БИРИ-БИРИҢЕ МУКТАЖСЫҢАР
Уулум! Аял-эркек бири-бирине муктаж экендигин эч качан унутпагын!
Бул тууралуу Аллах Таала «Бакара» сүрөсүнүн 187-аятында.
«Алар
[1]силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер
[2]
»,- деп айткан. (Анткени, аял менен эркек бири-бирине кийимге муктаж болгондой муктаж жана бири-биринин абийирлерин кийим сыяктуу калкалоого милдеттүү).
Уулум! Бир саат кийимсиз калууну элестетип көрчү кана! Ошондой абалда эмне кылмаксың кандай ыңгайсыз абалга кабылмаксың?
! Кийим адамды кандай сактаса, эркек аялды, аял эркекти ошондой сактап турат жана сактоого тийиш.
Адам үйлөнгөн соң ойноштук сыяктуу күнөөлөрдөн сактанат, ибадаттарынан рахат алат, достору менен туугандарынын арасында урмат-сыйы артат. Үй-бүлөлүү киши бойдоктор менен сүйлөшүүгө анча кызыкпай калат. Кыскасы, бул турмушта аялдын күйөөгө, күйөөнүн аялга пайдасы мол.
Эгер эрди-катын турмушта жараша албай,ажырашып,
бойдок кала турган болсо, кийимдеринен жылаңач калып, сууктан дир-дир этип титиреп-калтыраган адамга окшош. Ошондуктан ажырашуудан алыс болуу зарыл. Ажырашуу коом үчүн да зыяндуу нерсе.
Айша энебизден (хадис шариф):
-Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үйдө эмне менен алектенет эле? - деп сурашканда,
Айша энебиз:
-Силер сыяктуу эле ал жак, бул жакты тартипке келтирип, анча-мынча нерселерди сатып алып, оор иштерде үйдөгүлөргө жардам берип, атүгүл эт да туурачу, (кээде) кызматчылардын жумуштарын да орундатып берээр эле, - деп жооп берген.
[1] Аялдарыңар
[2] Бири бириңемуктажсыңар
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#61 14 February 2013 - 00:48
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#62 14 February 2013 - 11:02
АЯЛЫҢДЫН АКЫСЫН БЕР
Уулум! Аялдын күйөөсүндө акысы болуп, анын алдында милдет-укуктарга ээ болгондой эле, эркектин да өз аялында акылары бар.
Баарыдан мурда,аялың менен жасалчу мамиледе ар дайым сылык, мээримдүү, ырайымдуу, кайрымдуу,адептүү жана сыпайы бол.
Бир хадисте:«Аялдардын акысын бербей коюудан сактангыла. Алар силерге ар бир иште жардамчы. Аларды (аялдыкка) Аллахтын амири менен алгансыңар. Аллах аларды силерге халал кылган», - деп айтылат.

#63 14 February 2013 - 11:04
КЫЗГАНЧААК БОЛ, БИРОК...
Уулум! Кызганчаак бол, бирок чектен ашып кетпе. Пайгамбарыбыз (с.а.в.):«Кызгануу ыймандан, кызганбоо болсо мунафыктыктан (эки жүздүүлүктөн)», - деп айткан. Ошондуктан, кызганычка азгырык менен шек саноону аралаштырбоо керек. Аялыңды,кыздарыңды, эже-карындаштарыңды жана башка жакындарыңды бөтөн көздөрдөн кызганууң сактооң - эркектик милдетиң. Мына, ошол (сезим) - ыймандуулуктун белгиси. Кызгануу - мусулманга тиешелүү сыпат. Бирок үйүндө жалгыз отурган аялы жөнүндө көрбөй-билбей туруп эле ар кандай күмөндүү ойлорго алдыруу - шайтандын азгырыгы. Кокус, мындай күмөндөр көбөйүп кетсе, жүрөктүн караюусуна, тынчсыздыкка, жанжалга алып келет. Мындай кызгануу Аллах Тааланын азабынкелтирет. Хадис тариф:
Бир күнү азрети сахаба Са'д:
- Оо, Аллахтын Элчиси! Аялымдын алдында бөтөн эркекти көрсөм, буга да төрт күбө керекпи? - деп сурады.
Ал бул сөзү менен аялың башка бир эркек менен турганын көргөн болсо, төрт күбө издеп жүрбөй эле,алардын ишин дароо өзү чечип коюуну суранган эле.
Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.): - Аллах Таала Кызганчаак, Кудуреттүү. Аллахтын кызганчаактыгы - тыюу салынган нерселерге ыраазы болбоодо (жатат). Момун киши кызганчаак болот. Са'дтын кызганчаактыгына таң калып жатасыңарбы? Мен андан да кызганчаакмын. Аллах Таала менден да кызганчаак, - деген мааниде насыят айткан.
Дагы бир хадисте:«Мен, чындыгында, кызганчаакмын. Кызганбаган адамдын жүрөгү тар», - деген.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) күйөө баласы азрети Алиге: «Оо, Али! Кызганчаак бол! Аллах Таала кызганчаак адамдарды жакшы көрөт», - деп насыят айткан.
Ошондуктан, оо, уулум! Эшик-терезелериңдин пардаларын жакшылап тартып жүр, эч качан ачык калтырба!
Пайгамбарыбыз(с. а.в.): «Эшикти ачык калтырган да, андан ичкери кирген да күнөөкөр», - деп айткан.
Сөздүн ачыгы өз аялың өзгө кишилерден коргоону туюнткан кызганыч -көркөм кызганыч. Ал эми жүйөсүз азгырууга алдырып, аялынын ар бир аракетинен күмөн саноону туюнткан кызганыч болсо - жексурлук.

#64 14 February 2013 - 11:10
МУКТАЖДЫКТАРЫҢА САРАНДЫК КЫЛБА
Уулум! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Өзү үчүн мол каражат жумшап,бала- чакасы үчүн сарандык кылган киши менен шапаатыма татыктуу боло албайт», - деп,мүмкүнчүлүгү болуп туруп, үй-бүлөсүнө сарандык кылган кишилерди наалаттаган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы бир хадисте: «Ким Аллах жолунда кедейге бир дирхам садака берсе жана бала-чакасынын кажети үчүн да бир дирхам жумшаса,Аллах жолунда үй-бүлөсү үчүн жумшаган дирхамдын сообу көбүрөөк», - деп айткан.
Уулум! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Өзү үчүн мол каражат жумшап,бала- чакасы үчүн сарандык кылган киши менен шапаатыма татыктуу боло албайт», - деп,мүмкүнчүлүгү болуп туруп, үй-бүлөсүнө сарандык кылган кишилерди наалаттаган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы бир хадисте: «Ким Аллах жолунда кедейге бир дирхам садака берсе жана бала-чакасынын кажети үчүн да бир дирхам жумшаса,Аллах жолунда үй-бүлөсү үчүн жумшаган дирхамдын сообу көбүрөөк», - деп айткан.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#65 14 February 2013 - 11:16
ҮЙҮҢӨ БАРЫП ТУРУУГА УРУКСАТ БЕРДИ
Уулум! Аялыңа көнүлкоштук кылба, анын турмуштук жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу менен бирге, жыныстык катнашта да муктаждыгын бүтүргүн - демекчимин. Турмушта бул жагы да өтө маанилүү.
Азрети Умар(разияллооху анху) нун алдына бир жоокердин аялы келип, (жоокерлик кызматта жүргөн) күйөөсүнүн (көптөн бери үйгө келбей) кечигип жатканын айтат. АзретиУмар (разияллооху анху) ага:
- Ойноштук кылууну эч качан оюңа да келтирбе! - дейт. Ошондо аял:
- Аллах өзү сактасын,- деп жооп берет.
Ошондон кийин Халиф Умар(разияллооху анху) жоокерлерге белгилүү бир убактарда үйүнө барып турууга уруксат берет.

#66 14 February 2013 - 11:27
КОШУЛААР КЕЗДЕ ДА ДУБА ОКУУ ЗАРЫЛ
Уулум! Белгилүү китептерде мындай көрсөтмөлөр берилген:
Кошулуп жаткан кезиңде үстүң жабык болсун. Ошондо төрөлө турган перзентиң ары уяттуу, ары адептүү болот. Ар бир иштин башында «А'уузу Биллахи минаш шайтоонир рожиим» менен «Бисмиллахир рохмаанир рохиимди» айтуу шарт.
Сахих хадисте:«Бирөө аялына кошулууну кааласа «Бисмиллах, аллохумма жаннибиш шайтоона уа жаннибнаш шайтоона маа розактана» ( Аллахым, бизден жана бизге бере турган нэматыңдан шайтанды алыс кыл),- деп айтсын, эгер ошондо аялынын боюна бүтсө, ал балага эч качан шайтан зыянын тийгизбейт», - деп айтылган.
Дагы бир хадисте:«Силер жаныбарлар сыяктуу эмес, оболу тамашалашып, сүйлөшүп, сүйүшүп, анан аялдарыңарга кошулгула», - деп айткан.
Эсиңде болсун! Нифас жана хайыз кезинде аялың менен жыныстык катнаш кылууң - харам. Ким ошол маалда жыныстык катнаш кылса, ал күнөөкөр болот. Муну күнөө деп санабаган,халал деп билген киши каапыр болуп калат. Мындай ката ишенимде болгон киши тобо кылып, ишенимин тууралоосу, ыйманы менен никесин жаңылоосу керек. Хайыз каны келип жаткан учурдагы аялдын киндиги менен тизесинин аралыгын жылаңач абалда сыйпалап лаззаттануу да дурус эмес.
Ал эми таза кезде жыныстык катнаш кылып бүткөн соң дагы катнаш кылгысы келгендердин экөөсү тең авраттарын жууп алуулары керек.
Уулум! Эсиң(ер)де болсун: Тамактанганыңардан кийин дароо же ачуулуу жана кайгылуу убактарыңарда, аялың оорудан эми гана айыгып, алсырап турган кезинде жыныстык катнаш кылуу ден-соолукка өтө зыяндуу. Аптасына бир-эки, ашып кетсе үч жолу жыныстык катнашта болуу дурус. Көп кошулуу зыяндуу, жөндөмдүү денени алсыратат.

#67 14 February 2013 - 11:33
БОЮНДА БАР АБАЛДА...
Аял киши боюнда болсо, оор нерселерди көтөргүзбөө лаазым жана кандайдыр бир күчүркөнө турган нерселерди мажбурлап жасатпоо керек. Үй-бүлөгө харам тамактын жана буюм сыяктуу нерселердин кирүүсүнөн, асыресе, аялды боюнда бар кезинде харам нерсе жегенден сактаган абзел. Харам нерсе жеген аялдан жакшы перзент туулбайт.
Аял киши боюнда болсо, оор нерселерди көтөргүзбөө лаазым жана кандайдыр бир күчүркөнө турган нерселерди мажбурлап жасатпоо керек. Үй-бүлөгө харам тамактын жана буюм сыяктуу нерселердин кирүүсүнөн, асыресе, аялды боюнда бар кезинде харам нерсе жегенден сактаган абзел. Харам нерсе жеген аялдан жакшы перзент туулбайт.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#68 14 February 2013 - 11:40
Перзент көргөн кезде...
Уулум! Аялың төрөп, перзент көргөн кезиңде Аллахка шукур айт. Кыз көрсөң да, уул көрсөң да сүйүн. Уулду да, кызды да Аллахтын нэмат-жакшылыгы деп бил. Неге дегенде, алардын кимиси сага кайырлуу болорун сен билбейсиң, Аллах билет. Кыскасы, перзент көргөн кезиңде Аллах Таалага шукур келтирип, анын жакшылыгын тиле.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «(Кайсыл) бир кишинин үч кызы болуп, аларды(ислам таалими менен) жакшы тарбиялап-өстүрсө жана (момун адамга турмушка берип) куттуу жайына кондурса, анын сыйлыгы жаннат (болот)», - деп кабарлаган. Аялыңа харам же харам болуп чыгуу ыктымалы болгон шектүү тамакты жегизбе, харамдан кийим кийгизбе, харамдан табылган төшөккө да олтургузба. Анткени харам нерсе жеп өскөн бала харам иштерди жасоодон коркпой калат.
Төмөнкү хадистерге кулак сал:«Балаң эмчек сүтүнө жараша күлк-мүнөздүү болот».«Харамдан сактан.Анткени харам менен курулган курулуш эртедир-кечтир (сөзсуз) апаатка учурайт!»
Аят: «Асмандүр менен жердин бийлиги Аллахка гана таандык. Ал каалаганын жаратат: кимге кааласа кыз, кимге кааласа уул берет; же Ал уулдарды да, кыздарды да берет. Кимди кааласа тукумсуз кылат. Анткени, Ал - Билүүчү,Кудуреттүү" (Шуура": 49-50).

#69 14 February 2013 - 11:48
ПЕРЗЕНТТИН КУЛАГЫНА АЗАН АЙТУУ ЖАНА ЖАКШЫ AT КОЮУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ТУУРАЛУУ
Уулум! Бала туулган соң жети күн ичинде оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтып, ысым берилет. Наристеге такыба жана авлия (жок дегенде момун же диндар мусулман) кишилердин ат койгону абзел. Анан ошол кишилер сыяктуу салих пенде болсун деп дуба кылуу керек. Кыямат Күнү ар бир киши өз ысымы менен аталып чакырылат. Ошондо ысымы начар адамдар уялууга дуушар болушат. Начар маанини бере турган, жана маанисиз13 ысымдарды коюу - касиетсиздик. Андай ысымдарды сүннөт ысым менен алмаштырып өзгөрткөн жөн. Аты жаман адамдын затынын жакшы болушу кыйын. Андай аты жаман адамдардан жакшылык да күтүүгө болбойт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да кээ бир сахабалардын ысымдары жаман маанини туюнтканы үчүн кайра жаңылап жакшы маанилүү ысым койгонун сахих хадистер ташка тамга баскандай тастыктап турат
13 Мисалы: Эрнис,Кыяз, С'ездбек, Космосбек, Колхозбек, Советбек, Марс, Вайс, Жылдызбек, Бө р ү , Жолборс, Асек,Мелис, Барпы, Борончу, Атбагар, Аттокур, Аккү ч ү к, Аккозу,Кочкорбай, Итибай, Итигул, Абдыгул... деген сыяктуу, жана башка толгон-токойысымдар. .. Ысымдар тууралуу кийин өзүнчө кенен сөзкыларбыз, инша Аллах - ред.

#70 14 February 2013 - 23:40
АКИКА
Уулум! Эсиңде болсун: туулганына жети күн толгон кезде наристенин чачы алынып, чачынын салмагынчалык өлчөмдөгү алтын же күмүш, же болбосо ошонун баасынчалык акча садака берилет. Уул болсо эки, кыз болсо биркой союп, этинин бир бөлүгү садака катары кембагалдарга бөлүштүрүлөт. Мына ушу исламий жөрөлгө "акика" деп аталат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да небереси Хасан туулган соң жетинчи күнү акика жасап, чачын алдырып, садака тараткан. Акиканы наристе төрөлгөндүн он төртүнчү күнү да аткарса болот. Балагатка жеткенге чейинки аралыкта акика жасаса болот деген пикирлер да уламалар арасында бар.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Оо, Аллахым, (бул курмандыкка чалыңган малдын) каны (жаңы төрөлгөн ушул баланын) канына, эти -этине, сөөгү - сөөгүнө, түгү - түгүнө, териси - терисине төлөм (болсун). О,Роббим! Бул акиканы уулум үчүн жаханнамга фидаа кыл», - деп дуба кылган. Баланын ысмын да алгачкы жети күндүн ичинде коюу керек.

#71 14 February 2013 - 23:45
ЭНЕ CYTYHYH ПАЗИЛЕТИ
Оо, балам! Перзентиңди мүмкүн болушунча эне сүтү менен өстүр. Анткени эне сүтүнүн ордун жер жүзүндө бар баардык азыктардын ичинен эч нерсе алмаштыра албайт.
Оо, балам! Перзентиңди мүмкүн болушунча эне сүтү менен өстүр. Анткени эне сүтүнүн ордун жер жүзүндө бар баардык азыктардын ичинен эч нерсе алмаштыра албайт.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#72 14 February 2013 - 23:53
ТАМАКТАНУУ АДЕБИН ҮЙРӨТ
Уулум! Перзентиңе ар бир ишти баштоодон мурун: «Бисмиллаахир- Рохмаанир-Рохиим» - деп айтууга үйрөт. Ошол сыяктуу эле тамактанаар алдында ушул сөздү кайталап туруу зарыл. Анткени наристе - ичи бош чакага окшош болот. Ага эмнени куйсаң ошонун баарын ала берет, башкача айтканда жакшы нерселерди куйсаң, жакшы нерселерди, жаман нерселерди куйсаң жаман нерселерди алат. Дал үйрөнө турган кезде аны өз жайына таштап салба. Анткени багуу көрбөгөн дарактын жемиши ачуу болот.
Балага тамактануу адебин үйрөт.Тамакты алаканын толтуруп оозуна салбастан, ашыкпай, жакшылап чайнап, анан жутууну, карыны толгуча жебестен, ашказанынын үчтөн бир бөлүгүн тамак, бир бөлүгүн суу, дагы бир бөлүгүн аба менен толтурууну, тамактан мурун жана тамактан кийин колун жуушту, ичип-жеп болгон соң Аллахка шүкүр келтирүүнү жана ушул тариздүү адептүүлүктөрдөн үйрөтө бер.
Баланы чоң адамдын гана угуусу ылайык болгон баяндарды, сөздөрдү тыңшоодон алыс карма. Тескерисинче, тарбияга жардам бере турган исламий риваяттарды көбүрөөк айтууга тырыш. Өзүнөн жашы улуу жана тарбиясы начар балдар менен дос болуусунан сакта Күлк-мүнөздө жана адеп-ахлакты буза турган китептерди окутпа. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын таалим-тарбиясын алган кишилер тууралуу риваяттардан айтып берүү менен баландын исламий көзкараштан туура жетилүүсүнө маани бер. Баланы алакан менен шапатымыш болуудан башка урба, аны да өтө сейрек учурларда гана, андан көрө катасын жакшы сөздөр менен түшүндүр. Жаш балага «мындай кылба!» деп коюу гана жетиштүү эмес, эмне үчүн андай жасабаш керектигин наристенин акылы ага жете турган деңгээлдеги жөнөкөй сөздөр менен түшүндүр жана жаман иштин жаман экендигине ишендирүүгө аракет жаса.
Балага жаш кезинен баштап эле авратын жабууну үйрөт.Уяттуу болуп өссүн. Досторун урматтоону, мактанчаак болбошту, текеберлик кылбоону, башкаларды өзүнөн төмөн көрбөөнү акылына сиңдир.
Бирөөдөн бир нерсе албасын, алса, кайтарып берсин. Атүгүл жерде жаткан жана ээси белгисиз нерелерге да кол созбосун.
Чоң адамдардын алдында адептүү турууну, керилбешти, эснебешти, манжаларын кырсылдатпашты, көп сүйлөбөштү, буттарын кайчылаштырып олтурбашты ага түшүндүрүп кой.
Жөндөмүнө жана кабылдоо шыгына жараша зарыл жумушка жардам берүүнү үйрөт.

#73 15 February 2013 - 00:01
БАЛАНЫ ЖАКШЫ СӨ3ДӨР МЕНЕН ТАРБИЯЛА
Уулум! Баланы тарбиялоодо таттуу сөз - эң пайдалуу. Кайсыл бир ишти үйрөтүүдө же бир нерседен баланы кайтарууда катуу болбо. Ага катуу буйрук берүү менен иш кылдырба. Мисалы: «Неге айтканымды аткарбайсың? !» - деп ачуулануунун ордуна, «акылдуу балдар ата-энесинин тилин алат», - деп уялтканың жөндүү. Жана да «менин уулум тамеки чекпеши керек»- деп дилине салып койгон пайдалуу.
Төмөнкү икаяга кулак сал, уулум:
Сахл бин Са'д (р.а.) нун мындай дегени кабардалат: "(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) га суусундук алып келишти эле, ал ооз тийди. (Ошондо) анын оң жагында бир жигит14, ал эми сол жагында болсо аксакалдар турушкан. Аллахтын Элчиси ошол жигитке бурулду да: "(Сенден мурда) аксакалдарга 15 берүүгө уруксат бересиңби?" - деп сурады.16 Жигит айтты: "Аллахка ант болсун, сизден мага тийген нерсени эч кимге бербеймин! " Ошондо Аллахтын Элчиси (чөйчөктү) агакарматты! " (ал-Бухари; Муслим).
Көрдүңбү, уулум! Пайгамбарыбыз(с. а.в.) «бул жаш бала» деп, ага маани бербей калтырбастан, өзүнүн абдан көркөм жана хикматтуу өрнөгү менен (өзгөчө, оң жакта турган) адамдарга кандай мамиле жасоону үйрөткөн.
14Ал жигит -Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын атасынын бир тууган агасы Аббастын баласы АбдуллахИбн Аббас (р.а.) болчу жана ал кезде анын жашы отузга жете элек болгон ':
15Б.а.: "сол жагымда тургандарга. .."
16 Аллахтын Элчиси (с.а.в.) ар дайым оң жактагыларга артыкчылык берчу

#74 15 February 2013 - 00:26
БАЛАҢА ИСТИНЖА КЫЛГАНДЫ ҮЙРӨТ
Уулум! Балаң төрт-беш жашка толгон кезде нажастан тазаланууну үйрөт. Нажас чыккан жерди сол кол менен тазалоо керектигин айт жана өз колуң менен көрсөтүп кой. Ар нерсени ал сенден үйрөнбөсө кимден үйрөнмөк эле. Сенин баардык үйрөткөн нерселериң ага өрнөктүү сабак болууга тийиш. Нажастан тазаланган учурда сол кол арка жактан жиберилип,нажас чыккан жерлер кесек же даарат кагаз менен нажас калбаганча сүртүлөт. Ал жерлерди жууш да сол кол менен жүзөгө ашырылат. Истинжага олтурган соң сөөк, тезек же куттуу сөздөр (аят же хадис) жазылган кагаздар менен сүртүүгө эч качан болбостугун балаңа жаштайынан угуз. Ажатканага кирген кезде, денесине,кийимдерине нажас тийгизбесин, чачыратпасын, тике турган абалда даарат сындырбасын.
Истинжага олтурган кезде алдын же артын Кыблага каратып олтурбасын. Ажатканага кирээрде (туалетке болжолдуу түрдө ал ганда 7 кадам калган кезде): Бисмиллах. Аллахумма, инни 'аузу би-ка минал хубси вал хобааиси" , (= "Аллахтын ысмы менен! О, Аллахым,чындыгында, мен ургачы жана эркек жин-шайтандардан коргоонду тилеп, Сага гана сыйынамын" ) - деген дубаны айтып, сол бут менен кирсин. Туалетте сүйлөшүү,күлүү, үргүлөө ДУРУС эмес экендигин ага түшүндүр. Туалеттен чыккан кезде: "Алхамду лиллахил-лазии азхаба 'аннил азаа ва'афании (= Менден зыяндуу нерселерди кетирген Аллахка шүкүрлөр болсун) - деп, оң буту менен чыксын.Ажаткананын тазалыгына да көнүл бөлсүн.

#75 15 February 2013 - 00:29
ИСТИБРА
Уулум! Перзентиң уул болсо, ага истинжа менен бирге истибраны да үйрөт. Анткени эркек киши даарат сындыргандан кийин деле баары бир заара түтүгүндө бир-эки тамчы калып кетет. Мына ошол тамчылар бираз убакыттан кийин чыгып, кийимге тийип, аны булгашы мүмкүн. Ошол себептен улам ошол тамчылар чыкканга чейин ажатканада олтуруу (бираз силкилдөө же туруп кайра олтуруу) керек. Мына ушул күтүүнү шариатта "истибра" деп атайт.
Эгер буларды уулуңа айтуудан уялсаң жазып же болбосо бирөө аркылуу түшүндүр.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#76 15 February 2013 - 00:37
ДААРАТ
Перзентим! Дааратты үйрөтүүчү китептер абдан көп. Ошол китептерден балаңа алып бер. Бирок азыр мен айткан сөздөр баардык эле китептерде кездеше бербейт.
Даарат алган кезде манжаңда шакек болсо, суунун толук тийүүсү үчүн аны чечип коюп, манжалардын арасын манжалар менен салаалап жууш керек. Жуп мүчөлөр оң жагынан, мисалы, бет оң жактан баштап жуулат. Бетти жууган кезде эки кулак менен маңдайдын чач чыккан жеринен баштап ээктин астына чейинки аралыктагы баардык жерди жууш шүнүлөт. Ар бир дааратта мисвак менен оозду тазалоо-айгамбарыбыз (с.а.в.) дын сүннөтү.
Ар бир мүчөнү үч жолудан жyyлушу сүннөт. Даарат алып жатканда сүйлөшүү, сууну ысырап кылуу жана чартарапка чачыратуу - макрух.
Колду чыканактарды кошуп, ал эми буттарды болсо томуктарын кошуп жууш абзел. Мунун абзелдиги ушунда жатат: Кыямат Күнү, адамдар суракта турган кезде мусулмандардын дааратта жуулган мүчөлөрү нур чачып жаркырап турат. Демек, даарат алган кезде мүчөлөрдү канчалык ыклас менен жууса,анын нуру ошончолук көбөйөт. Мындай кылууга Пайгамбарыбыз (с.а.в.)өзү үгүттөгөн.
Ал эми башка масх тартып жаткан кезде эки колдун ортоңку манжалары бири-бирине тийгизилип мандайдан желкеге карай тартылат. Баштын баарына масх17 тартуу -сүннөт, төрттөн бирине тартуу болсо - фарз.
Сөөмөй манжа менен кулактын ичине, башбармак менен кулактын артына,алакандын сырты менен моюнга масх тартылат.
Анан сол кол менен оболу оң бут, анан сол бут жуулат. Буттун манжаларынын арасын салаалап жууш да оң жактан башталат.
Ар дайым даарат менен жүрүү - Мусулман үчүн пайдалуу жана маанилүү. Анткени даарат менен жүрүү - бул Аллах менен жолугууга жана ибадат кылууга ар качан даяр дегенди туюнтат.

#77 15 February 2013 - 15:48
БАЛДАРЫҢА ИСЛАМИЙ ЖОЛДУ ҮЙРӨТ
Уулум! Адамдын исламий жолдо жүрүүсү бул абдан маанилүү нерсе. Исламий жол дегенибиз, мисалы: Аллахты туура акыйда менен таануу жана Ага ыйман келтирүү.Исламий жолдун руханий жана физикалык тарабы бар. Анын руханий жагы - жүрөктөгү ыйман-ишеним, ой-пикир, сезим-туюм, дүйнө тааным, дүйнө кабылдоо, кыскасы, иман, ихлас, ихсан жана йакин менен тыгыз байланышкан нерсе. Ал эми физикалык жагы дене менен жасалуучу амалдардан турат. Бул туралуу хадистердин биринде:
«Ар бир адамдын денесине байланыштуу милдеттери мобулар: (1) мисвак колдонуу; (2) мурунга суу тартып тазартуу;(3) тырмактарды алып жүрүү; (4) колтуктун астындагы кылдарды жулуу жана киндиктин астындагы түктөрдү кырып жүрүү; (5) сүннөткө олтургузуу», - деген мааниде кабардалат.

#78 15 February 2013 - 15:54
Сүннөткө олтургузуу
Мына, уулум, ушул айтылгандар Ислам жолу же исламий жол, башкача айтканда тазалыктын жолу болуп саналат. Урпактарыңды мына ушул аруулуктун жолунда жүрүүгө тарбияла. Жогорку хадисте айтылган тазалыктар эң биринчи орунда турган тазалыктар. Алардын эң акырында айтылган «Сүннөткө олтургузуу» болсо - сүннөт. Бул сүннөттү аткарууда салтанаттуу шааң-шөкөттөр, оюн-зооктор, тайраңдаган бийлүү сайрандар, атың өчкүр арам аракты ичүү, баш ооруткан музыкалар ж.б. коштоосу болбогону жакшы. Андан көрө исламий дубалар окулуп, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га салаваттар айтылат.Анткени эч бир сүннөттүн аткарылуусуна күнөөлүү иштердин аралаш болбогону талап кылынат.

#79 17 February 2013 - 08:46
КЫЙЫНЧЫЛЫККА САБЫРДУУ БОЛ ЖАНА ЧЫДАМКАЙ БОЛ
Уулум! Ажалдын кимге качан келээри белгисиз. Кимдин канча өмүр сүрөөрүн бир гана Аллах билет. Мусулман киши ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуусу керек. Ошондой эле, кайсыл бир мусулман кишинин перзенти көз жумган болсо, ал ага сабырдуулук менен мамиле кылууга тийиш, анткенимындай сабырдын сыйлыгы - бейиш.
Сахабалардын бири Жабир (р.а.) Аллахтын Элчиси(с.а.в. ) дын мындай дегенин кабарлайт: «Кимдин үч перзенти өлсө, сабыр кылып,сообун Аллахтан умут кылса, жаннатка кирет.
Биз Пайгамбардан сурадык: - Эки перзенти өлсөчү? Ал:
- Эки перзенти өлсө да, - деп жооп берди. Ошондо хадисти тындап олтургандардын бири Жабирге:
- Эгер биз бир (эле) перзенти өлсөчү? - деп сураган болсок, анда, менин толук ишенимим боюнча, ал: «Бир перзенти өлсө да», - деп айтуусу мүмкүн болчу.
Жабир анын сөзүн макул көрүп: «Албетте, ошондой жооп бермек го» деп ойлоймун», - деп айткан.

#80 17 February 2013 - 09:30
Өркүндөөгөн (цивилизациядан) пайдалан, бирок..
Оо, уулум! Техникалык жана башка (светский) илимдер улам алга илгерилеп, улам өнүгүп, адамзатка албан-түрлүү табылгалар менен жаңылыктарды сунууда.
Алардын арасында пайдалуулары менен өркүндөөгө үлүш кошо тургандары абдан көп. Бирок бузук максаттуу кишилер өздөрүнүн бузуку максаттарына бул жаңы табылгаларды бузукулук жолдорго жумшашууда.
Бул тууралуу Сириялык ислам аалымы Абдуллах Насих Улванын «Исламдагы үй-бүлө тарбиясы» аттуу эмгегинде жазгандарын сага кайталап айтып берүүнү лаазым көрүп турам. Ал: «Шексиз, ажайып бир аспап болуп эсептелген радио,телефон, магнитофон, компьютер, интернет... жана ошол сыяктуу башка да нерселердин пайда болушу азыркы күндө акыл менен колго алынган эң жогорку жетишкендик катары эсептелүүдө. Буларды бүгүнкү күндө материалдан жасалган чоң табылга дешибиз мүмкүн. Бирок булардын баарынын эки жагы бар экенин унутпоого тийишпиз: алардын баарын биз жакшылык максатта колдонгонубуздай, кээ бирадамдар бузукулук-жаман максаттарга да кенен пайдаланышат. Жакшы ниеттүү адамдар илим менен техниканын жетишкендиктерин ажайып кайырлуу жана абдан пазилет-пайдалуу Ислам илимин жайылтууга, Ислам мыйзамдарын жүзөгө ашырууга,жаштарды көркөм мүнөздүүлүккө, улуттук жана руханий байлыктарыбызды урматтоого тарбиялоодо, мамлекет менен калкты дин жана тиричилик иштеринде туура жолго багыттоо үчүн пайдаланып, шариатты туура чечмелеп элге жеткирүүдө аткарып жатканалбан иштери айтпаса да белгилүү.
Ал эми тескерисинче, бузуку күлк-мүнөздүүлүктү, адепсиздикти, уятсыздыкты жайылтып, инсанды адамдык сыпаттардан ажыратып,акмакчылыктарга үндөй турган багытта колдонулса, анда Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген, акыл-эси жайында болгон эч бир адам, мындайга «харам»деген өкүм чыгараары турган иш.
Болбосо мындай илимий жана техникалык жетишкендикти Аллахтын адамзатка тартуу кылган нэматы деп кабылдап, инсаниятты Аллахтын амирлерине моюн сунууга, Ал тыйган нерселерден тыйылууга үндөө, тозок жана кыямат күнүнүн акыйкаттыгын, бул дүйнө менен өмүр - сыноо талаасы экендигин, арбир адам кыяматта суракка тартылаарын ошол заманбап каражаттар аркылуу жеткирүү пайдалуу болмок. Атүгүл мусулман болушунан үмүт кылынбаган каапыр кишилер менен мушриктерге да ушул эле жол менен жеткирүү -үммөттүн моюнундагы парыз. Анткени кимдин жүрөгүн Исламга ачаарын бир гана Аллахтын өзү жакшы билет.
Исламий маалыматтарды жеткирүү - пенде себептүү болгону менен, пендени ыйманга келтирүү - бул Аллахтан гана боло турган кайып иш. Исламды бүткүл адамзатка жеткирүү -үммөттүн мойнудагы аманат. Бул аманатты инсаниятка жеткизүүнүн эң тез, эң таасирдуу жана эң оңой жолу ушул телерадио, интернет жана телефондорду пайдаланууда жатат. Мына ушул каражаттар дүйнөнүн алыскы бурчтарында өзүн да,өз табиатын да тааныбаган, караңгылыктын балчыгына белчесинен батып калган далай пенделерге ыйман жана ислам жолун жеткизүүдө зор себепчи болушу мүмкүн эмеспи?! Ошондуктан дүйнө кабарларынан кабардар болуп турууда, мамлекетибиздин жаңылыктарын, буйруктарын калкка тез жеткирип турууда алардын кызматы чексиз экени талашсыз.
Эми кеп оролуна кайра келели. Сүйүктүү уулум! Төмөнкү даанышман сөздөрдү эсиңе бекем түйүп ал жана өз турмушуңда пайдалан, анткени мына ушул акылман айтымдарда эки дүйнөнүн бак-таалайы катылган:
Аллах бир эшикти жапса,экинчи эшикти ачат, ошондуктан эч качан Аллахтын жакшылыгынан үмүтүндү үзбөгүн.
Башьңа бир оорчулук-кыйынчылык түшсө, кайгыга жеңдирбегин. Сабырдуулук менен андан кутулуунун жолун изде.Өзгөчө, Аллахтын өзүнөн (хажат намаз аркылуу) жардам жана (истихара намазы аркылуу) кеңеш сура.
Аллахты тынбай зикир кылган жана Аллахты эч качан эсинен чыгарбаган адам эч качан эч нерседен кем болбойт.Анткени Аллахты ким басса-турса тынбай зикр кылса, Аллах да аны ар дайым эстейт, б.а. ар кандай жагдайларда зикирлүү пендени жалгыз калтырбастан Жараткан Робби сөзсүз жардам берет. Буга далил: Аллах Таала: «Ким Мени эстесе,Мен да аны эстеймин» деп убада берген.
Аллах Таала ар бир момун адамга анын ибадат-мээнетине, шүкүрдүүлүгүнө, сабырдуулугуна, татыктуулугуна, ниет-тилегине жана чыныгы муктаждык-кажатына жараша (жакшылыкты, бейпилчилйкти, ырыскыларды) насип кылат. Ал эми каапырларга алардын напсисине жана талабына жараша берип, бирок алардын шүкүрсүздүгүнөн улам акыретте жан чыдагыс азап менен катуу жазалайт. Аллах - ал ишин абдан мыкты билүүчү.
Ошондуктан, оо жан уулум!
Эч кимге эч качан зулумдук кылба;Арсыздын көзүндө жаш,көңүлүндө кир болот. Көз жашына алданып калба;
Ачуу сөз адамды динден чыгарат,таттуу сөз жыланды ийинден чыгарат;
Адамдын ким экени соодада, сапарда жана кошуначылыкта гана билинет. Турмуштун үч жагдайында бирге болбогон адам тууралуу эч кандай пикир айтпа. Мусулмандын пакизалыгы акча үстүндө, б.а. акча аралашкан иштер менен мамиле кылган кезде билинет; Билгенге, б.а.зирек жанга бир ишарат эле жеткиликтүү. Жуурканына карап бутуңду сун, каражатыңа карап сарпта. Жылкыңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр; Сенин башыңа келген ар бир кыйынчылыкка бир гана өзүң себепчи болосун. Анткени жакшылык -Аллахтан, жамандык - биздин өзүбүздөн. Тилиңди тыйсан - башың тынч болот.
Улуулук - бир гана Аллахка жарашуучу сыпат. Пенде эч качан улуу боло албайт. Ошондуктан ар дайым карапайым жана жупуну болгон жакшы. Текеберлик -шайтандын иши; ошондуктан эч кимди өзүңдөн эч качан төмөн көрбө.
Балаңа көп сүйлөсөн бети катат, көп урсаң эти катат,ал эми тергеп, эркелете берсең тентек болот.
Атыңды казыгыңа байлап анан, Аллахка тобокел кылып жүр.
Ким тилин (жаман сөздөрдөн) сактай алса, демек, анын башын аман сактаганы ошо.
Чыныгы дос кайгылуу күндө билинет;
Тагдырга ыйман келтир да, болоор-болбоско капа боло бербе.
Мал-мүлкүндүн көптүгүнө кубанба. Ал бүгүн бар да, эртен, жок...
билген соң атак-даңк да, мансап-мартаба да... баары бүтөт. Ошондуктан бул нерселерге эч качан умтулба. Эрте турган бай болот. Күн чыгып келе жаткандагы уйку ырыскыны кыскартат;
Сүйлөсөң ойлонуп сүйлө, анткени «ойлонбой сүйлөгөн оорубай өлөт». Оюңа келген сөздө дароо айта салуудан өзүңдү кармана бил.
Оболу кыйналгандар, кийин жыргашат. «саргара жорткон, кызара бөртөт»; «сабырдын түбү - сары алтын». «Айдын жарымы-жарык, жарымы - караңгы. Өзүңө каалабаган нерсени башкага да ыраа көрбө. Үй тандоодон мурда кошуна танда.
Үйүңдө тынчтык, жыргалчылыгы жок адам бул дүйнөдө эле тозокко түшүп калган сыяктуу.
Сулуу жүздөн кырк күндө тажашың мүмкүн, а сулуу күлк- мүнөздөн кырк жылда да тажабайсың.
Ар кимдин мүлкү өзүнө.
Казаныңдын оозун жаап жүр.Сырыңды ашкөрө кылба. Жүзөңө карап жылмайгандын баары эле дос боло бербейт. Эсеби туура болгондун жүзү ардайым жарык.Ачуу менен (ордунан) турган адам, зыян менен (кайра ордуна) олтурат.
Адам «ким болдум» деп кубанбастан, «ким боломун» деп кайгыруусу керек.
Аллах Таалаадамга бир ооз, эки кулак жараткан, ошондуктан бир жолу сүйлөсөң эки жолу тыңда.
Жакшылыкка жакшылык кылуу ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык кылуу эр адамдын иши.
Эч кимдин арманы башкага жукпайт; башканын чырагы сенин үйүңдү жарытпайт.
Адамдын ким экени досунан белгилүү.
Бирөөгө ор казсан өз боюңа өлчөп каз, анткени ал жерге акыры өзөн түшүп каласың.
Сыпайы киши менен сыпайы мамиле жаса. Эч кимге оройлук кылба.
Ар бир нэматтын(жыргалчылыктын) бир кыйынчылыгы бар.
Ниети жакшы болсо, натыйжа да жакшы болот.
Душманың чырыңды билбесин кааласаң досуңа сырыңды ачпа.
Арзан саткан тез сатат.
Бекердин тушу татыбайт.
Улуу сөздү укпаган, улуулардын кебине кулак салбаган адам акыры өкүнөчкө батат.
Аалым адамдын алдында тилиңңди тый.
Тынч жаткан жыландын куйругун баспа
Жалган жалаа менен ыйман бир жүрөктө турбайт.
Жалганчынын үйү өрттөнсө, эч кимишенбейт.
Жалганчынын анты көп болот. Көп ант ичкенге ишенбе.
Алганыңды (ээсине) кайтаруу керек, же албаш керек.
Акмаккка сырыңды айтсаң балээге каласың.
Дүйнөнү өзгөртүш үчүн өзүбүздү өзгөртүшүбүз зарыл.
Ыйманынды жаныңдан да катуу коргошуң керек.
«Жаман эрден көрө жайдагым жакшы, жаман аялдан көрө бойдогум жакшы». «Аллах Таала силердин келбетиңерге жана мал-мүлкүңөргө карабайт, жүрөктөрүңөргө жана кылып жаткан (диний) амалдарыңарга карайт».
«Аллах Таала ар бир иште жумшактыкты жакшы көрөт». «Аллах Таала силерди аялдарыңарга жакшылык кылууга буюрат, анткени алар - энелериңер, кыздарыңар жана эже-карындаштарыңар». «Ахли китеп» деген атка конгон элде: «Бир эркек киши бир аялга үйлөнсө, аялдын колу бир сап жипти көрбөсө да, алар бири-биринен тажабайт» - деген сөз бар.
Мааниси: аялдын колунан ийне кармоо келбесе да, күлк-мүнөзү, ариет-абийир- уяттулугу эле мыкты болсо, күйөөсү андан ажырашпайт. «Бирөөгө белек берип, кийин анысын кайтарып алган
адам - тойгончо жеп, анан жегенин кусуп, кусканын жалаган итке окшош». Исламий ибадаттардын эң оңою жана денеге жеңили -түз жүрүү жана көркөм адеп-ахлактуу болуу. «Ачуусун жеңген киши - эң күчтүү адам».
Аялдынөз күйөөсүндөгү акысы - күйөөсү аялын өзү жеген тамак менен бирдей баадагы, калориядагы, сапаттагы тамак менен тамактандыруусу, өзү кийген баадагы, сапаттагы кийимдер менен кийиндирүүсү; бетине урбашы; жаман сөздөр менен кордобошу, (жазалоодон башка учурда)төшөгүн бөлүп койбошу керек, бирок бир бөлмөдө болсо мейли. «Уят - ыймандан». Уят - жакшылыктан башка эч нерсе алып келбейт. Зинакорлук (сойкулук, ойноштук, аягы суюктук, көпүлдөштүк. ..)акыры сөзсүз кедейликке учуратат «Эркектин кийимин кийген аялга жана аялдын кийимин кийген эркекке Аллахтын наалаты болсун». «Аллахтан башка эч ким билбей турган беш нерсе бар:
1) Эртең эмне боло турганын эч ким билбейт;
2) Аялдын курсагындагы наристенин ким экенин эч ким билбейт;
3) Кыяматтын качан болоорун эч ким билбейт.
4) Кай жерде качан өлөөрүн эч ким билбейт;
5) Жамгырдын качан жаай тургандыгын эч ким билбейт.Уулум! Ислам дининде ар түрдүү ырым-жырымдарды жасап, пал ачуу, төлгө тартуу - харам. Пенде кээ бир жаман сөздөрдөн тилин тыймайынча чыныгы иманга ээ боло албайт, ыймандын нукура даамын таппайт, акыйкатын сезбейт.

Супер-Инфо
super.kg
видео