Бул китепти көпчүлүк эркектерге пайдасы тийип, өздөрүнүн моюнуна жүктөлгөн милдеттерин билип алабы деген максатта, автордун "
КИТЕП ЭЭСИНИН
УРУКСАТЫ БОЛМОЮНЧА БУЛ КИТЕПТИ БАСЫП ЧЫГАРУУГА ЭЧ КИМДИН АКЫСЫ ЖОК ЭКЕНДИГИН ЭСКЕРТЕБИЗ"
- деген эскертүүсүнө карабай көчүрүп коюууну туура көрдүм, (бирок мен басып чыгарбайм))).
....
Аллах Таала эркек менен аялды бири-бирине муктаж кылып өтө адеми бейнеде жараткан жана алардын бири-биринин алдындагы милдеттерин да абдан так белгилеп койгон. Тилекке каршы, бүгүнкү адамдардын көпчүлүгү өз жубайларынын алдындагы ошол милдеттерин билишпейт. үй-бүлөнүн бузулушу, коомдук тартиптердин алсырашы негизинен ушул нерсеге байланыштуу болууда. Бул китепте мусулман кишинин өз аялы алдындагы милдеттери жөнөкөй мисалдар менен түшундүрүлдү.
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#1 05 February 2013 - 00:44
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#2 05 February 2013 - 00:57
КИРИШҮҮ
Бул китеп адепсизди к менен напси-кумарлык жолуна түш үп, Ислам дининен алыстап, адашып жүрг өн жаштардын аң-сезимин ойготуп, туура жолду табууга жардамы тийип калаар деген үмү т менен Пайгамбарыбыз (с.а.в.) саллаллооху алайхи ва салламдын жана анын мураскорлорунун жолун жолдогон изги инсандардын өрн өктө рү нүн негизинде даярдалды. Бул мазмундуу эмгек бир караганда атанын алыстагы эр жеткен уулуна жолдогон каты, же болбосо осуят-ке ңештери шекилд үү туюлуусу турган иш. Канткен менен жаш жигиттерибиз жана жалпы эле мусулмандар китептеги исламий адеп-ахлак менен өрн өктө рдө н үлг у алышат деген ишенимдебиз.
Баардык к өрк ө мд үкт ө р жана изги касиеттер Аллахтан, ал эми жетишпестиктер менен кемчиликтерболсо менин ө зүмдөн.
Абдулкадыр Дада уулу.

#3 05 February 2013 - 01:09
АТАНЫН УУЛУНА АЙТКАН ОСУЯТТАРЫ
Оо, сүйүктүү уулум! Мына ошентип, сен эр жеттиң,. Балалык доорунан өтүп, үйлөнө турган кезиң келди. Ошондуктан, мен сенин, атаң катары,айрым нерселерден кабардар кылып коймокчумун. Алдымда болгонуңда буларды көзмө-көз түшүндүргөн болоор элем, бирок узакта болгонум себептүү насыяттарымды жазып жиберип олтурамын. Диний маселелерди үйрөнүүдө уят жок. Анткени азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Лаа хаййа фид-диин» (динде уят жок, б.а. дин маселелерин үйрөнүүдө жана үйрөтүүдө уялуунун кажети жок), - деп айткан. Кыскасы бул сөздөр сени уялтпасын.
Уулум!
Аллах Таала Жерди жаратып, аны адамдар менен көркөмдөп,башка баардык жаратылыш-макулуктардын баарын адамга кызмат кылууга буюруп койгон. Алгачкы адамзат бир эркек жана бир аялдан гана турган. Алар периштелердин күбөлүгү менен никелешкен. Алгачкы эркек - Адам, аялгачкы аял болсо - Хава болчу. Аллах Таала Адам менен Хавага жерде иш-амалдарды аткарууну үйрөтүп турган жана алар да дал ошондой аткарышкан. Бүткүл адамзат ошол эки инсандан таркалган. Алардын урпактары шайтандын азгырыгына учурады жана Аллахтан келген шариаттык эрежелерге каршы чыга башташат. Жерде, ошентип,адамдардын эки тайпасы пайда болот.
1). Аллахка жана ал жиберген Пайгамбарларга моюн сунуучулар (мусулмандар);
2). Аллахкакаршы чыгып, Ага моюн сунбоочулар (каапырлар).
Биз, алхамду лиллах, Аллахка жана Анын Пайгамбарларына ыйман келтирип, аларга моюн сунуучу тайпадан болдук. Жолубуз - Аллах көрсөткөн жол.
Ошондуктан менин насыяттарым Аллахка жана Анын Пайгамбары азирети Мухаммад (с.а.в.) га ыйман келтиргендерге, башкача айтканда,сен жана сен сыяктуу жаштарга арналат.
Уулум!
Эркек жана аял бул дүйнөдө эң, ардактуу жана акылдуу махлук. Бул эки махлук ар дайым бири-бирине муктаж. Алар бири-бири менен чогуу өмүр кечириш үчүн жаратылган. Мунун кадырына жетпестен, бойдок өмүр сүрүү - чоң каталык болуп саналат. Мурунку шариаттардын эч биринде эркек менен аялдын бойдок өмүр сүрүүсүнө үндөгөн эч кандай амир же насыят жок. Бирок эркек менен аялдын жупташуусу бир гана шариаттык нике менен болууга тийиш. Экөөсүнүн ой-пикири,дүйнө таанымы, көз карашы жана дүйнө сезими, диний ишеними, ыйман-ыкласы бири-бирине дал келүүсү абзел. Ошондо гана алар бири-бирин сүйгөн жубайларга айланышат да, жүрөктөн чыккан махабаттуу данакерлик ичинде өмүр кечиришет.

#4 05 February 2013 - 01:24
Үйлөнөөрдөн мурда ойлон
Чогуу өмүр сүрүүгө Аллахтын шариаты менен ыйгарым укук берилген эрлүү-зайыптын бири-биринен ажырашуусу да,албетте, шариаттык көз караштан алганда мыйзамдуу болушу жана жүйөлүү себепке таянуусу шарт. Андай болбогон учурда алардын ажырашуусу, шариаттык аспектиден алганда, кылмыш жана күнөө болуп эсептелет.
Азыркы жаштар болочок келинчегинин кашы-көзүнө, бой-турпатына, сулуулугуна, чырайлуу күлкүсүнө, шаңдуу жүрүшүнө, бийлешине, ырдашына, жогорку билимине, назиктигине көңүл бөлүшөт. Кыздын атасынын айлыгынын көптүгүнө кызыгып үйлөнүүгө умтулгандар болсо оголе көп. Бирок бай-бардар аялга үйлөнүүдөн бактылуу болгондор адамзат тарыхында өтө сейрек кездешет. Тескерисинче, карапайым кызга үйлөнүп, бактылуу өмүр кечирип жаткандар сансыз көп.
Бай аялга үйлөнүү - көпчүлүк учурларда, анын кызматчысына айлануу сыяктуу жагымсыз натыйжага дуушар кылаары чын. Бирокт агдырдын эрки менен, бай, бирок абдан такыба, ыйманы күчтүү, жупуну жана кичипейил кызга үйлөнүүгө туура келсе, андай сунушту четке какпоо туура.үйлөнүү - Аллахтын амири жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын насыяты: ал кээ бир учурларда - фарз, айрым учурларда -ваажиб, башка жагдайларда болсо – сүннөт. Жүйөлүү себеп болбосо, үйлөнүүдөн баш тартуу - дурус эмес.
Уламалардын бири Адхам үйлөнүүнүн мааниси тууралуу мындай деген:
«Үйлөнгөн адамдын өз бала-чакасы үчүн тарткан аз гана кыйынчылыгы - көп жылдар бою бойдок абалда аткарылган напил ибадаттардан артык.Үйлөнгөндөрдүн бойдоктордон артыкчылыгы - Аллах жолунда жихадга чыккандардын жихадга чыкпастан үйлөрүндө олтургандардан артыкчылыгындай».
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын: «О, үммөтүм! Үйлөнгүлө,үй- бүлө күткүлө. Анткени никедеги бир кун бир жылдык напил ибадаттан жакшыраак.О, үммөтүм! Силерден кимдир бирөө үйлөнгөн кезинде шайтан өз шериктерине минтип кыйкырат: «Бул адам дининин эки бөлүгүн менден сактап калды». Үйлөнсөнөр өзүнөргө аталык ардакты жана үйлөнө турган аялдарга энелик ардакты тартуулаган болосунар! » - деген мааниде куттуу насыят айтып, жакшылыкка үндөгөн.
Ушундан көрүнүп тургандай, турмуш куруу - динибиздин негиздеринин бири. Азирети Пайгамбарыбыз(с. а.в.) дын сөздөрүнүн биринде: «Силердин эң жакшыңар - бала-чакасына жакшымамиле кылгандар» - деген маанидеги насыятты айткан.

#5 05 February 2013 - 01:35
ТЕ
ҢИҢДИ ТАНДАГАНДА ДА ОЙЛОН
Оо, уулум! Туш келген эле аялга көнүл бөлүп, же суктанып, дароо үйлөнүүгө аракет жасоо - дурус эмес. Эки тарап чон тойдон мурун бирин-бири көрүүсү керек. Бизден узакта жүргөн кезинде ката кетирип алабы деп чочулаймын. Менин бул насыяттарымдын сага жетүүсүнөн кечигип калбасын Аллахтан тилеймин.
Адамдарды таанууда эң мыкты критерий - бул Пайгамбарыбыз менен анын сахабалары карманган жол экени талашсыз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адамдарга «бул жакшы адам» деп дароо эле баа берүүгө ашыкпоону насыят кылган. Хадистердин биринде мындай маанидеги насыят бар: «Адамдын намаз окуганы менен орозо кармаганы силерди (аны такыба сыяктуу пикир жаратып) алдап койбосун. Анын акчага байланыштуу мамилесине карагыла (да,ошого жараша тыянак чыгаргыла)». Демек, кимдир бирөөнүн намаз окуганы менен орозо кармаганынын өзү эле жакшы таанып-билүү үчүн негиз боло албайт. Ушуга байланыштуу Умар (разияллооху анху) жөнүндөгү бир икаяны эске сала өтүүнүн ыгыкелип турат.
ХАЛИФ УМАР (Р.А.) ДАН КАЛГАН БИР САБАК
АзиретиУмар (разияллооху анху) бир адамдын ким экендигин, б.а. кандай инсан экендигин билгиси келет да, адамдардан:
- Бул киши тууралуу эмне билесиңер? - деп сурайт. Бир киши: -О, момундардын амири, мен аны тааныймын. Ал жакшы адам, - деп жооп берет. Ошондо Умар (разияллооху анху)ага бир нече суроо берет: - Сен аны жакшы тааныйсыңбы? - Ооба, жакшы тааныймын. - Эмне, сен анын кошунасысыңбы? -Жок, кошунасы эмесмин. - Же аны менен сапарда бирге болуп, мүнөзүнүн мыкты экенин байкадыңбы? -Жок, аны менен сапарга чыкканэмесмин. -Же болбосо, аны менен бирге соода-сатык жасагансыңбы? -Жок, аны менен соода-сатык да кылган эмесмин. - Сен анын мечитте намаз окуганын көрүп жакшы адам деп айтып жаткан окшойсун?! -Ооба. Ошондо Умар (разияллооху анху)мындай дейт: -Бара бер. Жолуң бош. Сен бул адамды тааныбайт экенсиң. Ошентип, бул окуя - экинчи Халиф Умар (разияллооху анху) нун кыяматка чейинки мусулман үммөттөрдүн баарына калтырган эң соонун сабагы. О, уулум, бул сабакты кулагыңа коргошундай куюп, сыргадай илип ал жана ушул сабакка амал кылып жүр. Асыресе, биринчи өмүрлүк жолдошуң боло турган аял маселесинде абдан сак болгун. Антпесең, өкүнүчтө каласын. Ал эми учуру өтүп кеткен соң, өкүнүч пайда бербейт.

#6 05 February 2013 - 06:33
БОЛОЧОК КЕЛИНЧЕГИҢДИН КАНДАЙ КАСИЕТТЕРИНЕ МААНИ БEPҮҮҢ КЕРЕК?
Баардык жагынан алганда жана бүткүл иштерде эң соонун жол көрсөтүүчү даанышман-көсөм болгон Пайгамбарыбыз(с. а.в.) мындай деген: «Аялды жубайлыкка, анын төрт нерсесинен улам алышат:(1) байлыгына карап; (2) тегине карап; (3) сулуулугуна карап; (4) диндарлыгына карап. Ошондуктан сен диндарлыгына карап үйлөнгүн, андай кылбасан, сен утулуп каласьң!" (ал-Бухари; Муслим).
Демек, бул мындай. Адатта, адамдар аялдардын ушул сыпаттарга ээ болушун каалашат, ал эми сен болсо, кимиси ыймандуу, диндар, динчил, такыба болсо, б.а.исламды бекем карманса, ошонусуна умтул, ошону менен үйлөн жана ошону менен жаша.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз(с. а.в.): "Жакшы адеп-ахлактуу, тарбиялуу жана салих чөйрөдө чоңойгон кыздарга үйлөнгүлө. Анткени, (кыздын) уруусу, ата-теги жана каныабдан алдоочу (б.а. адаштыруучулардан болуп эсептелет)" - деген маанидеги да насыятты айткан.

#7 05 February 2013 - 08:41
ассалому ъалейкум. Бул китептин уландысы болсо керек же ушундай кыскабы? Болсо толук версиясын кутом.
#8 05 February 2013 - 15:12
ассалому ъалейкум. Бул китептин уландысы болсо керек же ушундай кыскабы? Болсо толук версиясын кутом.
Уландысы бар,аябай сонун китеп.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#9 05 February 2013 - 15:40
ҮЙЛӨНҮҮНҮН
ЧЕЧИМИ
Өткөн замандардын биринде бир жол башчынын уулу үйлөнүүнү каалайт. Ошентип ал устасынан кандай кызга үйлөнүү керектигин сурайт. Устасы ага: «Келин болом деген кыздарды сыноодон өткөр.Диндар жана (күйөөсүнө) моюн суна турганын танда», - деп айтат ага. Жолбашчынын уулу аялдыкка тандаган кыздарды мындайча сынайт: аларды деңиздин жээгине алып келип, ар биринин колуна бирден алтын тыйын берет да, анан аларды алтын тыйындарын деңизге ыргытууга буюрат. Алардын бири эч ойлонбостон туруп алтын тыйынын деңизге ыргытып жиберет. Калгандары болсо ыргылжын, болуп, олку-солкуболуп туруп, анан ыргытышат. Ал эми айрымдары болсо жолбашчынын уулунун буйругуна моюн сунушпайт. Ошондо тигил жигит буйрукка ойлонбостон дароо моюн сунган кызга үйлөнүүгө чечим чыгарат.
с.
Өткөн замандардын биринде бир жол башчынын уулу үйлөнүүнү каалайт. Ошентип ал устасынан кандай кызга үйлөнүү керектигин сурайт. Устасы ага: «Келин болом деген кыздарды сыноодон өткөр.Диндар жана (күйөөсүнө) моюн суна турганын танда», - деп айтат ага. Жолбашчынын уулу аялдыкка тандаган кыздарды мындайча сынайт: аларды деңиздин жээгине алып келип, ар биринин колуна бирден алтын тыйын берет да, анан аларды алтын тыйындарын деңизге ыргытууга буюрат. Алардын бири эч ойлонбостон туруп алтын тыйынын деңизге ыргытып жиберет. Калгандары болсо ыргылжын, болуп, олку-солкуболуп туруп, анан ыргытышат. Ал эми айрымдары болсо жолбашчынын уулунун буйругуна моюн сунушпайт. Ошондо тигил жигит буйрукка ойлонбостон дароо моюн сунган кызга үйлөнүүгө чечим чыгарат.
с.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#10 05 February 2013 - 15:44
ҮЙЛӨНҮҮДӨ: ИЗИЛДЕ, СУРАШТЫР, ИЛИКТЕ.
Уулум!
Биргеликте үй-бүлө кура турган жаштар бири-бирин таанышы, билиши керек. Бул, мисалы, үйс атып аларда кошуналарга маани берген сыяктуу нерсе: эгер кошуналар абдан жаман болсо, сатып алган үйүң канчалык арзан жана ыңгайлуу болсо да, ал үйдөн бактылуу болуу кыйын, ошондуктан андай үйдү сатып алууну эч каалабайт. Анткени начар адамдар менен кошуна болуп бирге туруу - бул чоң азап. Ошол сыяктуу эле, өмүрлүк жар, дос жана жолдош боло турган адамды да сынап-билүү, иликтөө лаазым. Туш келген эле адамменен жолдош болууга болбойт.
Үйлөнүү да ошол сыяктуу. Киши үйлөнөөр алдында "жети өлчөп, бир кессе", дурусу ошол. Бирок эң оболу (истихара жана тахажжуд намазы аркылуу) Аллахтан, мисалы, мындайча кеңеш жана жардам сурап: "О, Роббим! Мен канчалык издесем да, сынасам да, өзүм,диним, дүйнөм жана акыретим үчүн кимдин берекелүү жар болоорун биле албаймын. Кыздардын ичинен мага кайыр-берекелүү боло турганын мага насип кыла көр. Сен баарын көрүп, билип турасың. А мен болсо эч нерсени билбеймин. Мен - алсызмын,Сен - Кудуреттүүсүң. .." - деп дуба кылган абзел. Дубалар кабыл боло турган учурларды кабарсыздыктан же кайдыгерликтен улам текке кетирип алба. Кыскасы,Аллахтын ысмы жана жардамы менен аракеттенүү керек. Ошондой эле, менин төмөнкүсөздөрүмдү эсиңе туткун:
1) "Эх- уф!" деп, баардык нерсеге нааразы боло бере турган; 2) Кылган ишин милдет-колко кыла турган; 3) Бөтөн эркектерге көз кыры менен болсо да, напси козгой(наздуу жылмайып) караган;
4) Көчөгө сыланып-жасанып, үйдө болсо шалаакы-шалтак кийине турган;
5) Сага моюн сунбай турган, текебер,дөөпөрөс- бейпаам кыздарды жубайлыка тандаба...
Өзүңдөн бою узунду да, өтө кысканы да тандабаганың жакшы: Пайгамбарыбыз (с.а.в) А мындай мааниде кеңеш айькан: “ Кичипейил, аккөңүл адам тозоко түшпөйт,үйлөнө турган кыз тууралуу чынчыл-калысадамдардан сураштыргыла. Кыз жана анын үй-бүлөсү тууралуу терс пикирди карманган (көралбас) адамдардан жана кара ниеттүү инсандардан (кеңеш да,маалымат да) сурабагыла" .

#11 05 February 2013 - 16:18
Ырас ачыптырсыз бул теманы. Азыр эркектер кыздардын эле милдеттерин билип калышпадыбы.
Бул жакты окуп, өзүлөрүнүн да милдеттерин билип калышат...
#12 05 February 2013 - 17:12
ӨЗ ТЕҢИҢДИ ТАБА БИЛ.
Кымбаттуу перзентим! Аллах Таала буйруган никеде өзара тендикке да маани берилет. Тендик жагына көнүл бөлүнсө нике өтө бекем болот. Эркек киши ата-теги, диндарлыгы, байлыгы, билими жагынан аялы менен тең же андан жогору денгээлде болгону дурус. Мисалы, бай аялдын кедей эркек менен,адепсиз үй-бүлөдөн чыккан кыздын тарбия-таалимдүү үй-бүлөдөн чыккан жигит менен, диндар эркектин динсиз аял менен турмуш куруусу - өмүрдүн берекесиз,шор- азаптуу өтүшүнө, кээ бир учурларда үй-бүлөнүн таптакыр талкаланып- бузулупкалышына алып келүүсү мүмкүн.
Ошондуктан үйлөнөөрдөн мурда иштин ушул жагын да эстен чыгарбоо лаазым. Бирок шаардык менен айылдыктын, жашыулуу адам жаш зайыптын, сулуу эркек менен куниктин турмуш куруусуна эч кандай тоскоолдук жок.
Кымбаттуу перзентим! Аллах Таала буйруган никеде өзара тендикке да маани берилет. Тендик жагына көнүл бөлүнсө нике өтө бекем болот. Эркек киши ата-теги, диндарлыгы, байлыгы, билими жагынан аялы менен тең же андан жогору денгээлде болгону дурус. Мисалы, бай аялдын кедей эркек менен,адепсиз үй-бүлөдөн чыккан кыздын тарбия-таалимдүү үй-бүлөдөн чыккан жигит менен, диндар эркектин динсиз аял менен турмуш куруусу - өмүрдүн берекесиз,шор- азаптуу өтүшүнө, кээ бир учурларда үй-бүлөнүн таптакыр талкаланып- бузулупкалышына алып келүүсү мүмкүн.
Ошондуктан үйлөнөөрдөн мурда иштин ушул жагын да эстен чыгарбоо лаазым. Бирок шаардык менен айылдыктын, жашыулуу адам жаш зайыптын, сулуу эркек менен куниктин турмуш куруусуна эч кандай тоскоолдук жок.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#13 05 February 2013 - 20:40
Жакшы,маанилуу,
тасирлуу жазылыптыр,
айтылыптыр.Кана эми ушул создордун баарына ишенип,тушунуп,
бекем турса эркектерибиз.
Азаматсын Нурадыл.Атана рахмат!
Азаматсын Нурадыл.Атана рахмат!
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#14 05 February 2013 - 21:18
ОО, ҮЙЛӨНҮҮЧҮ, ХАРАМДАН САКТАН!
Сүйүктүү уулум! Бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болууну каалаган адам Аллахтын амирине толук моюн сунуп,Ал тыюу салган нерселеринен оолак болууга тийиш. Аллахтын китеби Курани Карим менен Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын хадистеринде адамзатка эмнелер пайдалуу жанакайсыл нерселер зыяндуу экени ачык-айрым баяндалган. Ошол насыяттарга толук амал кылынса гана инсан эки дүйнөдө тең пайда көрөт жана бактылуу болот.Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын мындай дегени кабардалат: «Бөтөн аялдын жүзүнө кароо- бул шайтандын өктөрүнүн бири. Кимде-ким өз көзүн харамдардан сактаса, АллахТаала ага ибадаттын лаззатын таттырат" . Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын мындай деген маанидеги насыяты да белгилүү:
"Бөтөн аялга караган кезде тигиле карабагыла" ."О, үммөтүм! Көзүндү харамдан сакта!" "Бир жолу жасалган зына (ойноштук) жети жылдык жакшы амалдарды жок кылат!" Мына ушул насыяттарды кайра-кайра окуп жүрүшүндү сага насыят кыламын.
Ошондой эле, хадистерден белгилүү болгондой, зына(ойноштук) кылуу - бул мусулмандын динин, акылын, өмүрүн жана ырыскысын кыскартат; Аллахтын азабына дуушар кылат; бетинин нурун кетирет; жакшылыктардан кур калтырып, башкалардын жийиркенүүсүнө алып келет; акыретте жан чыдагыс оор азаптарга алып келет;
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#15 05 February 2013 - 21:28
ТУУРА ЭМЕС НИКЕ.
Кымбаттуу уулум!
Биз, алхамду лиллах, мусулманбыз.
Турмушубуздун баардык тарабында Исламдын өкүмдөрүнө моюн сунуп, ал тыюу салган нерселеринен тыйылууга тийишпиз. Антпесе, мусулмандыгыбыз кайсы? Бул дүйнөнүн башы болгондой эле, соңу да бар. Кыяматта баардык иштерибизден эсеп-кысап кылынат. Муну эч качан эстен чыгарба! Эч бир иште Аллахтын сызган чектеринен чыкпа. Бул сөз никеге да тиешелүү. Исламда махрам (б.а. эк жакын) адамдар менен үйлөнүүгө тыюу салынган. Буларды өзуң деле билсең керек. Ар бир мусулман кишиге энеси, кызы,карындашы,
эжеси, апжеси, бир туугандарынын кыздары, жээндер, уулунун аялы б.а.келини, кайын энеси, эмчектеши, эмизген эмчек энеси, эмчектешинин кызы сыяктуулардын баары махрам эсептелет, алар менен үйлөнүү - кескин түрдө жана катуу тыюу салынган харамдардан.
Мына ушулардан башкалары менен үйлөнүү -халал.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#16 06 February 2013 - 15:31
Ушуну менен эркектин милдети буттубу?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 06 February 2013 - 15:42
Ушуну менен эркектин милдети буттубу?
Бул башталышы гана)))) убактым тар болуп жатат көчүрүп ондоп киргизгенге. ..
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#18 06 February 2013 - 15:48
ТУУРА НИКЕ
Уулум! Эч качан өзүңө махрам болбогон аял менен эч бир жайда жалгыз калба. Анткени, мындай жагдай (кудай сактасын! ) Аллахка каапырлык кылгандан кийинки эле (экинчи) орунда турган эң чоң, күнөөгө жол ачат. Эч бир себеп бул күнөөнү жеңилдете албайт. Шайтан - жалгыз калган аял менен эркектин үчүнчүсү жана абдан оор күнөөлүү харам ишке жол баштоочу болуп ошол жерде болот.
Бирге болууга бир гана шариаттык нике гана жол ачат. Аллахтын эреже-мыйзамы - ушу.
Куда түшүп коюлган болсо да,никелешүүдөн мурун аны менен жалгыз калуу - харам. Бул нерсе өтө манилүү.Келечектеги касиеттүү үй-бүлөнүн босогосуна харам аралашып калышы ыктымал.Анткени жаштыктын кызуулугу ташкындап турган кезде напсин тизгиндөө кыйынга турат.

#19 06 February 2013 - 15:49
ҮЙЛӨНСӨҢ ОБОЛУ НИКЕ КЫЙЫЛСЫН.
Эсиңде болсун, уулум! Никени каттоочу мекемелерде (мисалы ЗАГСтан өтүп, үйлөнүү күбөлүгүн алуу сыяктуу) расмий иштерди аткаруу - бул "расмий" деп аталган, бирок никени берекелүү кыла албай турган нерсе. Бирок кайсыл элдин ичинде жашап жатсан, ошол элдин мыйзамы талап кылган амалдарды - эгер ал мыйзам шариатка каршы келбесе -аткарып коюу ашыкчалык кылбайт, антпесең коомдун каршылыгына туш болушуң ыктымал. Бирок бул расмий амалдар эч качан нике ордуна өтпөйт. Мусулман адам,албетте, шариатта көрсөтүлгөндөй никеге туруусу сөзсүз керек. Диний никесиз баш кошуу жана жубай катары бирге жашоо -харам. Шариаттык никеден кийин дароо акбата алуу расмиси [3-4 киши чакырылып, чакан тойчо] жасалат, тагыраак айтканда,ошол эки жаштын баш кошкону тууралуу кошуна-колоңдорго же эки тараптын тең,жакын туугандарына билдирилет. Никени байлап коюп, ал эми аны жарыя кылууну жашырып коюуга болбойт. Анткени азыркы күндө адашкан кээ бир кыз-жигиттер "биз баары бир ак нике аркылуу үйлөнгөнбүз" деп, жаштыкка таандык көтөрүнкү маанай менен жүрө берет да, кийин ортолорунда кандайдыр бир келишпестик чыгып,ажырашып кетишет. Мындай учурда жашыруун байланган никенин айынан кыз тарап эмне кылаарын билбей баш катып, жигит тарап да ыңгайсыз абалда калат, кыз жарым-жартылай тул, жигит жарым-жартылай бойдок. Мындай учурда өзгөчө кыз үчүн жаңыдан турмуш куруу зарыл болот, бирок эми андай кылуу да ага оңойго турбайт, анткени анын жесир аял экенин да, же абийир-ариеттүү кыз экенин да билбей, абдан ыплас нерседен катуу шектелген уятсыз абалда калып кетип, андан кийин бактылуу болуусу ого бетер оорлойт.
Биз жогоруда айткан жагдай, б.а. кайсыл бир аял менен жалгыз калуу - жарым-жартылай турмуш куруу менен барабар нерсе. Кыздар менен кайсыл бир жайда жалгыз калуу сага канчалык жагымдуу жана сүйкүмдүү көрүнгөнү менен, мындай жагдайдан сактанганын, абзел, атүгүл кыз же кыз тарап сени ошондой кылууга түртүшсө да. Анткени алар да мындай кылуу чоң, күнөө экенин билишпеси мумкун.
Бир келин нике кыйылган соң: "О, насип-буйруккатаң бербей койо албайсың! " деген экен.
Баардык иштер (нике, той расмилери) аткарылып болгондон кийин деле, кыз-жигит көшөгөгө кирмейинче, башкача айтканда "нике түнү"аткарылмайынча, ал кыз биздин алдыбызда келин жана сага аял болуп эсептелбейт.
Кээ бир адамдардын: "Азырынча балдарыбызды никелештирип койолу, анан шашпай элге жарыя кыларбыз" деши жаштар үчүн да,кудалар үчүн абдан кооптуу жагдайды пайда кылат. Никенин жарыя болуусу абзел,анткени эгерде кайсыл бир кызга куда түшүлгөнү, кулак сөйкө тагылганы, ошондой эле нике кыйылганы, тагыраак айтканда башы "бош" экени да, же башы"ээленген" экени да белгилүү болбогон кызга бирөөнүн куда түшүп келиши кыйын. Аялдыкка алынуусу белгилүү болуп калган кызды келиндикке эч ким сураштырып да убара болбойт, куда түшүп да келе бербейт.
О, уулум! Эгерде кайсыл бир боз улан сенин карындашың менен жүрүп, аны менен жалгыз калып (андан Аллахсактасын) андан кийин: "Биз бири-бирибиз менен келише албай калдык,ошондуктан муну менен баш кошуудан баш тартам" - десе, абалыбыз эмне болот? Ошол себептүү өзүңө каалабаган нерсени башкаларга да ыраа көрбө.

#20 06 February 2013 - 16:10
НИКЕНИ КИМДИН КЫЙГАНЫ, Б.А. БАЙЛАГАНЫ ЖАКШЫ?
Оо, уулум! Никени мурдатан нике кыйып жүргөн жана нике тууралуу шариаттык илими бар адамга кыйдыр. Аялыңа бере турган махрдын3 өлчөмүн так аныктап ал4. Нак берип жаткан махрды да, атүгүл анын кийинчерээк бере турган бөлүгүн да өлчөмүн кагазга жаздырып кой.
Нике эки эркек киши же бир эркек киши жана эки аялдын күбөлүгүндө кыйылууга, б.а. байланууга тийиш экендигин сен деле жакшы билсең, керек.
Махр - сен аялдыкка ала турган кыздын өзүнө гана берилүүгө тийиш болгон акы жана эч кимдин колу тийгис жеке өз мүлкү болуп эсептелет, (ошондуктан махрды кыз өзү тартуу кылбаса, анын ата-энесинин да алууга акысы жок, ансыз махр аларга харам болуп калат). Ошол себептүү аялыңдын махрына анын уруксатысыз сен да тийбегин.
Нике маалында даараттуу абалдаболгун. Никеден мурун истигфар айтып, Аллахка тооба келтиргин, бул үч үнатайын намаз окусаң, да болот. Анткени ошолубакта тооба келтирсең., күнөөлөрүн, төгүлөт. ДАГЫ БИР МААНИЛҮҮ НЕРСЕ - ЭЧ КАЧАН АЖЫРАШПОО НИЕТИ МЕНЕН ГАНА НИКЕГЕ ТУРГУН .
Махр - бул кыздынатасына берилүүчү «калың» эмес. Калың - бул адашкан салт, ал эми «махр» болсо -фарз, б.а. махрды сөзсүз берүүгө тийишсиң, ал эми калың берсең-бербесең эчнерсе болбойт. Махр учун кыяматта сурак болот. Калың тууралу сурак жок. Калың,бар болгону кыздын ата-энесине тартуулануучу белек, анын өлчөмүнө «ставка»коюлса, анда ал харам болуп калат. Аны ар ким колунан келишинче жана келишимгежараша берет. - Дадауулу
4 Анын өлчөмү алтындын учурдагы наркына жараша бираз өзгөрүлүп турат, аныфакихтерден дагы тактап аласың.

Супер-Инфо
super.kg
видео