Суперстан: Мыкаачы өгөй эне - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мыкаачы өгөй эне Сапар Абылов

#21 Пользователь офлайн   talant.elmira   16 Февраль 2013 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Убакыт тар аксакал,ишти эрте бутуруп кайтышыбыз керек,-деди Тороназаров, озун, жанындагыларды тааныштырып, карыянын сыйламакчы болгон отунучуно ыракмат айтты да машинага отурду.Суран сиз кала берин,убара болбон дегенине болбой машинага кыпчыла отурду.Жайга бара жаткандардын бардыгынын сезимин ой-санаа бийлеп,ар бири ар кандай пикирде.Комиссиянын мучолорундо бир гана пикир туура,так жыйынтык чыгаруу.Гайып бердиде баягы эле тушунук,ой-максат - мыкаачы аялдан оч алуу.Озунчо каарданып азыр баса калып мууздап жиберчудой ызырынып,коз алдына элестете калат.Сурандын ою таптакыр башкада.Балдардын жайга койгон учурундагы абалы,денеси коз алдына келе калып,Кудайдан , балдарынан кечирим сурап,жайдан ачып алып чыгуудагы куноону окмотко,анын мыйзамына ыйгарып,тымызын кейип баратты. балдарынан кечирим сурап,жайдан ачып алып чыгуудагы куноону окмотко,анын мыйзамына ыйгарып,тымызын кейип баратты.




Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   talant.elmira   16 Февраль 2013 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Адам жаралып,жашоосу учун бардык керектоосун жерден алып,кайра жерге комот тура.Динчилдер айтып журушкондой адам топурактан жаралып кайра топуракка комулот экен.Алардын оюна койсо Канайымды куноого жыкпый,балдардын олумун Кудайдын буйругу деп тим эле калтырмак.Ооба, ажалы жеткен да демек.

Ырасында олукту жайдан алу канчалык аянычтуу.Балдардын жайына барганда бардыгы жымжырт боло отура калышты.Суран ун чыгарып куран окуду.Журогун мыкчып турган ызасына туруштук бере албай адаша тушуп,беркилерге билгизбоо аракетинде юолуп онуна салып окуп бутурду.Бардыгынан да Гайыпбердинин кайгысы кайталангыс. Жайга жакындаганда кадамы калыбында шилтенбей козу карангылаша, башы тегеренип,конулу аза тушту.Врач байкай калып,колтуктан алып,кынала отурду.

Гайыпберди кетменди колуна кармаганда башы айланып,озун жоготуп кое жаздады.Баятан бери конул болуп назарын сала келе жаткан врач кетменди колунан ала коюп,айылдык депутатка,сенин жердешин го,не карап турасын дегендей тикчие карап кетменди карматты.Олгонду гордон казып алуу,болгодо да наристени гордон суруп чыгуу кимге болсун аянычтуу.Айылдык депутат отуздун ары бери жагындагы жаш жигит.Карап турган кексе карыя колунан алмакчы болгондо бербеди.Сезимдуу жигит Сурандын абалын тушунду.Кайраттана жайды ачты.Айыл Кенешинин аймагы чон.Гайыпберди жашаган бригадада жашабаса да депутат болгондон бери Гайыпбердини жакшы тааныйт эле.Коруп журбогондуктон жузун ачканда балдардын чырайлуулугу сезимин мыкчый калып,журогуно ок тийгендей ызалана тушту.Арадан бир жума отуп отпой балдардын эти эзилип,жыттана тушкон.Гайыпберди жыттагылап коз жашын мондурдой тогуп ыйлады.Ооба, адегенде эси оой тушуп озун аран токтотту.

Сурандын абалы андан кем болгон жок.Келмесин оозунан тушурбой кубуронуп,ичинен бирдемелерди айтып жатты.

Башкы врач озу хирург болгондуктан башка врачты убара кылгысы келген жок.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   talant.elmira   16 Февраль 2013 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Керектуу операциялык куралдарын ала келген.Медсестраны чакырды да,спиртке колун жууп,коргоочу мээлейин кийип,баланын баш соогун житине карай бычак салып,баштын капкагын ачты.Курттар бармактай болуп чоноюп кеткен.Он жак кулагынан жеп бутуп кара куш мээсине откон.

-Мына коргуло,курттар каракуш мээсине откондо бала эсинен ажырап жан берген.Суйлоого тили келбей калган учуру да мына ушунда.Каракуш мээ кулак козчосуно жакын болгондуктан курт тез эле ага откон да,баланы тилден калтырган.Малдын этин курттатып туруп,ал курттарды биринен сала экинчисин удаама-удаа сала берген.Каранызчы курт коп.

Тегеректеп турган комиссиянын мучолору даана корушту.Врач курттардын бир нечесин терип алып,атайын алып келген шишеге салып койду.Гайыпберди менен Суранга операциянын журушун карап турууга уруксат бербеди.Аларга операция буткон учурунда гана мээдеги курттарды корсоттуу.Анан- экинчи кичуу баласын ачып коруу туурасында соз козгоп,алардан уруксат сураганда чыкчырыла каршы турушту.Гайыпберди менен Сурандын отунучуно макул болушуп,аларды куболондуро акт тузуп жайда ачып коруу ишин жыйынтыкташты.







ХХХ


Токтоназаров балдардын жайын ачып,оз милдетин аткарып,экспертизалык врач экоо диагнозду тактап,жыйынтыктагандан кийин,комиссиянын актысына кол коюп жолго чыккандан баштап ар кандай ойго аралашып тынчы кетти.Ооба анын ой пикири Канайым,анын кылмышы,ал тууралуу кызматкери катарында прокуратуранын сурагына жооп беруу сыяктуу сезим туйшугуно аралашты.Ооруканага келээри менен номер биринчи хирургиялык болумдун башчысын кабинетине чакырып алды.

Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   talant.elmira   19 Февраль 2013 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Жолдош Акимов,сиз кананйымдын кызматка алуудагы делосун алып келинизчи?-деди конулсуз коз кырын салып кайрылып.Болумдун башчысы барып келдинизби, кандай экен деп суроодон айбыкты.Башкы врачтын кабатырланган туру сестентти.Бизди да кыйын абалга учурата тургандай не болду экен деп бушаймандана калды.Кадрлар болумунун башчысысынын тынчын ала чочулатып делону дароо таптыртып алып кирди.

-Мында анын омур баяны жокко го?-деди Тороназаров делону барактап ачып караган сон.

-Каныбек Тороназарович, биз мурдагыдай эле делосуна омур баянын тиркоочу эмеспиз,эмгек книжкасы менен дипломунун кочурмосун, анан арызын тиркеп койчубуз.

-Мына бул иш стилибиздеги кемчилигибиз. Кызматка жаныдан кабыл алып жатканда арызы менен омур баянын да жаздырып тиркеп коюшубуз керек.Эми изилдоого алган учурда анын кайда кеткенин,туулуп оскон жерин,диплом алган жерин сурайт.Ага так жооп беришибиз керек.

-Ким билиптир мындай болорун,хирургиялык ишибизде мындай окуяга биринчи жолу туш келишибиз.

ХХХ
Шаардын прокурору комиссиянын, экспертизанын диагноздук жыйынтыгын карап чыгып,кылмышкерди изилдоонун делосун ачтырды да аны тергоочу Жуманазаров Келдибекке тапшырды.Коп жыл иштеп такшалган прокурор делону бар болгону уч жолу уч жыл иштеген жаш жигитке тапшырганынын жону бар.Келдибек адеп ишти колго алгандан баштап прокурордун ар турдуу кылмышкердик делону тапшырып,сындан откоруп жаткандыгын билген.

Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   talant.elmira   19 Февраль 2013 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сезимтал жигит тапшырманы так,мыйзамдык денгээлде аткарууга жан дили менен аракеттенген. Ото татаалдашып бараткан иштин жонун коп жылдык тажтыйбасы бар такшалган кызматкерлерден сурап,онунан келтирип журду.Ушундай аракетчилдиги менен прокурордун сынынан отуп,мыкты кызматкер катрында бааланган.

-Бул оной операциялык иш эмес жигит,откон жылдары жургузулгон иштерди билесин,так ошондой,туйшугу оор,розысканы бардык тийиштуу жерлерге жибересин.Ал жагынан аз болсо да тажрыйбан бар.Операцияны тез жургузуу керек.Эгер республиканын аймагынан чыгып кетчу болсо кыйын абалда каласын.Прокурор тергоочуго делону тапшырып жатып озу башынан откоргон айрым олуттуу операциялык иштерди айтып кенешин берип,озу да бул кылмыш боюнча тийиштуу аракет жасай тургандыгын айтып ийгилик каалап конулун которо кабинеттен чыгарды.

ХХХ
Канайымдын Чолпон-Атага барып,кесиби боюнча иштеп журушу билген адамдын кыжырын келтирмек.Адам ээй десе,эртенки кунун,жашоосун ойлобой,бейкуноо наристелерди тигил дуйного узатып коюп,тайрандап журушун мунун демек.Ооба,ар кимдин жан дуйносу озунчо эмеспи.Сыртында сыр бербей,шек алдырбайын деп жургону менен ички дуйносундо азаптуу кайгы бар.Канчалык эстебейин десе да наристелердин жандуу элеси коз алдына келе калат.Кулагына курт салып жаткандагы жан кейитерлик ыйлагандыгы, чонунун жалынып-жалбарганы тынчын алат.Жалгыздап басып бара жатканда учурунда сетенип,артынан кимдир бироо келе жаткансып,колунан шап эткизип кайрып кармап алып кете тургансыйт. Милиционерлерди коргон учурунда журогу зырп дей тушот. "Шектуу адам шекинет" деген создо калет жок тура.
Канайым шектенип журуп,акыркы кундору республиканын аймагынан чыгып,кулак угуп,коз корбой тургандай алыскы бир аймакка кеткиси келди.
-Ишке орношуп алып кайра арыз жазганыныз кандай,иштей бербейсизби, эмне биздин коллектив жакпайбы?-деп башкы врач конулдоно карады.Санааркап журуп онунон азып кеткен.Оорулуу окшойт деген ойдо арызына кол койду.Бошотпой койбогой эле деп чочулап турган.Канайым бир эсе кубанды,озунчр\ о эркин дуйного чыга калгандай сезилди.Эми кайда барам десем жолум ачык деди оюнда.Бирок кайда бармакчы,кантип кыматка орношмокчу. Срюздун кайсы аймагына барбасын жолдомо керек.Союздун жогорку саламаттыкты Сактоо Министирлигинин буйругу.Ушул жагдайда тынчсыздана калды да тобокелге салып Россия Федерациясынын Саратов шаарына билет алып,тез арада учуп кетууну чечти.
Турмушта адам баласы оюна албай турган учуру боло берет тура.Кудай дилине сала бергенсип изилдоо иши аяктоо алдында Жуманазаров Келдибек оорукананын башкы врачына кирип,колго тушурмокчу болуп,акыркы кезегине жеткенде кызматынан бошогонун карабайсынбы.
-Сиздерде Анарбаева Канайым деген иштейби?-деди Келдибек Ысык-Кол рблустук саламаттыкты сактоо болумунон алган маалыматка таяна суроо берип.
-Кечиресиз,сиз кайдан келдиниз?-деди врач айылынан келген туугандарынан болсо керек деген таизде.
-Оштон,атайын тапшырма менен келгенмин,мумкун болсо чакырып бербейсизби? -деди Келдибек куболугун корсотуп.Врачтын ону озгоруп тынчсыздана тушту.
ХХХ
Адамдын журогу ушунчалык сезгич белем,канайым улум-улам саатын карап,кутуучу залда тынчы кетип отурган кези эле.Анын бактысына аба-ырайы да жакшы болбой,айлананы туман чалып туруп албадыбы.Кара коз айнекти тагынып алган.Ушунусу менен таптакыр таанылбай калгандай сезип,эркин отурат.Анын ону-тусу,келбети, баскан-турганы, дагы ушул сыяктуу маалыматты иштеп жургон жеринен,кесиптештеринен сурап алганын ал кандай билсин.Анын устуно суротту Келдибектин колунда журбойбу.
Мына эми колго тушооруно аз калды окшойт.Келдибек аэропортко, Канайымдын кай тарапка,кайсыл убакытта,кайсы руйске билет алганын тактап койгон.Залда ары бери басып жургон кези.Фамилиясын озгортуп алды бекен деп Оштон учаар алдында бир азга санааркай тушкон болчу.Озгортпогонунон улам колго тушооруно толук ишенип конулдуу журот.Ошентсе да тапшырылган милдеттуу ишин аткаруу керек.Учурда колго тушуро албай калса,Саратовго артынан учууга,учуп барган кезде да чон шаардан изилдеп табуу кыйынчылыгы бар.Ушул абал чочулатып,тушку тамактанууну эстен чыгарган.Канайым аба-ырайынын бузулушунан чочулап,туш келе турган оор абалды журогу менен сезип,учуу рейсин озгортмокчу болду.Ооба,Ташкентке билет алууга аракеттенди. Кантип алмакчы? Бардык кассаларга алдын-ала билдирилген. Кылмышты жасап коюп эми окунуп,жан алекетке келип жургонун кара мунун.Ушундай абалга туш болоорун не мурда ойлободу,ошол кезде бугункусундой сергек ойдо болгондо минтип азаптанып журбойт эле.
Келдибек жургунчулордун ар бирине коз салып,жаш аялдарга тигилекарап, андып журду.Учуу убактысы кармалып,улам артка сурулуп жаткан учурда кылмышкердин тынчы кете баштай тургандыгын эске алып,отурганда тегиз коз чаптырып жургон кезинде Канайымга кумондоно карады.Ал тез-тез ордунан тура калып,ары-бери басып тынчы кете баштаганынан улам так байкады "Дал ушул озу,бою анчалык узун болбогон,шынгаа, басканда ар дайым боюн туз алып журот дешпеди беле?.." Ушинтип ойлонду,жанына барып отурду.
-Ой-бо-ой,аба ачылбай балээ болду го,бугун уча албай калбагай элек,-деди Канайымды созго аралаштырмакчы болуп.
-Сиз кайда учмак элениз?
-Саратовго.
-Канчанчы рейсте учасыз?
-152-рейсте.А сиз кай жакка учасыз?
Канайым буйдала тушту.Келдибектин атайылап сурап билип алмакчы болуп жатканын биле койгонсуп тигиле карады,журогу зыр эте тушту. "Бул кытмыр органда иштейт окшойт,суроосу калааты?!" -деген ойго серпилди.Ону озгоруп,кооптоно калды.
Сиздин рейсиниз башка турбайбы,мен туалетке учам,-деди да байкатпоо аракетинде акырын ордунан туруп ары карай басты.

Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   talant.elmira   19 Февраль 2013 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Басканы,суйлогону, ону-тусу да айтылгандай" .Суротун салыштыра карап,артынан сыртка чыкты.Аэропорттун кузотчу милиционерлерине кылмышкерге байкоо жургузуп,сак болуу эскертилген.

-Тиги келинде кумон бар,байкагын, эгер так#### жалгыз чыга турган болсо дароо кармайсын,карап тургун тынчсызданып жатат,-деди Келдибек милиционерге корсотуп.

Канайым сыртка чыгары менен Озбекстандын кайсы шаарына блбосун такси менен бул жерден тез чыгып кетууго шашты.Озуно байкатпагандай болуп жатканы менен башка адамдарга байкалып калды.Бир заматтын аралыгында эки-уч машинеге барып,кайда барышы,жеткириши учун сурап жибербедиби. Топтогон акчасы да ченелуу.Кайда барып,канча кун жашамакчы?

-Колумду кайрыбан,кай жакка алып бармакчысыз, озум эле барайын.Мынча куноолу адамдай колумду кайрыйсыз!

-Куноолуу болбосонуз машинеден туш дегенде тушпойсузбу, жулунуп колду силкпей!..

"Мейли эми,башка тушконун кором,олумго болсо да башымды ийем!.." Олук адамдай журогу эч нерсени сезбей калды.Башы ман,кайда эмнеге баратканын кереги жок.

ХХХ
Адамда тубаса муноздук озгочолуктору болот белем.Бир уй-булодо бир нече адам жаша алардын ар биринде ар башка муноздук озгочолуктор болот.Айрымдарында ашкерек байкалып турса,айрымдарында онойлук менен байкалбаган одоно муноздор бар.Тымпыйып ичтен тап дегендей,Канайым да бир уй-булодогу торт бир туугандын ичинен озгочолоно жетилген.Бешиктеги кезинде жаагын жанып ыйлай турган.Эне байкуш тун бою бешик термертип,бешикке обоктогон калыбында эмчек эмизип, куш уйкусун алуучу."Бир балаа кызды тууган окшойм,кара башына эле корунсун! "-деп жаны кейигенде жемелеп,терс ойго бурула калчу.Эненин кейигениндей болгон жок.Он жашка толгондо атасы ооруп коз жумду.Ошентип улам жетиле баштаган саын ымыркай кезиндегидей ожордугу ашкере сезилип,оюна келгенин жасап,айтканынан кайтпаган,бирок сезимдуу кыз болуп эрезеге жетти.Мектепте окуп жургон кезинде мен врач болом,болгондо да мединституттун хириргуялык факультетинен билим алам,деп орто мектепти бутоор алдында курбуларына тамаша чала соз айтып калчу.Максатындай хирург болду.Айтканынан кайтпаган ожордуктун он жагы да,терс жагы да болот окшобойбу.Ооба, минтип огой балдардын омурун куноосуз кыйып,ожорлукко салышын не деп тушунсо болот?Гайыпбердигеби? Анткенде кай бир аялдар тез-тез эле келтек жеп,олорчо сабап урса да кек санабай,билмексенге салып жашап журушпойбу. Беш-алты баланы мойнуна илип койгон сон эрдемсинген эркек кайда бармак.Бут омурун ошол балдарын асыроого сарптап,жан алакетке тушуп иштеп журо берет.

Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   talant.elmira   22 Февраль 2013 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Канайым тергоочунун алдында анын таамай тийген суроолоруна мукактана жооп берип,коз жашын тогуп,озогун орт алып жатты. Ага кыйыр караган тергоочу: "Ушундай абалда калаарынды ойлобогонсун, шайкелен осконсун,келечегине озун балта урган акмаксын! "-деген ойго уруна калып,бирде тымызын жемелесе,бирде жаштыгына боорукердене сурак жургузду.Куноокор катарында болгонун болгондой айтып,Канайым айыптуулугун толук мойнуна алды.Не болгондо да адам эмеспи,Канайымдын коз жашы,мукактанып суроого так жооп бере албай жатышы кумондуу ойго туртту.Ички сезиминде айтылбай калган сыр бардай туйду.Жогорку жазаны женилдетуучу жагдай бар сыяктуу сезилди.Адам тагдырын чечуу онойго турбайт.Кылмышкердин ишин сотко ашыруудан мурда кайсы статьяга такабасын ийнесинен жибине чейин дегендей так маалыматтар тергоонун жыйынтыгына жазылууга тийиш.

Кылмышкердин сурак бериши озунчо кайталангыс азап.Прежевальск шаарынан Ошко алынып келип турмого,болгондо да жалгыз болмодо жатышы кайра-кайра сыртка чыгарылып,зым тор ичинде сурак бериши оор азап эмей эмне?! Откон ишке окунуп кайда бармак.Колу менен жасаган кылмышын мойну менен тартып жатпайбы.


-Сиздин ушундай азаптуу кылмышка туш болушунузга эмне себеп болду?Коркпонуз, озунузду эркин кармап,ойлонуп жооп бериниз.Мындай кылмышка себепсиз эле бара койбосонуз керек?-тергоочу сезиминдеги тынчын алган суроону берди.Канайым балдардын кулагына курт салып олтургон кылмышын гана айтып тура берген оюн озгорто калды да ойго бата тушту."Ырасында Гайыпберди себепкер болгон,ал балдарына болушуп,эки жолу азаптанып урбаганда... Ооба,ошого очошподумбу. .."-деди купуя.



Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   talant.elmira   22 Февраль 2013 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Айта бериниз,жашырбан, бурмалабай чындыкты айтын?-тергоочу Канайымдын ойлоно калышынан улам оюндагыдай жооп боло тургандай туйду.-Озунуз да бала болуп чонойгонсуз, себепсиз балдарга кол салбасаныз керек?

Канайым озун токтото албай шолоктоп ыйлады.Озун да бала болгонсун деген созго уулана тушту.Бир дамга коз жашын токтото албай турду да,башын жерден акырын которуп,мукактана созго отту.

-Ооба,мен да бала болуп чонойгонмун, чынын айтсам ачууга жендирип...айыптуумун. Кайрадан коз жаш.

-Озунузду карман,эсинизди жыйын,ачууга алдырганыныздын себебин айтын?

-Ырасын айтсам куйоомо очоштум,буга чейин биринчи турмушумдан ажыраган элем,уй-булолук чырыбыз кобойуп,экинчи турмушумдан да ажырай тургандай абалда калдым.Бир жолкусунда кабыргамды сындыра тепти,ит корбогон ыза корсотту,анысын кечирдим,эч кимге айтпай дарыландым. Балдарына ырксыз эле болуша берип...

Канайым бардык куноону Гайыпбердиге оодара салса эле куноосу женилдей тургандай ойго келди,жандана тушту,аны ырайымсыз,каардуу адам катары баяндады.Тергоочу кунт коюп угуп,милдеттуу ишин Гайыпбердиге кайрылып,анын жоопторуна карап акыркы жыйынтыкты чыгармакчы болду.

ХХХ
Гайыпберди прокуратуранын чакыруу кагазын алып чок баскандай ызалана тушту.Ар кайсы ойго чарпылды.Канайымдын кабргасын сындыра тепкен учурун эстей коюп ага бир эсе ызырынып алды ун чыгара согунду..." Ооба ал акмак ошону колко кылып,кайдагы жок жалааларды айтып сурак берсе керек.Эмне,балдарымды кордоп,чыйпыйын чыгарып уруп жатса кантип чыдамак элем,ызама чыдай албай тээп жиберипмин дейм.Ансыз да озум азаптуу кайгыда журсом,анан кантип тим болмокмун.Атайылап кабыргасын сындыра тебейин дептирминби, кокускук болду да"-деди оюнда.
Ким болбосун мындай учурда ызалуу ойго урунбай койбойт болчу.Гайыпберди прокуратуранын имаратына кандайча жетип барганын сезбей калды.Заматта учуп жеткендей туйду.Канчалык ияки ызасына чыдабай турса да озун токтоо кармап,сабырдуу болууга,тергоочуго сыр алдырбоого аракеттенди. Кирери менен салам айтып,тике турган калыбында ун катпай,тергооочунун сабыры суз карады.
-Олтурунуз,- деди да тергоочу Гайыпбердиге назарын сала унуло тиктеди,-чакыртканыбызга капа болбонуз,тергоо ишибиздин жагдайына карап абалды акыр-аягына дээр тактап алалы дедик.Кылмышкер болгон аялыныз менен жашоонуз кандай отуп жатты,уй-булолук чырдашуулар болгон беле?
-Кыязы сизге кайдагы жок кордук менен тынымсыз эле ызалантып чыр чыгара бергендей тушунук берген окшойт.Ырасын айтсам бир гана жолу балдарды канкууруп,ызылдатып уруп жаткан учуруна туш келип,ачуумду токтото албай эки-уч тээп жибергенмин. Кабыргам сынды деп бир жума ооруканада жатып чыкты,чынбы ,жалганбы ким билсин,мага корсоткон жок.Даттанбай дарыланып чыкканына ыраазы болдум.Эстуу жан экенсин деп,балдарымдын шоктугун эске алып,огойлоп конбой жатышса керек деген ойдо болдум.Конулун оорутуп койгонума абдан окунуп журдум.Ошондон кийин ага оз энесиндей мамиле тузуп алар деп толук ишендим.Балдар мурдагысындай болбой онунон абдан азып кетти.Аны энесин сагынганы деп конул бурбадым.Балдардын анча-мынчада апам бизди урат дегенин конулго албай,шоктоно берсенер урат да,шоктонбогула, айтканын аткаргыла дедим.Балдарга консун деп бакчага мен алып барчу эмесмин.Канайым алып барып,алып келчу.Бир куну алып келчу убактысы отуп,Канайым ишинен негедир кечигип,куугум кире баштаганда озум бардым...

Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   talant.elmira   23 Февраль 2013 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Гайыпберди Канайымдын балдарына болгон начар мамилеси тууралсында бакчанын тарбиячысынын айтканын,ошондон кийин кумондоп,мурдагы ишенимин озгортуп,байкай баштаганын, балдарын бир нече жолу ызылдатканын, билсе да билмексен болгонун,коншуларынын айтканын ушак деп конулго албаганын айтты,болгон окуяларын толук баяндады,тергоочу улум-улам суроо бере отунуп,оюндагысын толук айттырып алган сон Гайыпбердиге жубата жылуу созун айтып сыпайгерчиликте сырка чыгарды.Тергоо ишин оюндагысындай жыйынтыктагандай болду.Бирок, "балалуу уй-булодо чонойбогон окшойт,энелек мээрим да жок экен,энелик мээрим мындай турсун анда адамдык ыйман-мээрим да жок экен,пешенем ташка тийип,бул мыкаачы аялга кайдан туш болдум экен" деп ызасын ичине батыра албай Гайыпбердинин коз жашын суртуп алганы унутулгус таасир калтырды.Тергоо ишин жогорку жазага такабай,женилдетуучу жагдайга откорууго канчалык аракеттенгени менен закондун талабын бурмалоого батынбады.Жогорку жазанын статьясын койду да,тергоо ишин жыйынтыктады.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   talant.elmira   23 Февраль 2013 - 15:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Балапандарынан ажыраган чымчык да чыйпылдап тынчы кетип,конгон жайынан козголбойт, удуйуп жуну уксойуп жудой тушот.Ал эми Гайыпберди адам эмеспи,адам болбогондо да оз айылынын мыкты жигиттеринин бири эле.Мунозу жайдары,жузунон нуру кетпеген,кен далылуу,бир коргон адамдын конулундо кала турган болучу.Аттин, ташка чабылган тагдыр десе,коз ачып коргон жарынан ажыраганы аз келгенсип,мончоктой эки баласынан ажыраганын карабайсынбы. Ооба,озу айткандай ошондогу коз жашын мондурдой тогуп,боздоп ыйлаган ыйы кудайга жетпеген экен.Ошончолук куноокор болгудай жазыгы эмнеде?Айылдын тынчын алып,адамдардын каргышына калган жел таман ууру болбосо,адам олтуруп изин жашырып,элинен ажыраган качкын болбосо.Баса, эл ичинде сейрек кездешсе да андайлар бар.Кудай мына ошолорду мына ушундай тагдырга туш келтирип,азаптандырбайбы, озогуно жеткире кыйнабайбы. Таштанайга таш тийбейт болуп андайлар камаарабай, чымынчалык да сезип,санааркабай журо берет,борго байланган букдай семирет.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   talant.elmira   23 Февраль 2013 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Гайыпбердини тааныгандар тымызын кейип,боорукерденет, мин тамыры сыздай тушот.Эл жек коргон надаандардан болсо кубур-шыбыр соз козгоп ушуну кормок,ага бул азап аз дешмек.Аялдардын табасы канып,коройун деген козу желесиде болуп,салам айтып коюу мындай турсун тескери карап басып кетмек.Чогула калганда ал тууралуу узун сабак соз козгоп олтурущмак. Баса,аялдар жакшыга да,жаманга да ортоктош болушат.Кези келип чогула калышканда Гайыпбердиге ачынган создорун ортого салышып,далайга кейип-кепчип отурушат,оксукторун коз жашы кылгыртып,боорукер журогу сыздай тушот.Баарынан да керебеттеги коз жумган балдарынын устуно тушо калып,жыттагылап, ботодой боздоп ыйлаган учурун коргон врачтар,медсестралар, коп убакытка чейин унута албай журушту.Мындай абал кимдин болбосун сезимин бийлеп алмак.Гайыпберди онунон аябай азган,бсса-турса балдары коз алдында.Уктаса тушунон кетпей онтоткон азапта калды.Алгачкы кундордо жаман тушторду коруп чочуп ойгончу болду.Балдарынын жайына барып,топурагын алып жыттап,аз да болсо кусалыгын таркатып журду.Баарынан да Кара-Суудан абасы келип,ээрчитип барып балдарынын жайына гул коюп,куран окуткан учуру оор болду.Жаш баладай шолоктоп ыйлап,башын жкрге салып отурушу Сурандын муунун бошотту.Коз жашы сакалдан ылдый куюлуп,бир ирет шыпырып алды да,озун токтото Гайыпбердиге конул жубата соз айтты.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   admin_superstan   24 Февраль 2013 - 02:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тема тазаланды!
Ой-пикирлерди, сунуштарды "Чыгармаларга сын пикир" темасына жазгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   talant.elmira   25 Февраль 2013 - 17:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Озунду карма иним,ыйлаган менен эми таппайбыз,коп кайгырып озунду кыйнай бербе,андан аркы жакшы жашоонду,омурунду тиле,али жашсын,баланы берген да,алган да кудай,бул тагдырын кудайдын буйругу,жамандык менен жакшылык оошуп,ээрчишип журо берет,эмки жакшы жашоон алдында,куда кааласа,балалуу болосун,сабыр кыл,-деп обоктоп отурган ордунан тургузуп алып кетти.

Гайыпбердинин уйдогу,сырттагы, мектептеги откон турмушу,мамилеси, мурдагы таптакыр озгоруп,токтоо, сабырдуу боло албай,болор- болбоско ачууланып,негедир тынчсыздана берчу болду.Кесиптештери ага боорукердене карашат,бири андай десе,бири мындай дешип ар кандай пикирлерде болушуп,танапис учурунда бир алдын созго аралаштыра коюшат,жакшысы сабак учурунда балдарга болгон мамилесин озгортподу. Аларга баягыдай мамиле жасап,сыр бербей ар бир сабагын максаттагыдай откоро берди.Жогоркукласстага сабак бергени ал учун пайдалуу болуп,ички рухий таасирин тийгизбеди. Ошентсе да алгачкы кундору суйлоп жатып балдарын коз алдына элестете калып,айтайын деген ою башкагабурулуп адашып кетип жатты.Абалына тушунгон тентуштары ээн-эркин отурушканда тезинен уйлонтуш керек,антпесе унута албайт,санааркай берет,ден соолугуна зыян келтирип алат деген ойлорун ортого салышып,оз ара соз козгошту.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   talant.elmira   25 Февраль 2013 - 18:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Эрмекбай,сен коншулаш жашап,тырмактайдан бирге чонойдун,пикирлешесин, деги ой-максаты кандай?-деди бироосу соз учун улап.

-Уйлонсо эле бир макоосуна жолуга тургансып,чочулайт окшойт,тура турайынчы дейт.

-Кызык го анын,турганда не кылат,аялдын баары эле Канайымдай акмак дейсинби,жакшысы, акыл-эстуулору коп.Эки баланын атасы болуп туруп,отуздан эми отуп оолукмак курагында кыз алса да жарашат.

-Э,кыздын кыздай балээси бар,элеттик кыздардын каада-салты ашып кетти,улуу карылырдын айтымына караганда бугунку каада-калт менмин деген байларда да болгон эмес экен.Калын деген балекети,закска чыгышы,той беруу,ресторанды жалдап жанагы "вечер" дегеничи.

-"Кызга бергис жубан бар"дешет эмеспи,Гайыпберди бечарада кутунгон торт тулук малы болбосо,айлыгы менен кайсы кызга уйлонот.Уйлонот, эмнеге уйлоно албайт экен,качырып алып келип,уйуно киргизип алган сон ата-энеси калын сурап кайда бармак.

-Койсончу кайдагы оюна кирбеген созду айтып,башты оорутпачы,ансыз да башындагы ташпиш жетерлик,кызды алып онойго турбайт,жакында эле партиянын катарына отуп алган,ата=энеси арызданчуу болсо корсун ошондо ит корбогон азапты,партиядан жон эле чыгарып койсо не,кызматынан ажыратып,кочодо калат,анан кызмат таап корсун...

Ошентип,ар кимис ар кайсыны айтып,Гайыпбердини дароо эле уйлоп-жайлап кое тургансып узун сабак созго салышты.Анын оз турмушу,жашоосу турасында коздогон максаты,ага карата оз ою бардыр.Турмушу туурасында ойлонбогондой бала эмес да... Баарын озу билет,чонойткон абасы Суранга да ишенбейт.Ал арадан бир ай отуп отпой эле чоттоп жургон айылындагы бой келинди сунуш кылган.Ага макулдугун айпай,байкаштыралычы, шашылбайлычы деп тим болгон.Тандаганын тазга жолугат болуп дагы бир азаптанчуусуна жолукпаса эле болгону.Туугандын топурагы алтын деген кеп бар.Суран агасы ага жамандык кылбайт болчу.Чынар экоо бала кезинен бир айылда болуп,мектептен билим алган,оюнкарак балалык курагында кубалашып не деген кызыктуу учурларды откорушподу дейсин.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   talant.elmira   25 Февраль 2013 - 18:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Чынар деген атына жараша заты да шайкеш келген,шынгаа, арык чырай,ону-тусу, акыл эси жайында,ким болбосун менен жарым болсо дей турган келин эле.Гайыпбердинин бир кемсинткени жогорку окуу жайына барып,кесиптик билим албаганы.Абасы сунуш кылгандан кийин ары-бери калчап ойлонгон "уйлонсом болот,улантчу турмушум кандай болот?" деди оюн жыйынтыктап, уулдуу да болобуз,аларды окутуш,уйлош, кыздарды жайлаш,кыз не болсо да жайын табат дечи,шаар жеринде турсам,уй-жайым, мал-мулкум жок,уйлонбой тура турайын,шашканымдын пайдасын кордум го..."

ХХХ

Кечээги ташпишти бугун унутуп,убакыттар сезилбей отуп,турмуш учугу улана берет турбайбы.Бир жыл бою Канайымдын, анын кылмыштуу учурун,тергоодогу, соттогу абалды унута албай ар кандай ой ташпишинде онтоп журду.Эмне учун эл алдында ашкере соттоп,жетелеп чыгып ашкере жарыялап айтпайт?

Ооба,айтылбаган болсо Сибирде,же Ыраакы Чыгышта болуп,беш-он жылдын аралыгында бошонуп келип,айылында журсо... Ошондой болушу да мумкун,тергоочунун жаш экен,притом аял экен деген созу журогумо ийне сайылы тушкондой зыркырата койбоду беле,бул соз тек айтылбаса керек...

Ошентип арадан уч жыл откондо Гайыпберди уйлонду.Мурдагысы аз,кийинкиси саз болду дегендей дагы бир азаптуу тагдырга туш келди.Окунгондо не пайда, акыл-сезиминен ооруган аялга уйлоно койгонун карабайсынбы. Жакшы коргон санаалаштарынын баары нааразы болуп,наалат айтып,учурашкысы келбей алыстан коз кырын сала ото турган болушту.Бул жолу да азгырылды.Кудай торолгондо эле пешенесине жазып койгон окшойт.Энеси аябагандай кызганчаак экен,аны там артындагы тикендин арасына торосо эле ушундай азаптуу турмушта жашай турган болсо?!Андай болбой калсын,жаш адамдын башына нелер келип,нелер кетпейт,бул ааламдын карангы туну жаркыраган жарыкчылыгы болгон сымак Гайыпбердиге да кун тийип,не ьир жакшы жашоо болор.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   talant.elmira   25 Февраль 2013 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Деги жашт адам сулуулукка бериле калышын кандай деп тушунсо болот? Сулуулуктун да адамдын кумар отун тутандыруучу касети барбы? Гайыпбердинин коз ачып коргон Гулзаада торт тарабы топ келишкен сулуу эмес беле.Басса-турса элеси коз алдынан кетпей сагынычын коодонуно батыра албай не деген азапты тартпады.Анысы аз келгенсип,мага калтырган белеги,эстелиги болуп калды деп туну бооруна кыса кучактап,эркелетип жатып кошуло уктап кетчу эки баласынан ажыраган азабын айтпа.Анын жанда жок рахаты ушул эмес беле.Ушунусу менен Гулзааданы унута баштаган эле.Кудай мындай азапка эч кимди туш кылбасын,бир куну эки баласы эки жагында тике турган корунуштогу суротун альбомдон алып чонойтуп,туштуктун усту жагына илип алмакчы болуп,ушул оюна азгырыла тушуп кайталангыс кайгырып,оксуп, жаш балача бышактап ыйлап отурган учурун коргон адам не демек.Ооба,мин эсе таш боор адам болсо да бир ирет коз жашын шыпырып алмак,конулун жубата созун айтып тим болмок.Баса, ошондо кудай сала койдубу,оюн озгорто калып,озун-озу токтотуп,альбомду жаап оз ордуна койгон.Эгер оюндагыдай туштугуна илип алган болгондо дубаары унутмак эмес.Коргон сайын сай-соогу сыздап,муун- жуну бошоп,ушул абалы кайтала берчу болсо не болмок?! Эл деген ушул да,ушундай азап-тозокту башынан откоруп,аны эске албай дагы бир балээни башына уйуп,сезиминен айныган аялга уйлоно калышына кай бироолор Гайыпбердиге нааразы болсо,кай бироолор кудайдын буйругу,пешенесине кудай ошону жазып койсо не кылсын дешет.Дагы бироосу кудайга нааразы боло калат.Бир ырыскы кайып,бир нике кайып деген создо да тогундук жок окшобойбу.Анан болбосо качантадан бери жуз корушпогон курсташы жолугуп,анын ортомчу болуп калышына не демекчибиз? Бул да гы кудайдын буйругу менен болгон иш да.Дагы бир себебин баскан турган,суйлогону, ону-тусу жагынан Анаргулдун Гулзаадага куюп койгондой окшоштугунда болду белем.

Эмесе,эмки созду ортомчудан баштайлы.Мурдатан коруп билип журбогон сон,ортомчу да ар кандай адамды азгыра алат эмеспи.

-Зирегул,-деди Бурулча ортомчулук созун узутып жаткан кайынсиндисине, -не болгондо да эки бир туугандын кызысынар,баарын тушуносун,барган жеринен орун-очок алып,тынып-тынчып, жакшы жашап кетиши керек.Абдан жакшы болуп,айыгып алсын,ашыкпайлы, менин да конулум жай алып жашагыдай болоюн.

-Макул дей берин жене,озунуз айткандай эки бир туугандын кыздарыбыз, анын устуно Анаргулду башкалардан ашыкча жакшы кором,аны озунуз жакшы билесиз,анан кантип жамандыкка кыймак элкм.

-Ооба,жамандыкка кыйбайсын дечи,бирок кийинкилигин да ойлош керек.

-Ойлойм жене,кантип ойлобой коем,жакшы адам баш кошуп,жакшы жашап кетсе эже-синди болуп катташып журсок деген тилегим бар.Насиби кошулуп,ал жигитке турмушка чыкчу болсо оорусунан да тез эле айыгып кетиши мумкун.Турмуштук шарт,жакшы мамиле да тез айыгып кетишине себеп болот жене.Аны менен институтта беш жыл бирге окуп,бир факультетте окуп билим алгамын.Боорукер, маданияттуу, акылдуу жигит.Шаарда жашайт,врач достору бар,дарылатат.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   talant.elmira   25 Февраль 2013 - 22:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Кой айланайын,дарылатпай калсын!-Эне байкуш катуу ызалана тушту.Коз ирмемдик ызалануусу мин тамырын сыздатты.Анаргулдун буту-колу танылып,тошолгон саман устундо жаткан учуру эсине тушуп,астына тошок салып койбогон огой кайненесине болгон апасынын ызалануусу, алкынып-жулунуп, уйунон алып чыгып келе бергендеги кайгысы кайталана калып жер тиктеген калыбында ыйлады.Озун токтото албай калды.

-Жене ыйлабанчы,пайдасыз озунузду кыйнабанчы, -ар кайсыны бир айтып,конулун которуунун аракетинде болду,-башынызды ойдо которун,бул да болсо кудай кылган иш,ага окунбон,кудайдан тилен,тилегиниз кабыл келсе айыгып кетет.Небере- чоборолуу да болосуз,баардык кайгыныз ошону менен жуулуп кетет.Андан коро акылга конун,бул мээнетти берген да кудай,кайтарып алган да кудай.Насип этсе турмушка чыкса,айыгып кетсе ажеп эмес.Менин ортомчу боло калышыма да кудайдын буйругу себепчи болду окшойт.Анан болбосо анаргул экообуз шаарга ээрчишип барып,узуктан бери жолукпаган курсташыма жолугуп калмак белем

-Ооба,бул дагы кудайдын жазмышы,анан болбосо кызым кыздай кыз эмес эле да?!-терен ушкуруп алды,-Мейли, сага ишенбегенде кимге ишенмек элем.Анан сен ал жигитине ишенесинби, сен ойлогондой болуп кадырлай алабы?Адамдык боорукерликке келеби,абалына чыдап,сакайтып алыш учун аракеттенеби? Кеп мына ушунда турат.

-Аракеттенет, -деди,"антпесе партиялык чогулушта,андан сон бюродо каралат"деген ички туюмундагы тушунугуно таяна калып,-оорусун билип туруп уйлонгон сон аракеттенет да,убадасы бар.

-Анаргул эмне дейт,ага айттынбы?-дедиБурулча ынангандай ойго келип.

-Ооба айттым,конулуно жакты.Ал жигит менен чайканада бирге отуруп чай ичтик.

-Корору менен эле жигитти жактыра койдубу,ага оорулуу экенин айттынбы?

-Ооба,башынан аягына чейин айттым,озу да байкап отурду,Анаргулдун суйлогон создору жайында,негедир конулуно аябай жакты окшойт,озун жакшы кармап,кадимкисиндей эле суйлошуп отурду.Менимче озун жакшы кармап,конулдуу журсо эле жакшы болур,мурдагы калыбына келчудой.-Зирегул такала тушкон суроосунан буйтап отуп,жалганды шыпырылта айтып ишендирди.

Антпесе Бурулчанын макул болбой тургандыгын дароо сезди,тушунду.

-Эми синдим ал жигитиндин кандайлыгын мен билбейм,бирок калыбына келип жакшы болуп кеткичекти уйдо эле болгону жакшы.

-Бирок дебенчи жене,ысык-суугуна конот,озу да турмушунан жапа чегип,кагылып- согулуп калган,ал туурасында суйлоштук эле го,бугун макулдугунузду бербесениз. ..

-Анан ушинтип таарына каласын.Мейли макул дейин,озун да ортомчулуктун ысык-суугуна чыдай аласынбы?

-Чыдайм,Гайыпбердиге да,Анаргулдун турмушу курушуна жол ачылат.Алгачкы учурларда турмуш кадимкисиндей улантыла берет.Баса,биринчи куну сыга кучактап,Гулзааданы элестете калып,козунон жашы калгыр тушуп кумары канганча ооп-жыттап,рахатына канган.Бирок кун откон сайын куюп койгондой окшоштугу гана болбосо,ага шайкеш келбеген олдоксон суйлоп,орой мамиле жасаганы иренжитти,конулу сууй баштады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   talant.elmira   26 Февраль 2013 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ансыз да эл деген эл да,тентуштары Анаргул туурасында уккандарын айтып онтоткон ойго салган.Ооба, уккан куну анча ишене бербегени менен кундолук жашоосунун журушундо байкалып калбадыбы.Бир куну оз алдынча ойлуу отурду.

"...Кудайым мени урган окшойт,мээме таш тийип эмнеге азгырылдым, укканым чын болсо тируулой азапта калам го?!.. Тандаганым тазга,тайгаланасын музга деген ушул белем.О,айланайын кудай,мага буйруп-насип эткенин ушул беле?!. Токто,эсин барда этегинди жап деген,кечиктирбей ажырашып алайын.Тууган- уруктары чакыртайын? ..Баса,кимди чакырам,атасы, бир тууганы болбосо,а мен болсо кимди?.. Оо шорум,азаптуу башым,озумду билбей акылдуумун деп жургон турбаймынбы, корсо акылсыз жеткен акмак адам турбаймбы?"

Тобокелдикке сал,бироого айтып не кыласын.Суран абандан башка кайсы куйорман тууганын бар эле,ал атам десен да келип туруп бербейт,андан коро оз билгениндей жасай бер деп кимдир бироо шыбыр соз айта салгандай туюм пайда болду.Ата-энесин чакыртып алып,ага ачыгын айтып,коз алдында талагын берейин дегенойго уруна калды.Гулзааданы, олгон балдарын элестете калып,оксуп жаш балача опколоп ыйлады.

ХХХ

Жалындуу жаштык делип айтылып журушу тегин айтылган соз эмес.Ар бир улгайган адам озунун басып откон жаштыгын эске салып,элестете алса анда жаштардын турмуш жолундагы кетирип жаткан кемчиликтерине баа бере алат.Эмесе Анаргулдун аянычтуу тагдыры,анан пайда болушунун алгачкы себептери туурасында баян этели.

Анаргул башка курбу-курдаштары сыяктуу эле орто мектепти бутуу алдында оз алдынча элге,мекенге татыктуу кызмат кылсам,жогорку окуу жайларынын биринен билим алсам деген максатты когон.Ар бир жаш улан-кыздын коздогон умут-тилеги ушундай болот эмеспи.Оштогу педагогикалык институтка кирип,анын биринчи курсун аяктап,эс алууга кетээр алдында туюсуздан азгырылбадыбы.

Кыз бала учун сулуулук да озунчо душман окшобойбу.Курсташтары гана эмес,окуу жайын аяктоо алдында турган студенттердин да козу тушуп,окуудан калтырып ала качуу амалында жургондор болду.

Журогу алып учуп турган жаштыктын суйуусу сокур суйуу делип айтылыт эмеспи.Мунун турмуштук чындыгы бар белем.Эки жаштын бири-бирине жылдызы туура келип,конул кушу тушчу болсо аларды ажыратуу кыйын.Сейитбек менен Анаргул мына ошондой жылдызы айкалыша тушуп,сокур суйууго жетелене калышкан жаштардан болушту.Институтта, кочодо,деги кайсы жакта болбосун бирге журушкону журушкон.Ар куну киного барышат,парктарга чыгышат,конул ачышат.Убактысын таап кундолук сабактарына бирге отуруп даярданышат. Ушу корунушторуно кээси суктанышса, кээси ич тардык кылып коргон сацын Сейитбекке кыжырланышат, он келсе иттей сабап салгылары келет.Бирок антууго студенттик талап тартип жооп бербейт.Антчу болсо окуу жайынан кол узот.Беш жыл окуп,окуу жайын бутуп,диплом алуу алдында студенттер делгирип,жаны жай албай,мектепке барып иштесе эле акчага белчесинен батып,маарып кала тургансышып, уйлонууну энсеп калышат тура.Сейитбек да Анаргулго таанышып,суйуу кучуно бийленип жургон учурунда турмуш курууну ойлоп,басса- турса оюнан ажырай албай калбадыбы.Коз атып жургон курсташтарынан кызганып,мезгилсиз эле бироосу ала качып кете тургансып кооптоно баштады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   talant.elmira   26 Февраль 2013 - 18:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ырасында Анаргул турмушка чыгуу мындай турсун суйуу деген кандай,ага маани берип,таасирленип да кое элек.Анда бир гана максат-окуу, жогорку билимге ээ болуп диплом алуу.Негедир Сейитбекке жылдызы тушуп аны жакын адамы катары сезип,анын жылуу-жумшак мамилесине берилип,азгырылып журбойбу.Не болгондо да Сейитбек жыйырма жпштын ары жагынан отуп,студенттик турмуштун ачуу-таттуусун баштан кечирип,турмушту тушунуп,озу айткандай эле кексерип калбадыбы.Ошонусу менен Анаргулдон айырмасы бар да.Анын ачык-айрым,жайдары мунозу Сейитбектин журогун бийлеп,ажырагыстай артынан ээрчитип койбодубу.Анан дагы киного баргысы келген учурларындагы <<Сейит акоо>> деп экелей калгны не деген элжиретууго, рахаттанууга учуратпайт.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 12:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ал бир куну журогун ойуп,конулуно, ой-санаасында жургон максатын айткысы келди.Бирок кантип айтат,сиз суйуу дегенди айтпанчы,тек гана досторчо,озубузду жакын сезген бир туугандарча журолучу деп,олтурган ордунан туруп,бурула басып кеткен.Ушул учур эсинде.Аны кацдан унутсун.Атайылап Токтогул паркына ээрчитип барып,ары-бери басып конул ачып,суйлошуп, ички туюмунда кыйналып жургон оюн айта албады.

Ошентип кундор ото берди.Бутуруу экзамендери башталган учур да келип жетти.Коптон берки оюн тактап,озунун кыйышпас,сырдаш досун,анын жакшы коргон кызын алып,акыркы экзаменди тапшырып конулдуу болгон кезинде курортко баруу,колул ачып келуу,ушул шылтоону негиздеп,андан ары уйуно сызып жоноону максат этти.Ушуну менен конулу тынчыды.Бардык кунтун коюп экзаенге даярданып,жалан торт-беш деген баалар менен диплом алууну коздоду.Бул оюн турмушка ашыра алабы?Эмки соз ушунда калды.

Бардык башка студенттер сыяктуу эле Сейитбектин ар бир экзаменди тапшырып чыгышы кайталангыс кубаныч болуп жатты."Ме, мына бул акчага озун жактырган гулду ал,менин дагы дос-душмандарым бар,кана жакшы коргон кызын утурлап тосуп албады го дейт,душман шылдындайт, достор ички туюмунда кейип,сузтайып калат" деп алдын ала тапшырма берип коет.Адегенде анаргул мунусун кабыл алгысы келбей,уялып, курсташтарын шылдын этеби деген болчу.Озунун, анан калса Сейитбектин жакын достору туура таап,"бир эле сен бекенсин,студенттик мезгилде бул корунуш кайталанып, салт катары эле келе жатпайбы,анын эмнеси бар экен,эгиз козудай болуп ээрчишип жургонунор жалганбы,андан эмнеге корунасын" дешип жонго салышкан.Биринчисин откоргон сон кадимкисиндей эле конуп калбадыбы.

Куттургон мезгил жетип,заматта айылына,андан ары мектепке барып,сабак берип калчуудай болуп алып учуп турган кез.Баардыгынын конулу жай алып,эркин куштай дилгирип,дипломдору колунда.Кимиси кайда барат,жолдомо кайсы районго берилет,али белгисиз.Баардыгы эртенки кундун камылгасын коруп,туулуп оскон айылына,ата- энесине,туугандарына барып кубанычын кандайча болуштуроорун элестетет.Ал эми Сейитбектин ою болсо таптакыр башкада.Ооба, Анаргулдо,аны кантип ала качат,кантип эшигин аттатып жоолук салдырат? Ушул суроо устундо кыйнала баштады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: