Мени жонотпой койду жолдошум..суйушкондор кунун уйдо экобуз белгилейбиз деп.барбай калып уйдо аран олтурдум оюм ошол жакта болуп.капа болбодунарбы достор?
Супер-жолугушуу жана Супер-флешмоб Жалал-Абад шаарында! Келиңиз, чогуу майрамдайбыз.!
#62 15 February 2013 - 10:50
#64 15 February 2013 - 11:23
Ошону мен көргүмкелип атат.
ООой Мөндүр эже!!! ! Кайдасыз??? Сүрөөөөт качан жүктөлөт???
Катуу майрамдашкан окшойт, эмгичекти жоктугуна караганда. 
ООой Мөндүр эже!!! ! Кайдасыз??? Сүрөөөөт качан жүктөлөт???
#65 15 February 2013 - 12:59
Куттуруп койгонум учун кечирим болсун.. Кечээ жолугушуубузду откордук, коруштук. Ишендире кетейин, суроттор аябай коп, алдыда узун отчет жана кызыктуу суроттор болот. (Электр жарыгы жанаары менен кабардар кылам кечээги кунубуздон.
.)
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#67 15 February 2013 - 13:52
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#68 15 February 2013 - 15:29
Биз кээче куну флешмоб жолугуусунда болдук.Жолугуу жогорку денгелде болду.Мага абдан жакты,кийинки жолугуушуда сиздерди да кутобуз.Всё было на высшим классе,спасибо организаторам.
#69 15 February 2013 - 16:06
Куттуруп койгонум учун кечирим болсун.. Кечээ жолугушуубузду откордук, коруштук. Ишендире кетейин, суроттор аябай коп, алдыда узун отчет жана кызыктуу суроттор болот. (Электр жарыгы жанаары менен кабардар кылам кечээги кунубуздон.
.)
Кайда эле журот куттуруп.
Жолунду карайм ушкуруп.
7 ге келин деп коюп.
Кечээ да койдун куттуруп.
Бугунда ошол адатын.
Кармады окшойт Мондурум.
Куткондордун кабагын.
Байкаштырып коргунун.
Фоткаларды бат илчи.
Келтирдин элдин коргусун.
Таасирленип суроттон.
Флешмоб дагы орчусун.
#71 15 February 2013 - 17:05
#72 15 February 2013 - 17:33
Суротторду кутобуз
суроттон болсода коробуз (форумчуларды)
Илип ташта Мондур эже
кечке чейин коп нерсе...
суроттон болсода коробуз (форумчуларды)
Илип ташта Мондур эже
кечке чейин коп нерсе...
#73 15 February 2013 - 19:20
Урматтуу форумчулар,
Жалал-Абаддагы жолугушуу аябай жогорку денгээлде отту. Уюштуруучулардын чакыруусу менен кутуусуздон мен да Ош шаарынан барып калдым. Барып эле форумчулар менен эски тааныштардай мамиле куруп кеттик. Жан дуйносунун тазалыгы жузуно чыгып турган адамдар менен жолугуп, бир дастаркондон даам татканыма суйундум. Мындай жагымдуу кечени уюштурган Mondur эжеге жана суйуктуу гезит "Супер Инфонуну"
Жалал-Абаддагы филялынын кызматкерлерине терен ыраазычылык!
#74 15 February 2013 - 19:36
Ошентип кечээги күнгө белгиленген жолугушуубуз да өттү. Тээ теманын башында тилек кылган флешмоб болбой калса дагы кечээги күн башкалар суктанчу денгээлдеги "маанай кечеси" болду десем жаңылышпасмын.
. Флешмоб Супер-инфонун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн иш-чарасы менен чогуу өтүүсү пландалгандыгы үчүн, белгилүү себептерден улам жылдырылды.
(бул үчүн кечирим сураймын, түшүнүү менен кабыл аласыңар деген үмүттөмүн..) Ал эми форумчулар жолугушуусуна эч нерсе тоскоол боло албайт экен, күчтүү каалообуз менен кечээ жакшы көз ирмемдерди жан-дүйнөбүзгө сиңирип кайттык.
Жумуш менен алек болуп жүрүп, кечээги күндөгү убакыт учкандай эле болду мен үчүн. Форумчулар менен телефондон кабарлашууну пландап алган элек. Даярдыктар менен болуп, жумушумда да бир аз кармалып калып убактымды туура пайдалана албай калдым бейм, айтор саат 18.40 та мен кафеден чыгып, үйгө жөнөдүм. ) Чын..( Аны сезгендей дароо эле телефонума Маэстро123 байкеден чалуу келип калды, көрсө байкем келип калган экен белгиленген жайга. Мен шашылып үйгө барып кайткыча Никуля да келип калды ресторанга. Анан Луна.кж келди, анан У.Саране келди. Андан кийин Жаңылка22 менен Чолпон-Жылдыз келди. Оштон жолго чыктым деп айткан Сырдуу_кыз да келип арабыздан орун алып чогулуп калдык. Аңгыча Танк90 да келип калды, ошентип кечебизди "ачык деп жарыяладык" ). Чынын айтсам бат эле тааныштардай сүйлөшүп кеттик, бул нерсени башка жолугушууга барып жүргөн форумчулар да тастыктаса керек.. Кээ бирибиз жумуш багытында тааныш болсок, кээ бирибиз сырттан бири-бирибизди көргөн "тааныш эмес тааныштардан" болуп чыга келдик.
Кече, жолугушуу.. бул нерселер оюн-күлкү, ырсыз өтпөсү анык. Биздин форумчуларды эле эмес облус элин чыгармалары менен суугарган Маэстро123 байкебиз биздин сайт жана анын өзөгу болгон Супер-инфону айтып, каалоо-тилектери менен удаалаш бизге анан жалпы биз менен чогуу отурган эс алуучуларга ырын арнап ресторандын майрамдык маанайын ачты. Ал арада желектерибизди көтөрүп алып Маэстро байкенин жанына туруп алып бийледик, кошо ырдадык. Айтор кечебиз мыкты манайда өтүп жатты. Ырын арнап коюп, Маэстро байке үй-үлөлүк жумушу менен зарыл иши бар экенин айтып, айып этпешибизди суранып кайра кетти. Арада Супер-инфонун белектерин таркаттык, биз кандай кыймыл кылсак дагы Супер-инфонун гимни жанырып жатты залда, анысы чын эле дем болот экен. Кубанганым ал жерде эс алып отургандар аябай сый көз карашта болушту, аябай. Музыка да жалаң биздикилер үчүн жаңырып жатты. Сыймыктанганым, татынакай кыздарыбыздын адеби да сулуу кыздар экен. Танк90 көзүнүн кыйыгы менен аларда кароолдоп жатты окшойт). Айтор көп сөздү камтычу жолугушуу болду бейм. Эми мындан ары сүрөттөр менен эле түшүнүшөлүчү). Менден башкасыда илишээр ойлору менен бөлүшөөр. Анда кеттик сүрөттөр, комментрийлери менен..
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#79 15 February 2013 - 20:59
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















