Сезим ыргактары Арбагыла, замандаштар! Бул темада журокто жашап жаралган ырларымды
#181 18 Декабрь 2012 - 15:00
Жылмаюу бар жузумдо, ичке катам арманды,
Жакшымды айтып, жашырдым жаманымды.
Бактылуусун дешсе мага ичимден куйуп от болом,
Атаганат, кана ошондой бактылуу болсом...
Журогумдо жаз эле, турган бучур байлап,
Жылмая албай турам, жаман соз кетти жайлап.
Бажырайып журчу элем жанында дайым,
Бактым кана сен арнаган суйуум, кунум-айым?
Бактыма да жан дуйномду эргиткен,
Бар жашоомо ишенбейм, журокту эзген.
Сени суйгон журогум музга айланды, жан биргем,
Суйгон элем, суйом, бирок суйуу десе чочуп кетем.
Бар жашоомду сургум келет суйуусуз эле,
Унутуп музга айланган журогумду, суйууну деле.
Баягыдай куйгум келбейт суйууго эми,
Бактымды колдон жулуп кеткен кечээги.
Мейли мени аташсын, муз журок деп,
Менменсиреп, эч кимди суйбойт деп.
Тупкурундо журогумдун сенин ысмын кала берет,
Муз каптап, муз алдында сенин ысмын жата берет. СЖ
#182 18 Декабрь 2012 - 15:27
Коргум келбей мен эч кимди, мунканам,
Уккум келбей, эч бир созду, ызаланам.
Кайтып келчи, кайра эле ыйык Колго,
Ээрчишип анан алыс жакка кетелиби?
Мен эч кимди корбой деле коеюн,
Мен эч кимди укпай деле коеюн,
Кайтып келчи, кайрадан жолугалы,
Алыска кадам шилтей жол улайлы.
Журогумо кереги жок башканын,
Барктайм жаным сени тапканым.
Бар болгону кайтып келчи, суранам,
Баарына колду шилтей, кетелиби алыска?
Мен эч кимге сырымды айтпас болоюн,
Сен жашаган бакчага эле булбул болоюн.
Суранам, бир соз айтчы, журогундо жашаган,
Кетелиби алыска, жетелешип, жол болсо да кайтпаган. СЖ
#183 18 Декабрь 2012 - 16:34
Журогум сыздап, кайра эле очурдум.
Жашоо мынча окунучко бай болот,
Келди беле мени ушинтип очургун?
Жашоодон сен учун эми мен да очтум,
Ырларыма эми жазбайм менин очконум.
Тагдыр десем, башка кучтор бар беле?
Бактымды тартып алуу ушунчалык женил беле?
Женилдим, дагы бир жолу женилдим,
Келди беле коргун менин женилгеним?
Кандай болсо, Жаратканым болоор калыс,
Кадам таштап, элесинден кетем эми алыс...
Мен сени барктагандай, билбейм неге,
Жок дегенде, элесинди барктабайт беле?
Кош эми, журогум биротоло муздады,
Кимдир бироо, жан дуйномду аёосуздан туздады. СЖ
#184 18 Декабрь 2012 - 16:39
Кыйнады сени, мени ойлоп койбой.
Куйугуп барам, умутторум бут очуп,
Калдыбы, бир буюмун бугун очуп?
Жазчу элек, кыска ырларды биз анда,
Айтчу элек, кабар журсок кайда.
Эми чыдап жаза албайм калганын,
Эсимде калат чалганын да, жазганын.
#185 19 Декабрь 2012 - 21:03
Бажырайган эртеним да, таалайым.
Кенен болуп баскан жолунар дайым,
Куштар сайрап, гулдор жайнап турсун багым.
Бактым менин бажырайган балдарым,
Бул жашоомдун жарыгы да, канаттарым.
Нур жузунор кулку чачып ар дайым,
Шанга толуп турсун биздин бакча ар дайым.
Силерсинер менин кунум, тийген айым,
Силерсинер менин бактым дагы, байлыгым.
Бул ааламда канча тилек кылам да,
Мен силерге арнайм дайым, арнайм баарын.
Бар болгула, жаркындарым, жылдыздарым,
Баалагыла омурду, конулду анан жакындарын.
Дуйнодо кандай бакыт болсо баарын,
Мен силерге, арнайм дайым, арнайм баарын. СЖ
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 19 Декабрь 2012 - 21:04
#186 21 Февраль 2013 - 02:35
Жүрөгүмдү эздим, сыздадым.
Жаш күнүмдү кайрып алчудай,
Нөшөрлөнгөн жамгыр сымал ыйладым.
Күндөр өттү, кусалыкка ченем жок,
Күттүңбү, -деп,мен күткөнүм келген жок. СЖ
#187 21 Февраль 2013 - 02:40
Өттү күндөр, өкүнүчкө салгандай.
Өксүк менен өтүп жаткан өмүрүм,
Учууга канаттарым талыткандай.
Өтөт мезгил барган сайын шамалдай,
Жаштыгыма, арманыма карабай.
Мөлт этип, таамп кеткен ысык жашым,
Калды, жаным, таптакыр саналбай.
Мейли, мезгил, мага койсун карабай,
Мен өзүнчө барам неге таанылбай.
Карап туруп күзгү бетин тетир бурулам,
Кусалыктан мен өзүмчө буулугам. СЖ
#188 21 Февраль 2013 - 02:46
Кусалыктан бүтпөй келет ой-санаам.
Китебиме батпай турат арманым,
Сенден калган сагынычта ырларым.
Айлап-жылдап, ыр жазчумун сага арнап,
Аруу сезим жалындарын тандап-тандап.
Жүрөгүмө батпай турат сагынычым, а бүгүн,
Жүргөндөймүн, көлөкөдөй, балким, күкүм.
Жаза берем ырларымды сага арнап,
Жаратканым алгычакты, өмүрүмдү кылтактап.
Жан дүйнөмдө сага деген кусалык да, сагыныч,
Жаштыгымды туткунга алды, койбой аяп. СЖ
#190 21 Февраль 2013 - 03:59
Жан дүйнөм ачып-арып, болуп карып.
Же таптакыр эстелбей унут калып,
Ырларымдай анан жүрөк жарып.
Мен келдим, жашоого умүт менен,
Дагы да баса турган жолум кенен.
Арманга чөккөн болсом сени менен,
Азыр мен аппак таңды эңсеп келем.
Мен келдим, кыялымды өрттөбөй,
Жашоомду колдон келет көрктөмөй.
Жазды күтом баягыдай дагы эле,
Жазып ырым өткөн жылкы көктөмдөй. СЖ
#191 21 Февраль 2013 - 04:11
Ойлор мага тынчтык бербей тамчылардай.
Азыр мен жазыла элек жаңы ырлардай,
Ачыла элек гул сыяктуу сырга бай.
Жүрөгүмө чексиз сүйүү баткандай,
Жан дүйнөмдө бир ой келип таң атпай.
Жарата элек окшоймун, мен жакшы ырды,
Жаза берип, жашка толгон арманды.
Жүрогүмдө сүйүүнү аруулап ырларыма,
Жазам эми, жалаң сүйүү ырларын да.
Өткөн жазды мен өзүнчө көркөмдөп,
Өчпөс кылып, чын жүрөктөн жазайын да.
Жазды күтпөйм, баягыдай самабайм,
Жүрөгүмдү туңгуюкка камабайм.
Сага деген сагынычым таркабай,
Бир китептин бети калды актай. СЖ
#192 21 Февраль 2013 - 05:19
Кыш кечинде, бүлбүлдөп жарык күйгөн.
Караан үзүп, жолдор калып ээнсиреп,
Мен отурган секиче да телмирет.
Соңу жок ойго батып отурганда,
Ырлар толду белгисиз кучагыма.
Чала-була ачып үйдүн эшигин,
Кирип келдим ырым менен кучагымда.
Жоготуп албайын деп ар бир сабын,
Жоолугумду чала чечип, калем алдым.
Бул ырымдын аягы жок, кетти төгүлүп,
Эски кийим кеткен сымал бир этеги сөгүлуп.
Актай барак, улам барат кооздолуп,
Ал ансайын калем калбай токтолуп.
Буулуккандай ыр дүйнөсүн сагынып,
Ырлар турду улам сайын агылып... СЖ
#193 21 Февраль 2013 - 05:39
Мен жашырдым ырларыма санааны.
Сени кандай сүйгөн болсом, мен анда,
Сүйүп турам сагынычта мен дагы.
Жүрөгүмө бек сактадым атыңды,
Жазбай калгам сенсиз сага катымды.
Сен мени сүйгөн бойдон өтүп кетсең,
Мен сени баягыдай сүйүү менен сүйүп келем... СЖ
#194 21 Февраль 2013 - 05:44
Жашап келет, жашай берет бир сүйүү.
Элесиңди катып алып ырларыма,
Тынчтык бербей келет мага бир күтүү.
Ишенбегем өчтү десе, бир жарык,
А бүгүн жүрөм мен да дүйнө тарып.
Бул сезим жүрөгүмдү куйкалаган,
Жан дүйнөмдү кетти жарып.
Сага арнап бүтпөй калдым ырымды,
Элесиңди жүрөгүмө катып алып... СЖ
#195 23 Февраль 2013 - 01:13
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 23 Февраль 2013 - 01:15
#196 09 Март 2013 - 02:14
Эне десе, эргип турат жүрөгүм,
Энем мага дайым тийген күндөйсүң.
Мээрим чачып, баары баткан жүрөгүң,
Энем мага бир ачылган гүлдөйсүң.
Эне десе, таш жарылып гүл чыгаар,
Эне барда, таштан дагы үн чыгаар.
Эне деген эң кымбатым, асыл зат,
Башын ийип таазим кылат адамзат.
Эне деген эч нерсеге теңегис,
Эне деген чалкып жаткан бир деңиз.
Кандай айтсам, баары сизге жарашып,
Бар өмүрүм тартуу кылсам, болбойт ашык.
Эне деген айтып бүткүс дастандай,
Айта берип чарчабастыр акын дагы ак таңдай.
Эне кандай кереметтүү асыл зат,
Энесиз туулган барбы, айткылачы, адамзат?
Биз үчүн эмгеги зор, ченемсиз,
Биз үчүн тарткан түйшүк эсепсиз.
Бул дүйнө сулуулугу биз таңкалган,
Ажарына чыкпас эле энесиз!
Эне!
Жашообузга шоола чачат күн нурундай,
Бул дүйнө мээриминен эненин куралгандай.
Турмуштун бар түйшүгүн унуткарып,
Эне-дастан, бүтпөгөндөй айтып-жазып. СЖ
(Аялзат-аалам ажары сынагына жиберген ырым)
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 10 Март 2013 - 01:08
#197 09 Март 2013 - 02:26
Дүйнө жүзүн көрккө бөлөп,
Бажырайган гүл өңдөнүп.
Тогуз ай толгонуп, төрөп,
Балам деп, Түн уйкудан калып бөпөлөп.
Бала үчүн тартып миңдеп түйшүк,
Кабагым-кашым дебей, турса да үшүп.
Тиричилик, турмуш адат көнүмүш,
Кыйналса да, бир жарк этип коёт күлүп.
Оо, энелер, асыл затсың кеменгер,
Эчен түйшүк, тамган маңдай териңер.
Айтып бүткүс эрдиги бар билсеңер,
Баарыбызга жарык күндү берген энелер.
Көрбөсө экен, кайгы тоосун энелер,
Күйбөсө экен, санаа отуна энелер.
Кыдырып дүйнө жүзүн жүрсөң дагы,
Кымбат жанды таппасың чын энедей.
Бар болгула, бажырайган энелер,
Бизге күч да, кубат берет демиңер.
Миң кубулуп, таажы кийип алсаң да,
Асыл адам таппасың чын энедей.
Аалам кезип, алтын жыйып алсаң да,
Айлап-жылдап, бир укмуш үй курсаң да.
Кереги жок Энеге баладан башка байлык,
Эне-ыйык, Эне-улук, баалап-барктайлык. (СЖ)
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 10 Март 2013 - 01:00
#198 09 Март 2013 - 02:29
Бул майрам-Энелердин майрамы,
Ачык болсун Энелердин маанайы.
Бул дүйнөдө узак өмүр сүрүшүп,
Энелерди барктаса экен балдары.
Бир күндү эмес, бүтүн деле бир жылды,
Майрам кылса, Эне үчүн ашыкпы?
Жыл эле эмес, майрамдаса кылымды,
Энелер татыктуу да, же калппы?
Күлкү болсун Энелердин жүзүндө,
Сүйүнүч кетпесе экен жүрөгүндө.
Бата берип, алкап турса ар үйдө,
Жеттик дейли, көңүлдөгү мүдөөгө.
Бир жылды эмес, майрам кылып кылымды,
Эне үчүн берсем жаштык жылымды.
Аздык кылбайт, атаганат, колдон келсе,
Жаштыгымды Эне үчүн берсем эмне...
Бар болгула, гүл жыттанган Энелер,
Бизге кымбат, ооз учунда кебиңер.
Бар болгула, Бакыт чачкан Энелер,
Бизге кымбат ар бир тамчы мээримиңер. СЖ
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 10 Март 2013 - 00:58
#199 09 Март 2013 - 02:37
Сагынычым көлдөй толкуп турганда,
Сенсиз өткөн күндөрүмө тушалганда,
Сага арнап ырлар жаздым окулбаган,
Сагынычым, жүрөктү эзет сен туйбаган.
Жалгыздык - мага берген тагдыр белеги,
Жүрөгүмдүн алоолонгон оту сендеги.
Ошол бойдон сенде калды кайтарылбай,
Сагынычым селдей жүрүп майтарылбай.
Сагындым, а бирок эми таркабас,
Кусалыгым сени көздөй урат далбас.
Карааныңды жер кезип издесем да,
Курган жүрөк эми сени табалбас. СЖ
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 10 Март 2013 - 01:09
#200 10 Март 2013 - 01:19
Айланам бир укмуш көрктөнөт.
Кун нурун чачып жылмайса,
Жапжашыл көйнөк көрүнөт.
Жазым келди мен күтпөгөн,
Жазып ырым азыр да бүтпөгөм.
Жамгыр болуп төгүлөйүн,
Жароокерим мени күтпөгүн.
Жазда барбайм, жайда деле,
Жообун айтпайм, мени унуткар.
Күздө барбайм, кышта деле,
Катым жазбайм, мени унуткар... СЖ
Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 10 Март 2013 - 01:23