Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#761 Пользователь офлайн   sestra   11 Декабрь 2012 - 17:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес (Жкн.14,26-27).


[/quote]

1. Утешитель же, Дух Святой, которого Отец пошлет во имя Мое, - он научит вас всему и напомнит вам все, что я говорил вам. (Ин. 14:26)
2. Но когда придет он дух истины, то направит вас ко всей истине, так как будет говорить не от себя, но что слышит, то и будет говорить и возвестит вам о грядущем. (Ин. 16:13)
3. когда придет Утешитель, которого я пошлю вам от Отца, - дух истины, исходящий от Отца,- он будет свидетельствовать обо Мне. (Ин. 15:26)
4. Но Я истину говорю вам: лучше для вас, чтобы я пошел; ибо, если Я не пойду, Утешитель не придет к вам; а если пойду, то пошлю Его к вам. (Ин. 16:17)


демек Сооротуучу - бул:

1. Иса а.с. кийин Кудай жиберуучу пайгамбар (Посланник Отца, после Иисуса (будущее время глагола «пошлет») и во имя его).

2. баардыгына уйроткон.

3. Иса а.с. айткандарды эскерткен.

4. чындыка угуттогон.

5. озунон айтпай, устудон укканды айткан. (говорящий не от себя, но то, что слышал)

6. келе жаткан жонундо жарыялаган (возвещающий о грядущем)

7. ал Иса а.с. кеткенден кийин гана келет, ал кетпесе келбейт.

бул суроттомодо ар мусулман озунун суйуктуу пайгамбары Мухаммад с.а.в. тааныйт.

эми ыйык рух жонундо. Деби айым айтып калган Кудай, ыйык рух жана Иисус - уч бирдиктуу кудай деп, АСТАГФИРУЛЛАХ. "Кудайдын ойундагы нерселерди Кудай озу билбейт анын руху билет " - деп. ойлоп коргулочу, эгер рух Иса а.с. кийин келсе - ал дайыма болгон эмес (он не был всегда) - Кудай туболук эмес деп айткандарыбы?

эгер рух Кудайдын ойундагысын билсе, эмне учун озунон айтпайт, устудон укканды айтат?

Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 11 Декабрь 2012 - 17:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#762 Пользователь офлайн   Debi   11 Декабрь 2012 - 19:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Ар бир элдин тилине, нарк-насилине, маданиятына ылайыкташтырылып котороло берсе, бу библияңыз канча ирет "реформация" болду экен?"

Мени жекелик мүнөзгө өттүңүз дедиңиз, жогорудагы сиздин билдирүүңүз кандай мүнөздө болуп кетти анда? Өзүңүзгө чынчыл болсоңуз, туура жообуңуз мага эмес, өзүңүзгө керек болот, бул деле ичиңизде калса мейли :).

Реформацияны мен асмандан алып жазбадым эле, муногу жерде:

"Дээрлик жалпы салтка айланып бараткан жыйындарда реформация мезгили болгон. Ошол мезгилден кийинки жыйындардагы жаңылануу мезгилдери тарыхта баптизмдин негизделген жылдары катары саналып жүрөт".

Асмандан албасаңыз анда башка бир жактан алсаңыз керек, иши кылып, андан бирди мындан бирди алып жамап-жаскаптырсыз, бирок жамаачыңыз туура келбей, ал сурооңуз так ошол калыстык, адилдик мыйзамынын ченемине туура келбей калды. Анткени менин жазгандарымда реформация Библияда эмес, жыйындарда болгону айтылды эле. Ар кимдин өз чындыгы болот дедиңиз, Кудай бирөө, ошондуктан Ал тууралуу чындык да бирөө болууга тийиш. Чындыгыңыз ылайым сизге толук тынчтык тартуулай алган чыныгы чындык болсун, бар болуңуз!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#763 Пользователь офлайн   USSR   11 Декабрь 2012 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (11 Декабрь 2012 - 19:48) жазган:

"Ар бир элдин тилине, нарк-насилине, маданиятына ылайыкташтырылып котороло берсе, бу библияңыз канча ирет "реформация" болду экен?"

Мени жекелик мүнөзгө өттүңүз дедиңиз, жогорудагы сиздин билдирүүңүз кандай мүнөздө болуп кетти анда? Өзүңүзгө чынчыл болсоңуз, туура жообуңуз мага эмес, өзүңүзгө керек болот, бул деле ичиңизде калса мейли :)/>.

Реформацияны мен асмандан алып жазбадым эле, муногу жерде:

"Дээрлик жалпы салтка айланып бараткан жыйындарда реформация мезгили болгон. Ошол мезгилден кийинки жыйындардагы жаңылануу мезгилдери тарыхта баптизмдин негизделген жылдары катары саналып жүрөт".

Асмандан албасаңыз анда башка бир жактан алсаңыз керек, иши кылып, андан бирди мындан бирди алып жамап-жаскаптырсыз, бирок жамаачыңыз туура келбей, ал сурооңуз так ошол калыстык, адилдик мыйзамынын ченемине туура келбей калды. Анткени менин жазгандарымда реформация Библияда эмес, жыйындарда болгону айтылды эле. Ар кимдин өз чындыгы болот дедиңиз, Кудай бирөө, ошондуктан Ал тууралуу чындык да бирөө болууга тийиш. Чындыгыңыз ылайым сизге толук тынчтык тартуулай алган чыныгы чындык болсун, бар болуңуз!

Түшүнүктүү. Баптизмден чындык тапканыңыз да түшүнүктүү болду окшойт.Сизге да ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#764 Пользователь офлайн   Zverchik   13 Декабрь 2012 - 18:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 29 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Мар 2014 23:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кара Кулжа Октябрь

Kudai bir deit anda Isa menen Ruhu anda alar kim der anda alarga emnege syiynyp stasynar,? Kech bolo elekte tobo kylyp Allahtan kechirim suranyz, Allahym kunoolorubuzdu ozun kecnire kor.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#765 Пользователь офлайн   Debi   19 Декабрь 2012 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Улуу майрамды утурлап...

Радиотүйүндөн мындай жарыя угуп калдым: тоодогу малсарайга барып жашап, иштегенге үй-бүлө керек. Бул жарыяга кандай үй-бүлө кызыгат болду экен, кандай үй-бүлө барат болду экен деген ой келди мага. Шаарга келип, бирок орун-очок ала албай, туруктуу жумушу жок, үйдүн ижара акысы майыштырып турган адамдарга, балким, бул эң жакшы сунуштур. Үстүндө үйү, иштеген жумушу болот. Ооба, ошондой адамдар бар. Андан ары оюм мени мындан нечен жыл илгери болуп өткөн ажайып окуяга алып кетти...
Атамбаев өзү башкарып турган өлкөнүн жарандарынын жашоосу менен жакындан таанышкысы келип, ошондой адамдардын үйүнө баргысы келсе, анын жолун бирөөлөр торой алат беле? Албетте, жок! Тескерисинче, дасторконду өзү күндө жебеген тамак-ашка толтуруп, аябагандай даярдык менен тосуп алышмак. Ал эми тиги койчу Атамбаевдин жашоосунда эмне болуп жатканын көргүсү келип, үйүнө бара алабы? Албетте, жок! Койчу тургай депутаттар ЖК дагы өкүлү аркылуу араң байланышарын кулагым чалган. Жок, мен айыптагым келбейт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Менин айтайын дегеним... эми сөз нараактан болсун.

Менменсинбеңиз да кемсинбеңиз

Бири кем дүйнө делген бул дүйнөдө, элибиз айткандай, телегейи тегиз, теменеси болот, дүнүйөсү түгөл адамды жолуктуруу кыйын. Кеми жагынан да адамзатынын бардыгы эле бирдей деңгээлде эмес. Биринин күнүмдүк жей турган наны кем болсо, биринин алдында айдаган машинеси кем. Дагы биринин атак даңкка ээ болгонго акылы, таланты кем болсо, биринин денесинде бир мүчөсү кем. Санап отурса мындай салыштыруулар жүздөп саналат. Билими, кайраты, күч даремети, мансап-дөөлөтү, жек-жаат теги, маданияты, курчап турган чөйрөсү, дагы ушуга окшогон көп жактарына жараша адамдын наркынын канчалык жогору же төмөн экени белгиленип, ошол жактар адамдын наркынын көрсөткүчү да болуп келет. Ушул адамдардын же жогорку, же төмөнкү орундарды ээлөөсү канчалык деңгээлде маанилүү болушу керек? Буга туура эле маани берилип жатабы? Бул суроонун берилип жатканынын себеби, жогоруда биз санап өткөн көрсөткүчтөргө, ошондой эле табитине, билимине, түшүнүгүнө жараша, ар бир адамга туура жашоонун үлгүсү өз билгениндей болуп келет. Бирок жашоодо колдон келишинче жогорураак абалды ээлөөгө болгон умтулуу түпкү маанисин жоготуп койгон жокпу? Ооба, адам өсүп туруусу зарыл. Бирок кандай максат менен? Буга максаттын туура эмес коюлушу, адамдагы жашоонун рахатын көрүү талабын да жоюп коюп жаткандай. Адамдардын ортосундагы жакшы абал үчүн кадимкидей эле атаандаштык, адамдык нарктын маанисин жоюп, адамды чыныгы жашоонун маңызынан адаштырып койгон жокпу? Аларга рахаттануу үчүн берилген бул жашоонун ушундайча туура эмес колдонулуп, текке гана коротулуп жатканы өкүнүчтүү. “Эх, кайран өмүр” дегиң келет. “Жашоо - бул рахат” деп айтылышы керектир, бирок биз, тескерисинче, “жашоо - бул күрөш” деген тыянакты көп угабыз. Кылган эмгеги, жумшаган аракети менен, ошол эмгектен, аракеттен алган рахатын таразалап көрсөк, кайсынысы салмактуураак кылмак? Рахаттануу деш кыйыныраак. Жедеп түйшүк жанына батканда, жоготуп койгон түйшүктөнүүсүнүн маани-маңызын, капысынан бир нур жарк дей түшкөндө көрө калгандай: “Ээ, жанымдан артык бекен”, - деп, жан талап кылган нерселерге көңүл бура баштаган жандарды жолуктуруп калам.
Ушундай туура эмес калыптануулардан уламдыр, бул дүйнөдө адамдарга рахат берген нерселердин бардыгы эле жакшы нерселер деп айта албайбыз. Башка бирөөнүн кайгысынан рахат алган көрүнүштөрдү кезиктирүүгө болот. Биз кеп кылып жаткан адамдардын жашоодогу бирөөлөрдөн жогору, бирөөлөрдөн төмөн ээлеген орундары да аларга кайсы бир деңгээлде рахат берет. Элибизде айтылып келаткан, “тең-теңи менен, тезек кабы менен” деген сөз дагы, адамдардын бири-бири менен болгон карым-катыш, мамилелешүүлөрү, алардын деңгээлдерине жараша болорун айгинелейт. Алдында айдаган атактуу маркадагы машинеси, үстүндө бардык ыңгайлуу шарттары менен заңгырата салынган үйү бар бирөө, көчөнүн боюнда бүктөмө столун жазып, сагыз, тамеки сатып отурган бирөөнү тоюна чакырабы? Мындай нерсе болсо адаттан тышкаркы көрүнүш болуп, эл оозунда аңыз кепке айланмактыр, балким.
Менин айтайын дегеним, бири менменсинсе, бири менменсингендерден корунуп келген бул эки топтун өкүлдөрүнүн ээлеген абалдарына маани бергендери бекер. Анткени ээлеген орундарына көз карандысыз, экөөнүн жеткилең бакытка жетүү мүмкүнчүлүктөрү тепетең. Мына ушул жактан алып караганда, алардын айырмасы эч нерсеге арзыбай калат. Эң кымбат нерседе алардын үлүшү бир болгон соң, бул убактылуу дүйнөдө биринин меменсингени, биринин кемсингени эч кандай мааниге ээ эмес. Анткени алардын биз айтып жаткан айырмачылыктары жалаң ушул өтүп кете турган убактылуу нерселер менен ченелип жатпайбы. А түбөлүктүү нерселерде эч кимдин башкаларга караганда артыгыраак мүмкүнчүлүгү жок.
Түбөлүктүү демекчи, түбөлүктүүлүк үчүн баарыбыздын үлүшүбүз бир болгону, өлбөстөр дүйнөсүнүн өзгөрүлгүс Өкүмдары эң адилеттүү, эң ишенимдүү Бийлөөчүбүз Жараткан Теңирдин пенделерине болгон бөксөргүс сүйүүсү. Анда бет карамалыктын жоктугу. Адамдардын бул дүйнөдө зар какшап издегени, эңсегени ушул эмеспи. “Адилеттүүлүк жок” деп түңүлгөндөрдү четтен эле жолуктурууга болот. Кымбаттуу окурман, сиз ошондой адамдардын бири болсоңуз, чындап эле адилеттүүлүккө суусасаңыз, сиз аны табасыз. Сиз издеген адилеттик бар. Чындап эле сиздин байлыгыңызга, бийлигиңизге, билимиңизге, сулуулугуңузга, мансап-дөөлөтүңүзгө, жөндөмүңүзгө карап башкалардан кем көрбөй, түбөлүктүү сүйүү менен сүйгөн Теңир бар. Болгондо да Ал бүткүл ааламдын бийлөөчүсү. Бул дүйнөдөгү барып турган адилетсиздик – өзүбүзгө арналган бирден бир чыныгы сүйүүнү баалабастык, барк албастык. Бул адилетсиздик гана эмес, бул жашоодо жаралгандагы алар эң жакшы нерсебизден, бирден бир маанилүү, ыйык үлүшүбүздөн куру калуу. Ал ыйык үлүш мейли ал падыша болсун, мейли кул болсун, бул дүйнөгө келген ар бир жанга арналган, ар бир жанга бирдей ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берген Кудайдын сүйүүсү. Адамзаттын тарыхындагы адамдар эмес, асмандан периштелер келип кабарлашкан эң кубанычтуу кабар адамзатынын бакубат өмүрүн бүлүнтүп, Кудайына кас кылган күнөөнүн кунун төлөп, бүткүл адамзатты күнөөнүн бийлигинен куткара турган Куткаруучунун бул дүйнөгө төрөлүшү эле. Жер үстүндө чектелгис бийлиги болгон Кудай Куткаруучунун малканада төрөлүп, мал акырга жаткырылышын ылайык көрдү. Ал кабар биринчилерден болуп хансарайдагы мамык жууркандарда мемиреп кызуу уйкуда жаткан бул дүйнөнүн жакшыларына эмес, хан сарайга баш бага албаган, талаада түн күзөтүп кой кайтарып жүргөн койчуларга айтылган. Окурман, бир нерсени байкадыңызбы? А эгер хан сарайда төрөлсө, койчулар, кембагал, жарды-жалчылар ал жакка кантип кире алышмак? Падыша малканага кирүүнү кааласа, анын жолун башкалар торой албайт эле да. А падыша каалады бекен, мурдатан убадаланган Куткаруучуну көрүүнү? Башкалар өңдүү күттү бекен Аны? Бул туурасында Ыйык Жазуудан окуйлу: Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик»,– дешти.
Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү.
Тарыхтагы эң маанилүү окуянын болуп өткөндүгү элди дүрбөлөңгө түшүрбөй койбойт эле. Ирод падышанын тынчы кеткенинин себеби Жазуунун улантып окусак белгилүү болот. Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: «Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле?»– деп сурады.
Ушул суроосунан улам, Ирод падышанын келечекте Куткаруучу төрөлөрүнөн кабардар экенин боолголосок болот. Бирок өзүнүн Куткаруучуга муктаж экенин ойлонду бекен? Ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Жазуунун негизинде жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керектигин айтышты. Ошентип бүткүл адамзаттын толук бейпилчилигин калыбына келтирүүчү сүйүнүчтүү Кабар, бул дүйнөдөгү падышага да, койчуга да бирдей маалым болду. Бирок Падышанын бул улуу ишке карата мамилеси койчулардыкынан кескин айырмаланды. Балким сиз: “Койчуларга периштелер кабар беришпедиби” дээрсиз. Аныңыз туура. Бирок Жазууну улантып окусак, падышага эмнеге периште келбегендигинин себебин баамдайсыз го деген ойдомун.
Ошондо Ирод даанышмандарды өзүнө жашыруун чакыртып алып, жылдыздын пайда болгон убактысын астыртадан сурап билип алды. Анан аларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, ошол Наристе жөнүндө жакшылап сураштырып билгиле. Аны табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып, Ага таазим кылайын», – деди. Падыша ,ал түгүл, бул жаңы төрөлгөн Падышага табынуусу керек экендигин да түшүнсө керек. Бирок анын ою таптакыр башкада эле. Бийлиги өтпөс, түбөлүктүү Падышадан да бийлик талаштырган, жердеги бийликтин көз тумандаткан күчүн, кызыгын кара. Бул жер үстүндө бийлиги тургай, өзү да убактылуу экенин Ирод падыша, албетте, билген да. Болбосо түбөлүккө өлбөй падышалык кылам дегенби? Мансап дөөлөтүнө мас болуп, сокур болгондон гана ушундай ойлонмок. Анын сөөгү эбак топуракка айлангандыр. Даанышмандар Ыйык Наристеге барып, табына таазим кылышкандан кийин, Иродго кайтып барбоо жөнүндө түштөрүндө аян алып, өз өлкөлөрүнө башка жол менен жөнөп кеткендиги жазылат Ыйык Жазууда. Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка да түшүндө көрүнүп: «Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат», – дейт. Окурман, Ыйык Наристени өлтүртүүгө батынып жаткан Ироддун жүрөгү Кудайдын периштесинин кабарын укканга даяр беле, ой жүгүртүп көрүңүз. Кандай гана жүрөк титирээрлик ишке дити барганына кулак салыңызчы. Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады. Кудайдын ырайымы мына ушундай адамды да, бул дүйнөгө түбөлүк жарык, түбөлүк эркиндик, бакубаттык алып келчү сүйүнүчтүү кабарды билбестикте калтырган эмес. Адамзаты эңсеп келген түбөлүк бакубаттыкты орнотуучу Кудайдын Куткаруучусу жөнүндөгү кабарды койчу да, падыша да, даанышман да укту. Ким кандай кабыл алганын да чогуу карап көрдүк. Койчулар менен падышанын бул улуу чындыкка карата мамилесин карап отуруп, бүгүнкү күндөгү көрүнүштү көрүүгө болот. Кудайдын сөзүнө ишенип, ага таазим кылып кабыл алгандардын арасында карапайым адамдар көптүк кылат. Бирок бул көптөр ойлоп жүргөндөй, алардын алсыздыгы десеңиз, өтө терең жаңылышасыз. Бул жашоодо кандай орун ээлесеңиз да, анын баары убактылуу экенин түшүндүрүүнүн сизге кереги жок го дейм. Ирод окшоп Кудайга каршы чыгып калуудан сак болуңуз. Бүгүнкү күндө да, Кудайдын күнөөлөрдү кечире турган ырайымы, тартуу кыла турган түбөлүк бакубат өмүрү жөнүндөгү Жакшы Кабары бүткүл адамдарга тегиз айтылып келе жатат. Ким кандай кабыл алууда? Андан, окурманым, сиз деле кабардар чыгарсыз. А өзүңүздү кайсы топко киргизер элеңиз? Сиз койчуларга окшогон карапайым адамсызбы? Балким даанышмандарга окшогон билимдүү адам чыгарсыз. А мүмкүн падыша өңдүү колуңузда бийлигиңиз бар адамдырсыз. Ким болсоңуз да, Кудай сизге түбөлүк бакубаттык орногон жарык келечек тартуу кылгысы келет. Ыйык Инжил китебинде жазылгандай: ал жол, ал өмүр, ал чындык – Ыйса Машайак. Бул жол баардыгына ачык, ошондуктан бул жашоодо менменсинүү да, кемсинүү да болбогон нерсе. Адилеттүү, түбөлүктүү Падышабыздын алдында баарыбыз бирдейбиз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#766 Пользователь офлайн   sestra   19 Декабрь 2012 - 19:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

кыскасы," с рождеством христовым " - деп жатасызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#767 Пользователь офлайн   Debi   19 Декабрь 2012 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: "Кудай Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, асманда Өзүнүн оң жагына отургузганда, ошол эле күч Машайактын ичинде аракеттенген" Инжил,Эфес.1, 20.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#768 Пользователь офлайн   Kerim1986   19 Декабрь 2012 - 21:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2015 08:37
  • Жынысы:Эркек

Куранда мындай дейт."Албетте, Иса жонундо талашып -тартышкандар анын (олтурулгону олтурулбогонудугу) жонундо кумондо калышат. Аларда кумонго гана ээрчигенден башка илим жок".(4;157)
"Эгер сен жер жузундогу кишилердин копчулугуно моюн сунсан, сени Алланын жолунан азгырышат. Алар кумонго гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат". Чындыкты таптым дейсиз чындык кайда?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#769 Пользователь офлайн   Debi   19 Декабрь 2012 - 21:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kerim1986 (19 Декабрь 2012 - 21:06) жазган:

Куранда мындай дейт."Албетте, Иса жонундо талашып -тартышкандар анын (олтурулгону олтурулбогонудугу) жонундо кумондо калышат. Аларда кумонго гана ээрчигенден башка илим жок".(4;157)
"Эгер сен жер жузундогу кишилердин копчулугуно моюн сунсан, сени Алланын жолунан азгырышат. Алар кумонго гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат". Чындыкты таптым дейсиз чындык кайда?

Чындыкты мен курандан таптым деген эмесмин ))). Курандан жазып алып кана дейсиң да ))).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#770 Пользователь офлайн   Debi   19 Декабрь 2012 - 21:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Кудай Өз ырайымынын даңкы чыгышы үчүн, сүйүктүү Уулу аркылуу бизге мол ырайым көрсөттү. Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди. Кудай бизге бул мол ырайымды Өзүнүн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен көрсөттү. Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон Өзүнүн жакшы тилеги боюнча Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди. Инжил,Эфес.1, 6-9.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#771 Пользователь офлайн   Kerim1986   19 Декабрь 2012 - 21:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2015 08:37
  • Жынысы:Эркек

Сен сыйынып жаткан Иса жашоодогу бардык проблемага чечим бере алабы же куру рухий сыйынуубу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#772 Пользователь офлайн   sestra   19 Декабрь 2012 - 22:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (19 Декабрь 2012 - 20:13) жазган:

Библия мындай дейт: "Кудай Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, асманда Өзүнүн оң жагына отургузганда, ошол эле күч Машайактын ичинде аракеттенген" Инжил,Эфес.1, 20.


Кудай - машаяк, машаяк - кудай... андан ары озунор эле ойлоно бергиле: кудай кудайды олтурот - тирилтет, бул учурда рух кайда болот экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#773 Пользователь офлайн   Debi   20 Декабрь 2012 - 09:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Kerim1986 (19 Декабрь 2012 - 21:33) жазган:

Сен сыйынып жаткан Иса жашоодогу бардык проблемага чечим бере алабы же куру рухий сыйынуубу?

Рухий сыйынуу эч качан куру болбойт. Проблема деген ар бир адамга анын дүйнөнү кабылдоосуна жараша да болот. Сен үчүн проблема болуп жаткан нерсе мен үчүн бата болушу мүмкүн. Кудай чече албаган проблема болот деп ойлойсуңбу?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#774 Пользователь офлайн   Debi   20 Декабрь 2012 - 09:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Ал (Деби: Ал дегени - Кудай) өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#775 Пользователь офлайн   Daud   20 Декабрь 2012 - 15:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Библияда айтылган бул сөздөрду кантип түшүнүү керек?
26 И сказал Бог: сотворим человека по образу Нашему по подобию Нашему,.....
27 И сотворил Бог человека по образу Своему, по образу Божию сотворил его......(Бытые)


9 ......ибо Я Бог, и нет иного Бога, и нет подобного Мне. (Исаия 46-9).


Бытыеде айтылган сөздөр менен Исаияда айтылган сөздөр бири-бирине каршы келип калган жокпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#776 Пользователь офлайн   Debi   20 Декабрь 2012 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Дауд, айтайынбы сага, сен бул эки аяттын ар биринде эмне тууралуу айтылып турганын түшүнүп эле турасың, менимче да эми, жүрөктөрдү Кудай билет го. Жок, караманча десең, анан кечте түшүндүрмө жазам. Азыр иш бар эле.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#777 Пользователь офлайн   Daud   20 Декабрь 2012 - 18:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (20 Декабрь 2012 - 16:16) жазган:

Дауд, айтайынбы сага, сен бул эки аяттын ар биринде эмне тууралуу айтылып турганын түшүнүп эле турасың, менимче да эми, жүрөктөрдү Кудай билет го. Жок, караманча десең, анан кечте түшүндүрмө жазам. Азыр иш бар эле.


Тушунбогонум учун сурап жатам. Мен буга чейин Библия ээлери (католик, протестант, баптист ж.б.) Кудайды адамга окшош элестетишет деп эле жургом. Себеби мен Библиядагы Кудай адамды озуно окшош кылып жараткан дегенди гана билгем. Бугун тайны мирового порядка деген документалдуу фильм коруп отуруп анда Библиядан Кудайга эч бир нерсе окшобойт деген цитатаны алып келгенин коруп калдым. Анан муну кандай тушунсо болот деп сурап жаткан кербезим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#778 Пользователь офлайн   Debi   20 Декабрь 2012 - 19:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (20 Декабрь 2012 - 15:26) жазган:

Библияда айтылган бул сөздөрду кантип түшүнүү керек?
26 И сказал Бог: сотворим человека по образу Нашему по подобию Нашему,.....
27 И сотворил Бог человека по образу Своему, по образу Божию сотворил его......(Бытые)


9 ......ибо Я Бог, и нет иного Бога, и нет подобного Мне. (Исаия 46-9).


Бытыеде айтылган сөздөр менен Исаияда айтылган сөздөр бири-бирине каршы келип калган жокпу?

Биздин Кудайдын бейнесинде жаратылганыбызды мындан билүүгө болот: акыл, сезим, эрк бар бизде. Акылыбыз менен ойлонуп, сезимибиз менен туюп, эркибиз менен чечим чыгарып жаратабыз. Сүрөтчүлөр сүрөт, обончулар обон, жазуучулар чыгарма... ж.б. Мына ушундай кылып жаратып туруп, бүткүл жаратылыштын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү тапшырган адамзатка. Жер үстүндөгү Кудайдан кийинки эле бийлик адамдарда болчу. Кандай бийлик кылса, ошонун жемишин көрүп жатат адам. Мына сөз нугу мени башка чоң темага алып кетип баратат, бул тууралуу өз кезегинде болсун.

Ышайада (Исаияда) болсо, Кудайга окшогон башка Кудай жок экени айтылыбатат.

Ал эми тиги докум.фильм эмне тууралуу экенин, ал жерде эмнеден улам айтылганын билбегендиктен эч нерсе дей албайм.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#779 Пользователь офлайн   Debi   20 Декабрь 2012 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мировой порядок - Машайактын каршылашынын(антихристтин) планы. Так ошол план азыр аракетте.

Библия мындай дейт: Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт. Инжил.2Тес.2, 7
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#780 Пользователь офлайн   Kerim1986   20 Декабрь 2012 - 20:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2015 08:37
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (20 Декабрь 2012 - 09:41) жазган:

Библия мындай дейт: Ал (Деби: Ал дегени - Кудай) өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.

Ал эми озунон мыйзам келип чыкпай турган куру рухий байланыш болсо,болгону гана диндарлык чойродо,башкача айтканда, диний сыйынуу, урп-адаттарда корунот да, турмуш чойросундо корунбойт. Мына ошондуктан, бул байланыш кучтуу таасир кыла албайт. Бир тармактуу болуп, турмуш иштеринде адамдардын арасын байланыштырууга жарабайт. Мына ошондуктан, християн дини Европада кабыл алынышына карабастан, Европа калкынын арасын байланыштырууга жарабай жатат.Себеби ал мыйзамы жок рухий байламта болсо.

Билдирүүнү түзөткөн: Kerim1986: 20 Декабрь 2012 - 21:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 17:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: