Суперстан: Эу, сенсиребе, сен! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (14 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эу, сенсиребе, сен! "Сиз" деп кайрылуу канчалык керек?

#1 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Февраль 2013 - 17:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Спикердин жыйынындагы бир сөзүнөн улам...

Жеке мага баары бир! Же азырынча, билине элекпи? Сизге канчалык проблема кичүү адамдын "сен" деши? Баш оорута турган нерсеби "сиз-биз" дегени?

Ар бирибиз өз алдынча жооп берсек, канча жаш айырмачылык керек сылык-сыпаа болуу үчүн...


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Барс   06 Февраль 2013 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения adalsvards (06 Февраль 2013 - 17:10) жазган:

Спикердин жыйынындагы бир сөзүнөн улам...

Жеке мага баары бир! Же азырынча, билине элекпи? Сизге канчалык проблема кичүү адамдын "сен" деши? Баш оорута турган нерсеби "сиз-биз" дегени?

Ар бирибиз өз алдынча жооп берсек, канча жаш айырмачылык керек сылык-сыпаа болуу үчүн...




Менин интервьюда баарына сенсиреп жооп берип жатканымдан келип чыккан ой эмеспи?Сүрөт
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Grad_Person   06 Февраль 2013 - 17:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 790
  • Катталган: 17 Май 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2019 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыста

Мага сиз деген жакшы, по дальше болот, сен деген жакын адамга айтылат.
Люблю зимний закат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Umka220190   06 Февраль 2013 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Бул "Сиз", "Сен" демей адамдын өзүнөн го. Мен мисалы "сен" дегенди жакшы кором. Мага "сен" десе, мен туура эле кабыл алам, бирок өзүмөн 3 жаш кичүү болсо, сен дедирбегендей кылып сүйлөйм. Эже, байкелерден сурайм: "Сиз" деинби же "Сен" деинби? деп... Көбү "сен" де дешет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   06 Февраль 2013 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Тааныбаган адамга "сиз" деп кайрыла берем. Кыз болсо, айрыкча.

Бирок, эркек кишиге келгенде, анын жаш-курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнчө "сиз" дейм, болбосо, кээ бир типоктор бар "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп алып улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп атса жагымсыз.

Бизде, мектепте бир жаш кичүү болсо да сиз деп кайрылуу эреже эле. Азыр да ошол "братишкалар" "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң.


P.S. Мен сага башында "сиз" деп кайрылчумун, өзүң "сен де", - дегенсиң, так что ... )) Likvidator дагы "сиз" деп атсам, болбой эле "Бир жаш - тең жаш: "сен" дей бер", - дейт. Анан төбөсүнө чыгып алдым сенсиреп )) А так, көптөрдү эле "сиз" дейт экенмин, andormeda , айтып коюңузчу?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 17:37

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Февраль 2013 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Барс (06 Февраль 2013 - 17:19) жазган:

Менин интервьюда баарына сенсиреп жооп берип жатканымдан келип чыккан ой эмеспи?

А, балким...)))

Просмотр сообщенияGrad_Person (06 Февраль 2013 - 17:24) жазган:

Мага сиз деген жакшы, по дальше болот, сен деген жакын адамга айтылат.

Менде дал ушундай!

Просмотр сообщенияUmka220190 (06 Февраль 2013 - 17:33) жазган:

Бул "Сиз", "Сен" демей адамдын өзүнөн го. Мен мисалы "сен" дегенди жакшы кором. Мага "сен" десе, мен туура эле кабыл алам, бирок өзүмөн 3 жаш кичүү болсо, сен дедирбегендей кылып сүйлөйм. Эже, байкелерден сурайм: "Сиз" деинби же "Сен" деинби? деп... Көбү "сен" де дешет...

Түшүнбөдүм, үч жаш кичүү боюнча... Эмне төпөштөп саласыңбы? (жаман оюмда, нигиңден кичүү экен деп "сен" дедим)

Просмотр сообщенияТаллас (06 Февраль 2013 - 17:35) жазган:

Тааныбаган адамга "сиз" деп кайрыла берем. Кыз болсо, айрыкча.
Бирок, эркек кишиге келгенде, анын жаш-курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнчө "сиз" дейм, болбосо, кээ бир типоктор бар "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп алып улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп атса жагымсыз.
Бизде, мектепте бир жаш кичүү болсо да сиз деп кайрылуу эреже эле. Азыр да ошол "братишкалар" "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң.

P.S. Мен сага башында "сиз" деп кайрылчумун, өзүң "сен де", - дегенсиң, так что ... )) Likvidator дагы "сиз" деп атсам, болбой эле "Бир жаш - тең жаш: "сен" дей бер", - дейт. Анан төбөсүнө чыгып алдым сенсиреп )) А так, көптөрдү эле "сиз" дейт экенмин, andormeda , айтып коюңузчу?


Эми жентельмендерге айла жок дечи...


Тема боюнча: мен 3 жаштан ары гана сиз дешим мүмкүн, бирок өзү "сен дечи" десе, мага демектен, он жаш болсо да, сен дей берем. Анткени биз тарапта, тагыраагы, атамдын үй-бүлөсүндө ата-энесин деле сен дей беришет. Менден кичүүлөр сиз десе, ыраазы деле болгонум байкалбайт, этибар албапмын, чыны... Айрыкча, өтө кичүү эместердин сыпаалыгы үчүн акырын эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коём.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aote   06 Февраль 2013 - 17:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Кандай жерде,ким менен маамиле кылышыма карап!Публичный жерлерде 10жаш кичине болсо да "сиз",дейм! "Сен"ди жабык кругда гана жана жакындарыма колдоном!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sonka89.   06 Февраль 2013 - 18:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Мен тааныбаган адамга сиз деп кайрылам.Бирок сылыктык барибир жакшы,мага озумон кичине болсо сиз деп кайрылганы жагат.Озум эки уч жаш чондорго сиз деп кайрылам.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Таллас   06 Февраль 2013 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Менимче, "сен" деп айтсаң жакындарыңа кайрылган болосуң, жана "сиз" деп кайрылсаң алыс, тааныбаган адамга кайрылган болосуң деген жазылбай калган эреже бизге орустардан келген болсо керек. Муну биздин кээбир аймактагылар ийгиликтүү колдонот, тилекке каршы..

Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.

Мени "джентельмен" депсиңер, хы-хы-хы, мен менден да джентельменирээк адамдарды билет элем. Алар менден улуу болуп туруп мени "сиз" дечү. Дегеле мени эле эмес бардык адамдарга "сиз" деп кайрылат. Менимче, бул адат, тарбиядан го..

Ал эми "Итти дагы "кет" дебей, "кетиңиз" , - деп кууйт", - деген Байдыкемдин "Ашууда берген отчетунун" курч саптарындагы кеп кошоматчы бюрократ тууралуу болуп жатканын баарыңар эле билет болушуңар керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 18:21

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aijan   06 Февраль 2013 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мен тааныбагандын баарына "сиз" деген сый созду коп колдоном. Улуубу, кичуубу маанилуу эмес. Бир гана ачууга алдырганда "сен" деп туруп басып басып коем да %) Жеке озумо "сен" десе деле, "сиз" десе деле кете берет. "Сен" десе жаш экениме кубанам, "сиз" десе сый деп тушуном.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kokjar92   06 Февраль 2013 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Сен деген сенек соз,
Сиз деген сылык соз.
Мен озумдон 2 жаш жогоркуларын баарын сиз дейм, 1жаш тен жаш чындап эле,91 лер менен окуганмында. Бирок, озумдон кичинелер сен десе,созум айтып бутуп иним же синдим деп койом,жетсе жетет,жетпесе да жетет... Сылык болгон жакшыда баарыбир:)
Анан мага эч ким айтпаптыр сен дейбер деп...
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Лиана   06 Февраль 2013 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 720
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сен деген да сиз деген да бир ооздон чыгат. Сиз деп сыйлап коюш керек.
Кызганыч адамда эки нерсени жаратат.Суйууну жана жек корууну...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Февраль 2013 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Таллас (06 Февраль 2013 - 18:19) жазган:

Менимче, "сен" деп айтсаң жакындарыңа кайрылган болосуң, жана "сиз" деп кайрылсаң алыс, тааныбаган адамга кайрылган болосуң деген жазылбай калган эреже бизге орустардан келген болсо керек. Муну биздин кээбир аймактагылар ийгиликтүү колдонот, тилекке каршы..

Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.

Мени "джентельмен" депсиңер, хы-хы-хы, мен менден да джентельменирээк адамдарды билет элем. Алар менден улуу болуп туруп мени "сиз" дечү. Дегеле мени эле эмес бардык адамдарга "сиз" деп кайрылат. Менимче, бул адат, тарбиядан го..

Ал эми "Итти дагы "кет" дебей, "кетиңиз" , - деп кууйт", - деген Байдыкемдин "Ашууда берген отчетунун" курч саптарындагы кеп кошоматчы бюрократ тууралуу болуп жатканын баарыңар эле билет болушуңар керек.



Сөзүмдү кыстырбай жазып кетсең да, тарбиясыз экенимди жазып кеткениңе чоң ыраазычылык билдирем. Негизи ушунчалык акыл менен басып жүргөнүң үчүн форумчулар баарыбыз жабык эреже киргизип, сизди "сиииииииииииз" десек окшойт... Кандай дейсиз?


Анан, орустардан алынган адат боюнча: менин атамдын улуу эжеси 45-жылкы, чоң энем 25-жылкы (ал да сен дечү экен)... Орустар жалпы жонунан 18-жылдан кийин келишкен дей берели... Тоонун арасында жашаган чоң энем кайсы орустан "сен" дегенди үйрөнгөнүн аш кылсам, өлөйүн!

Ал эми "жентельмендерге" келсек, тырмакчага алам деп унутуптурмун. Сага окшоп, кайра-кайра түзөтүү киргизүү убарасынан артта калгам да... Жекеликке өткүм келбейт, бирок биз кайсы чөйрөнүн адамдары "сиз" дегенге ашыкча басым кыларын билебиз да.


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Таллас   06 Февраль 2013 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Cөзүңө аралжы, мен кайсы бир жеке инсанга жекече кайрылганым жок. Аны жакшылап окуп, таразалаган адам көрө алат. Эгер сенин огородуңа таш ыргытылгандай болуп кетсе, анда өзүң бир жерге жазып кеткендей "тизе бүгүп" кечирим сурайын. Ал эми эмне менен басып жүргөнүмдү жана "корректорлук" талантымды сахнанын артында эле калтыралы, капа этпесең: бул жакка болгон тиешесин мен кашайып көрбөй турум. Анан да сураныч, өлбөй эле койчу: кээ бирлерге керегиң жок болсо да, кээ бирлерге керек чыгарсың.

Чынымды айтсам, жогорку жоопту күткөн эмесмин, айрыкча сенден Сүрөт

P.S. Ушул билдирүүмдү 3, жок, төрт жолу өзгөрттүм: элге окшоп бир дегенде эле катасыз жаза албайм кээде. Ушунум үчүн мени кечиргейсиздер.


Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 06 Февраль 2013 - 19:11

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Барс   06 Февраль 2013 - 19:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ушул жерге тиги анекдот бөлүмүндөгү сенсиреген окуучу туурасындагы анекдот куп жарашып туру да!!! Сенди "Сен", сизди "сиз" десең эле болду да... Ушуга да ушунча убаймабы?! !
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aijan   06 Февраль 2013 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жок жерден элеее ушунча соз. Кызыык...

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Таллас   06 Февраль 2013 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Цитата

Ал эми "жентельмендерге" келсек, тырмакчага алам деп унутуптурмун. Сага окшоп, кайра-кайра түзөтүү киргизүү убарасынан артта калгам да... Жекеликке өткүм келбейт, бирок биз кайсы чөйрөнүн адамдары "сиз" дегенге ашыкча басым кыларын билебиз да.


Ооба, "таксыр" жана "молдокелер" ушинтип кайрылышаары маалым. Бул жагы дагы да болсо аймактык өзгөчөлүктөргө келгенде алсыздык кылат. Мисалы, менин "ошол чөйрөдөн" тааныштарым милйон. Бирок, көлдүк жана чүйлүк жарандар баары бир өздүгүн бербей "сенсиреп" эле жүрү ))

Кайра мага кайрылып келе турган болсок, мен "ошол чөйрөгө" аралаша электе эле "сизиң-бизиң" болуп жүрчүкенмин.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   JeeTE_   06 Февраль 2013 - 19:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 27 Январь 13
  • Соңку аракети: 22 Мар 2013 21:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Лиана (06 Февраль 2013 - 18:35) жазган:

Сен деген да сиз деген да бир ооздон чыгат. Сиз деп сыйлап коюш керек.


tuura le)

Эскертүү: Билдирүүңүз оңдолду. Аңтарылган шамдардын сүрөтүн тиешелүү темага илиңиз, чоң сураныч.

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 06 Февраль 2013 - 19:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Февраль 2013 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Талаштан тактык жаралат!.. )))

Айрыкча, Таллас менен талашуудан. ..)))

Иттик менден кетти. Уланта берсек, анда дискуссияны. ..


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Таллас   06 Февраль 2013 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Таллас (06 Февраль 2013 - 18:19) жазган:

Менимче, "сен" деп айтсаң жакындарыңа кайрылган болосуң, жана "сиз" деп кайрылсаң алыс, тааныбаган адамга кайрылган болосуң деген жазылбай калган эреже бизге орустардан келген болсо керек. Муну биздин кээбир аймактагылар ийгиликтүү колдонот, тилекке каршы..
Мен дагы да болсо өзүм жөнүндө айта турган болсом, биздин үйдө жана дегеле биз жакта үйдө өзүңдөн бир жаш, ал тургай бир канча ай улуу болсо да "сиз" деп айттырып көндүргөн.
...Менимче, бул адат, тарбиядан го..



Просмотр сообщенияadalsvards (06 Февраль 2013 - 18:36) жазган:

Сөзүмдү кыстырбай жазып кетсең да, тарбиясыз экенимди жазып кеткениңе чоң ыраазычылык билдирем. Негизи ушунчалык акыл менен басып жүргөнүң үчүн форумчулар баарыбыз жабык эреже киргизип, сизди "сиииииииииииз" десек окшойт... Кандай дейсиз?

Анан, орустардан алынган адат боюнча: менин атамдын улуу эжеси 45-жылкы, чоң энем 25-жылкы (ал да сен дечү экен)... Орустар жалпы жонунан 18-жылдан кийин келишкен дей берели... Тоонун арасында жашаган чоң энем кайсы орустан "сен" дегенди үйрөнгөнүн аш кылсам, өлөйүн!

Ал эми "жентельмендерге" келсек, тырмакчага алам деп унутуптурмун. Сага окшоп, кайра-кайра түзөтүү киргизүү убарасынан артта калгам да... Жекеликке өткүм келбейт, бирок биз кайсы чөйрөнүн адамдары "сиз" дегенге ашыкча басым кыларын билебиз да.


Ушул жерден бир нерсени кошумчалай кетүүгө уруксат эткейсиздер. Мен "тарбия" деп айтканыма.

Биздин үйдө "сизиң-бизиң" болгону менен мурунку муунда, ошол атамдын бир туугандарынын арасында улуу-кичүүгө карабай эле бирин-бири, ал тургай чоң ата, чоң апамдарды да атам жана анын бир туугандары "сен" дейт. Мүмкүн, аларды мага окшогон тили кычышкан эме "силер тарбиясызсыңар" , - деп көрүнөө-көмүскө айткан чыгар. Ошол себептен уламбы, кийинки муун - мен жана менин бир туугандарым, ошондой эле аталаш бир туугандардын арасында "субординация" деген түшүнүк бекем орнотулган. Непадам, улууларды "сен" деп айтып алсаң, анда "бан" алчубуз ))
(Дагы да кайталап кетем, мен жекеге өткөнүм жок эле жогоруда, бул - актануу эмес, тактоо. Тактоо киргизбесең, эмоция жана башка факторлордон улам ар кайсы адам ар кандай түшүнүп алуусу да ыктымал экен да-а)

Эгер, качандыр бир убакта бала-чакалуу болсом, анда биздин үйдө (то есть менин үйүмдө) сөзсүз "сизиң-бизиң" бийлик жүргүзөт деп сөз берем ;)

P.S. Ушуну менен чакан "пикир алмашууга" чекит коюлду. Темага кайтып келебиз.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (14 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Июл 2025 05:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: