Урматуу
форумчулар!
Теманын аталышы айтып тургандай эле сүйүктүү шаарыбыз Жалал-Абад шаарында ЖОЛУГУШУУ уюштурмакчыбыз!
Биздин сайттын колдонуучулары сайтка катталып, ич ара баарлашып эле тим болбостон ар дайым жолугушууларды уюштуруп келишет. Жолугушуу жасап, андан жаңы дос-санаалаштарды табуу демилгеси - салт болуп калды десем жаңылбасам керек. Былтыр дагы дал ушул маалда Жалал-Абадда алгачкы жолугушууну уюштурган болчубуз. Быйыл да адаттагы салтыбызды четтеп өтпөй 14-февраль Сүйүү күнүн чогуу майрамдасак деген пикирдемин.
Эгер реалда жолугушуп, достук чөйрөбүздү кеңейтсек деген пикириме кошулуу менен биргеликте жолугушууга дилгир болуп жүргөн болсоңуз, анда бул тема сиз, мен жана баарыбыз үчүн! Келиңиздер урматтуу жердештерибиз жана жалпы эле Супер форумчулар,
жолугалы!
Бул сайт себеп таанышып эле калбастан түбөлүктүү достордон болуп калалы! Баарынан да бул жылкы жолугушуу Супер-флешмоб менен коштолмокчу!
Бардык жагынан төп келишкен Супер форумчу-санаалаштар,
анда келиңиз сүйүү күнүн бул жылы ӨЗГӨЧӨ майрамдайлы!
Сунуш-пикир,
суроо менен ушул темадан же купуядан кабарлашып,
жазыла баштайбыз!
))
1.
2...
Баса бул жолугушууга өзөк болчу Супер-Флешмоб тууралуу дагы көп маалымат берип турмакчыбыз.
Баардык кызык алдыда! Анан...эгер арабыздагы форумчулардын бири ошол күнү үйлөнүү үлпөт тоюн жасоону чечкен болсо, анда бул күн дал сиздин күнүңүз! Кабарлашыңыз.
.....))
Супер-жолугушуу жана Супер-флешмоб Жалал-Абад шаарында! Келиңиз, чогуу майрамдайбыз.!
#1 21 January 2013 - 19:46
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#2 21 January 2013 - 21:10
Яя Мондуш, мен баргыча куто турбайт беленер. Мен дагы оло катышкып келип журу ушундайларга.
Эми ийгилик! Жогорку маанай да откоруп алгыла.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#3 22 January 2013 - 01:34
Кучтуу жолугушуу болот экен...Жалал-
Абадга учсакпы...)))
Ийгилик каалайм !
Ийгилик каалайм !
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#4 22 January 2013 - 15:11
Оо менин шаарымда болгону атыптыр куйоо баланар менен барат окшойм буюрса)
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#7 22 January 2013 - 16:58
Бир аз эртереек болгондооо,
бармакмындааааа.
..Ийгилик,жакшы откоруп алгыла!
#8 23 January 2013 - 16:58
Келгиле биздин шаарга конок болуп кеткиле.Буйруса аябагандай сонун отот!Биз сиздерди кутобуз!
Суйуу журок-журок суйуу кан жолдош, Суйуу сымал жанга шерик жар болбос!!!!!!!
#10 24 January 2013 - 10:44
Жакшы откоруп алыныздар!
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#11 24 January 2013 - 14:36
Мени жиберет бекен жолдошум а..азыртадан кондуро баштайын кой..калып калбайын жолугушуудан.
#13 25 January 2013 - 18:41
менин суйуктуу шаарымда болот экенда. Жалал-Абадта болсом калмак эмесмин
#14 25 January 2013 - 19:09
Iygilik kaalaim, Mondur aiym! azamatsyz, jakshylyktarga, jolugushuuga dastorkon jaigan ekensiz! mumkunchuluk bolso baryp katyshmakmyn!
Эн кызыгы, олдум деп мин кайталасан да жашай бересин!
#15 25 January 2013 - 20:06
Жакшы тилек, илгери берген дем үчүн ыраазычылык!
Буйурса баарын силер менен кеңешип турмакчыбыз!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#16 25 January 2013 - 20:14
Ийгилик каалайм,конулдуу,
ойдогудай жолугушуу болсун...жакын болгонумда бармакмын...
ИншаАллах мой будущий муж будет моим раем....
#17 25 January 2013 - 21:41
Nazika_1990
, рахмат!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#20 28 January 2013 - 18:33
Ассолому алейкуму ва рахматуллооху ва баракатуху.
Силерге ийгилик туугандар!
А мен ошол куну учам мекенди коздой.
Шерик

Супер-Инфо
super.kg
видео





















