ЫЙМАН
Ыйман - Аллахтан келген кабарларды,
буйруктарды жана Ал тыйган нерселерди чын жүрөгү менен кабылдап,тил менен айтуу жана дене мүчөлөрү менен аткаруу.
Амалдар көбөйөт, бирок ыйман көбөйбөйт да, азайбайт. Ыйман күчтөнүүсү жана алсыроосу гана мүмкүн. Мусулман адам ыйманын (б.а ыймандуулугун билдирген шахадат келимесин) тили менен айтып, аны чын жүрөгү менен кабылдап жана ибадаттарды дене мүчөлөрү менен аткарып, «диниң кайсыл?»деп сурагандарга «Алхамду лиллах, мусулманмын» деп жооп берүүсү шарт, мындай учурда «Инша Аллах, мусулманмын» деп айтуу дурус эмес.
Ыйман менен Ислам - бир.Баардык нерсе инсандын каалоосуна жана аракетине жараша өзгөрүп турганы менен баардык нерсенин түпкү натыйжасы - Аллахтан. Анткени пенде - каалайт, Аллах аны ишке ашырат же ашырбайт, кыскасы бардык нерсе Аллахтын экри жана амири менен гана болот.
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#81 17 February 2013 - 09:38
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#82 17 February 2013 - 09:42
АЛЛАХ ТААЛА
Ааламдарды жоктон бар кылган - Аллах Таала. Анын башталышы да, акыркы чеги да жок, түбөлүк тирүү, баардык нерсеге күч-кудурети жетет. Ал - баардык нерселерди билет, угат, көрөт, ачууланат, кубанат жана каалайт. Аллах Таала -махлуктар сыяктуу эмес: Ал - бөлөк-бөлөк мүчөлөрдөн турбайт, сүрөт эмес, бөйнө эмес, чегижок; Ал эч нерсеге окшошпойт... кыскасы, пенденин акылы менен Аллахты Анын өзүнүн Улуулугунда таанып билүү, түшүнүү эч мүмкүн эмес. Ал -Ушунчалык Улуу,улуулугунда чек жок, Ал ушунчалык кудуреттүү, Анын Кудуреттүүлүгүнө шек жок! Аллахтын кандай экенине биздин акылыбыз жетпейт. Биз Аллахты Анын өзү Куранда айткан сыпаттары аркылуу гана тааныйбыз.
Анын Китеби Куран-и-Карим болсо ариптерден куралган китеп шекилинде жазылган жана жүрөктөрүбүздө сөз түрүндө сакталып, ал тил менен окулуп, кулак менен угулат.

#83 18 February 2013 - 09:01
ЖООПКЕР ПЕНДЕ...
Пенденин каалоолорун жана ыйман, ибадаттар менен байланышкан бүткүл аракеттерин Аллах Таала жараткан. Ар бир иш Аллахтын каалоосу менен, өкүмү менен болот. Бирок пенденин амалдары анын өз ыктыярында, б.а. ал исламий ибадат амалдарын аткарса-койсо өз иши; аткарса бактылуу болот, аткарбаса бактысыз болот; пенделер өздөрүнүн каалоо-ниеттерине жараша, аткарган амалдарына жараша соопко ээ болот же жазага тартылат.
Пенделер тараптан жасалып жаткан жакшы жана мыкты амалдарына Аллах ыраазы болот. Жаман амалдары үчүн Акыретте азапка кириптер кылынат.
Мусулман пенде сооптуу бир амалды аткарууга чын жүрөктөн чечим чыгарып, ошого катуу ниеттенген болсо, ал ишти аткаруу үчүн күч-кубатты жана мүмкүнчүлүктү, жөндөмдү жана шыкты, каражатты жана шарттыАллах Таала ага ыраазы болуу менен тартуулайт. Аллах Таала өз пендесин анынчамасы жетпей турган ишке буйрубайт. Пенде эч нерсе жарата албайт. Дагы кайталап айтамын: пенде бар болгону каалайт, бирок аны ишке ашырган - Аллах Таала. Адам болсо бар болгону - ар кайсыл нерсеге себепчи гана. Ал эми себепчи болуу башка нерсе, жаратуу деген таптакыр башка нерсе!
Аллах Таала өзүнүн Каалоосу менен кээ бир бузукулукту каалаган адамдарды туура жолдон адаштырып койот да, Туура Жолго умтулгандарды туура жолго салат.
«Аллах Таала бир гана туура жолду жаратуусу керек болчу» деп айтууга эч качан болбойт! Анткени Даанышмандыгы чексиз Улуу Жаратуучунун хикматтуу иштерине Анын өзүнүн жараткан-махлуктарынын кийлигишүүгө кымындай да акысы жок.

#84 18 February 2013 - 09:08
АЛЛАХ КЕЧИРБЕЙ ТУРГАН КҮНӨӨ
Аллах кечирбей турган күнөө - бул, Ага кимдир бирөөнү же кандайдыр бирнерсени шерик кошуп, Аллахтан башкага сыйынгандарды жана «Аллахтын шериги бар»деген пенделерди Аллах кечирбейт. Андан башка баардык майда жана чоңкүнөөлөрдү. Ал өзү кааласа кечирип коюшу мүмкүн. Куфр, б.а. каапырлык кылуу жана мушриктик б.а. Аллахка шерик кошуудан башка күнөөлөрдүн кечирилүүсүнөн үмүт кылса болот.
Аллах кечирбей турган күнөө - бул, Ага кимдир бирөөнү же кандайдыр бирнерсени шерик кошуп, Аллахтан башкага сыйынгандарды жана «Аллахтын шериги бар»деген пенделерди Аллах кечирбейт. Андан башка баардык майда жана чоңкүнөөлөрдү. Ал өзү кааласа кечирип коюшу мүмкүн. Куфр, б.а. каапырлык кылуу жана мушриктик б.а. Аллахка шерик кошуудан башка күнөөлөрдүн кечирилүүсүнөн үмүт кылса болот.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#85 18 February 2013 - 22:59
ПЕРИШТЕЛЕР
Периштелер да адамдар жана жиндер сыяктуу эле Аллахтын махлуктарынын бири болуп саналат жана алар эч качан Аллахтын амиринен чыгып кетишпейт. Аллах кандай буйруса дал ошондой гана аракеттенишет. Алардын эркектик жана аялдык жынысы жок; ичишпейт, жешпейт, күнөөлүү иштерди жасашпайт. Ката кетиришпейт. Анткени аларда напси жок.

#86 18 February 2013 - 23:03
ИЛАХИЙ КИТЕПТЕР
Аллах Тааланын өз Пайгамбарларына түшүргөн илахий китептери бар. Ал китептерде Аллахтын амирлери жана тыюу салган иштери, сооптору жана азабы жөнүндө кабарлар баян кылынган. Улам бир китеп түшүрүлгөн кезде, андан мурда түшүрүлгөн китептин өкүмдөрүн Аллах өчүрүп, б.а. жокко чыгарып турган
Куранды дааратсыз кармоо - күнөө. Курандан мурда түшүрүлгөн китептерге да урмат көрсөтүү керек18,бирок аларга амал кылууга болбойт.
18 Анткени алар да оболу Аллах тарабынан түшүрүлүп, кийин адамдардын колу менен өзгөртүүгө учураган

#87 18 February 2013 - 23:08
ПАЙГАМБАРЛАР
Пайгамбарлардын адамзатка жиберилүүсүндө улуу даанышмандыктар бар.Аллах Таала адамдардын арасынан кээ бирлерин тандап алып, инсаниятка бейиш тууралуу сүйүнчүлүү кабарды жеткирип, тозок тууралуу эскертүүнү кабарлоо үчүн Пайгамбар кылып жиберген. Пайгамбарлар дин жана дүйнө иштери үчүн керек болгон баардык илимдерди инсандарга кабарлашкан, үйрөтүшкөн жана өздөрү да ошол илим жоболорун карманып жашоо кечиришип өрнөк болушкан. Аллах Таала Пайгамбарларды можиза-кереметтер менен кубаттандырып турган.
Эң алгачкы Пайгамбар Адам алайхиссалам, эң соңку Пайгамбар болсо Мухаммад салаллооху алайхи ва саллам. Биз Пайгамбарлардын баарына ыйман келтиребиз. Алардын эч бири тууралуу жаман сөз айтпайбыз. Биз эч качан: «Муса Пайгамбар - яхудий-жөөттөрдүн Пайгамбары жана бизге анын эч кандай тиешеси жок, же болбосо Иса пайгамбар христиандардын Пайгамбары, биз анын Пайгамбарлыгын тааныбайбыз» - деп айтпайбыз. Тескерисинче, ар бир Пайгамбардын ысымын тилге алган кезибизде ал кишилерге салам жолдойбуз. Анткени Пайгамбарлардын бул дүйнөгө келүүсүнүн өзү эле ажайып бир керемет нерсе. Мисалы, Адам алайхиссалам ата-энесиз, азирети Иса алайхиссалам атасыз жаратылган. Биз Иса пайгамбарды христиандар сыяктуу«Кудай- бала» деп айтпайбыз, аны Аллахтын кулу жана элчиси катары тааныйбыз.
Биздин ишенимибиз боюнча Пайгамбарлар Аллахтын кул-пенделери, бирок алар биз сыяктуу күнөөкөр эмес. Аллах алардын баардык тилек-дубаларын кабыл кылып турган. Бирок алар биздей Аллахтан болоор-болбос нерселерди да сурай беришкен эмес.

#88 18 February 2013 - 23:14
ПАЙГАМБАРЛАРДЫН САНЫ
Пайгамбарлардын саны канча экендиги тууралуу тартышуу пайдасыз. Анткени Аллах Таала: «Айт (о, Мухаммад): «Сенден мурда да биз Пайгамбарларды жибергенбиз. Алардын ичинен сага кабарлагандарыбыз да, кабарлабагандарыбыз да бар», - деген мааниде аят түшүргөн.
Аллах Тааладан жалпы адамзатка жүз жыйырма төрт миң Пайгамбар келген деген кабар бар. Пайгамбарлардын баардыгы Аллахтын мыйзамдарын адамдарга жеткизүү милдетин аркалашкан. Пайгамбарлар -абдан чынчыл, аманатка эч качан кыянат кылбаган жана даанышман дааватчылар болушкан. Пайгамбарлардын падышасы жана мөөрү, мырзасы жана эң акыркысы - Мухаммад (с.а.в.)Пайгамбарыбыздын акыреттеги шапахаты хак-акыйкат!

#89 19 February 2013 - 23:51
ПЕРИШТЕЛЕР ЖАНА АДАМДАР
Аллахтын элчиси пенделерден жана элчи-периштелерге Караганда жогору турат. Бирок элчи-периштелер Пайгамбарлардан башка баардык адамдардан бийик турат. Мусулмандардын момундары болсо - жалпы периштелерден жогору даражада,анткени момундар момундук даражага шайтан жана напси менен күрөшүү аркылуу жетишет. Ал эми периштелер өздөрү ээлеп турган макам-даражаларга эч кандай машакатсыз (кыйынчылыксыз) жетишкен. Себеби: аларды Аллах Таала өзүнө моюнсунган абалда жараткан.

#90 19 February 2013 - 23:55
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В.) ДАН КИЙИНКИ ЭҢ KACИETTYY
АДАМДАР
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан кийинки орунда турган касиеттүү адамдарды ирети менен санасак, ал мындай: Абу Бакр Сыддык, Умар (разияллооху анху), Усман Зиннурайн, Али Муртаза, алардын баарынан Аллах ыраазы болсун. Бул кишилердин халифалык-падышалыктары да ушул иретте ишке ашкан.
Сахабалар жакшы сөздөр менен гана сөзгө алынууга тийиш. Аларды жемелөө, жамандоо дурус эмес.
АДАМДАР
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан кийинки орунда турган касиеттүү адамдарды ирети менен санасак, ал мындай: Абу Бакр Сыддык, Умар (разияллооху анху), Усман Зиннурайн, Али Муртаза, алардын баарынан Аллах ыраазы болсун. Бул кишилердин халифалык-падышалыктары да ушул иретте ишке ашкан.
Сахабалар жакшы сөздөр менен гана сөзгө алынууга тийиш. Аларды жемелөө, жамандоо дурус эмес.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#91 19 February 2013 - 23:59
КЫЯМАТ КАЙЫМДЫН БЕЛГИЛЕРИ
Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз Кыяматтын бир нече белгилерин айтып кеткен. Алар - Дажжалдын, Яжуж-Мажуждардын чыгуусу, азрети Исанын түшүүсү, Күндүн Батыштан чыгуусу сыяктуу окуялар. Булардын болуу ыктымалы шексиз, бирок бул окуялардын качан жана кандай түрдө аткарылаары бизге белгисиз. Болоор мөөнөтүн Аллах гана билет.
Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз Кыяматтын бир нече белгилерин айтып кеткен. Алар - Дажжалдын, Яжуж-Мажуждардын чыгуусу, азрети Исанын түшүүсү, Күндүн Батыштан чыгуусу сыяктуу окуялар. Булардын болуу ыктымалы шексиз, бирок бул окуялардын качан жана кандай түрдө аткарылаары бизге белгисиз. Болоор мөөнөтүн Аллах гана билет.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#92 20 February 2013 - 00:04
ИМАН КЕЛТИРҮҮ ЗАРЫЛ БОЛГОН КЭЭ БИР ШАРТТАР
Ар бир жан өлүм даамын сөзсүз татат. Өлүм да тирүүлүк сыяктуу эле бир окуя. Өлүмдөн соң каапырлар жана кээ бир күнөөкөр адамдарга кабыр азабы болоору чындык. Моюн сунуучуларга кабырда абдан көп түрлүү нэматтар берилээри да ырас.Билгенден кийин тирилүү - талашсыз чындык. Амалдардын таразада тартылуусу да шексиз. Эсеп-кысаптын болоору акыйкат [хакк]. Жаннат менен Тозоктун бар экени чындык. Алардын даярдалып коюлган жери бар. Бейиш менен Тозок түбөлүк. Ал жайда эч качан өлүм болбойт.
Ар бир жан өлүм даамын сөзсүз татат. Өлүм да тирүүлүк сыяктуу эле бир окуя. Өлүмдөн соң каапырлар жана кээ бир күнөөкөр адамдарга кабыр азабы болоору чындык. Моюн сунуучуларга кабырда абдан көп түрлүү нэматтар берилээри да ырас.Билгенден кийин тирилүү - талашсыз чындык. Амалдардын таразада тартылуусу да шексиз. Эсеп-кысаптын болоору акыйкат [хакк]. Жаннат менен Тозоктун бар экени чындык. Алардын даярдалып коюлган жери бар. Бейиш менен Тозок түбөлүк. Ал жайда эч качан өлүм болбойт.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#93 20 February 2013 - 00:07
МАРКУМГА ДУБА ОКУУ
Тирүүлөрдүн маркумдарга кылган дубалары жана садакаларынын (сообу) аларга сөзсүз жетет жана пайда берет. Бирок Аллах кечирбей турган күнөөкөрлөргө дуба кылынбайт, алар үчүн садака берилбейт. Аллахтын дубаларды кабыл кылаары жана хажаттарды береринде эч кандай шек жок.
Тирүүлөрдүн маркумдарга кылган дубалары жана садакаларынын (сообу) аларга сөзсүз жетет жана пайда берет. Бирок Аллах кечирбей турган күнөөкөрлөргө дуба кылынбайт, алар үчүн садака берилбейт. Аллахтын дубаларды кабыл кылаары жана хажаттарды береринде эч кандай шек жок.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#94 20 February 2013 - 00:09
КЕРЕМЕТ
Авлиялардын керемети болоору - чындык. Авлия -Пайгамбардын жолун мыкты карманган, исламий илимине толук амал кылган киши. Бирок эч бир авлия Пайгамбардын даражасына эч качан жете албайт.
Авлиялардын керемети болоору - чындык. Авлия -Пайгамбардын жолун мыкты карманган, исламий илимине толук амал кылган киши. Бирок эч бир авлия Пайгамбардын даражасына эч качан жете албайт.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#95 20 February 2013 - 00:11
АМИР ШАЙЛОО
Кайсы жерде болсо да, мусулмандар өздөрүнө бир имам (башчы) шайлоолору шарт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын «Эки мусулман бирге сапарга чыкса, бири амир болсун», - деген сөздөрү имамдыктын зарыл экендигин билдирет. Исламий өкүмдөр жүргүзүлүп жаткан өлкөдө мусулмандар жамааты бир имамдын тегерегинде биригишет.Каапыр мамлекетиндеги мусулмандар болсо, өз ичтеринен бир кишини амир кылып шайлайт жана ошого баш ийишет.
Имамдыктын өзүнө ылайыктуу шарттары, талаптары, акы-милдеттери бар.

#96 20 February 2013 - 17:28
Возникать эткен эч ким көрүнбөйт да ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#97 20 February 2013 - 18:53
Возникать эткен эч ким көрүнбөйт да ))
Каршы эч нерсе таппай айласы кеткенде болгон никтерин ишке салып "-" койгонго отуптур))))) ишенбесенер http://www.super.kg/ ...opic=58503&st=0
Ага эмне жамандык кылганым учун коюп жатат, аны озу деле тушунбосо керек))))
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#98 20 February 2013 - 20:05
КУФРГА (КААПЫРЛЫККА) СЕБЕП БОЛО ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР
1) Куран жана хадистин маанилерин бузуп, өзгөртүп, бурмалоо.
2) Куран жана хадиске моюн сунбоо.
3) Мейли аял, мейли эркек болсун, кимисинин болсо да харам иштерди халал,халалды харам деп айтуусу.
4) Шариятты мазактоо,көлөкөлөө, шылдыңдоо.
5) Аллах Тааланын рахматынан үмүт үзүү.
6) Аллахтын азабынан коркпоо.
7) Кайыптан кабар берүү менен алектенген (көз үачык, бакшы, төлгөчү, палчы, руханий табып, экстрасенс деп аталган) адамдардын сөздөрүнө ишенүү.
Куфрлук кылган адам тообо кылып, иманын да, никесин да кайрадан жаңылап алуусу кажет.
1) Куран жана хадистин маанилерин бузуп, өзгөртүп, бурмалоо.
2) Куран жана хадиске моюн сунбоо.
3) Мейли аял, мейли эркек болсун, кимисинин болсо да харам иштерди халал,халалды харам деп айтуусу.
4) Шариятты мазактоо,көлөкөлөө, шылдыңдоо.
5) Аллах Тааланын рахматынан үмүт үзүү.
6) Аллахтын азабынан коркпоо.
7) Кайыптан кабар берүү менен алектенген (көз үачык, бакшы, төлгөчү, палчы, руханий табып, экстрасенс деп аталган) адамдардын сөздөрүнө ишенүү.
Куфрлук кылган адам тообо кылып, иманын да, никесин да кайрадан жаңылап алуусу кажет.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#99 20 February 2013 - 20:07
ИСРА ЖАНА МИРАЖ
Исра жана мираж - Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га берилген мужиза-кереметтердин бири. Аллахтын кудурети менен Пайгамбарыбыз (с.а.в.) түндө Меккеден Куддуска барып, ошол жерден асманга, Аллахтын Аршына көтөрүлгөн, Муну кабылдабоо да - куфрлук.
Исра жана мираж - Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га берилген мужиза-кереметтердин бири. Аллахтын кудурети менен Пайгамбарыбыз (с.а.в.) түндө Меккеден Куддуска барып, ошол жерден асманга, Аллахтын Аршына көтөрүлгөн, Муну кабылдабоо да - куфрлук.
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#100 20 February 2013 - 20:09
МУЖТАХИД
Ижтихад даражасына жеткен аалымды мужтахид дейт. Мужтахид Куранга, хадиске жана өзүнөн жогору турган мужтахиддин ижтихадына (өкүм-чечимдерине) таянып, өз доорунда татаалдашкан маселелерге шарият өкүмүн чыгарат. Мужтахид кээде жаңылып калуусу да мүмкүн
Ижтихад даражасына жеткен аалымды мужтахид дейт. Мужтахид Куранга, хадиске жана өзүнөн жогору турган мужтахиддин ижтихадына (өкүм-чечимдерине) таянып, өз доорунда татаалдашкан маселелерге шарият өкүмүн чыгарат. Мужтахид кээде жаңылып калуусу да мүмкүн
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....

Супер-Инфо
super.kg
видео