Суперстан: Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?

#641 Пользователь офлайн   Daud   14 Январь 2013 - 11:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения meerimka86 (12 Январь 2013 - 17:29) жазган:

Бул дуйнодо куноосу жок периште адам жок,биз кыргыздар илгертен бери эле хиджап кийген эмеспиз.Биздин озубуздун улуттук кийимибиз бар,ошону кийебиз деп масале которсок туура болот. Хиджап киеби кийбейби бул ар кимдин оз иши!


Кыргыздын кийими хижаб болгон десем тан калсаңыз керек. Бирок бул чындыгында эле ошондой. Хижаб бул аялдын жүз жана алакандардан башка бардык жерди жапкан кийим. Ал өзбектин кийими болобу, кыргыздыкыбы, арабтыкыбы айырмасы жок.

Хижаб кийүү ар бир өзүн мусулманмын деп эсептеген аялдын милдети. Эгер мен мусулман эмесмин десе ага милдеттүү эмес.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: кыр.jpg
  • Прикрепленное изображение: хидж.jpg
  • Прикрепленное изображение: хиджаб.jpg
  • Прикрепленное изображение: хиж.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#642 Пользователь офлайн   Daud   14 Январь 2013 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Албетте, Аллах Таала ар бир адамдын кылган иштерине жараша сыйлык же жаза берет. Себеби Ал адилеттүү. Ошондой эле Ал Өзү каалаган пендесин кечирүүсү да мүмкүн. Себеби Ал ырайымдуу жана боорукер.

Биз болгону хижаб кийүү Аллахтын буйругу, ага каршы чыкканга болбойт дегенди гана айткыбыз келип жатат. Бирок хижаб кийбеген аял сөзсүз тозоко кирет деп айтуудан алыспыз. Аны Аллахтан башка эч ким билбейт.

Ошону менен эле биргеликте айта кетчүү өтө маанилүү нерсе, Аллахтын ачык айкын өкүмүнө каяша айтуу адамдын динден чыгаруусу мүмкүн. Мисалы Аллах арам деген нерсени адал деп айтуу, Аллах парз кылган нерсени парз эмес деп айтуу сыяктуу сөздөр мусулман адамдын динден чыгарып, каапыр кылат. Ошондуктан өзүн мусулманмын деп эсептеген жалпы форумчулардан сураныч дин маселелериде сүйлөгөндө бир аз абайлап сүйлөсөңүздөр!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#643 Пользователь офлайн   meerimka86   14 Январь 2013 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Уурматту динди окуп билген аалым Дауд!,мен мусулманмын, мусулман экениме сыймыктанам. Сиз коргозгон суроттор хиджап эмес,ал кийимди турмушка чыккандан кийин апалар кийген жана ал биздин улуттук кийимибиз болот го (элечек,чепкен). Сизчелик баары жокту билбесек да эн негиздуу тушунукторубуз бар дин боюнча.Хиджап(паранжи) бетин жа жука материалдан жаап жургон кийимди айтат болуш керек.Мусулманчылыкта аял киши эркекке жузун корсотпой уйдо отуруш керек,биз куйоолорубуз менен кошо талаада иштеп журобуз.Эн негизгиси журогун таза,бироого жамандык кылбай ,оз эмгегин менен адал акча таап жургонун.

Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 14 Январь 2013 - 13:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#644 Пользователь офлайн   aidai09   14 Январь 2013 - 13:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 19 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Сен 2013 09:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

каршы эмесмин ар ким озу билет кандай кийиништи


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#645 Пользователь офлайн   zzz   14 Январь 2013 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 516
  • Катталган: 09 Август 09
  • Соңку аракети: 29 Окт 2020 10:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bishkek

Просмотр сообщения meerimka86 (14 Январь 2013 - 13:06) жазган:

Уурматту динди окуп билген аалым Дауд!,мен мусулманмын, мусулман экениме сыймыктанам. Сиз коргозгон суроттор хиджап эмес,ал кийимди турмушка чыккандан кийин апалар кийген жана ал биздин улуттук кийимибиз болот го (элечек).Сизчелик баары жокту билбесек да эн негиздуу тушунукторубуз бар дин боюнча.Хиджап(паранжи) бетин жа жука материалдан жаап жургон кийимди айтат болуш керек.Мусулманчылыкта аял киши эркекке жузун корсотпой уйдо отуруш керек,биз куйоолорубуз менен кошо талаада иштеп журобуз.Эн негизгиси журогун таза,бироого жамандык кылбай ,оз эмгегин менен адал акча таап жургонун.


Сиз айтып жаткан - паранжа... ал эми хиджаптын талаптарын жогоруда Дауд мырза жазып кетти...
Ден соолукту чыңдоо үчүн - I run each ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#646 Пользователь офлайн   meerimka86   14 Январь 2013 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Биздин кыргыздын беш кокул кыздары тизесинен тушкон койнок кийип,чачын оруп,тебетей кийип журушкон экен илгери.Ошондой улуттук кийимдерди чыгарышып кийгиле десе киет элем.Жайкысын жука койнок кийишсе,дене тузулуштору билинип,эркекти озуно тартпаш учун,калын эмес кемселдерди кийип алышкан экен.

Негизи менин силер менен талаша турган оюм жок,анчалык дин жонундо илимим да жок.Болгону коз карашым ушундай.ал азырынча озгорбойт

Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 14 Январь 2013 - 13:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#647 Пользователь офлайн   aijan   14 Январь 2013 - 19:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мээримка 86, рахмат, мени жекелеп жатышты эле, эми экоо болдук дебеймби. Мен эмнеге хиджаб кийгим келбейт? Эгер бетимди, алаканымды эле ачык коюп упузуун кылып узун боюмду узартып офиске кийип барсам бул дресс кодго жатпайт. 2. Мен учун ынгайсыз. Балам жаш, мурда шым кийип конгон жаным чалынып жыгылам го. Бала эмизгенди да ойлогула З. Жоон сандарды коргон эркектерди менин тиземен ылдый этим кызыктырбаса керек. 4. Маскулинизм, патриархатынар тажатты ушу.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#648 Пользователь офлайн   Таллас   14 Январь 2013 - 19:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

мас-ку- ли... (тилимди чайнап алайын дедим Сүрөт ) деген эмне?

Лингводон сурасам мындай дейт:

Маскулинизация - развитие вторичных мужских половых признаков у особей женского пола вследствие нарушения функций желез внутренней секреции (усов - у женщин, петушиного гребня - у кур).

Балким, колдонулган контекстке ылайык башка маанини да берет чыгар. Бирок, мен эмнени айткыңыз келгениңизди чала-була түшүнгөндөй болдум.

"Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" дейт го. "Экөө болгонуңуздар менен куттуктайм" дебеймби мен да. Айтайын дегеним - бул жерде эч ким бирөөнү жекелеп, дубалга такап жаткан деле жери жок го дейм. Болгону, азырынча (!) билбей же түшүнбөй, түшүнсө да, билсе да өз каалоосуна дал келбегенинен полемика (мен деле ушундай сөздөрдү билем ай Сүрөт) жаратып жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат Дауд, zzz жана башкалар. Туура кабыл алышыңарды суранам.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Январь 2013 - 20:09

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#649 Пользователь офлайн   sestra   14 Январь 2013 - 20:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

эмне учун батыштыктар, кафирлер ойлоп чыгарган дресс - кодту катуу карманышат, Жаратуучусу АЛЛАХ мыйзам кылган кийимди чекке кагышат?! ошол эле офиске илгерки кыргыз улуттук кийимин кийип баргыла - дресс - кодтон отпойсунор, чынбы? жумушунуз хиджабка каршыбы? андай жумушта иштеп кереги жок! албетте, айтасынар каражатты кайдай табабыз - деп, ошон учун "иман " деген тушунук бар. эртен эмне жейм. эмне ичем - ойлобо, баардыгы БЕРУУЧУнун кудурети.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#650 Пользователь офлайн   Таллас   14 Январь 2013 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения meerimka86 (14 Январь 2013 - 13:42) жазган:

Биздин кыргыздын беш кокул кыздары тизесинен тушкон койнок кийип,чачын оруп,тебетей кийип журушкон экен илгери.Ошондой улуттук кийимдерди чыгарышып кийгиле десе киет элем....

Андай кийимдер илгертен эле бар. Анан да Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын, атап айтып кете турган болсом - тигүүчүлүктүн дүркүрөп өсүп жатканын эске алсак, мындай кийимдер, ошол улуттук кийимдер, атрибутикалар ж.б. сатылган "Кыял" базарынан (же дүкөнүнөнбү? ) башка жактарда да өтө кымбат эмес баага сатылып жатканын ар ким эле билсе керек. Бирок, маселе.. "кийгиле" деген сөздө болуп жатат окшойт Сүрөт. Андай болсо, антип айта турган адамдардын башы мен болуп берейин. Мен ишенем, мени колдогондор да өтө эле көп. Сүрөт Так что, кийим жок эмес бар, кийгиле, айланайындарым. meerimka86 , ушу сиз баштап бербесеңиз болбой калды окшойт Сүрөт

Просмотр сообщенияmeerimka86 (14 Январь 2013 - 13:42) жазган:

Негизи менин силер менен талаша турган оюм жок,анчалык дин жонундо илимим да жок.Болгону коз карашым ушундай.ал азырынча озгорбойт

Ылайым, Аллах Таала сизге туура көз караш берген болсун.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Январь 2013 - 20:07

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#651 Пользователь офлайн   meerimka86   14 Январь 2013 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Таллас , Кыргызстанга барганымда улуттук орнаменттер тушкон койнокторду созсуз алып кием деген оюм мурунтан эле бар.Кийип суротко тушуп созсуз жуктоп коем Сүрөт Бирок оронуп журо турган ниетим азырынча жок.Актаныш эмес бирок шартым ушундай ,орустар менен иштейм мен оронуп келсем эч ким мени ишке албайт,и так кобоюп кеттинер деп жаман коруп журушот.Уйдо куйоомдун тапканын карап отурганга каражат жетпейт.Аллаха мин мертебе шугур мусулманмын.

Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 14 Январь 2013 - 21:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#652 Пользователь офлайн   aijan   14 Январь 2013 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (14 Январь 2013 - 14:03) жазган:

эмне учун батыштыктар, кафирлер ойлоп чыгарган дресс - кодту катуу карманышат, Жаратуучусу АЛЛАХ мыйзам кылган кийимди чекке кагышат?! ошол эле офиске илгерки кыргыз улуттук кийимин кийип баргыла - дресс - кодтон отпойсунор, чынбы? жумушунуз хиджабка каршыбы? андай жумушта иштеп кереги жок! албетте, айтасынар каражатты кайдай табабыз - деп, ошон учун "иман " деген тушунук бар. эртен эмне жейм. эмне ичем - ойлобо, баардыгы БЕРУУЧУнун кудурети.


Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#653 Пользователь офлайн   aijan   14 Январь 2013 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (14 Январь 2013 - 14:03) жазган:

эмне учун батыштыктар, кафирлер ойлоп чыгарган дресс - кодту катуу карманышат, Жаратуучусу АЛЛАХ мыйзам кылган кийимди чекке кагышат?! ошол эле офиске илгерки кыргыз улуттук кийимин кийип баргыла - дресс - кодтон отпойсунор, чынбы? жумушунуз хиджабка каршыбы? андай жумушта иштеп кереги жок! албетте, айтасынар каражатты кайдай табабыз - деп, ошон учун "иман " деген тушунук бар. эртен эмне жейм. эмне ичем - ойлобо, баардыгы БЕРУУЧУнун кудурети.

Кымбаттуум, мынча категоричный жазбасаныз, сураныч. Ажылдашкан эки аялдан откон тажатма нерсе жок. Мен деги эле кийим жонундо, мен каалап кийген кийим хиджабка жатпагандыктан ушу нерсени жаздым. Дегинкиси, мага жарашыктуу, ынгайлуу, вульгарный болбосо. Албетте, айрым той- аштарга кыргыз оймосу тушурулгон койнокторду кием денизчи, бирок мен жалпысынан айтып жатам. Жана батыш жаман же жакшы деп бир беткей айтуудан алысмын. Эми жумушум жонундо. Жумушум мага жагат, акчам адал, коллективим жакшы. (Мен азырынча уйдомун, бирок такай уйдо отургум келбейт, уйбуло менен жумушумду айкалыштырам деген тилектемин. ) Элдер менин шыйрагымды корбосу учун суйуктуу жумушумдан кетким келбейт. На Бога надейся, сам не плошай демекчи, кыймылдасан Кудайым берсе керек. Кандай дейсиз? Пы. Сы. Паспортко кандай суротунуз чапталган? Жоолукчансызбы? Деги эле мусулманчылыкта адам солокоту тушурулбошуно кандай карайсыз?

Билимдуулорго сураныч, Курандын хиджаб жонундо айтылган жерин кыргызчага которуп жазып коесуздарбы? Рахмат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#654 Пользователь офлайн   Grad_Person   14 Январь 2013 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 790
  • Катталган: 17 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2019 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыста

Заманга жараша кийинип жургонго не жетсин. Эн негизгиси журокто ыйман болуп, таза журсок болду да, эмне жеп, эмне ичсек да. Бирок башка катуу туйшук тушуп, чечууго аргабыз калбай, баарынан умутубуз узулгондо кимге кайрылабыз? Современный замангабы же ХХI кылымгабы? Намаз окуйбузбу, чумконуп журобузбу же пляждагыдайбы анын Аллах учун эч бир ысык суугу жок. Кафирсинби мусулмансынбы Анын айткандарын жасасан пайдасын коро бересин. Бирок Исламда зордоо жок, Ислам бул женилдиктин дини.
Люблю зимний закат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#655 Пользователь офлайн   sestra   14 Январь 2013 - 23:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения aijan (14 Январь 2013 - 21:57) жазган:

Кымбаттуум, мынча категоричный жазбасаныз, сураныч. Ажылдашкан эки аялдан откон тажатма нерсе жок. Мен деги эле кийим жонундо, мен каалап кийген кийим хиджабка жатпагандыктан ушу нерсени жаздым. Дегинкиси, мага жарашыктуу, ынгайлуу, вульгарный болбосо. Албетте, айрым той- аштарга кыргыз оймосу тушурулгон койнокторду кием денизчи, бирок мен жалпысынан айтып жатам. Жана батыш жаман же жакшы деп бир беткей айтуудан алысмын. Эми жумушум жонундо. Жумушум мага жагат, акчам адал, коллективим жакшы. (Мен азырынча уйдомун, бирок такай уйдо отургум келбейт, уйбуло менен жумушумду айкалыштырам деген тилектемин. ) Элдер менин шыйрагымды корбосу учун суйуктуу жумушумдан кетким келбейт. На Бога надейся, сам не плошай демекчи, кыймылдасан Кудайым берсе керек. Кандай дейсиз? Пы. Сы. Паспортко кандай суротунуз чапталган? Жоолукчансызбы? Деги эле мусулманчылыкта адам солокоту тушурулбошуно кандай карайсыз?

Билимдуулорго сураныч, Курандын хиджаб жонундо айтылган жерин кыргызчага которуп жазып коесуздарбы? Рахмат.

бул баардык хиджаб кийуудон качкандардын шылтоосу. мен сизди исламдын нормасы менен кийинууну талап кылган жерим жок, я просто обораняюсь. "хиджаб кийсем минтип калам, жумуш таппайм, куйоого тийбей калам" дагы, дагы ушуга окшогон создор - шайтандын шыбыраганы. биз деле жаны уйлонгондо Москва шаарына иштеп келдик, бир дагы орус жаман соз айткан жок, жаман караган жок, андан коро оз мекенимде хиджаб кийгенимди жактырышпайт, созсуз чукулап калышат, видители мы - кыргызы!! !

мен дагы жумушум жонундо жазайын. жумушум мага дагы жакчу, тапкан каражатым адал деп ойлочум, бирок жолдошум иштоого тыйуу салган, анткени коллективде эркектер дагы кызматтанышчы, шариатта эркек - аял бир болмодо, жакын отуруп иштоого болбойт. коллективде созсуз баарлашуу, тамашалашуу болот, а аял киши чоочун эркек менен тамаша кылууга, баарлашууга болбойт.

харака - барака, аракетке - берекет - деген соз бар, бирок Кудайдын буйругуна топ келишпеген нерсе менен алек болуу, билбейм, берекесин береби? бир форумчу жазыптыр - байдын аялы окшкойсуз - деп. байлык деп, албетте, каражаттын коптугун айтат, анда биз не богачи. жаш уй - булолордун катарында эле ижарага (аренда) батир (квартира) алып жашайбыз. кунуно миллион тапсан дагы, АЛЛАхтан берекеси жок болсо - буйурбайт, жукпайт; кунуно бир сом тапсан дагы, берекеси болсо - миллиондон артык болот. берекеси болуш учун эмне кылыш керек? АЛЛАХка таяныш керек, АНЫН созун. буйругун аткаруу керек, ар бир ууртаган суу учун, АЛЛАХка ыраазы болуш керек - буларды аткаруу кыйындыкты жаратуудабы? я не вижу никаких трудностей, и не только я.

паспорт тууралу. суротумдо жоолукчанмын. суротко тушууго ислам эч качан каршы болгон эмес, башкысы кантип. кандай ниет менен суротко тартылып жана тартып жатасын (соз фотография жонундо).

Курандын кыргыз тилинде котормосу жок болгондуктан, аяттарды жаза албайм, которуудан корком.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#656 Пользователь офлайн   meerimka86   15 Январь 2013 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

бир форумчу жазыптыр - байдын аялы окшкойсуз - деп. байлык деп, албетте, каражаттын коптугун айтат, анда биз не богачи. жаш уй - булолордун катарында эле ижарага (аренда) батир (квартира) алып жашайбыз. кунуно миллион тапсан дагы, АЛЛАхтан берекеси жок болсо - буйурбайт, жукпайт; кунуно бир сом тапсан дагы, берекеси болсо - миллиондон артык болот. берекеси болуш учун эмне кылыш керек\\


Кыргызстанда батирге уй алып жашасаныз,иштебесениз, уйдо ар турдуу болуп кийинсениз, интернетиниз бар болсо бай эле адамдын аялысыз.Жогорудагылардын баардыгын бир билдируулорунуздон окугам.Кантип бир сомдун берекеси миллион сомдон ашыкча болот. Москвада сиз 10 жыл мурун болгон окшойсуз деп койдум.Бир билдируунуздо окудум эле "баламы кучактап калышты кыргыз эжелер" деп,азыр Москвада коз караш башкача хиджап кийгендерди эмес жон озуно башкача коз караш меенен карашат жана бала чакалуу кыргыздар кобоюп кетишкен.Сиздин дин боюнча билиминиз жоктой эле сезилет мага .капа болбон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#657 Пользователь офлайн   aijan   15 Январь 2013 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ооба, Gra(n)d person, сиз баамдагандай, Кудайга кобунесе кыйналганда, кысталыш учурда кайрылабыз. Мен муну студент кезимде коп байкачумун, зачет, экзамен алдында кудайлап эле жатып калчубуз :) Бир жолу окубай эле кудайлай берген дос кызыма, 'андан коро окусанчы,кудайдын кыжырына тийип керек маалда гана эстебей' дедим да ичимен'а менчи?мен деле ошентемин го' дедим. Ошондон бери Кудайга шугур дегенди унутпайм. Мен шугур дегенди жашоомдогу жакшы нерселердин бардыгына, Кудайдын жакшылыгына рахмат айтуу деп тушуном. Уялганым- студент болгончо ошого мээм жетпегени.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#658 Пользователь офлайн   Grad_Person   15 Январь 2013 - 08:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 790
  • Катталган: 17 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2019 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыста

Неси болсо да БАКЫТ бироо, ага барчу жолдор коп. Ар ким ар кайсы жолдор аркылуу жетет, керек болсо ИСЛАМда да турдуу амалдар бар, кимге кайсы амал кобуроок жакса, ошого басым жасайт. Намаз окуп, динге бекем болгон аялдар учун, озулорунун уяттуу жерлерин чоочун коздордон сактоо ФАРЗ. Мейли ХИЖАБ, КЫРГЫЗ КОЙНОК, ХАЛАТ, ДРЕСС КОД айырмасы жокко эсе. Эн негизгиси озунуздордун уяттуу жана назик жерлериниздерди арам ой, мыкаачы эркектерден бир аз жашырып алсаныздар :-).
Люблю зимний закат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#659 Пользователь офлайн   Daud   15 Январь 2013 - 10:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения meerimka86 (14 Январь 2013 - 13:06) жазган:

Уурматту динди окуп билген аалым Дауд!,мен мусулманмын, мусулман экениме сыймыктанам. Сиз коргозгон суроттор хиджап эмес,ал кийимди турмушка чыккандан кийин апалар кийген жана ал биздин улуттук кийимибиз болот го (элечек,чепкен). Сизчелик баары жокту билбесек да эн негиздуу тушунукторубуз бар дин боюнча.Хиджап(паранжи) бетин жа жука материалдан жаап жургон кийимди айтат болуш керек.Мусулманчылыкта аял киши эркекке жузун корсотпой уйдо отуруш керек,биз куйоолорубуз менен кошо талаада иштеп журобуз.Эн негизгиси журогун таза,бироого жамандык кылбай ,оз эмгегин менен адал акча таап жургонун.


Мен азырынча аалым эмес, студентмин. Бирок аалым дегениңиз үчүн рахмат! ))) Өзүңүздү мусулманмын деп эсептеп, сыймыктанганыңызга мен да кубанып турам. Ылайым ушунуңуздан жазбаңыз. Мен көрсөткөн сүрөттөр хижабтын дал өзү. Ал эми бетти жапкан кийим паранжи же никаб деп аталат. Дин боюнча жалпы түшүнүктөрүңуз бар экендигинен күмөнум жок. Ошентсе да сиз аял киши жузун көрсөтпөй үйдө отуруш керек деп жалпылап айтып салдыныз. Дин боюнча эгер эркек киши аялына иштөөгө уруксат бербебеген болсо анда аялы үйундө отуруусу керек. А эгер уруксат берген болсо иштесе болот. Албетте иштөө үчүн ошол жумушта кээ бир шарттардын аткарылуусу талап кылынат. Анан эмне негизги, эмне негизги эмес экенин Аллах Таала белгилеп берет. Хижаб кийүү негизи иштердин катарына кошлугандыктан да Аллах Таала ал жөнундө Кураанда айтты. Эгер бул иш негизги болбосо анда бул жөнундө айтпса деле керек эле...

Цитата

Биздин кыргыздын беш кокул кыздары тизесинен тушкон койнок кийип,чачын оруп,тебетей кийип журушкон экен илгери.



Менин билишимче мындай кийимдерди жаш, балагат жашына жете элек кыздар кийишкен. Б.а. 15 жашка чейин. Өзүңүз да жогоруда айтып өткөндөй турмушка чыккандан кийин мен сурөттөн көрсөткөндөй кийимдерди кийишкен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#660 Пользователь офлайн   nikulya   15 Январь 2013 - 11:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 212
  • Катталган: 30 Июль 12
  • Соңку аракети: 19 Авг 2013 16:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат шаары

ЖАРАТКАН насип этсе, ИСЛАМ МЫЙЗАМЫНДАГЫДАЙ кийинип, 5 маал намазынды окуп, ар жылы ОРОЗОНДУ кармап, АЛЛАХ буйруган байлыгындан бей-бечара,кембагал, жетим-жесирлерге жардам берип, өмүрүндө 1 жолу болсо да ХАДЖ сапарына чыгып,өмүр жолдошуна,анын ата-эне,урук- тууганына урмат сый көрсөтүп,уул- кызына ыйман жолунда татыктуу тарбия берсен- эхххххх...мына ошондо ЧЫНЫГЫ БАКТЫЛУУ АЯЛЗАТЫ болуп аталууга татыктуусун, бул женил эмес албетте,бирок АРУУ НИЕТ,АРАКЕТ МЕНЕН БААРЫ АЛЛАНЫН ,АНДАН КИЙИН АНАН өзүбүздүн колубузда! !!
Альхамдулиллях я Роббим шүгүр...!!! :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июн 2025 20:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: