Суперстан: Бактыгүл Бадыева жөнүндө - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бактыгүл Бадыева жөнүндө Кайдан ушунча табат???

#81 Пользователь офлайн   Aiym94   09 Февраль 2013 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 477
  • Катталган: 23 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Апр 2018 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:erkindik.ru

Бактыгүл Бадыева Жолдошум мен үчүн идеалдуу адам
СүрөтЖакында эле турмуш жолуна аттанган ырчы айым Бактыгүл Бадыева ак жоолугун башынан түшүрбөй, кайнене-кайнатанын элпек келини болуп турган убагы. Келиндик доордун таттуу ирмемдеринде жашап жаткан жаш колуктунун ушул күндөгү жаңылыктарынан, үй-бүлөлүк турмушунан кабар алып кайттык.

- Бактыгүл, жакында турмуш жолуна аттаныптырсың, куш бооң бек болсун! Жолдошуң менен тааныштырасың да ээ?

- Албетте тааныштырам, жолдошумдун аты Алмаз. Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн, үй-бүлөдө эки бир тууган. Кесиби - дипломат, бизнесмен, өтө билимдүү адам. Экөөбүздүн жашыбыздын айырмасы сегиз жыл. Турмуштун оор-жеңилин, ачуу-таттуусун мага караганда көбүрөөк көрүп калган үчүнбү, жарым сөздөн баарын түшүнөт. Бир чети бул анын тубаса зиректиги деп билем. Кыскасы, аял катары абдан бактылуумун десем көз тийбес.

- Жолдошуңуз жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багындырып алды экен?

- Мен бала кезден адамдагы жөнөкөйлүктү баалайм. Анан да эс тарткандан мырзалардын токтоо, акылдуу, түшүнүктүү, сүйлөгөн сөзү орундуу болушу керек деп эсептечүмүн. Кудайга шүгүр, мындай сапаттардын баары менин жолдошумда бар. Кыскасы, ал мен үчүн идеалдуу адам.

- Жолдошуңуз сизди таланттуу адам катары колдойбу, деги эле чыгармачылыкка кандай көз карашта?

- Үйдүн ээси, күйөө катары мурдагыдай той, корпоративдик кечелерге ырдаганга албетте тыюу салды. Бул биротоло чыгармачылыкты токтот дегендик эмес, кеч калба, убагында үйдө бол деген эле күйөөлүк талап. Ал эми “үй-бүлөлүк зарылдыктардан колуң бошосо, жакшы ырларды жарат, клип тарттырып чоң сахнага чык, мындай чыгармачылыкты мен да колдойм. Анткени, сенин ырларың жаккан өз угармандарың бар» деп уруксат берген.

- Учурда сиз үчүн биринчи кезекте үй-бүлө турабы же карьерабы?

- Албетте, аялзаты үчүн баарынан үй-бүлө бийик турат. Эгерде жолдошум «ырдаба» десе, ырдабай деле койгонго даярмын. Бирок, Алмаз майда-чүйдө пенделик пастыктардан жогору турган, түшүнүгү терең адам болгондуктан, ырдашыма каршы эмес. Анан да жолдошум камкор, бардык нерсеге табити мыкты адам. Анан да дээринен эле Алмаздын элге жеке турмушту жарыя кылганды жактыра бербеген, бардык нерсеге этиет, олуттуу мамиле кылган сапаты бар.

- Учурда үйдө ким лидер?

- Биздин кичинекей мамлекеттин падышасы - жолдошум. Алмаздын менден бир тепкичке жогору турушу өзүмө да жагат. Үй-бүлөдө эркек лидер болсо гана бекем үй-бүлө курулат деп ойлойм. Биз Ислам дининин эрежелери менен жашайбыз, динде аял жолдошунун сөзүн эки кылбоосу керек деп айтылган. Эгер жолдошум бирдемени «жок, болбойт» дедиби, ал маселе ошол боюнча кайра козголбойт, анын айтканы мыйзам.

- Динге болгон көз карашыңыздар жакшы го ээ?

- Жолдошум дайыма жума намазга барат. Менин туугандарымдын айрымдары беш убак намаз окушат. Буюрса, алдыда Алмаз экөөбүз да намазга жыгылууга ниетибиз бар.

- Жаңы келин катары кайнене-кайнатаңызга кандай кызмат кылып жатасыз? Алардын кесиптери эмне?

- Менин жашоом менен ажырагыс бүтүндүккө айланган бул кымбат адамдарымды «кайнене, кайната» дебейм, алар менин атам, апам. Атам – генерал, апам – бухгалтер. Билимдүү, түшүнүктүү адамдар, ушундай адамдарга келин болгонума кудайга ыраазымын. Өзгөчө кайненемди өз апама окшоштурам. Себеби, экөө тең боорукер, мээримдүү, түшүнүктүү, акылдуу аялзаты. Ал эми кайын-журтума кызмат кылуу жагын айтсам, колумдан келгенин кылып жатам.

- Сизди турмушка узатып апаңыздын ичи ачышкан жокпу?

- Эми кыздын бараар жери күйөө эмеспи? Апам азыр жолдошумду күйөө баладай эмес, өз баласындай көрөт. Ошондуктан, ичи ачышпаса деле керек. Биз да бат-баттан сагынычыбызды таратып барып турабыз.

- Турмушка чыкканыңызды уккан күйөрмандарыңыз телефон чалып тынчыңызды алган жокпу? Жолдошуңуз кызганчаак эмеспи?

- Андай чалууларга жол бербегенге башынан эле аракет кылып, номеримди бат-бат алмаштырып турамын. Телефондук чалууларсыз эле жолдошума кызганганга себеп жок. Анткени, Алмаз менин кайда жүргөнүмдү, эмне кылып жатканымды жакшы билет. Ыр жаздырганга же телеге тартылганга барсам, дайыма жанымда болот. Эң негизгиси, биз бири-бирибизге ишенебиз.

- Сизди таң калтырган сюрпризи болду беле?

- Сюрприздерди кылып эле жүрөт. Аялзатына эң кымбат гүл болушу керек, муну эске алып быйыл туулган күнүмө чет өлкөдөн атайын голландиянын роза гүлүнөн миң бир даана алып келип белек кылган. Гүл үйгө батпай, жарымын салонго алып келип араң батырганбыз. Гүлдөр бир жумадай соолубай жыты аңкып турду. Албетте, бул сюрпризи мен үчүн абдан жагымдуу болгон.

- Адатта угармандар ырчыларды жумуш кыла албаган ак кол деп ойлошот эмеспи, ашканада кандай кожойке болдуңуз?

- Мыкты кожойке болуу аял затынын парзы болуу керек, мен да мыкты кожойке болгонго аракет кылып жатам. Жолдошум тез даярдалуучу жарым фабрикат тамактарды такыр жебейт. Ошондуктан чүчпарадан тартып бардык тамактарды колго жасап берем. Жолдошум мени менен жаңы таанышканда мени эч нерсе кылганды билбейт деп ойлоптур (күлүп). Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин тамак жасап жүргөнүмдү көрүп «сен да тамак жасаганды билесиңби?» деп таң калганын жашырган эмес. Жолдошум мени мыкты кожойке катары тандаган эмес, ички дүйнөмдү, адамдык сапаттарымды жактырып алган.

- Бактыгүл, эми артка бир саресеп салсак кантет? Суунун башаты, үйдүн пайдубалы болгондой, ар бир адамдын өмүр жолунун балалыктан башталган чыйыры бар го. Сиздин өмүр кантип чыгармачылык менен байланышып калды?

- Баарыбызда балалык, анан ошондон баштап түптөлгөн тилектер болот эмеспи. Мен да тилим чыгып баштагандан баштап эле плойканы же дезодоранттын сыртын, айтор, микрофонго окшош буюм колума тийсе эле кармап алып ырдап, келечекте ырчы болууну кыялданчумун. Беш жашка чыкканымда апам мени комуз ийримине алып барды. Бирок, алар “сегиз жаштан баштап кабыл алабыз” деп баш тартышты. Апам да айтканынан кайтпай, «жок, азыр эле кабыл алсаңар өкүнбөйсүңөр» деп мугалимдерди ынандырып, кудай жалгап мени кабыл алышты. Апам да муглимдерге уят болбоюн дечү беле билбейм, «черткенди жакшылап үйрөн» деп бир бөлмөгө киргизип коёр эле. Ошентип таңдан кечке кыңгыратып комуз чертип олтуруп менден мурун келген кыздардан алдыга озуп кеттим. Мектепте да конкурстарга калбай катышып, айтор, жаным жай алчу эмес. Бош боло калсам үйдөгү короо толгон гүлдөрдү көрүүчүлөрүм деп кыялданып гүл аралап ырдап жүрө берчүмүн. Негедир апам комузга берип, мектепте ырдаба деп тыйбаган менен ырчы болушумду каалачу эмес.
Биринчи жолу он сегиз жашымда үйдө олтуруп «Кайдасың» аттуу ырымдын сөзүн, обонун жазып койдум, ошол ырым менен чоң сахнага чыгып кеттим. Мына буйруса, сахнага чыкканыма сегиз жылдын жүзү болуп калды. Комузду балалык кезимде жакшы үйрөнгөм, кийинчерээк көп чертпей калып, азыр “Кербезим” деген гана күү эсимде калды.

- Ишкер айым катары да бир топ ийгиликке жетишип калдыңыз, салонду өз күчүңүз менен ачтыңызбы?

- Албетте, салонду биринчиден Жараткандын жардамы менен, экинчиден, өз эмгегим менен ачкам, азыр да иштетем. Жалпы 30 адам эмгектенет, профессионалдуу адистер иштейт. Кардарларыбыз кудайга шүгүр арбын, алардын арасында белгилүү жылдыздар, саясатчы айымдар, мырзалар да бар. Биздин кардарларга сиздердин гезит аркылуу ыраазычылык билдире кетейин.

- “Эркеле-2” деген салон ачууну да пландап жатыптырсыз?

- Кудай буюрса, ал тууралуу алдыдагы пландарымда бар. Баары Жараткандын колунда. Биз аракет гана кылышыбыз керек, учурда аракет кылып жатам.

Динара Чокоева
Эркиндик- мейкиндик алкагында!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Meliana   09 Февраль 2013 - 03:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 176
  • Катталган: 20 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Янв 2019 23:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва шаары

Соз жок качан чыга калды Бакуля,ак келинчек болуп отуруп калыптыр да эээх.Жашоо улана берет......
Лишь тот достоин жизни и свободы ,кто каждый день идет на бой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Ademi1987   11 Февраль 2013 - 17:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Фев 2013 00:48

Чындыгында болсо болгондур, аны эмнеси бар ал озу эмне баймын деп жар салып мактанган жок да, журналистер кандай байлыгыныз бар эмне мн алектенесиз деп сураганда анан айтат да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   11 Февраль 2013 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

maga da jagat..unu,suluulugu bar j0gunan t0p kelgen suktanarlyk kyz. .. *Enekem* degen yrlaryn wk0ld0 k0nkurstarda yrdachuumun..azir dele m0dadan kalsa dele *jur0k tagy* degen yryn ugup kynyldap kalam.
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Dinarajusupova   14 Февраль 2013 - 03:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 231
  • Катталган: 20 Январь 13
  • Соңку аракети: 10 Июл 2013 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аябай сУлуу айым ээ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   U.Sarane   15 Февраль 2013 - 21:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 41
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 23 Янв 2014 22:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

СИЗДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫЗДЫ СЫЙЛАЙМ. ЧАЧЫНЫЗДЫ КЫРКЫП САЛГАНЫНЫЗ ДА АЯБАЙ ИЧИМ АЧЫШКАН. БИРОК СИЗГЕ БААРЫ ЖАРАШАТ. КУДАЙЫМ БАКТЫНЫЗДЫ БЕРСИН ЫЛАЙЫМ! (сизди урматтоо менен u.sarane)

Билдирүүнү түзөткөн: U.Sarane: 15 Февраль 2013 - 21:16

Нет нечего плохого в том, что умный человек иногда говорит глупости. Гороздо хуже когда тупой постоянно умничает...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Chika_murat   18 Февраль 2013 - 14:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2013 18:50

Бактылуу бол чыгармачылык ийгилик жана уй-булолук бакыт каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   romanov.82   18 Март 2013 - 19:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Май 2018 11:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Турмуш толкуну

Кандай жол менен тапса да тапканы жакшылыкка буйурусун! Бактылуу болсун!
Мен тандаган мени тандаса экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   shazi   20 Март 2013 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Мага биринчи чыканда эле жагат болчу, таланттуу,сулуу айым. Сизге аялдык бакыт каалайм,ар дайым жаш ж.а сулуу болуп журо берин.

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   nurai92   01 Апрель 2013 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Бактыгульду назик айым деп элестетчумун, акыркы берген интервьюсунан кийин оюм 360 градуска озгорду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Askaruli   07 Апрель 2013 - 21:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Муну жанынан коргом,спорт сарайында,бир аз семизираак экен.:77:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   dina   17 Апрель 2013 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Бадыеванын ырларын деле укпайм, кумир да тутпайм, бирок турмушка чыкканына абдан кубанычтамын. Эми элге бир гана жакшы жанылытары менен бөлүшүп турса экен деп тилейм. Бактылуу болушсун!
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Rinatik94   17 Апрель 2013 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Турмушка чыкканы менен куттуктайм, канчалаган кишилер кейип калышты))
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   sparkle   17 Апрель 2013 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бактылуу болсун, аман эсен коз жарып алышына тилектешмин! Жаны ырдап чыккан мезгилден баштап эле жагат. Артынан ээрчиген ушактардын аягы тыйылды болуш керек ушуну менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Kyrkkazyk_Rinat   18 Апрель 2013 - 23:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2016 13:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан Республикасы

Бактылуу болсун,жакшы ырчы.Мага ,,Суйуу тамгасы,, жагат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   saltanat.   20 Апрель 2013 - 11:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жакшы бактылуу болушсун.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Jamalym   17 Июнь 2013 - 03:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Бадыева мага жагат.Ырлары уккулуктуу. Эски ырларды да келиштире ырдайт го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Azem2013   26 Июнь 2013 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Oзy араkетчилда анан аkчанын kyчy, бир бизнеc ачып koйco анан тегерене берет.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   ruslanwww   27 Июнь 2013 - 00:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 17 Май 13
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 19:55

биронун байлыгын есептетип койсода болдуда колунардан келсе силерда байый бергиледа бакулядай болуп же кыргызстандгы акчанын барын бакуля жеотыптырбы ия
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   aruuzat88   27 Июнь 2013 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Бактылуу бол Бактыгул.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 00:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: