Чыгармаларга сын-пикир Форумдагы чыгармалар боюнча ой-пикирлерибизди жазалы.
#101 23 Февраль 2013 - 10:24
А моогу "Аты жок"тун автору пробный чыгарма деп коюп, жуздогон окурмандарды артынан ээрчитип журот, шагыратып.
"Тунгуюк" мага да жакшы эле жакты эле гоо, бирок автордон дарек жок.
Макул чыгармачылык ИЛХОМ каалап турайын пока.
#102 23 Февраль 2013 - 11:18
#103 23 Февраль 2013 - 15:10
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#104 23 Февраль 2013 - 17:09
Мына менда жазып отоюн анда бир сыйра :-).
Чыгарманы акырына чейин жазып откондорго биринчиден аябай ыраазымын. Рахмат сиздерге, калеминер курчуп, онорунор оркундой берсин.
Уже 1 жылдан бери пайлап отурам суперстанды, ким жаза калды экен, тезирээк жазышка экен деп кутоо беруу адатка айланды... Ошо эми ишинерге ийгилик, сиздерге илхом берсин. Ар дайым кутууго даярмын :-)
Билдирүүнү түзөткөн: GER: 23 Февраль 2013 - 17:11
#105 23 Февраль 2013 - 18:48
Ал эми Айжан эже жазып жаткан чыгарма аябай жакты.Ийгилик авторго.
#106 23 Февраль 2013 - 19:46
#107 23 Февраль 2013 - 20:43
Тема боюнча жазгыла. Кайталанса, сайттан четтетилесиз.
#108 23 Февраль 2013 - 20:49
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#109 23 Февраль 2013 - 22:08
#111 23 Февраль 2013 - 22:34
Билдирүүнү түзөткөн: nurikjan_07: 23 Февраль 2013 - 22:39
#112 23 Февраль 2013 - 22:43
Эгер окусаңар ал жактын чыгармалары менен айырмаланабы?
Жок, мага айтпагыла: "Ооба, Айгүл Шаршен кызынын чыгармаларын баарын окуп чыккам", "Маскачан киши өлтүргүч" , "Кызыл көйнөкчөн келин", "Сүйүү азабы", "Эгиз кыз", "Тагдырдын курмандары" ж.б.у.с. чыгармаларды окугам деп.. )) Менин билгим келген нерсе - Т.Касымбековдун, К.Осмоналиевдин ж.б.у.с. классиктердин чыгармаларын окудуңар беле? Дал ошолорду окусаңар. ошол чыгармалар менен бул чыгармалардын айырмасы бар бекен?
Мен бул жактагы чыгармаларды окубайм деле, ошондуктан сурап жатам. Ал эми Айгүл Шаршен кызын Ж.Жанызак жата калып, тура калып мактап жатса да дал ушул форумдан мен сыйлаган билимдүү деп эсептеген бир форумчу "Көчө тилинде жазылган" дегени эсте бар..
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 23 Февраль 2013 - 22:43
#113 23 Февраль 2013 - 22:43
#114 23 Февраль 2013 - 23:17
Пы. Сы. "Аты жок" боюнча чындыкты жазганынызга рахмат. Чынчылдарды баалайм.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#115 23 Февраль 2013 - 23:20
#116 23 Февраль 2013 - 23:25
Көптөр "жеңил-желпи чыгармаларга жедеп көнүп алышпасын" дегеним. Хотя, ар ким өзүнүн каалаганын кылат дегилечи.. Ал эми, бул теманын аты "сын пикир" болгондон кийин, сын - пикир жазылат да ачуубу-таттуубу.
Темадан тышкары жазууга мажбурмун, Ч.Айтматовдун дал ошол чыгармасы мага жакпайт. Жазуу стили, окуялардын өнүгүшүндө калет жок. Болгону ошол окуялар жакпайт.. Мүмкүн бул багытта менин пикирлештерим да бар чыгар..
#117 23 Февраль 2013 - 23:32
#118 23 Февраль 2013 - 23:32
Күндөрдүн бир күндөрүндө, айлардын бир айларында бытыгый аңгемелердин бирөөн окуп калып аябай жактырып калгам. Автору - Барс агай болучу. Аябай эле бытыгый аңгеме болчу. 2-3 мүнөттө окуп бүтсө болот. Бирок, эмне деген нерсе катылган. Турмуштан алынган чыпчыныкый, аппачуу окуя. Биз андай нерселерди өз көзүбүз менен эле көргөндүрбүз, бирок, балким, маани бербегендирбиз. Бирок, бул жактан окуп дал ошондой окуяларга качандыр бир убакта өзүбүз деле күбө болгонубузду эстейбиз. Анан да автордун өздүк жазуу стили да айырмаланып турат.
Айтмакчы, анан да өө-өткөндө интернет жокто телефондон кыбырып кирип С.Жентанын бир чыгармасын окугам. "Сырдуу чынжыр" беле?. Жаман-жакшы деп айта албайм, кыскасы, окуп койдум. Орточо.. болчу.
#119 23 Февраль 2013 - 23:34
Egois (23 Февраль 2013 - 23:32) жазган:
Ал өзүнчө тема болууга татыктуу.
#120 23 Февраль 2013 - 23:34