- (2 )
-
- 1
- 2
Аллахтан коркуу
#21 21 November 2012 - 17:35
Чоон рахмат ДАУД. Эн мыкты денгээлде тушундурдунуз деп айтаар элем. Коп тушунбогон нерселеримди сиздердин тема жана жоопторунардан тушунуп билип алдым. Алла ыраазы болсун. Тозок отунан, кабыр азаптарынан сактоочулардан боло кор АЛЛАХЫМ. Билип билбей жасаган куноолорубузду кечире кор АЛЛАХЫМ.
Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
#22 21 November 2012 - 21:46
zzz,Daud чын эле силер эң сонун түшүндүрүп берет экенсиңер. Салыштыруулар менен жөп-жөнөкөй кылып. Мен эми Кудайдан коркуу керек дегендин маанисин эми кичинеден түшүнө баштадым окшойт. Бир эле жолу сыдырып окуп кетүү менен чектелип калбастан,дагы 3-4 жолу кайталап окуш керек экен. Тез-тезден кирип мага окшогондорго билгениңден бөлүшүп тургула. Күтүп,окуп туралы. Чооң рахмат.
Эгер сизге жаккан билдируу жазган болсом, демек жакшы эле жазган окшоймун. Жогоруда айтылган билдируулорунузду окуп, коркуп жаттым эле. )))
Жакшы создорунуз учун ырахмат!
Буйруса тез-тез кирип жазып турууга аракет кылам.
#23 21 November 2012 - 21:52
Ушу Дауд келгени мага иш калбай кала турган болду бул форумда
/>
Аллах ыраазы болсун жеткиликтүү жоопторду жазып түшүндүрүп берип жатканыңа, Дауд!

Мактоо создорун учун ырахмат!
Сенин ордун башка Таллас. Сенин стилин озунчо соз кылууга арзыйт. Ачкан темаларын дайыма кызыктуу жана пайдалуу. Таластык болгонум учун мактап атат деп ойлобо. ))) От души эле айттым.
Аллах сенден да ыраазы болсун!
#24 21 November 2012 - 21:55
Чоон рахмат ДАУД. Эн мыкты денгээлде тушундурдунуз деп айтаар элем. Коп тушунбогон нерселеримди сиздердин тема жана жоопторунардан тушунуп билип алдым. Алла ыраазы болсун. Тозок отунан, кабыр азаптарынан сактоочулардан боло кор АЛЛАХЫМ. Билип билбей жасаган куноолорубузду кечире кор АЛЛАХЫМ. 
Аамин! Аллах Таала дубаларынызды кабыл кылган болсун!
Сизге да ырахмат!
#25 25 November 2012 - 23:48
Аллах Таала мындай деди:О ыйман келтиргендер!
Аллахтан чыныгы коркунуч менен,Ага моюн сунуу,мактоолорду айтуу жана Аны зикир кылуу менен коркуула.Бир гана Аллахка ыйман келтирген боюнча,чыныгы ыймандуулар катары олгуло.Амал кылынбаган илим-жамгыры жок чагылган жана кун куркуро сыяктуу,илимсиз адам-момосу жок дарак сыяктуу,илимине амал кылбаган аалым-шоколо папиги жок пияз сыяктуу,мулкунон зекет бербеген адам-аскага себилген туз сыяктуу.Акмак адамга даават кылуу-берметти жана асыл таштарды айбанга арнагандай,
илими бар,бирок таш боор адам-суу жукпаган таш сыяктуу.Тушунгусу келбегенге даават кылуу-кабыр устундо тартылган чоор сыяктуу.Арам жол менен табылган байлык мулктон садака беруу-кийимдеги ыпластыкты оз сийдиги менен жкуган адам сыяктуу,тооба кылбаган аалым-пайдубалы жок курулуш сыяктуу.Ошондуктан кантип эле алар Аллахтын жазасынан кутулуша алышсын?Адашкан жана кыйроого кабыла турган адамдар гана оздорун Аллахтын жазасынан кутулушкандай алып журушот.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#26 19 January 2013 - 10:15
Эмнегедир ушул темага кайрылууга "илхом"
келе калды...
Аллахты сүйүп, Ал баардык күнөөлөрдү билет жана баарын кечирет деп жүрүп, адашкандардын жолуна кирип кетүүбүз толук мүмкүн. Эгер Аллахка биздин сүйүүбүз жетиштүү болсо, эмне үчүн Ал башка нерселерди бизге буюрат эле, "Мени сүйүп, күнөө кылбагыла" - деп койсо эле жетиштүү болбойт беле... Байкасак адашкан диндер да аябай басым кылышат экен ушул сүйүүгө, "жүрөк таза болушу керек" - деп... Жүрөктүн тазалыгын адамзаты өзү өлчөп билип ала турган болсо, анда тиги дүйнөдө соттун кереги эмне эле... Жүрөк - кимдики таза жана кандай иштерди кылганда тазарат жалгыз Аллах билерин, жана анын буйруктарынын баары ушул жүрөктү тазалоого алып келерин унутпайлы...

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#27 31 January 2013 - 16:06
Жаман корсонор коргуло, бирок мен оз оюмду жазууну туура кордум.
Ишеним ар бир адамда оз алына жараша. Дин башынан эле бир адамды ориентир кылбайт, кандайдыр бир жамаатка, коомго багытталат. Ал эми коом ар турдуу адамдардан турат. Алардын ар биринин озунун моралдык установкасы бар,(мисалы, бироосу учун уурулук акча табуунун жолу жана ал мындан жийиркенбейт, башкасы уурулук кылгандарды такыр тушунбойт жана мындайды такыр кабыл ала албайт) Ошондой болсо да аларды бириктирген кандайдыр бир негизги тушунуктор бар. Дин мына ушул тушунукторго таянып калган расхожий жерлерге козомол кылуу учун кандайдыр бир катуулукту озуно камтуусу керек болот. Муну саясат менен салыштырсак болчудай. Себеби, жалпы жонунан саясаттын негизги максаты мамлекеттин ички жана сырткы алакаларын жондоо, мамлекетти мамлекет кылып кармап туруу. Дин деле ишеним учун ошондой кадамдарга барат. Балким, ошон учун мага дин закондору жесткий сезилгендир. Талдай келсек, каталары жоктой сезилгени менен, журогум менен "здесь что-то не так" деп шекшиген жайым бар. Ооба, мен так маалымат менен тогундой албайм, бирок ишенимге эч кандай так маалыматтын кереги жоктур. Ошон учун мага кудай Куранда жазылгандан алда канча мээримдуу, алда канча корогоч, алда канча ырайымдуу сезилет. Ал бизди эн акыркы кезекте жаратты, демек жондон жон эмес. Кудайдын оз пенделерин суйгону эненин баласын суйгонунон ашып тушот деп ойлойм. Ошого "Кудай бизди сыноо учун жаратты" дегенди тушуно албайм. Биз азыр мурдаа, канча бир заман жашап откон ата бабаларыбыздын соокторунун устундо басып журобуз. Кудайга адамзат тарабынан корсотулчу жанылык деле калбаса керек. Ага баары тааныш, ал баарын алдын ала билет. Ал учун откон, учур, келер чак болбосо керек, ал бардык жерде бирдей (одномоментно) болсо керек. Менимче, "все гениальное просто" демекчи, кудай бизди жашагыла деп эле жаратса керек, (особо другого смысла нет). Анан дагы ал самовлюбленный нарцисс болбосо керек, намазда мага мактоо айткыла дегендей. Биз, озубуз, ага жагынуу учун(кээ бирибиз чын дилден) 5 убак намазды озубузго милдет кылгандырбыз? Себеби, ал унутулуп калуудан коркпойт да, чынбы? Же жок болуп кетпейт. Менимче, кудай бир эле, ал эми адамдар ар турдуу, ошого турдуу диндер бар. Буга кошумча, менимче, ислам дини патриархат доорунда пайда болгондуктан(азыр деле патриархат дегилечи) аялдарды жамынып журууго буюрат. Эгер матриархатта жазылса, эркектерге аялдарды тике карабагыла, бейтааныш аялдын жолунан чыкпагыла, качкыла деген жерлери болсо керек. Бул деле бузукулуктун жолун алат да, туурабы? Аллахты Дауд мырза суйгонунорду жоготуп алуудан корккондой корксонор туура дегенине да анча ынанбадым. Себеби, пенде менен кудайды салыштырганга болбойт ко. Кудай пенде сыяктуу озгормо(изменчивый) эмес да? Пы. Сы. Кудайга шугур, форум бар экен, а так толук кандуу мусулмандарга мындайды айтсам, таш баранда калып олсом керек. Бирок, мен ушундай ойлоп жатпаймынбы.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#28 31 January 2013 - 20:12
Урматтуу Айжан, ар бир нерсенин оз эрежеси болгондой эле мусулман болуунун да эрежеси бар. Кудайга ишенем дегендин баары эле мусулман боло бербейт. Християн, яхдудийлер деле Кудайга ишенебиз деп айтышканы менен алар мусулман деп эсептелбейт.
Мусулман болуу учун Аллахтын жалгыз кудай экенине, Кураан анын созу экенине, Мухаммад анын пайгамбары экенине ишенуу ж.б. талап кылынат.
Эгер кимдир бироо ага ишенгиси келбесе оз эрки. Эч ким аны мусулман бол деп зордобойт. Ислам бироонун философиялык оюн кабыл кыла турган дин эмес. Ислам 1400 жыл мурда кандай болсо ошол бойдон калат. А башка адамдардын ой пикирлери ал адамдардын оздоруно кайтарылат. Алар канчалык акылдуу болушса да. Себеби акыл жаратылган нерсе, ал Жаратуучунун ар бир ишинин сырын тушуно бербейт.
А биз адамдарды мисал кылып тушундурууго аракет кылганыбыз, биздин акылыбыз ошого гана жеткендиги учун. Мисалы сиз деле мугалиминизди мисал кылдыныз. Болбосо сиздин мугалиминиз менен аны жараткан Аллахты салыштырып болобу?
Сиздин философиялык ойлорунузга ошондой эле формадагы ойлор менен жооп беруу мумкун денизчи, бирок мен спорлордон аябай тажап калган адаммын. Ошого азырынча жазбай эле турайын дедим. Балким эртен конулум келип калса жазып коермун...

#29 01 February 2013 - 13:19
1. Ал бизди эн акыркы кезекте жаратты, демек жондон жон эмес.
2. Кудайдын оз пенделерин суйгону эненин баласын суйгонунон ашып тушот деп ойлойм.
3. Ошого "Кудай бизди сыноо учун жаратты" дегенди тушуно албайм.
4. Биз азыр мурдаа, канча бир заман жашап откон ата бабаларыбыздын соокторунун устундо басып журобуз. Кудайга адамзат тарабынан корсотулчу жанылык деле калбаса керек. Ага баары тааныш, ал баарын алдын ала билет. Ал учун откон, учур, келер чак болбосо керек, ал бардык жерде бирдей (одномоментно) болсо керек.
5. Менимче, "все гениальное просто" демекчи, кудай бизди жашагыла деп эле жаратса керек, (особо другого смысла нет).
6. Анан дагы ал самовлюбленный нарцисс болбосо керек, намазда мага мактоо айткыла дегендей. Биз, озубуз, ага жагынуу учун(кээ бирибиз чын дилден) 5 убак намазды озубузго милдет кылгандырбыз? Себеби, ал унутулуп калуудан коркпойт да, чынбы? Же жок болуп кетпейт.
7. Менимче, кудай бир эле, ал эми адамдар ар турдуу, ошого турдуу диндер бар.
8. Буга кошумча, менимче, ислам дини патриархат доорунда пайда болгондуктан(азыр деле патриархат дегилечи) аялдарды жамынып журууго буюрат. Эгер матриархатта жазылса, эркектерге аялдарды тике карабагыла, бейтааныш аялдын жолунан чыкпагыла, качкыла деген жерлери болсо керек. Бул деле бузукулуктун жолун алат да, туурабы?
9. Пы. Сы. Кудайга шугур, форум бар экен, а так толук кандуу мусулмандарга мындайды айтсам, таш баранда калып олсом керек. Бирок, мен ушундай ойлоп жатпаймынбы.

Сөздөрүңүздүн кээ бир жерлерине токтолуп өтүүнү туура деп таптым.
1. Ооба, жөндөн жөн эмес. Кандайдыр бир максат менен жараткан. Бүт ааламды молекуласынан баштап, галлактикасына чейин кандайдыр бир тартип, мыйзам менен жаратып, анан адамды кантип жөн эле жаратып койсун?
2. Туура эле ойлойт экенсиз. Ушунтип Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде айтылат. Бирок сүйгөн болсо жазалабайт деген түшүнүк да туура эмес. Өз баласын сүйгөн эне баласы туура эмес иштерди аткарган болсо аны жазалайт. Эмнеге жазалайт? Себеби анын ошого акысы бар. Себеби ал ошол баланы төрөгөн, эмизген, тарбиялаган ж.б. Ошондой болгон соң эмне үчүн бизди жараткан Аллах биз көктүк кылып анын буйруктарына баш ийбегенибиз үчүн жазалабасын. Анын бизге болгон акысы өз энебиздин акысына караганда көбүрөөк эмеспи?
3. Балким бир күн түшүнүп кетээрсиз...
4. Ооба, Аллах үчүн өткөн чак, келээр чак, учур чак деген нерсе жок. Ал убакытка жана орунга муктаж эмес. Себеби убакытты да, орунду да ал жараткан. Биз убакыт жана орунсуз эч нерсени элестете албайбыз. Себеби биз ал экөөнун ичинде жаратылганбыз.
Аллах сыноо үчүн жараткан деген сөз ал бизден жаңылык күтүп жатат деген сөз эмес. Аны өзүңүз да Аллах убакыттан көз каранды эмес деп айтып өттүңүз. Анын бизге жашоо үчүн белгилүү бир мөөнөт берүүсү, ал бир деме кутүп жатат дегенди түшундүрбөйт. Себеби ал бизди жарата электен мурда эле биздин эмне кылуубузду же кылбообузду билген. Бизге берилген убакыт ал жөн гана бизге берилген убакыт. Ал убакытты Аллахка да таандык кылууга болбойт. Ал бизге убакыт берүүнү каалады жана бизге убакыт берди. Бербей койсо деле болмок. Бирок ал берүүнү каалады. Ал бүт ааламдын кожоюну. Өзү каалаган нерсени кылат.
5. Эгер жашагыла деп эле жараткан болсо, анда өлумдү эмне үчүн жараткан дп ойлойсуз. Жашап анан өлуп жок болуп кеткиле деппи? Же бул дүйнөдө жашагандан кийин акыретте да жашагыла деп өлумдү жаратканбы? Эгер акыретте да жашайбыз деп ишенсеңиз, демек биз акыретте же бейиште же тозокто же ушундай эле бир жерде жашашыбыз керек болот. Эгер акыретте да ушундай эле бир жерде жашай турган болсок, анда биздин өлтурүүнүн кандай кажети бар эле. Бул дүйнөдө эле түбөлук жашай берсек болбойт беле? Эгер бардык адамдар бейиште жашап калат десеңиз, анда Аллахтын адилеттүүлүгү кайда калат? Ууруну да туураны да бейишке киргизе берсе, анда бул дүйнөдө туура жүрүүнүн кимге кереги бар?
6. Ал бүт ааламдын кожоюну. Ал өз кулдарына каалагандай буйрук бере алат. А биз анын кулдарыбыз. Анын буйруктарын талкуулап, кайсынысын аткаруу керек же кайсынысы туура эмес деп изилдөөгө акыбыз жок. Аллах Таала 5 убак намаз окууну буйруган. Ал эми сиз айтып жаткан жагынуу үчүн окулчуу намаздар алар өзунчө убакта ар кимдин каалоосуна жараша окулат.
7. Ооба, Кудай жалгыз. Анын дини да жалгыз. Болгону адамдар өз акылдарына таянышып, ар кандай диндерди ойлоп таап алышат. Бири Кудайдын баласы бар деп чыкса, дагы бири Кудай бизди жашашыбыз үчүн гана жараткан деп айтып өздөрунчө жаңы дин ойлоп табышат.
8. Патриархат менен матриархатты тушүно бербеймин. Бирок Исоамда чоочун аялдарга тике карабагыла, бейтааныш аял менен жалгыз калбагыла, аялдар жолдун четинен, ал эми эркектер жолдун ортосунан басып жүрушсун деген буйруктар бар. Эркектер аялдарды караса болот, бирок аялдар эркектерди карабасын деген буйрук жок. Бири-бирине чоочун болгон эркек да аял да бири-бирин тик кароосуна уруксат берилбейт.
9. Мындай сөздөрүчүн таш бараңга алуу керек деген мыйзам шариатта жок. Бирок ушундай сөздөрдү жазган үчүн Кудайга шүгүр деп айтуу керекпи же жокпу ал башка маселе...
#30 01 February 2013 - 14:02
5. Эгер жашагыла деп эле жараткан болсо, анда өлумдү эмне үчүн жараткан дп ойлойсуз. Жашап анан өлуп жок болуп кеткиле деппи? Же бул дүйнөдө жашагандан кийин акыретте да жашагыла деп өлумдү жаратканбы?
Эгер акыретте да жашайбыз деп ишенсеңиз, демек биз акыретте же бейиште же тозокто же ушундай эле бир жерде жашашыбыз керек болот. Эгер акыретте да ушундай эле бир жерде жашай турган болсок, анда биздин өлтурүүнүн кандай кажети бар эле. Бул дүйнөдө эле түбөлук жашай берсек болбойт беле? Эгер бардык адамдар бейиште жашап калат десеңиз, анда Аллахтын адилеттүүлүгү кайда калат? Ууруну да туураны да бейишке киргизе берсе, анда бул дүйнөдө туура жүрүүнүн кимге кереги бар?
Бешинчиге беш!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#31 02 February 2013 - 23:58
Оруста 'Юпитер ты сердишься, значит (ты) неправ' деген лакап бар эле
Эми создун жонуна келсем, Дауд мырза, сизге рахмат, терикпей, шашпай, сылык сыпаа жооп бергендигиниз учун. Сиз чыныгы мусулман жолуна жаны тушкондор учун улгусуз. Ар бир жообунуз туура даваат. Мен сиздин позициянызды тушуном жана сыйлайм. Бирок азырынча, мен оз позициямда эле тура турууну эп кордум. Балким жазгандарыныздан бара бара туура тыянак чыгарармын.
Балким тескерисинче.
Сиз спордон тажасаныз, мен жаап жашырбай болгонун жазганым провокациядай корунгонунон тажадым. Ушерден токтотконубуз он болоттур.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#32 03 February 2013 - 02:32
Ассалааму алейкум!
Мен да эч кимдин огородуна помидор ыргытпай, кагып силкпей, кичине мындай го
дебестен түшүндурүүгө аракет кылып көрөйүн. )))
Эң алгач котормо жөнундө айтсам, котормодо эч кандай проблема жок. Туура эле коркуу деп которулган.
Мени тан калтырган нерсе кантип Аллахты суйүүнү түшүнгөн адам, Аллахтан коркууну түшүнбөй калуусу мүмкүн?
Сүйгөн адам сүйүктүүсүнүн сүйүүсүнө ылайык болбой калуудан кантип коркпосун ? Ар бир эле сүйгөн адам сүйүктүүсү да аны сүйүүсүн каалайт. Эч ким мен сүйдүм, а анын мени суйгөн сүйбөгөнү кызыктырбайт деп айта албайт. Бардык сүйүүгө кабылгандар, ошол суйүктүүсүн аны жек көрүп калуусу мында турсун, жөн гана көңүл кош мамиле кылуусунан, андан алыстоодон, анын каалоолорун аткарбай коюудан, ага ылайык болбой калуудан коркот. Сүйүктүүңүз мен сени сүйбөйм деп айтуусунан коркпойсузбу? Эгер коркпогон болсоңуз, демек сиздин суйүүңүз жалган. Сиз өзүңүздү өзүңүз гана алдап жүрөсүз демек. Эгер Аллахты чындап сүйгөн болсоңуз демек сиз Анын сүйүктүү кулу болууга аракет кылууңуз керек. Анын сүйүктүү кулдарынын катарына кошулбай калуудан коркууңуз керек. Ал намаз оку деп жатса, мен сени сүйөм бирок намаз окубаймын деп айтуу сүйүү болушу мумкүнбү? Ал менин өкүмдөрүмдү аткарбагандарды тозокто жазалаймын деп жатса, мен сени сүйөм, бирок мен сенин буйруктарыңды аткарбаймын деп айтуу сүйүүбү? Мейли тозоктон коркпоңуз, бирок Аллахтын сүйүктүү пендеси болбой калуудан коркпойсузбу? Аллах жек көргөн адамдардын катарын толтурууданчы? ??
Шефиңизден мени касяктарымды билип калса иштен айдап жиберет деп коркон болсоңуз, бардык касяктарды Аллахка көрсөтүп нагло аткаргандан көбүрөөк коркууңуз керек эмеспи? Сүйгөн адам сүйүктүусүнүн көзүнчө кантип ага жакпаган ишти аткара алат? Урматтаймын деп туруп ага жакпаган ишти анын алдында аткаруу кантип урматоо деп эсептелсин? Жөнкөй эле мисал, сүйгөн кызыңыз тамеки тарткан жигиттерди аябай жаман көрөт. Анан сиз анын алдында отуруп алып тамеки тартып жаткан болсоңуз бул ага болгон урматсыздык эмеспи? Ошол кыз мени же тамекиңди танда десе эмне кылат элеңиз? Мен сени сүйөм, бирок мен тамекини тандаймын деп айтаар белеңиз???
Менин жогоруда айтылган сөздөрүм воображаемый адамга айтылды. Ошондуктан эч ким ал сөздөрдү анын огородуна карата ыргытылган таш деп түшунбөөсүн суранам.
Аллахты сүйүү эң сонун нерсе. Мен Аллахты сүйөм деген адамдарга суктанам. Бирок ар бир адам өз сүйүүсүнүн канчалык деңгээлде экендигин ойлонуп көрүүсү керек. Ар бир кылган ишинде менин ушул ишим мен сүйгөн Аллахка жагабы же жакпайбы деп өзүнө өзү суроо берүүсү керек. Ар дайым иштерин Аллахка жаккандай таризде аткарууга аракет кылуу, Аллахты сүйүү жана Андан коркуу деп эсептелет. Коркуусуз сүйүү, сүйүүсүз коркуу болбойт!
Аллах Таала баарыбызды сүйүктүү пенделеринен кылган болсун!

Мага абдан жакты, билген билимиңизди эле үйрөтө бериңиз Аллах ыраазы болсун
Денги и слава приходят и уходят.
Здоровье- самое главное...
Здоровье- самое главное...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео