Менин эн жакын, бир тууганымдай болгон курбум бар эле, илгери. Анын бою меникинен кичине болгондуктан сиңдимдей көрүп, үйдөн эмне жесем теңин ага алып барып берет элем. Бирок кийин балалык кыял менен чоң жаңылыштык кетирип алган. Ошондон кийин адамдарга болгон ишеним өлгөн. Кийин кечирим сурап келген эле, азыр жакшы эле сүйлөшөбүз.
Бирок мурункудай эмес. Ортобузда дубал бардай.
Мындай дубалдар көрүнбөгөн менен эффекти кудум эле айнектей болот: сопсонун көрөсүң, бирок, ал дубалды сындырууга кудуретиң жетпейт...

Супер-Инфо
super.kg
видео




















