Билдирүүнү түзөткөн: admin_AGAT: 24 Октябрь 2012 - 19:56
Баракча 1 - 1
Ош-Исфана жолу качан ондолот? ош-исфана жолу
#2 24 Октябрь 2012 - 19:38
Чынле ушул жол аябай эле бузулуптур.
Баткенден баштап Исфанага чейин болгону 135 км. экен, жакшы жол болсо бул аралыкты 2 саатта өтмөксүн, жолдун жамандыгынан кенен 6 саат жүрөт экенсин.
#3 24 Октябрь 2012 - 20:39
Ош Кара-Суу жолу да олгон,жолдун бузулушуна камаздардын салымы чон экенин билбеген жан болбосо керек. Женил машиналар учун атайын жол камаздар учун атайы жол курса болобу?(олду туш коруп жибердим окшойт,буюрса ушул темпке жетеербиз) .
#4 24 Октябрь 2012 - 20:59
Туура айтасыз тему.Бул биздин чон койгойлорубуздун бири. Ушул чондорубузга ынсап берсин.
#5 24 Октябрь 2012 - 21:30
Бул койгой Акаевтин убагында эле чечилген. Бирок ошондон бери чиновниктер акчасын жеп келет.
Ушул суроону парламентте отурган биздин депутаттар эмне учун талкуу кылбайт мен ошого тан калып келем.
Ушул суроону парламентте отурган биздин депутаттар эмне учун талкуу кылбайт мен ошого тан калып келем.
#6 15 Январь 2013 - 13:14
Talant86 (24 Октябрь 2012 - 19:00) жазган:
Ош-Исфана жолу качан ондолот?
Ош-Баткен- Исфана автожолунун жалпы узундугу 360 чакырымды түзөт. 2012-жылы бул жолдун 123-дөн 220-чакырымга чейинки 97 чакырымын реабилитациялоо аяктаган. 123-дөн 155-чакырымга чейинки участоктогу иштер, бул максаттарга 25 млн. АКШ долларын бөлгөн Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган . Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жолдун 155-ден 220-чакырымга чейинки участогун реабилитациялоону каржылаган, баасы 35 млн. АКШ долларын түзгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн участокторду реабилитациялоо «Ош-Баткен-Исфана улуттук жол тарамын реабилитациялоо»долбоорунун биринчи фазасы алкагында жүргүзүлгөн. Алардан тышкары биринчи фазага төмөнкүлөр да кирген:
- Чорку жана Сурх тажик айылдарына чектеш жайгашкан автожолдун участогу, 248-ден 271-чакырымга чейин, иштер 2009-жылы эле аяктаган. Бул участокту реабилитациялоону 6,3 млн. евроөлчөмүндө грант бөлүү менен Европа комиссиясы каржылаган.
- реабилитациялоону бүткөрүү 2013-жылдын аягына пландалып жаткан 108-ден 123-чакырымга чейинки автожолдун участогу. Бул максаттарга ошол эле Европа комиссиясы тарабынан бөлүнгөн гранттын өлчөмү 8,6 млн. еврону түзөт.
- реабилитациялоону бүткөрүү 2014-жылдын аягына пландалып жаткан 10-дан 28-чакырымга чейинки автожолдун участогу (Ноокат ашуусу). Бул 18 чакырымды реабилитациялоого Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатын суммасы 16 млн. АКШ долларын түзөт.
Жыйынтыгында, жолдун 153 чакырымын камтыган Ош-Баткен-Исфана автожолун реабилитациялоо долбооруну нбиринчи фазасын ишке ашырууга 95,4 млн. АКШ доллары жумшалды, алардын 37,9 млн.АКШ долларын гранттар түзөт.
Бул жолдун калган 207 чакырымын реабилитациялоо кирген экинчи фазаны ишке ашырууга, адистердин баалоосу боюнча,150 млн. АКШ доллары керектелет. Өткөн жылдын аягында Кытай Эксим банкы менен насыялык макулдашууга кол коюлган, анын алкагында кытай тарап экинчи фазаны ишке ашырууга 91,4 млн. АКШ долларын бөлөт. Бул каражаттар 220-дан 232-чакырымга чейинки жана 271-ден 360-чакырымга чейинки участокту реабилитациялоого, ошондой эле 248-ден 271-чакырымга чейинки участокто асфальт бетондун экинчи катмарын төшөөгө жана аны жакшыртууга багытталат. Бүгүнкү күндө бул насыялык макулдашууну ратификациядан өткөрүү процедурасы жүрүүдө. Азыркы курулуш маалында жалдануучу бул участоктордо жумуштарды баштоосу пландалууда, ал эми бүткөрүү 2017-жылга пландалууда. Бул жолдун калган участокторун реабилитациялоого карата азыркы күндө каржылоо жөнүндө эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Суроого КРнын ТжКМнин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун Коомчулук менен байланышуу адиси
Рената Есембаева жооп берди.
Мезгилден артта калбаңыз!
#7 29 Январь 2014 - 16:03
Суроого Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Бул долбоордун башкы максаттарынын бири болуп, борбордон эң алыскы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу эсептелет.
Өткөн жылы бул автожолдун 123төн 220км-ге чейинки чөлкөмүндөгү жумуштар бүткөрүлгөн. Ал жерде жол – курулуш жумуштары 2010-жылы башталган. 123км-ден 155км-ге чейин салынган. Өз кезеги менен, Европалык Реконструкциолоо жана өнүктүрүү банкы автожолдун 155км-ден 220км-ге чейинки чөлкөмүн реабилитациолоону финансылаган. Үстүбүздөгү жылы бул автожолдун дагы эки чөлкөмүндө курулуш жумуштары башталган. Бул чөлкөм 10дон 28км-гечейин (Ноокат ашуусу)жана 108ден 123км-ге чейин (Караталаа-Пүлгөн). Ноокат ашуусунан өтүүчү автожолду реабилитациялоого Бүткүл Дүйнөлүк банк 16млн.АКШ долл.бөлүп берди. Анын ичинен 7,2млн.АКШдолл. -грант. Көкталаа-Пүлгөн автожолун реабилитациолоону айта турган болсок, бул чөлкөм Европалык коммисиянын гранттык каражатына 8,6млн.евро өлчөмүндө реабилитацияланат. Бирок бул чөлкөмдөгү толук бүтүрүш үчүн көрсөтүлгөн каражат жетишсиз. Ошондуктан КР Өкмөтү бул чөлкөмдөгү асфальтбетон жабуусун төшөө менен жол кийимин жайлаштырууга 5млн.евро финансылап берүүгө милдеттенме алды.
Жогоруда көрсөтүлгөн чөлкөмдөрдү реабилитациолоо (анын ичинен бутүрүлгөндөр) “ОШ-Баткен- Исфана улуттук жол тармагын реабилитациолоо” долбоорунун биринчи фазасынын рамкасында өткөрүлүп жатат. Алардан башка буларга тажик айылдарын Чорку жана Сурх, 248км-ден 271км-ге чейин, айланып өткөн автожолдун чөлкөмү да кирет. ал жердеги жумуштар 2009-жылы эле бутүрүлгөн. Бул чөлкөмдү, 6,3млн.евро өлчөмүндө грант бөлүп берип, Европалык комиссия финансылагын.
Көрсөтүлгөн долбоордун биринчи фазасын ишке ашырууга, ОШ-Баткен-Исфана автожолунун 153км-ин ичине алган. Бул жолго жыйынтыктап айтканда , 95, 4 млн.АКШдолл. тартылган.
Көрсөтүлгөн чөлкөмдөрдү реабилитациолоо республиканын түштүгүнүн тургундарынын турмушун жакшыртууга мына азыр мүмкүнчүлүк берди. Негизги борборлорго жетүү бир кыйла жеңилдеп, жол жүрүү арзандады. Ошондой эле, саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары белгилеп жаткандай, мурда чаң жутуп жургөн, жолдун боюнда жашаган калктын ден соолугунун акыбалы жакшырганына өбөлгө болду.

#8 08 Апрель 2014 - 22:45
салыкты жыйып аласын анан жолду ондогону келгенде акча жок дейсинер чогулган акча кайда жумшалып жатат озу
#9 31 Март 2016 - 12:07
ушул темага эле жаза берейин нарын боюнча тема жок экен, жооп алып берет деп ишенем.
Ак талаа районунан Кош дөбө айылына чейинки жолдун абалы мышык эмес чычкан ыйлаарлык абалда болуп калды. Автоунаа эмес жөө адам араң басат. Жолго шифер жаткырып койгондой эле болуп калды. Өкмөттүн ушул жол боюнча кабары бар болду бекен? Жолдун узундугу 150км жетпесе керек. Ушул жолдо 7 айыл жайгашкан , жолдун начардыгынан жашоочулар абдан эле кыйналдык. Ушул жолду асфальтоо планда барбы Жакынкы арада?

#10 09 Декабрь 2017 - 16:36
Ош-Кызыл-Кыя жолу качан ондолот? Ондолгон жагы кайрадан ондогонго даяр
Баракча 1 - 1