Ээ, а мен болсо Южный парк менен Симпсоны мультигин чондор учун дептирмин. Бирок бир нерсе бар да, кичинекейинде,
мейли, корсотпойлу.
Кийин бала бакчага, мектепке барганда балдардан угуп коргусу келет да. Запретный плод сладок болуп. Туура эмес мультиктен туура тыянак чыгарууну уйротсокчу?
Мисалы, Шректе басымды достука коюп, жылан,бака уйлогон жеринде, бала кичинекей болсо булар уйломо оюнчук деп, чонураак болсо шрек туура эмес кылды, жылан ооруп калат жб деп тушундурсокчу?
Бала тарбиялоо жана мультфильмдер кандай мультик тандоо керек
#22 07 January 2013 - 19:02
Зыяндуулугун карап отурсаң, азыр пайдалуу эч нерсе жок, жеген наныңдан оролгон кепиниңе дейре...
Жеке мен жаш балдар үчүн албетте, ылгап анан мультфильмдерди сунуштамакмын, бирок жогорудагы айрымдарын көрсөтө бермекмин деп ойлойм. Анткени бул жашоо, реалдуулук. Мейли үйдөн көрбөдүбү, ал досунун үйүнөн көрөт дегендей. Же досун да ылгап баштамак белек? Баары бир белгилүү бир баскычтардан басып өтүшүбүз керек. Балалыкта жалаң советтик мультфильмдер менен чоңоюу сөзсөз жакшы адам болуп чыгат дегенге кепилдик бербейт. Же мага окшоп өсүпүрүмдүк курагын жалаң триллер, хоррор тасмалар менен өткөргөндөрдү маньяк деп айтууга болбостур (хотяяяяяя, баары бир ойлонуп көрүш керек, хехе)...)))

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#23 07 January 2013 - 19:05
Менимче мультфильмдерге башка алтернатива табуу керек. Мисалы көчөгө алып чыгып ойнотуп, паркка алып барып дегендей. Ошону менен эле биргеликте жакшы мультиктерди таап ошолорду көрсөтүп туруу керек. Баланы бала бакчадагы жана мектептеги досторунун сөзүнө өтө чоң маани бербөөгө үйрөтүү керек. Бала үчүн ата-энеси эң ишенимдүү жана эң акылдуу адамдар болушу керек. Ошондо бала ата-энесинин ар бир айтканына макул болот.
Баланын бир саат топурака буланып ойногону анын бир саат мультфильм көргөнүнөн жакшы. Ошондуктан бир аз чоңоюп калган балдарды спорттун кайсы бир түрү менен алектенүүгө же кайсы бир өнөрдү үйрөнүүгө берүү керек. Мектептен сырткаркы убактарда ошол нерселер менен алектенсе анда анын мультик көргөнгө убактысы калбайт.

#24 07 January 2013 - 19:21
Дароо эле бир суроо туулду менде.. Мультфилмди такыр корбогондор кандай адамдарга киришет болду экен?....
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#25 07 January 2013 - 19:42
#26 07 January 2013 - 19:43
#27 07 January 2013 - 20:06
Ооба, Дауд мырза, таза абага чыгып ойногон ой да канча мультиктен жогору, бул жагынан сизге толугу менен кошулам. Мындан башка мен баламдан амбицияларымды чыгарбайм, кызыккан нерсеси болсо жардамдашам жана болушунча убакыт болом деген оюм бар. Гиперопека жака да гипоопека жака да ообой аны тушунууго аракет кылам деген ойдомун.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#28 07 January 2013 - 21:05
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#29 07 January 2013 - 22:11
Абдан сонун тема экен.Мен дагы наристелер илгерки эле мультиктерди корсо дейм.Жакында эле синдимдин кызы "Шрек"мультигин коруп отуруптур,кирсем Шрек менен Фиона обушуп жатыптыр,мындай мультик коргонго болбойт уят болот деп алдап-соолап ыргытып салдым.
#30 07 January 2013 - 22:52
Дауд байке сонун тема ачыпсыз, менин билишимче жанагы Спанчбоб деген мультфильм психикасы бузулган балдарга атайын чыгарылган дешет, ошого коргозушот экен АКШда эмнеге экенин билбедим..
Журоктор ыйманга толсун.
#31 08 January 2013 - 09:01
Ойлонуп көрүңүз. )))
Эми ал көбүрөөк башкаларды ойлондурчу маселе болсо керек, анткени адам маньяк болсо, анын өзүнө зыяны тийбейт...)))
Теманы өтө алыстата бербей, анда баланы тарбиялоого көмөктөшкөн мультфильмдерди жаза кетсеңер, а биз болсо, эгерде аларды эстесек, жаман-жакшы моменттерин жазалы...
"Маша менен Аюу"га кандай дейсиңер?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#32 08 January 2013 - 10:29
Ооба, Дауд мырза, таза абага чыгып ойногон ой да канча мультиктен жогору, бул жагынан сизге толугу менен кошулам. Мындан башка мен баламдан амбицияларымды чыгарбайм, кызыккан нерсеси болсо жардамдашам жана болушунча убакыт болом деген оюм бар. Гиперопека жака да гипоопека жака да ообой аны тушунууго аракет кылам деген ойдомун.
Жакшы эне болууга аракет кылганыңызды колдоого гана алам. Эне демекчи биздин кыргыз кыздары эне болууга кичинекейинен баштап эле даярдана башташат болчу. Мисалы жүгөрудөн, же ар кандай материалдардан бала жасап эненин рольун аткара башташат эле. Бул жердеги кыздардын баары эле ошентишкен болсо керек. Себеби алар өз энелерин идеал аял деп билишет эле. Менин жеке пикиримде (балким адашып жатам) акыркы жылдары кичинекекй кыздардын эне болууга болгон кызыгуулары жоголуп бара жаткандай. Балким кимдир бирөө азыр деле кичинекей кыздар куурчактарды ойношот деп айтуусу мүмкүн. Ойноп жатышкандыгы чындык. Аны жокко чыгара албайм. Бирок ал куурчактарга кандай мамиле кылып жатышкандыгын сиз карап көрдүңүзбү деп айтмакмын. Менимче азыркы кыздар ага өз кызы катары эмес, курбу кызы же мультиктеги сүйүктүү каарманы катары гана карап калышты. Демек аларда келечекте эне болууга болгон кызыгуулары жоголуп баштагандай.
Мунун себебин так билбеймин. Бирок божомолдоп муну айтышым мүмкүн: азыркы мультиктерде эненин (апанын) образы көпчүлүк убакта терс чагылдырылат. Мисалы сулуу ханышанын апасы картаң, сулуу эмес аял болот же ал ханышанын өгөй энеси болуп, ал аябай жаман образдагы аял болот. А кыздын атасы болсо өз кызынын абалынан кабары жок, шалаакы ата катары көрсөтүлөт. Америка мультфильмдерин изилдеп көргөн адамдардын айтуусуна караганда Америка мультиктеринде жакшы эненин образы жаныбарлар тууралуу тартылган мультиктерде гана болот экен. Мисалы "король лев" мультигинде. Ал эми адамдар катышкан мультиктерде мен жогоруда айтып өткөндөй жакшы эмес образда. Эгер эне жакшы чагылдырылган болсо да ал өтө каары кылып көрсөтүлөт. Мунун себебинен жаш балдарыбызда ата-эне болууга болгон кызыгуу өчүп бараткандай. Мисалы Алладиндеги Жасминдин атасы акылы кемирээк, көп сүйлөгөн адам катары чагылдырылган. Эми аны көргөн кайсы бала ата болгусу келсин. А кыздарыбыз баары эле Жасмин болгусу келет. Демек алар өз атасына Жамин өз атасына кылган мамилени көрсөтүүсү мүмкүн. Мультфильм тандап жаткада бул нерселерди да унутпасаңыздар.
#33 08 January 2013 - 10:41
Абдан сонун тема экен.Мен дагы наристелер илгерки эле мультиктерди корсо дейм.Жакында эле синдимдин кызы "Шрек"мультигин коруп отуруптур,кирсем Шрек менен Фиона обушуп жатыптыр,мындай мультик коргонго болбойт уят болот деп алдап-соолап ыргытып салдым.
Азыркы мультиктерде өбүшүү кадыикидей эле көрүнүшкө ээ болуп калды. Бирок мунун балдар психологиясына кандай таасир калтыруусун элестетүү кыйын. Сиз өзүңүздү 4-5 жаштагы бала деп элестетип көрүңүз. Сиз мультик көрүп жаткан убакта сиз жакшы көргөн каармандар өбүшө баштады дейли, сиз мурда кийин өбүшүүнү көргөн эмессиз, оюңузга эмне келиши мумкүн? Демек сүйүктүү каарманын өбүшүп жатканын көргөн балада бул нерсеге кызыгуу пайда болот. Ал да бул ишти аткарууга кызыга баштат. Айтыңызчы 6 жаштагы балага бул жөнүндө ойлоо эртелик кылбайбы? Андан кийин ал бала кинофильмдерди көрө баштайт. Аларда деле ушундай. Демек балада сүйүү бул өбүшүү деген түшүнүктүн калыптануусуна себеп болушу мүмкүн. Ал сүйүүнү үй-бүлө курууга жетектеген нерсе катары эмес, өбүшүп-кучакташуу ... деп гана түшүнүп калуусу мүмкүн эмеспи? Балким азыр үй-бүлөнүн маңызын түшүнбөй ажырашып жаткан жаштарыбыздын ажырашуусуна алардын мультик жана кинолордон алган тарбиялары таасир берип жаткан болуп жүрбөсүн?
#34 08 January 2013 - 10:55
Эми ал көбүрөөк башкаларды ойлондурчу маселе болсо керек, анткени адам маньяк болсо, анын өзүнө зыяны тийбейт...)))
Теманы өтө алыстата бербей, анда баланы тарбиялоого көмөктөшкөн мультфильмдерди жаза кетсеңер, а биз болсо, эгерде аларды эстесек, жаман-жакшы моменттерин жазалы...
"Маша менен Аюу"га кандай дейсиңер?
Теманы өтө алыстата бербей, анда баланы тарбиялоого көмөктөшкөн мультфильмдерди жаза кетсеңер, а биз болсо, эгерде аларды эстесек, жаман-жакшы моменттерин жазалы...
"Маша менен Аюу"га кандай дейсиңер?
Менин кичинекей жээн карындаштарым "Маша жаман кыз" дешип ушул мультикти жакшы көрө беришпейт экен. Неге эси жок болду экен деп кызыгып мультикти көрсөм,Маша кыз чынында эле бейтартип,ээнбаш кыз экен.
Демек, балдарыбыз менен чогуу көрүшүбүз керек дагы, мультикти көрүү учурунда комментарий берип, туура тарбия алганга багыт беришибиз керек.
#35 08 January 2013 - 11:19
Дауд байке сонун тема ачыпсыз, менин билишимче жанагы Спанчбоб деген мультфильм психикасы бузулган балдарга атайын чыгарылган дешет, ошого коргозушот экен АКШда эмнеге экенин билбедим..
Губка Бобтун кимдер үчүн чыгарылганын билбеймин. Бирок ал мультфильмди жакшылап көңүл коюп, көргөн болсоңуз анда бала үчун үлгү боло турган бир да каарамн жок экенин көрсө болот.
Мистер Крабс- ач көз, акча үчүн баарына даяр болгон, өтө сараң каарман.
Планктон - ичи таар, көрө албас, жашоодон максаты Крабстын жашыруун рецептин уурдоо.
Патрик - тупой, бекерпоз, жалкоо каараман. Жалкоолугунан өзүнө үй да салган эмес. Таштын астында жашайт.
Герри- соргок, мыйоологонду гана билген каарман. Ал курсагы ачканда гана мыйоолойт. Бир серияда ал ачка калгандыгы үчүн дивандын жарымын жеп коёт.
Сенди- мактаанчаак кыз. Өзүнүн Техастык экендигине жана өз жөндөмдүүлүктөрүн тымбай мактанып турат.
Скивидворд- өзүнөн башка эч кимди жана эч нерсени жактырбайт. Айланадагы бардык нерсеге ачуусу келе берет. Өзү жакшы аткара албаган ишти да жакшы кылам деп эсептейт.
Спанч Боб- ага аалам тегиз. Ал келечекти ойлоп эмес, бүгүнкү күнү менен гана жашайт. Анын жашоо образы оюн-күлкүдөн гана турат.
Демек бул мультикте сиздин баланызга үлгүлү боло турган бир да каарман жок! Спанч Бобтун күйөрмандарынан кечирим сураймын. )))
#36 08 January 2013 - 11:24
Теманы өтө алыстата бербей, анда баланы тарбиялоого көмөктөшкөн мультфильмдерди жаза кетсеңер, а биз болсо, эгерде аларды эстесек, жаман-жакшы моменттерин жазалы...
"Маша менен Аюу"га кандай дейсиңер?
"Маша менен Аюу"га кандай дейсиңер?
Мен азыр жакшы мультиктерди издеп жатам. Табаарым менен дароо айтам буйруса.
Маша жана Аюу жөнүндө СССР байке айтып өттү. Мен азырынча ошол сөзгө гана кошулуп турам. Негизи эле мультиктин тарбиялык мааниси болушу керек. Маша жана аюуну көргөн бала андан кандай жакшы же жаман нерсе үйрөнүүсү мумкүн деген суроого жооп табууга аракет кылып көруш керек. Ошондо анын жакшы же жаман мультиктердин катарына кошулушун билип алабыз.
#37 08 January 2013 - 12:28
Дауд мырза, тилеке каршы, мен кичинекейинде куурчак ойногон кыздардын катарына кирбейм. Кошуна балдар менен кошулуп согуш(атышмай) ойночубуз, машиналарга гараж жасап топуракта ботала болуп эле журчубуз. Аябай китеп окуганды суйот элем. Мектепте бир да отуруш дегенге барбай(ата энем жоноткон эмес) артыкчылык менен аяктадым. Ошондой болсо да ойлоп коем, балким мени уйдогулор ото катуу кармабаганда мынчалык циник, катуу болбойт белем деп. Темадан сырт болсо да жазып койдум.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#38 08 January 2013 - 12:38
Мага жалаң тыюу салынган мультиктер жагат окшойт. Биринчиден,
бул Губка Боб. Жеке мага жагат, өтө жагат. Жеңил-желпи болсо дагы... Анан Симпсондор,
Южный паркты деле көрчүмүн.
Жогорудагы маселеге байланыштуу: идеалдуу вариантка жакын бир мультфильм бар эле, аталышын эстей албай жатам. Бирок анда бир Суур аба болот, күн сайын анын жомогун угууга кичинекей суурлар келишет. Чынында, кызыктуу. Ар бир бөлүгүндө насаат берүүчү моменттер жыш тартылган болчу. Караштырып көрөйүн, тапсам, илем...
Жогорудагы маселеге байланыштуу: идеалдуу вариантка жакын бир мультфильм бар эле, аталышын эстей албай жатам. Бирок анда бир Суур аба болот, күн сайын анын жомогун угууга кичинекей суурлар келишет. Чынында, кызыктуу. Ар бир бөлүгүндө насаат берүүчү моменттер жыш тартылган болчу. Караштырып көрөйүн, тапсам, илем...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#40 08 January 2013 - 12:48
Мага кайсыл жактыкы экенин билбейм, (мурдакы СССРдин составында турган Европа олкосу бсо кк) бир крот жонундо мультик жакчу. Аябай акылдуу анан куйумдуу болчу.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео