Абдан жакшы. Достор колдоп койгула. Алдын ала ыраазычылыгымды билдирем.
14-февраль махабат майрамына карата сынак! Өткөзүп жибербеңиз!
#22 04 February 2013 - 18:00
Каап,кыргызстанда б.сок...катышмакенбиз.
..
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#23 04 February 2013 - 18:39
Улан+Айпери

.jpg)
.jpg)
.jpg)

Айпери сынактын экинчи багыты - сүйүүсүн билдирүү боюнча да төмөндөгү сүрөттөрдү жиберген:

.jpg)
.jpg)
.jpg)

Улан менен Айперини сүйүү баяны...
Экөөбүздү тааныштырган Наргиза деген курбум болду, ал кыз мага курбу, ал эми Уландын карындашы эле... Ошентип тааныштык, албетте таанышканда эле бизде чоң сүйүү башталды деп айта албайм... Сыртыбыздан карап, жактырып жүрдүк... Андан соң телефон чалуулар башталды, экөөбүз телефондон жакшы эле сүйлөшөбүз бирок, эмнегедир мен андан аябай сүрдөнүп, уялып мектептен көзүнө да карай албай качып кетчү элем (азыр ошону эстеп күлүп калабыз)... Убакыт өтүп ал 11-классты бүтүрүп кетти... Сүйлөшүүбүз социалдык тармактан уланды... Ал Москвада, мен Бишкекте... 2010-жылы туулган күнүмө карата келип, ошондон баштап көп-көп жолугушуп калдык...
Ал эми экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп калган күн эсибизден такыр кетпейт, ал күн 8-апрель 2011-жыл эле... 8 деген сан нумерология боюнча эң чексиз сан деп эсептелет экен, ошондуктан Биздин Махабатыбыз түбөлүктүү болот деп ишенем... Ошентип, Кудайым буюрса Бизге ушул жылы 2 жыл болот... 2 жыл ичинде кандай гана бактылуу, унутулгус, сонун күндөрдү өткөрдүк... Бири-бирибиздин Апаларыбыз менен таанышканга да жетиштик...
Бизди аябай окшоштурушат мүнөз, келбет... Бирок менин оюмча Биз бири-бирибизди толуктап турабыз...
Биз абдан Бактылуубуз Кудайым сиздерден да ушундай бакытты аябайт деп ишенем...
Орусча айткандай “Наша история только начинается”. ..

#24 04 February 2013 - 19:42
Түгөйлөр окшош болушат ээ..
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#25 04 February 2013 - 21:59
Мирлан+Гүлшат

Сүйүү баяны:
Гүлшат экөөбүз алгач радиодон кокусунан таанышып калганбыз. Анткени экөөбүздүн тең максатыбыз жөн эле убакыт өткөрүп радиону эрмектейли деп байланышка чыгып калып,тагдыр буйрук экен бири-бирибизди таап калдык.
Алгач таанышкандан кийин 3 күндөн кийин жолугушууну белгилеп, экөөбүз жолуктук. Гүлшат өтө жөнөкөй, шайыр анан адам менен бат тил табышып кеткени мени өзүнө тартып турду. Мен жашоодо көп сүйлобөгөндүктөн мага ушундай кыз керек экендигин дароо сездим да, сүйүү сезимим күчөп не кылаарымды билбей калдым. Гүлшат менден 3 жашка улуу экендигине карабай катуу сүйүп калдым. Ага да жашымды жашырып тең эле экенбиз деп эч сыр берген жокмун. Убакыт өтүп анын жүрөгүн да ээлегенге жетиштим. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөн күндөрүбүздү айтсак өзүнчө бир жомок. Биз 1жыл 3 ай кыз жигит катарында сүйлөшүп жүрдүк. Мени ал убакта кыйнаган нерсе бул 3 жашка кичуу экенимди айтуу болгон. Анткени Гүлшат эртеби кечпи билип калса кечирбей койсочу, мүмкүн таштап кетсечи деген ойлор мени бушайман кылчу.
Ошентип экөөбүз кыш экенине карабай 2010-жылы болгондо да 14-февраль күнү турмуштун чоң жолуна бирге аттандык. Азыр бир түтүн булатканыбызга 14-февралда 3 жыл болот. Ортобузда Даниель аттуу таттуу уулубуз бар. Учурда сүйүктүү жубайым кош бойлуу, келечекте кыздуу болууну самап турабыз!

Сынактын экинчи багыты - сезимдерин билдирүү:
Гулшат жаныма!
Алыстан барсам алдыман тосуп чыгаарым,
күткөнүм бар деп сүйүнүп мен да барамын,
бактыма багып, өстүрүп койгон мен үчүн,
бул дүйнөдө апаңа сенин ыраазымын! !!
Жүрөккө кубат берет сенин шаңың,
Сен үчүн курман болсун назик жаным,
Эгерде керек болсо суу ордуна,
Куярмын жүрөгүмдүн ысык канын!
Күндөр учуп чөп кыймылдап жер алмашат,
Тоодой ташты тоголотуп дайра агат,
Мунун бары убакыттын өткөнүн кабарлашат,
Күндөр өтсүн, жылдар өтсүн айырма жок,
Сага сүйүүм эч карыбай, суудан аккан, Ак берметтей тунук калат!

#26 05 February 2013 - 09:17
Мирлан +Айзат

Биз Айзат экөөб
үз мындан 4 жыл мурун 4-февралда борбор шаарыбыздын жаштар паркы б-н Ата-тү
рк паркынд
а таанышканбыз.
Ошондо биринчи эле көргөндө кандайдыр бир сезимдер пайда болуп сулуулугуна ашык болуп калдым. Ошол сезимдер м-н күрөшүүгө туура келип күрөшө баштадым. Номерин алып кезигишип, бири-бирибизди жакындан билишип дегендей. Ошентип мага өз келечегимди Айзатсыз элестете албасыма толук көзүм жетти, макулдугун алууга б-н аракетимди жумшап жатып 14-февралрь күнү жообун алып аябагандай сүйүнгөнмүн.
Ошол сүйүнүч азыр дагы жашап келет, анткени мен ал түбөлүк бактым б-н Айзат м-н түбөлүк биргемин. Биз Айзат экөөбүз "кыз-жигит"
доорун бир жарым жылдан ашык сүрдүк. Бир жарым жыл ичинде мен Айзатка өзүмдү сүйдүргөнгө дагы жетиштим. Айзат экөөбүз бири-бирбизсиз жашай албасыбызды билдик, үйлөндүк. Азыркы учурда ортобузда сүйүүдөн жаралган Аймир аттуу сүйкүмдүү балабыз бар. Аймир деп атын өзүм койгон болчумун, Айзаттан
АЙды алып, менден МИРди
алып дегендей. Мен үй бүлөм м-н ар дайым бактылуумун.
Ошол Айзат экөөбүз таанышканда мен ага сүйүүмдү минтип билдирген болчумун! "жааным экөөбүздү махабат ханышасы сүйүү шаарчасына чакырып жатат, ал шаарчада жүрөгүндө ак сүйүүсү барлар жана ошол ак сүйүүсүн түбөлүктүү дегендер жашайт экен. Ал махабат ханышасы көптүн арасынан экөөбүздү тандап алыптыр. Дареги суйуу шаарчасы, махабат кочосу, номер "345".

#27 05 February 2013 - 13:58
Ааай иий сонун тугойлор экен. Тугойум болгондо мен да катышат элем. Бул суроттогулор биздин сайтта катталгандарбы?
Алар да бул темага активдуу катышса, биз кийин добуш бергенге жакшы болмок.
ооба мен озум кирип турам тугойум кирбейт да анча кызыга бербейт,мен да аябай кызыгып калдым буйруса суроттубузду койууга бул жакка катышууга аракет кыламын,а сизге журогунуздун жарымын тезиреек таап алышынызга тилектешмин.
#28 05 February 2013 - 14:39
мага атайы ыр жаздырган да суйутум ошол ырды музыкасы ырдаганы менен кошуп кетирсем болобу? суротко кошуп ыя?
орусча ыр болобу
орусча ыр болобу
Алга жана алга!
#29 05 February 2013 - 14:59
мага атайы ыр жаздырган да суйутум ошол ырды музыкасы ырдаганы менен кошуп кетирсем болобу? суротко кошуп ыя?
орусча ыр болобу
орусча ыр болобу
Сүйүктүүңүз ал ыр менен сизге болгон сүйүүсүн билдирген болсо, ал сынактын экинчи багытына туура келип калат. "Сүйүү билдирүү" деген аталышта admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
#30 05 February 2013 - 16:30
Арафат+Медина

Мединаны жакшы көрөм. Аны менен ар дайым бирге оюнчук ойногум келет. Ал аябай акылдуу, мээримдүү, анан сулуу кыз. Аны апасы абдан жакшы көрөт. Мен деле апасы сыяктуу аны жактырамын.
Ал мени караган учурда мени да жакшы көрүп кеткендей сыяктанат. Анткени ал менден уялгандай болуп күлүмсүрөйт.
Мединанын жакшы көргөн момпосуйларынан күн сайын ага тартуулайм.
Менин каалаганым аны менен дайыма ойносок дейм. Биздин балалык жактыруу сезимибизди колдочулар барбы?
#31 05 February 2013 - 16:44
Арзубек+Бермет
Сүйүү билдирүүсү:
Шамал татынакай Гүлдү көрүп, аны сүйүп калыптыр. Ал гүлдү назик сылап, эркелетип турганча, аңкыган жытын, ажайып көркүн арнап Гүл дагы чоң сүйүүсү менен жооп кылып турган экен. Бирок шамалга бул аз көрүнүп, өз сүйүүсүнүн күчтүк деми менен Гүлдү үйлөп койгон экен . Гүл болсо дуулдаган кумарлуу эркинин көтөрө албай сынып калыптыр. Шамал аны көрүп тирилткенге аракет кылыптыр, бирок колунан эч нерсе келбептир. Ошондо ал азга токтой калып сүйүүсүн назик дем менен Гүлгө дем алыптыр, ал болсо көз алдында эле соолуй баштаптыр. Ошондо Шамал кыйкырыптыр: - Мен сени сүйөмүн, сен болсо сынып калдың. Сен да мага окшоп катуу сүйбөсөң керек. Гүл болсо эч нерсе деп унчукпай калыптыр. Ким сүйсө эстен чыгарбагын: Сүйүү күчүнө, кумарына карап ченелбейт, назиктигине, кам көргөнүнө карап ченелет. Бир жолу сындырып койгондон көрө, он жолу кармаганын жакшы. Сүйөт деген – бири бирин тиктешкенде эмес, экөө биригип бир багытта болжошкондо. Сүйүүнүн миң деген жолу болот жана ар биринин өзүнчө жыргалы, курамы, таалайы, шору, жарыгы, оорусу болот. Сүйүү сүйгөндүн шартына көнүү дегенге жатат. Ошонун сыңардай мен деле бул жашоодо эмнеге болгон сүйүү сүйүүнүн кандай түрлөрү бардыгын ачык – айкын түшүнө алдым окшойт чыгар. Анткени мен сүйүү сезимине оролуп, балкып турган учурум. Менин жашым да жаздай жадырап, мени жыргалга бөлөп турган, ооруганда дары болчу, сүйүнгөндө колдоп турчу башкалардан өзгөчөлөнгөндө жан шеригим жүрөгүмдүн эси бар. Бул өзүңуздөр назар салып турган сүрөттөгү сулкайган сулуу айым Берметим. Биздин ортобуздагы сүйүү акындардын романына айлана турган чыгарма катары баяндалса да боло тургандай. Себеби биз деле «Ромео жана Жулетта» сыяктуу алардын ортосундагы болгон сүйүүсүндөй күчтүү сүйүү бар экенене ишенебиз. Бири бирибизди дайыма колдоп жүрөктөгү болгон өчпөс сүйүүнү тутантууга аракеттенебиз.

#32 05 February 2013 - 17:42
Мага бир да сурот корунгон жок(
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..

#33 05 February 2013 - 18:11
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#35 05 February 2013 - 18:30
#36 05 February 2013 - 18:33
#38 05 February 2013 - 20:27
Бакыт+Элиза

Сүйүү баяныбыз!
Мен алгачкы жолу сүйүктүүм менен борбор калабыз Бишкектин, фото салондордун биринде таанышканбыз.
Себеби мен ошол жерде фотограф болуп иштегенге байланыштуу,
ал мага сүрөткө түшкөнү келип калды. Мен Элиза менен таанышып, ошол эле күнү уюлдук телефон номерин алганга жетиштим. Мына ошол күндөн баштап, биз аябай жакын достордон болуп жүрдүк. Биз торт ай дос болуп жүрүп биздин достугубуз сүйүүгө айланды. Азыркы кезде биз бактылуу кыз-жигиттердин катарын толуктаганыбызга 2-жыл болду!
Бул белекти мен сүйүктүүмө 14-февраль сүйүү майрамына карата белеке бергени турам. Буюрса бул белек сүйүктүүм Элизага жагат деп ойлоймун!
Бакыт & Элиза
#39 06 February 2013 - 10:35
#40 06 February 2013 - 10:58
Талант+Аксана

Жигитим экөөбүз 2005 жылы май айларында телефон аркылуу таанышканбыз.
Дос кызым жакшы бала таанышып көр деп телефонун берген, кыз башым менен ага чалып жакшы тааныштарга айландык, бири-бирибизди көрбөй туруп эле, ичибизге каткан арзуу муунубузду жаадырып калар элек, мен анын үнүнө арбалып эле, уйкум келчү эмес, телефондо сүйлөшүп отуруп уктап калган күндөрүбүз коп эле болду. Дос кызым бактыбызды ачтыбы, же телефонбу айтоор билбейм, кыз жигитке айландык. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылдай болуп калганда, ал Орусяга кетти, анын кетишин эле күтүп жүрүшкөнсүп,
- Мына бул, тиги сени баласына алып берген атыптыр деген сөздү айта башташты, андайды угар замат, Орусяга чалам, мени качырып кеткени жатат, эгер мага үйлөнөм десең келип кал дейм, жуучудан дайын жок, келет имиш деген сөзгө эле, оолугуп Орусяга чалганыды адатка айлантып алгам. Анын да чыдамы кетти окшойт, тийсең тий, эгер мени күтө албасаң деп салды. Көрсө ал келе жатканын менден жашырган экен. Келгендеги сөзү болсо- Орусяга барып ким алат экен деп күтсөм эч ким деле албады, тим эле коркутуп атпадың беле,- мени ала качкан атат, бир бутум Мерсте, бир бутум жерде турат, үлгүрсөң алып кал деп. Эч ким деле албайт сени деп тамашалап келип калган. Ошентип эки жыл бир ай дегенде баш коштук, биринчи жылдары түзүк эле кыйналдык, бал муздакка акчабыз жетпей, бир бал муздакты экөөбүз жейт элек, ошол кыйынчылыктардын баарын сүйүүбүз менен жеңдик, азыр жашообуз жакшы, ортобузда бир уулубуз бар, аты Артур. Турмуш курганыбызга алты жылдын жүзү болсо да, сүйүүбүз жылдан жылга күч алат. Мен таткан бакыттын даамын баарына каалайм деп Аксана.

Супер-Инфо
super.kg
видео

.jpg)
.jpg)
.jpg)