Сүйүү – сезимдердин пири, эң таттуусу, кереметтүүсү жана күчтүүсү! Түбү жок, чеги жок махабат темасына кайрылбаган адам жокко эсе. Биз дагы сүйүү темасына кайрылып, сүйүшкөндөргө жагымдуу маанай тартуулайлы деп чечтик. “Сүйүктүүм менен махабат майрамын кантип белгилесек? ” деп ойлонуп жаткан болсоңуз анда бул сынакка катышыӊыз. Утуучу деп табылсаӊыз махабат күнүн эстен кеткис белгилейсиз!
Сынак эки багытта өтмөкчү.
1. Биринчи – фотосынак. Ага сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны менен admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Болбосо редакциябызга алып келүүгө да болот. Сүйүү баяны демекчи, анда ортоңордогу аруу сезимдердин жаралышы, кызыктуу учурлар ж.б. баяндалуусу шарт. Ал эми сүрөттөр өзгөчө, оригиналдуу гана эмес сапаты да мыкты болуусу керек! Сүрөт ээлеринин аты-жөнү, байланыш телефонун жазууну унутпасаңар! Сүйүү баяны менен сүрөттөр 8-февралга чейин кабыл алынат!
2. “Сүйүү сезимин оригиналдуу түрдө билдирүү” – сынактын экинчи багыты дал ушундай аталмакчы. Анда элден башкача, өзгөчөлөнүп сүйүктүүңүзгө сезимиңизди билдирип, ошол эле учурда супер белектерге ээ боло аласыз. Сүйүүңүздү кантип билдиресиз, ал өзүңүздүн гана фантазияңызга жараша. Балким өз колуңуз менен сүйүүктүүңүзгө белек жасап, аны видеого, сүрөткө тартып бизге жөнөтөрсүз, балким 100 саптан турган ыр жазасыз же укмуштуудай видеоролик тартасыз. А балким башыңызга мексикалыктардын самбреросун кийип ашыгыңыздын терезесинин алдына туруп серенада ырдап, видеосун жөнөтөрсүз. Ал дагы өзүңүздөн жана ошол адамга болгон сүйүүңүздөн көз каранды.
Сынактын шарты боюнча бизге келип түшкөн сүйүү билдирүүлөрү жана сүрөттөрдүн сапаттуу, эң кызыктуу, оригиналдуусу сайтыбызга жайгаштырылып, добуш берүү жолу менен Супер таттуу түгөйлөр тандалат.
Сынактын эки багыты боюнча алдыңкы 5 орундун ээлерин эң сонун белектер күтөт. Алар:
1-орун – “Домино Рио” кафе-барынан шам алдындагы романтикалуу кеч + “ Салам, New York” тасмасына эки кишилик чакыруу билети + шампан + таттуулар
2-орун – Медиастар Продакшн Студиясынан унутулгус көз ирмемдерди чагылдырган фотосессия + “ Салам, New York” тасмасына эки кишилик чакыруу билети + шампан + таттуулар
3-орун – Муз майданына эки кишилик жолдомо + “Салам, New York” тасмасына эки кишилик чакыруу билети + шампан + таттуулар
4-5-орундарга – “ Салам, New York” тасмасына эки кишилик чакыруу билети + шампан + таттуулар
Убакыт зымырык куш демекчи, аз калды, 8-февралга чейин гана убактыңыз бар, андыктан өткөзүп жибербеңиз!
P.S. Сынакта жаш-куракка чек жок!
Сынактын өнөктөштөрү:
Башкы өнөктөш

Өнөктөштөр:


Супер-Инфо
super.kg
видео













.jpg)
.jpg)
.jpg)








