарага келип, колун сурады :

-Анара,сен мага турмушка чыгасынбы?

Ал болсо коп ойлонбой макулдугун берди. Кийинки келечекте жашоосу кандай болот, кайда барат, эмне кылат,ким менен омурун узурун корот, болочокто кандай келин болоорунун бирин да ойлогон жок.

Ошентип, жарык дуйного келген кундон бери жыйырма жыл ата-энесинен таалим-тарбия алып жургон Анара куштай болуп алтын уясынан учуп кетти.Барганда эле Таалайдын оз ата-энеси шаардан келбей калды. Анда ал:

-Анара, уйдогулор даяр болбой калышыптыр, эртен баралычы.

-Кандайча, деги айттын беле? Же жон эле мени алдап, алып кетип баратасынбы?

-Жок, мен сенсиз жашай албайм,омурумдун аягына чейин болгум келет.

-Анда мен кайра кеттим, мындай болмок беле, эми ата-энемдин козун кантип карайм.

-Ыйлабачы, жаным. Бугун дос баламдын туулган куну, ошол жерде болуп туралы.Эртен келип калышат созсуз -,деген созуно конду да Анара калып калды.

Эртеси айткандай анын ата-энеси даярданышып кутуп жатты. Кечке маал ала качып келимиш этип, достору коштоп келип калышты. Анара болсо эмнегедир ыйлабады, башкалардай кошогонун сурунон да жалтанбады. Башына ак жоолугун салынып, келин болуп отуруп калды. Келген коноктор да ой-тилектерин айтып, бетинен ооп, тойдун даамын татып келип-кетип турушту. Ошондо Анара мындан артык бакыт жок деп суйунуп калды. Жыргал жашоо башталгансыды…

Анара келиндик кызматын кыйын аткарганга аракет кылып атты. Кайната,кайненесине тан эрте турганда эле жугунуп, ысык чайын берип, уйдогу оокаттардын баарын жасап, кайненесине жардам берип, жаны тынбай эле журду. Кайнатасы менен деле тартынбай ар кайсы жанылыктарды, дуйнодо болуп аткан окуяларды, жада калса спорт жонундо да кеп куруп атышты. Куйоосунун татыктуу жубайына айланды. Тогуз айдан сон кыздуу да болушту. Бирок бир ай отпой баягы ойдогудай турмуштун кара сызыгы пайда болду.

Тун кызы уктап, козун жумган бойдон ачпай койду. Борборго келип больницага жатса, врачтар шашылыш турдо башына операция жасап, бирок комага тушту деген жыйынтык чыгарды. Жаны эле энелик мээримин тогуп турган кезинде ушинтип Кудай берген баланы алып кетип калабы деп ызаланды. Бир куну умуту очпой отурганда бир врач келип:

-Анара,сенин ымыркайын эми козун ачпайт эч качан. Сен кутпо жакшылыкты. Баары бир бала болбойт.Умутунду уз-,деди да палатадан чыгып кетти. Анда Анара тимеле жерге кирип кетейин деп боздоп, артын карабай чуркап жоноду.

Тун. Асманда жабыраган жылдыздар Анарага боору ооругансып жымындагансыйт.

-Э,Жаратканым! Жаны эле бала жытын сезип,болгон суйуу, мээримимди чача турган жан баламды кайра алып аласынбы? Айтсанчы, мен оз жанымды берууго даярмын, балама бакыбат узун омур бере кор, суранам сенден жан дилим менен. Жети атамдын куноосун, туугандарымдын, ата-энемдин, менин да болгон куноомду кечиро кор, Кудайым. Бир гана балам аман калсынчы! !!

Тан атканда кечээги врач кайра келип:

-Суйунчу, сенин кызын комадан чыкты, козун ачты. Кечээ эле озум балан жашабайт деп кесир суйлоптурмун да. Кандай керемет болду! Журу бас!

-Эжеке, менин унум Кудайга жеткен экен да э? Ушундай берилип тилегеним ушу болчу-,деп козунон жаш токту.

Он кундон сон кызы кадимкидей торолуп,бат эле озуно келип, больницадан чыгып кетишти. Мындай кырсыктан кийин оз кайната, кайненелери, туугандары бир башкача болуп озгоруло тушушту. Ошол кундордун биринде Анара кызын уктатып жатканда коншу болмодо кайнатасынын суйлогон создорун тыншап калды.

- Мага мындай оорукчан бала кереги жок, мен «нормальный» небере жетелегим келет-дейт кайнатасы.

-Ошону айтсан, бул келиндин ден соолугу да начар болчу. Башынан эле уулума айткам жакшыраак карап ал деп. Башын айландырып алган го….карасан эми куурайт турбайбы?-деп кайненеси да кошулду.

Мындай журокко кылыч менен сайгандай эн алгачкы создорду уккан сон, кетип калайын деген ойго келди. Эртеси келин эрте туруп, тамак-ашын даярдап, кутуп отурду. Кадимки эч нерсе болбогондой кайнатасы менен кайненеси небересинин жыттап эле эркелетип отурушту. Анара ак конулунон оюнда кечирип койду.

Кундон кунго кайнатасы да, кайненеси да алмаштырып койгондой башкача боло башташты. Кайнатасы бир куну мас болуп алып, «келин менин бир байпагымды ,ички-кийимимди да жууган жок»деген создорун айтты. Анда туруп кайненеси мындай деди да: «деги эле ал нан коп жейт, май коп жейт, кант да 45 сом болуп атса, эки кашык кант салат». Чынында кантсыз чай иччу Анара сыздап кетти. Мына ошондон баштап кайдагы болбогон создорду оз болмосундо отуруп алып кобурап жатышты. Мунун баарын Анара оз кулагы менен угуп жатты. Кирерге жерин таппай, бирок куйоосуно ата-энесинин айткан создорун даттангысы келген жок. Ошентип эле кыжаалат кундор ото берди. Анын баарына чыдайын деген Анара эч нерсе болбогондой журо берди.

Жазында куйоосу айылга барабыз деп, кызы 10 ай болуп калгандан кийин кайненесине тапшырып, иштегени кете беришти.

-Эч кам санабагыла, андан коро барып иштеп оокат кылгыла, айылдагы уйду да карап тургула-,деди кайненеси.

Айылга барып, Анара мектепке мугалим болду. Таалай мал менен алектенди.

Бир куну светчилер рейд жургузуп атканда,уйго киришип кошумча проводдорду коруп калышып жыйырма мин айып салып кетишкен. Ага куйоосу жини келип, «биз алты жылдан бери карматпаган светти сен келип алып айыпка салдырдын, озун толо эми»деп чыгып кетти. Анда Анара намыстанып, жергиликтуу кредиттик компаниядан акча алып бул ишти жапты. Бирок эми эмгек акысын ай сайын толоп журду, куйоосу бир жардамын берген жок. Акыркы толомдор калганда, эмне кыларын билбей болгон алтындарын сатып кредиттен толугу менен кутулду. Тим эле оор таш тушкондой женилденип калды. Бул окуяны кайнатасы, кайненесине айткан жок.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Irena   17 Декабрь 2012 - 16:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 11:56

Турмуштун кара да, ак да жолу болот тура. Алты айдан сон Анара кош бойлуу экенин билип, «жакында уулдуу болосун» деп Таалайга суйунчулоду. Жанылыкты кайненеси да угуп, айтаар созу мындай болду: «Ий, кое турбайсынбы, дагы бул балан менен бизге проблема кыласын да эми, мына кызынды да багып атабыз». Муну Анара кайненесинен куткон эле, бирок ал бир жакшы тилегин айтпай тескеринче тантыгансыды.

Борборго барып кайра Анара аман-эсен коз жарып алды. Уулдуу болушуп, кыркын чыгарып, жентек тоюн да откорушту. Кызы да, уулу да кундон-кунго чоноюп, киши боло баштады. Балдары менен эле алек болуп, Анара уй оокаттарына да кээде жетишпей калып атты. Анда кайненеси озу тамагын жасап, озу кирин жууп, нанын да озу бышырып атты. Мунун да чеги болдубу, кайненеси Анаранын колунан баарын жулуп алып эч нерсе кылдырбады. Башында «ырас кайненем жардам кылышат» деп суйунду. А чынында ал жатаарында кайнатасына кундо какшап айтчу экен:

-Тиги келин такыр эч нерсе кылбай калды. Бут озум кылып атам. Тамагын да, кирин да жууп, уйун да жыйнап атам. Кылса да чала кылып, мага такыр жакпайт. Эч бир колум узарган эмес ушуну алгандан бери. Кайдан да жолукту экен ага менин уулум.

-Сенин да балан мээси иштебейт, «ашкабак баш», тиги «афер келин» окшойт, дуба окутуп алса керек. Озун эле жасай бербей жанталышып, айтпайсынбы «эй, гелесоо» тигини-муну кыл деп. Мына моюнубузда отурат, эч бир тыйын таппай, качанкыга чейин багайын. Озулору аз келгенсип, балдарына чейин ичинтип, кийинтип атам. Булар эмне кылып коюшту бизге. Мен Таалайдай отуз жашымда бутума турган, бир уйдун, машиненин ээси болгом. Кара буларды…

Анара байкоосуздан мындай кептин да кубосу болуп калды. Оюнда: «Э, жаратканым, эмнеге мындай жалаа-жапкынын баарын мага илип атышат, жон гана жактырбайт атышат го. Деги эмне жамандык кылып атам буларга?. Тескеринче кайненем озу уй шыпырып жатканда жулуп алат. Камыр жуууруп атканда колуман сыдырып озу жуурат. Тамакка кийлигишип, тузу жок, тигинтип калыптыр, минтип калыптыр дей берет го. Кир жууп, кургатып утуктоп койсом, кайра шкафтан алып чыгып, ошолорду экинчи сыйра жууп кирет. Идиш-аяктарын да тамактан сон жууп койсом, кайра озу жууйт. Бул эмне деген шумдук. Анан келип алып мени кайра жамандайт «эч нерсе кылбайт келин» деп. Анан да уйуно кызматчы жалдагансып, «мен сени эмнеге келин кылып алдым ыя» дейт. Бул эмнени тушундурот? Таалай мени омурлук жар кылбай эле, булар мени кул кылып алган го анда….Э Кудайым, качанкыга чейин чыдайын эми?

Анара кичуусу экиге чыгып, басып, озу тамак жеп калгандан кийин, жумуш таап иштеп кетти. Балким «акча таап, уйго бирдеке алып келип турсам сыйлай баштайбы» деди. Бирок мактагандын ордуна алып келген оокаттарын: кийим-кече, телевизор,идиш- аяк, кашыктарына чейин кычыгын таап, тескеринче жамандап атты.

-Мага эч нерсе кереги жок, антип багынгым келбейт сага. Менин оокатымды эчак эле жыйнап койгом. Тетиги электр чайнегинди да сайба, коп свет жейт экен, тетиги чынын эртен эле сынат. Бул кофтан кантет улбуроп, кийбейм ай-,деди кайненеси. Анысы аз келгенсип, «балдарын менин чынымды сындырып атат, тошогумду чиритти, жаздыгымды карачы, кир кылды,кашыктарым жоголду, акталган тамымды чийип булгап да салышты» деп нааразы болду. Деги эле кундон кунго кучой баштады.

Ошентип, жумушунан чыкканга мажбур болду. Анткени кайненеси неберелерин карабай да койду. Таалай тушуноор бекен деп, беш жылдан бери болгон окуянын баарын, Анара жан дуйносу кейип атканын баарын айтты. Анда ал ата-энесин жамандап аткандай тушунуп ишенбей койду:

-Акча таап, ары-бери басып, сенин козун ачылып калган го. Ошон учун ата-энем бизди багып атса да жамандап жатасын же коз карандысыз болгун келип калдыбы? Эмне бир жолу урушуп койсо чыдабай койдунбу? Сага эмне жетишпейт? Козунду эле карап атам го, айтканындын баарын кылып атам го. Алар кандай жаман болсо да, менин бул дуйного алып келген ата-энем.

-Туура, ата-эне деген ыйык. Бирок мен сенин жубайын болгондон кийин эмнеге мага мындай кор мамиле кылат? Сен кандай уулу болсон, мени да кызындай корбойбу? Же келин десе эле, кулдай кызмат кылып, башын которо албай, козун карабай, жугунуп таазим кылып туруш керекпи? Мен деле бироонун баласымын. Силерге було болуп келгенден кийин бир мучосумун да. Ушуга чейин чынында бир да жолу башымды которбой келгем, бирок мындай мамиле качанкыга чейин созулат? Айтчы мага, Таалай?!

Таалай чыр чыгарбайын дегенсип унчукпай басып кетти. Анаранын козунон тамчылап жаш агып атты. Алдына эки баласы чуркап келип, боору ооругансып энесинин бетинен ооп атышты. «Ушул балдарым аман-эсен болсо экен, биздин эмгекти актаган, кайната, кайненесин да сыйлаган, алар да балдарымды тен караган ыймандуу адамдардан болсо экен» деп тиледи оюнда.

Анаранын жашоосунун узуру кыйынчылык менен улана берди. Куйоосуно айткан ый-мунун унутайын десе да болбой кайн-журту дагы бир нерсе чыгарып турушту. Эми чогу олтуруп тамактанбай калышты. Анткени кайнатасы «жумуштан чарчап келсем балдар жудотту» десе, Анара аларды башка болмого киргизип, озунчо тамагын берип жатты. Кайненеси да келини кечки тамак жасап койгонуна карабай озунчо камданып атты. Анан чогу олтурган куну да баласына, куйоосуно жана озуно гана куюп олтуруп алышчу. Анысы аз келгенсип кухняга чогу олтурбай, такыр эле экоо болмосуно бекинип алып ичип жатышты. Эртен менен да келини чай куюп берейин десе, чайникти бербей озулору куюп ичишчу. Кайненеси озу сатып келген тамак-аштарын, нанын, кантын, суу майына чейин болуп койду. Мунун баары Анаранын журогуно акыркы тамган тамчысы эле.

Бир куну Таалай карыздарын толой албай Анарадан акча сурады:

-Каткан акчаларын бар беле? Мага керек болуп атат, туугандарынан сурап бербейсинби?

Анда Анара баягы жини менен:

-Эмнеге сурайм, сен аларга бирдеке кылып койдун беле? Деги эле мени да баш кошкондон бери жыргаткан жоксун, бир алтын алып берип койдунбу , шарияттык милдетин да аткара элексин! Мени такыр сыйлабайсын да, суйбойсун да!-, дегенде Таалай анын отурган жеринен ары-бери суйроп, муштуму менен козго-башка чапкылап, тепкилеп да жиберди. Согунгон боюнча уйдон чыгып кетти. Анара болсо коркконунан кызын жетелеп кочону коздой чыгып бараткан жеринен коруп калып, кайра чачтан суйроп кирип дагы сабады. Куйоосу ушундай зоокур экенине ишенип-ишенбей, ыйлап-сыктап, кызын кучактап отуруп калды.

Эртеси башы дангырап, кебетеси кок-ала болуп эмне кылаарын билбей олтурду. Таалай да кайтарып, эч жакка кетпей койду. Бир аздан кийин тамеки чегип сыртка чыкканда, Анара жанталашып телефон менен улуу эжесине чала калып, болгон жагдайын айтып, тез келишин суранды. Коп отпой эжеси да келип калды. Анаранын бетин коруп журогу тушуп чочуп кетти:

-Ай Таалай! Бул эмне кылганын? Сен айбансын го? Мынча эмне кучунду синдимден чыгардын? Эмне ката кетирди ыя?

-Оз тилинен тапты, мени менен айтышты-,деп жооп берди.

-Тилин чыгарган озун болсо керек. Кудай тилди эмнеге бериптир анан? Тили болгондон кийин чыдабай суйлоду да, ага да бир себеп болгондур? Карачы кебетесин! Бетинин, денесинин бир соо жери калбаптыр го! Мындай болбойт, мен калтырбайм Анараны сендей зоокурго-,деп кийимин чогултуруп, кызы менен алып кетип калды.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Irena   17 Декабрь 2012 - 16:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 11:56

Анараны сендей зоокурго-,деп кийимин чогултуруп, кызы менен алып кетип калды.

Эжесинин уйуно келгенден кийин коп турбай эле жолго чыгып, оз ата-энесине кетууну чечти. Туулуп-оскон айылына жеткенде Анараны коргондо ата-энесинин журогу жарылды го. Атасынын жини келип, куйоо баласын олтуруп салууга даяр болду. Энеси болсо ичи ысып, тим эле соз таппай олтурду. Ал турмушка чыккандан берки жашоосунун баарын айтып берди.

-Кагылайын ата-энем, мен силерди эч сарсана болбосо экен деп унчукпай журдум. Бирок акыры такыр чыдабай калдым. Таалайдын кылган кылыгы бул тагдырымды балта менен чапкандай болду. Чыккан кыз чийдин тышкары дегендей, бироонун булосуно кошулуп, жакшы эле келиндерден болоюн дегем. Балдар учун деп эле чыдап журо бердим. Эми уулумду алып берууго жардам сурайм, алтындарым. Аны кайната-кайнене айылга

конокко, тойго кошо ала кетишкен. Бугун туну менен болсо да алып кетиш керек. Тиги жанталашып келип бербей коюшу мумкун. Мен андан аябай коркуп калдым.

-Жан балам, мындай кордук корсун деп биз сени бополоп остургон эмеспиз. Сен мындай жашоого татыктуу эмессин. Албетте азыр жонойбуз-, деп атасы кызынын турмушун туп тамыры менен озгортконго даяр болду.

Кечке маал айылга жетип, кайната-кайненеси небересин алып жайбаракат олтурган жеринен кирип барышты. Кайнатасы тынчылыкпы деп чочуланды. Кайненеси столго нанын жайып, чай коюп олтурду. Анаранын атасы кудасына таарынычын, болгон оюн айтып атса, кайнатасы тескеринче беттен алып:

-Анкылдабагыла, силер кимсинер мага оз оюнарды айткандай, булардын тагдырын да, келечегин да мен чечем! Анткени мен багып атам. Менсиз жашай албайт-,деп накта келбетин ачты. Анда Анаранын атасы да:

-Эмне кыйкырасынар? Андай характер менде деле бар! Мен кудам деп сыйлап кенешип атса, мындай мамиленердин кереги жок! Ушуну менен болду жолубуз кесилишпесин! Неберемди азыр алып кетем, кийимин чогултуп бергиле тезирээк!

Кайненеси куйоосун бир аз тыйгансып, анан небересинин кийимдерин сумкага салып, которуп келип Анарага колуна берди. Ал баласын жыттап, алганына суйунуп, бир да минут турбай, артын карабай чыгып кетти. Оз уйуно келип, балдарын уктатып коюп, ата-энеси менен копко чейин суйлошуп олтурду.

Ошентип Анара куйоосу Таалай менен ажырашууну чечти. Откон жашоосунун бирин да эстебегенге аракет кылды. Эми алдыга карай жаны кадам шилтеп, келечеги кен, жарык болоорун самап Жараткандан тилеп журду.

Анаранын да келин болгон тагдыры бардык окурмандардын журогуно так калтырды го деп ойлойм. Чынында мындай катаал уй-булолук жашоого чыдагандар да, чыдабагандар да болот экен. Негизи, ар бир кыз турмушка чыгаардан мурда жети олчоп бир кесиш учун бардыгын таразалап, жакшыраак ойлонуп тийсе деп айтаар элем. Анткени алдыда эмне болуп кетээри, бизди эмне кутуп тураары эч ким биле албайт. Бирок бул жарык дуйного келгенден кийин, «мандайга жазган тагдыр ушул тура»деп эле отура бербестен, жагымдуу жашоо учун курошуу да абзел.

Ар бир келин уй-було куруп, бала-бакырасына жакшы тарбия берип бакканга, урмат-сыйга, эн башкысы суйууго татыктуу болуш керек.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Mondur   17 Декабрь 2012 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Тема өз бөлүмүнө жылдырылды! Авторго эскертүү!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   supeeri   17 Декабрь 2012 - 18:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Анара Кыргызымдын, акылдуу,мээримдуу, сабырдуу,кучтуу кыздарынан экен.Туура башында ойлонуш керек эле турмушка чыгаардан алдын,бирок эч ким келечектеги жашоосу мындай даражада озгоруп кетишин билбейт туура.Эххх.. .Бизде эле,Мусулман калкыбызда эле ушундай,келинди катту кармап,кайнене, кайната экенин билдиришебии. ..жеее башка мамлекеттерде де,да Мусулман эмес калк да да келинсин,сен деп болуп жемелейби?Озум Анарага окшоп,турмуштун бар нерсесинен коркуп,эмне болот трумшка чыксам деп эч кимге ишене албай журсом.Бул чыгарманы окуп дагы да Кечикен турмуштан,Бакытан конул,суугансып, качкансып атат артка.:(
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   18 Декабрь 2012 - 00:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

сонун чыгарма екен.авторго рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Irena   18 Декабрь 2012 - 21:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 11:56

Урматтуу окурмандар! Бул чыгарманы конул буруп окуганынарга чон ыраазычылыгымды билдирем!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   raia   22 Декабрь 2012 - 09:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Окуп чыгып ушунчалык таш боор адамдар бар бекен деп ойлодум.Ата энеси ошо болсо баласы да ошого .Болбосо мин макулук болсо да аялына имерилип ойлонуш керек эле да.балдарычы ..Бей куноо наристелер алардын тагдыры не болот.Апасы мин айланып бакса да жарым конул болуп осушот да.Эмне учун кайнене менен келин батышпайт.Кече эле уул уйлойм деп суйунуп сурдугуп ак жоолугун белендегеп аруу тилек менен келин куткон эне акылы пас кайнене болдубу.Кече эле биронун жары болсом ата энесин ардактасам уйунун куту болсом деген аруу тилеги менен босогону атаган кыз торго отуп таажал келин болдубу.Ушундай тагдырга ким куноолу.Дагы эле АЯЛ заты.Эне кечиримдуу болуп ушу баламдын жары балама да тенелемби мен киммин мен энемин.Энедей болоюн деп оз акылын озу пештесе.Келин кой менин да ата энем бар балдарым бар ошолорду ойлойун.Бун\ гун мен келин болсом эртен эне болом.Бугун кайненеме кандай салам берсем эртеге оз келинимден ошондой жооп аламго деп акылын пештесе ушундай тагдыр болбойт эле го.Бул омур кыска го атин бир бирин сыйлашка не жетсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   nikulya   15 Январь 2013 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 212
  • Катталган: 30 Июль 12
  • Соңку аракети: 19 Авг 2013 16:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат шаары

raia эже, сиздин жазгандарыңыз мага аябай жагат, оюңуз, менимче акылдуу,ак көнүл, бирөөгө эч жамандыгы жок аялзаты болсоңуз керек...
тема боюнча болсо, кайгылуу адамды ойго салып коюучу чыгарма экен,АЛЛАХ ар бир аялзатына үй-бүлөөлүк бакыт насип этсе экен!
Альхамдулиллях я Роббим шүгүр...!!! :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Murok   01 Февраль 2013 - 00:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 776
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Дек 2020 19:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чыныгы жашоо... Ар бир аялзаты бактылуу болуусу КЕРЕК...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Basmachy111   21 Февраль 2013 - 00:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

Окунучттуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   jooshbala   21 Февраль 2013 - 04:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Негизи турмушта ушуга окшогон жашоо коп эле кездешет...
Бирок Таалайдын уй булоосу ото эле ашыкча экен....
Жашоодо нелер гана кездешпейт чиркин...баарына чыдайн дейсин бирок чыдаганга мумкун эмес учурларда болуп калат.
Менин оюмча жашоодо баардык нерсеге даяр туруш керек ошондо гана чыдап женесинго дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   16 Февраль 2016 - 15:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Таалай мынча акмак,ата энесинин накта уулу экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Авг 2025 09:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: