КЕЛИНЧЕГИҢ МЕНЕН ЖАКШЫ ӨMYP КЕЧИР.
Уулум!
Жубайың - сага (Аллахтан)аманат.
Ал аманатты жакшы сактагын. Аны менен ынтымак жана ырашкерлик ичинде өмүр кечир. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: "Аялдарыңарга зулумдук кылуудан сактангыла.
Алар силерге баардык иштерде жардамчыңар.
Аларды Аллахтын амири (жана ысмы менен убада берип) алгансыңар.
Ал аларды силерге халал кылган".
Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген:«Кимде-
ким аялынын жаман пейилине сабыр кылса, Аллах Таала ал адамга Аюб (а.с.) га берген соопту берет. Ошол сыяктуу эле, күйөөсүнүн жаман пейилине сабыр кылган аялга да Фараондун аялы Асияга берилген сооп берилет".
Үйүңө күлүмсүрөп кир.
Оо, уулум! Эртең. менен үйдөн чыккан кезинде жана кечинде үйгө кирген кезиңде маанайыңды жаркын, көнүлүңдү көтөрүңкү, жүзүндү жарык кармагын. Азирети Айша энебиз: "Аллахтын Элчиси сырттан үйгө күлүмсүрөп кирчү» - деп айткан.
Сен да биздин азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сыяктуу адеп-ахлакты кармангын. Канчалык капа болсоң, да эшиктен күлүмсүрөп кирүүгө аракет жаса. Үстү-башыңдан чачың күбүп кирген сыяктуу эле, көңүлүңдүн кирлеринда босогонун ары жагынан кагып, тазалап ал: көчөнүн чаңы көчөдө калсын, аны үйгө алып кирбе, бирөөгө билгизбе. Лукман Хаким: «Акылдуу адам үй-бүлөдө пакиза бала сыяктуу, ал эми тышта болсо байсалдуу болот», - деп айткан.
үйдө...
Оо, уулум! Аялыңа жакын бол. Диний чек аранын ичинде ага жакшы мамиле кыл. Диний эрежелерден эч качан чегинбегин,
ага да бул нерселерди жакшылап түшүндүр. Ал сенин ар качан диниңде бекем тураарыңды билсин.
Эгерде үйүңдө шариат эрежелерине толук амал кылсаң, жашоондон ырахаттабасың.
Үй-бүлөңөн кут-берекеси да, бак-таалайы да,жыргал-ырахаты да - динибиз белгилеп койгон чектерди бузбастаң
Аллахка толук моюн сунуу менен, өмүрлүк жар менен ысык ымалалуу ынтымакта жашоодо жатат. Муну, уулум,эсиңе жакшылап түйүп, эки дүйнөнүн бактысы Ислам дининде экендигин эч качанунутпай жүр.
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#21 07 February 2013 - 08:05
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#22 07 February 2013 - 08:13
ҮЙЛӨНҮҮ YЧYH ЫЙМАНДУУ КЫЗДЫ ТАНДА
Кымбатуу уулум! Өзүңө аялдыкка салих мүнөздүү жана адептүү, өзгөчө, ыймандуу кызды тандагын. Азирети Умар (разияллооху анху)да өз уулу Асимге жубай катары салих мүнөздүү, ыймандуу кызды тандаган болчу.
Кымбатуу уулум! Өзүңө аялдыкка салих мүнөздүү жана адептүү, өзгөчө, ыймандуу кызды тандагын. Азирети Умар (разияллооху анху)да өз уулу Асимге жубай катары салих мүнөздүү, ыймандуу кызды тандаган болчу.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#23 08 February 2013 - 00:53
Окуя:
Азирети Умар (разияллооху анху) халифа (б.а. падыша) болуп турган кезде сүт сатуучулардын сүткө суу кошуп сатуусуна тыюу салып, бул буйругун чар-тарапка кабарлайт. Калаанын тартибин контролдоо максатында бир күнү түн ичинде өзү Медина шаарын аралап жүргөн кезде чарчап,бираз тыныгып алуу үчүн бир үйдүн дубалына сүйөнүп олтура кетет. Бир кезде ошолүйдүн ичинен энеси менен кыздын ортосунда болгон мобул сөздөрдү угуп калат:
Энеси: - Кана кызым, тургунда, сүткө бир аз суу кош. Кызы: - халифтин сүткө суу кошуп сатууга тыюу салганын билбейсизби?
Энеси: - Ооба, билем.
Кызы: - Андай болсо, халиф тыюу салган нерсени кантип аткарамын?
Энеси: - Тургун да, сүткө суу кош, Умар (разияллооху анху) сени кайдан көрсүн?!
Кызы: - Умар (разияллооху анху) көрбөсө да, Аллах көрүп турат да. Ант ичемин: Умар (разияллооху анху)га көрүнөө жасабай турган ишимди ал көрө албаган жерде да жасабаймын. Халиф билбеши мүмкүн, бирок Аллах ар дайым бизди көрүп, сөздөрүбүздү угуп,ойлорубузду билип турат. Эртең. Аллахтын сурагында мунун жообун кантип беребиз?-деп, энесине нааразы боло,оюн билдирет.
Азирети Умар (разияллоохуанху) муну угуп, кубанып калат. Жакшы дин тарбиясын көргөн, адамгерчилиги жогору бул кыздын пакизалыгына таң, калып, анан аны өз уулу Асим менен үйлөндүрөт. Атактуу Абдулазиз бин Умар (разияллооху анху) ошол Асимдин уругунан чыккан акылман.

#24 08 February 2013 - 00:59
ТУРМУШУҢАР БУЗУЛБАСЫН.
Үйлөнүү оңой, бирок, үй-бүлө болуу кыйын, уулум. Табиаты башка-башка болгон жана эки башка тарбияда чоңойгон эки адамды көз алдыңа келтирип элестетип көр. Бири-бирине табиаты каршы келген адамдардын жубайлык турмушу да узакка созулбайт.
Эгерде бул эки адам өз ортолорунда пайда болгон келишпеечүлүктөрдө Ислам динин таяныч кылышкан болсо, мына ошолордун өмүрү тынчтыкта өтөт. Мындай учурда эки тараптын тең,бири-бирине сабырдуу болуулары гана талап кылынат. Албетте, сабырдуулугу жагынан эркек киши аялдан да жогору туруусу керек. Сабыр кылуу - бул кээ бир кыйынчылыктарга керектүү тосуп, Аллахтын амирине кыйшаюусуз амал кылуу.
Сүйүктүү уулум! Дагы бир нерсени жакшы билип алгын. Аял - деген бул «бутуңду кысууда, муну ыргытып жиберип, жакшысын алып алайын»дегендей, бут кийим эмес. Үйлөнүү - бул өз ара сүйүүнү, мээримдүүлүктү жана бири-бири үчүн жанкыярлыкты талап кылуучу өтө жоопкерчиликтүү иш. Жакшы колбашчы- толкундуу деңизде кемесин сууга чөктүрүп жибербестен аман-эсен алып журө алган киши.

#25 08 February 2013 - 01:05
АЯЛЫҢ КАТА КЕТИРСЕ...
Ар бир адамдын ката кетирүүгө жол берүүсү мүмкүн, анткени «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, ката кетирбеген киши да болбойт. Ислам дининен кайтуу жана абийрине шек келтирген ыпластык катасы гана болбогон болсо, башка каталар оңдолуп-түзөлүүсү мүмкүн. Аял - эркекке караганда алсыз. Ошондуктан анын ката-кемчиликтери көп болот. Бирок аялдар өздөрү билбестиктен кетирип алган каталарына эркекке караганда тезирээк өкүнүшөт.
Эгерде үй-бүлө учун жан кыярлык [самоотвеженность] бир гана сен тараптан талап кылынып жаткан болсода, сабыр кыл. Бул сенин өзүң үчүн жакшыраак. Сен анын денгээлине чейин түшпө.А эгер ал мындан да төмөн деңгээлге түшүп кетсе, эмне кылаар элең? Ырас, үй-бүлөлүк турмуштун өйдө-ылдыйына сабыр кылуу, чыдоо тууралуу эч ойлонбосо, анда, үй-бүлөн бир саатта бузулуп, жануяң көзирмемде талкаланып калышы ыктымал... Ортоңордо келишпестиктер пайда болсо,(сага, аялыңа жана үй-бүлөңө гана тиешелүү) сырларыңды кошуна-колоңго эч качан айтпа. Жакшы адеп-ахлактуу, аманатчыл, сырга бекем агаин-туугандардын ичиндеги салих, чынчыл, такыба, калыс жана диндар адамдар менен баарлашып, дартыңа шыпаа болор чараны изде. Кемеңди сууга чөктүрүп жибербестен сапарыңды улантуунун жолун изде

#26 08 February 2013 - 01:11
АЖЫРАШУУ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНБО
Уулум! Эч качан ажырашуу тууралуу ойду акылыңа жуутпа. Шайтан муну «эки көзү төрт» боло күтүп турат. Ырас, ажырашуу – эң ыңгайсыз жана эч бир айласы калбай калган кезде гана колдонулуучу начар иш-чара. Халал иштердин ичинен Аллах Таала эң жек көргөн жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жактырбаган иш ушу - ажырашуу.
Ажырашмакчы болгон адамдан минтип сурагым келет: -Мейли, ажыраштың дейли, андан соң эмне кыласың? Үйлөнбөйсүңбү? Өзүң үйлөнмөкчү болгон экинчи аялың менен эле отүң жакшы күйүшүп кетишине кепилдигиң барбы? Балким, экинчи аялың алгачкы аялыңа, караганда кээ бир жактарынан жакшыраак чыгар, бирок айрымкылыктары алгачкы аялыңдан да ашып түшсө эмне кыласың? Унутпагын: сенин да,адам катары, өзүнө жараша бир топ кемчиликтериң, кетирген каталарың бар. Ошондуктан айыпты көбүрөөк өзүңдөн издөөгө аракет кыл. Башкача айтканда, сен ала турган экинчи аялың сенин күлк-мүнөзүңө, пейилиңе чыдабастан көп узабай эле сенден ажырашууну талап кыла баштаса, эмне кыласың?
Ырас, уулум, ушундай тагдырга кабылгандар өтө эле көп. Ошол үчүн эгер аялың ар-намысын, ариетин, абийрин сактап жүргөн болсо, анын башка кемчиликтери сенин көзүңө чоң болуп көрүнбөсүн .Ар дайым андагы кемчиликтерди оңдоого аракет жаса.
Анткени, даанышмандыгы чексиз жана кудуреттүүлүгү шексиз Аллах Таала мындай деп буюруган:
«Алар (аялдарыңар) менен жакшы, туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Балким, силер жаман көргөн нерседенАллах (силерге) көп жакшылыктарды тартуулаар" . ("Ниса" :19).
Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла, анткени, чындыгында, аял кабыргадан жасалган жана анын жогорку бөлүгү5 эң чоң кыйшыктыгы менен айырмаланат. Эгерде силер кабырганы түздөгө тырышсаңар, анда аны сындырып аласыңар, а эгер аны ошо боюнча калтырсаңар, анда ал ошол кыйшык боюнча калam" ,ошондуктан ар дайым аялдарга жакшы мамиле жасагыла\ " (Ал-Бухари; Муслим).
Бул хадистин эки "Сахихте" тең, келтирилген башка версиясында Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегени кабардалат:
"Аял - кабырга сыяктуу: Аны түздөйм десең, андаал сынып калат, а эгер ырахаттанам десең, анын кыйшыктыгы менен ырахаттан" .
Бул хадистин Муслим келтирген версиясында Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегени кабардалат:
"Чындыгында, аял кабыргадан жаратылган жана алсен үчүн эч качан жана эч кандай түрдө түз болуп калбайт. (Ошондуктан) эгерде сен ырахam танам десен, анда анын кыйшыктыгы менен ырахаттан, а эгер аны түздөгө аракет кылсаң, анда анысындырып аласың, аны сындыруу- бул ажырашуу»!
5 Кыязы, бул жерде анын тили айтылып жатса керек. Бирок, адатта, тил аркылуу чыккан ар түрдүү сөздөр оболу ойго келетэмеспи, демек, оюу дагы эске алынса керек.
6 Б.а.: аялга тубаса түрдө,табиатынан мүнөздүү болгон нерселерди өзгөртөм десең, мамилеңер бузулушу мүмкүн

#27 08 February 2013 - 16:09
АЯЛЫҢА, БАЛА-ЧАКАҢА ЖАНА БААРДЫК МАХЛУКТАРГА
МЭЭРИМДҮҮ БОЛ!
Оо, асыл уулум! Аялыңа жана перзенттериңе, атүгүл бүткүл махлуктарга мээримдүү, ырайымдуу бол! Сага Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын ырайымдуулук тууралуу төмөнкү хадисин өрнөк катары мисалга тартайын:
Усама бин Зайддын мындай дегени кабардалат:
"Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын кыздарынын бирөөсү [1]Аллахтын Элчисин өзүнө чакыртуу үчүн "наристем (же: уулум[2] )уулум төшөгүндө жатат" деп кабарлайт. Ошондо Аллахтын Элчиси келген чабарманга минтип айтат: "Ага (кызыма) баргын да, Аллах алып кете турган жана Ал өзү бере турган нерсе(лердин баары) Аллахтын Өзүнө (гана) таандык, Ал баардык нерселердин мөөнөттөрүн (так) белгилеп койгон. Ошондуктан, кызым сабыр кылсын жана Аллахтан сыйлык үмүт кылсын!" - деп айтты..."
Ошентип, анын кызы эки жолу киши чаптырганда, АллахтынЭлчиси ушундай эле мааниде жооп берип, анан үчүнчү жолу чабарман келген кезде, Пайгамбарыбыз(с. а.в.) кызынын үйүнө келет. Андан ары эмне болгонун ушул эле хадистин айтуучусу Усама бин Зайд мындайча кабарлайт:
"Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын колуна анын кызынын жан берүү алдында турган уулун[3] беришти эле, Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын көздөрүнө жаш толуп чыкты. (Аны көргөн)Са' д Аллахтын Элчиси (с.а.в.) га минтип айтты: "Бул эмне, о, Аллахтын Элчиси?" Ал айтты: "Бул - Аллах Таала өз кулдарынын жүрөгүнө салып койгон ырайым. Аллах өз кулдарынын ичинен ырайымдууларына гана ырайымкылат" (ал-Бухари; Муслим).
[1] Зайнаб (андан Аллах ыраазы болсун) [1] Чындыгында, ал кезде, Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) небере-баласы эмес, Умама бинт Зайнаб аттуу
небере- кызы ооруп жаткан. Тагыраак айтканда: ал наристе Пайгамбар (с.а.в) дын кызы Зайнабдын уулу эмес, кызы болчу жана ал кыздын атасынын аты - Абу ал-Ас бинар-Раби' деген адам болгон

#28 09 February 2013 - 15:56
АЯЛЫҢДЫ ЖАЗАЛООГО ШАШЫЛБА
Уулум! Кайсыл бир ишкананы көз алдыңа келтир. Ар бир ишкана башчы менен жумушчулардан куралган. Башчы иштеп жаткан адамдарды башкарууга жооптуу. Күндө уруш-жанжал болуп, кылып жаткан ишинин натыйжасы билинбеген жетекчини жакшы жетекчи деп айтууга болбойт. Үй-бүлө кожоюну да ошол сыяктуу. Үй-бүлө да өзүнчө бир уюм. Жөн эле уюм болбостон, эң кадырлуу, эң маанилуу, эң касиеттүү бир уюм. Анын башчысы - эркек, башкача айтканда, ата. Бул уюмду уруш-жанжалсыз, тынчтык менен башкаруу ал башчыдан чоң билгичтик менен зирек-акылмандыкты талап кылат. Сен андай жөндөмгө (даанышмандык илимиңдеги) издөнүү, (билбеген нерселериңди акылмандардан)сурамжылоо, (илимий) изилдөө аркылуу жетесиң. "Өз үй-бүлөмдү кантип,кандайча жол менен кайгы-муңсуз, бейпилдикте жетектей аламын?" деп башкатыра ой жүгүртүп, акыл толгоого тийишсин.
Айгай-чуу, уруш-жанжал - башкаруучунун алсыздыгынын белгиси. Ошондуктан тез-тез жазалап туруу ыкмасына таянба. Ошондой эле, аялыңдыда жазалай турган деңгээлге (абалга) чейин түшүрбө. Албетте, аялдар ката кетиришсе, аларды ырайымдуулук менен жазалоого Аллах уруксат берген. Ошондой учурларда аялыңа жакшы сөздөр менен насыят айт, ага да болбосо өз төшөгүңө кошпостон бир же бир нече күн төшөгүн бөлүп коюу менен, түндөсү башка бөлмөдө же бир эле бөлмөдө, бирок башка төшөктө жатуу жазасын колдон. Эгер бул жаза да таасир этпей, көшөрүүсүн, төрсаяктыгын уланта берсе, ошондо гана жеңил шапатып(алакан менен) урууга болот. Бирок унутпагын: бул уруу - ырайымдуулук менен жакшылык каалоодон улам жана тарбиялап туура жолго салуу ниети менен гана жасалууга тийиш.Албетте, уруунун да чек арасы бар. Тарбиялоодон башка максатта уруу - бул чон, зулумдук. Аллах зулумдарды жек көрөт.Негизинен, уулум, бул чараны мүмкүн болсо колдонбогон жакшы. Анткени АллахТаала аялды жазалоонун бул ыкмасын ажырашуунун алдындагы эң акыркы (айлакеткендеги) чара сыпатында баяндаган. Бул тууралуу сөз болгон аятта, ошондой жаза колдонулбастан туруп ажырашпоо керектиги ишарат кылынып, үй-бүлөнү ыдыратпай сактап калуу мүмкүн болсо, ошондой жол менен болсо да сактап кал деген маани туюнтулгансыйт:
"Аллах бирөөлөрдү экинчилеринен артык кылгандыгы жана (ошолор) өз мал-мүлкүнөн аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер -аялдардын кожойуну. (Ал эми) Аллахка моюн сунган (аял) бул -күйөөсүнө (да) баш ийген10 жана күйөөсү (үйдө) жок кезде Аллахтын коргоосунда өз абийрин сактаган аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насыят айткыла! (Ага болбосо, анда) алардын төшөгүн бөлүпкойгула! (Анда да оңолбосо, алакан менен сыйпай) ургула! Эгер алар силерге моюнсунуп, оңолушса, анда аларга каршы (аларды кордоонун) жолдорун издебегиле! Чындыгында, Аллах - өтө Бийик, Абдан Улук!". ("Ниса" : 34).
Ошондой эле мындай хадис да бар:Амр бин ал-Ахвас ал-Жушами коштошуу ажылыгы учурунда Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын оболу Аллахка мактоолорду айтып, Ага шүкүрлөрдү келтирип, анан мындай дегенин укканын кабарлайт:
"...Ар дайым аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла,анткени, чындыгында, алар - силердин туткунуңар, эгер алар ачык эле уят-сыйытсыздык кылбаган болсо, аларга (азар берүүгө) силердин эч кандай акыңар жок. А эгер алар ошол сыяктуу бир нерсе кылган болсо, анда алардын төшөктөрүн бөлүп койгула жана таш боордук кылбастан урумуш болгула. А эгер алар силерге баш ийишсе, анда аларга каршы эч кандай айла-амал колдонбогула! Чындыгында, силердин өз аялдарыңарда акыңар бар болгондой эле, аялдарыңардын да силерде акылары бар. Алардан силерге жакпаган адамдардын силердин керебетиңерге олтуруусун жол бербешин жана силер көрүүнү каалабаган адамдарды силердин үйүңөргө кирүүгө жол койбошун талап кылууга силердин акыңар бар. Ал эми аялдарыңарга белек, алар силерден жакшы кийинтип, жакшы тамактандырууну талап кылууга акылуу". (Бул хадисти "ишенимдүү, жакшы хадис" деп атаган имам Тирмизи келтирет).

#29 09 February 2013 - 15:57
СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В.) ДАН ҮЛГҮ АЛ
Уулум! Ар бир ишибизде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан үлгү алышыбыз керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эч качан өз кызматчыларын да, аялдарын да урган эмес. «Ал киши Пайгамбар, а биз болсо карапайым кишибиз да» дешиң мүмкүн. Ырас, ал мубарак-куттуу Пайгамбар болчу,бирок ал да адамдардын ичинен эле чыккан инсан. Ал биз сыяктуу адамдардын баарына кыяматка чейин үлгүлүү өрнөк болуучу асыл адам. Анын айткандары чангысулуу насыят, көрсөткөндөрүнүн баары өчпөс улуу өрнөк. Колубуздан келбей турган,күч-кубатыбыз жетпей турган, жөндөмүбүздөн сырткары болгон ишти да, милдетти да Аллах Таала да, Анын Пайгамбары да бизге жүктөгөн эмес!

#30 09 February 2013 - 23:03
БИЛБЕСТИКТЕН КЕТИРИЛГЕН КАТА-АЙЫП ЭМЕС
Уулум! Үйдө эркек ары кожоюн, ары мугалим, ары үй-бүлө башчысы болуп эсептелет. Аялдын кээ бир нерселерди билбеши, үйрөнбөй калган болушу (толук) мүмкүн. Сага айкын болгон нерселерди да ал эч качан көрбөгөн болушу толук ыктымал. Бул кемчилиги үчүн аны айыптоого ашыкпа. Билбегендерин ага сабырдуулук менен үйрөт. Ошондон кийин гана аткарууну талап кыл. Анткени үйрөнгөнгө чейин аны жоопкер кыла албайсың. «Ушу кезге чейин неге буларды үйрөнгөнүң жок?!» деп кейүү билдирүүгө акын жок, уулум. Билбөө айып эмес,билүүгө умтулбоо, үйрөнүүдөн баш тартуу -айып болуп саналат. Сен билбеген деле канчалаган көп нерселер бар го, ошондой эмеспи, уулум? Өзүң билбеген нерселериңди эгер аялың билсе, андан сурап билип алуудан уялба. Ислам илимин жаш баладан алуу да айып эмес. Билгендерибизден билбегендерибиз ар дайым көптүк кылат. Ырас, чындыгында эле, абдан көп. Анча-мынча нерселерди гана билип-үйрөнүп алып, анан баардык нерселерди билемин деп менменсинип калуу - кандай зор жаңылыштык!

#31 09 February 2013 - 23:09
Окуя
Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү азирети Имам Азамга бир киши суроо берет. Имам Азам: «Билбеймин» - деп жооп берет. Суроо берген киши капа болуп:
-Аалыммын деп, бир карыш калың төшөктүн үстүнө олтуруп алып, дарс берип олтуруп, менин бир суроомо да жооп бере албайт. Аттиң, уят! -деп айтат.
Азирети Имам Азам анын сөзүнө эч терикпестен жана ачууланбастан, мындай деп жооп берет:
-Менин алдымдагы бул төшөк канчалык билгениме карап салынган. А эгерде билбегендериме карап салынган төшөкө олтурсам, төшөктөр асманга жеткендей бийик болмок.

#32 09 February 2013 - 23:13
УУЛУМ, АР КАЧАН САБЫРДУУ БОЛ
Уулум! Ар качан сабырдуу бол. Тыянак, чечим жана өкүм чыгарууга ашыкпа: ар бир окуяны жакшылап сурамжылап алып, ой таразасына салгандан кийин гана тыянакка келип, чечим чыгар. Чынчыл,калыс, адилет адамдардан кеңеш сурап, атүгүл үч кишиден пикир сурап, ошондон кийин гана чечим чыгарган жакшы. Бир нерсе тууралуу кайсыл бир кишиден угаарың,менен дароо чечим чыгара салуу - сезимге алдырууну билдирет. Ал эми шашылыш чыгарган чечимиң, сени барса келбес жолго карай баштайт. Хусайн деген жигит тууралуу окуя буга мисал.

#33 11 February 2013 - 16:08
Бир эле эркектер учун эмес бул жерде аялдар учун да тарбияга,ыйманга чакыруучу эн жакшы создор,акыл-
насааттар жазылыптыр.
Китеп авторуна да, аны башкалар да окусун деп бул жака кочургон Нурадылга да чоон ракмат!
#34 11 February 2013 - 16:18
Окуя
Хусайн аттуу жигит үйлөнөт. Тойдо Ыйык Куран окулуп, кеңеш жана насыяттарын айткан молдолордун кызматы ага абдан таасир этет. Ошондо Хусайн да ошолордой болууга бел байлайт. Эки-үч айдан кийин, илим алуу максатында жолго чыгат. Хусайндын мүнөзүндө шашмалык, чорт кесерлик да жок эмес болчу. Атүгүл айылда «Хусайн тентек» деген атка да конгон эле. Ал четте жыйырма жыл бою айылына келбей ислам илимин алып, устаздык даражага жетет. Анан өз айылына кайтуу үчүн жолго чыгат. Жолдо бара жатып, бир айылга конгон кезинде ошол айылдагы өтө нурлуу бир карыя киши Хусайндан минтип сурайт:
- Балам, сенден бир нерсе сурайын. Билээр бекенсиң. Айтчы, илимдин башы эмнеде?
- Бисмиллахта. - Билбедиң. - «Фатихада» - Дагы билбедиң.- «Насара янсурада»болушу мүмкүн? -Жок.
- Андай болсо, өзүңүз айтыңыз, эмнеде?
- Жок, балам. Айта албаймын. Эгер мага алты ай кызмат кылсаң гана айтамын, - дейт карыя.
- Мен макулмун. Мага ошону үйрөтсөңүз эле болду, -дейт Хусайн.
Ошентип, Хусайн алты ай ошол карыянын кызматын кылат. Мөөнөтү толгон кезде, Хусайн:
- Кана, ата, айтыңыз эми. Илимдин башы эмнеде?- Балам, илимдин башы - сабырда, - дейт карыя.- Сиз мени ушул бир ооз сөз үчүн гана ушунча убакыт кармап турдуңузбу? Мен билбеген кайсыл бир нерсе болсо билип алайын деп күткөн болчумун. (Акылман ачылышты күткөн алтындай убактым текке кеткен тура). Мен эмне сабырды билбейт белем? Кааласаңыз сизге мен бир нече сааттар бою маселе-хутба айтып бере аламын. Ушу ишиңиз адамгерчиликке жатабы, ата?! - дейт Хусайн.
Ошондо карыя мындай деп айтат:
-Ачууга алдырба,балам. Сен сабырдын илимин билишиң мүмкүн жана ал тууралуу бир нече саат бою хутба окушуң да ыктымал. Бирок сен сабыр кылууну билбейсиң. Муну мен сени алгач ирет көргөн кезимде эле сезген элем. Сабыр тууралуу көп маалымат билүү менен,өзүңдүн сабыр кыла билишиң, - бул экөөсү эки башка нерселер. Бул жерде мен сага сабыр кылууну үйрөттүм. Алты ай (бир суроого) жооп күтүү аркылуу сен сабырдын акыйкатын, башкача айтканда, сабыр кылууну, анын пайда-пазилетин билип алдың.Эми (сагынып бараткан) үйүнө бара берсең, болот. Ак жолуң. Ачылсын, балам.Мындан ары эч качан шашылыш өкүм чыгарбай жүр. Оболу сабыр кыл, анан чечим чыгар.
Ошентип Хусайн жолун андан ары улантып, айылына акшам болгон кезде жетет. Үйүнө жакындаганда караса бир жаш жигит үйүнө кирип-чыгып жүрөт. Хусайндын тамагын ачуу аралаш келген каары муунтуп, заматта жүрөгү ар кандай шек саноолорго толуп чыгат. «Аялым мени күтпөстөн башка бирөөгө турмушка чыгып алган окшойт? Эгер аялым мени алдаган болсо, Аллахтын ысмы менен ант ичемин: мен аны өлтүрөмүн», -деп, өзүнчө кобурай баштайт да, анан баякы карыянын: «Сен сабырдын илимин билишиң мүмкүн... бирок сабыр кылууну билбейсиң. ... Оболу сабыр кыл, анан чечим чыгар» - деген даанышман сөзүн эстеп, өзүнө-өзү: «Сабыр кыл, Хусайн, сабыр кыл!» - деп айтат. Анан: «Эртең, менен күн чыккан кезде баары айкын болот, иншаАллах», деген чечимге келип, ал түндү башка бир үйдө, айылдаштарынын биринин үйүндө өткөрөт. Багымдат намазын жамаат менен мечитте окуйт. Анан айыл аксакалдарынан:
-Ушул айылдык Хусайн тентек деген кишини тааныйсыздарбы? - деп сурайт.Айылдаштары:
- Албетте, тааныйбыз. Багымдат намазына имамдык кылган бала ошонун уулу. Ал бул уулу туула элек кезинде эле ислам илимин алууга кетип, ошол бойдон кайтып келе элек, -деп жооп беришет.
Ошондо Хусайн сабыр кылуунун жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын насыяттарына амал кылуунун пазилетин,акыйкатын дагы бир мерте түшүнүп, Аллахка шүкүр келтирип, мактоолорду айтат да:«Эгер сабырсыздык кылып, түндө үйүмө кирип барып, аялым менен уулумду өлтүрүп салсам, бул дүйнөдө да, акыретте да абалым кандай жан чыдагыс оор болмок экен...» - деген пикирге келет. Бир топко тунжурап ойлуу турган соң, анан Аллахка дагы мактоолорду айтып, анан айылдаштарына өзүн тааныштырып, өз үйүн көздөй жөнөйт.

#35 11 February 2013 - 16:30
ЖАЛГАН ЖАЛАА CӨ3
YH СҮЙЛӨБӨ
, УУЛУМ
О, сүйүктүү уулум! Өмүрүңдө эч качан ушак сөз сүйлөбө, жана эч кимге эч качан жалган жерден жалаа жаппа. Бир эле жолу жалган жалаалуу ушак сүйлөгөнүңдү билсе, болду, андан кийин эч ким сенин туура сөзүңө да ишенбей калат. Ошондуктан аялыңа да ушакка таянган жалаа сөздөрүн сүйлөбө, анткени ал күйөөсүн ардактап, аны өз кожоюну катары кабылдагандыктан, ал сенин сөзүңдү өзүнө мыйзам катары карманып адашып кетет же сага эч ишенбей калат. Эң жакын адамың болгон аялың сенин жалган жалаа сүйлөгөнүңдү билсе, анын бүт дүйнөсү куурулуп, сага турмушка чыкканына арман кылып жүрүп өтөт жана ошондон кийин сенин ар бир сөзүңө жана ар бириш-аракетиңе ишенбөөчүлүк менен күмөнсүрөп карай баштайт. Аялыңдын билишин каалабаган айрым сырларың болушу мүмкүн. Ал сырларды ага айтууң шарт эмес.
Ал сырың тууралуу ага унчукпастан, купуя сактап,жашыруун кармасаң болот. Бирок кайсыл бир маселени кимдир бирөөгө жалган жалаа жабуу аркылуу сактоого эч качан аракет жасаба. Мындай кылуу - абдан чоң ката.

#36 11 February 2013 - 16:44
СЫРЫҢДЫ АР КИМГЕ АЙТА БЕРБЕ.
О, уулум! Ар кимдин өзүнө жараша сырлары бар жана ошондой болууга тийиш. Абдан ачык-айрымдуулук бир караганда жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок андайэмес. Бир гана сенин өзүңө тиешелүү маселелерди мажбур болмоюнча эч кимге айтпа. Анткени бүгүн жакшы ниет менен айткан сөздөрүң эртең сенин зыяныңа иштеп жатканын көрөсуң жана катуу өкүнүп каласың. Бугун жаныңда дос сыяктуу көрүнгөн адамдын эртең душманыңа айланып, өзүңө каршы чыгаарын алдын ала билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан аялыңа да баардык эле нерселерди айта берүүң шарт эмес. Себеби: аялдар сыр сактоодо алсыз болушат. Ишканаңдагы жетишпестиктер менен көйгөйлөрдү үйүңө ташып жүрбө. Ишканада кандайдыр бир кайгылуу иш же жагдай болгон болсо, андан аялыңды да кабардар кылып, аны да кайгыртуунун кажети канча? Иште кубанычтуу бир жагдай болсо да аялыңа билдирип олтуруунун кажети жок. Үйүңдөгү болгон жагдайларды да ишканага айтып барба. Сен сактай албагандыктан улам эки эриниңдин ортосунан чыгып кеткен сырларды кайтарып алуунун эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептүү ата-бабаларыбыз: «Сырыңды айтпа досуңа, досуң айтат досуна...» - деп, бекеринен айткан эмес.

#37 11 February 2013 - 17:01
АЯЛЫҢА ДА ТЕКЕБЕР БОЛБО
О, уулум! Аллах Тааланын азабына кабылтуучу себептердин бири - адамдардын текебер болуусу. Ошондуктан, эч качан текебер болбо. Өзгөчө, аялың менен бала-чакаларыңа текеберлик кылба. Ар дайым кичипейил бол. Эч кимди, эч бир махлукту кордобо.Текебер жетекчини жумушчулар, кызматчылар жана жалпы эле калк жакшы көрбөйт.
Калкыбызда: «Элди тоотпогонду эл да тоготпойт» деген сөз бар. үч континентке ээлик кылган Осмон империясынын падышаларында «текебер болбо, падышам, сенден да улук Аллах бар!» деп улам жар салдырып туруучу расмий салты болгон. Текебер болууга, өзүбүздү жогору көтөрүүгө татыктуу эмнебиз бар биздин, уулум? Дүйнөгө кайдан жана кантип келгенибизди эстөөнун өзү эле текеберликти тизгиндеп туруу үчүн жетишерлик сыпат. Кимдин кимден артык экендиги бир гана Аллахка дайын. Эң маанилүүсү - Аллахка деген сүйүүнүн жана Аллахтан коркуунун күчтүү болуусу. Мына ушул такыбалык делет жана адам баласынын даража-мартабасы Аллахтын алдында мына ушул такыбалык менен өлчөнөт. Адам баласы мына ушул өлчөм менен таразаланат. Адам жүрөгүндөгү такыбалыктын деңгээлин да Аллахтан башка эч ким эч качан биле албайт. Ошондуктан текеберлик эч кимге зыяндан башка пайда алып келбейт.

#38 11 February 2013 - 17:03
ТАЗАЛЫКА КӨҢҮЛ БӨЛ, УУЛУМ
Уулум! Дене тазалыгына да маани бер. Аялыңдын тынчын алып, жагымсыз сезимдерге түртө турган жагдайлардан оолак бол. Ооздун жана тамекинин жыты кээ бир адамдардын тынчын кетирет. Ошондуктан оозуң менен тиштериңди тамактан кийин ар дайым жакшылып жууп жүр. Адамдар көбүнчө бири-биринин оозуна карашат. Аялыңды жийиркенте турган ооз жыттарынан арыл. Аялыңдын уруксатысыз сарымсак менен пияз жебе. Жесең аны менен бирге же.Ошондо бири-бириңерди кыжаалат кылбайсыңар.
Мен эч бир мусулмандын арак ичкенин көз алдыма келтире албаймын. Акмак күйөөсү арак ичкен аялдар, оо, кандай шордуу бечаралар, алардын азабындай азап болбос... андай мундуу аялдарга Аллахым сабыр берсин жана араккор эркекке ынсап берсин! Үй-бүлө кожоюну болгон эркектин тамеки чегүүсү, арак ичүүсү – өтө чоң балакет жана касырет. Андай акмак ата өзүнүн үй-бүлөсүн ар кандай сансыз жамандыктардан кантип коргойт?! Үй-бүлө мүчөлөрүнө «андай кылба, мындай кыл» деп айтууга кантип карарган калың бети чыдайт?! Аларга кайсыл бети менен: «Тамеки чекпе, арак ичпе...» - деп айтат?!
Корутундулап айтканда, оо, жан балам, сен өз аялыңдын сенден эч кандай акы талап кылбастан ар түрлүү кызматыңа чуркап жүргөнүн унутпа. Ага сасыган абалда жана жаман иштер менен жакындап жийиркенүүсүнө себеп болбо. Ар дайым таза жүр жана жагымдуу жыпар жыттардан себинип жүр. Тез-тез жуунуп тур. Аялыңдын жанына атүгүл тер жыттанган абалда да жакындабоого аракет кыл. Бакытка жетүүнүн жолу - бири-бириңердин акыларыңарды берип, өз араңардагы милдеттерди толук аткарууда жатат.

#39 11 February 2013 - 21:11
АЯЛЫҢ МЕНЕН ПЕРЗЕНТТЕРИҢЕ ХАРАМ ТАМАК ЖЕДИРБЕ- АМАНАТКА КЫЯНАТ КЫЛБА
Сүйүктүү уулум! Эч качан аялың менен балдарыңа харам тамакты жегизбе. Уурулук менен табылган жана сага аманатка берилген мал-мүлктөрдү да жегизүүгө болбойт.
Аманат мал-мүлк демекчи, бир нерсе оюма түштү: бир аманат бар, аны баардык эле адамдар биле бербейт. Ислам дининин өсүп-өркүндөшү үчүн сарптоо максатында сага сактоого берилген акчага өтө сак болгун, балам. Андай акчадан бир тенгени да өзүң же бала-чакан үчүн жумшай көрбө. Мындай аманатка кыянат кылуу - балакеттердин эң чоңу. Анткени Ислам казынасынын мал-мүлкүнө кол салуу - эң чоң кыянат. Аллахтын ыраазылыгы үчүн берилген жана ошол жолдо жумшала турган акча же мал-мүлктөр -Аллахтыкы. Ошондуктан аманаттарды, атүгүл өз акчаларыңдын жанына да койбо.Аларды бөлөк-бөлөк сакта. Анткени аманатка кыянат кылган адам бул дүйнөдө жана акыретте шерменде болот.
Сүйүктүү уулум! Эч качан аялың менен балдарыңа харам тамакты жегизбе. Уурулук менен табылган жана сага аманатка берилген мал-мүлктөрдү да жегизүүгө болбойт.
Аманат мал-мүлк демекчи, бир нерсе оюма түштү: бир аманат бар, аны баардык эле адамдар биле бербейт. Ислам дининин өсүп-өркүндөшү үчүн сарптоо максатында сага сактоого берилген акчага өтө сак болгун, балам. Андай акчадан бир тенгени да өзүң же бала-чакан үчүн жумшай көрбө. Мындай аманатка кыянат кылуу - балакеттердин эң чоңу. Анткени Ислам казынасынын мал-мүлкүнө кол салуу - эң чоң кыянат. Аллахтын ыраазылыгы үчүн берилген жана ошол жолдо жумшала турган акча же мал-мүлктөр -Аллахтыкы. Ошондуктан аманаттарды, атүгүл өз акчаларыңдын жанына да койбо.Аларды бөлөк-бөлөк сакта. Анткени аманатка кыянат кылган адам бул дүйнөдө жана акыретте шерменде болот.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#40 11 February 2013 - 21:16
СҮ
ТКОРЛУК
Дүйнөнүн кай жеринде болсоң да, кандай муктаждыктардын жана мажбурлуктардын ичинде калсаң да, адамдарга акча карызга берип, анын үстүнөн«процент» деп аталган «сүтүн» алуу; же карызга акча алып, анын үстүнө процент-сүт кошуп берүү - кескин түрдө катуу тыюу салынган харам иштерден. Чыныгы мусулман киши эч кимге процентке акча бербейт дагы, проценттүү акчаны карызга да албайт. Ал процентсиз гана карыз бериши жана үстөксүз карыз алышы мүмкүн. А эгер (инфляция абдан күчөгөн учурга туш келип) акчанын наркы түшүп кетүүсүнөн чочуласаң анда наркын жоготпой турган, башкача айтканда, алтынга эсептеп карыз бер. Кандай болгон күндө да, үй-бүлөңө харам нерсе алып келүүдөн этият бол.Эгер проценттүү карыз берүүдөн пайда көрө турган болсоң анда өзүңө да,перзенттериңе да, диниңе да, ыйманыңа да, кала берсе бүткүл калкыңа да абдан зор зыян алып келет.

Супер-Инфо
super.kg
видео