Гимндин бир куплетин жок кылыппыз.Жакында,
желектин бир чети жок экенин коргондо тан калмай жок дешет....
Талкуулайбыз.
...
- (2 )
-
- 1
- 2
Гимндин бир куплетинен айрылдык....
#2 19 January 2013 - 01:17
Эмнеге бир куплетин жок кылдык.эмне болду деги.Кенениреек жазчы Жиза?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#3 19 January 2013 - 01:38
Эмнеге бир куплетин жок кылдык.эмне болду деги.Кенениреек жазчы Жиза?
Жогорку кенеш депутаттары, мамлекеттик символдордун авторлору,окмуштуулар, коомдук ишмерлер,чыгармачыл уюмдардын окулдору катышкан,он беш адамдан турган комиссия тузулуп,(торагасы депутат Абдырахман Маматалиев)Гимндеги туп мааниси бурмаланып калган деген себеп менен,"бейкуттук" деген соз кошулган куплет кыскартылыптыр. ....Нарынбек байке.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#4 19 January 2013 - 01:52
Жогорку кенеш депутаттары,
мамлекеттик символдордун авторлору,окмуштуулар,
коомдук ишмерлер,чыгармачыл уюмдардын окулдору катышкан,он беш адамдан турган комиссия тузулуп,(торагасы депутат Абдырахман Маматалиев)Гимндеги туп мааниси бурмаланып калган деген себеп менен,"бейкуттук"
деген соз кошулган куплет кыскартылыптыр.
....Нарынбек байке.
саясатчы акелерибиздин мындан болок иши жок бекен, андан коро чек ара маселесин чечишсе жакшы болмок
Любовь в сердце, весна на душе и на улице, улыбка на лице и в глазах! А что еще нужно для счастья?!.))
#5 19 January 2013 - 02:11
Ой атандын көрү десе, " эриккен кыз энесинин ......... .......... " болушуптур да.
Жашообузга аттин кылбай жашайлычы,сен же мен жашап жаткан жашоо балким бирөөнүн тилегенидир.
..
#6 19 January 2013 - 02:53
Ошол бейкуттук деген созу барекен, ошого Кыргызстанда кут жок онукпой жатабыз деп ойлойбузбу.
Озубуз жакшы иштеп онуктуро албай эле
#8 19 January 2013 - 08:14
Орус ойдогусун кылат болуп жатат экен да.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#9 19 January 2013 - 08:25
Оббо ушул эле жетишпей атты эледа бул окмоттун башка иши жок бекен кыларга
#10 19 January 2013 - 20:23
Ассаляму алейкум.Албетте,
бул жакшы иш,туугандар.
Гимн деген-дастан эмес,эки куплет деле жетет бизге.Анан кечке эле колубузду журокко койуп "бейкуттукту"
тилей берсек,бизде кут болобу???Беймаани,
бейкылык,бейжоосун,
бейтартип деген создорду катарында,бул соз да бейкуттук алып келет.Жана бир байкаганым,
ТыВылар оз корсотуулорун бутуруп жатып баардык элге бейпил тун каалайт,бул эмнеси?Деги,
"бейпил"
деген соз-эмнени билдирет???
#11 21 January 2013 - 11:02
Экинчи куплеттин таламын тең талашчудай тилчи эмесмин, бирок кыскартылган вариантын тышкы көрүнүшүнөн гана колдойм. Гимн деген кыска жана нуска болсо, тезирээк аткарылып бүтөт дегендей...
Бирок мамлекеттик символикалар оюнчук эмес да! Гимнден ары желек менен гербге эле киришпесе болгону...(((
Бирок мамлекеттик символикалар оюнчук эмес да! Гимнден ары желек менен гербге эле киришпесе болгону...(((
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#12 21 January 2013 - 20:29
Ха, ме ссага! Дал ушул жерден корогочтук кылдыныз окшойт(олуялык дейт беле) Адальс айым. Себеби желектин тусун озгортобуз деген имиш бар.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 21 January 2013 - 21:12
Ой, жарыктыктар,
оой!
Ой, бу саясаттагылар азыр чемичке чагыр отурган жери жок да. Алар деле форумга кирет, ар кайсы темаларды окуйт. Ал тургай "Алиги" бөлүмүнө да баш багат болушу керек )) Муну, жазып жатканымдын себеби - илгери Jeka акебиз көтөргөн теманы окуп алышкан да. Анан ал темадагы форумчулардын ойлору аларды түн уйкудан калтырып, акыры бир куплетти "эсил кайран" кылганына түрткү болуп калганына бир чети сүйүнүп да коюшубуз керек.
Во-о-от так! Силер ойлобогула, "бул форумда мен тезек терип жүрөм ", - деп. Ушундай ар кандай ой-пикирлер парламенттин (көрдүш! ) дубалдарында да бул ойлор талкууланып жаңы мыйзам кабыл алынышына себеп болуп калышы ы-к-т-ы-м-а-л.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#14 21 January 2013 - 21:18
...Жана бир байкаганым,
ТыВылар оз корсотуулорун бутуруп жатып баардык элге бейпил тун каалайт,бул эмнеси?Деги,
"бейпил"
деген соз-эмнени билдирет???
...
Кайрадан эле Юдахиндин сөздүгүнө көңүл буралы:
Бейпил - благоденствие, спокойствие, покой деп берилет.
Демек, бейпил тун, бейпил жашоо деген соз - тынч тун, тынч жашоо дегенди тушундурот экен!
Кайрадан эле Юдахиндин сөздүгүнө көңүл буралы:
Бейпил - благоденствие, спокойствие, покой деп берилет.
Демек, бейпил тун, бейпил жашоо деген соз - тынч тун, тынч жашоо дегенди тушундурот экен!
...
«Бейпил» деген сөздө «бей-» префиксинин мааниси сакталган. «Пил» деген сөз «кыймыл-аракет» дегенди билдирет. Буга карап туруп «кыймылсыз, тынч турган, бейпил» деп божомолдоого болот. Бирок «бейкут» сөзүнөн айырмасы бар.
Фарсчада «би-» - кыргызчада «-сыз».
Араб тилиндеги «би-» же «фи-» мүчөсүнүн «үчүн, -га» деген маанилери бар. Айлуу жана күндүү деп аталган тыбыштардын системасына ылайык өзүнөн кийин келген сөздөрдү окуп жатканда өзгөрөт.
«Бейпил» деген сөздө «бей-» префиксинин мааниси сакталган. «Пил» деген сөз «кыймыл-аракет» дегенди билдирет. Буга карап туруп «кыймылсыз, тынч турган, бейпил» деп божомолдоого болот. Бирок «бейкут» сөзүнөн айырмасы бар.
Фарсчада «би-» - кыргызчада «-сыз».
Араб тилиндеги «би-» же «фи-» мүчөсүнүн «үчүн, -га» деген маанилери бар. Айлуу жана күндүү деп аталган тыбыштардын системасына ылайык өзүнөн кийин келген сөздөрдү окуп жатканда өзгөрөт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 21 January 2013 - 22:46
Анда: "Бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген сапты эле, "Бейпилдикти берет кыргыз элине" деп озгортуп койсо болбойбу?
Реал чемпиооон!!!
#16 22 January 2013 - 09:56
"Досторуна даяр дилин "сатууга"
"
дегени мага эч жакпайт, алып салганы, менимче, туура болот.
Мобул бөлүгүндө ызы-чуу:
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

үмүтсүз - шайтан
#17 22 January 2013 - 11:16
Чоңдор калыптанып калган нерселерди кайра оңдогонго убакытын коротпой, пайдалуураак нерселерге көңүл бурушса болбойбу. Бул чиновниктердин кылып жаткан иштерине эч ичим чыкпайт.
#18 22 January 2013 - 11:26
Гимнди озгорттук, эмне болду? Жашообуз озгоруп кеттиби же буга чейин болуп келген бейкуттук бизден качып чыгып кеттиби казактар тарапка)). Ал жон ганан формалдуу нерсе, реалдуу ишке качан отобуз билбейм. Башка маселебиз жок беле азыр комиссия тузо калып ыкчам чече турган? толтура. Чек ара маселеси, эл. энергия маселеси, таза суу маселеси айтор коп.
#19 22 January 2013 - 12:00
Гимндин тексти кыска болуш керек анан тиги бейкуттук деген туура келбейт дегенге мен да кошулам. Бирок, маселе башкада.... муну ошол жазылган заманда не ойлонушпады?
Анда ал кезде креслодо башкалар отурушкан и ошол башкалар макулдук беришип анан жарык коргон. Бугунку бийлик ээлери муну ойлоп тапты, макул кабыл алышты, кайра эртен башкасы келип "жок 3 куплет болуш керек" же дагы бир башка озгорууну ойлоп таап, ишенимдуу суйлошсо анда ааааа ошондой болуш керек турбайбыыыыыыыы деп кайра озгортуп киребиз да эээ? Бул эмне Атабеков же Бадыеванын ырлары беле, каалагандай кыскартып же оз варианттарын сунуштап озгорто бергендей!
Мамлекеттик символиканы оз денгээлинде кабыл алып, ошондой мамиле кылышыбыз керек!
#20 22 January 2013 - 12:07
Эң эле туура чечим болуптур мен да колдойм!!
! Сөз кадырлап, сөз баккан кыргызымдын сөзүн укпай, жогору жактагылар ушул күнгө чейин гимнге маани бербей келди. Мына минтип бүгүн көңүл бурулуп жакшы жагына кадам жасалыптыр.
Бирок азыркы учурда кыркып салдык. Эми буга да чоң чыгым кетээри белгилүү. Ушуну эске алуу менен жасалды бекен. Чыгым көп твлвп кылынат деп эртең кайра жаңы мыйзам кабыл алып гимндин бир куплетип скочттоп жүрбөсүн....
Гуд бай, форумчулар!
!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео