батыштын ырчы - бийчилерин коюп, биздин , кыргыз артистерибиздин суйлогону : " музыка - менин жашоом ", " бий - менин жашоом ", " менин угармандарым,
куйормандарым болбогондо эмне кылмакмын, алар бар учун - мен бармын ". АСТАГФИРУЛЛАХ.
албетте, коруучулордун акчасы керек, бирок бир аз ойлонуп суйлошсо!
!!
коп жаштар бири - бирин " жаным " деп эркелетишет.
адамдын бир гана жаны болот, ал анын денесинде - энесинин ичинде жаткандан баштап АЛЛАХ олум бергиче болот, демек бироону жаным деген - ширк.
коптордон угам, орусча билсе да билбесе да " обожаю " деген созду коп колдонушат.
жандык - жансыз болсо деле обожают. бул соз абдан жакшы коргонду билдирет, тамыры (корень) "бог" деген создон келип чыгат, демек ушул созду айтып жаткан адам ал нерсени Кудайга тенеген болот, АСТАГФИРУЛЛАХ.
- (2 )
-
- 1
- 2
Ыйман деген эмне?
#22 29 December 2012 - 21:35
Крымда инжилчи христианиндер озулорунун адабияты - инжилди Куранга окшоштуруп чыгарып, ырларын " суура " деп атап элге таратып жатышыптыр.
кебетеси так эле Курандын озу - кооздолушу,
басылган тамгалары, сырткы бети. бул маалыматты (Ислам . ру сайтынан) окуган сон, ойума бир хадис тушту : пайгамбар с.а.в. Акыр замандын белгилерине кошуп - Кыямат Кундун алдында шайтан оз куранын жазат. бул хадистин мааниси : АЛЛАХтын созуно окшоштуруп,
же Курандын бир нерсесин алып, аны Кудайдын созу кылып, адамдарды адаштырат, АСТАГФИРРУЛЛАХ.
урматтуу, мусулмандар, абайлагыла. бироолордон андай адабиятты корсонор аларды жок кылууга аракеттенгиле! !!
шайтан жакшылыктын жетимиш эки эшигин ачып, жамандыктын бир эле эшигин корсотуп, же киргизип коёт.

#23 25 January 2013 - 22:23
Аллах сизден ыраазы болсун! унутпай жазып турунузчу мага аябай жакты издеп жургон суроолорума жооп алгандай болдум . дагы ды жазынызчы
#24 08 February 2013 - 10:10
Ыйман деген бул ишенүү. Мусулман адам кайсыларга ишениш керектиги Куранда жана хадистерде жазылган (жогоруда да айтылып өттү).
Ал эми аларга ишенбеген адам (Мейли бирөөсүнө гана ишенбей койсун) мусулман болбойт, анткени Кудайдын сөзүнө - Куранга каршы чыккан болот. Исламдан чыгып калат. Бул адамдар тууралуу муфтияттын фатвасы бар http://muftiyat.kg/ и...дамдарга- канда/
Эгер билбестен сүйлөп алсак, анда Аллахтан кечирим сурап, мындан кийин билип жүрөлү...
_______________________
Бир адамга жардам берип, сылык, мыкты тарбия алган адамды ыймандуу деп коебуз. Ал адамдар жогорудагыларга ишенбесе, кылган иши, сылыктыгы үчүн ыймандуу болуп калбайт.
Ал эми жогорудагыларга ишенип, бирок ууру болсо - ал ыймандуу боло берет. Ыйман - бул ишеним.

Баардыгы студент үчүн!
#25 12 February 2013 - 10:33
Теледен бир агай жакшы бир пикирди билдирди:шариат бойунча ыйман деп 7 нерсеге ишенууну айтса,ал эми кыргыздарда ыйман-АДАМГЕРЧИЛИКТИН ТУУ ЧОКУСУ.Демек ыйманыбыздын олчой турган ыйманометр-
бул биздин адамгерчилигибиз,
кулк-мунозубуз,
адеп-ахлагыбыз.
Эгер биздин намазыбыз,орозо-
ибадаттарыбыз бизди адам кыла албаса-анда бир пул.....Кудай озу сактасын!
#27 20 April 2014 - 09:07
Ыйманды сактоочу дуба..
''Аллохуммамахфаз ийманана минаш шайтонир рожийми фи умрина ла сийма мин салбихи вактан-назьи бибаракати курьанил-Азийми ва би хурмати Росуликал Карийм.
Аллохумма я ваийал ислами массикна бил ислами хатта налкока бих''.
Котормосу:Аллахым ыйманыбызды сактай кор омур боюу,озгочо жан узулуп жаткан убакта.Ошондой каргышталган Алланын мээриминен кутулган Шайтандын уурдап алуусунан,Курани Карим жана улуу Пайгамбарындын урматынан.Аллахым сен Ислам дининин ээсисин,бекем кыл бизди ислам динине,сага жолукканга чейин.

Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#28 19 May 2014 - 18:02
ар бир адам жазуучу. ал омур бою эки китеп жазат: жакшы амалдарынын жыйнагын жана жаман иштеринин жыйнагын. Кыямат куну АЛЛАХтын алдында ал китептерди озубуз окуп беребиз жана озубуз тан калабыз : "мен ушуларды жасадымбы?"
- деп. жакшы амал кылгандар жыргап айтат, жаманы коптор - кыйналып айтат. Жана китептерде "ал азгырган учун, тигил айткан учун, баланча бузган учун" - деп айтылбайт, аларда : "муну жасаган, тигини кылган, мындай суйлогон"
- деп жазылат. демек бул форумда, дегеле жашоодо бироону куноологондорго кайрылуу: баардык кылган кылыктарына озун кунол
уусун!
#29 20 May 2014 - 19:12
Ыйман – кулк-мүнөздүн жакшы болуусу жана адептүүлүк менен толук болот. Намаз окуган, орозо кармаган же ажыга барып келген эле адамды ыйманы толук деп айтууга болбойт. Кээде окуган намазыңдан,
же аткарган ажылыгыңдан пайда болгон сооп-сыйлыктарды жаман кулк-мүнөздүн айынан жок кылып алууң мүмкүн. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Кыяматта менин үммөтүмдөн бир адам Аллахтын алдына окуган намазы, кармаган орозосу, аткарган ажылыгы менен келет, бирок ал бирөөнү тилдеп койгон, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн. Анын соопторунун баары тигилерге алынып берилет, эгер сооптору жетпей калса, тигилердин күнөөлөрү ага берилет да, Тозокко ташталат» - деп айткан. Ошондуктан өзүн мусулманмын деп эсептеген ар бир адам кулк-мүнөзүн жакшыртуусу керек. Биз аткарууга милдеттүү болгон ибаадаттардын негизги максаты да адамдын кулк-мүнөзүн жакшыртуу болуп эсептелет. Намаз тууралуу Аллах Таала Кураанда: «Чындыгында,
намаз силерди тыюу салынган, жаман күнөө иштерден тосот» деп айткан. (Анкабут, 45-аят). Ал эми орозо тууралуу: «Силер такыба болууңар үчүн, силерден мурдакыларга парз кылынган сыяктуу эле силерге да орозо парз кылынды» деп айткан. (Бакара, 183-аят). Ал эми ажылык тууралуу: «Ким ажалыкты аткарууну максат кылса, (аялына) кошулууга, күнөө кылууга, талашып-тартышууга болбойт» - деп айткан. (Бакара, 197-аят). Демек, ибаадаттардын баары эгер чын ыклас менен сүннөт тартиби менен аткарылса, анда алар адамдын кулк-мүнөзүнө жакшы таасир берет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) да өзүнүн пайгамбар болуп жиберилүүдөгү негизги максаты тууралуу: «Мен силердин кулк-мүнөзүңөрдү жогоку чекке көтөрүү үчүн жиберилгенмин» - деп айткан. Демек, Ислам дининин негизги максаты адам баласын жакшы кулк-мүнөздүүлүккө жеткирүү болсо, анда Исламды тутунган ар бир адам кулк-мүнөзүн оңдоого тырышуусу зарыл. jakwy-munozЖакшы мүнөздүүлүк тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:Аллах Таала айткан: «Чындыгында сен (оо, Мухаммад) – улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң!» (Калам, 4-аят).Аллах Таала айткан: «Аллах жана Кыямат күнүнө ишенгендер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар». (Ахзаб. 21-аят).Абдуллах бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Чындыгында,
силердин эң жакшыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Ыймандуулардын ичинен кулк-мүнөзү жакшылары – толук ыйманга ээ. Силердин эң жакшыңар – аялдарыңарга жакшы мамиле кылганыңар» - деп айткан. (Тирмизий).Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдардын Бейишке кирүүсүнө көбүнчө эмне себеп болоорун сурашканда ал:«Аллахтан коркуу жана жакшы кулк-мүнөз» - деп жооп берди. (Тирмизий).Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Кыямат күнү ыймандуулардын таразасында жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе болбойт, анткени Аллахадепсиздерди жана ыплас сөздөрдү сүйлөгөн адамдарды жек көрөт» - деген. (Тирмизий).Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Чындыгында,
жакшы кулк-мүнөз – мусулманды (күндүзү) орозо кармаган, (түндөсү) намаз окуган адамдын даражасына жеткирет» - деп айткан. (Абу Дауд).Абу Умама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Чындык өзү тарапта болсо да талашып-тартышуудан өзүн тыйган адамга Бейиштин четинен үй берилүүсүнө кепил болом. Тамашалап болсо да жалган айтпаган адамга Бейиштин ортосунан үй берилүүсүнө кепил болом. Ал эми кулк-мүнөзү жакшы адамга Бейиштин төрүнөн орун берилүүсүнө кепил болом» - деп айткан. (Абу Дауд).Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):«Чындыгында,
Кыямат күнү мен жакшы көрө турган жана мага жакын боло турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан. (Тирмизий).Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Кулк-мүнөзү жагынан Аллахтын элчиси адамдардын эң мыктысы болчу». (Бухарий, Муслим).Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчисинин алакандарындай жумшак жибекке да, парчага да колум тийген эмес. Аллахтын элчисинин жытындай жыпар жытты эч качан сезген эмесмин. Мен Аллахтын элчисине он жыл кызмат кылып, бир жолу да «Уф» деп айтканын уккан жокмун. Мен туура эмес иш кылып койсом да, мага: «Эмнеге мындай кылдың» - дечү эмес. Эгер бир ишти аткарбай койсом: «Эмне үчүн мындай кылганың жок» - деп да айтчу эмес». (Бухарий, Муслим). Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчисинин кулк-мүнөзү – Кураан эле». (Муслим). Акылман айтат: «Кимде-ким напсисин тыя албаса, дили карарат. Кимдин дили карарса, көңүлү тарыйт. Кимдин көңүлү тарыса, адеп-ахлагы бузулат. Кимдин адеп-ахлагы бузулса, ырайымсыз, катал болуп шайтанга айланат жана ал элди, эл аны жек көрөт».- Адептүүлүктү кимден үйрөндүңүз?
- деген суроого Улукман Хаким:- Адепсиздерден,
- деп жооп берген экен.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#30 20 May 2014 - 21:22
ункурго камалып калган уч адам жонундо хадистин маанисин эми тушундум окшойт: ар бир адамдын АЛЛАХ менен бир сыры болуш керек, ал сыр - АЛЛАХ учун, Анын ыраазычылыгы учун, Андан корккон учун кылган амал, бирок ал амалды АЛЛАХтан болок эч ким билбейт. кыйынчылык болгондо ал сырдын пайдасы тиет.
#31 22 May 2014 - 16:34
жакында эле билген маалыматым менен болушойун.
Пайгамбарыбыз С.А.В бейишти аралап журуп чон бакка келет, ал бактын туп жагында домпойгон уя сыяктуу бар экен. анын эшиги бар, эшигинде кулпу бекитилген. Кулпунун ачкычы - БИСМИ - ИЛЛЯХИ - РРАХМАНИ - РРАХИИМ. Жана ал уяга киргенде пайгамбар ушунчалык нурданып турган жазууну окуйт, ал жазуу : БИСМИ - ИЛЛЯХИ - РРАХМАНИ - РРАХИИМ. Анан ушул жазуудагы торт создун акыркы тамгаларынан бейиштеги торт дарыя (суу, сут, шарап, бал дарыялары) агып тушот, ал дарыялар бут бейишти аралап агып барып Каусар булагына куюлат.
ошол дарыялардан даам татуу озубуздун колубузда.

#32 23 May 2014 - 10:53
Пайгамбарыбыз С.А.В бейишти аралап журуп уй куруп жаткан усталарга жолугат. алар абдан тез иштеп жатышып токтоп калышат. Пайгамбарыбыз эмнеге токтоп калганын сураса, алар уйду курдуруп жаткан адам курулуш каражаттарын берууну токтотуп койгондугун айтышат. Корсо, биздин ар бир АЛЛАХТЫ эстегенибиз бейиште озубузго уй курулууга каражат болуп барат экен.
келгиле, бул дуйнодо бийик уйлордуу курууга ашыкпай, бейиште кимдин уйу бийик болооруна жарышабыз.
келгиле, бул дуйнодо бийик уйлордуу курууга ашыкпай, бейиште кимдин уйу бийик болооруна жарышабыз.
#33 23 May 2014 - 11:08
Ыйман - акыркы пайгамбар Мухаммед
алехиссаламдын пайгамбар катары
көрсөткөн нерселерин акыл, тажрыйба
жана философияга таянбастан кабыл
кылып, аларга ишенүү жана ыйман
келтирүү дегенди билдирет. Акыл
пайгамбар тарабынан билдирилген
нерселерди туура деп эсептей турган
болсо, бул толук жетилген акыл болуп
саналат.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссаламдын пайгамбар катары
билдирген буйруктарына ишенбөө же
шектенүү - куфур болуп эсептелет. Б.а.,
бул-Ислам динине ишенбегендикке
жатат. Мындай адам "кафир" (капыр) деп
аталат.
Ыйман – бул Курани каримде жана хадис
экендиги так белгилүү болгон хадиси
шарифтерде анык көрсөтүлгөн
нерселерге толук ишенүү. Буларга
ишенген
адамдар "момун" жана "мусулман" деп
аталат. Алар Мухаммед алейхиссаламдын
үммөтү болуп эсептелет. Мухаммед
алейхиссаламдын үммөтүнүн ичинде
туура жолду карманган, Пайгамбар
билдиргендей ыйман келтирген жалгыз
бир топ бар, ал "ахли суннат вал
жамаат" тобу. Мусулмандар жетимиш үч
топко бөлүнөт. Алардын жетимиш экиси
туура жолдон тайып "Бидат
фыркасы" болгон, ал эми жалгыз бир
гана топ туура жолду карманган. Ошол
туура жолдогу топ "ахли суннат вал
жамаат" тобу деп аталды. Бул тууралуу
пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам
хадиси шарифте мындайча
билдирет: "Исраил уулдары жетимиш бир
топко бөлүнөт, алардын жетимиши
Тозокко барып, бирөө гана кутулат.
Христиандар да жетимиш эки топко
бөлүнөт. Алардын жетимиш бири Тозок
отунда күйөт, бирөө кутулат. Бир канча
убакыттан кийин менин үммөтүм да
жетимиш үч топко бөлүнөт. Анын
жетимиш экиси Тозокто күйүп, бирөө гана
калат". Сахабалар Тозоктон кутулган топ
кимдер деп сурашканда: "Тозоктон
кутулган топ-менин жана
сахабаларымдын жолу менен жүргөндөр" ,
- деп жооп берди. Бул хадис
төрт "Сунан" деген китебинде жазылган.
алехиссаламдын пайгамбар катары
көрсөткөн нерселерин акыл, тажрыйба
жана философияга таянбастан кабыл
кылып, аларга ишенүү жана ыйман
келтирүү дегенди билдирет. Акыл
пайгамбар тарабынан билдирилген
нерселерди туура деп эсептей турган
болсо, бул толук жетилген акыл болуп
саналат.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссаламдын пайгамбар катары
билдирген буйруктарына ишенбөө же
шектенүү - куфур болуп эсептелет. Б.а.,
бул-Ислам динине ишенбегендикке
жатат. Мындай адам "кафир" (капыр) деп
аталат.
Ыйман – бул Курани каримде жана хадис
экендиги так белгилүү болгон хадиси
шарифтерде анык көрсөтүлгөн
нерселерге толук ишенүү. Буларга
ишенген
адамдар "момун" жана "мусулман" деп
аталат. Алар Мухаммед алейхиссаламдын
үммөтү болуп эсептелет. Мухаммед
алейхиссаламдын үммөтүнүн ичинде
туура жолду карманган, Пайгамбар
билдиргендей ыйман келтирген жалгыз
бир топ бар, ал "ахли суннат вал
жамаат" тобу. Мусулмандар жетимиш үч
топко бөлүнөт. Алардын жетимиш экиси
туура жолдон тайып "Бидат
фыркасы" болгон, ал эми жалгыз бир
гана топ туура жолду карманган. Ошол
туура жолдогу топ "ахли суннат вал
жамаат" тобу деп аталды. Бул тууралуу
пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам
хадиси шарифте мындайча
билдирет: "Исраил уулдары жетимиш бир
топко бөлүнөт, алардын жетимиши
Тозокко барып, бирөө гана кутулат.
Христиандар да жетимиш эки топко
бөлүнөт. Алардын жетимиш бири Тозок
отунда күйөт, бирөө кутулат. Бир канча
убакыттан кийин менин үммөтүм да
жетимиш үч топко бөлүнөт. Анын
жетимиш экиси Тозокто күйүп, бирөө гана
калат". Сахабалар Тозоктон кутулган топ
кимдер деп сурашканда: "Тозоктон
кутулган топ-менин жана
сахабаларымдын жолу менен жүргөндөр" ,
- деп жооп берди. Бул хадис
төрт "Сунан" деген китебинде жазылган.
Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#34 17 July 2014 - 23:54
Ыйман бул- Алланын барлыгына, Анын Периштелерине,
Анын Китептерине,
Анын Пайгамбарларына,
Кыямат Күнүнө ишенүү жана Алланын алдын ала белгилеп койгон жакшы-жаман тагдырына ишенүү
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#36 18 July 2014 - 02:12
ЫЙМАН ЖАНА АНЫН ШАРТТАРЫ
Сиздер өз досуңузга толук ишенем деп айтканда, бул сөздөргө кандай маани бересиздер? Мисалы, сиз өз досуңуз Аалыга: «Аалы, мен сага толугу менен ишенем», — деп айтуу менен эмнелерди билдиргиңиз келет? Сыягы сиз, ал чынын айтат деген ой менен анын кебине ынанасыз, ыраспы?
«Лаа иллааха иллаллаах Мухаммадур расулуллаах». Бул сөздөрдү айтуу менен, биз Алла-таалага жана анын пайгам-барына ишенээрибизди ырастайбыз. Биз Алланын бар экенине жана ал бирөө гана экенине, Мухаммед анын элчиси экенине ишенгенибизди билдиребиз. Биз мына ушул сөздөрдү айтуу менен ага бүткүл жүрөгүбүздөн, ак дилибизден ишенээрибизди ырастайбыз. Бул биздин ыйманыбыздын тал чокусу, уюткусу.
Эгерде биз ыйман тууралу мындан да кеңирээк айтсак, анда анын алты шарты бар. Булар Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, кыямат Күнүнө, Анын жакшы, жаман тагдырына ишенүү.
ЫЙМАН: ооз менен айткан сөздөр жүрөк менен кабыл алынып, жасаган иштери менен ырасталат.
ЫЙМАН СӨЗҮ (КАЛИМАСЫ): «Лаа илааха иллааллаах, Мухаммадур расулуллаах». Алладан башка кудай (теңир) жок, Мухаммед анын элчиси. Ишеним жагынан караганда бардык адамдар төмөндөй түргө бөлүнөт:
1. МОМУН.
Аллага жана анын пайгамбарына ишенген адам. Мындай адамдын сөзү чын жүрөктөн чыгат.
2. КААПЫР. Аллага жана Анын пайгамбарына ишенбеген адам.
3. МУНАФИК.
Ниетинде Аллага ишенбеген, бирок көпчүлүк учурда ага
ишенгендей түр көрсөткөн адам. Мындай адамдар эки жүздүү болушат. Алар каапырдан да ашынган адамдар.
4. МУШРИК.
Алладан башка да кудайлар бар деп эсептеген адам.
ЫЙМАНДЫН алты шарты бар:
1. Алланын бардыгына жана анын бирөө гана экендигине ишенүу.
2. Анын периштелерине ишенүү.
3. Анын китептерине ишенүү.
4. Анын пайгамбарларына ишенүү.
5. Кыямат күнүнө ишенүү.
6. Анын тагдырына, жакшылык да, жамандык да бүт бойдон Алла-тааладан боло тургандыгына ишенүү.

Супер-Инфо
super.kg
видео