Ассалому ъалейкум. Мен нерсени билейин дедим. Менин досторум, бирге иштегендерим,
ата энем, жалпысы мени курчаган адамдар, менин чойромдогулор дин мн жашагандан эринишет. Каалабайт эмес. Бирок мен алардын ыймандуу Ислам дини мн Шариат жол жобосу мн жашашын абдан каалайм. Ата энеме айтпайм анткени динибизде ата энене даават кылганга акын жок деген. А досторум таптакыр менин созумду уккусу келбейт. Бирге иштегендеримда ар нерсени шылтоолоп кача берет. Жумушта "келгиле жамаат болуп намаз окуйлу" десем такыр макул болушпайт. Аллахтан баарына ыйман тилейм ар дайым. Алардын Ислам дини мн Шариаттын жолунда жашаганга кантип себеп боло алам. Толук ыйман келтиргениме 1 ж болду. Менде кандайдыр тажрыйбам же динден илимим жетишсиз болуп атат. Оз оюнарды, сунушунарды акыл насаатынарды билдирип калтыргыла.
Рахмат.
Жакындарымдын шарият жолунда жашашына кантип себеп боло алам?
#2 31 January 2013 - 00:04
Шарияттын жол-жобосун жакшы билген,түшүнгөн Таллас,Daud,Nur Abdulaziz деген форумчулар баш багып калышса жардам,кеп-кеңеш,
акыл-насааттарынан кичине бөлүшүшөөр.
..
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#3 31 January 2013 - 04:09
Бир нерсе эске түшүп кетти..
Анда мен студент кез. Түнкүсүн иштечүмүн. Кесиптештер бар дегендей. Алардын арасында мен эле намаз окуучумун. Кийин, төрт бала чогулуп жамаат менен окуп калыптырбыз бир карасам эле
. Мен аларга эч кандай деле тажатып даават айткан жокмун. Биринчиден Аллах Таалам аларга жол көрсөттү, анан мен анча-мынча себеп болгондурмун.
Баса белгилеп кете турган нерсе, "мусулманмын,
сен да мусулмансың"
, - деп кулагынын кужурун ала бербей тек гана мусулман экениңди көрсөтсөң, алар да мусулман экенин эстеп кетээр.
Айтмакчы, ошол намазды жаңы окугандардын бирөөсү менин эң жакын досума айланган. Э-эх, кандай сонун учурлар эле ал убактар..
Ар кимдин өзүнүн жүрөк өйүткөн же жооп таба албай жүргөн суроолору болот. Аны кээ бир адамдардан тартынып сурай албайт. Дал ошол тартынбай сурай ала турган адам жана ошол суроолоруна так жооп бере ала турган адам болууга аракет кылуу керек. Аны үчүн "мен мусулманмын, мен намаз окуйм, мен бейишке барам, калгандары менен ишим жок", - деп корстон болуп жүрө бербей, албетте, багажды толтуруу керек. Окуш керек, изденүү керек. Суроолор болсо.. укканды учурта бербей билбеген жерден "билбейм, бирок, тактап берем", - деп ошол суроого ар тараптуу, далилдүү, так жооп болсо.. жакшы болот. Ыйманга салуучу биз эмес, а, Аллах. Биз болгону бир себепчи. Ошол татыктуу себепчу болууга Аллахым жардам берсин.
Негизи, мен кеңеш берген жактан өнөрүм жок эле. Ошентсе да аз-маз жазганга аракет кылдым.
Бул нерсени кайдан алдың?

Ата энеме айтпайм анткени динибизде ата энене даават кылганга акын жок деген.
Бул нерсени кайдан алдың?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 31 January 2013 - 10:50
Насаат айтуу менен көп кишини "үркүтүп"
аласыз го. Анткен себебим, бизде дин жөнүндө көп түшүнүгү жок кишилер бирөөнү угуудан көп качышат. Менин кеңешим, чөйрөңүздөгүлөрдү акырындык менен бир деңгээлге тарбиялап чыгышыңыз керек. Мисалы, өзүңүздүн үлгүлүү сапаттарыңызды көрсөтүңүз.
Антпесе, дин жөнүндө угууга даяр эмес кишини баарыбир отургузуп, моюнуна камыт илип коюу мүмкүн эмес...
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#5 31 January 2013 - 11:36
Ассаляму алейкум!Урматтуу автор,мусулман экенибизди адамдар биринчиден созубуздон эмес,ишибизден,
тышыбыздан байкашы керек.Тышынан дегенде соксойтуп 1,5 метр сакал менен кара чапанды эске алган жокмун.Биздин мамилебиз,жашоо образыбыз озгорууго тийиш.Пайгамбар САВ Йасриб шаарына(кийин ал Медина аталган) оз сахабысын жоноткондо,
алар барып эле корунгон колотто кыйкырып,келгиле намаз окуйлу,келгиле ыймандуу бололу деген эмес.Ал сахаба бир жылга чейин эн сонун таризде,эн сонун режимде мусулмандын жашоосун корсотуп бере алган.Мусулман баласы Жараткандын китебине жана Пайгамбардын суннотуно ылайык кантип жашоосу лазым экенин далилдеген.
Бир жылдан сон адамдар оздору кызыгып,анын динин жана мындай таризде жашоо кечиришинин себебин сурашкан.Ошондо гана ал ачылып даават кылган.Кээ бир учурда орустардын:
"Иногда бездействие лучше действия"
деген созу ырас.Сиз менен мен эле баарын шарият жолунда жашата албайбыз.Анан бироонун шариат жолунда жашоосун кааласак озубузго суроо узаталы-а мен озу канчалык денгээлде шариат менен жашайм деп.Сиз экообуз динди жакшы уйронуп,шариаттын канундарынын негизинде жашайлы-ошондо гана адамдар суктанып,аларда кызыгат.Кобунчосун дааваттын соз аркылуу эмес,иш аркылуу корсотулгону таасирлуу болот эмеспи.Мен да азыркы иштеп жаткан жериме келгенимде эки гана адам намаз окуйт элек,азыр Кудайга шугур бир топ кобойду.Ишканада,
уйдо,окууда мусулман баласы оз милдеттерин эн сонун аткаруусу керек,мектепте,
университетте эн жакшы бааларга окуусу шарт.Ошондо биз бироолорго накта орнок,улгу боло алабыз.Ата-эненизге даават кылсаныз болот,болгону сыпайыгерчилик менен.Уйдо да оз уулдук милдеттеринизди сонун аткарсаныз,
бироого оордугунуз тийбесе,кыскасы алар сиздин жашоонуздун эн сонун тарапка бурулганын сезиши шарт.Биз дин дегенде эле тиги болбойт,бул болбойт дегенден коро....ошол болбосо,демек анын ордуна башка бир эн сонундарын сунушташыбыз керек.Аллахым сизди ыйман жолунда бекем кылсын.
#6 01 February 2013 - 23:00
Бир нерсе эске түшүп кетти..
Анда мен студент кез. Түнкүсүн иштечүмүн. Кесиптештер бар дегендей. Алардын арасында мен эле намаз окуучумун. Кийин, төрт бала чогулуп жамаат менен окуп калыптырбыз бир карасам эле
. Мен аларга эч кандай деле тажатып даават айткан жокмун. Биринчиден Аллах Таалам аларга жол көрсөттү, анан мен анча-мынча себеп болгондурмун.
Баса белгилеп кете турган нерсе, "мусулманмын,
сен да мусулмансың"
, - деп кулагынын кужурун ала бербей тек гана мусулман экениңди көрсөтсөң, алар да мусулман экенин эстеп кетээр.
Айтмакчы, ошол намазды жаңы окугандардын бирөөсү менин эң жакын досума айланган. Э-эх, кандай сонун учурлар эле ал убактар..
Ар кимдин өзүнүн жүрөк өйүткөн же жооп таба албай жүргөн суроолору болот. Аны кээ бир адамдардан тартынып сурай албайт. Дал ошол тартынбай сурай ала турган адам жана ошол суроолоруна так жооп бере ала турган адам болууга аракет кылуу керек. Аны үчүн "мен мусулманмын, мен намаз окуйм, мен бейишке барам, калгандары менен ишим жок", - деп корстон болуп жүрө бербей, албетте, багажды толтуруу керек. Окуш керек, изденүү керек. Суроолор болсо.. укканды учурта бербей билбеген жерден "билбейм, бирок, тактап берем", - деп ошол суроого ар тараптуу, далилдүү, так жооп болсо.. жакшы болот. Ыйманга салуучу биз эмес, а, Аллах. Биз болгону бир себепчи. Ошол татыктуу себепчу болууга Аллахым жардам берсин.
Негизи, мен кеңеш берген жактан өнөрүм жок эле. Ошентсе да аз-маз жазганга аракет кылдым.
Бул нерсени кайдан алдың?
Анда мен студент кез. Түнкүсүн иштечүмүн. Кесиптештер бар дегендей. Алардын арасында мен эле намаз окуучумун. Кийин, төрт бала чогулуп жамаат менен окуп калыптырбыз бир карасам эле
Айтмакчы, ошол намазды жаңы окугандардын бирөөсү менин эң жакын досума айланган. Э-эх, кандай сонун учурлар эле ал убактар..
Ар кимдин өзүнүн жүрөк өйүткөн же жооп таба албай жүргөн суроолору болот. Аны кээ бир адамдардан тартынып сурай албайт. Дал ошол тартынбай сурай ала турган адам жана ошол суроолоруна так жооп бере ала турган адам болууга аракет кылуу керек. Аны үчүн "мен мусулманмын, мен намаз окуйм, мен бейишке барам, калгандары менен ишим жок", - деп корстон болуп жүрө бербей, албетте, багажды толтуруу керек. Окуш керек, изденүү керек. Суроолор болсо.. укканды учурта бербей билбеген жерден "билбейм, бирок, тактап берем", - деп ошол суроого ар тараптуу, далилдүү, так жооп болсо.. жакшы болот. Ыйманга салуучу биз эмес, а, Аллах. Биз болгону бир себепчи. Ошол татыктуу себепчу болууга Аллахым жардам берсин.
Негизи, мен кеңеш берген жактан өнөрүм жок эле. Ошентсе да аз-маз жазганга аракет кылдым.
Бул нерсени кайдан алдың?
Былтыр 3 кундук дааватка чыккам. Ошондо айткан мен дааватка чыккан мечиттин имамы айткан. Себебин аларга айтсан шайтан алардын ниетине кибрликти оной салып коёт деп тушундургон. А сизче кандай туурабы ошол?
#8 08 February 2013 - 09:55
Былтыр 3 кундук дааватка чыккам. Ошондо айткан мен дааватка чыккан мечиттин имамы айткан. Себебин аларга айтсан шайтан алардын ниетине кибрликти оной салып коёт деп тушундургон.
А сизче кандай туурабы ошол?
Дааваттан кетип жатканда уламалар айтышат: "Үйгө барганда өзгөргүлө. Ата-энеге катуу сөз айтпай, кызмат кылып, идиш жууп..." дегендей...
Ата-энеге даават кылыш керек, бирок мамилең, жүргөн-турганың, жумшак сөздөрүң менен. "НАмаз окубагандар тозоко барат" деп кесе айтпай, Пайгамбарыбыздын хадистерин, жашоосун, ислам тууралуу айтып берип, кызыктырыш керек. Ислам тууралуу укканды, хадистерди ата-энелерибиз жакшы көрөт. Өзгөчө апаларыбыз. ..
Дааватка барып келгенден кийин, намаз окуй баштагандан кийин, мечитке бара баштагандан кийин өзүбүздө жакшы жагына өзгөрүү боло баштаса, анда ислам - мыкты тарбиячы экенин түшүнүшөт.
Баардыгы студент үчүн!
#9 21 February 2013 - 09:54
Ассаляму алейкум окурмандар!
Мен турмушка чыкканыма 4жыл болду. Егиз балдарым бар. Алхамду лилЛах! Озум шарият м.н жашоого тырышып келем. Бирок жолдошум орус муноз. Намаз окуусу жок ниетте. Мени да намаз окуган м.н окубаганындын айырмасы жок дейт. Кээде спиртной ичип алган кундору да болот. Мен изденип чечим таппадым. Кантип ыйманды тушундуром жолдошума. Ал арак ичсе менин намаз окуганым бир тыйын да болбойт да сооп эмес. Кенешинерди кутом. Ассаляму алейкум!
#10 21 February 2013 - 10:32
chipolino_22, биз психолог эмеспиз, бирок сизге колдон келишинче кеңеш бергенге аракет кылып көрөлү.
Негизи, ар бир сооп үчүн ар бир адам өзү жоопкер. Акыретте, ата-эне менен баланын ортосунда да акыларын сурап алары айтылат эмеспи. Түшүнгөнүм боюнча, сиз жолдошуңуздун динге болгон кайдыгер мамилеси үчүн өзүңүздү жоопкер сезип жатасыз. Анда балким анын ыймандуу досторун, тегерегин анан акырындык менен өзүн тарбиялаганыңыз туура болот го. Айтайын дегеним, эркек кишиге аял кишинин эмес, эркектин сөзү кубаттуурак болот. Андыктан, намаз окуган таанштарыңызды, туугандарыңызы анын тегерегине чогултууга аракет кылыңыз. Ошол кишилер айтса балким, жетеленер...

#11 21 February 2013 - 10:35
"Турмуштагы түшүнбөстүк"
менен "Жакындарымдын шарият жолунда жашашына кантип себеп боло алам?" темалары бириктирилди.
#12 21 February 2013 - 10:36
Анан да мен жандуу күбө болгон мисалдан чыгарган сабакты айта кетейин. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда чыр болсо, же ал мас абалында үйгө келсе дин тууралуу ооз ачпай эле коюңуз. Анткени, жини менен же ичиндеги градусу менен куттуу динибизге сөз тийгизип, сиздин намаз окуганыңызга асылып алышы мүмкүн. Андыктан, менин оюмча жолдошуңузду жөнөкөй мисалдар менен акырындык менен ичине киргенге аракет кылып көрүңүзз.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....

Супер-Инфо
super.kg
видео