ЖАШ БАЛДАРГА КАЙДЫГЕРЛИК КЫЛБАГЫН!
Оо, перзентим!
Балдарың кичинекей кезинде туура менен катанын, жаман менен жакшынын, дурус менен буруштун, харам менен халалдын, кайгы менен кубанычтын айырмасын билбеши мүмкүн. Бирок сен көнүл бөл: күнөөлүү иштерди жасоосуна жол бербе. Начар иштерге көңуп калган болсо, кийин аны таштоосу кыйын болуп калат. «Али жаш бала да» деп, кайдыгерлик кылбагын.
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#41 11 February 2013 - 21:20
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#42 11 February 2013 - 21:44
ЖООМАРТ БОЛ
Уулум! Жоомарт, берешең жана айкөл бол. Сараңдык кылба. Өзгөчө,перзенттериңе сараңдык кылбагын. Аялыңа тез-тез сыйлык берип түр. Ал - айтпасада белгилүү - керектүү нерселерди алып берсең албетте, көңүлү абдан кубанып,дили шаттанып калат. Аллах насип кылган байлык жана ырыскылардан балдарыңа да бөлүштүр.Үй- бүлө мүчөлөрүңдү, аялыңды, перзенттериңди муктаждыкта калтырба. Ошону менен бирге эле, аларга каниеттүү болууну да үйрөт. Маанилүүсү - адамзаттын ким (б.а.кандай махлук) экендигин аларга түшүндүр. Адам баласы эч качан өзүн жогору койбошу керек экендигин алардын кулагына жеткир.
Жакшылык жана жумшактык менен ар кандай жакшы ниеттүү шариаттык максатты турмушка ашырууга болот. Колуң ачык болсун, бирок ысырапка эч качан жол бербе. Керексиз жана пайдасыз нерсеге акча жумшаба.

#43 11 February 2013 - 21:52
САРАМЖАЛДУУ,
ЗИРЕК ЖАНА ООР БАСЫРЫКТУУ БОЛ
«Бири кем дүйнө» демекчи, бул дүйнөнүн миң, бир түрлүү көйгөйлөрү бар. «Бул дүйнө оомал-төкмөл жана опосуз дүйнө» деп коюшат эмеспи. Бул өтө туура айтылган сөз. Өмүрдө бактылуу да,бактысыз да сааттар боло турганын унутпа. Айдын да жарымы жарык, жарымы караңгы. Аллах дайым баарыбызды өз паанасында баардык балээлерден сактасын.Канткен менен кубанычтуу күндөрүңдө кайгылуу күндөр тууралуу да ойлоп, андай күндөрдүн да камын көрүп кой. Анткени эртең эмне болоорун Аллахтан башка эч кимбилбейт.
Сынып калган жана чачылып кеткен нерселерге кайгырба. Башкысы -сарамжалдуу, үнөмдүү жана оор басырыктуу бол. Сынып калган буюмдун айынан көңүлүңдү да сындырып алба. Буюм табылышы мүмкүн, бирок көңүлдүн табылышы кыйын.Көңүл деген назик нерсе...

#44 11 February 2013 - 22:00
АДАМЗАТТЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ
Уулум! Баарыбызга белгилүү: бүгүнкү адамзат илим, техника жана технология жагынан жогорку деңгээлге чыккан доорду башынан кечирүүдө. Ар кандай муктаждыктар жеңил эле чечилип жатканы менен руханий жагынан алганда оор оорууга чалдыккан адамзаттын жан дүйнөсүндө кымындай да бейпилдик жок. Ачарчылыктар менен бөөдө өлүмдөр, согуштуу коогалар менен кайгылуу катастрофалар, трагедиялар менен кыйроолор, фитналар менен башаламандыктар, табигый кырсыктар менен ынкылаптуу жанжалдар жер бетин каптап баратат. Менимче бул жагдайдын сыры адамзат харам менен халалды ажыратпастан жеп жана жасап киргендигинде жатса керек...
Аллах Таала мусулмандарга ойлонсун, күнөөлүү иштерден баш тартсын деп бул дүйнөдө кээ бир кыйынчылыктарды жиберип турат. Ал эми каапырлардын жазасы болсо акыретке калтырылган. Бул даанышмандыкты түшүнбөгөн кээ бир мусулмандар эки анжы ойго алдырып, олку-солку болуп, адашкан пикирлерге алданып калышууда. Акыреттин азабы алдында бул дүйнөнүн кыйынчылыктары эч нерсе эмес, түккө да турбаган нерсе. Акыреттин жан чыдагыс азаптарын сөз менен сүрөттөп берүүгө сөз да жетпес!
Байлыгың аз болсо да, халал болсун. Эч качан перзенттериңе харамды жегизбе!

#45 11 February 2013 - 22:03
ҮЙДӨН ЧЫГААРДА...
Уулум! Эртең менен үйүндөн (жумушка) чыгып бараткан кезде, босогодон оболу сол бутуң менен аттап чыгып: «Бисмиллаахи, таваккалту, 'ала- Алахи. Ва лаахавла ва лаа куввата илла би-Ллахил-' Алийил-'Азиим. Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарийка лаху, лахул мулку ва лахул хамду, йухйии ва йумииту, ва хува 'ала кулли шай'ин Кодиир" ,- деген дубаны окуп жүр ар дайым.

#46 11 February 2013 - 22:08
НАМАЗГА ТУРУКТУУБОЛ
Оо, жан уулум! Намаздарыңды үзүр-себеби жана олуттуу жүйөсү болбосо каза кылбастан өз маалында окуп жүргүн. Өзгөчө, багымдат намазына турууга эринбегин; аялыңды да ойгот. Күн чыкканга чейин жатуудан этият болгула. Намазды үйдө окуй турган болсоң анда аялың менен бирге оку. Сен имам бол, үй-бүлөң сага уюсун (ыктыда кылсын). Ошондо жамааттын сообуна ээ болосуңар. Жана түнкү тахажжуд намаздарынада сөзсүз тургула. Тахажжуд намазы адамды Аллахка жакындатат. Тек гана беш маал фарз-намаздарын окуу менен эле чектелип калбагыла. Аллахты көп-көп зикр кылгыла. Куранда ага көптөгөн үндөөлөр бар. Бир аятта: "Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тосот. Ал эми Аллахты зикир кылуу андан да чоң (ибадат). Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билипт урат", - деп айтылат.

#47 12 February 2013 - 22:52
НАПИЛ ИБАДАТТАР
Алтын уулум! Хадиси Кудусиде Аллах Таала: "Пендем фарздарды аткаруу менен Менин азабымдан кутулат, (ал эми) напил ибадаттар аркылуу мага жакындайт" , - деп айткан.
Аллахтын азабынан аман калууну кааласаң, фарз ибадаттарды толук аткар. Ал эми ага жакындардан (авлиялардан) болууну кааласаң, анда напил ибадаттарыңды көбөйт жана ыкластуу бол. Аялың Менен бирге түндөрдө тахажжуд намаздарына тур.Пайгамбарыбыз (с.а.в.) уйку катуу басса жубайлар бири-бирине суу сээп болсо да тахажжуд намаздарына туруусун насыят кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эч качан дааратсыз жүрчү эмес жана ар түнү тахажжуд намаздарын окуй турган...
Уулум! Биз Аллахка таандыкпыз, б.а. Анын кул пенделерибиз жана анын алдына гана кайтып барабыз. Бирок качан кайтып бараарыбыз гана бизге белгисиз. Ошол үчүн ар дайым өлүмгө даяр турушубуз абзел.

#48 12 February 2013 - 23:01
АДАМДА РУХАНИЙ ДЕНЕ ДА БАР...
Сүйүктүү уулум! Инсанда эки дене бар. Көпчүлүк адамдар муну билбейт. Биринчиси - көзгө көрүнүп турган материалдык дене. Экинчиси болсо - кол менен кармоого жана көз менен көрүүгө болбой турган руханий дене. Акыл менен рух ошол руханий дененин эң маанилүү эки элементи. Руханий дене менен материалдык дененин азыктары да өз-өзүнчө бөлөк-бөлөк. (Материалдык дене тамак менен азыктангандай, руханий дене болсо ибадат менен азыктанат). Буларды оболу аялыңа, андан кийин балдарыңа, андан соң жоро-жолдошторуңа үйрөт. "Алар менин айткандарыма кулак салышпайт" - деп, аракетсиздик абалда калбагын. Сен аларга айтып, билдирип койо бер. Исламий маалыматты адамдарга билдирүү жана жеткирүү - ар бир мусулмандын милдети. Бир күнү болбосо бир күнү анын түшүм-жемишин көрөсүн. Бул дүйнөдө көрбөсөн, акыретте албетте көрөсүң.

#49 12 February 2013 - 23:10
АР-НАМЫСТУУ БОЛ
Уулум! Эгер ар-намысыңды, ариетиңди, абийриңди башкалардан сактоону кааласаң оболу өзүң башкаларга карата жасаган мамилеңде намыстуу, абийирдүү жана ариеттүү бол. Адамдынар-намысы, абийири жана ариети менен ойногон адепсиз немеде адамдык сыпат деле болбойт. Кимдир бирөө сенин үйүңдүн ичин шыкаалап-аңдып тиктесе, жолдон өтүп бара жатып сенин карындашыңа, аялыңа, кызыңа тийишсе, сен андай акмактан кантип ыраазы болмок элең?! Демек өзүңө карата жасалышына ыраазы болбой турган аракеттерди башкаларга карата да жасабагын. Эч качан бөтөн аялдарга же кыздарга көзүң менен, колуң менен же тилиң менен адепсиздик кылбагын. Билип кой: эмне гана жасабагын, анын баары эртедир-кечтир сенин өзүңө кайтып келет, (б.а. сен башканын аялына тийишсең сенин да аялыңа башка бирөө тийишет; сен бирөөгө жабыр тарттырсаң сага да башка бирөө жабыр тарттырат, сен бирөөнү алдасаң сени бирөө алдайт)!
Бул жамандыктардын баарынын энеси - исламий илимден кабарсыздык. Сен кабарсыздардан болбо. Кабарсыздар" наадандар" деп аталат. Аллах кабарсыздарды (наадандарды) жакшы көрбөйт. Ошондой эле жаман пейилдер адамдын жүрөгүн карайтып, ибадаттын лаззатын сезүүдөн кур калтырат; адамды бул дүйнөдө да, акыретте да уят кылат.

#50 12 February 2013 - 23:23
АЛЛАХТЫН ДОСТОРУН (АВЛИЯЛАРДЫ)ТАП ЖАНА ОШОЛОРГО ЖАКЫН БОЛ
Курани Каримде Аллах Таала авлиялар тууралуу кабарлап койгон. Чындыгында эле, Аллах өзүнө дос туткан адамдар бар. Баардык доорлордо жана баардык жерлерде мындай (авлия) кишилер сөзсүз болот. Аларды таанысаң аларга аралаш; сукбаттарынтында, ошондо руханий жактан тирилесиң. Дүйнөнү жана анын ичиндеги нерселердин баарынын маани-максатын, макыз-өзөгүн мына ошондо жакшыраак түшүнөсүң. Эгер андай кишилерди таба албасаң түндүн үчтөн эки бөлүгү өткөн соң тургун да: «Оо,Аллахым!
Досторуң ким экенинмага билдир. Бул дүйнөдө кимдер Сенин сүйүктүү досторүң болсо, мени да ошолорго тең кыла көр», -деген дубалар менен Аллахка кайрыл.
Аллах Тааланын өзүн жашап жаткан доордон мурдакы доорлордо жашап өткөн досторунун (авлияларынын) өмүр баяны жана накыл сөздөрү жазылган китептерди (көп) оку. Ал китептерди аялың жана бала-чакаң менен чогуу окугула. Ошол ибаратка толо аңгемелер сенин руханий денеңди азыктандырат, рухуңду рахаттандырат. Ойдон чыгарылып жазылган аңгемелер жана повесть-романдар сага эки дүйнөдө тең пайдасыз, тескерисинче зыяндуу: убактыңды текке кетирип, акылыңды адаштырат .

#51 12 February 2013 - 23:35
ДОСТОРДУ ТУУРА ТАНДА!
Оо, асыл уулум! Достор тууралуу эмне дешкенин билесиңби? Алар: «Эгер сен мага досуңду көрсөтсөң, мен сенин ким экендигиңди айтып берем», - дешкен. Анткени, чындыгында эле адамдын ким экендиги анын күткөн досунан белгилүү болот. Себеби: пикирлер, көз караштар орток болуп, шайкеш келгенде гана адамдар бирин бири таап, жакындап, өз ара достошо алышат. Ошондуктан аялыңдын кимдерди дос тутуп, балдарың кимдер менен жакындан мамиле кылып жаткандыгына да назар салууну унутпа. Аялың менен мамиле кылып, үйгө келген аялдардын күлк-мүнөздөрүнө, адеп-ахлактарына өзгөчө маани берип, аларды көңүл сыртында калтырба. Күлк-мүнөзү начар аялдар менен аялыңдын мамилелеш болуусуна, баарлашуусуна жол бербе. Балдарыңдын досторун да сураштыра жүр. «Али бала да» деп көңүлкош болбо. Алардын өздөрүнөн жашы улуу балдар менен дос болуусуна жол бербе. Мүмкүн болсо өзүн бара турган исламий жыйналыштарга балаңды да ала бар. Ошондо алар улуулардан жакшы сөздөрдү угуп, жакшы адептерди, мыкты ахлактарды үйрөнөт.

#52 12 February 2013 - 23:38
КАЙЫН ЭНЕ ЖАНА КАЙЫН АТАҢ МЕНЕН ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ БОЛ
Уулум! Кайын энең менен кайын атаңды урматта, сыйла, ызатта. Анткени алар да сага ата-эне болуп эсептелет. «Кайын ата» сөзүнүн мааниси «кайми ата», башкача айтканда ата ордуна ата болуучу киши дегенди туюнтат. «Кайын эне» сөзүнүн мааниси деле ушундай.Ошол үчүн аларды «ата», «эне» деп урмат көрсөт. Аялыңдын алдында алар тууралуу жаман сөз айтуудан сактан. Антпесең аялыңдын жүрөгүн оорутасың. Аларды башкалардын алдында да жамандаба. Гыйбат-ушак деген жаман адаттан тилиңди тыя билгин. Мүмкүн болсо, аларды тез-тез зыярат кылып, ал-акыбалдарынан кабардар болуп тургула. Кайын атаңдын үйүнө анча-мынча барып турушуңдан биз тынчсызданбайбыз, силер тынч болсоңор, ошонун өзү бизге жетиштүү. Алар силердин ынтымакчылыкта өмүр кечирип кеткениңерге кубанышат. Эгер алар силерге кандайдыр бир катуу-жумшак сөз айткан болсо, аны алар силерге жакшылык каалагандыктан улам гана айткан болот. Себеби: эч ким өз перзентине жамандык каалабасы бештен белгилүү эмеспи.

#53 12 February 2013 - 23:48
ҮЙ ИШТЕРИНДЕ АЯЛЫҢА ЖАРДАМ БЕР
Оо, жан уулум! Эркек киши ар дайым өз аялын сүйүшү жана ал тууралуу жакшы ойлорду ойлоосу лаазым. Аял киши тек гана аялдык милдетти аткарганы үчүн эле эмес, турмушта күйөөсүнө дос, жолдош, жубай, махабаттын булагы, балдардын мээрбан апасы болгону үчүн да урматталуусу, ардакталуусу, ызатталуусу абзел. Күнү-түнү бир үйдө жашоо, бир жаздыкка баш коюу, бирге жатып-бирге туруу сыяктуу жакын алакалардан артык кандай жакындык болмок эле?! Эркек да, аял да муну сезиши жана ошондой ысык ымала ичинде жашоо кечирүүгө умтулуулары зарыл.
Аялдар назик болушат. Муну үйлөнгөндөн кийин жакшыраак түшүнөсүң - Ошол себептуу аялың үй ичиндеги өзүнүн милдеттерин сен ойлогондой аткара албай жатса, демек анын күйөөнүн жардамына муктаж болуп жатканын түшүн. Ошентип, сен ар дайым аялыңа жардамчы бол. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз көйнөгүнүн жыртыгын да өзү тиккени тууралуу риваят бар. Абдан ардактуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ошондой кылган соң биз аны кантип үлгү тутпай калалы?!! Сен муну туура түшүн. Бош убактыларыңда аялыңа жардам бер. Үй жумуштарын аткаруу - аялдын иши. Бул милдетин ал аткарбай турган болсо, анда Аллахтын алдында күнөөкөр болот. Күйөөсүнө моюн сунбаган, үй жумуштарын аткарбаган жабыркеч аялдар жаннатка кире алышпайт.
Уулум! Эгер аялың аткарууга жетише албаган, үлгүрбөй жаткан иштерди өзүң аткарып койсоң сен аны күнөөдөн сактаган болосуң. Баардык иштерде жана бүткүл учурларда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ды өзүңө үлгү тут жана анын: «Кимде-ким аялга анын сулуулугу жана байлыгы үчүн үйлөнгөн болсо, ал ошол эки нерсенин тең ырахатын көрө албайт. Ал эми (аялга) дини (б.а. диндарлыгы) үчүн үйлөнгөн болсо, анда ага байлык да, сулуулук да өзүнөн-өзү келе берет», - деген маанидеги насыят сөзүн эсиңден чыгарба.

#54 13 February 2013 - 14:28
мага аябай жакты
дагы окугум келлип жатат. мумкунчулук болсо жазып койсонуздар.
авторго рахмаат!!
!
#55 13 February 2013 - 15:24
Кеп окуганда эмес, кеп аткара билгенде 
Аялына же апасына жардам бергендер болду бекен? Болсо кантип?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#56 13 February 2013 - 21:52
Кеп окуганда эмес, кеп аткара билгенде
/>
Аялына же апасына жардам бергендер болду бекен? Болсо кантип?
Аялына же апасына жардам бергендер болду бекен? Болсо кантип?
Албетте бар. Кантип болбой койсун. Мисалы мен кээде тамак бышырып, идиш, кир деле жууп кое берем. Чтоб аялыма жардам болсун деген максатта. Бирок дайыма эмес. Конуп алып, иштин баарын мага жуктоп салбасын дейм да. )))
Бойдок маалымда студент болуп уйдо болбогонум учун апама жардам бергенимди эстей албай турам. Анын устуно женелерим да бар. Мага жумуш деле калбайт. Бирок айылга барганда коооп суйлоп берип апамдын конулун которуп турчумун.
Мен кобунчо кочодо болгонум учун мактана турган деле ишим жок. Бирок аябай коп жардам берген адамдар бар экенин билем.
#57 14 February 2013 - 00:25
Кеп окуганда эмес, кеп аткара билгенде 
Аялына же апасына жардам бергендер болду бекен? Болсо кантип?
Аялына же апасына жардам бергендер болду бекен? Болсо кантип?
Албетте окуп алып анын баарын аткарган болсок анда болбой калбайбы таптакыр эле)))... бирок кунт коюп окуган адамга албетте жардамын тийгизбей койбосо керек...
Менде азырынча аял жок, буйруса убагы келгенде албетте жардам берем го.... ал эми апама айылга барган сайын колуман келишинче жардам берип конулун алып келем.... алыста жургонум учун мурдалары 3-4 кундо бир чалсам азыр ушундай китептерди окугандан кийин кундо же эки кундо бир чалып акыбалын сурап моралдык жактан болсо да жардам берип турам....
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#58 14 February 2013 - 00:30
шааң
-шөкөт менен салтанаттарга берилбе
Оо, кулунум! Үйүңдү шааң-шөкөттүү салтанатка айландырууга умтулба. Каражатыңды кажат-муктаждыгыңа жараша жумшап, сарпта. Үйүңдү (кымбат баалуу мебель, люстра, килем... ж.б.у.с.) буюмдарга, кооздуктарга толтурууга умтулба .Кооздук-салтанатсыз үй ар дайым тынч жана бейпил болот. Кооздуктарга толгон үй адамды напси менен муунтуп, ар дайым кысып, тынчын кетирип, жүрөгүн сыгыптурат.
Пайгамбарыбыз(с. а.в.) дын кызы Фатима менен азирети Али үйлөнгөн кезде аларга сеп катары тартууланган үй буюмдарын сага санап берейин: үч көрпө, бир жайнамаз, бир жаздык, эки кол тегирмен, суу куя турган бир чанач, кесе, элек, сүргү, кой терисинен жасалган постек (көлдөлөң), кийим илгич, олтургуч, жабуу - булардын баары бирден же экиден гана; мындан сырткары эки даанадан кийим.
Мына ушул буюмдарды өз кызына берип жатып Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын:
«О, Роббим Аллах! Сага жакпай турган ысырапкерчиликтен сактанган кишилерге бул буюмдарды берекелүү кыл», - деп дуба кылат.
О, уулум! Жаңы буюм сатып алган кезиңде: «Оо, Аллахым! Бул алган нерсемди сага моюн сунган абалда иштетүүмдү насип кыл, мунун жамандыгынан сакта», - деп дуба кылууну эстен чыгарба.

#59 14 February 2013 - 00:34
тойдо адамдарга тамак берген жакшы
Уулум! Тойго келген адамдарды тамак-аш менен сыйлоо Пайгамбарыбыз(с. а.в.) дын сүннөтүнө дал келет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын ар бир сүннөтүндө кандайдыр бир даанышмандыктар катылып коюлгандыктан, анын бул сүннөтүндө да бир хикмат бар экени талашсыз. Тойго мусулмандарды, тааныш момундарды, жакын туугандарды жана кедей-кембагалдарды чакыр. Байлар чакырылып, кедейлер чакырылбаган той жаман той экендигин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эскерткен жана үммөттөрүнө мусулмандардын чакырыгына сөзсүз (баруу менен) жооп берүүгө үндөгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ар бир тойдо, албетте, тамак берген. Кызы Фатиманын тоюнда ал базардан алдырган курма, сары май, быштак аралаштырып өзү тамак бышырып, көп кишини тойгузган.
Уулум, мусулман досторуңдун чакыруусун сен да кабыл ал. Бирок, Аллахтын өкүмүнө каршы чыгып,ичимдик ичиле турган тойлорго, кечелерге, жыйындарга эч качан барба. Досторуң сенден бет буруп кетише турган болсо да, андай ыплас тойлорго жолобо. АнткениПайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимде-ким Аллахка жана Акырет күнгө ыйман келтирген болсо, (арак сыяктуу арам) ичимдиктер ичилип жаткан дасторконго олтурбасын! » -деп айткан.
Ошондой эле,шайтандык оюн-күлкүлөр, шааң-шөкөт, жыргал-маншат, той-тамаша, оюн-зоок жана аркандай сайрандоолор болуп жаткан жанаадамдын кумардануусун козгой турган музыкалар ойнолуучу жаман жайлардан жаа боюалыкач жана андай ыплас той-топурлардан ат чабым алып жүр.

#60 14 February 2013 - 00:41
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ДУБАСЫ
О, уулум! Нике күнү кыз-куйөө үчүн өмүрдөгү эң маанилүү түн. Бул өтө берекелүү бир сапар. Бул сапарды дуба жана кайыр-садака менен баштап, күнөөкөр болуп калуудан сактануу зарыл. Келин менен күйөөсү ошол түнү даарат алып, эки рекет намаз окушу жана өткөн күнөөлөрүнө тообо келтирип, Аллахтан салих перзенттерди насип кылышын сурап дуба кылышы керек.
СүйүктүүПайгамбарыбыз (с.а.в.) дын өз кызы Фатима менен күйөө баласы азирети Али үйлөнгөн кезде, аларга:
- О, Аллахым!Буларга берекелүү ийгилик бер, курган турмуштарын куттуу кыл. О, Аллахым! Фатиманын урпактарын шайтандын жамандыктарынан сакта!» - деп, анан Ихлас, Фалак, Нас сүрөлөрүн окуп, анан аларды өзүнчө үйгө бөлгөн.

Супер-Инфо
super.kg
видео