


Биздин кыскача сүйүү баяныбыз...
Мен сүйүктүүм менен таанышканыма эки жылдан ашты. Ал учурда мен Ошто, ал Бишкектеги ЖОЖдун биринде биринчи курста окуучу. Социалдык тармактан таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүм. Алыстыктын айынан бири-бирибизди көрүүгө, жүзмө жүз отуруп баарлашууга эч бир мүмкүнчүлүк болбой жатты. Кудай буйруп Анара менен жолуга турган күн да келди, бир коргөндө эле сыртынан абдан жактырдым, бирок анын ичиндеги сезимдерин,
оюн билүү мен үчүн абдан кызык болду. Сүрөттөн көрүп, телефондон уккан назик үнү менен мен башка эле кызды элестеп жүрүптүрмүн.
А чындыгында менин алдымда кичи пейил, ак-көңүл, татынакай кыз отурду. Ошол күндөн баштап биздин махабат барагыбыз башталды. Кыз-жигит болуп жүрө баштадык. Анара жаңы ачылган гүлдөй болуп ачылып, менин жүрөгүмдөн терең орун ала баштады. 12.02.2013ж. ушул күн биздин кол кармашканыбызга туп туура 2 жыл болот. Буйруса бул башталышы...
))) Экөөбүздун мүнөзүбү
з бир, келбетибизди да окшош дешет... жаманында да, жакшысында да бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келебиз. Спорт жаатында да, орусча айткандай “мы в одной лодке” кызыгууларыбыз төп келет, көңү ачканды да унутпайбыз,
ырдап черибизди жазып турабыз. Алдыга койгон ой тилектерибиз абдан көп, эң маанилүү максатыбыздын бири АКШга барып келүү жана андан да маанилүүсү Кыргызстандын эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктоо!

Супер-Инфо
super.kg
видео







































.jpg)
.jpg)
.jpg)











