Ар күнүбүз ар кандай окуяга бай.. Ар күн бизге турмуштук сабагын тартуу кылат. Жок дегенде "бир" нерсени жадыбызга сактайбыз, үйрөнөбүз,андан чечим чыгарабыз, кайталайбыз,
кайталабайбыз балким, ..айта берсек көп.Айтор жашоону жашап келе жатабыз, андан сабак алуудабыз.
Адамбыз да.. аео сезимдеринен да чет эмеспиз.. Кээде башкалар кайдыгер эле өтүп кетчү нерсеге тигиле карап калабыз. Балким ошол "башкалар"
да кайдыгер эмес чыгаар.. Алардын да боору тилинип кететтир мүмкүн, ким билет..
Балким алар аое сезимин карманып жатышкандыр.
.
Келиңиз,
анда ошол биз карманыппы же кайдыгер карай албайбы, туушуккан жашообуздагы “өзгөчө” көз ирмемдер тууралуу мында жазалы..
Үйүбүз 5-кабатта. Окуп жүргөндө саат 8 де башталчу сабакка эрте камынаар элем. Окуу жай алыс, анда баруу, сабакка маалында жетишүү үчүн да эрте аракет көрөр элем. Дегеним азыркыга караганда ал маалда эртерээк турчу экенмин. Азыр жумушум 9 да башталат деп, кээде жалкоолонуп,
таңкы ызгаардан ичиркене тургум келбей жууркандын жылуусуна оронуп жатмай.. Жумушда анча алыс эмес. Бирок мени акыркы күндөрү 8-9 жаштагы баланын үнү ойготчу болду. Мен уйкудан көзүм ачылбай жаткан таңкы саат 6-7 де ал бала тиричилик шарына аралашкан болот. Жок, таагыраак айтканда ал баланы аргасыздан ата-энеси ошону жасаганга түртөт бейм. Себеби кичинекей балада кайдагы тиричилик камы болсун?! Өзгөнүкүнө окшобогон бир обон менен “айран келдилеп” кыйкырат..Желкесине асынган ак сумкеси бар, бутунда кытайлардын резинка тапичкеси.. Алгач чуркап тушөөр элем, айранын алам, балкондон узатып карап калам. Аркы домдордуайланып кетет “ырдап”. Азыр минтип күн сууктап кетти, ал болсо дале резинка тапичкеси менен соодасын жасап жүрөт. Кичинекей балага боорум ооруйт, жылуу жуурканга оронуп, апасынын “тур балам” деп ойготконуна эркелеп, турбай жатчу бала-наристе таң заардан тиричиликке белсенет.. Биз мисалы дем алыш күндөрү уктайбыз, ал болсо дем албайт. Ар күнү домубуз ошол кичине баланын ыры менен жаңырат. Ар таң ал үчүн “жумуш күнү” .. Ал деле уктагысы келсе керек.. Жылуу жууркандан тургусу келбесе керек..Бирок айла канча?! Ошого түрткөн ата-энеси да күнөөлүү эмес.. Ата-энесинин пешене тер менен балдарымдын курсагын тойгузсам деген тилегинде да айып жок. Айтор аларга бизден аео гана..
Эхх ушуну менен чектелбейм.
. Мындай учурлар көп, өтө көп... Качандыр дагы жазам. Сизде да мындай болбой койбосо керек?! Бөлүшүңүз.. Ушул жерден аларды "тааныган"
кээ бирлер аларды жашоодо көрүп калса, аяр мамиле кылаар.. Кагып, силкпей түшүнүү менен көз кырын салаар.. Башка салганы үчүн эч кимибиз күнөөлүү эмеспиз акыры..
Аяп кеттим.. Сиз да аяйсызбы аларды....
#1 11 November 2012 - 20:33
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#2 11 November 2012 - 21:36
Былтыр ушундай мезгил болчу же быйыл эрте жаз беле билбейм. Бирок кун азыркыдай суук болчу. Туштон кийин жылуу кабинетимде отурганмын.
Бир убакта 14-15 жаштагы бутуна эски красовка кийген, устундо жылуу кийими жок бала кирип келди. Кирип мага салам берди да, "мени сиздерге апам жонотту" деп айтты. Мен тан калып эмнеге жонотот деп сурасам, колундагы кичинекей кагазды мага карматты. Алып окусам азык-тулук продукталары жазылган кагаз экен. Анан ал бала мага абалын тушундурду.
Алар Дордой жактагы жаны конуштардын биринде жашашат экен. Уйдо жегенге эч нерсе калбагандыктан апасы керектуу азык оокаттардын тизмесин жазып уулун мечитке жонотуптур.
Бирок ал бала эмне учун ошол жактагы мечиттерге кайрылбай шаардын борбору жака келгенин, анан да мечитке эмес биз иштеген жерге киргенин такып деле сураган жокмун.
Ал бала мене чогуу сыртка чыгып кагазда жазылган продукталарды алып бердим. Алып бергеним, чынын айтсам ал баланын колуна акча бергим келген жок. Жаш бала жаштык кылып иштетип жибериши мумкун дедимби же ага ишенбедимби билбейм. Бирок керектуу нерселерди алып берип, ал баланын аты жонун, канчанчы класста окуганын сурап, айтаар насаатымды айтымыш болуп жоноттум. Бирок ал бала кеткенден кийин боорум ооруду. Ал балага дагы бир деме керек болсо кел деп айтпаганыма, эч болбосо жанагы кичинекей кагазына телефон номеримди жазып бербегениме окундум.
Азыр да кун суук болгон убакта ал баланы эстеп калам. Кантип жатты болду экен? Мектепке барып жатабы же кор оокаттын айынан кайсы бир жерде иштеп журобу? Мектепте окубай калса анын келечеги кандай болот? Окуса да жакшы кийим-кечеси, окуу куралдары жетишсиз бала канчалык даражада окуй алат?
Аянычтуу абал...

#3 12 November 2012 - 16:44
Men bugun okuuga kechigip,4adam bolup taxide waarga attandyk,anan jarym joldo mawina jurboi kaldy...ary jagyna otup karap,ondoso da jurbodu,2 adam jarym jolduk jol kireni toloboi,bawka mawinege chygyp ketip kalywty,men da werik eje m.n bawka maw toktotup argasyz kyjalat bolup kylchaiyp wofergo,boorum oorup ketti,uialbai jarym jolduk akysyn berbegenibizge ozum abdan uialdym...a woferdun owondogu abaly aianychtuu bolchu...unchukpaganyna tan berdim
Сен менин бир тамчы коз жашым болсон,анда мен сени жоготпоо учун омур бою ыйлабай отмокмун...
#4 12 November 2012 - 17:51
Маршруткада келатсак бир карыган ата жол тосуп"балам ала кетчи,акчам жок эле"десе,
шофер жок деп эшигин жаап кетип калган.ошондо тиги атаны кээчке карап калгам,ошондогу абалын көрүп ыйлагым келе берет дагы деле.Байкуш ата кечкисин кантти экен деп.Өзүмдө да галяк болчу,акча эмес таш балакет жок.Болбосо мен төлөйм демекмин да.
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
#5 12 November 2012 - 18:59
Мен эрте мененки автобустагы бети-бетине тийишип бара жаткан кыргыздарды аяп кетем.Жаштар биз го мейли,аа карыларга же орун жок коп эле кыйналышат.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#6 13 November 2012 - 12:49
Раддомго тамак алып алайын деп, жаныбыздагы кафелердин бирине кирип калсам, бурчта бир аксакал киши нан менен кара чай ичип отуруптур. Очередим жеткиче кыйла карап турдум, тамак заказ кылса келип калаар деп. Бирок, жок келдеби. Жанагы жерден боорум ооруп, көзүмө кадимкидей жаш тегеренди. Анан очередим келери менен ысык тамак менен самса салдырып, официант кыздан берип жибердим. Мени тиктеп колун жайып батаасын бергендей болду. Жүрөгүм ачышып кетти. Тамагымы алдым дагы жолго түштүм. Ошол күнү кадимкидей жүрөгүм ооруп, жанагы абышканын көз карашы көз алдыман кетпей туруп алды. Көчөгө чыксам издеп калам. Эмне болду экен деп, үстүндөгү жупуну кийими менен азыркы суукта кантти болду экен.Эх ошол чоң атаны бир көрүп калсам, тамактандырып,
үстүнө жылуу кийим кийгизип коймокмун.
Балам бактым-балам базарым!
#7 14 November 2012 - 17:58
Бултеманы окуп жатып бир окуяны эске тушурдум.
Ал кезде мен мектеп жашында элем,биздин кочоодо жалгыз бой аял жашачу 5 баласы менен. Балдары аралыктары 1 же 2 жаштан болсо керек, бардагы кичине эле.Жашоосу кандай экенин бир караган адамга уйунун сыртынын эле белгилуу болчу. Атасы шаарга иштеп келем деген боюнча уйуно кайткан да жок каралашкан дагы жок. Ошентип кыйчылык жашоону баштарынан коп откорду.
Бир жолу кыштын чилдесинде, айыл четиндеги бактардын арасынан отун термелеп жургон улуу баласын коруп алып тагдырдын татаал жолуна кабылган кичинекей баланы аяп кеттим. Кантсин анан кыштын суугу уйунун ичинде да болуп жатса. Кичинекей бобокторун жылуу болсун деп отун термелеп журот да деп ичимен ыраазы болсом дагы жашоолорун ойлоп ызаланып кеттим. Жай айларында коруп калчумун бут кийим кийишчуу эмес. Жыланаяк жургонун коп коруп калдым. Кандай кыйынчылыкты баштарынан откорушкондорун жаза берсем коп болуп кетчуудой. Мындан1 жыл мурун автовокзалдан атымды айтым «кандайсыз байке»-деп бир жаш бала учурашып калды. Мен мектепти буткону коргон эмес элем «Ким элен, тааный албай жатам»-деп сурасам жогорудагы айтып жаткан бала экен. Бардык адам убакыт откон сайын озгорот эмеспи, анысы сынары озгоргондо да жакшы жагына озгоргонун баамдадым. Экообуз бир азга суйлошуп олтуруп калдык, кылып жаткан иштерине ыраазы болдум. Азыркы тапта машина базарында иштейт экен. Уй алгам апамды,инилеримди бардыгын шаарга алып келдим-дейт. Бул бала менен тен балдарды деле коруп журом, тааныса да учурашпай тескери басып кеткендерин. Болотту канчалык ысытсан ошончолук курч болот дегендей Оор тагдыр аябай тарбиясын берсе керек деп ичимен ойлоп койдум. Эн башкысы азыркы жашоолору жакшы.

#8 16 December 2012 - 16:19
Ооба,
кээде жашоо ушундай татаал болуп кетет...
Бирок,биздин шам-шум эткенге бир нерсебиз бар. Туурабы? Бар эмей, толтура.
Бизде жок дегенде үстүбүздө үйүбүз бар. Барбы? Бар. Жылуу төшөк, жаздык, жууркан.
Бизде болбоду дегенде бир сыйрадан кийимибиз бар. Барбы? Бар. Ар сезонго ылайык кийимдерибиз көп.
Бизде тууган деген море. Ата-эне, ага-ини, эж-сиңди,карындаш. Алар бизди жакшы көрүшөт. Биз үчүн баарына даяр! Же андай эмеспи?
Сага канчалык кыйын болуп турганы маанилүү эмес. Маанилүүсү – АР ДАЙЫМ сенден да жаман абалга кептелген жан чыгаарында. Келгиле, могу бөбөктөргө дуа кылып коёлучу...

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 16 December 2012 - 19:07
Эх жогорудагы билдируулорду окуп муунуп бошоп кетти.
Мен да мындай ахыбалга коп эле кезигем. Жолдогу тилемчилик кылып жугон кичинекей балдарды коргондо зээним кейит. Кээ бироолор 1 сомдон манетка беришсе, кээ бири ошол 1 сомду кагып силкип атып беришет.

#10 16 December 2012 - 19:31
Базарда баратсам Бир кемпир олтурат тилемчилик кылып, жанын да болсо кичинекей каропка. Ал каропкага ары бери откондор 1, 2 сомун таштап отуп баратышат. Мен да кайдыгер карап акчамды таштап отуп кете албадым, жанына барып саламдашып ахыбалын сурасам.Айтымын да Байкуш ал апанын эки уулу болгон экен, алар экоо тен авариядан кайтыш болуп. Эки уулунан калган 4 небереси ушул апанын колун да экен. Алар кичинекей, ошолорду багыш учун ушул жерде отурам дейт. Зээним кейип колумдагы болгон акчамды берип жолумду уладым. Бирок ошол боюнча ошол ал апаны коро албадым. Кээде отуруп кайда болду экен деп коём, кайда жашаарын да сурап албаптырмын.
#11 17 December 2012 - 11:35
5 кун мурун маршруткага тушсом бир эже жаныма отуруп калды. "Көзүм көрбөйт "Океан"
дүкөнүнүн артында көз дарылаган клиника бар экен ошол жерге баратат элем, филармонияга келгенде айтып койчу" деди. Мен жол кезип өтүп убара болбосун деп жакынырак жерден, светофорго жетпей тушуп калыныз, бат жетесиз деп, келген жерден айдоочуну токтоттуруп эжени түшүрттүм. Түшүп алып, мен түшундүргөндөн тап такыр эле тескери басып кетти. Шашылыш жумуштар менен бараткам, көпкө чейин өзүмдү жээрип журдүм, ошол жерден түшүп эле жеткизип койбой деп.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#12 17 December 2012 - 14:16
Шаарда кече жакында бир айча журуп калдым.Базарга тушуп прадуктамы бутуп,уйго баратсам жолдун боюнда бир 70 жашта окшойт мага аябай каары корунду чон атабыз отурат.Откон кеткенге АНАР алгыла деп,Чанда,ызы,
чууда жолдун боюнда эптеп эле отурат.Откон кеткенге умут менен карайт.Карап туруп журогум ооруп кетти,жанына барып атаке канча сом анарыныз десем арзан 20сомдон клг дейт.Озумдун колумдан бышкан анарлар кызым, деп мактап ийди.Анан соодасы болсун деп 100сомдук алып алдым.Ойлонуп кете бердим рахматымды айтып.Балдары бар болду бекен,неберелеричи эмне учун ушундай,чон,
кары адамды кочого чыгарып коюшат деп козумо жаш келип кетти.
Бирок чындыгында АНАРы аябай ширин,экен
Бирок чындыгында АНАРы аябай ширин,экен
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#13 18 December 2012 - 17:05
Кундо коруп калчумун жумушумдун жанында бир акени, качан корбойун ылжыйып мас эле. Кийимдери да жыртык бомж болчу. Кыш убагы эле эрте менен жумушка бара жатсам,самсы жасалган тандырдын ичинен чыгып жатыптыр,байкуш аке уйу жок кыштын кыраан чилдесинде тандырда ыссык болот деп туночу экен. Коруп алып чочуп кеттим,басын бул жакка чай алпарайын деп ойлонуп бара жатып жумушумдан кеч калам деп туз отуп кеттим эле. Кийин корунбой кетти,ошондо неге тамак алып берип курсагын тойгузбадым экен деп ушу убакка чейин озумду жемелеп келем. Эхх кээде убакытты шылтоо кылып коп ишти жасабай калып кетет экенбиз,колумдан келсе кочодо калып кеткен кары картан адамдарды чогултуп дамдуу тамактарды жасап берсем дейм. Балким бир кун ниетиме жетээрмин,буюрса!
#14 23 December 2012 - 20:52
Бир курбумду аяп кеттим.Быйыл эле турмушка чыккан эле,уй-булолук мамилелерин айтканда,ого эле болбой жумуш жасай албай ооруп атыптыр.
#15 24 December 2012 - 00:13
Тааныш кызым Москвадагы бир кафеде иштейт эле, андан кабар алганча тамак жеп чыгайын деген ой менен кайрылдым. Ал кафеде коп кыргыз кыз-жигиттери иштейт, кээ бири идиш жууп жаштары официант болуп иштешкенин кордум. Анан тиги орустар олтурат аларды иштетип койуп. буту тынбай жугуруп 12-саат отурбай жумушунда турушат экен, анан тамак жегени келген жун-баштар ар нерсе деп кемсинтип, жаман соз айтып бирок жакшы соз айтканы ото аз. Коруп коодонум ооруду эмне учун копчулук жаштарды ушундай жумушта кором сыздап алар да ата-энесин озунон кичуу ини-карындаштарын багабыз деп журушот ошолор мамлекетибизде иштесе болмок да оз мекени оз эл-журту менен кошо когоруп осуп-орчуп дегендей ойлосом ушунун баарына калкыбыздын саясатчылары кары текелер куноолу кудайдын кусуру урсун элибиздин нанын жеп жыргагандар тешип чыксын .... Мен журтубуздун ачка калып, буту эшилгиче чуркап ден соолугунан айрылган инсандарды аяп турам кудайым оомат-доолотунон берсе экен элибизге!
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
#16 24 February 2013 - 09:08
Мен кочодо арак ичип жургон алкаштардын балдарын аяп кетем.
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#17 25 February 2013 - 00:42
bashka ulutka turmushka chigip oz mekeninen alista jashagan kizdardi ayap kettim... oz apasin sagingan ubakta janina bara albayt,oorusa janinda karap otura albayt.. saginichtan kozdorunon jashtar kuyulat... mekenine,ata-enesine,
bir-tuugandarina bolgon kusa ajalinan murda alip ketchudoy.. karap oturup,ugup bul jakta turup men tutop ketem.. ehh kayran gana omur.. emne kila alat elem tek gana ugup moraldik jaktan gana jardam berimish bolo alat ekem.. ayap kettim,kiyin alar koz jumsa (omurloru uzun bolsun) kanday bolot? neujeli orttlot? jo-jook ... munu men oyloy albaym i duhum da jetpeyt...
#19 28 February 2013 - 02:40
менин эсимен бир окуя эч кетпейт, апам мн бир жака баралы деп машина кутуп турган болчубуз мен анда эч текени тушунбогон 6 7 класста окуп аткан мезгилим болчу. Мумкун ошол аялдын ыйлаганы кызык болуп берилип карагандарымын.
Жолдо турсак жашы 30дан ашкан жудоо 3 баласын ээрчиткен колунда жаны торолгон бобок ыйлап чачтары сапсайып аябай аянычтуу акыбалда келип остановкада отуруп калды балдары да чулдурап кичинекей баары куйоосу да артынан кууп келип калды жолдогу адамдарды козго илбей аялына жогол кет кайра келбе деп бакырып аялынын бетине 20сомдукту ыргытып кетип калды ошондо тушунгон эмес болчум жон гана кызыгып тамаша кылган экем бирок убакыт откон сайын ошол окуя эсиме келе берет , эже кантип 4 бала мн 20сомго каяка кеткен экен деп бирок ошондогу эженин акыбалы ыйлаганы куну бугункудой эсимде, кай жерде болбосун балдарынын жанында бактылуу болуп жургон болсун ылайым
#20 28 February 2013 - 13:02
Бул жерде жазылгандарды окуп аябай боорум ооруду.Тооба жашоо кимдер учун жыргал кимдер учун аябай татаал деп ойлоп коём... Жамгыр жаап куз айлары болчу,ызгырын шаамалдан кардын жыты жыттангансып турган.Уйдун алдына машина токтоп бир киши эшикти какылап калды,куйоом менен учурашып уйго кирди келиниз дедим,50дон ашкан киши болсо керек устундогу курткасы эскилиги жетип адамды ан сайын жудомуш коргозот.Бутунда болсо жазгы сандал жамгырга усту башы абдан суу болуптур,суу болгон носкисине уялып ушундай эле кетем дептуруп калды. Куйоом эшик суук ушул маалда кай жакка барасыз туноп кетин деп алып калды...Чай ичип олтуруп Оштон Бишкекке баласын издеп келгенин коптон бери дайыны жок деп кейип олтурду.Бир бала доолот бир бала мээнет деп коёт эмеспи ушундай баладай кудай сактасын...Баласы хулиган балдардан экен куйоомдун айтуусуна караганда.Эртеси бутуна уйдогу эски болсо да бут кийим колуна акча берип жоноттук.Аялым балам деп журуп оорукчан болуп калды дейт. Кийин ошол баланын Казакстандан наркотик менен колго тушуп камалып кеткенин угуп ата энесине аябай журогум ооруду.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео