Көңүл сыры... Окуп коюңуздар
#21 31 Январь 2013 - 01:49
Аз келгенсип бир боорумду тартып алдың
Жаш балача эми өбөктөп турганымда
Душманымча кайра мени басып алдың
Билем ооба ушунча таш-боордугуң
Болду жетет ушунча да кордойсуңбу
Атаганат неге келдим бул дүйнөгө
Аячы, бир боор ооруп койбойсуңбу
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#22 31 Январь 2013 - 01:54
Күттүм сени күндү айга алмашып
Торго түшкөн эркин куштай кармалып
Бараткансыйт жаш өмүрдүн шамы өчүп
Күтүү деген бир сезимге байланып
Күттүм сени таң агарып кеч батканча
Күттүм сени акылымдан айрылганча
Айтчы мага күтөөрүмдү сездиң беле
Же сендеги соккон жүрөк таштан беле
Күткүн дедиң ушул жазда келем дедиң
Өзүң берген убадаңа ишенгенмин
Мына, ошол көптөн күткөн күн да келди
Убадаң жок өзүң да жок ЖАЗЫҢ келди.
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#23 31 Январь 2013 - 01:56
Бардым бүгүн көпкө олтурдум кете албай
Ак сүйүүгө күбө болуп калган эле
Не жалгызсын кызың кайда дейт шыбырай
Жансыз түшкөн элесиңе тигилип
Өткөн күндү эстеп турдум эзилип
Үнсүз гана сени тиктеп олтурамын
Өзүң тушкөн сүрөтүңө тигилип
Бирге жүргөн ошол күндор эске түшүп
Сүрөтүңдү карап турам термелип
Аттиң арман саамайыңдан сылаар элем
Сырдуу кагаз сени турат бекитип
Билдирүүнү түзөткөн: asanaka: 31 Январь 2013 - 01:57
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#24 31 Январь 2013 - 01:59
Сүйүү издеп таппай келем карегиңден
Сен сырдашып журөсүңгө башка менен
А мен сырдаш өзүм жазган ырым менен
Өтту күнүм кусалыка тепселенген
Өзүм тапкан махабатка жетпей келем
Мен сенден көп нерсени сурабаймын
Сүйүү чындык ишеничти күтүп келем
Кетти күнүм кусалыгым кетпей калды
Сыйлуу бир мейманымдай калып калды
Өзүңдөн тунук сезим күтө берип
Сүйүүм да кадимкидей чарчап калды
Билдирүүнү түзөткөн: asanaka: 31 Январь 2013 - 02:00
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#25 31 Январь 2013 - 02:02
Кудай ургур неге сага жолуккан
Сүөм сени алтынымсың жаркыным деп
Жалган айтып махабатка чаңкаткан
Түшүнө албайм карап сенин көздөрүңө
Арман толо билем аны көкүрөктө
Өчпөс кылып так калтырган көңүлүңө
Ошол адам турат сенин көздөрүңдө
Кандай адам жаш гүлүңдү жулуп алган
Неге ал эмес сен болдуң го азап тарткан
Ичтен сызып азап тонун жамынбагын
Алгандын бермейи бар деп айтылган
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#26 31 Январь 2013 - 02:10
Күтөм сени сен да мени күтөсүңбү
Сүйөм десем мазак кылып күлбөйсүңбү
Берсем сага сүйүү толгон жүрөгүмдү
Кор кылып бүт сүйүүсүн төкпөйсүңбү
Сүйөм десем жат адамча күлбөйсүңбү
Мага арнап сүйүү гүлүн үзөсүңбү
Жалгыз сага бүт баарымды багыштасам
Сүйүүң мене бүт баарымды түптөйсүңбү
Таштадым сага карай түптүү кадам
Сүйөсүңбү сүйбөйсүңбү билбей турам
Сүйөм деген бир сөзүңдү уксам жетет
Сыйла десең сыйлап алам колдон келет
Билдирүүнү түзөткөн: asanaka: 31 Январь 2013 - 02:11
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#27 31 Январь 2013 - 02:13
Жаңыдан башка кадам таштасамбы.
Көңүлү, жок адамдан бакыт күтпөй,
Бүт баарын кайра баштан курасамбы.
Билдим, ооба, көңүлүң жок сенин менде,
Жада калса ойлонбойсуң мен жөнүндө.
Сүйөмүн деп ичтен сызып сүдүрөлгөн,
Ойумду билбейсиң да, кимде күнөө.
Кантсем экен, көңүл үзүп таштасамбы,
Билбей турам сүйө аламбы башка жанды.
Ал адамды чындап эле сүйүп калсам,
А балким унутаармын сени дагы.
Кантсем экен, сүйөмүн деп дагы айтсамбы,
Акыркы ирээт сүйүү андан сурасамбы.
Жалбарып чындыгы жок сүйүү күтпөй,
Ушунчамда баарын жыйнап таштасамбы.
Билдирүүнү түзөткөн: asanaka: 31 Январь 2013 - 02:14
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#28 31 Январь 2013 - 02:15
Адамзат бүт өзүбүз курабыз да.
Чыдай албай ошолордун баардыгына,
Кээ кээде кайсалактап качабыз да.
Неге деп күнөө коюп жаратканга,
Тагдырга ичтен сызып ыйлайбыз да.
Баардыгын топтоп алып бир казанга,
Ал казанда өмүр бою кайнайбыз да.
Курчаган жаратылыш кучагында,
Кээ кээде ушунчалык алсызбыз да.
Көз көрүнө эки жүздүү боло калып,
Адамзат айбандан да жаманбыз да.
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#30 31 Январь 2013 - 11:11
#31 31 Январь 2013 - 13:52
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#32 01 Февраль 2013 - 14:43
Жыгылып кееде бутка тура калып
Жүрөмүн эл катары кыбыр басып
Агарып таң агарса кошо агарып
Агарып таң атканда кошо агарып
Не бир таттуу жакшы ойлорду топтоп алып
Алпурушуп ошол таттуу ойлор менен
Батып келем кун батканда кошо батып
Жылмаю менен таңды тосуп алып
Жаман тилек ой максатты четке кагып
Коёндой окшош күнүм өтүп жатат
Кызарып күн батканда кошо батып
Жараткандан күндө сурайм жалбарып
Ыйман ынсап бакыт бер деп суранып
Жакшы тилек ой максаттан үмүт үзбөй
Агарам таң агарса кошо агарып
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#33 01 Февраль 2013 - 14:53
Сагындым айылымды чан жыттанган
Апакемди чачтары ак бубак баскан
Бактылуу балалыгым өткөн жерди
Сагынып кусаланып бүгүн турам
Сагындым аппак таңын айылымдын
Эске түшөт сенде калган балалыгым
Тан эрте туруп алып мал кайтарган
Сагындым боз адырын айылымдын
Алысмын азыр сенден баралбайым
Бөтөн шаар бөтөн жерди аралаймын
Боз адыр ийри бүйрү жолдлоруңду
Минут сайын эсимден эч чыгарбаймын
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#34 01 Февраль 2013 - 15:01
Эл оозунда элек жок да суйлөй берет
Адамдын ички сырын билбей туруп
Оозуна келгенин бүт оттой берет
Жараткан он сегиз мин ааламында
Адамзат эң акылдуу эсептелет
Өзүнүн үстүндөгү чөптү көрбөй
Өзгөнүн үстүндөгү төөнү көрөт
Көр пенде да күнүмдүгүн ойлоп келет
Шылдың кылат мазактайт да азап берет
Тили жок жырткычтардан кем калышбай
Илгертеден бирин бири тоноп келет
Мен да адаммын ошолордун катарында
Ыйман сурап тилек кылам жатаарымда
Канча күнөөн канча сообуң болсо дагы
Таразалайт жаратканым алганында
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#35 01 Февраль 2013 - 15:18
Капкара, узун экен чачтарыңыз,
Карагаттай көзүңүзгө арбадыңыз.
Бир көргөн элес көздөн кетпей койду,
Сулуу кыз, сыйкырчыдай арбадыңыз.
Мыкты скульптор жасаган айкелиндей,
Келишимдүү, укмуш экен келбетиңиз.
Сиз үчүн жараткандан суранайын,
Тамчылап акпаса экен көз жашыңыз.
Айтылуу, кыз сулуусу ак мөөрдөй,
Аппак жузүң, кырдач мурдуң келишимдүү.
Көрбөсөм да жүрөгүмдөн сезип турам,
Тийген жарды кыла аласың сен бактылуу.
Аттиң неге атың сурап калбаптырмын,
Көргөн бойдон таштай катып калыптырмын.
Таганат, атың сурап алганымда,
Ыр сабына атың кошо батырмакмын.
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#36 01 Февраль 2013 - 15:30
Сенден бөлөк бакыт күтпөйм башка жандан
Бир өмүргө өчпөс кылып сүйүү берип
Жан дүйнөмдү тазала бүт жамандардан
Ишенбе ар ким айтса жалгандарды
Чогултуп тоодой үйбө аомандарды
Ишенчи мен да сага ишенгендей
Тазала бүт дүйнөңдөн жамандарды
Жалооруңку көзүң менен карабачы
Ар кандай сөздүн башын бир айтбачы
Сен башкасын сен бактылуу адамсың деп
Жаркыным ай журөгүмдү кыйнабачы
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#38 04 Февраль 2013 - 00:00
Эрте жаз кок жыттанган айлана
Керемет ун келгин куштар сайраса
Олуу жанга жан киргендей сезилет
Жамгыр жаап жер бетине кок чоп чыкса
Баары жаны бут баардыгы таптаза
Бучур алган тал теректер башкача
Качпастан кучак жая тура берем
Сулуу жаздын ак жаан болуп жааны жааса
Сулуу жаз баардык жанды жандандырган
Койногу да бир озгочо жашылданган
Озгочо баардык жанга дем куч берип
Эскирген суйуусун бут жанылаган
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#39 04 Февраль 2013 - 00:06
Арка жолок жэ иним жок ар жагымда
Кыйналганда акыл насаат айтып турчуу
Жэ агам жок менден улуу баш жагымда
Окунбойм таалайыма тагдырыма
Шугур кылам бул ааламда барлыгыма
Эн эле аянычтуу болгон жери
Окуном жалгыз уул болгонума
Эки кыздын бири уул болсочу
Арка жолок опол тоодой болбосбу
Атаганат арман кылам арман кылам
Аттин ай агам жэ иним болсочу
Чыга албай жалгыздыктын кучагынан
Жалгызсын деген сезим курчап алган
Апама да кееде кееде айтып калам
Болбойт беле дагы бир уул туусан
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ