Суроого деле окшобойт го. Бирок, ошондой болсо да жазуунун себеби келишип турганда жаза калайын.
Эме.. ө-өткөндө бир түш көргөм . Түшүмдө сиз жүрөсүз. Жалгыз эмес кемпириңиз менен.. Болгондо да Индияда )). Түштүн сюжети мындайча эле:
Мен кардым ачып "Эми эмне кылсам?" деп баш тырмап тургам. (студентмин да). Анан эле мен жашаган көчөнүн жогору жагында сиз жашайт экенсиз. Анан мага кыйкырып калдыңыз: "Ай, кел чай ич", - деп. Жетип бардым. Бир чыныны ичип.. экинчисин баштаган атсам, төмөн жактан чоң атам менин атымды атап чакырып калды. Сөрүдө ("секи" , "айбан" да дешет го ар кай жакта) болгондуктан бул добушту уккандан кийин коштошуп үйгө жөнөдүм. Үйдө... бешбармак бышыптыр. Ошо..
Кыскасы, "Аксы жакка аман болсом бир өтөт окшойм", - деп ойлоп койдум.
Чайыңызга ырахмат!

Жазганың абдан жакшы...
Чындыгын моюнга ала айтсам, түштү жооруганды билбейм.
Менимче, Индияда болсок, жай саратанда келет окшойсуң... Ал эми бир көчөдө жашаганыбыз: илгертен эле Талас менен Аксы коңшулар деп эсептелген. Эгер Таластан чыгып, Чаткалды, Ала-Буканы басып өтсөң, Аксыга келип каласың... Демек узу-ун бир көчө сыяктуу эле кеп.
Анда түшүңдөгүдөй айтып коеюн:
-Таллас, кел, чай ичип кет!
Ал эми чай менен жөнөткөнүмдү, ал эми силердикинде беш бармак бар экени жөнүндөгү каңкууңду (намек) түшүндүм... Туз буйруп келип калсаң, беш бармак жасап беришти моюнга алдым.
Ырахматты ичкенден кийин айтаарсың! Түшүң, ылайым, туш келсин!

Супер-Инфо
super.kg
видео