Суперстан: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!

#41 Пользователь офлайн   raia   21 Декабрь 2012 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Уландысын кутуп атабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   adalsvards   18 Январь 2013 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XI

Бир жылмаюуң үчүн жашап калуудан корком...


Күтүү ролу мага ылайыксыз. Балким, кайсы бир жашоомдун бөлүгүндө ордунан карыш жылбаган абалда өмүр сүрүү чынында, тажаткан чыгар. Жаңы жашоого белсенген мүнөттөн тарта "эч кимди күтпөйм, мага жетүүнү каалагандар мени менен тең чуркаганды үйрөнсүн" деген талапты койгом өзүмө. Ошондон улам да, секунд сайын өзгөргөн тармакты тандап алган чыгармын. Ошондон улам да, күн сайын бир жаңы адам менен таанышуу мүмкүнчүлүгү бар сферага келгендирмин.

Ал да ошентти. Бир кездеги трагедиясын унуткаруу үчүн опурталдуу жолго түштү. Мүнөзүнө дал келбеген ишке баш-оту менен кирди. Барган сайын аны тааныбай бараттым. Балким, бир учурда сен менин дүйнөмдү билбей талкалап алгандырсың. Бирок азыр биле туруп, ошондой жоруктарга барып жүргөнүңдү түшүнө албайм. Өч алуубу? Бирок, кимден? Менденби? А мен сага эмне кылдым? Же мен да билбей сенин дүйнөңдү талкалап алдым беле?

Түмөн түкшүмөл. Саны жок соболдор. Аттиң, жооп алууга дитибиз барса, кана?! Тек гана, эски тааныштай... Жөн гана, кайсы бир кезде, канчанчы бир кылымда, кайсы бир күндөрү, канча бир саатты чогуу бөлүшкөнүбүз кайда калып кетти?

Акыркы жолугушуудан кийин бир тыянакка келдим. Мен бир сенин жылмаюуң үчүн жашап калуудан коркот экем. Бир сен үчүн баарынан баш тартканым эле жетиштүү болчу.

Күлүүнү унуткарган экөөбүз жүз көрүшкөндө себепсиз жылмаюу пайда болот. Кайсы арыбызга? Кайсы кубанычыбызга? Кайсы жыргаган турмушубузга?

Же, чындап эле, өткөөл мезгил өттүбү? Бүттүбү? Же чоңойдукпу? Же көндүкпү баарына? Же бул организмдин иштеп чыккан иммунитетиби? Же жүрөк чыдабай калдыбы?

Бул сапар суроолор-суроолор- суроолор болуп кетти көрүнөт. Мен, чынында суроолор жамгырында калып кеттим...(((

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:54

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   kaktus.-91   18 Январь 2013 - 22:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 157
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 01 Фев 2024 23:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош ...

Аябай сонун жазыпсыз ,уландысын чыдамсыздык менен кутом .Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Shurugan   22 Январь 2013 - 02:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 29 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 20 Май 2015 22:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас...Азыр Москоуудо...

Жазганынызга баракелде демекчимин , бирок окуя абдаан аянычтуу же
негедир менин да жан дуйном мындай кырдаалдан отуп жаткан учун дур.........тааныш сезилет ((((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kaktus.-91   22 Январь 2013 - 06:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 157
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 01 Фев 2024 23:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош ...

Просмотр сообщения wumida (11 Октябрь 2012 - 20:13) жазган:

Молдец да ушу кыз.... Соз жеткис,укмуш кыз(эми мактай берсем болсо керек ээ ато кошоматчылык деп айтат деп тартынып турчу элем)! Эльвира жазгандарын маанилуу,кызыктуу элдерди бир соз менен озуно тартып синире алган создорду таап жазасын,бул чыгарман коп окурмандарга жагып чыдамсыздык менен кутуп окууп келебиз...
Сагындырбай, саргайтпай тез тез коп коптон илсен болоор бекен? А так сен менен кошо кулуп,ыйлап, кулап,чарчап, жылмайып журобуз ушуну унутпа ээ..?


Мендагы кошулам ушул создорго.Мендагы сизди кооп кооп создор менен мактагым келет бирок сиздикиндей соз байлыгым жок ,Сизге чоон РАХМАТ,ОНОРУНУЗ ОРКУНДОЙ БЕРСИН ТАЛАНТЫНЫЗГА ТАЗИМ ЭТЕМИН.АЗАМАТСЫЗ ЭЛЬВИРА

Билдирүүнү түзөткөн: kaktus.-91: 22 Январь 2013 - 06:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   SatiNur   22 Январь 2013 - 10:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 248
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 25 Мар 2014 16:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бул чыгарманы окуп жатып озун кошо ичинде жургондой болуп аябай таасир берет экен. Автор сизден сураныч китебин кантип, кайсыл жактан тапсак болот?
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Олум учун бирдей сенин катарын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   adalsvards   22 Январь 2013 - 10:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения SatiNur (22 Январь 2013 - 10:44) жазган:

Бул чыгарманы окуп жатып озун кошо ичинде жургондой болуп аябай таасир берет экен. Автор сизден сураныч китебин кантип, кайсыл жактан тапсак болот?

Чыгарманын китеби жок. Муну мен убакыт-шартыма жараша улам илип турам. Ошондуктан, сабырдуулук каалайм.


Баарыңыздардын жылуу сөздөрүңүздөр үчүн чоң рахмат!


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   adalsvards   22 Январь 2013 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XII

Мен "ваза" эмесмин!


Таң каласың ээ? Жок, чын айтам, ой, жазам дегеним...))) Менин дүйнөмдү, империямды талкалап кеткен, аёсуз жаралаган, ыйыма карап да койбогон адам болду. Ооба, ал мен үчүн биринчи, алгачкы жана эң акыркы. Ооба, мен аны жактырдым. Ооба, мен аны менен түбөлүк жашоого макул элем...

Дервиш сымал темселеп калганда, кепе болгонума да карабаган, бүкүрөйгөн белимди түздөгөн, ийилген башымды көтөргөн, ар бир көз жашымды астейдил аарчыган да адам болду. Ооба, ал мен үчүн экинчи, алгачкы эмес жана чексиз цифралардын ортосунда калып кетти. Ооба, ал мени жактырды. Ооба, ал мени менен түбөлүк жашоого макул болчу.

Эмнеден айныдым? Тараза кимге ооду?

Мага мени өзүндөй көргөн адамдар жагат. Кереги жок, мага, үстүртөн карагандар, теңине албагандар, түшүнгүсү келбегендер! Муктаж эмесмин, мен, боорукерге, ак көңүлгө, шайырга! Жашоомдон жоголгула: өзүнө ишенбегендер, өзүн аябагандар, өзүн сүйбөгөндөр!

Экинчиси эмнеден тайды? Ал мени "ваза" деп ойлоду. Эң бир кооз текчеге койчу, эң бир таза айнек эшиктери менен жаап койчу, эң бир татынакай гүлдөрдү салып койчу...

"Ваза" деп элестеткени үчүн абайлады. Тамакты үйлөп бергени эле калбаса, үйрүлүп түшчү үстүмө. Күндө он жолу сурайт, маанайымды. Сырткы дүйнөгө кароосуз чыгышыма жол бербейт. Кийгенимден өйдө караганына да көнгөм. Атасы кызындай урушуп койгонуна да макул болдум.

Аттиң, сендик "ваза" боло албай койдум. Элдин баарына мактана көрсөтө алган убакытка жеткирбей качтым.

Буга өзүмдү да жемелейм. Көбүрөөк тилдесең болмок, мени. Кепенин ичин бир көргөндө, балким, эртерээк артыңда карабай качмак белең? Кепеде "ваза" эмес, андай кооз идиштен кабары жок жырткыч жатарын билсең, балким, мага бооруң ачыбай калмак беле? Сенсиз деле күнүм өтөрүн билсең? Сенсиз деле маанайым жакшы болорун аңдасаң? Сенсиз деле кийине аларымды байкасаң болмок...

Мейли, жай, элдин баарына. Ой, бул жакшылыкты билбейт деп! Мактансаң да болот, мен тирилткем аны деп!

Шарты келсе, сөзсүз кайтарам. Ишен сен, бирок таянба! Таянчуң мен эмесмин, албетте, бул сөздү сенден жаттагам.

Бирок мен сени кез-кезде жоктойм. Сен да мени жоктогондой. Эстегенде сагынып калам, ашыкча камкордугуңду. Жылмайып да алам, сенден жакшы ата эмес, жакшы апа чыкса керек деп...

Ыраазымын сага, ылайым тез арада өздүк "вазаңды" таап алышыңды каалайм...

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:57

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Grad_Person   22 Январь 2013 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 790
  • Катталган: 17 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2019 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыста

Чыгармаларынды окуп олтуруп, сенин кийинки каарманына айланып кетким келди. Бирок мен камкор да, башка да эмесмин да жалко :-)
Люблю зимний закат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   aijan   22 Январь 2013 - 23:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жырткыч деген жеринде бир 'селт' эттим. Мен да озумду ушундай деп ойлойм.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   adalsvards   25 Январь 2013 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XIII

"Кудайың барбы?"


Ишеним талкуусу - түбөлүктүү тема. Ал сени алыстан азгырат, азандай чакырат.

Эмне үчүн храм, чиркөө, мечиттин курулушу чоң жана кооз? Эмне үчүн ар бир дин өкүлүнүн элден айырмаланган формасы бар? Эмне үчүн кайсы бир динди тутунган адам өзүн динсизден акылдуу жана корголгон сезет? Ойлонуп көрдүңүз беле?

Кечээ, "Пинин жашоосу" деген тасманы карап отуруп, каарманды ээрчигим келди. Мен да кимдир бирөөгө, кайсы бир күчкө ишенгим келди. Саамга "сыйынуучу жайым кайда калып кеткен" деген суроого жооп издеп таба албадым. Ушунчалык мусапыр абалга түшүп калганым, албетте, кейиштүү. Балким, бир кезде баш тарткан чыгармын, бирок ал да мени чанып кетсе керек...

Кудайды биз башыбызга оор күн түшкөндө гана эстейбиз, эми, жалпы жонунан айтканда. Абакта, ооруканада, кырсыкта, өлүмдө... Бир жырткыч келип, так кекиртегиңден жула тиштеп, астейдил кан агып чыгып жатканын карап, "качан жан таслим болсо да, мен аны жей баштасам" деген мүнөттө "Куткар, Кудай" деп кыйкырабыз. Дегеле, бул дүйнө менен кош айтышкыча далай ирет куткарат, аны ошол замат ошол жерде унутабыз! Рахмат айтуу ойго да келбей, эл-журтка кандай кыйын экениңди шардана кылууга шашыласың! Туурабы? Моюн толгоонун кереги деле жок, мен деле ошенткем, балким, азыр деле...

Мен да көп ирет куткарылгам. Катуу уулангам, сууга аккам, жардан кулагам, кырсыкка кабылгам... Кудай куткара берип чарчадыбы, мен чындап аны чакырганда, мен ага ыйлап жалбарганда, ал мен үчүн жоктой сезилди. Ал тескери бурулуп алган да, менин үнүм жетпегендей. Ал бекем бөлмөгө жашынып алган да, мен өмүр бою анын кабылдамасында отургандай. .. Мен дүйнө жаңырта айкырык салсам да, ал дүлөйгө айлангандай. Эң соңунда, өз жанымды ага тапшырарда да, колун да сунуп койбогондой. ..

Ошондо мен китеби толо сыйынуучу жайыма өрт койдум. Калдыгы калганда, үстүнө май төгүп, кайра от жактым. Күйүп бүттү. Күлү сапырылып жатты. Ордунан из калбаган күнү мен Кудайсыз калып кеттим. Тагыраагы, байланышсыз. Өзүм курган сыйынуучу жайга киргенде, мен ага жакындагандай болчумун. Ар бир окулган китеп, анын тилин түшүнүүгө жардам берип жаткан. Уккан баяндарым анын ааламына жол ачкандай сезилген.

Бирок мен бир моментте сындым. Миллиондогон майда бөлүктөргө бырчаланып, чачырап кеттим. Кайра топтолууга мага бир агым жардам берди. Аны дин, секта, же дагы ушул жакка тиешелүү топ деп айтууга болбойт.

Чоң жоготуум, албетте сыйынуучу жайым. Кайсы бир күнү аны кайрадан тургузгум келет. Азырынча, даяр эмесмин. Күлү көккө сапырылган жайым мени жазалаган. Шамалга учуп бара жатканда "ылайым, түбөлүксүз болуп кал" деп каргаган. Мендик храм жоголгон күндөн бери мен бир күн менен жашайм. Эртең, бир апта, бир ай, бир жылдан кийин деген сөздөр мени кызыктырбайт. Себеби, каалаган түнү өзүмө өрт коюп жиберишиме толугу менен ИШЕНЕМ!

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:33

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Жолоочу_Kosmopolitka_* 26 Январь 2013 - 11:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Kandai gana taasirluu sozdor...menin jan duinomdo bolup jatkan korunuwtor...maga da kuch dem berdi...:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Aiym94   26 Январь 2013 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 477
  • Катталган: 23 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Апр 2018 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:erkindik.ru

Джек Лондондун Омур кызык деген чыгармасына окшоп кетет экенСүрөт

Бирок анча мынча адамга жете бербейт жакшы чыгармалар экенСүрөт
Эркиндик- мейкиндик алкагында!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   adalsvards   26 Январь 2013 - 22:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Aiym94 (26 Январь 2013 - 15:26) жазган:

Джек Лондондун Омур кызык деген чыгармасына окшоп кетет экен

Бирок анча мынча адамга жете бербейт жакшы чыгармалар экен


Окуп көрүш керек экен, мен анын "Белый клык" деген чыгармасын гана окуганмын. Жеткиликтүүлүгү боюнча, каалайт элем ар окуган сайын ар бир адам өзү каалаганын алсын, ар ким өз алдынча кабыл алып, өз жактырган каарманына окшоштурсун. .. Жалпак болбой, ар бирине өзгөчө таасир калтыруусун каалайм...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Voin.teni   01 Февраль 2013 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 470
  • Катталган: 27 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 06:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:moscow

Ойлондуруп толгондуруп тынчынды алат го... Эми эмне болот экен деп кыжаалат болуп. Анча мынча нерсе жете бербеген адамдарга да жетет деп ойлойм бул чыгарманы...
Судьба не приговор, судьба творение...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   raia   01 Февраль 2013 - 03:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул чыгарма эч кимдикине окшош эмес, кыргызымдын журогу таза аруу кызынын эле чыйралуусу же жанылануусу! Рахмат барыбызга катуу таасир кылган чыгарман учун.! Кутуп калабыз.Мен ушунчалык каалайт элем ийилип,ийилип сынбай бирок бактылуу болушун .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   adalsvards   04 Февраль 2013 - 18:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XIV

Мен бир өлүмүш... мен бир жашамыш... мен бир дервиш...


Февраль айы - билген адамга өтө табышмактуу. Төрт жылда бир келчү 29-күнүн мен түндү кароо менен өтөм. Куйруктуу жылдыз качан учат экен деп... Сыйкырга ишенгим келет. Жомокко дагы...

Бирок жашоо жомок эмес, чиркин! Эмне үчүн биздин балалыкты кайдагы дайыны жок жөө жомокторго сугарышат? Ал реалдуулукта жок болсо, эмнеге ата-энелер тантырап айтып беришет? Күлкүм келет, ошол эски адат, балким, кимдир бирөөнө салт, дале уланып келе жатат!

Ойлойсуң... Мен акылдуу болом, жакшы окуйм, калп айтпайм, элдин баарына жардам берем деп... Ошенттиң? Анан? Өзгөрүү барбы? Жок!

Дале ишенесиң... Сүйүмүш болгон адам чыгат тушуңдан. Сен да сүйүмүш болосуң. Жомок кульминациясына жетти дегиче, сыйкырдуу таягына сүйөнгөн жезкемпирлер менен ач көз бай кишилер, сенин сезимиңди көрө албаган курбулар менен дагы-дагы коркунучтуу бокочолор чыга келет...

Сен чыдайсың... Анткени кайсы бир жомокто кызын жалгыз токойго таштап койгон аталар да болгон. Аяз ата келет дейсиң, же аюунун үйү чыкса. Жашоодо алар да келбейт экен сага!

Сен күтөсүң... Күтө бересиң... Эгерде жомокто айтып берүүнү токтотуу үчүн деле, мына "аягы" деген сөзгө жетүү үчүн деле шашылганың менен реалдуулук эч шашылбайт! Ал сени толугу менен ичип-жеши керек, толугу менен талкалашы керек. Же ал сени былчыйтат, же сен аны!

Мейли, кез-кезде өзүмдүн кыялдарымдан суурула албаган жандай көрүнөттүрмүн, ал сапатымды эч качан жоготкум келбейт. Билем, мен, ал кыялдар жоголору менен мен ошол жомоктордо да, ушул реалдуулукта да жоголом! Биротоло!

Түшүмдө жазды көрдүм. Жашыл чөптү, гүлдөгөн өрүктү. Суктанып турам мен, жалдырап...

Февралдан кийин жаз келет. Жылымыш болгон жай келет деп, үшүтүмүш болгон кыш кете элек деп, ыйламыш болгон депрессияны көлдөткөн, күлүмүш болгон кубанычты көтөргөн... Сайрамыш болот келгин куштар, сага дагы сезимдер кайтат деп, гүлдөмүш болот байчечектер, эски жараатты жаралап чыккан...

Мага окшогон өлүмүштөй... Мага окшогон жашамыштай. .. Мага окшогон дервиштей... Мага окшогон уламыштай...

Бул сапар жазга ишенгим келет. Жаз болуп келчи, сураныч... Жалбарам, сенден!

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:03

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Mondur   04 Февраль 2013 - 21:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Февралдан кийин жаз келет. Жылымыш болгон жай келет деп, үшүтүмүш болгон кыш кете элек деп, ыйламыш болгон депрессияны көлдөткөн, күлүмүш болгон кубанычты көтөргөн... Сайрамыш болот келгин куштар, сага дагы сезимдер кайтат деп, гүлдөмүш болот байчечектер, эски жараатты жаралап чыккан... Мага окшогон өлүмүштөй... Мага окшогон жашамыштай. .. Мага окшогон дервиштей... Мага окшогон уламыштай... Бул сапар жазга ишенгим келет. Жаз болуп келчи, сураныч... Жалбарам, сенден!
Эххх....

Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 04 Февраль 2013 - 21:30

Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   adalsvards   08 Февраль 2013 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XV

Жашынмак


"Оюндан от чыгат" дешет. Макал-лакаптар, насыят-осуяттар, фразалар... Күндө угасың, ата-эненин оозунан, форумчунун постунан, кайсы бир кезде лайкты басып койгон фейстеги баракчадан. .. Баарын айтылгандай аткарсак гана?! Төрт тарабы төп келишкен болуп, жашообуз трагедиядан алыс болбойт беле?

Эң баналдуу оюндан башталган баары... Жашынмактан башталган жашоом өмүр бою бекинип жүрүүгө алып келди. Тагыраагы, жүрөгүмдү суук көздөн сактап өтүүгө...

Качан акыркы жолу жашынмак ойногонум эсимде калбаптыр, балким сен менендир. Эсептейсиң бир, эки, үч, ..., он! Издейсиң, издейсиң... Үн сал деп кыйкырасың. .. Тапканда укмуштай кубанасың. Мына, мына, таптым сени деп!

Жашоодо эсептеп эле келе жатам, бир жыл, эки жыл, үч жыл, ..., он жыл! Издейм, издейм! Үн сал деп кыйкырам. Таппайм эмес, табам. Бирок укмуштай кубануу жок. Кайда калып кетти? Табарым менен жүрөгүмдү жашырам. Сагыныч таркары менен кайрадан жашынам.

Кээде, ушул оюндан толугу менен чыккым келет. Мына күйдүм деп, жеңилдим деп, өлдүм деп!

А кээде, ачуум келет, чала болот сага, өзүңдү тузактарыңдын азабын өзүң тарт деп.

Каталардан сабак чыгарганым менен уялбай дагы оюн баштайм. Жашынмак болбосо, мышык-чычкан. Мышык-чычкан болбосо, дагы бирөөсү дегендей. Мен оюндарга бай адаммын. Азап тартуулоого машыгып бүткөн жанмын. Оюн бүткөн мүнөттө жаш баладай жөн эле кетип калам үйүмө. Уруп ойнобойм, ал мени менен кийин дагы ойногусу келеби, ишим да жок. Чакырса да укпайм. Кел дегенин тыңдабайм.

Оюн барып-барып мени оюнчукка айлантып жибербөөсүн каалайм. Балким, ошол үчүн качан оюнду бүтүрүү керектигин жакшы эстеп калгандырмын. Оюнчук болуудан өткөнмүн мен. Ойнотуп бүтүшкөн. Азыр оюн ээси менмин!

Мунун баарынын жазасын да тартам бир күнү. Сөзсүз! Жазасы катары - жалгыз калам.

Тегерегимде бир гана жансыз куурчактар калат...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:39

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Voin.teni   09 Февраль 2013 - 05:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 470
  • Катталган: 27 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2015 06:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:moscow

Философический жагынан бир топ эле билинээрлик чыгарма го...
Судьба не приговор, судьба творение...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 20:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: